Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-апрели № 202
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тиркелген отчету көңүлгө алынсын (мындан ары – Отчет).
2. Аталган Отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары – Өкмөт) 2013-жылдагы иши жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүү учурдагы саясий тутумду өнүктүрүүдө, анын ачыктыгын жогорулатууда, жарандарга отчет берүүдө мыйзам ченемдүү процесс болуп саналат.
Өзүнүн ишинин негизги багыттарын аткаруу менен Өкмөт 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген 2013-жылга Иш-чаралардын планынын алкагында Өкмөт тарабынан аныкталган 2013-жылга негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарынын алгылыктуу динамикасына жетишүү боюнча балансташтырылган чараларды ишке ашырды.
Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү негизги соода өнөктөштөрүнүн – Россиянын, Казакстандын жана Кытайдын экономикаларынын өнүгүшүнүн байкалаарлык начарлашы; алтынга дүйнөлүк баалардын жогорулап өзгөрүп турушу (баанын 27,3 %га төмөндөшү) сыяктуу сакталып турган глобалдуу тобокелдиктердин жана жаңы пайда болгон потенциалдуу терс факторлордун фонунда болуп өттү.
Ушул шарттарда 2013-жылдын негизги жыйынтыгы болуп экономикалык өсүштүн олуттуу темптери 10,5 % деңгээлинде болду, ал негизинен өнөр жайлык өндүрүштүн, курулуштун көлөмдөрүн байытуунун жана айыл чарбасындагы өсүштүн озуп чыккан темптеринин эсебинен болду.
Экономика тармактарындагы өсүш өлкөнүн социалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышы менен коштолду. Калктын кирешелери көбөйдү. 2013-жылы социалдык чөйрөнү каржылоого жана социалдык коргоого мамлекеттик чыгымдар көбөйдү, алардын салыштырма салмагы мамлекеттик чыгымдардын жалпы көлөмүнөн 2012-жылдагы 53,0 %дын ордуна 65,3 %ды түздү. Бекитилген параметрлердин алкагында социалдык милдеттенмелер аткарылды. 2013-жыл үчүн бюджеттин таңсыктыгы 2012-жылдагы 6,7%дын ордуна тиешелүү түрдө ИДПга карата 0,7 %ды түздү.
2013-жылга кабыл алынган экономикалык саясат жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө ылайык (Өкмөттүн жана КРУБдун 2013-жылдын 31-январындагы № 42/52/1 токтому) Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – КРУБ) натыйжалуу иш-аракеттери пландалган коридордо инфляциянын деңгээлин кармап калууга мүмкүндүк берди жана 2012-жылдын декабрына карата 4,0 %ды, ал эми анын орточо жылдык мааниси ушул мезгил үчүн 6,6 %ды түздү.
Отчетто саналган, 2013-жылы өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги параметрлерин чагылдыруучу маалыматтар башкы максатка жетүүгө – элдин жашоо-турмушунун абалын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн туруктуу векторуна чыгарууга багытталган 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын (ТӨУС) милдеттерин ырааттуу ишке ашыруунун алкагында бардык чөйрөлөрдө жүргүзүлүүчү реформалардын натыйжасы болуп калды.
Өзүнүн программаларын аткаруу процессинде Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес уюмдардын секторлору, бизнес-коомдоштуктар менен активдүү кызматташты. Алар экономиканын түрдүү секторлорунда экономикалык саясатты тагыраак түзүүгө жардам беришти.
2013-жылы Өкмөт парламентке 118 мыйзам долбоорун киргизди. Биргелешкен конструктивдүү иштердин натыйжасында бүгүнкү күнгө карата 58 мыйзам кабыл алынды.
Бул Отчетто Өкмөттүн ишинин проблемаларын жана жетишкендиктерин көрсөтүү менен Өкмөттүн 2013-жылдагы иш процесстери жана натыйжалары баяндалды. Ошону менен социалдык-экономикалык болгон проблемаларды чечүү үчүн олуттуу иштерди аткаруу алдыда турат, бул 2014-жылы кыйла максатка багытталган мамлекеттик экономикалык саясат жүргүзүүнү талап кылат.
Өкмөт 2013-жылы координацияланган макроэкономикалык жана акча-насыялык саясатты жүргүзүүнүн натыйжасында өлкөдө макроэкономикалык, финансылык жана социалдык туруктуулук камсыздалганын белгилейт.
Экономиканын реалдуу өсүшү 2012-жылдагы 0,1%га реалдуу төмөндөөнүн ордуна 10,5 %ды түздү. Жыл башында 7,8 % деңгээлиндеги болжолдолгон экономикалык өсүштүн максаттуу көрсөткүчү 2,7%га ашык болду.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун (ИДПнын) көлөмү 350 млрд. сом суммасында түзүлдү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 5,8%ды түздү, 2012-жылы ушундай көрсөткүч 6,3 %ды түзгөн. Экономикалык өсүштүн негизги себеби өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу көбөйүшү, айрым алганда Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда алтын өндүрүү көлөмдөрүнүн көбөйүшү, ошондой эле айыл чарбасында, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүштүн эсебинен болду. Калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 64,1 миң сомду түздү жана өткөн жылга салыштырганда 8,3%га жогорулады.
Кыргыз Республикасын экономикалык өнүктүрүү сакталып калган глобалдуу тобокелдиктердин жана жаңы пайда болгон потенциалдуу терс факторлордун фонунда болду, айрым алганда:
еврозонанын өлкөлөрүнүн ири экономикалары иш жүзүндө стагнация стадиясында болду, ошондой эле еврозонада макроэкономикалык кырдаалдын начарлоо ыктымалдыгы сакталды (ЭВФнын акыркы божомолу 2012-2013-жылдарда еврозонада экономикалык төмөндөөнүн уланышын – ИДПнын орточо 0,6 %га кыскарышын белгиледи);
Кытай экономикасынын өнүгүү динамикасы төмөндөдү, бул иш жүзүндө азыр да болуп жатат (2010-жылдагы 10,4 % өсүштөн 2013-жылы 7,7%га чейин төмөндөгөн);
АКШнын федералдык резервдик тутуму тарабынан сандык жумшартуу программасынын бузулушу, бул ири өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн (Индия, Индонезия, Бразилия, Түркия) экономикаларына олуттуу сокку алып келди, алар капиталдын күчөтүлгөн агылып кетүүсүн баштарынан өткөрө башташты. Бул фактор дүйнөлүк экономиканын оңолуу келечегин татаалдаштырышы жана өнүгүп келе жаткан базарлардын динамикасын начарлатышы мүмкүн;
негизги соода өнөктөштөрү – Россиянын (2010-жылдагы 4,5% өсүштөн 2013-жылы 1,3 %га чейин) жана Казакстандын (2010-жылдагы 7,3 % өсүштөн 2013-жылы 5,2%га чейин) экономикаларынын өнүгүүсүнүн байкалаарлык бошоңдошу;
алтынга фьючерстердин өтө өзгөрүлмөлүүлүгү, баанын 27,3%га төмөндөшү (2012-жылдагы 1 унцияга 1657,5 АКШ долларынан 2013-жылы 1204,5 АКШ долларына чейин).
Республикада 2013-жылга экономикалык өсүштүн болжолдонуучу деңгээлине (107,8%) жетишилди жана иш жүзүндө 2,7 пайыздык пунктка ашык болгон.
1-таблица
Көрсөткүчтөр | 2012-ж., иш жүзүндө | 2013-ж., алдын ала иш жүзүндө | ||||||
млн сом | өсүш темпи, % | ИДПга карата % | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү, п.п. | млн сом | өсүш темпи, % | ИДПга карата % | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү, п.п. | |
ИДП | 310471,3 | 99,9 | 100 | -0,1 | 350028,4 | 110,5 | 100,0 | 10,5 |
Айыл чарбасы, балык чарбасы | 51719,7 | 101,2 | 16,7 | 0,21 | 53156,5 | 102,9 | 15,2 | 0,48 |
Өнөр жай | 48753,9 | 79,2 | 15,7 | -4,67 | 56323,6 | 134,5 | 16,1 | 5,41 |
Курулуш | 20166,3 | 129,7 | 6,5 | 1,46 | 23644,5 | 112,4 | 6,8 | 0,80 |
Кызмат көрсөтүү | 149083,4 | 106,5 | 48,0 | 2,92 | 166666,9 | 105,1 | 47,6 | 2,46 |
Продуктуга таза салыктар | 40748,0 | 99,9 | 13,1 | -0,01 | 50236,9 | 110,5 | 14,4 | 1,4 |
Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынды, мында ИДПнын өсүшүнө эң чоң оң салым өнөр жай (5,4 п.п.) жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү (2,5 п.п.) тарабынан киргизилди, мында өндүрүштүн көлөмдөрү тиешелүү түрдө 34,5%га жана 5,1%га реалдуу өстү. Өсүштүн жогорку темптери ошондой эле айыл чарбасында– 2,9%га жана курулушта – 12,4%га белгиленди.
Экономика тармактарынын көлөмдөрүнүн өсүшүнө төмөнкүлөр көмөк берди:
“Кумтөр” кенинде оңдоодон кийин өндүрүүнү көбөйтүү;
айыл чарбасы үчүн жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттардын болушу;
фермерлерге жеңилдетилген насыяларды (беш банк тарабынан жалпы суммасы 3,1 млрд сомго насыялар берилди), айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүү;
ички суроо-талаптын кеңейүүсү жана жыл бою экспорттук продукцияга жагымдуу коньюнктуранын сакталышы;
текшерүүлөрдүн санын, лицензиялардын жана мамлекеттик жөнгө салуучу башка чаралардын санын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүүнүн жагымдуу шарттарын түзүү;
2012-жылга салыштырганда 2013-жылы керектөө насыяларынын 28,9%га өсүшү;
2012-жылга салыштырганда экономика боюнча насыялардын 36,1 %га өсүшү;
2013-жылы жеке адамдардын акчалай которууларынын таза агымынын 7,9 %га көбөйүшү, алардын көлөмү 1908,2 млн. АКШ долларын түздү.
2013-жылы Өкмөт тарабынан 2013-жылга Иш-чаралардын дыкат планы ишке ашырылды (Өкмөттүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген), ал ТӨУСту аткаруу боюнча иш-чаралардын конкреттүү тизмегин аныктайт жана өлкөнүн экономикасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча 203 артыкчылыктуу милдетти, ошондой эле 2013-жылы жана орто мөөнөттүү келечекке өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлордун тизмегин камтыйт.
2013-жылы экономикалык активдүүлүктү жогорулатуунун негизги фактору болуп 32 млрд сом суммасында өздөштүрүлгөн ири инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы болду, алар: Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реабилитациялоо (9-272 км, 272-365 км, 365-539 км), Ош-Баткен-Исфана (10-28 км, 108-123 км, 220-232 км, 232-248 км, 248-360 км) автожолдорун реабилитациялоо, аба кыймылын уюштуруунун (АКУ) улуттук тутумун модернизациялоо, «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» аэропорттору үчүн навигациялык жабдууларды жана техникалык каражаттарды модернизациялоо жана сатып алуу, Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын модернизациялоо (500 кВ "Датка" электр берүү линиясынын курулушун бүтүрүү, 220 кВ электр берүүнүн жаңы линияларын куруу жана иштеп жаткан 220 кВ болгон 5 көмөк чордонду реконструкциялоо), Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун баштоо, «Джунда» Чайна Петроль Компани» нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушун аяктоо, ошондой эле Кумтөр, Бозымчак, Талды-Булак Сол жээк, Шыралжын алтын кендерин иштетүүгө багытталган капиталдык салымдар.
2013-жылы өлкөдө 10,5% деңгээлиндеги экономикалык өсүш КМШга катышуучу мамлекеттердин арасында эң жогорку көрсөткүч болду. Мында дүйнөлүк экономиканын өнүгүү деңгээлинин кумулятивдик көрсөткүчү 3%ды түздү, ал негизинен Кытай менен Индиянын оң салымдарынын эсебинен болуп, тиешелүү түрдө ИДП 7,7 % жана 4,4 % деңгээлинде өстү. Россия жылды ИДПнын 1,3 %га өсүшү, Казакстан 6,0 % өсүшү менен аяктады.
2-таблица
Мамлекеттер | 2012-ж., иш жүзүндө | 2013-ж., алдын ала иш жүзүндө | 2014-ж. баалоо |
Дүйнөлүк экономика | 3,1 | 3,0 | 3,7 |
Еврозона | -0,7 | -0,4 | 1,0 |
АКШ | 2,8 | 1,9 | 2,8 |
Кытай | 7,7 | 7,7 | 7,5 |
Индия | 3,2 | 4,4 | 5,4 |
Япония | 1,4 | 1,7 | 1,7 |
КМШ | 3,4 | 2,1 | 2,6 |
Россия | 3,4 | 1,3 | 2,5 |
Казакстан | 5,0 | 6,0 | 6,0 |
Беларуссия | 1,7 | 0,9 | 2,5 |
Кыргыз Республикасы | -0,1 | 10,5 | 5,3 |
2013-жылы Өкмөт менен КРУБ тарабынан координацияланган макроэкономикалык жана акча-насыялык саясаттын жүргүзүлүшү жылдык инфляциянын деңгээлин бир орундуу көрсөткүчтөн ашпаган, билдирилген деңгээлде кармоого мүмкүндүк берди. Дүйнөлүк базарларда азык-түлүккө баалардын турукташуусу, акчаны ашыкча сунуш кылууну чектөөгө багытталган КРУБ тарабынан жүргүзүлгөн акча-насыялык саясат менен ички базарларда айыл чарба продукцияларын сатып алууга сунуштардын көбөйүшү 2013-жылы инфляциянын өсүшүнүн төмөнкү темптерин камсыз кылды. 2013-жылы инфляциянын деңгээли 2012-жылдын декабрына карата 4,0 %ды түздү, ал эми ушул мезгил үчүн анын жылдык орточо мааниси 6,6% болду.
3-таблица
| Керектөө себетиндеги салыш-тырма салмак
(%) | 2012-жылдын январь–декабрына карата % менен 2013-жылдын январь–декабры (%) | 2012-жылдын декабрына карата 2013-жылдын декабры (%) | 2011-жылдын декабры-на карата 2012-жылдын декабры (%) | 2012-ж. карата 2013-ж. иш жүзүндөгү четтөөлөр (+; -) |
Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси | 100,0 | 106,6 | 104,0 | 107,5 | -3,5 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
Товарлар | 86,3 | 106,6 | 103,9 | 107,1 | -3,2 |
алардын ичинен: |
|
|
|
| |
тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар | 48,1 | 105,3 | 101,8 | 104,5 | -2,7 |
алкоголдуу ичимдиктер, тамеки буюмдары | 9,2 | 110,7 | 107,3 | 110,2 | -2,9 |
азык-түлүк эмес товарлар | 28,9 | 107,4 | 106,3 | 109,8 | -3,5 |
Кызмат көрсөтүүлөр | 13,7 | 106,8 | 104,3 | 109,8 | -5,5 |
Отчеттук мезгилде инфляциялык процесстерге таасир тийгизген негизги факторлор биринчи кезектеги керек болгон товарларга - ун, нан, жашылчаларга баалардын төмөндөшү, ошондой эле Өкмөт менен КРУБдун инфляцияга каршы көргөн чаралары болду. Андан башка таасир тийгизген фактор болуп азык-түлүк товарларына жана энергия булактарына дүйнөлүк рыноктордогу баалардын турукташуусу, аларды андан ары төмөндөөгө багытталган оңдоолор болду.
Баалардын жалпы деңгээли жалпы керектөө себетиндеги алардын эң чоң салыштырма салмагына жараша товарлардын азык-түлүк топторуна баалардын акырындап өсүшүнүн таасиринде түзүлдү.
2012-жылдын декабрына салыштырганда 2013-жылдын декабрында тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга керектөө бааларынын кымбатташы (керектөө себетиндеги салыштырма салмагы 48,1%ды түзөт) 1,8%ды түздү. «Нан-булочка азыктары жана акшак» товардык тобуна баалар 0,8%га арзандады, бул жогорку жана биринчи сорттогу буудай унуна баалардын тиешелүү түрдө 0,6 %га жана 3,4 %га төмөндөшүнүн натыйжасында болду.
Каралып жаткан мезгил үчүн мөмө-жашылча продукцияларына баалардын ар кыл багытталган динамикасы байкалды, анын ичинде жер-жемиштерге баалар 25,2 %га өссө, ал эми жашылча продукциялары 6,7 %га арзандады.
Каралып жаткан мезгилдин аягына карата сүт азыктарына, сырга жана жумурткага керектөө бааларынын өсүшү байкалды, ал 6,6 %ды түздү. Мында негизги өндүрүүчү өлкөлөрдө - Россияда жана Украинада май алынуучу өсүмдүктөрдүн жогорку түшүмдүүлүгүнүн натыйжасында «май жана тоң май» товардык тобу боюнча керектөө бааларынын 2,2%га төмөндөшү байкалды.
Бир катар продуктуларга баалар өстү, атап айтканда, эт 7,6%га жана алкоголсуз суусундуктар 7,1 %га кымбаттады.
2012-жылдын декабрына салыштырганда алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баанын өсүшү 7,3 %ды түздү (керектөө себетинде алардын салыштырма салмагы 9,2 %ды түзөт), алардын ичинен алкоголдук ичимдиктер 7,3 %га жана тамеки буюмдары 7,5 %га кымбаттады.
2012-жылдын декабрына салыштырганда 2013-жылы азык-түлүк эмес товарларга (керектөө себетинде салыштырма салмагы 28,9 %ды түзөт) керектөө бааларынын индекси жайласа да, жогору бойдон калып, 6,3 %га көбөйдү (2012-жылы өсүш 9,8%ды түзгөн), негизинен өсүш үй тиричилик буюмдарына жана тиричилик техникасына (6,2 %га), кийимге жана бут кийимге (13,6 %га) баалардын жогорулашынын эсебинен болду. Күйүүчү- майлоочу материалдарга баалар 0,1 %га көбөйдү, анын ичинде бензинге баалар өзгөргөн жок, дизель отунуна баалар 1,0 %га өстү.
Каралып жаткан мезгил үчүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 4,3 %га өстү (керектөө себетиндеги салыштырма салмагы 13,7 %ды түзөт). Бул топ боюнча баалардын өсүшү негизинен транспорттук кызмат көрсөтүүлөрүнүн 3 %га, ресторандардын жана мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрдүн 3,9 %га жана эс алуу, маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр 17,8 %га кымбатташынын эсебинен болду. Андан тышкары жыл башынан тартып саламаттык сактоо чөйрөсүндө баалар 10,6 %га жана билим берүүдө 6,1 %га жогорулаган.
