Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 11-июлу № 467
"Текстильщик" жана "Эдельвейс" акционердик
коомдорунун товардык кредиттер
боюнча карыздары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна редакциясына ылайык)
Кебезден кездеме токуу жана байпак чыгаруу өндүрүштөрүнүн өндүрүш кубаттуулуктарын иш менен камсыз кылуу, жумуш орундарын сактоо жана ишканалардын иш-аракетин турукташтыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Текстильщик" акционердик коомунун товардык кредиттерге карата 2001-жылдын 22-июнундагы № 6-401/22ден 2001-жылдын 20-декабрындагы № 6-401/36га чейинки карыздык милдеттенмелери боюнча 23 млн. 670 миң сом суммасындагы (пайыздары менен) карыздарын төмөнкү шарттарда реструктуризацияласын:
- негизги карыздарды жана пайыздарды төлөөнү баштоо датасын 2007-жылдын 1-январынан белгилөө менен төлөө мөөнөтүн жылдык 5 пайыз ставкада 2012-жылга чейин узартуу;
- 2002-жылдын 1-июлунан 2006-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде пайыздарды эсептөөнү токтотуу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия мамлекеттик резервден "Текстильщик" акционердик коомуна 18,5 млн. сомго жана "Здельвейс" акционердик коомуна 2,4 млн. сомго брондон чыгаруу тартибинде ун бөлүп берүүгө уруксат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду бир айлык мөөнөттө "Текстильщик" акционердик коому менен ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык карыздык милдеттенмелерди кайра тариздесин жана "Текстильщик" жана "Эдельвейс" акционердик коомдору менен ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык төмөнкү шарттарда жаңы кредиттик келишимдерди түзсүн: каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка - жылдык 5 пайыз, төлөмдү 2005-жылдын 1-сентябрына чейин узартуу, кайтарып берүүнүн акыркы мөөнөтү 2010-жылдын 1-сентябры. "Текстильщик" жана "Эдельвейс" акционердик коомдору менен карыздык милдеттенмелерди жана жаңы кредиттик келишимдерди тариздөө белгиленген тартипке ылайык күрөөлүк камсыздоо менен жүргүзүлсүн.
4. "Текстильщик" жана "Эдельвейс" акционердик коомдору:
- товардык кредиттерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана 2002-жылга түзүлгөн контракттардын негизинде продукцияларды сатуунун натыйжалуулугун негиздөө менен бизнес-долбоорлорду иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин;
- товардык кредитти натыйжалуу пайдаланууну жана жаңы карыздык милдеттенмелер жана кредиттик келишимдер менен каралган товардык кредитти жана карыздарды төлөөнү камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 "Ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомунун финансы-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жана 2001-жылдын 7-июлундагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 461 "Ачык типтеги "Текстильщик" акционердик коомунун финансы-экономикалык абалын турукташтыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөржай министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |