Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 11-июлундагы № 467 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 7-июлу № 321
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
31-июлундагы № 461 "Ачык типтеги "Текстильщик"
акционердик коомунун финансылык-экономикалык
абалына турукташтыруу боюнча кошумча чаралар
жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
Текстиль, өндүрүшүн айыл чарбалык өндүрүшчүлөрдүн карыз каражаттар боюнча аткарылбачу карыздарынын эсебинен пахта буласы менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 "Ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомунун финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- кириш бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "2000-жылды" деген сөздөр "2000-2002-жылдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "2000-жылы" деген сөздөр "2000-2002-жылдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "2000-жылга" деген сөздөр "2000-2002-жылдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "которулган карызды кайтарып берүү боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдыруу мөөнөтү - 2001-жылдын 1-октябрына чейин, каражаттарды кайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтү - 2003-жылдын 1-октябры." деген сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"камдалган эгин боюнча которулган карызды кайрып берүү:
- 2000-жылы - төлөө мөөнөтүн 2001-жылдын 1-октябрына чейин жылдыруу менен, төлөөнүн акыркы мөөнөтү - 2003-жылдын 1-октябры;
- 2001-жылы - төлөө мөөнөтүн 2002-жылдын 1-октябрына чейин жылдыруу менен, төлөөнүн акыркы мөөнөтү - 2004-жылдын 1-октябры;
- 2002-жылы - төлөө мөөнөтүн 2003-жылдын 1-октябрына чейин жылдыруу менен, төлөөнүн акыркы мөөнөтү - 2005-жылдын 1-октябры".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонду ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коому менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 токтомунун "Карыз каражаттар боюнча береселерин ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомуна пахта жана азык-түлүктүк буудай берүү менен жоюучу чарбакер субъекттердин тизмеси" деп аталган тиркемесинде каралган чарбакер субъекттердин тизмесин даярдалган азык-түлүк буудайдын көлөмүн бекитилген 40,0 млн сом суммасынын чегинде көрсөтүү менен тактасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |