Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 4-апрели № 148
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзия
Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан
качуу жана киреше салыгын төлөөдөн баш
тартууну болтурбоо жөнүндө 2000-жылдын
17-ноябрында Куала-Лумпур шаарында
кол коюлган макулдашууну
ратификациялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартууну болтурбоо жөнүндө 2000-жылдын 17-ноябрында Куала-Лумпур шаарында кол коюлган макулдашуунун 30-статьясына ылайык мамлекеттик ички процедураларды аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартууну болтурбоо жөнүндө 2000-жылдын 17-ноябрында Куала-Лумпур шаарында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Т.А.Акматалиев ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын заседаниелеринде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Малайзия Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартууну болтурбоо жөнүндө 2000-жылдын 17-ноябрында Куала-Лумпур шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялансын.
2-статья
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн баш тартууну болтурбоо жөнүндө 2000-жылдын 17-ноябрында Куала-Лумпур шаарында кол коюлган макулдашуу ратификациялангандыгы жөнүндө Малайзия Өкмөтүнө билдирүү тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |