Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 30-октябрындагы № 729 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-апрелиндеги № 149 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик салык
инспекциясы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИ) аткаруучу бийликтин мамлекеттик органы болуп эсептелет. Ал Кыргыз Республикасында салык иштерине түздөн түз жетекчилик кылууну жүзөгө ашырып, салык мыйзамынын сакталышы, салыктардын жана сөзсүз түрдө бюджетке төлөнүүчү башка төлөмдөрдүн толук жана өз убагында төлөнүшү боюнча мамлекеттик башкаруунун көзөмөлдөөчү функцияларын аткарат.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИ, облустук, Бишкек шаардык, райондук жана шаардык мамлекеттик салык инспекциялары юридикалык жак болуп эсептелишет. Алардын ар биринин чыгымдоолор боюнча өзүнчө сметасы, Казначылыктын системасында бюджеттик жана атайын эсептери болот. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИде облустук, Бишкек шаардык, райондук жана шаардык мамлекеттик салык инспекциясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, фирмалык бланктары, бурчтук штамптары болот.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине баш ийет, ал эми облустук, Бишкек шаардык райондук жана шаардык мамлекеттик салык инспекциялар жогору турган салык инспекциясына баш ийишет.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИ жана анын структуралык бөлүмдөрү өздөрүнүн иштеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, ушул Жобону, Мамлекеттик салык инспекциясынын жана Кыргыз Республикасынын Финанасы министрлигинин ведомстволук нормативдик актыларын жетекчиликке алып, республиканын мамлекеттик бийлик органдары, укук коргоо жана башка көзөмөлдөөчү органдар менен тыкыз байланышта иштешет.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин квалификациялык мүнөздөмөлөрүндөгү талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын граждандары мамлекеттик салык инспекцияларына ишке кабыл алынат.
II. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын
негизги милдеттери
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- салыктарды чогултуу;
- Салык кодексиндеги жана салык маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларындагы талаптардын аткарылышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин эффективдүүлүгүн жана базар экономикасынын өнүгүшүнө анын тийгизген таасирин үйрөнүү;
- башка мамлекеттер менен бирге салык салуу маселелери боюнча келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу;
- биридиктүү финансылык-чарбалык саясатты жүзөгө ашыруу, салык органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базаларын өнүктүрүү, бул органдарда иштеген кызматкерлер үчүн зарыл болгон эмгек шартын түзүү;
- бул тармакта иштеген адистерди даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификацияларын жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн экономикалык негизин түзгөн Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун өзүнүн компетенциясынын чегинде камсыз кылуу;
- аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын салык органдарына жүктөлгөн салык иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу, ошондой эле салык иштерин жүргүзүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын, граждандардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын укуктарын жана таламдарын коргоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын салык саясатын иштеп чыгууга жана аны жүзөгө ашырууга катышуу.
III. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын
функциялары
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИ облустук, Бишкек шаардык, райондук жана шаардык мамлекеттик салык инспекцияларынын иштерине жетекчилик кылып, алардын иштерин уюштурат, Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырып, төмөндөгү функцияларды аткарат:
- мамлекеттик салык инспекцияларынын салыктар жана сөзсүз турдө бюджетке төлөнүүчү төлөмдөр боюнча иштерин, ошондой эле салык мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөөнү түздөн-түз ишке ашырат жана уюштурат;
- салык мыйзамынын практикалык колдонуу тажрыйбасын (анын ичинде чет өлкөлөрдө да), изилдейт, жалпылайт жана анализдейт, мыйзамды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- салыктар боюнча расчеттордун, отчеттордун, декларациялардын жана салыктар менен бюджетке төлөнүүчү башка төлөмдөрдүн эсептелиши жана төлөнүшү менен байланышкан башка төлөмдөрдүн эсептелиши жана төлөнүшү менен байланышкан башка документтердин, ошондой эле мамлекеттик салык инспекциялары тарабынан аткарылган иштер жөнүндөгү отчеттордун формаларын аныктайт;
- салыктар жана бюджетке төлөнүүчү башка төлөмдөр боюнча мыйзамдык жана башка нормативлик актыларды колдонуу тартибин түшүндүрөт, бул иштин мамлекеттик салык инспекциялары тарабынан аткарылышын уюштурат;
- өзгөчө режимдеги ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды, биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканаларды, банктарды жана башка финансылык-кредиттик мекемелерди кошуп, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык, поселоктук кеңештеринин, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын граждандарынын, чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын (мындан ары - юридикалык жактар жана жеке адамдар деп берилет) салыктардын, бюджетке же бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөөлөрдүн эсептелиши жана төлөнүшү менен байланышкан документтерин, бухгалтериялык китептерин, отчетторун, пландарын, сметаларын, декларацияларын, дагы башка документтерин текшерет, зарыл болгон түшүндүрүүлөрдү алат;
- конфискацияланган, ээсиз калган мүлктөрдүн, мурастык укук боюнча мамлекетке өткөн мүлктөрдүн эсебин алуу, аларды баалоо жана реализациялоо боюнча, ошондой эле мамлекеттик пошлина боюнча акча каражаттарын алуу жана сактоо, салыкка байланыштуу элдин акча каражаттарын алуу боюнча жергиликтүү кеңештерде кассалык операцияларды жүргүзүү тууралыгын текшерүү боюнча мамлекеттик салык инспекцияларынын иштерин уюштурат;
- мамлекеттик салык инспекцияларынан бюджеттик төлөмдөрдү чогултуу боюнча аткарган иштери жөнүндөгү маалыматтарды алат, аларды жалпылайт жана анализдейт, ишти өркүндөтүү боюнча сунуш киргизет;
- бардык деңгээлдеги салык инспекцияларынын иштерин уюштурууну изилдейт жана текшерет, ошонун натыйжасында орун алган кемчиликтер менен тартип бузууларды таап, аларды жоюу үчүн чара көрөт, ошондой эле зарыл болгон учурларда аткарылып жаткан иштин абалы жөнүндө инспекциялардын жетекчилеринин отчетторун угат, ишти уюштуруу боюнча методикалык жана практикалык жактан жардам берет, иштеги жакшы тажрыйбаны үйрөнүп, аны салык кызматынын системасына жайылтат;
- өзүнө караштуу мамлекеттик салык инспекцияларында инспекторлук иштердин абалын көзөмөлгө алууну жүзөгө ашырат;
- персоналдардын жана кадрлардын адистик жактан даярдыгын жана даярдоодон кайрадан өтүшүн өнүктүрүү боюнча иш-чараларды аткарат;
- маалымат системаларын автоматташтырылган жумушчу орундарын, мамлекеттик салык инспекцияларынын иштерин автоматташтыруунун жана компьютерлештирүүнүн башка каражаттарын уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча иштерди жүзөгө ашырат;
- салык төлөөчүнүн кат жүзүндөгү арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларында каралган өз укугунун чегинде башка салык төлөөнүн мөөнөтүн узартат;
- юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзүүчү граждандардын, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын салык салуу маселелери боюнча жана мамлекеттик салык инспекцияларында кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине байланыштуу берилген арыздары менен сунуштарын карайт;
- белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктарды, сөзсүз түрдө төлөнүүчү төлөмдөрдү, айыптарды, дагы башка санкцияларды бюджетке өндүрүү боюнча юридикалык жактар менен жеке адамдарга, ошондой эле граждандарга коюлган доолор менен сотко кайрылат;
- соттордо, укук коргоо органдарын, бийликтин мамлекеттик органдары менен башкармалыктарына, дагы башка уюмдарга өзүнө караштуу салык инспекцияларынын кызыкчылыктарын билдирет;
- өзүнүн аймактык салык органдарынын жана андагы кызматкерлердин мыйзамга туура келбеген чечимдерин жокко чыгарат же убактылуу токтотуп коет;
- салыктар менен төлөмдөрдү бюджетке чогултуу боюнча салык кызматында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы жөнүндө, ошондой эле чарбакер субъектилари тарабынан салык мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жогорку органдарга отчет жана маалыматтарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик салык инспекцияларда кызмат адамдары иште кетирген тартип бузуулары үчүн, эгерде ал тартип бузуулар боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралбаса, анда аларга тартипке чакыруучу чаралар колдонот;
- салык төлөөчүлөрдүн - юридикалык жактар менен жеке адамдардын, юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн граждандардын, ошондой эле алар көрсөткөн декларацияларынын маалымат базасын түзөт;
- салык кызматкерлеринин кирешелери жана өздүк менчигиндеги мүлктөрү боюнча маалыматтардын базасын түзөт.
