Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-апрели № 212
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук жана аймактык мекемелери аткаруучу иштердин тизмесин бекитүү тууралуу
Архитектура жана курулуш органдары аткаруучу иштер үчүн акы алууга байланышкан маселелерди тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук жана аймактык мекемелери акы алынуучу негизде аткаруучу иштердин тиркелген тизмеси (мындан ары - Тизме) бекитилсин;
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Тизмеге киргизилген жумуштардын тизмесин кыскартуу жана ал жумуштарды Аткаруучу бийликтин органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине киргизүү менен оптималдаштыруу боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды 2014-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |