Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 14-июну № 273
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгын
татыктуу тосуу боюнча
конкурс өткөрүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгын татыктуу тосуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында жана социалдык-экономикалык реформаларды тереңдетүү, граждандардын жашоо-турмуштарын жана маданий-тиричилик деңгээлдерин андан ары жогорулатуу, калктуу конуштардын санитардык абалын, көрктөндүрүлүшүн жакшыртуу, коомдук тартипти чыңдоо, граждандык тынчтыкты жана коомдук ынтымакты сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2001-жылы мыкты айыл, айыл өкмөтү, шаар тибиндеги кыштак, район жана шаар наамына "Эгемендик Туусунун жеңүүчүсү" наамын ыйгаруу жана "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 10 жыл" деген тууну тапшыруу менен конкурс өткөрүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мыкты айылы, айыл өкмөтү, шаар тибиндеги кыштагы, району жана шаары наамына конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле анын жыйынтыгын чыгаруу үчүн баалоо критерийлеринин тизмеси;
- Кыргыз Республикасынын мыкты айылы, айыл өкмөтү, шаар тибиндеги кыштагы, району жана шаары наамына конкурсун уюштуруу жана жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссиянын курамы.
3. Областтык мамлекеттик администрациялардын, Бишкек шаарынын мэриясынын башчылары областтык кеңештер менен бирдикте:
- ведомстволук караштуу аймактарда конкурс өткөрүүнү уюштурушсун, анын өткөрүлүшүнө көзөмөлдү жана катышуучуларды байгелүү орундарды ыйгарууга көрсөтүүнүн ачык айкындыгын камсыз кылышсын;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурстун жүрүшүн кеңири чагалдырууну камсыз кылышсын;
- 2001-жылдын 15-июлуна чейин ушул токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыкты айылы, айыл өкмөтү, шаар тибиндеги кыштагы, району жана шаары наамына конкурсун уюштуруу жана жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссияга жыйынтык чыгаруу үчүн эарыл болгон материалдарды беришсин.
4. Жогоруда аталган конкурсту уюштуруу жана жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссия 2001-жылдын 5-августуна чейин конкурстун жыйынтыгын чыгарсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 10 жыл" деген жазуусу бар 50 даана туу даярдоону камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган тууну даярдоо үчүн финансы каражаттарын издеп тапсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-июнундагы № 273 токтому менен бекитилген |
Танаев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; |
Кудабаев З.И. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исабеков А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын катчысы. |
Комиссия мүчөлөрү:
Төрөмырзаев Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары; |
Абдуллаева У.А. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министринин орун басары; |
Турдукулов М.Т. | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары; |
Аалиев Г.К. | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары; |
Кириченко Н.М. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министринин орун басары; |
Абдыкалыков О.А. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Дубанаев С.М. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары; |
Бозгунбаев С.Б. | - Кыргызстан профсоюздар федерация кеңешинин төрагасы; |
Аккозиев И.А. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Жумадылов Б.Т. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын финансы бөлүмүнүн башчысы; |
Акималиев А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Орозов А.К. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын коргоо жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Жолдошев Н.Б. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын соода, өнөр жай жана курулуш комплекстери жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Осекова Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын реалдуу экономика жана экономиканы башкаруунун мамлекеттик резервдери секторунун башчысы; |
Исраилов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүмүнүн эксперти. |