Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 4-июлу № 318
"Талас областынын Кара-Буура районундагы Бейшеке айыл
кеңешинин курамынан Бакыян жана Тамчы-Булак айылдарын
чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын
Талас областынын Кара-Буура районунда
Бакыян айыл кеңешин түзүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору
тууралуу
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшүн оптималдаштыруу максатында жана Талас областтык, Кара-Буура райондук жана Бейшеке айыл кеңештеринин Бейшеке айыл кеңешинин курамынан Бакыян жана Тамчы-Булак айылдарын чыгаруу жана алардын базасында Бакыян айыл кеңешин түзүү жөнүндө чечимдерии кеңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас областтык, Кара-Буура райондук, Бейшеке айыл кеңештеринин Бейшеке айыл кеңешинин курамынан Бакыян жана Тамчы-Булак айылдарын чыгаруу жана алардын базасында Бакыян ойыл кеңешин түзүү жөнүндө чечимдерине макулдук берилсин.
2. "Талас областынын Кара-Буура районундагы Бейшеке айыл кеңешинин курамынан Бакыян жана Тамчы-Булак айылдарын чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Талас областынын Кара-Буура районунда Бакыян айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинии Эл өкүлдөр жыйынындагы турактуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Т.Т.Токторбаев ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Талас областындагы Кара-Буура районунун Бейшеке айыл кеңешинин курамынан Бакыян жана Тамчы-Булак айылдары чыгарылсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Талас областындагы Кара-Буура районунда Бакыян жана Тамчы-Булак айылдарынын базасында Бакыян айыл кеңеши түзүлсүн.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Талас областындагы Кара-Буура районунда Бакыян айыл кеңешинин административдик борбору болуп Бакыян айылы белгиленсин.
4-статья.
Бейшеке айыл кеңешинин эсепке алуу маалыматтарынан Бакыян жана Тамчы-Булак айылдары чыгарылсын.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Талас областындагы Кара-Буура районунун Бейшеке, Бакыян айыл кеңештеринин чектеринин баяндап-сүрөттөлүшү бекитилсин.
7-статья.
Бул мыйзам жарыяланган учурдап баштан күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|