Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү бажылык тескөө-башкарууну жакшыртуунун максаттарын жана негизги багыттарын, ошондой эле каралган иш чараларды финансылык каржылоо жана ишке ашыруу механизмдерин аныктоочу документ болуп эсептелет.
Бажылык жөнгө салууда жаңы мамилелерди иштеп чыгуу негизги өнөк-өлкөлөрдүн тышкы соода саясатындагы өзгөрүүлөр жана мамлекеттин саясий түзүлүшүндөгү артыкчылыктар менен шартталган. Кыргыз Республикасынын тышкы соодага болгон чоң көз карандуулугун эске алуу менен бажы кызматын реформалоодогу маанилүү багыттарынын бири болуп бажылык жөнгө салууну оптималдаштыруу эсептелет.
Стратегияны иштеп чыгууда колдонулган методологиялык мамиле эки фазаны камтыйт: талдоо жана пландоо фазаларын. Талдоо фазасы өзүнө проблемаларды, максаттарды жана милдеттерди талдоону камтып, анын жүрүшүндө бажылык жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин жаңы артыкчылыктарын жана аларга жетүү жолдорун иштеп чыгуу үчүн бажы ишинин учурдагы абалы изилденген. Пландоо фазасы өзүнө стратегиянын түзүмүн иштеп чыгууну, иш-чараларды, ресурстарды жана чыгымдарды пландоону камтыды.
Бажылык жол-жоболор бажы ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Аларды жүргүзүү тартиби тышкы соода операцияларынын экономикалык бөлүгүнө чоң таасирин тийгизет.
Чек арадагы өткөрмө пункттарда алгачкы документалдык контроль жана каттоо функцияларын бир органга өткөрүп берүүнүн демилгечиси болуу менен бажы кызматы бажы процесстерин жарым-жартылай автоматташтырууну жүргүздү. Мындан тышкары, "Бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү концепциясына ылайык бажы кызматына бул долбоорду ишке ашыруу жүктөлгөн.
Муну менен бирге, тышкы соода тескөө-башкаруунун негизги объекти катары объективдүү жана субъективдүү себептерден улам кескин либералдуу бажы режиминин натыйжасында өнүктү. Проблемаларды чечүүнүн бейформал ыкмалары ар бир конкреттүү бажылык тариздөө жана уруксат берүүчү документтер боюнча чечим кабыл алуудан тартып, тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн масштабдуу жеңилдиктер жана преференцияларга чейин бажы жана башка контроль жүргүзүүчү органдардын ишинин бардык аспектине кирип, натыйжада бажы кызматынын беделине терс таасир тийген.
Бажы төлөмдөрүн тескөө-башкарууну жакшыртууга, тарифтик саясаттын оперативдүүлүгүнө, тарифтик позицияны бирдей чечмелөөгө, артыкчылыктарды ички өндүрүүчүлөргө кайра багыттоого багытталган мыйзамдардын стабилдүү жана түшүнүктүү тутумун түзүү улуттук экономиканын өнүгүүсүнүн жана мамлекеттик бюджетти натыйжалуу толтуруунун зарыл шарты болуп саналат.
Алдын ала талдоо өткөрмө пункттары жана бажылык тариздөө жайлары билдирилген талаптарга дал келбей турганын, бажы инфраструктурасынын географиялык жайгашуу артыкчылыгынын так эместигин көрсөттү. Буга байланыштуу, бажы инфраструктурасын өнүктүрүүнү, тышкы чек арадагы өткөрмө пункттарын комплекстүү жабдууну этабы менен, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга жана донордук коомчулуктун көмөгүнө жараша жүргүзүү зарыл.
Бажы ишинин маалыматтык-техникалык жабдылышы жаатында комплекстүү жана уюштуруучулук чаралар жеткиликтүү иштелип чыккан эмес. Бажы ишинин өзгөчөлүгүнө тийиштүү маалымат технологияларындагы келечек муктаждыктарды аныктоо үчүн коопсуздук стандарттары сыяктуу жаңы эл аралык стандарттарды эсепке алуу менен маселелерди кошумча иштеп чыгуу талап кылынат.
Жүргүзүлгөн талдоо бажы кызматын башкаруу тутумун жакшыртуу түзүмдү оптималдаштыруу жана ыйгарым укуктар менен функцияларды кайра бөлүштүрүү, кадрларды тандоонун ачыктыгы жана калыстыгы боюнча мыйзамдарды карап чыгуу, ишти баалоо жана мамлекеттик башкаруудагы болуп жаткан администрациялык реформаларды эске алуу менен кадрларды көтөрүү, контролдун жаңы механизмдерин жана бажы мыйзамдарынын жоболорун аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтин катуу чараларын иштеп чыгуу аркылуу анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылат.
Бажы органдарынын заманбап талаптарына жана милдеттерине жооп берген кесипкөй билим берүү тутумуна, анын ичинде бажы кызматкерлеринин маданиятын жогорулатууга багытталган башкача, жаңы мамиле кылуу зарыл.
Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр тышкы экономикалык ишке, анын либералдашуусуна жана андан аркы прогрессивдүү реформаланышына карата жаңы мамиле кылууну шарттады.
Ушул Стратегиянын башкы максаты Кыргыз Республикасынын бажы кызматын реформалоо жана модернизациялоо жана жалпы тышкы соодага көмөктөшүүгө жана экспортко арналган негизги багыттарга дем берүүгө багытталган бажы саясатын өнүктүрүү.
Стратегиялык максаттарга жетүү төмөнкү коюлган милдеттерди аткаруу жолу менен камсыз болот:
- Бажы бирлигинин түзүлүшүнө байланыштуу бажы жол-жоболорун жана контролун өзгөртүү;
- бажы жана бажыга байланыштуу инфраструктураны модернизациялоо, анын ичинде заманбап маалымат технологияларын киргизүү.
Алдыга коюлган максаттарга жетүү жана көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн Стратегияда төмөндө көрсөтүлгөн багыттар, ошондой эле ушул Стратегиянын тиркемеси болгон Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2010-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш чаралар планы каралган.
"Бажы жол-жоболору" багыты боюнча.
Бул бөлүк бажы кызматынын функцияларын оптималдаштырууга багытталган. Бажы кызматы бажылык жөнгө салуунун сапатын жакшыртуу максатында өткөрүү пункттарына жана бажылык тариздөө жайларына толук көңүл бурушу керек, ал эми мамлекеттик чек араны коргоо жана мыйзамсыз ташып өтүүлөрдү болтурбоо функциялары башка тийиштүү ведомстволорго өткөрүлүп берилиши керек.
Чек арада мамлекеттик тескөө-башкарууну жөнөкөйлөтүү максатында алгачкы документалдык контроль жана каттоо функциялары башка мамлекеттик контроль жүргүзүүчү органдардан бажы кызматына милдеттүү түрдө ведомстволор аралык маалымат алмашууну киргизүү менен өткөрүлүп берилиши керек.
Тышкы соодага көмөктөшүү үчүн бажылык тариздөө жана бажы контролу жол-жоболорун оптималдаштыруу, аларды автоматташтыруу керек. Мындан тышкары бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жаатындагы кызматтарды жөнгө салууну жоюу үчүн лицензиялоо тутумун жоюуну жана иштин каттоо формасына өтүүнү кароо керек. Көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик-менчик өнөктүгүнүн негизинде бажыга байланыштуу иштер жаатында мамлекеттик ишканаларды мамлекеттин үлүшүн так аныктоо менен жана монополияга карата укукту жоюу менен уюштуруп түзүүнү кароо керек.
"Инфраструктура" багыты боюнча.
Инфраструктураны жакшыртуу боюнча негизги аракеттер бажы жана бажыга байланыштуу объекттерди стандартка келтирүүгө багытталышы керек. Мындан тышкары айрым коңшу өлкөлөрдүн өткөрмө пункттардын жайгашуусун жана жайгаштырууну кайрадан карап жатканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардын жайгашуусун жана жайгаштырууну кайрадан карап чыгуу зарыл.
Бажы жана бажыга байланыштуу инфраструктура жалпы республика боюнча бажылык жөнгө салуудагы документ айланууну жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө мүмкүндүк берген бирдиктүү маалымат түйүнүн кучагына алышы керек.
"Түзүм" багыты боюнча.
Реформалоонун маанилүү элементтеринин бири болуп бажы кызматынын түзүмдүк өзгөрүүлөрү эсептелет. Бажы кызматынын функцияларын так бөлүштүрүүдөн улам бажы органдарынын санын функцияларды карап чыгуу жана ар кандай деңгээлдеги башкаруу, ыйгарым укуктар жана кызматтык нускамалардын ортосунда бөлүштүрүү менен кыскартуу керек.
"Тарифтер" багыты боюнча.
Реформанын негизги элементтеринин бири болуп тышкы экономикалык иштин субъекттерине бажы төлөмдөрү боюнча мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен бизнеске көмөктөшүү эсептелет.
Экономиканын артыкчылыктуу багыттарына дем берүү үчүн жана тышкы экономикалык конъюктуранын өзгөрүүсүнө ыкчам аракет көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тарифтерди оперативдүү белгилөө укугун берүү керек. Жалпысынан тарифтик жөнгө салууда бизнеске максималдуу ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек.
"Кадрдык саясат" багыты боюнча.
