Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жыллдын 5-июнундагы № 313 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-декабры № 342
Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 274, 2013-жылдын 11-февралындагы № 63, 2013-жылдын 5-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын бажы кызматын реформалоо жана модернизациялоо, ошондой эле тышкы соодага көмөктөшүүгө шарттарды түзүү максатында, экономиканын негизги экспортко арналган багыттарын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия);
- Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Стратегияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Стратегияны ишке ашыруу үчүн мыйзамдарда каралган булактарды жана каржылоо каражаттарын тартууга көмөк көрсөтүшсүн;
- Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына квартал сайын берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Стратегиянын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына квартал сайын берип турушсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| А. Атамбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 274, 2013-жылдын 11-февралындагы № 63, 2013-жылдын 5-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Аракеттер | Мөөнөтү | Ресурстар | Аткаруучулар | Жыйынтык | |
I. Бажылык жол-жоболор | ||||||||
1 | 1) Бажы кызматы менен чек ара аскерлеринин мамлекеттик жана бажы чек араларындагы функцияларын так ажыратуу | - Мамлекеттик жана иш-аракеттерин кайра кароо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү. Бажы чек араларын коргоо боюнча жоопкерчилик зоналарын карап чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү; | 2011-жылдын 1-февралына чейин | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, МБК, МЧК (макулдашуу боюнча) | Функцияларды оптималдаштыруу жана бажы чек арасындагы жоопкерчиликти аныктоо | ||
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдардын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү | 2011- жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, МБК, МЧК (макулдашуу боюнча) | Функцияларды оптималдаштыруу жана бажы чек арасындагы жоопкерчиликти аныктоо | ||||
2) Ар тараптуу талдоону ишке ашыруу жана өткөрмө пункттарынын тескөөчү-башкаруучусун аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 токтому менен бекитилген Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттар тууралуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү", ошондой эле өткөрмө пункттарынын статусун жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларын жөнгө салуучу актыларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, МБК, МЧК (макулдадашуу боюнча) | Функцияларды оптималдаштыруу жана бажы чек арасындагы жоопкерчиликти аныктоо | |||
3) Бажы иши жаатындагы кылмыштарды жана укук бузууларды кармоо, алдын алуу жана болтурбоо боюнча функцияларды кайрадан карап чыгуу | - Бажы иши жаатындагы кылмыштарды жана укук бузууларды кармоо, алдын алуу жана болтурбоо боюнча функцияларды кайрадан карап чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү; | 2011-жылдын 1-февралына чейин | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, МБК, МЧК (макулда- шуу боюнча) | Функцияларды оптималдаштыруу жана бажы чек арасындагы жоопкерчиликти аныктоо | |||
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, "Мамлекеттик чек ара тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик жана Жарандык-процесстик кодекстерине, Администрациялык жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдардын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү; | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты МБК, МЧК (макулдашуу боюнча) | Функцияларды оптималдаштыруу жана бажы чек арасындагы жоопкерчиликти аныктоо | ||||
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлери (УКМКнын ЧА) жана башка укук коргоо органдары тууралуу жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү | Иш-чаралар планынын 1) жана 3) пунктчаларынын экинчи абзацтарына ылайык Мыйзам долбоорлору бекитилгенден кийин эки айлык мөөнөттө | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, МБК, МЧК (макулдашуу боюнча) | Функцияларды оптималдаштыруу жана бажы чек арасындагы жоопкерчиликти аныктоо | ||||
2 | "Бир жолу токтоо" принциби боюнча товарларды өткөрүү жол-жобосун оптималдаштыруу | 1) алгачкы документалдык контроль жана каттоо функцияларын мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттардагы мамлекеттик контролдоочу органдардан (МКО) бажы кызматына өткөрүп берүү | - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардагы мамлекеттик контроль жүргүзүүчү органдардын өз функцияларын аткаруусунун айрым маселелери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүүгө киргизүү; | ушул Пландын 2- пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алгандан кийин 2 айлык мөөнөттө | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, ЭТМ, МБК, ССМ, АЧМ, ТжКМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш (макулдашуу менен, ГТБ, ЮСАИД (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | |
- "Ак-Жол" жана "Ак-Тилек" өткөрмө пункттарында бажы кызматы тарабынан өткөрүлгөн товарларды алгачкы документалдык контролдон өткөрүү жана каттоо жүргүзүүнүн пилоттук долбоорун өткөрүү; | 2011- жылдын 1-октябры на чейин | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, ЭТМ, МБК, ССМ, АЧМ, ТжКМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш (макулдашуу менен, ГТБ, ЮСАИД (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
- Кыргыз Республикасынын "Ветеринария тууралуу", "Өсүмдүктөрдүн карантини тууралуу" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу мыйзамдардын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү; | 2011- жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, ЭТМ, МБК, ССМ, АЧМ, ТжКМ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңеш (макулдашуу менен, ГТБ, ЮСАИД (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
- бажы кызматынын кызматкерлерин өткөрмө пункттарда алгачкы документалдык контроль жана каттоо жүргүзүү боюнча окутуу иш чараларын жүргүзүү. Бажы кызматы менен МКО ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу | ушул Пландын 2-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алгандан кийин 2 айлык мөөнөттө | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, ЭТМ, МБК, ССМ, АЧМ, ТжКМ, ГТБ, ЮСАИД (макулда- шуу боюнча) | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине (мындан ары -ТжКМ) тараза контролу боюнча маалыматтарды берүүнү уюштуруу | Бажы кызматында жана ТжКМда таразаларды инвентаризациялоо; | 2011-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин чегинде | ТжКМ, МБК | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | |||
- "Чоң-Капка" жана "Кызыл-Кыя" өткөрмө пункттарында тараза контролун МБКга өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү; | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | ТжКМ, МБК | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен тараза жабдыктарынын техникалык контролун бекитүү; | 2011- жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | ТжКМ, МБК | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
- өткөрмө пункттардагы баштапкы тараза габарит контролунун жыйынтыктары боюнча маалымат алмашуунун механизмин иштеп чыгуу; | 2013- жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | ТжКМ, МБК | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
- эл аралык автомобилдик өткөрмө пункттарына тараза жабдыктарын сатып алуу жана жабдуу | 2013- жылдын 31-декабрына чейин | Эл аралык донорлордун каражаттары | МБК, ТжКМ, ЭТМ, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
3) Бажы кызматына радиациялык контроль жүргүзүү функциясын берүү | Тийиштүү жабдуулар менен жабдылган өткөрмө пункттарында радиациялык контроль жүргүзүү функциясын бажы кызматына өткөрүп берүүнү алдына алган радиациялык контроль жүргүзүү боюнча нускаманы иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү; | 2011- жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ЭТМ, ӨКМ, МИ "НК КТЖ" (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | |||
- радиациялык контроль жүргүзүүнү регламенттеген колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү; | 2011- жылдын 1-августуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ЭТМ, ССМ, ӨКМ | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
- радиациялык контроль жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн регламентин аныктоо. Радиациялык контролдун мониторингинин бирдиктүү тутумун иштеп чыгуу жана түзүү | 2013- жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде жана эл аралык донорлордун каражаттарынан | МБК, ЭТМ, ССМ, ӨКМ эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттары аркылуу товарларды ташууда каттоо жана алгачкы документалдык контролду бир орган жүргүзүүсү менен жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | ||||
3 | Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр жаатында иш жүргүзүүгө уруксат берүү тутумун жөнөкөйлөтүү | Лицензиялык тартипти жоюу жана бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзгөн жактардын реестрин жүргүзүүгө өтүү | Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо тууралуу" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, Администрациялык жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдардын долбоолорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү. Бажыга байланыштуу жаатта ишмердик жүргүзгөндөрдүн реестрин жүргүзүүгө карата талаптарды иштеп чыгуу | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ЭТМ | Бажыга байланыштуу ишти жөнгө салууну жоюу | |
4 | Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү тармагын жакшыртуу | 1) Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жаатында иш жүргүзүү үчүн мамлекеттик ишкана түзүү | - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүдө мамлекет менен бизнестин мамилелеринин регламентин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү; - бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жааты үчүн мамлекеттик ишкана түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун, ошондой эле мамлекеттик ишкананын концепциясын аныктоочу Өкмөттүн чечимин бекитүүгө киргизүү | 2011- жылдын 1-ноябрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ЭТМ | Мамлекеттин үлүшү бар бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү жаатында ММИ негизинде пилоттук ишкана түзүү | |
2) Бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүү секторунун потенциалын жакшыртуу | "Бажы консультанттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитилген тартипте киргизүү; | 2013- жылдын 31- декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | ТЭИ катышуучу- ларынын бажы иши чөйрөсүндө маалымдуу- лугун жогорулатуу | |||
- бажы иши боюнча усулдук окуу куралдарын бажы органдарынын кызматкерлери жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары (ТЭИ катышуучулары) үчүн иштеп чыгуу жана чыгаруу | Жыл сайын | Бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | ||||||
|
| 3) убактылуу сактоо кампаларында (УСК), бажы кампаларында (БК) жана эркин экономикалык аймактарда (ЭЭА) товарлардын айлануусун эсепке алуу боюнча программалык продуктту киргизүү | - товарларды убактылуу сактоо тууралуу регламенттин долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү; - УСК, БК, ЭЭАга жана товарларды кайра иштетүү режимдери боюнча товарларды жайгаштыруу, эсепке алуу жана айлануу жол-жоболору боюнча техникалык талаптарды иштеп чыгуу; | 2011- жылдын 1-сентябрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | УСК, БК, жана ЭЭАдагы товарлардын айлануусун эсепке алууну автоматташтыруу | |
- бажы кызматы тарабынан УСК, БК, ЭЭАда товарлардын кыймылын эсепке алууну талдоо жана товарларды кайра иштетүү режимдери үчүн программалык камсыздоонун модулун сатып алуу жана киргизүү | 2011- жылдын 1-сентябрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | УСК, БК, жана ЭЭАдагы товарлардын айлануусун эсепке алууну автоматташтыруу | ||||
5 | Бажылык тариздөөгө кеткен чыгымдарды кыскартуу | Билдирүүнүн негизинде ташылып чыгып жаткан товарларды бажылык контролдоо боюнча ченемдерди киргизүү | "Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Өкмөттүн токтомун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | 2011- жылдын 1-августуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ЭТМ | Бажылык тариздөө үчүн документтердин санын кыскартуу | |
6 | ТЭИнин катышуучулары үчүн салык түйшүгүн жеңилдетүү | 1) мыйзамдарда каралган камсыздоо болгон учурда ТЭИнин бардык катышуучу- ларына бажы алымдары жана салыктар боюнча милдетте- мелерди аткаруунун мөөнөтүн 30 күнгө; - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 246-беренесинин колдонуусуна туура келген субъекттер үчүн 90 күнгө чейин бажы алымдары жана салыктары боюнча милдеттерди аткарууга мөөнөттөрдү узартуу нормаларын кайра караштыруу | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү; | 2011-жылдын 20-январына чейин | Бюджеттин чегинде | ЭТМ, МБК, МСК, ФМ, КРдин УБ (макулдашуу боюнча) | Товар айланууну жогорулатууга дем берүү | |
- "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү; | 2011- жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | ЭТМ, МБК МСК, ФМ, КРдин УБ (макулдашуу боюнча) | Товар айланууну жогорулатууга дем берүү | ||||
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтом долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизүү | 2011- жылдын 1-августуна чейин | Бюджеттин чегинде | ЭТМ, МБК | Товар айланууну жогорулатууга дем берүү | ||||
2) Салыктарды тескөө-башкарууну жакшыртуу | ТЭИнин катышуучулары - салык төлөөчүлөр жана товарлар тууралуу маалыматтарды берүү механизми, салыктар (КНС) боюнча "бирдиктүү өздүк карта" киргизүү үчүн механизмдерди иштеп чыгуу жана аларды бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2013- жылдын 1-сентябрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, МСК, ЭТМ, УБ (макулдашуу боюнча) | ||||
7 | "Манас" жана "Ош" аэропортторунда жүргүнчүлөр агымын тейлөө убагын кыскартуу | Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү контролдоо функциясын оптималдаштыруу | - Бажы контролунан өтүүнүн технологиялык схемаларын (коридорлор) иштеп чыгуу; - жүктө өзү жабышкан белги бар болгондо, жашыл коридордон чыкканда тереңдеп текшерүүнү талап кылган жүктөрдү тандалма текшерүүдөн өткөрүү тутумун киргизүү; - тыюу салынган буюмдар ташып келүү коркунуч тобуна кирген өлкөлөрдү аныктоо; | 2011- жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, МЧК, "МАМ" ААК (макулдашуу боюнча) | "Манас" жана "Ош" аэропортторунда контроль жүргүзүүнүн бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | |
- эл аралык донорлор менен бажы контролунун техникалык каражаттарын сатып алуу жана орнотуу маселелерин иштеп чыгуу | 2011- жылдын 1-июнуна чейин | МБК, ААК "МАМ", эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Кызматташуу тууралуу макулдашууга (меморандумга) кол коюу | |||||
8 | Кыргыз-казак чек арасындагы "Маймак" станциясы аркылуу жаңы өткөрмө пункт аныкталсын | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү | - Казакстан Республикасынын бажы кызматы менен маселелерди иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы өткөрмө пункттар тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумуна киргизүү | 2013- жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, МЧК, (макулдашуу боюнча), ТИМ | "Маймак" станциясында өткөрмө пункт ачуу | |
2. Инфраструктура | ||||||||