4-таблица
Аталышы | КБИ | анын ичинде: | |||
Тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар | Алкоголь ичимдиктери, тамеки буюмдары
| Азык-түлүк эмес товарлар
| Калкка кызмат көрсөтүүлөр
| ||
Кыргыз Республикасы | 104,0 | 101,8 | 107,3 | 106,3 | 104,3 |
анын ичинде облустар боюнча: |
|
|
|
|
|
Баткен облусу | 102,8 | 103,1 | 108,2 | 99,9 | 104,5 |
Жалал-Абад облусу | 104,5 | 103,7 | 106,1 | 104,7 | 105,8 |
Ысык-Көл облусу | 102,5 | 96,7 | 103,5 | 107,6 | 110,8 |
Нарын облусу | 101,9 | 98,3 | 108,4 | 104,0 | 106,0 |
Ош облусу | 105,8 | 104,6 | 109,7 | 105,9 | 107,3 |
Талас облусу | 104,4 | 100,6 | 110,9 | 108,6 | 104,3 |
Чүй облусу | 105,8 | 102,3 | 105,9 | 110,3 | 108,0 |
Бишкек шаары | 103,5 | 101,2 | 107,3 | 106,5 | 102,2 |
Каралып жаткан мезгилде баалардын акырындап жогорулашы Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда болуп өттү. Баалардын эң чоң өсүшү Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарында белгиленди, ал жерлерде баанын өсүшү тиешелүү түрдө 5,8 %ды, 5,8 %ды и 4,5 %ды түздү. Бул облустарда баалардын өсүшү алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын тиешелүү түрдө 9,7 %га, 5,9 %га, 6,1 %га, ошондой эле азык-түлүк эмес товарлардын 5,9 %га, 10,3 %га и 4,7 %га кымбатташынын эсебинен болду.
КМШга катышкан айрым өлкөлөрдө инфляциянын деңгээли өстү: Казакстанда - 4,8 %га, Россияда - 6,5 %га, Беларуссияда - 16,5 %га.
5-таблица
Өлкөлөр | 2012-ж. иш жүзүндө | 2013-ж. иш жүзүндө | 2014-ж баалоо |
Дүйнөлүк экономика | 4,0 | 3,8 | 3,7 |
Еврозона | 2,5 | 1,5 | 1,5 |
АКШ | 2,1 | 1,5 | 1,5 |
Кытай | 2,6 | 2,6 | 3,0 |
Индия | 10,4 | 10,0 | 8,9 |
Япония | 0,0 | 1,6 | 2,9 |
КМШ | 6,5 | 6,5 | 5,9 |
Россия | 6,6 | 6,5 | 4,0-5,0 |
Казакстан6 | 6,0 | 4,8 | 6,0-8,0 |
Беларуссия | 21,8 | 16,5 | 15,5 |
Кыргыз Республикасы | 7,5 | 4,0 | 7,0-9,0 |
Отчеттук жылда КРУБдун иш-аракеттери салмакталган акча-насыялык саясатын жүргүзүүгө багытталды, ал акча-насыялык саясаттын каражаттарын пайдалануу аркылуу, акча базасын жөнгө салуу жолу менен инфляциянын монетардык түзүүчүсүн чектөөгө багытталган.
2013-жылы акча базасы 13,4 %га көбөйүү менен 73,1 млрд. сомду түздү (2012-жылы өсүш 17,7 %ды түзгөн).
Жүгүртүүдөгү акча көлөмү 2013-жылы 67,0 млрд сомду түзүп, өсүш 2013-жылдын башынан тартып 14,9 % болду (2012-жылы жүгүртүүдөгү акча көлөмү 16,8 %га көбөйгөн).
М2 акча агрегаты 91,0 млрд сомду түздү, 2013-жылдын башынан тартып өсүш 17,4 % болду (2012-жылы бул көрсөткүчтүн көбөйүүсү 24,7 %ды түзгөн).
М2Х кеңири акча массасынын көлөмү 2013-жылы 22,8 %га көбөйгөн жана 120,9 млрд сомду түзгөн (2012-жылы М2Хтин көбөйүүсү 23,8 %ды түзгөн). М2Х көрсөткүчүнүн өсүшү негизинен 2013-жылы депозиттердин көлөмүнүн 34,2 %га, 59,0 млрд сомго чейин көбөйүүсү менен шартталган (2012-жылы депозиттердин көлөмү 36,1 %га өскөн).
Банктардан тышкаркы акчалардын көлөмү 13,5 %га, 61,9 млрд сомго чейин (2012-жылы – 15,5 %га) көбөйгөн.
Экономикага насыя2013-жылдын башталышынан бери 36,1 %га (2012-жылы 26,2 %га) көбөйүү менен 57,2 млрд сомду түзгөн.
6-таблица
Көрсөткүчтүн аталышы | Өлчөө бирдиги | 2013-ж. үчүн көрсөт-күчтөр | 2012 - ж. үчүн көрсөт-күчтөр | Абсолюттук өзгөрүү (+, -) | Өсүш темп-тери % |
Акча базасы | млн.сом | 73 139,4 | 64 488,8 | 8 650,6 | 13,4 |
Жүгүртүүдөгү акчалар | млн. сом | 66 954,2 | 58 252,2 | 8 702,0 | 14,9 |
Банктардан тышкары акчалар (М0) | млн.сом | 61 907,2 | 54 521,2 | 7 386,1 | 13,5 |
Акча массасы (М2) | млн.сом | 90 962,7 | 77 460,6 | 13 502,1 | 17,4 |
Акча массасы (М2Х) | млн.сом | 120 903,4 | 98 482,9 | 22 420,6 | 22,8 |
М2Хке киргизилүүчү депозиттер | млн.сом | 58 996,2 | 43 961,7 | 15 034,5 | 34,2 |
Экономикага насыя | млн.сом | 57 191,1 | 42 036,5 | 15 154,6 | 36,1 |
Алмашуу курсу | сом/ АКШ долл. | 49,2470 | 47,4012 | 1,8 | 3,9 |
2013-жылга билдирилген акча-насыялык саясатынын алкагында КРУБ Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган өзгөрүлмө алмашуу курсу саясатын жүргүзгөн жана алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында гана банктар аралык ички валюта рыногуна катышкан.
2013-жылы ички валюта рыногу балансташтырылган, ал КРУБга банктар аралык валюта рыногуна катышуусун минималдаштырууга мүмкүндүк берген. Валюталык интервенциялардын (сатуулардын) көлөмү 14,7 млн АКШ долларын түзгөн. АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу жыл ичинде 3,9 %га, 1 АКШ доллары үчүн 47,4012 сомдон 49,2470 сомго чейин (2012-жылы - 1,97 %га) жогорулаган.
Өлкөнүн финансылык туруктуулугу эл аралык резервдерде олуттуу топтоолор менен камсыз болот, алар 2013-жылдын башынан тартып 171,8 млн АКШ долларына, же 8,3%га көбөйүү менен 2013-жылдын 31-декабрына карата 2 238,4 млн АКШ долларын түзгөн. Дүң эл аралык резервдердин көлөмү 2013-жылдын аягында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 3,7 айлык импортун жабат.
2013-жылы эл аралык резервдердин дүң көлөмүнө төмөнкүлөр таасир тийгизген: эл аралык резервдерди башкаруудан алынган кирешелер; эл аралык резервдердин курамына кирген валюталардын алмашуу курстарынын өзгөрүшү; баалуу металлдарга баалардын өзгөрүшү; Кыргыз Республикасынын ички рыногунда алтынды сатып алуу боюнча операциялар; Кыргыз Республикасынын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөөлөр.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын сальдосу 261,9 млн АКШ доллары өлчөмүндө түзүлгөн.
Банк тутумуна экономиканы насыялоонун өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында 2013-жылы насыялык аукциондор өткөрүлгөн. Жалпысынан 2013-жылы насыялык аукциондордун алкагында 900,9 млн сом суммасында насыялык каражаттар берилген.
Акча-насыялык саясаттын жаңы негизине өтүүгө байланыштуу КРУБдун 28 күндүк ноталарынын кирешелүүлүгүнө байланыштыруу менен эсептик ставканын өлчөмүн түзүү механизми жана анын өлчөмүн КРУБ Башкармасынын директивалык чечими менен аныктоо өзгөртүлгөн.
2013-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 24 коммерциялык банк (анын ичинде Пакистан улуттук банкынын Бишкектеги филиалы) жана коммерциялык банктардын 287 филиалы иштеп турган.
2013-жылдын 31-декабрына карата банк сектору жалпысынан 2 698,3 млн сом өлчөмүндө таза пайда алган.
Маалымат үчүн: 2012-жылы 23 коммерциялык банк иштеп турган, алардын ишинин натыйжасында алынган пайда 2 415,8 млн сомду түзгөн.
Банк секторунун суммардык активдери 2013-жылдын башынан тартып 27,0 %га көбөйүп, 111,1 млрд сомду түзгөн.
Банк секторунун жалпы депозиттик базасы 32,7 %га өсүп, 63,8 млрд сомду түзгөн, анын ичинде:
юридикалык жактардын депозиттери 26,7 млрд сомду түзгөн, 2013-жылдын башынан тартып 31,6 %га өскөн;
жеке жактардын депозиттери 28,4 млрд сомду түзгөн, жыл башынан бери 36,3 %га өскөн;
бийлик органдарынын депозиттери 6,0 млрд сомду түзгөн, жыл башынан бери 25,6 %га өскөн;
резидент эместердин депозиттери 2,7 млрд сомду түзгөн, жыл башынан тартып 23,7 %га өскөн.
Банк секторунда насыялык портфелдин көлөмү 2013-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча жыл башынан бери 34,5 %га өсүп, 54,0 млрд сомду түзгөн.
Банк секторунун таза суммардык капитал көрсөткүчү 17,5 %га өсүү менен 2013-жылдын 31-декабрына карата 18,7 млрд сомду түзгөн.
Банк секторунун капиталында чет өлкөлөрдүн катышуусунун үлүшү 2013-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча, банк секторунун төлөнгөн уставдык капиталынын 36,5 %ын же 3,8 млрд сомду түзгөн.
Банк секторунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 2,7 %ды (31.12.2012-жылга карата – 3,0 %), ал эми салынган капиталдын кирешелүүлүгү (ROЕ) – 17,1 %ды (31.12.2012-жылга карата – 18,4 %ды) түзгөн.
Финансылык ортомчулуктун (активдер/ИДП) жалпы деңгээли 31,7 %ды түзгөн (2012-жылдын аягына карата – 28,2 %).
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактардын акча которууларынын таза агымы 1908,2 млн АКШ долларын түздү, бул 2012-жылдагы көрсөткүчтөн 7,9 %га жогору. Мында, мурункудай эле, акча которуулардын негизги салыштырмалуу салмагы Россия Федерациясына туура келет (97,0 %).
Агрардык сектор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана элди иш менен камсыздоодо негизги сектор боюнча калууда. Айыл чарбасы менен алектенгендер калктын үчтөн бир бөлүгүн түзөт же өлкөдө иштеген адамдардын жалпы санынан 750 миң адамдын тегерегинде. Экономиканын бул тармагында ИДПнын 15,2 %ы калыптанат (2013-жылдын жыйынтыктары боюнча), бул кайра иштетүү ишканаларын чийки зат ресурстары менен, ал эми калкты тамак-аш азыктары менен камсыздап турууга мүмкүндүк берет.
2013-жылы республиканын бардык категориядагы чарбалары тарабынан 172,0 млрд сомго айыл чарба продукциясы дүң өндүрүлдү жана 2,9 %га реалдуу өстү, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү боюнча – 4,9 %га (86,6 млрд сом), мал чарбасы боюнча – 1,0 %га (81,7 млрд сом).
Маалымат үчүн: айрым өлкөлөрдүн айыл чарба өндүрүшүнүн өсүү темптери: Россияда – 6,2 %га, Казакстанда – 10,8 %га, Кытайда – 2,1 %га, Белоруссияда – 4,0 %га төмөндөгөн.
2013-жылы айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө мал чарба продукциясынын үлүшү 47,5 %ды, өсүмдүк өстүрүү – 50,3 %ды, кызмат көрсөтүү – 2,1 %ды, токой чарбасы – 0,1 %ды түздү. Продукциянын жалпы көлөмүндө дыйкан (фермер) чарбаларынын жана жарандардын өздүк көмөкчү чарбаларынын үлүшү 95,6 %ды түздү.
ИДПны калыптандырууга айыл чарба тармагынын кошкон салымы 0,5 пайыздык пункт деңгээлинде бааланууда.
7-таблица
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2012-ж. иш жүзүндө | 2013-ж. алдын ала иш жүзүндө
| 2013-ж. 2012-жылдан четтөөсү (+,-) |
2013-ж. күтүлүүчү | 2013-ж. иш жүзүндө 2013-ж. күтүлүүсүнөн четтөөсү (+,-) |
Айыл чарбасы, млн сом (балык өстүрүүчүлүктү, балык уулоону эсепке албастан) | 167329,6 | 171982,2 | 4652,6 | 184146,0 | -12163,8 |
Өсүү темпи, % | 101,2 | 102,9 | 1,7 | 101,6 | 1,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
өсүмдүк өстүрүү, млн сом | 80349,3 | 86553,7 | 6204,4 | 94244,1 | -7690,4 |
өсүү темпи, % | 100,7 | 104,9 | 4,2 | 102,3 | 2,6 |
мал чарбасы, млн сом | 83166,7 | 81676,2 | -1490,5 | 87061,7 | -5385,4 |
өсүү темпи, % | 102,0 | 101,0 | -1,0 | 101,0 | 0 |
кызмат көрсөтүүлөр, млн сом | 3576,3 | 3515,0 | -61,3 | 2622,2 | 892,8 |
мергенчилик жана токой чарбасы, млн сом | 237,3 | 237,2 | 0,0 | 218,1 | 19,1 |
2013-жылга карата айыл чарба өндүрүшү күтүлүүчү деңгээлге жетип, иш жүзүндө 1,3 пайыздык пунктка көбүрөөк түзүлдү.
2013-жылы айыл чарбасын өнүктүрүүдө негизги жагымдуу факторлор болуп: (1) республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө өз убагында көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо; (2) жаратылыш-климаттык шарттардын жагымдуу болушу; (3) фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү саясатын улантуу.
Талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүү жана белгиленген өсүү темптерин аткаруу үчүн 2013-жылы айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 10 токтому менен бекитилген “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун негизинде республиканын беш банкы тарабынан фермерлерге жалпы 3120,8 млн сом суммасында, анын ичинен “Айыл-Банк” ААК тарабынан 1609,9 млн сом (жалпы сумманын 51,6 %ы), “РСК Банк” ААК - 811,5 млн сом (26,0 %), “KICB” банкы ЖАК – 300,3 млн сом (9,6 %), «Кыргызстан» АКБ – 299,3 млн сом (9,6 %) жана “Залкар банк” ААК - 99,8 млн сом (3,2 %) насыя берилген.
Алардын ичинен өсүмдүк өстүрүүгө 292,7 млн сом (жалпы сумманын 9,4 %ы), мал чарбасына – 2775,8 млн сом (88,9 %) жана айыл чарба кайра иштетүүсүнө – 52,3 млн сом (1,7 %) берилген.
УСКнын алдын ала маалыматы боюнча 2013-жылы айыл чарбасына, мергенчиликке жана токой чарбасына 47,1 миң АКШ доллары суммасында тике инвестициялар тартылган.
2013-жылы айыл чарбасы, мергенчилик жана токой чарбасынын объектилерин курууга 312,2 млн сом суммасындагы инвестициялар өздөштүрүлдү. Каржылоонун негизги бөлүгү республикалык бюджеттен (52 %), чет элдик гранттардан жана гуманитардык жардамдардан (34,3 %), ошондой эле калктын каражаттарынан (12,6 %) жумшалды.
Айыл чарбасын өнүктүрүүгө республиканын микрофинансылык уюмдары тарабынан 7 305,5 млн сом, айыл чарба продукцияларын даярдоого жана кайра иштетүүгө – 10,9 млн сом берилди; насыя союздары тарабынан 191,9 млн сом, айыл чарба продукцияларын даярдоого жана кайра иштетүүгө 1,2 млн сом берилди. Чакан насыя алгандардын басымдуу саны Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарына таандык.
Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринде (ЖПБ) ири жана майда мүйүздүү малдын, ошондой эле эхинококкозду негизги алып жүрүүчү иттердин ден соолугун контролдоо максатында жандыктардын саламаттыгын коргоо боюнча атайын комитеттер түзүлүүдө. Кыргызстанда жалпы 454 ЖПБ түзүлгөн, мында комитеттердин саны ЖПБлардын санына жараша болот. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоору комитеттерди түзүүгө жана 125 ЖПБ иштеп турган Нарын жана Ысык-Көл облустарында алардын ишин жөнгө салууга жардам беришет.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Жайыт департаментинде ГИС-лабораториясы ачылды, анын максаты - жайыттардын электрондук картасын түзүү, жайыт комитеттерин электрондук карталар менен камсыздоо жана электрондук карталарды пайдаланууга, GPS менен иштөөгө адистерди окутууга, республиканын жайыт чарбасынын ишине геомаалымат тутумдарын жана технологияларды киргизүүгө жардам берүү болуп саналат.
Өкмөттүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 339 “Агротехникалык сервисти уюштуруу жөнүндө” токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде дыйкан, фермер чарбаларынын, техсервистердин жана кооперативдердин базасында райондордо агротехникалык тейлөө ишканаларын түзүү боюнча иштер улантылууда. Буга чейин трактор жана айыл чарба машиналар парктары бар жана башка чарбаларга агротехникалык кызматтарын көрсөтүп жүргөн чарбалардын тизмеги аныкталып, алардын саны 11147 түзгөн.
Өкмөттүн жогоруда аталган токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги (мындан ары - Айыл чарба жана мелиорация министрлиги) тарабынан Япония Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарынын кайтарылган каражаттарынын эсебинен топтолгон фонддун каражаттары “Айыл Банк” ААК аркылуу техниканы лизингге алууга пайдаланылган, бул үчүн Өкмөттүн 2012-жылдын 13-февралындагы № 487 токтомунун 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан иш жүзүндө “Айыл Банк” ААКынын эсебине 195,0 млн сом, алардын ичинен 2012-жылы 80,0 млн сому, ал эми 115,0 млн сому – 2013-жылдын апрелинде которулган.