Көптөгөн сын-пикирлерди эске алуу менен бажы кызматы кызматка кабыл алуу жана өтөө талаптарын жана жол-жоболорун карап чыгуусу жана катуулоосу, кызматкерлердин ишин баалоо тутумун киргизүүсү керек.
Квалификацияны жогорулатуу, кадрларды даярдоо курстарынын тутумун өнүктүрүү, ошондой эле окутуу стратегиясын иштеп чыгуу зарыл. Модернизациялоонун негизги элементтеринин бири болуп Окуу борборун жана бажы кызматынын окуу инфраструктурасын өнүктүрүү жана бекемдөө эсептелет.
"Маалыматтык камсыздоо" багыты боюнча.
Бажы кызматынын бирдиктүү автоматташкан маалымат тутумун киргизүү, бажылык тариздөөнү тездетүү жана бажы контролунун майнаптуулугун жогорулатуу максатында бажы жана бажыга байланыштуу объекттердин бирдиктүү тутумга интеграциялануусу маалыматтык камсыздоонун башкы элементи болушу керек. Бажы кызматын маалыматташтырууну жакшыртуу боюнча реформалар Азия өнүктүрүү банкынын жана эл аралык донор-уюмдардын колдоосунда өтөт.
"Ведомстволор аралык аракеттенүү" багыты боюнча.
Чек арада мамлекеттик жөнгө салууну кыскартуу жана контроль жүргүзүүчү органдар тарабынан функциялардын кайталанышын жоюу максатында өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга багытталган реформаларды ишке ашыруу жаатында мамлекеттик башкаруу органдарынын ведомстволор аралык аракеттенүүсү зарыл.
"Коомчулук жана бизнес менен өз ара аракеттенүү" багыты боюнча.
Иштин сапатын жакшыртуу үчүн тышкы экономикалык иштин субъекттери менен тыгыз аракеттенүү зарыл болот. Буга байланыштуу коомдук институттардын ишин жигерлештирүү зарыл.
Көз карандысыз социологиялык сурамжылоолорду жана бажы органдары көрсөткөн кызматтардын сапатын жана коррупциянын болушун изилдөөлөрдү дайыма өткөрүп туруу бажы кызматынын катарында коррупцияны жоюу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана анын коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
"Эл аралык бажылык кызматташуу" багыты боюнча.
Эл аралык бажылык кызматташуунун негизги элементи болуп эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен бажы мыйзамдарын бирдейлештирүү жана эриш-аркак келтирүү, өнөк-өлкөлөрдүн бажы кызматтары менен маалымат алмашуу боюнча кызматташууну кеңейтүү, бажы кызматынын кызыкчылыктарын Тышкы иштер министрлиги жана Экономикалык тескөө министрлиги менен биргеликте алдыга жылдыруу эсептелет. Бул үчүн ар кандай эл аралык түзүмдөрдүн алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат.
"Социалдык-маданий иш-чаралар" багыты боюнча.
Бул блок бажы кызматынын кызматкерлеринин коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле жаңы үлгүдөгү бажы кызматынын кызматкерин түзүүгө багытталган ведомство ичиндеги маданиятты түзүүгө багытталган.
Ушул Стратегияны ишке ашырууну каржылоо мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле 950 млн. сом суммасындагы эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүү пландаштырылууда.
Дайыма жүргүзүлө турган мониторинг жана ушул Стратегиянын конкреттүү чараларынын аткарылышын баалоо аны ишке ашыруунун прогрессине байкоо жүргүзүүнүн натыйжалуу инструменти болуп, ал:
- ушул Стратегиянын приоритеттерин алдыга жылдыруу процессине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча алдын ала чечимдерди кабыл алууга;
- алардын жалпы бажы ишинин өнүгүүсүнө тийгизген таасирин баалоого мүмкүндүк берет.
Ушул Стратегияны ишке ашырууга бажы кызматынын бардык түзүмдөрү жана кызыкдар болгон мамлекеттик органдар тартылат.
Ишке ашырууну баалоонун жүрүшүндө жетишкен прогресс такталып талданат, "жаралуу жерлер" жана кемчиликтер аныкталат. Жетишкен жыйынтыктардын негизинде аларды ишке ашыруунун кийинки кадамдары болгон ресурстарды кайрадан бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу колдонуу, донор коомчулугу менен координациялоо аракеттерин жакшыртуу, бизнес-коомчулуктун үмүтүн толугураак актоо менен альтернативдик мүмкүнчүлүктөрдү тандоо боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынат.
Бажы кызматынын, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана донорлордун координацияланган аракеттеринин жыйынтыгында тышкы экономикалык иштин субъекттеринин, азыркы бажы технологияларына негизделген жана мамлекеттик функцияларды сапаттуу аткарган бажы кызматы түзүлөт.