9 | Бажы инфраструктурасын оптималдаштыруу | Жайгашуусуна жараша өткөрмө пункттарын жана бажылык тариздөө жайларын аныктоо | Бажы жана бажыга байланыштуу объекттерди оптимапдаштыруу маселесине карата башкаруучулук талдоо жүргүзүү; - товарлар жана транспорт каражаттарын өткөрүү уруксатына карата алардын приоритетүүлүгү боюнча өткөрмө пункттарынын тизмесин аныктоо; | 2011-жылдын 1-майына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Өткөрмө пункттарын жайгаштырууну оптималдаштыруу | |
- өткөрмө "Бекабад", "Казыбек" жана "Бордобо" өткөрмө пункттарын МБКнын балансына өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу жана чечим кабыл алуу пункттардын жайгашуусу жана иштөө режими боюнча жаңы классификацияны белгилөө; | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, МЧК, (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттарын жайгаштырууну оптималдаштыруу | ||||
- өткөрмө пункттарын реконструкциялоо боюнча планды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2013- жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК | Өткөрмө пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу | ||||
10 | Автоматташтыруу үчүн инженердик-техникалык инфраструктураны аныктоо | Бажы жол-жоболорун автоматташтырууга зарыл болгон мүлктүн жана материалдардын тизмесин сапаттык, сандык талдоону жүргүзүү | 1) Инвентаризациялоону жана талап кылынган мүлктүн жана жарык берүүчү жабдуулардын эсебин алууну жүргүзүү: - МБКнын бөлүктөрү жайгашкан жерлерде (бажы жол-жоболоштуруу жайлары, өткөрмө пункттары, УСК жана БК) имараттарды жана курулуштарды; - байланыш каналдарын, байланыш операторун аныктоо менен; - бажы кызматынын жана башка МКОнун балансындагы тараза контролун өткөрө алчу өткөрмө пункттарын | 2011-жылдын 1-апрелине чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ТжКМ | Бажы жол-жоболорун автоматташтырууну киргизүү үчүн тутумду талдоону даярдоо | |
2) бажы инфраструктурасынын объекттерин байланыш каналдары менен камсыздоо | 2011- жылдын 1-октябрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Бажы жол-жоболорун автоматташтырууну киргизүү үчүн системаны даярдоо даярдоо | ||||
11 | Өткөрмө пункттарын реконструкциялоо | 1) "Ак-тилек" өткөрмө пунктун реконструкциялоо | Өткөрмө пункттардын долбоорлук сметалык документтерге (ДСД) дал келүүсүн текшерүү жана өткөрмө пункттарын жана башка бажыга байланыштуу объекттерди күтүп алуу боюнча финансылык талдоо жүргүзүү; | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ТжКМ, АКМА, ЖӨБ, МКЧ жана башка кызыкдар маморгандар (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттарын стандарттарга ылайык келтирүү | |
- өткөрмө пунктун ДСДга ылайык реконструкциялоо; | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Өткөрмө пункттарын стандарттарга ылайык келтирүү | ||||
- өткөрмө пункттарын автомагистралдар менен байланыштырган транспорттук инфраструктураны куруу; | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | ТжКМ | Өткөрмө пункттарын стандарттарга ылайык келтирүү | ||||
- тараза жабдууларын орнотуу; | 2012-жылдын 1-январына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ТжКМ | Өткөрмө пункттарын стандарттарга ылайык келтирүү | ||||
- УСК түзүү жана куруу. Бажылык тариздөө жайларын белгилөө; | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин жана инвестициялар каражатынын чегинде | МБК | Өткөрмө пункттарын стандарттарга ылайык келтирүү | ||||
- бажы төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча көчмө же туруктуу кассаларды орнотуу (мүмкүн касса терминалдарын орнотуу аркылуу) | 2012- жылдын 1-январына чейин | Бюджеттин чегинде | ААК, "РСК Банк" (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу | ||||
2) "Торугарт өткөрмө пунктун реконструкциялоо | Мурда орнотулган тараза жабдыгын колдонууга киргизүү | 2013-жылдын 31-мартына чейин | Бюджеттин чегинде, эл аралык донорлордун каражаттарына | МБК ТжКМ | Өткөрмө пункттарды стандарттарга ылайык келтирүү | |||
- өткөрмө пунктту реконструкциялоо же куруу боюнча пункттарында чечим кабыл алуу | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | Өкмөттүн Аппараты, МЧК, МБК | Өткөрмө пункттун стандарттарга ылайык куруу жөнүндө чечим кабыл алуу | ||||
3) "Иркеш-там" өткөрмө пунктун жайгаштыруу | Өткөрмө пунктун МБКнын балансына өткөрүп берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү жана өткөрмө пункттарын жана башка бажыга байланыштуу объекттерди күтүп алуу боюнча финансылык талдоо жүргүзүү; | 2011-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Өткөрмө пунктун стандарттарга ылайык келтирүү | |||
- кошумча тараза жабдыгын орнотуу | 2011-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ТжКМ | Өткөрмө пунктун стандарттарга ылайык келтирүү | ||||
- логистикалык борбор куруу | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин, эл аралык донорлордун, жекече инвестициялардын каражаттарынын чегинде | "БИ" МИ, эл аралык донорлор жана жекече инвесторлор (макулдашуу боюнча | Өткөрмө пунктунун инфраструктурасын жакшыртуу | ||||
4) "Ош аэропорт- унда УСК түзүү | - "Ош" аэропортунун аймагында УСК түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде жана жекече инвестициялар | МБК, ТжКМ, МММ | Инфраструктураны жакшыртуу | |||
- потенциалдуу инвесторду аныктоо жана УСК түзүү | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин жана жекече инвестициялардын чегинде | "БИ" МИ, ТжКМ жана жекече инвесторлор (макулдашуу менен) | Инфраструктураны жакшыртуу | ||||
5) "Чалдыбар" өткөрмө пунктун реконструкциялоо | Өткөрмө пункттардын ДСДга ылайык келүүсүн текшерүү жана ДСДга ылайык келтирүүгө жаткан объекттердин тизмесин даярдоо; | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Өткөрмө пунктунун стандарттарга ылайыктуулугун текшерүү | |||
- өткөрмө пунктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алуу; | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ТжКМ, АКМА, ЖӨБ, УКМК жана башка кызыкдар органдар (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пунктун курууга жер тилкесин бөлүп берүү | ||||
- өткөрмө пунктун ДСДга ылайык реконструкциялоо; - УСК куруу жана бажылык тариздөө жайларынын ордун белгилөө; | 2012-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин жана эл аралык донорлордун жекече инвесторлордун каражаттарынын чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пунктун стандарттарга ылайык келтирүү жана инфраструктурасын жакшыртуу | ||||
6) "Чоң-Капка" өткөрмө пунктун жайгаштыруу | Өткөрмө пунктун жана башка бажыга байланыштуу объекттерди күтүү боюнча финансылык талдоо жүргүзүү; | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Өткөрмө пунктун күтүү каражаттарын оптималдаштыруу | |||
- бажылык тариздөө жайын аныктоо | 2011-жылдын 1-июнуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | ТЭИ катышуучуларына шарт түзүү | ||||
7) Жалал-Абад бажысын реабилитациялоо | Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү фондунун каражаттарынын эсебинен калыбына келтирүүнү талап кылган имараттардын жана курулуштардын тизмесинен бажынын имаратын чыгаруу; -Жалал-Абад бажысынын имаратын жана курулуштарын оңдоо жана кызматтык жайларды эмерек, инвентарь жана кеңсе техникалары менен жабдууну, ошондой эле мыйзамдарга ылайык Бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүү | 2011- жылдын 1-майына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Бажы инфраструк- турасын калыбына келтирүү | |||
8) Өткөрмө пункттарын тейлөөнү жеке бизнеске өткөрүп берүү | Өткөрмө пункттарын күтүп алуу боюнча финансылык талдоо жүргүзүү, өткөрмө пункттарын аныктоо жана аларды тейлөөнү жеке бизнеске өткөрүп берүү | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин жана өздүк инвесторлордун каражаттарынын чегинде | МБК, ЭТМ, МММ, МЧК, (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттарын тейлөөгө кеткен мамлекеттик чыгымдарды төмөндөтүү | |||
12 | Автоматташтырууну киргизүү | 1) иштелип чыккан техникалык тапшырмалардын (ТТ) негизинде бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташкан маалымат тутумун (БАМТ) этабы менен киргизүү тууралуу маселени жумушчу комиссиянын карап чыгуусу | - төмөнкүлөрдүн эсебинен БАМТ киргизүүнүн натыйжалуулугун талдоо: өз каражаттардын; АӨБнын каражаттарынын | 2011-жылдын 1-мартына чейин | Бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Автоматташтырууну киргизүү боюнча алдын ала иш-чараларды өткөрүү жана тийиштүү жабдыктарды сатып алуу | |
2) АӨБдүн кеңсеси менен автоматташтыруу боюнча долбоорду тездетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | - АӨБдүн каражаттарын колдонуу боюнча материалдарды даярдоо: өткөрмө пункттарды куруу үчүн; компьютердик жана сервердик жабдыктарды сатып алуу үчүн; электр камсыздоо жабдыктары үчүн; байланыш каналдарын куруу үчүн | 2011-жылдын 1-апрелине чейин | Бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Автоматташтырууну киргизүү боюнча алдын ала иш-чараларды өткөрүү жана тийиштүү жабдыктарды сатып алуу | |||
3) өз каражаттардын эсебинен бажы жол-жоболорун автоматташтыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Милдеттердин тизмесин жана аларды киргизүү артыкчылыгын аныктоо; - этабы менен киргизүү үчүн БАМТты иштеп чыгуу сметасын түзүү жана бекитүү; | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин, эл аралык донор- лордун каражаттарынын чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Автоматташтырууну киргизүү боюнча алдын ала иш-чараларды өткөрүү жана тийиштүү жабдыктарды сатып алуу | |||
- бекитилген сметанын жана иштелип чыккан ТТ негизинде тендердик документтерди даярдоо; | 2011- жылдын 1-августуна чейин | Бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Автоматташтырууну киргизүү боюнча алдын ала иш-чараларды өткөрүү жана тийиштүү жабдыктарды сатып алуу | ||||
- кызматтарды сатып алуу үчүн тендер өткөрүү | 2011-жылдын 1-октябрына чейин | Бюджеттин, эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Автоматташтырууну киргизүү боюнча алдын ала иш-чараларды өткөрүү жана тийиштүү жабдыктарды сатып алуу | ||||
4) бажы контролунун зоналарына заманбап технологияларды киргизүү | - өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында видео байкоо тутумун орнотуу талаптарын иштеп чыгуу; | 2011-жылдын 1-сентябрына чейин | Бюджеттин чегинде эл аралык донорлордун каражаттарынын алкагында | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Бажы кызматынын өздүк курамынын тартиптик жоопкерчилигин жогорулатуу | |||
- өткөрмө пункттарын жана бажылык тариздөө жайларын видео байкоо тутумдары менен жабдуу | 2013-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде эл аралык донорлордун каражаттарынын алкагында | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Бажы кызматынын өздүк курамынын тартиптик жоопкерчилигин жогорулатуу | ||||
3. Структура | ||||||||
13 | Бажы кызматынын башкаруу түзүмүн жакшыртуу | 1) бажы кызматынын ведомстволук бөлүктөрүнүн түзүмүн оптималдаштыруу | - "Борбордук", "Чыгыш", "Батыш", "Кесипкөй жана кинологиялык даярдоо борбору" жана "Камсыздоо борбору" ведомстволук бөлүктөрүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу түзүү | 2011-жылдын 3-январына чейин | Бюджет чегинде | МБК | Ушул Стратегиядан чыккан маселелерге төп келген бажы кызматынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү | |
2) Бажы кызматынын борбордук аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу | Бажы кызматынын борбордук аппаратынын түзүмүн кайрадан карап чыгуу; - бажы кызматынын өнүгүү планын ишке ашыруу максатында стратегияны жана долбоорлорду ишке ашыруу тобун түзүү жана ага ишке ашыруу мониторинг милдеттерин ыйгаруу | 2011-жылдын 1-февралына чейин | Бюджет чегинде | МБК | бажы кызматынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү | |||
3) Бөлүктөрдүн бирге иш аракет жүргүзүү тутумун аныктоо жана башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы функцияларды бөлүштүрүү | Башкаруу деңгээлдер ортосундагы өз ара иш жүргүзүү тартибин тактоочу жоболорду, нускамаларды жана регламенттерди кайра карап чыгуу | 2011-жылдын 1-февралына чейин | Бюджет чегинде | МБК | МБК бөлүмдөрүнүн ортосундагы милдеттерди оптималдаштыруу | |||
4. Тарифтер | ||||||||
14 | Оперативдик бажылык тарифтик жөнгө салуу | (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 274 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы № 274 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||||||
3) Нарктык маалыматты түзүү укуктарын МБКга ыйгаруу | Ташылып келүүчү товарлар боюнча нарктык маалыматты түзүү боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгаруу ыйгарым укуктарын бажы кызматына өткөрүп берүү боюнча укуктук ченемдик актынын долбоорун иштеп чыгуу белгиленген тартипте киргизүү | 2011-жылдын 1-февралына чейин | Бюджет чегинде | МБК | Ташып келүүчү товарлардын бажы наркын контролдоо | |||
5. Кадрдык саясат | ||||||||
15 | Сапаттуу кадрдык камсыздоону уюштуруу | 1) Кызматкерлерди ишке алуу үчүн кадрдык ресурсту камсыздоону пландоо | Бошогон кызматкерлердин санына жараша кадрлардын номенклатурасынын керектөөсүн аныктоо үчүн кызматкерлердин курамынын сандык жана сапаттык жагынан тынымсыз талдоо (талдоо мөөнөтү 1 жылдан 5 жылга чейин): - бажы кызматынын муктаждыгына жараша бажы иши адистиги боюнча даярдоочу ЖОЖдорго заказдарды жайгаштыруу санын жөнгө салуу; - эл аралык уюмдар жана өнөктөш мамлекеттердин каражаттарын тартуу аркылуу окуу программасын уюштуруу | Жыл сайын | Бюджет жана эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Бажы кызматынын муктаждыгына жараша кадрдык резервди түзүү | |
2) Бажы органдарына кызматка алуу, которуу, атайын наамдарды ыйгаруу учурунда квалификациялык талаптарды белгилөө | Ички резервдин эсебинен кызматка алуу жана кызмат ордуна дайындоо механизмдеринин талаптарын жана жол-жоболорун (резерв, сыноо мөөнөтү, тестирлөө) белгилөө; - түзүмдөрдүн функцияларын эске алуу менен, МБКнын борбордук аппаратында иштеген жылдары 3 жылдан кем эмес болушуна жараша жетекчи кызматтарга дайындоо жагынан жогорку кызматтарга көтөрүүдө кошумча талаптарды белгилөө; - функциялык милдеттерди эске алуу менен бажы органдарында келишим негизинде кызмат өтөө механизмин киргизүү | 2011-жылдын 1-июнуна чейин | Бюджет чегинде | МБК | Бажы кызматында кадрларды тандоо, кызматка алуу жана кызматка көтөрүү системасын өркүндөтүү | |||
3) Окутууну уюштуруу | Бажы кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу; - муктаждыкты аныктоо үчүн башкармалыктардын начальниктери катышкан кесиптик даярдоо комиссиясын түзүү; | 2011-жылдын 1-апрелине чейин | Бюджет чегинде | МБК, МБК эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Бажы кызматкерлеринин кесиптик потенциалын жогорулатуу | |||
- мугалим кызматкерлер үчүн окутуу методикасы боюнча окууларды уюштуруу | Жыл сайын | Бюджет жана эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, МБК эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Бажы кызматкерлеринин кесиптик потенциалын жогорулатуу | ||||
4) Кадрларды которуу жана ротация | Кызматкерлерди которуу жана ротациялоо боюнча ведомстволук актынын жаңы редакциясын кабыл алуу | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Кызматкерлерди которуу жана ротациялоо тартибин белгилөө | |||
5) Кызматкердин жумушун баалоо | МБКнын аттестациялык комиссиясынын жаңы регламентинин редакциясын аттестациялоо мөөнөттүн ичинде аткарылган жумушту функционалдык талдоо негизинде кызматкердин жумушун баалоо методикасын бекитүү Сыйлоого түрткү берүүчү жана тартиптик жаза-чараларды колдонуунун иштеп жаткан системасын кайра кароо; | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Бажы кызматкерлеринин жумушун баалоо жана мотивациялоо системасын өркүндөтүү | |||
- жалпы кызмат өтөө убагында кызматкердин жумушун баалоо критерийлери менен байланышкан кадрларды эсепке алуу программалык каражатты иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | |||||||
6. Маалыматтык камсыздоо жана коштоо | ||||||||
16 | ТЭИ катышуучуларына маалымдоону өркүндөтүү | 1) МБКнын сайтында интерактивдүү терезесин түзүү | Бажы төлөмдөрү уруксат берүү документтеринин түрү; өндүрүштүк жана башка коммерциялык максаттар үчүн арналган жана жеке жактардын товарларын бажылык тариздөөнү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген жайлардын жана өткөрмө пункттардын жайгашкан карталары боюнча интерактивдүү маалымат тутумун түзүү | 2011-жылдын 1-сентябрына чейин | Бюджет жана эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Интерактивдүү маалымат тутуму | |
17 | Бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутумун киргизүү | 1) Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен иштелип чыгуучу жана киргизилүүчү милдеттердин тизмеси | Бажылык тариздөө тутуму: - жеткирүүнү контролдоо тутуму; - классификаторлордун тутуму; - тобокелдиктерди башкаруу тутуму; - бажылык статистика; - бажы төлөмдөрүн эсептөө жана төлөө тутуму; - бажыдан кийинки контроль тутуму; - бажылык укук бузууларды эсепке алуу тутуму; - ТИР/КАРНЕТ транзитинин тутуму. - УСКнын контролдоо тутуму | 2013-жылдын 1-июлуна чейин | АӨБдүн каражаттарынын чегинде (чыгашалар 1,7 млн. АКШ долл.) | МБК, АӨБнын долбоору (макулдашуу боюнча) | Иштелип чыккан программалык камсыздоолорду МБКнын менчигине өткөрүп берүү. | |
2) МБКнын эсебинен киргизилүүчү милдеттердин тизмеси | Электрондук документтер айлануу тутуму; - "Кадрлар" эсепке алуу тутуму; - материалдык ресурстарды эсепке алуу тутуму; - финансылык эсепке алуу тутуму; - жүктөр жөнүндө алдын ала маалыматты контролдоо тутуму | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджет жана эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Иштелип чыккан программалык камсыздоолорду МБКнын структурасына орнотуу | |||
7. Ведомстволор аралык аракеттенүү | ||||||||
18 | ТЭИнин жөнгө салуу боюнча өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатуу | 1) Бажы кызматынын өнүгүү жана реформалоо планын ишке ашуусун контролдоо | Бажы кызматынын өнүгүү жана реформалоо планын ишке ашыруусун контролдоо максатында КРнын Биринчи вице-премьер-министринин алдында Байкоочу кеңешмени уюштуруу | 2011-жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | КРнын Өкмөтүнүн аппараты, МБК, ЭТМ | Бажы кызматынын өнүгүү жана реформалоо планынын ишке ашуусу | |
2) Бажы кызматынын өнүгүү жана реформалоо планын ишке ашуусун камсыздоо. | Бажы кызматынын өнүгүү жана реформалоо алкагындагы пилоттук долбоорлордун ишке ашуусу боюнча КРнын Өкмөтүнүн чечимине жараша тартылган министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынан турган ведомстволор аралык эксперттик комиссияны түзүү; | 2011-жылдын 1-апрелине чейин | Бюджеттин чегинде | АЧМ, ССМ, МУКК (макулдашуу боюнча), ТжКМ, ЮМ, ФМ | Бажы кызматынын өнүгүү жана реформалоо планынын ишке ашуусу | |||
Ведомстволор аралык эксперттер комиссиясынын кеңештерин жүргүзүү | Кварталда бир жолудан кем эмес | Бюджеттин чегинде | МБА, ФМ | Бажы кызматынын өнүгүү жана реформалоо планынын ишке ашуусу | ||||
19 | Бюджеттик пландоо чөйрөсүндө өз ара иштөөнү жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын көрсөткүчтөр (маалымат, аналитикалык материалдар ж.б.) менен алмашуусун уюштуруу | Көрсөткүчтөр, аналитикалык материалдар менен алмашуунун механизмдерин аныктоо үчүн ведомство аралык жумушчу топту түзүү; | 2011-жылдын 1-июнуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, КМ | Ачык жана эффективдүү бюджеттик пландоо | |
Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда көрсөткүчтөрдө жана аналитикалык материалдар менен алмашууну киргизүү | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, КМ | Ачык жана эффективдүү бюджеттик пландоо | ||||
8. Коомчулук жана бизнес менен бирге иш-аракет жүргүзүү | ||||||||
20 | Жарандык жана бизнес коомчулугу менен жумушту активдештирүү | 1) МБКнын коомдук кабылдамасын уюштуруу | Бажы кызматынын коомдук кабылдамасынын ишинин регламентин иштеп чыгуу; | 2011-жылдын 1-июнуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Жарандардын кайрылууларын кароонун механизмин белгилөө | |
- коомчулук менен катнашуулар боюнча милдеттерди төраганын кеңешчисине (жардамчысына) ыйгаруу | ||||||||
2) МБКнын алдындагы Консультативдик кеңештин курамын кеңейтүү | Консультативдик кеңештин курамын бизнестин приореттүү тармактарынын өкүлдөрү менен кеңейтүү боюнча кайра кароо | 2011-жылдын 31-майына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, МБК караштуу Консультативдик кеңеш (макулдашуу боюнча) | Консультативдик кеңештин ишин активдештирүү | |||
21 | Бажы кызматынын иш жүргүзүүсү туралуу ТЭИ катышуучулардын арасында көз карандысыз сурамжылоону ишке ашыруу | Бажы кызматкерлери арасында коррупциянын деңгээли, функционалдык милдеттерди аткаруу, бажы тарабынан көрсөтүлүп жаткан тейлөө тууралуу тынымсыз анкеттөөнү киргизүү. | ТЭИнин катышуучуларын тынымсыз анкеттөөнүн жобосун бекитүү; | 2011-жылдын 1-майына чейин | Бюджетин чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Коррупциянын деңгээлин азайтуу жана жоопкерчиликти жогорулатуу | |
- Тынымсыз негизде анкеттөөнү жүргүзүү | 1 жылда 2 жолудан кем эмес | |||||||
- Туруктуу негизде анкеттөө жүргүзүү; - анкеттөө натыйжаларын бажы кызматынын иш регламентине ылайык кароо | Жыл сайын | Бюджеттин чегинде | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | Коррупциянын деңгээлин азайтуу жана бажы кызматынын өздүк курамынын жоопкерчилигин жогорулатуу | ||||
22 | Коррупцияга каршы иш-чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу | Бажы документтерине ишеним телефондору байланыш маалматтарын жайгаштыруу | 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "КР Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу жөнүндө" КР Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КР Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | 2011- жылдын 1-июлуна чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | ||
9. Эл аралык бажылык кызматташуу | ||||||||
23 | Бажы администрацияларынын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү | 1) Соода боюнча өнөк мамлекеттерде ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн бажы жол-жоболорунан өтүүнү жеңилдетүү | Казакстан Республикасынын бажы кызматынын алдында Кыргыз Республикасынын МБКнын өкүлчүлүгүн ачуу; | 2013-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК, ТИМ | Ата мекендик продукциянын экспортуна көмөктөшүү | |
- бажы администрациялары менен маалымат алмашуу жагынан кызматташтыкты кеңейтүү; | Туруктуу негизде | Бюджеттин чегинде | МБК | Ата мекендик продукциянын экспортуна көмөктөшүү | ||||
- жүктөлүү алдындагы жол-жоболордун технологиялык схемаларын кеңири колдонуу | 2012-жылдын 1-январына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Ата мекендик продукциянын экспортуна көмөктөшүү | ||||
2) Эл аралык бирикмелердин алкагында тышкы экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана илгерилөө | Өткөрмө пункттардын статусу жайгашуусу жана арналышы боюнча чектеш мамлекеттер менен макулдашуу; | Үзгүлтүксүз негизде | Бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын чегинде | МБК, ТИМ, МЧК (макулдашуу боюнча) | Өткөрмө пункттардын статусу жана жайгашуусун белгилөө | |||
Бажы кызматкерлерин заманбап бажы технологияларына окутуу жагынан кызматташтыкты кеңейтүү | МБК, эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча) | МБКнын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу | ||||||
10. Социалдык-маданий иш-аракеттер | ||||||||
24 | Бажы кызматынын өздүк курамын социалдык жактан камсыздоо жана социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу | 1) МБКнын кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо программасын ишке ашыруу | Бажы кызматынын кызматкерлери үчүн турак жай курулушун аяктоо; - Бажы кызматынын кызматкерлеринин арасында турак жай фондун бекитүү жана бөлүштүрүү | 2011-жылдын 31-февралына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Бажы кызматынын ишинин алкагындагы социалдык-маданий активдүүлүгү | |
2) Калктын социалдык аялуу топторун колдоо | а) Карылар жана балдар үйлөрүнө жана согуш аракеттерине катышкан ардагерлерине даректүү жардам көрсөтүү чараларын өткөрүү | Жыл сайын | Бюджеттин чегинде | МБК | Бажы кызматынын ишинин алкагындагы социалдык-маданий активдүүлүгү | |||
25 | Бажы кызматынын социалдык-маданий активдүүлүгү | Бажы кызматынын уюшулушунун 20 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу | Спорт-оюн зоок иш-чараларын өткөрүү: - "ТЭИнин эң мыкты катышуучусу" аттуу конкурсун уюштуруу жана өткөрүү; - Бажы кызматынын 20 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү | 2011-жылдын 31-декабрына чейин | Бюджеттин чегинде | МБК | Бажы кызматынын ишинин алкагындагы социалдык-маданий активдүүлүгү | |
Эскертүү:
Кыскартуулардын тизмеси:
БАМС - Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система;
АӨБ - Азия өнүктүрүү банкы;
ДСД - долбоордук-сметалык документтер;
МКО - Мамлекеттик контролдоочу органдар;
ТЭИ - тышкы экономикалык иш;
ТТ - техникалык тапшырма;
УКМК ЧА - КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскери;
ИИМ - КР Ички иштер министрлиги;
ФПМС - КР Финансылык полиция мамлекеттик кызматы;
ЭЖМ - КР Экономикалык жөнгө салуу министрлиги;
МСК - КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
МБК - КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
ССМ - КР Саламаттык сактоо министрлиги;
АЧМ - КР Айыл чарба министрлиги;
ТжКМ - КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
ӨКМ - КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
ФМ - КР Финансы министрлиги;
ТИМ - КР Тышкы иштер министрлиги;
МММ - КР Мамлекеттик мүлк министрлиги;
ЮМ - КР Юстиция министрлиги;
ЖӨБ - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
АКМА - КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги;
УБ - КР Улуттук банкы;
"РСК Банк" АТАК - "РСК Банк" ачык типтеги акционердик коому;
"КТЖ" УК" МИ - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишкана;
"Манас" ЭА" АТАК - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык типтеги акционердик коом;
ГТКК - Германиялык техникалык кызматташтык коому (GТZ);
ЮСАИД - Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттик;
УСК - Убактылуу сактоочу кампа;
БК - Бажы кампасы;
ЭЭЗ - эркин экономикалык зона;
"БИ" МИ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы;
МЧК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.