8. Облустар жана Бишкек шаары боюнча мамлекеттик салык инспекциялары ичинен жогорку органдардын компетенциясына кирген маселелерден тышкары ушул Жобонун 7-пунктундагы каралган функцияларды аткарышат.
9. Облустук жана Бишкек шаардык, райондук жана шаардык мамлекеттик салык инспекциялары төмөндөгү негизги функцияларды аткарышат;
- салыктарды жана сөзсүз түрдө бюджетке төлөнүүчү төлөмдөрдү чогултууну, бардык чарбакер субъектилер тарабынан салык мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырышат;
- юридикалык жактардын, жеке адамдардын, юридикалык жакты түзбөй туруп, ишкердик жүргүзүүчү граждандардын жана салык кызматынын кызматкерлеринин, аларга бирдиктүү идентификациялык салык номерин берүү менен, салык боюнча эсепти өз убагында жана толук жүргүзүшүн, ошондой эле чарбакер субъектилерин жоюу боюнча каттоону камсыз кылышат;
- салык төлөөчүлөр тарабынан бюджетке же бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөмдөрдү эсептеп чытарууга байланышкан бухгалтериялык отчеттор менен баланстардын, салык боюнча расчеттордун, отчеттордун, декларациялардын, дагы башка документтердин өз убагында берилишин көзөмөлдөшөт, ошондой эле пайда, киреше, салык салынуучу башка объектилердин бюджетке же бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөнүүчү төлөмдөрдүн эсептелиши көрсөтүлгөн документтердин ишенимдүүлүгүн текшеришет;
- көзөмөлдөө иштерди жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо, финансы жана башка көзөмөлдөөчү органдар менен тыгыз байланышта жүргүзүшөт;
- бюджетке болгон карыздарын жоюу максатында соттун чечими менен салык төлөөчүлөрдүн мүлкүнө арест салышат, мүлктү алып коюшат жана сатышат;
- үчүнчү жактын салык төлөөчүгө болгон бересесинин эсебинен тиешелүү сумманы төлөтүүнү жана аны алып коюуну, ошондой эле чет өлкөлүк валюта боюнча төлөтүүнү жана аны алып коюуну жүзөгө ашырышат;
- бюджеттик милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган финансылык санкциялардын туура жана өз убагында колдонулушун, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана граждандар тарабынан кетирилген тартипти бузуулар үчүн салынуучу административдик айыптардын туура колдонулушун жана аларды өз убагында төлөтүүнү камсыз кылышат;
- юридикалык жактар менен жеке адамдардан, финансы органдарынан, республиканын банк мекемелеринен, ошондой эле граждандардан оперативдик-бухгалтериялык эсеп боюнча (ар бир салык төлөөчү же төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча) жүргүзүлгөн бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөнө турган жана чыныгы келип түшкөн суммалр, ошондой эле финансылык санкциялар менен административдик айыптардын суммалары жөнүндөгү документтерди алышат;
- министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик комитеттердин, мамлекеттик комиссиялардын, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери менен башкы бухгалтеринен мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана алардын өздүк менчигиндеги мүлктөрү жөнүндөгү маалыматтарды алышат;
- салык төлөөчүлөргө салыктын эсептелген суммасы, салык боюнча карызды төлөө, ошондой эле үчүнчү жактын салык төлөөтүгө болгон бересесинен алынган сумма жөнүндөгү билдирүүлөрдү жиберишет;
- белгиленген отчетту түзүп, анализдеп, аны жогорку мамлекеттик салык инспекцияларына, ал эми райондук, шаардык финансы башкармалыктарына (бөлүмдөрүнө) салыктар менен башка төлөмдөрдүн бюджетке чыныгы түшкөн суммалары жөнүндө ай сайын маалымат беришет;
- "Эл менен акчалай эсептешүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырышат, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналарды салык органынын каттоосунан өткөрүп, аларды эсепке алуу боюнча иштерди аткарышат;
- салыктын ашык төлөнгөн суммасын салык төлөөчүнүн салыктын башка түрлөрү боюнча алган милдеттенмелеринин эсебине которушат, салык төлөөчүнүн макулдугу менен калган сумманы кийин төлөнө турган төлөмдөр боюнча милдеттенменин эсебине чегеришет;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча проценттерди кошуп туруп, 30 күндүн ичинде төлөнө турган сумма жөнүндө салык төлөөчүгө жыйынтык жазып беришет;
- белгиленген тартипте иш кагаздарын тескеп, келген корреспонденциялардын жана өтө жоопкерчиликти талап кылган документ бланктарынын эсебин алышат;
- граждандардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан салык салуу маселелери боюнча түшкөн арыздарды, сунуштарды жана мамлекеттик салык инспекцияларындагы жооптуу кызмат адамдарынын иштерине байланышкан даттанууларды карашат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик салык инспекцияларындагы жоошуу кызмат адамдарына иште кетирген тартип бузуулары үчүн, эгерде ал тартип бузуулар боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралбаса, анда аларга тартипке чакыруучу жаза колдонушат;
- чарбакер субъектилери, ошондой эле банктар тарабынан банктарда ачылган расчеттук, валюталык, дагы башка счеттор жана ал счеттор боюнча жүргүзүлгөн операциялардын чагылдырылышы жөнүндөгү информациялардын толук жана туура берилишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүшөт.
IV. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик салык
инспекциясынын
укуктары
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИ жана бардык деңгээлдеги мамлекеттик салык инспекциялары төмөндөгүлөргө укуктуу;
- "Эл менен акчалай эсептешүүдө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндөгү мыйзамдын сакталышын текшерүүгө;
- Кыргыз Республикасынын салык салуу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамынын сакталышы боюнча тематикалык, контролдук жана рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- текшерилүүчү юридикалык жактардын жетекчилерине, башка кызматкерлерине, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишкердик жүргүзгөн граждандарга салыктар жана сөзсүз түрдө бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөнүүчү башка төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамдын белгилүү болгон бузулуштарын жоюу боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө;
- чарбакер субъектерге далилдүү, кат жүзүндөгү билдирүүнү берүү менен, алардан аткарылган экономикалык иштери жөнүндө маалымат берүүнү, документтерди берүү же билдирүүдө көрсөтүлгөн башка маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү салык инспекциясына келүүнү талап кылууга;
- салык инспекциясынын жооптуу кызматкери кат жүзүндө берилген укуктун негизинде экономикалык ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылып жаткан аймакка (турак-жайдан башка) же көпчүлүк кире турган аймакка салык төлөөчүнүн иш мезгилинде, алдын ала эскертпей туруп салык салына турган объектини текшерип, ал текшерүүнүн натыйжасын кийин документтештирүү максатында кирүүгө укуктуу;
- салык салына турган объектилерге тийиштүү документтерди, ал документтердин копиясын салык кызматындагы каражаттардын эсебинен төлөп алууга жана көчүрүүгө;
- далилдөөчү нерселерди тийиштүү түрдө жөнгө салуу менен аларды алууга жана мөөр басып бекитип коюуга;
- счеттук машиналарды он күндүн ичинде орнотуу боюнча көрсөтмө берүүгө жана ал машиналардын көрсөткөндөрүн текшерүүгө;
- документтерди же башка нерселерди мөөр басып бекитип коюуга;
- банктардан, дагы башка финансылык-кредиттик мекемелерден салык төлөөчү тарабынан расчеттук, ссудалык, валюталык жана баша счеттордун ачылгандыгы, өзгөртүлгөндүгү, жабылгандыгы жөнүндө, белгилүү бир мезгилде коммерциялык же башка счеттор аркылуу жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле салык төлөөчүнүн счетторундагы накталай акча каражаттары жөнүндө маалымат алууга;
- банктарга же финансылык-кредиттик мекемелерге салык төлөөчүлөрдүн коммерциялык же башка счеттору менен жүргүзүлгөн же жүргүзүлүүчү операциялар боюнча аудит өткөрүүгө, салык төлөөчүлөрдүн счетторундагы накталай акча каражаттарды, ошондой эле проценттердин төлөнүшүн текшерүүгө;
- салык төлөөчүлөргө салык боюнча учет жүргүзүүнүн белгилүү методун өзгөртүү үчүн кат жүзүндө уруксат берүүгө;
- төлөнө турган салыктык суммасын салык төлөөчү тарабынан декларацияга көрсөтүлгөн өлчөмдө эсептеп чыгууга жүйөлүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, салыктын эсептелген суммасына киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө салык төлөөчүгө билдирүү жиберүүгө;
- эгерде декларация берүүгө милдеттүү салык төлөөчү декларация бербесе же салык төлөөчү берген декларациясында өзүнүн милдеттенмесин көрсөтпөсө, анда мурда жасалган расчеттун негизинде салыктын эсептелгендиги жөнүндө салык төлөөчүгө билдирүү жиберүүгө;
- салык төлөөчүлөрдөн салыкты бөлүп-бөлүп төлөө графигин берүүнү же салыктын төлөнүшүн камсыз кылуучу башка чараларды көрүүнү талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде көрсөтүлгөн финансылык санкцияларды колдонууга;
- белгиленген мөөнөттө бюджетке төлөнбөгөн салыктын суммасы боюнча процентти эсептеп чыгып кошууга;
- бюджетке карызы бар салык төлөөчүнүн банктагы счетторуна, анын ичинде валюта счетторуна да, ошондой эле салык төлөөчүгө карыз үчүнчү жактын счетторуна салыкты төлөө талабын коюуга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин, башкармалыктардын, инспекциялардын, бөлүмдөрдүн жана ишканалардын кызмат адамдарына, ошондой эле граждандарга салык мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик айып салууга.
Мамлекеттик салык инспекциясынын кызмат адамдары министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден, башкармалыктардан, инспекциялардан, бөлүмдөрдөн, ишканалардан жана жеке адамдардан административдик жаза колдонуу талап кылган салык мыйзамын бузууларды тапса, анда алар жөнүндө протокол түзүшөт.
Протоколго аны түзгөндөр, административдик укук бузгандар же министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин, башкармалыктардын, инспекциялардын, бөлүмдөрдүн жана ишканалардын жетекчилери кол коюшат. Күбөлөр болгон учурларда протоколго алар да кол коюшу мүмкүн. Эгерде протоколго кол коюудан баш тартуулар болуп калса, анда ал жөнүндө протоколго жазылат. Мыйзамды бузган адам түшүнүк берүүгө, өз пикирин айтууга, ошондой эле протоколго кол коюудан баш тартуусунун себебин көрсөтүп түшүнүк кат берүүгө укуктуу. Административдик жазанын колдонулушу жөнүндө жогорку салык инспекциясына же Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте сотко даттануу менен кайрылууга болот. Протоколго кол коюудан баш тартуу күнөөлүү адамды административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү ишти жаап коюуга негиз боло албайт.
Жүргүзүлгөн ишкердик күбөлүктө (лицензияда) көрсөтүлгөнгө туура келбесе, ошондой эле күбөлүк башка ишканага же гражданинге берилсе же күбөлүктүн мөөнөтү өтүп кетсе, анда ал документ алынып коюлат да, ал жөнүндө протокол түзүлөт. Мындай ишкердиктен алынган кирешелер бюджетке чегерилет.
V. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын
милдеттери жана жоопкерчилиги
11. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик салык инспекцияларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле салык инспекцияларында иштеген кызмат адамдарын иштери боюнча даттануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.
12. Мамлекеттик салык инспециясынын кызматкерлери юридикалык жактар менен жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан корголуучу укуктары менен кызыкчылыктарын бекем сактоого, ошондой эле кызмат боюнча милдеттерди аткарган кезде бул же тигил салык төлөөчүгө байланыштуу алынган маалыматты кызматтык максатта гана пайдаланууга, Салык кодекси тарабынан белгиленген салык төлөөчү жөнүндөгү маалыматтардын жашыруундугун сактоого милдеттүү.
