Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 212 токтому менен бекитилди |
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары
1) Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин арендага же жеке менчик укугун кайтаруу үчүн жер тилкелерине шаар куруу корутундуларын жана кыймылсыз мүлк обьекттерине жана жер тилкелеринин функционалдык белгилерин өзгөртүүгө архитектуралык-техникалык корутундуларды иштеп чыгуу.
2) Обьекттерди долбоорлоого архитекторлук-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгуу.
3) Шаар куруу жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу.
4) Убактылуу обьекттерди жайгаштыруу жана кайталап пландоо, күч келүүчү жана тосмо конструкцияларын өзгөртүүсүз имаратты кайрадан профилдөө, жана да жер тилкелеринин чектери өзгөрүлгөндө (бөлүү,кошуу), жер тилкелеринин функционалдык белгиленишин жана кыймылсыз мүлк обьекттерин өзгөртүү тууралуу жөнүндө архитектуралык-техникалык корутундуну иштеп чыгуу.
5.Топографикалык материалдарды даярдоо (топографиялык изденүүлөр М 1:500, М 1:500 жана тажрыйба сьемкалары).
6. Көп кабатуу турак үйлөрдүн алдындагы жер тилкелеринин чегинин долбоорун иштеп чыгуу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук органдары
1) Курулушка же болбосо кыймылсыз мүлктү өзгөртүүгө долбоордук жана сметалык документтерине мамлекеттик экспертиза жүргүзүү.
2) Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сыноо.
3) Шайкештикке милдеттүү бекитүүгө тиешелүү курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификаттоо.
4) Курулуш тармагында инженердик-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жумушчуларды курулуш адистигине окутуу.
5) Жер титирөөгө туруктуу 9 жана андан жогору баллда тургузулуп жаткан райондордогу долбоорлоо обьекттеринде атайык техникалык шарттарды иштеп чыгуу.
6) Имараттардын жана курулмалардын техникалык жана физикалык жагдайы жөнүндө корутунду берүү.
7) Кайрадан профилдөө жана реконструкциялоо максатында обьекттерди инженердик-техникалык текшерүү.
8) Инвесторлор жана профессионалдык коомдук уюмдардын сурам жылоосу боюнча курулуш жаатында долбоордук ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу.
9) Аймактардын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу.