Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 17-апрели № 275
Кыргыз Республикасынын архив ишинин 80 жылдыгы жөнүндө
Кыргызстан элинин кызыкчылыгында ар тараптуу пайдалануу үчүн тарыхый-документтик байлыктын сакталышын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын архив ишине 2006-жылдын 30-августунда 80 жыл толот.
Ата мекендин тарыхында бул окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, республиканын улуттук идеологиясын түзүүдө документтик мурастын маанисин зске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондун андан ары сактоо жана пропагандалоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын архив ишинин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы;
- Кыргыз Республикасынын архив ишинин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы.
2. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын архив ишинин 80 жылдыгына арналган маселелерди жарыялоодо республиканын архивдик мекемелерине ар тараптан көмөк көрсөтүү сунушталсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аталган иш-чараларды жүзөгө ашырууда архивдик мекемелерге ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ф.Кулов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 275 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын архив ишинин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Мадумаров А.К. - Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Өмүралиев К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивдик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Алдашева Ч.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивдик агенттигинин директорунун орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият министри;
Абдиева М.Т. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Жээнбаев Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Молдокасымов К.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Жумалиев С.Р. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивдик агенттигинин статс-катчысы;
Шакиев Н.Т. - "Эркинтоо" гезитинин башкы редактору (макулдашуу боюнча).
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-апрелиндеги № 275 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын архив ишинин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ
┌──┬─────────────────────────┬───────────────┬────────────────────────┐
│№ │ Иш-чаралар │Аткаруу мөөнөтү│ Жооптуулар │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│1 │"Архивдер XXI кылымда. │2006-жылдын │Мамлекеттик архивдик │
│ │Өткөн чактан келер чакка"│августу │агенттик, борбордук │
│ │илимий-практикалык │ │мамархивдер │
│ │конференциясын өткөрүү │ │ │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│2 │Жобону иштеп чыгуу жана │2006-жылдын │Мамлекеттик архивдик │
│ │мыкты мамлекеттик жана │июнь-августу │агенттик, министрликтер,│
│ │ведомстволук архивге │ │ведомстволор, │
│ │конкурс өткөрүү │ │облмамадминистрациялар, │
│ │ │ │борбордук мамархивдер, │
│ │ │ │облустук мамархивдер │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│3 │Кыргыз Республикасында │2006-жылдын │Маданият министрлигинин │
│ │архивдик иштин өнүгүүсүн │августу │Тарых музейи, │
│ │чагылдыруучу │ │Мамлекеттик архивдик │
│ │фотодокументтик көргөзмө │ │агенттик, борбордук │
│ │уюштуруу │ │мамархивдер │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│4 │Тематикалык │2006-жылдын │МТРК, Мамлекеттик │
│ │телерадиоберүүлөрдү жана │июнь-августу │архивдик агенттик, │
│ │тегерек столдорду өткөрүү│ │борбордук мамархивдер, │
│ │жолу менен архивдик │ │облустук мамархивдер │
│ │документтерди жана │ │ │
│ │кинофотофономатериалды │ │ │
│ │пропагандалоону уюштуруу │ │ │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│5 │Архивдик материалдардын │Жыл ичинде │Экономфинмин, │
│ │негизинде төмөнкүдөй │өзүнчө план │Мамлекеттик архивдик │
│ │жыйнактарды чыгаруу: │боюнча │агенттик, облустук │
│ │"Улуу Ата мекендик согуш │ │мамархивдер, борбордук │
│ │жылдарында Кыргызстандагы│ │мамархивдер, Кыргыз │
│ │Польша жарандары", │ │Республикасынын Улуттук │
│ │"К.Тыныстанов", │ │илимдер академиясы │
│ │"Кыргызстан-Россия" │ │ │
│ │(II том), "1916-жылдагы │ │ │
│ │көтөрүлүш". │ │ │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│6 │Жобо иштеп чыгуу жана │Жыл ичинде │Кыргыз Республикасынын │
│ │Кыргыз Республикасынын │өзүнчө план │Улуттук илимдер │
│ │мамлекеттик жана коомдук │боюнча │академиясы, Билим берүү │
│ │ишмерлери жөнүндө жана │ │министрлиги, Мамлекеттик│
│ │Кыргызстандын тарыхы │ │архивдик агенттик, │
│ │боюнча архивдик │ │борбордук мамархивдер, │
│ │документтердин негизинде │ │облустук мамархивдер │
│ │илимпоздордун жана │ │ │
│ │студенттердин арасында │ │ │
│ │мыкты илимий ишке конкурс│ │ │
│ │өткөрүү │ │ │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│7 │Архивдик тармактын │2006-жылдын │Мамлекеттик архивдик │
│ │актуалдуу проблемалары │июль-августу │мекемелер │
│ │боюнча мамлекеттик │ │ │
│ │архивдердин │ │ │
│ │жетекчилеринин жана │ │ │
│ │кызматкерлеринин жалпыга │ │ │
│ │маалымдоо каражаттарына │ │ │
│ │чыгуусун уюштуруу │ │ │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│8 │Жогорку окуу жайлардын │2006-жылдын │Мамлекеттик архивдик │
│ │гуманитардык │июль-августу │мекемелер, Билим берүү │
│ │факультеттеринде архив │ │министрлиги │
│ │ишинин ардагерлери менен │ │ │
│ │жолугушууларды өткөрүү │ │ │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│9 │Мыкты архивисттерди │2006-жылдын │Мамлекеттик архивдик │
│ │мамлекеттик, профсоюздук │1-июлуна чейин │агенттик, мекемелер │
│ │жана ведомстволук │ │профсоюздарынын БК, │
│ │сыйлыктарга көрсөтүү │ │министрликтер, │
│ │ │ │ведомстволор, │
│ │ │ │облмамадминистрациялар, │
│ │ │ │мамлекеттик архивдик │
│ │ │ │мекемелер │
├──┼─────────────────────────┼───────────────┼────────────────────────┤
│10│Салтанаттуу иш-чара │2006-жылдын │Уюштуруу комитети │
│ │өткөрүү │августу │ │
└──┴─────────────────────────┴───────────────┴────────────────────────┘