13. Мамлекеттик салык инспекциясынын кызмат адамдары көзөмөлдөөчү текшерүүлөрдү жүргүзгөн кезде төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- инспекторлук текшерүү китебине текшерүү жөнүндө маалымат жазып калтырууга;
- чарбакер субъектисин текшергендик жөнүндө ар дайым акт түзүп, анын бир экземплярын текшерилген субъектиге берүүгө, экинчи экземплярын буйрук берген органда сактоого.
14. Салык кызматы салыктын эсептелишине же салык органынын кызматкерлеринин башка чечимине канаттанбаган салык төлөөчүлөрдүн кат жүзүндөгү арыздарын карап чыгып, алар боюнча чечим кабыл алууга, себебин көрсөтүү менен кабыл алган өзүнүн чечими жөнүндө салык төлөөчүлөргө кат жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
15. Салык кызматынын кызмат адамдары өздөрүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, салык төлөөчү жөнүндөгү маалыматтардын жашыруундугун сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тартиптик, административдик, мүлктүк жана кылмыштык жоопкерчиликке тартылышат.
16. Салык органдарынын жана анын кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбашынын натыйжасында салык төлөөчүгө түздөн-түз келтирилген зыяндар (алынбай калган пайдасын кошуп) Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте төлөнүп берилүүгө тийиш.
VI. Салык кызматынын кызматкерлерин
укуктук жана социалдык
жактан коргоо
17. Салык кызматынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматы жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.
Салык органдарынын кызматкерлери мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелишет жана ошол бийлик тарабынан корголушат.
Салык кызматында иштеген кызматкерлердин керт башынын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот.
Мамлекет Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык салык кызматынын кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун гарантиялайт.
18. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сөзсүз түрдө социалдык жактан камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандырылган суммадан тышкары Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкери кызматын аткаруу мезгилинде курман болгон учурда анын үй-бүлөсүнө же анын багуусундагыларга камсыздандырылган суммадан тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен бир жолку пособие берилип, ал сумма кийин күнөөлүү адамдан кармалып алынат. Мамлекеттик салык инспекциясынын, салык полициясынын кызматкеринин дене боюна майыптыкка дуушар кылган зыян келтирилсе, анда ага Мыйзамда белгиленген өлчөмдө бир жолку пособие берилет.
Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкеринин мүлкүнө (же анын жакын туугандарына) кызмат боюнча иш аткаруусуна байланыштуу келтирилген зыян республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен толук өлчөмдө төлөнүп берилип, ал сумма күнөөлүү адамдан кармалып алынат.
VII. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын
ишин уюштуруу
19. Мамлекеттик салык кызматы органдарына каражат республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилет.
20. Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлеринин санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте социалдык жактан өнүктүрүү жана материалдык жактан сыйлоо фондуларын түзүүгө укуктуу.
21. Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлеринин санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын структурасы менен штатын Кыргыз Республикасынын Финансы министри бекитет.
22. Республиканын облустары жана Бишкек шаары боюнча мамлекеттик салык инспекцияларынын структуралары менен штаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директору бекитет, ал эми облустардагы райондор менен шаарлар, ошондой эле Бишкек шаарындагы райондор боюнча салык инспекциялардыкын облустук жана Бишкек шаардык (шаардын) салык инспекцияларынын начальниктери бекитет.
23. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИни директор башкарат. Аны Кыргыз Республикасынын Финансы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт жана бошотот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун эки орун басары, анын бирөө биринчи орун басар болот. Биринчи орун басарды Кыргыз Республикасынын Финансы министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт жана бошотот, ал эми орун басарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин директорунун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министри дайындайт жана бошотот.
24. Облустар жана Бишкек шаары боюнча мамлекеттик салык инспекцияларынын начальниктерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин директорунун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министри дайындайт жана бошотот. Облустар жана Бишкек шаары боюнча салык инспекцияларынын начальниктеринин орун басарларын, райондор, шаарлар, шаарлардагы райондор боюнча салык испекцияларынын начальниктеринин орун басарларын, райондор, шаарлар, шаарлардагы райондор боюнча салык инспекцияларынын начальниктерин жана алардын орун басарларын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин директору дайындайт жана бошотот.
