Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 10-сентябры № 556
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-мартындагы
№ 87 "Кайрат Банк" ачык типтеги акционердик коомун
кайра капиталдаштыруу жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Азиялык Өнүктүрүү Банкынын "Финансылык ортомчулук жана ресурстарды мобилизациялоо (FIRM) программалык карызынын матрицаларынын шарттарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-мартындага № 87 "Кайрат Банк" ачык типтеги акционердик коомун кайра капиталдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи абзацындагы "70" деген сан "50" деген санга алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар кошулсун:
"- жоюу мөөнөтү 3 айлык "Kairat 7-01" сериясындагы 20 млн. сомго;
"Kairat 7-01" сериясындага Казыналык милдеттенменин негизги суммасы 3 айдын ичинде жоюлсун";
- 3-пункттун үчүнчү абзацына жана 4-пунктка "Kairat 6-01" деген сөздөрдөн кийин "Каirаt 7-01" деген сөздөр кошулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык:
- жоюу мөөнөтү 3 жылдык "Кairat 2-01" сериясындагы 70 млн. сомдук Казыналык милдеттемени жоюу мөөнөтү 3 жылдык 50 млн. сом суммасындагы "Кairat 2-01ге" алмаштыруу менен кайра чакырып алсын;
- жоюу мөөнөтү 3 айлык "Кairat 7-01" сериясындагы 20 млн. сом сумасындага кошумча Казыналык милдеттенме чыгарсын;
- жоюу мөөнөтү 3 айлык "Кairat 7-01" сериясындагы 20 млн. сом суммасындагы Казыналык милдеттенмени жоюуга Мамлекеттик казыналык векселдерди сатуудан түшкөн каражаттарды толук жоюлуп бүткөнгө чейин жумшалсын.
Биринчи вице-премьер-министр | Н.Танаев |