Ошондой эле техника сатып алууга Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу 3,0 млн АКШ доллары тартылды жана колдонулду.
Республикага айыл чарба техникаларын “Аталык Групп” ЖАК тарабынан 19 дан жыйноочу комбайн жана бир трактор, “Автомаш-Радиатор” ЖЧК - 35 дан жыйноочу комбайн, 330 ар кандай кубаттуулуктагы тракторлорду жана 30 айыл чарба машиналарын алып келишти.
2013-жылы үрөн чарбаларына керектүү техникалар аныкталып, ЮСАИДдин грантынын эсебинен насыяга 94 бирдик техника берилди, булардын ичинен 4,13 млн АКШ долларына тракторлор, дан жыйноочу комбайндар алып берилди.
Республиканын асыл тукум чарбаларына 4,54 млн АКШ доллары суммасына 27 даана техника, 301 даана ар түрдүү жабдуулар жана 385 баш айыл чарба асыл тукум мал берилген.
“Айыл Банк” ААК туруктуу насыя сызыгынын алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 448 млн сомдон ашык суммага 440 бирдик айыл чарба техникалары берилди.
Жалпы 2013-жылы айыл чарба субъектилерине 1004 бирдик айыл чарба техникалары берилди, булардын ичинен 906 трактор, 21 дан жыйноочу комбайн жана 78 ар кандай чиркегич айыл чарба машиналары, анын ичинде 580 бирдик айыл чарба техникасы лизингге берилген.
Фермерлерди айыл чарба техникалары менен жабдуу жыл сайын өткөрүлүүчү “Айыл Агро” жарманкелери аркылуу көргөзмө-жарманке сооданы өнүктүрүүнүн эсебинен жүргүзүлүүдө.
2013-жылы Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба департаменти тарабынан 213,1 млн сомго оңдоп-калыбына келтирүү иштери аткарылды: 1026 гидротехникалык курулмалар, 943 гидропосттор, 107 насос станциялары оңдолду; 258,3 км узундуктагы каналдарда оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылды. 920 га сугат жер аянттарында суу берүү жакшыртылды.
Суу булактарынан 2013-жылы планда каралган 6896,0 млн м3дун, 6639,1 млн м3, же 96 % суу алынды. Жалпы суу берүүдө пландагы 5044,0 млн м3 ичинен, 4724,4 млн м3 суу берилип, 94 %га аткарылды. Сугатка планда 4881,1 млн м3 каралса, 4539,6 млн м3, же 93 %га берилип, 2012-жылга салыштырмалуу 123,6 млн м3 көп болду. Пландагы 3134,5 миң гектардын, 2866,0 миң га аянты, же 91 % сугарылып, 2012-жылга салыштырмалуу 45,1 миң га көп болду.
2013-жылы ортомчу фирмалар тарабынан Кыргызстанга Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан 102,2 миң тонна минералдык жер семирткичтер алып келинди.
2013-жылы сүт продукциясын экспортко чыгарууга салынган тыюуну алып салуу маселеси чечилди. Бажы союзунун мүчө-өлкөлөрүнө Кыргызстандын 7 ишканасынын продукциясын экспорттоого уруксат берилди.
Өсүмдүк өстүрүү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы республика боюнча жыйналган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң түшүмү 2012-жылга салыштырмалуу дан жүгөрүсү, тамеки, пахта жана май өсүмдүктөрүнөн тышкары өсүмдүктөрдүн бардык түрү боюнча жогорку деңгээлге чыкты.
2013-жылы бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянты 1 170,4 миң га түзүп, салыштырмалуу 4,7 миң га көп болду (2012-жылга карата +0,4 %).
Дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрүнөн, күрүчтөн жана гречкадан тышкары) 587,4 миң га (жалпы аянттын 50,2 %), дан буурчак өсүмдүктөрү тиешелүү түрдө 49,9 миң га (4,3 %), май өсүмдүктөрү - 50,1 миң га (4,3 %), пахта - 23,4 миң га (2,0 %), тамеки - 3,1 миң га (0,3 %), кант кызылчасы - 6,7 миң га (0,6 %), картошка - 80,5 миң га (6,9 %), жашылчалар - 44,2 миң га (3,8 %), башка өсүмдүктөрү (күрүч, бакча өсүмдүктөрү ж.б.) - 17,0 миң га (1,5 %) жана тоют өсүмдүктөрү - 308,0 миң га (26,3 %) ээледи.
8-таблица
| Айдоо аянты, миң га | 2013-ж. 2012-жылдан четтөө (+,-) | |
2012-ж. | 2013-ж. | ||
Айдоо аянты, бардыгы | 1165,7 | 1170,4 | 4,7 |
анын ичинде: |
|
|
|
дан өсүмдүктөрү, мунун ичинен | 625,2 | 645,2 | 20,0 |
буудай | 324,5 | 346,6 | 21,1 |
арпа | 147,3 | 147,2 | -0,1 |
техникалык өсүмдүктөр, мунун ичинен | 94,6 | 83,6 | -11,0 |
пахта | 31,0 | 23,4 | -7,6 |
кант кызылчасы | 5,6 | 6,7 | 1,1 |
тамеки | 3,4 | 3,1 | -0,3 |
май өсүмдүктөрү | 54,5 | 50,1 | -4,4 |
картошка жана жашылчалар, бакча өсүмдүктөрү | 135,9 | 133,5 | -2,4 |
тоют өсүмдүктөрү | 310,0 | 308,0 | -2,0 |
Өсүмдүк өстүрүү продукциясынын негизги үлүшүн жашылчалар ээледи (бардык продукциянын 20,1 %ы), буларды өндүрүү көлөмүнүн өсүү темпи 2012-жылга салыштырмалуу
1 %га көтөрүлдү. Картошканы өндүрүү 3,3 %га өстү, анын өсүмдүк өстүрүү көлөмүнө карата салыштырмалуу салмагы 19,1 %ды ээлейт, буудай 1,5 эсеге көтөрүлдү, дыйканчылыктын жалпы көлөмүнөн 11,1 %ды ээлейт.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөндөгү айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча негизги көрсөткүчтөрдү белгилей кетүү абзел:
- буудай 346,6 миң га аянттан жыйналып алынды, орточо түшүмдүүлүгү 23,7 ц/га, же өткөн жылдан 6,9 ц/га көп, дандын дүң жыйымы 819,4 миң тонна, же 2012-жылдан 278,9 миң тоннага көп болду;
- арпа 147,1 миң га аянттан жыйналып, 309,9 миң тонна көлөмүндө майдаланып, 97,2 миң т. көп болду, ал эми түшүмдүүлүк 21,1 ц/га жетип, же 6,6 ц/га көп болду;
- дан жүгөрүсү 91,9 миң га аянттан жыйналып, өндүрүлгөн дандын көлөмүндө 568,2 миң тонна болду, түшүмдүүлүгү 60,8 ц/га, бул 2012-жылга карата 0,6 ц/га көп;
- картошка 1332,0 миң тонна казылып алынды, бул өткөн жылдан 19,3 миң тоннага көп;
- 881,5 миң тонна жашылчалар жыйналып, 15,6 миң тоннага көп болду, 195,8 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналып, же 2,6 миң тоннага көп болду, мөмө-жемиштер 233,6 миң тонна, же 10,9 миң тоннага көп болду.
2013-жылы 6,7 миң га аянттан кант кызылчасы жыйналып алынды, анын түшүмдүүлүгү жалпы республика боюнча 293,4 ц/га түздү, же 2012-жылдан 101,1 ц/га көп болду. Чийки кант кызылчасы 195,4 миң тонна жыйналып, 2012-жылдан 93,4 миң тоннага көп болду, булардан 29 миң тонна кумшекер чыгарылды.
Акыркы жылдары кант менен калкты камсыздоодо өзгөчө оор абал жаралууда, канттын импортунун салыштырмалуу салмагы 2013-жылы 76 %ды түздү. Буга байланыштуу кант кызылчасынын аянттарын көбөйтүү боюнча чаралар көрүлүп, 2014-жылы 7,0 миң га жакын аянтка себүү караштырылууда.
Пахта 2012-жылдын көрсөткүчүнөн аз себилип калды, буга байланыштуу чийки пахтанын дүң жыйымы республика боюнча 68,6 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдан 16,2 миң тоннага аз болду.
Мамлекеттик үрөн инспекциялары 66,6 миң тонна айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жана 20 миң даана мөмө-дарактардын көчөттөрүн алардын сорттуулук жана отургузуу стандарттарына ылайыктуулугун текшеришти.
Ата мекендик селекциянын жана үрөнчүлүктүн баштапкы материалдык-техникалык жана технологиялык базасы эскирип бүтүп, ишти натыйжалуу жүргүзүүгө жана жогорку сапаттагы үрөндү өндүрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк болбой калды.
Күздүк буудай 208,9 миң га аянтка себилди, бул 2012-жылга салыштырмалуу 1507 га көп, арпа - 11,0 миң га себилип, 2012-жылдан 0,2 миң га көп болду.