25. Мамлекеттик салык инспекцияларынын кызматкерлерине форма кийим берилет, анын үлгүсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Аларга ээлеген кызматы боюнча атайын наамдар (класстык чиндер) берилет.
26. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин желеги жана символика белгиси бар.
27. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИ белгиленген тартипте журналдарды жана башка басылмаларды чыгарат.
VIII. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине
караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын
коллегиясы жана жетекчилиги
28. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИде 7 адамдан турган коллегия түзүлөт. Анын курамына директор, директордун орун басарлары, жетектөөчү башкармалыктардын начальниктери кирет. Коллегияны директордун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министринин өкүлүнүн сунушу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министри бекитет.
29. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин коллегиясы дайыма өткөрүлүп туруучу заседаниелеринде салыктар менен бюджетке сөзсүз түрдө төлөнүүчү башка төлөмдөрдү чогултуу, ведомстволук караштуу салык органдары салык мыйзамдарын аткаргандыгын текшерүү боюнча маселелерди карайт, салык инспекцияларынын ведомстволук караштуулуктагы органдарынын жетекчилеринин отчетторун угат.
30. Коллегиянын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, коллегиянын токтому, приказдар жана буйруктарды чыгаруу аркылуу директор тарабынан жүзөгө ашырылат. Добуштар бирдей болуп калган учурларда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынып, ишке ашырылат. Кабыл алынган чечим менен макул болбогон коллегия мүчөлөрү өз пикирлерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрине билдирсе болот.
31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин директору:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин, ал инспекцияга караштуу салык инспекцияларынын иштерине жетекчилик кылат, салык чогултуу жана салык мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик салык кызматына жүктөлгөн милдеттер менен функциялардын аткарылышы үчүн керт башы менен жооп берет;
- директордун орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт, алардын, ошондой эле өзүнө караштуу салык инспекцияларынын жетекчилеринин жана салык кызматынын айрым чөйрөлөрүнө жетекчилик кылуу боюнча жоопкерчиликтерин аныктайт;
- өз компетенциясынын чегинде приказдарды, буйруктарды чыгарат, Кыргыз Республикасынын салык кызматынын бардык структуралык бөлүмдөрү жана кызматкерлери тарабынан сөзсүз түрдө аткарыла турган көрсөтмөлөрдү берет;
- салык боюнча расчеттордун, отчеттордун, декларациялардын, салыктар жана бюджетке төлөнүүчү башка төлөмдөрдүн эсептелиши жана төлөнүшү менен байланышкан документтердин формаларын, ошондой эле салык чогултуу жана салык мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик салык инспекциялары тарабынан аткарылган иштердин отчеттору жөнүндөгү формаларды бекитет;
- салыктар жана бюджетке төлөнүүчү башка төлөмдөр боюнча мыйзам актыларын колдонуу тартиби жөнүндө инструкциялык, методикалык көрсөтмөлөрдү, башка нормативдик документтерди (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси жана салык маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзам актылары тарабынан берилген өз укугунун чегинде) бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин башкамарлыктары жана бөлүмдөрү жөнүндөгү жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин коллегиясынын ишин уюштурат жана ага жетекчилик кылат;
- министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү бийлик органдарында, Финансы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жогорку Кеңешинде салык чогултууга, салык салууга жана салык мыйзамын сактоону көзөмөлдөөгө байланышкан маселелер каралган кезде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин өкүлү болуп барат;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин уюштуруу жана көзөмөлдөө иштери боюнча негизги иш-чараларынын пландарын, коллегиянын иш пландарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө салык мыйзамын өркүндөтүү, ошондой эле салык кызматынын ишин жакшыртуу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
- биринчи кол коюу менен кредиттерди негизги бөлүштүрүүчү болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСИнин борбордук аппаратын кармап турууга жумшалуучу чыгымдардын сметасын жана өзүнө баш ийген салык инспекцияларын кармап турууга жумшалуучу чыгымдардын сметаларын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана башка жогорку органдарга Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды чогултуу жана салык мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетторду берет;
- ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана алар менен салык кызматынын кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт.