Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна

ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 4-апрели № 149

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине

караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын

маселелери жөнүндө

 

"Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрдагы Указын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жөнүндөгү тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бир айлык мөөнөттүн ичинде салык кызматынын мамлекеттик кызматчыларынын жалпы штаттык санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-сентябрындагы № 585 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-сентябрындагы № 585 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-февралындагы № 103 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын Өнүктүрүү жана материалдык көтөрмөлөө фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 260 токтомунун 3-пункту.

 

Премьер-министр

К.Бакиев