Мал чарбасы. 2013-жыл ичинде республикадагы бардык категориядагы чарбалар тарабынан 355,0 миң тонна тирүү салмактагы эт өндүрүлдү, бул 2012-жылдан 2,5 миң тоннага, же 0,7 %га көп. Эттин өндүрүү көлөмүнүн көбөйүшү чочколордон тышкары айыл чарба малынын санынын көбөйүшүнөн улам болду. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары – УСК) маалыматы боюнча 2013-жылдын аягына карата республика боюнча ири мүйүздүү малдын саны 36,7 миңге, кой, эчкилердин саны -217,3 миңге, жылкыныкы – 8,6 миңге жана бакма канаттуулардын саны – 309,2 миң башка жетти.
Республикада сүт өндүрүү 1408,2 миң тоннаны түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 25,7 миң тоннага, же 1,9 %га көп болду. Республиканын бардык облустарында сүт өндүрүүнүн көлөмү көтөрүлдү. Республикада сүттү өндүрүү көлөмүнүн көтөрүлүшүнө уйлардын санынын көбөйүшү өбөлгө түздү, алардын саны 15,1 миңге өстү. Бирок уйлардын азыктуулугу 2012-жылга караганда 12 кг төмөндөдү. Бир уйдан саалган саандын орточо азаюусунун негизги себептеринин бири Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарында селекциялык асылдандыруу иштеринин жетишээрлик жүргүзүлбөгөнү болуп саналат.
2013-жылы 421,5 млн даана жумуртка өндүрүлдү, бул 2012-жылдын деңгээлине карата 4,6 млн даанага көп болуп, 101,1 %ды түздү. 11,6 миң тонна жүн өндүрүлдү, бул 2012-жылдан 257 тоннага, же 2,3 %га көп. Республиканын бардык облустарында жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйүүдө.
2013-жылы эпизоотиялык абалды жакшыртуу жана чыңдоо максатында жалпы республика боюнча 47,9 млн баш мал жана канаттуулар дарыланды, анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (лабораториялык эмес) 7,3 млн баш, 21,7 млн баш эмдөөлөр 18,8 млн баш дегельминтизациялар жана башка дарылоо-алдын алуулар жүргүзүлдү. Күйдүргүгө, шарпка, гүл оорусуна, бруцеллезго жана кутурмага каршы эмдөөлөр жүргүзүлдү.
2013-жылы айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр-жай ишканаларынын продукциялары 13238,7 млн сомго, же 272,7 млн АКШ долларына экспорттолду, анын ичинен: (1) мал чарба продукциясы – 1018,9 млн сомго, же 21,0 млн АКШ долларына; (2) өсүмдүк өстүрүү продукциясы – 8559,1 млн сомго, же 176,3 млн АКШ долларына. 2012-жылга салыштырмалуу жашылчалардын, мөмө-жемиштердин экспорту 5,2 %га көбөйдү.
Кант, өсүмдүк майы, мөмөлөр жана жемиштер боюнча өздүк өндүрүштүн эсебинен ички азык-түлүк рыногу камсыздалбай калган бөлүгү, сырттан алып келинген продукциянын көрсөтүлгөн түрлөрүнүн эсебинен толтурулат. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча импорттун салыштырмалуу салмагы: нан азыктары боюнча - 49,5 %ды, эт - 23,3 %ды, өсүмдүк майы - 77,7 %ды, кант - 76,7 %ды түздү.
Айрым тамак-аш азыктары боюнча республиканын импортко көз каранды болушу жыл ичинде керектөө бааларынын өсүшүнө алып келди. Ошентип, 2013-жылдын январь-декабрында 2012-жылдын январь-декабрь айларына салыштырганда тамак-аш азыктарына болгон керектөө бааларынын индекси 105,3 %ды түздү.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында өзүн-өзү камсыздоо деңгээлине жетүү талабына ылайык болгон азык-түлүк товар резерви, анын ичинде аштык буудай даны менен мамлекеттик запасты түзүү үчүн айыл чарба жана тамак-аш азыктарынын өндүрүшүнүн көлөмүн көтөрүү боюнча иш-чаралар каралды.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ички азык-түлүк рыногунун негизги тамак аш продуктылары менен камсыздалуусу - калктын ар бир жанына керектөө көлөмдөрүнүн мыкты өсүү тенденциясына ээ болду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 111 “Кыргыз Республикасынын калкы үчүн негизги тамак-аш азыктарын керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген керектөөнүн орточо физиологиялык ченемдерине ылайык, 2012-жылдын өтмө калдыктарын эске албаганда, төмөндөгүдөй болду:
- экспорт менен импорту эсепке алганда: нан азыктары боюнча – 173,9 %, картошка – 153,0 %, сүт – 111,9 %, эт – 73,0 %, жашылчалар – 138,2 %, мөмө-жемиштер – 27,3 %, жумуртка – 43,1 %, өсүмдүк майы – 122,3 %, кант – 74,4 %;
- өздүк өндүрүштүн эсебинен: нан азыктары боюнча – 87,8 %, картошка – 152,9 %, сүт – 111,9 %, эт – 56,1 %, жашылчалар – 137,5 %, мөмө-жемиштер – 21,9 %, жумуртка – 40,0 %, өсүмдүк майы – 27,3 %, кант – 17,3 %.
Мында УСК тандап алган үй чарбаларына жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, калктын нанды иш жүзүндө керектөө көлөмдөрү ченемдик көрсөткүчтөрдөн ашык болууда. Буга байланыштуу 2013-жылы нан азыктарын иш жүзүндө керектөө көлөмү 64,4 % түздү, ал эми 2012-жылы бул көрсөткүч 42,5 %ды түзгөн.
Жогоруда келтирилген маалыматтардан улам республикада жаңы же кайра иштетилген жашылчаларды жана картошканы экспорттоого чоң потенциал бар экени көрүнүп турат.
Мында айыл чарбасын өнүктүрүүгө байланышкан негизги көйгөйлүү маселелерди бөлүп кароо керек:
- жандыктардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды толук көлөмдө аткарууга жана башка коопсуздук чараларын аткарууга жыл сайын каржылоонун жетпей калуусу;
- экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө аккредиттацияланган лабораториялардын кызматтарынын өнүкпөгөнү (айыл чарба азыктарын тышкы рынокко чыгаруу үчүн аккредиттацияланган лабораториялардын тастыктамаларынын болушу милдеттүү талап болуп саналат);
- баалуу айдоо жерлеринин азаюусунан улам айыл чарба өндүрүшүнүн азыктуулугунун төмөндөөсү. Акыркы жылдары өлкөнүн аянтынын 15 % түзгөн айыл чарба багытындагы жерлердин аянты 4,3 % азайып кетти. 40 % сугат жерлери ар кандай бузууларга дуушар болду;
- КММ, минералдык жер семирткичтердин, айыл чарба техникаларынын импортуна көз карандылыгы;
- дыйкан чарбаларынын майдаланып кетиши ж.б.
Айыл чарбасын андан ары өнүктүрүү жана дыйкандарды айыл чарба техникалары менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба техникасын сатып алуу, малды идентификациялоо жана айыл жергесин өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 40,0 млн евро суммасында насыя берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору Өкмөттүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 63-б буйругу менен жактырылган.
Өкмөттүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 475-б буйругу менен түзүлгөн Өкмөт менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү жана Макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия тарабынан Өкмөт менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору даярдалган жана 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган,
Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда ЕврАзЭСтин Каатчылыкка каршы фондунун каражатынан инвестициялык кредит берүү жөнүндөгү Макулдашуусунун долбоору даярдалып чыгып, 2014-жылдын 20-мартында кол коюлду, анда “Кыргыз Республикасына айыл чарба техникаларын каржылоо” долбоорун ишке ашырууга 20 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген 8 жылдык мөөнөткө 1 % пайыздык ставка менен 20 жылга инвестициялык насыя берүү каралат. Бул долбоор “Айыл Банк” ААК аркылуу ишке ашырылат, айыл чарба субъектилеринин билдирмелери боюнча аларга керектүү, техниканын зарыл болгон түрлөрү алынып, лизингге берилет.
Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен «CALPIA» (Корея Республикасы) компаниясынын ортосунда органо-минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводду куруу жөнүндөгү келишимди (2013-жылдын 1-ноябрдында кол коюлган) ишке ашыруу боюнча иштер аткарылууда, аталган завод 2014-жылдын ичинде ишке киришмекчи.
Айыл чарбасында эмгектин өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн дыйкан чарбаларын ирилештирүү жана модернизациялоо, мыйзамдарды өркүндөтүү жана кооперативдик мамилелерди өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүүгө багытталган иштер жүргүзүлүүдө. 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү концепциясынын долбоору иштелип чыкты. Бул Концепция мамлекеттин жана менчик сектордун кызыкчылыктарын бириктирүүчү көп тармактуу кооперативдик кыймылды түзүүгө жана алардын өз ара мамилелерин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык уюштурууга багытталган. Өндүрүштүн көлөмүнүн көтөрүлүшүн камсыздоочу жана жаңы иш орундарын түзүүчү айыл чарба кооперативдерине жана экспортко багытталган кластерлерге биринчи кезекте мамлекеттик колдоо көрсөтүү жол-жоболору даярдалууда.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 164,8 млрд сомго продукция өндүрүлгөн, же “Кумтөр Голд Компани” ЖАК продукциясынын көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 2013-жылы кыйла, дээрлик 2 эсеге көп өскөндүктөн, өндүрүштүн көлөмү 2012-жылга салыштырмалуу 34,3 %га көбөйгөн. “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды эске албаганда 84,7 млрд сом, же реалдуу өсүш темпи 3,5%ды түздү.
Өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмүнүн жогорку деңгээли 2012-жылдагы өнөр жай өндүрүш көлөмүнүн (79,8 %) төмөнкү базасы менен шартталган, муну менен 2013-жылы ИДПнын өсүш темпинин түзүмүндө 5,4 пайыздык пункт менен эн чоң оң салымды камсыз кылган, мында негизги үлүштү иштетүүчү өнөр жай өндүрүшү ээледи.
2013-жылы өнөр жайдын негизги тармактарындагы абал төмөнкүдөй болгон:
9-таблица
Аталышы | 2013-ж. | 2012-ж. | 2013-ж. | 2013-ж. 2012-жылдан четтөө (+,-) | 2013-ж. | 2013-ж. күтүлгөн- дөн четтөө (+,-) |
үлүш-төрү | иш жүзүн-дө | баштапкы, иш жүзүн-дө | күтүл-гөнү | |||
Өнөр жайы, бардыгы | 100,0 | 79,8 | 134,3 | 54,5 | 118,0 | 16,3 |
анын ичинде “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда | 51,3 | 106,1 | 103,5 | -2,6 | 104,6 | -1,1 |
“Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканалар | 48,7 | 55,0 | 196,0 | 141 | 140 | 56,0 |
Иштетүү өнөр жайы | 82,8 | 72,8 | 145,4 | 72,6 | 123,8 | 21,6 |
Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү | 13,9 | 105,2 | 98,3 | -6,9 | 98,5 | -0,2 |
Кен казуу өнөр жайы | 3,3 | 122,5 | 95,4 | -27,1 | 101,7 | -6,3 |
Маалымат үчүн: айрым өлкөлөрдүн өнөр жай тармагындагы өндүрүштүн өсүү темпи: Россияда – 0,3 %га, Казакстанда – 2,3 %га, Кытайда – 9,7 %га өскөн, ал эми Белорусияда 4,8 %га төмөндөгөн.
Өнөр жай өндүрүшүнүн иш жүзүндөгү көлөмү 2013-жылга карата болжолдонгон мааниге жетти жана болжолдон 16,3 пайыздык пунктка көп, бул негизинен металлургиялык өндүрүш көлөмүнүн өсүшүнөн болду. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өнөр жай өндүрүш көлөмүнүн өсүү темпи КМШга катышкан мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүч болгон.
Өнөр жай продукцияларынын негизги көлөмү (90 %) экономиканы түзүүчү беш тармакта чыгарылат, анын ичинде төртөө – иштетүүчү өнөр жайы: 50,7 % салыштырма салмагы менен металлургиялык өндүрүш жана даяр металл жасалгалар өндүрүшү; 12,3 % салыштырма салмагы менен суусундуктарды жана тамекини кошкондо азык-түлүк өндүрүшү; 4,6 % салыштырма салмагы менен текстиль жана тигүү өндүрүшү; 8,5 % салыштырма салмагы менен металл эмес минералдык продуктулар (курулуш материалдары) өндүрүшү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө (82,8 %) эң жогорку салыштырма салмактуу иштетүүчү өнөр жайда 2013-жылы продукциянын көлөмү 136,5 млрд сомду түзгөн жана 2012-жылга салыштырмалуу 45,4%га реалдуу түрдө көбөйгөн, бул негизинен металлургиялык өндүрүштүн жана даяр металл жасалгалар өндүрүшүнүн көлөмү 1,9 эсеге көбөйгөндүктөн; металл эмес минералдык продуктулар өндүрүшү 27,3%га; суусундуктарды жана тамекини кошкондо азык-түлүк өндүрүшү 4,5%га өскөндүгүнөн болду жана өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө 71,5%ды түздү.
Металлургия өндүрүшүндөгү орчундуу өсүш (өнөр жайдын жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы 49,7 %) өнөр жайда салыштырма салмагы жогору бойдон калып, 48,2%ды, ал эми ИДПнын түзүмүндө 7,8%ды түзгөн “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларда өндүрүштүн калыбына келтирилиши менен шартталган жана ИДПнын өсүш темпинин түзүмүнүн курамында 5,1 пайыздык пункт менен эң чоң салым кошту.
Алтын өндүрүүнүн номиналдуу көлөмү баа факторунун терс таасиринен бир кыйла төмөндөдү. Мисалы, 2012-жылы алтындын 1 унциясына орточо жылдык баа 1669 АКШ долларын түзгөн, ал эми 2013-жылы 8,5%га төмөндөгөн жана 1411 долларды түзгөн.
Металлургиялык өндүрүштө 2012-жылдагы 10243,2 кг караганда 2013-жылы 19194,4 кг Доре эритмеси өндүрүлүп (1,9 эсеге өскөн) жана мурунку жылдагы 1033,7 тоннага караганда 1474,5 тонна сурьма (1,4 эсеге өскөн) өндүрүлгөн. Бул тармакта өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшүн “Кумтөр Голд Компани” ЖАК, “Кыргызалтын” ААК, “Кадамжай сурьма комбинаты” ААК сыяктуу ишканалар камсыздашкан.
Башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү көлөмүнүн 1,3 эсеге көбөйүшү (өнөр жайдын жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы 8,5 %) курулуш максаттары үчүн продукция иштеп чыгаруу боюнча өткөн жылдагы деңгээлден жогорулоонун эсебинен болгон: кирпичтерди, астана үчүн блокторду, тирөөч блокторду жана керамикалык, отко чыдамдуу буюмдарды өндүрүү 19,8 %га, цементти 35,3 %га; курулуш максаттары үчүн бетондон жасалган буюмдарды, темир/бетонду 1,9 эсеге; цементтен жасалган плиталарды жана ошол сыяктуу буюмдарды, бетонду же жасалма ташты (брусчатка) 14,7 %га; кум-блокту 23,9 %га, бетондон жасалган курама курулуш конструкцияларын 31,7 %га; курулуш эритмелерин 3,8 эсеге; гипстен, бетондон же цементтен жасалган буюмдарды 1,8 эсеге; плиткаларды, кубиктерди жана ушул сыяктуу буюмдарды; мозаикалык иштер үчүн жасалма түрдө боёлгон гранулдарды, таш күкүмдөрдү жана порошокторду 1,6 эсеге өндүрүүлөрдөн болду.
“Интергласс” ЖЧКда 2012-жылы 13 159,2 миң кв. м такта айнек жасалса, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүдөн улам 2013-жылы 23419,1 миң кв. м такта айнек чыгарылган, мында көлөм реалдуу түрдө 1,8 эсеге өскөн.
Курулуш материалдарын өндүрүү көлөмүнүн жогорку темпи курулуш тармагынын активдешүүсү менен шартталган, 2013-жылы курулуштун дүң продукциясы 12,4 %га өскөн.
Суусундуктарды жана тамекини кошкондо азык-түлүктөрдү өндүрүү көлөмүнүн 4,5 %га жогорулашы (өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 12,3 %) кант өндүрүү көлөмүнүн 1,9 эсеге, нан азыктарынын 6,0 %га, макарондун 4,7 %га, эт азыктарын 12,8 %га, май азыктарынын 13,3 %га, кондитердик азыктардын 34,6 %га өсүүсүнөн камсыздалды.
Азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жай өндүрүшүндө 9388 ири, орто жана кичи ишканалар (а.и. ири жана орто ишканалар – 5 %, кичи ишканалар – 95 %) иштеп жатышат. Алкоголдук продукциялар менен спирт өндүрүшү, товар айлантуусу, экспорттоо жана импорттоосу лиценциялануучу ишке кирээрин эске алганда, азык-түлүктү кайра иштетүүчү тармак республиканын өнөр жайындагы бардык салыктардын 15 %ын түзөт.
2013-жылы “Айыл чарбаны каржылоо” долбоорунун алкагында берилген жеңилдетилген насыялардын жалпы суммасынан агро-иштетүүгө 52,3 млн сом жумшалган, же 1,68 %. 2013-жылы агро-иштетүү өнөр жайына инвестицияларды тартуу 2012-жылга салыштырмалуу 6,1 %га өстү.
Иштетүүчү өнөр жайынын оң өсүү темпи жыгачты иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдарды жасоодо - 24,5 %га; целлюлоз-кагаз өндүрүшүндө жана басма ишинде - 12,0 %га; химиялык өндүрүштө - 29,0 %га; резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүүдө - 21,0 %га; транспорт каражаттарын жана жабдууларын өндүрүүдө - 22,5 %га; булгаары, булгаары буюмдарын жана бут кийимдерди өндүрүүдө - 43,3 %га; электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүүдө - 3,4 %га өсүштөн улам камсыздалды.
