Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 9-марты № 87
"Кайрат Банк" ачык типтеги акционердик коомун
(АТАК) кайра капиталдаштыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 10-сентябрындагы № 556 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы институттарынын алдындагы милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир жумалык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм кудуретин камсыз кылуу максатында "Кайрат-Банк" АТАКынын акцияларын 100 процент сатып алуу үчүн 15 жылдык мөөнөткө 150,0 млн.сом суммасына "Kairat 1-01" сериясындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик казначылык милдеттенмелерин чыгарсын;
- "Kairat 1-01" сериясындагы казначылык милдеттенмелер боюнча негизги сумманы жоюу жоюунун мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча жүргүзүлсүн;
- "Kairat 1-01" сериясындагы казначылык милдеттенмелер боюнча проценттик ставка жылдыктын 10 проценти ставкасы менен белгиленсин. Проценттерди төлөө квартал сайын өткөн кварталдан кийинки айдын 5ине чейин жүргүзүлсүн.
2. "Кайрат Банк" АТАКын кайра капиталдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкү шарттарда жалпы суммасы 225,0 млн. сомго мамлекеттик казначылык милдеттенмелерди чыгарсын:
- 3 жылдык жоюу мөөнөтү менен "Kairat 2-01" сериясын 50 млн.сомго;
- 5 жылдык жоюу мөөнөтү менен "Kairat 3-01" сериясын 45 млн. сомго;
- 10 жылдык жоюу мөөнөтү менен "Kairat 4-01" сериясын 50 млн.сомго;
- 15 жылдык жоюу мөөнөтү менен "Kairat 5-01" сериясын 60 млн.сомго;
- жоюу мөөнөтү 3 айлык "Kairat 7-01" сериясындагы 20 млн. сомго;
- Kairat 7-01" сериясындага Казыналык милдеттенменин негизги суммасы 3 айдын ичинде жоюлсун.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Кайрат Банк" АТАКын кайра капиталдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Акыл" ИАКБсы чыгарган векселдердин ордуна 28 млн. сом суммасына "Kairat 6-01" сериясындагы мамлекеттик казначылык милдеттенмелерди 10 жылдык мөөнөткө чыгарсын.
"Kairat 2-01", "Kairat 3-01", "Kairat 4-01", "Kairat 5-01" жана "Kairat 6-01" серияларындагы казначылык милдеттенмелер боюнча негизги суммаларды жоюу жоюунун мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча жүргүзүлсүн.
"Kairat 2-01", "Kairat 3-01", "Kairat 4-01", "Kairat 5-01" жана "Kairat 6-01", "Каirаt 7-01" серияларындагы казначылык милдеттенмелер боюнча проценттик ставкалар мурунку кварталдар үчүн чогулган 3 айлык Мамлекеттик казначылык векселдердин орточо өлчөмдөтү проценттик аукциондук ставкаларынын орточо мааниси катары эсептелген өлчөмдө белгиленсин. Проценттерди төлөө квартал сайын өткөн кварталдан кийинки айдын 5ине чейин жүргүзүлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
4. "Kairat 1-01". "Kairat 2-01", "Kairat 3-01", "Kairat 4-01", "Kairat 5-01" жана "Kairat 6-01", "Каirаt 7-01" серияларындагы казначылык милдеттенмелер казначылык милдеттенмелерди каттоонун мамлекеттик китебине катталсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.Бакиев |