2013-жылдын башынан тартып экспортко абдан багытталган, өнөр жайдын жалпы түзүмүндө салыштырма салмагы 4,6 %ды түзгөн текстиль жана тигүү өндүрүшүндө өндүрүш көлөмүнүн (16,5 %га) төмөндөшү уланды. Өндүрүш көлөмүнүн азаюусунун негизги себеби заказдардын жоктугунан (Россия Федерациясынын жана Казакстандын тигүү продукцияларына болгон талабынын төмөндөөсү) улам ишканалардын токтошу жана базарда импорттук товарлардын болуусу, ошондой эле тыштан “Кыргызстанда жасалган” деген бренд менен контрафакттуу продукцияны алып келүүнүн көбөйүшү болду. Пахта-була өндүрүшүнүн көлөмү бул өсүмдүктү өндүрүү аз кирешелүү болгондуктан, пахта эгүү талааларынын азайышынан улам төмөндөгөн. 2013-жылдын аягына карата пахта иштетүү боюнча 27 заводдун ичинен 17си иштеген. Текстиль-тигүү өндүрүшүндө салыштырма салмактын көбүн тигүү тармагы ээлейт - 84,1 %. Тигүү продукцияларын чыгаруудагы жалпы көлөмдө патенттик негизде иштеген жеке ишкердин үлүшү 80 %ды ээлейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы №123 токтому менен Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы бекитилген.
2013-жылы иштеп чыгуучу өнөр жайда 35 ишкана токтоп турган. 2013-жылдын декабрында 22 ишкана өз ишин жаңырткан, анын ичинде “Карасуу-Дан-Азык” АТАК, “Асель” ательеси мамлекеттик ишкана (мындан ары - МИ), “Кара-Арча” ЖчК, “Mecoplastik” ЖчК, “Мир окон” ЖЧК, “Асфальтобетон” ААК (Кемин курулуш материалдар заводу), “Швын-Фа” ЖчК, “Sigma-plast” ЖчК.
УСКнын баштапкы берген маалыматы боюнча иштетүүчү өнөр жайына 2013-жылы 349,8 млн АКШ долл. суммада чет элдик түз инвестициялар тартылган.
Аталган тармактын өнүгүүсүнө таасир берүүчү негизги көйгөйлүү маселелер: өндүрүш үчүн товарлардын импортуна ички базардын көз карандылыгы; чийки зат базасынын жогорку сапатта болбогондугу, өндүрүш көлөмүнүн аздыгы; импорт чийки заттардын таңсыктыгы (сурьма концентрантынын жана техникалык кремнийдин); рынокто алтынга, сурьмага болгон дүйнөлүк баанын волативдүүлүгү; ишканалардагы эскирген жабдуулардын жогорку пайызы; жеке жүгүртүү каражаттарынын, дасыккан жана адистештирилген кадрлардын жетишсиздиги; кайра иштетүү үчүн чийки заттын баасынын жогору болгондугуна байланыштуу компаниялардын атаандаштыкта жарактуулугунун аздыгы жана сатып алуучулар үчүн даяр продукциялардын баасынын жогорулугу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы №133 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ийгиликтүү ишке ашыруу бул тармактын өнүгүүсүнө шарт түзөт, анда өндүрүштү мындан ары диверсификациялоо жана иштеп жаткан ишканалардын иштерин активдештирүү жана жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү каралган.
Өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиянын 9-15-отурумдарынын чечимдерине ылайык “БМЗ” ААКда РФ коргоо комплексинин ишканаларына өндүрүш каражаттарын, өлчөмдөрдү автоматтык түрдө контролдоочу приборлорду ж.б. жасоо жана жөнөтүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Россия тарап Кабель өндүрүшүн өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү жер салыгынан башка салыктын бардык түрлөрүнөн (киреше салыгы, КНС, сатуудан алынган салык) бошотулду. Агро-иштетүүнү стимулдаштыруу максатында төмөнкү тармактарга жеңилдетилген салык салуу кабыл алынган жана ал иштеп жатат:
- салыктан бошотуу иштин негизги түрү боюнча берилет (экономикалык классификациялоо коду);
- айыл чарба продукцияларын иштетүүчүлөр КНСтан 3 жылга бошотулду;
- кайра иштетүүчүлөр жабдууларга карата кайра каржылоо бөлүгү боюнча киреше салыгынан бошотулат.
Электр энергияны, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө (салыштырма салмагы 13,9 %) суу азаюу мезгилинин келиши менен шартталган жана натыйжада экспорттоонун көлөмүнүн төмөндөөсүнөн улам электр энергияны иштеп чыгуу көлөмүнүн 4,9 %га, жылуулук энергиясын 8,7 %га, электр энергияны бөлүштүрүү боюнча кызматтардын (сатылып алынган электр энергиянын баасы менен эмес) 3,9 %га төмөндөөсүнөн улам 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча продукциянын көлөмү 22,8 млрд сомду, физикалык көлөмдүн индекси 98,3 %ды түздү.
2014-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,4 млрд м3 түздү, бул 2012-жылдагы көлөмдөн 1,5 млрд м3 аз. Ушуга байланыштуу сууну үнөмдөө, электр энергияны сарамжалдуу пайдалануу, анын ичинде электр энергиясын керектөө лимиттерин катуу сактоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.
Экспорттун азаюусунун жана электр энергиясындагы коромжулардын азаюусунун эсебинен 1,2 млрд кВтс өлчөмдөгү электр энергия үнөмдөлдү, ошондой эле суунун чыгымдалышы дээрлик 1,0 млрд м3 азайды.
Азыркы учурда кыргыз энергиялык тутуму Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык тутуму менен Казакстандын Бирдиктүү энергетикалык тутумунун курамында паралеллдүү иштеп жатат.
2013-жылы 14096,7 млн кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан, же 2012-жылга салыштырмалуу (14830,4млн кВтс ордуна) 95,1 %ды түздү.
Электр энергиясын иштеп чыгуунун азайышы суу азаюу мезгилинин келиши менен Токтогул суу сактагычындагы суу-энергетикалык ресурстарды сактоо максатында экспорттук берүүлөрдүн көлөмү кыскартылышына, ошондой эле бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясын керектөөчүлөрүнүн керектөөсү өткөн жылга салыштырмалуу 108 млн. кВтс аз болгонуна байланыштуу болду.
Жалпысынан 2013-жылы 374,8 млн кВтс (же 2012-жылга салыштырмалуу 23,5 %) электр энергиясы экспорттолгон, анын ичинде Казакстан Республикасына – 374,6 млн кВтс, Кытайга - 0,25 млн кВтс. Электр энергиясын экспорттоо вегетациялык мезгилде жүргүзүлдү.
2013-жылы орточо тариф боюнча 0,04 АКШ долларына сатылып экспорттолгон электр энергиясынын эсебинен келип түшкөн каражаттар 14,983 млн АКШ долларын түздү (2012-жылы орточо тариф боюнча 0,0289 АКШ доллары менен 43,414 млн АКШ долларына экспорттолгон).
2013-жылы жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 2782,3 миң Гкал түзгөн жана мунун өзү 266,1 миң Гкалга аз болуп, 2012-жылга карата 91,3 %ды түзөт.
2013-2014-жылдардын күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын күнүмдүк сарпталуусунун тарыхый максимуму 71,7 млн кВтс түздү (64 млн кВтс лимитинде), кубаттуулуктун сарпталуусунун максимуму 3135 МВт түздү (2721 МВт лимитинде), анын ичинде республиканын түндүгү боюнча 2068 МВт (1741 МВт лимитинде), түштүгү боюнча 1067 МВт (980 МВт лимитинде).
Мамлекеттер аралык электр энергиясын өткөрүү линияларындагы жүктөмдү алып салуу максатында, реактивдик кубаттуулуктун таңсыктыгынын шартында чыңалууну көбөйтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБин 335-345 МВт чейин жогорулатуу үчүн тийиштүү чаралар көрүлдү жана бул Бишкек шаары боюнча чыңалуунун деңгээлинин турукташуусуна жана жабдуулардын кошумча жүктөмдөн арылуусуна шарт түздү.
Кыргызстандын түндүгүндө электр энергиясын керектөөчүлөрдүн сарптоосунун кыйла жогорулагандыгынан улам жана республиканын керектөөчүлөрүн электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБи 371 МВт чейинки масималдуу жүктү көтөрдү, электр энергиясын өндүрүүнүн суткалык көлөмү 8,5 млн кВтс түздү, же бул 2012-жылдагы көрсөткүчтөн 2 эсеге көп.
Иште 12 казан агрегаты жана 6 турбоагрегат (резервде 3 казан- жана 4 турбоагрегаты) болду. Ош шаарынын ЖЭБи боюнча иште 2 казан агрегаты, резервде 1 казан агрегаты жана 2 турбоагрегат иштеди. Бардык колдо болгон 23 гидроагрегат режимге ылайык иштөө абалында турду.
Алдын ала болжолдоолор боюнча Нарын дарыясынын Токтогул суу сактагычына суунун келиши нормадан 79 % түздү.
Бөлүштүрүүчү компаниялардын түйүндөрүнө 11,1 млрд кВт саат электр энергиясы түшкөн, бул мурдагы жылдын деңгээлинен 108 млн кВт саатка аздык кылат.
Пайдалуу коё берилген электр энергиясынын көлөмү 9,05 млрд кВт.саатты түздү, бул көрсөткүч 2012-жылдагы (8,77 млрд кВт саат) көлөмдөн 280,5 млн кВт саатка көп.
Бөлүштүрүүчү компаниялардын тармактарындагы электр энергиясын жоготуулар 2013-жылы 1, 982 млрд кВт саатты, же 17,9 %ды түзгөн (18,0 % пландык жоготууларда), ал 2012-жылдагы жоготуулардан 385,6 млн кВт саатка төмөн (2,37 млрд кВт с, же 21,2 %ды түзгөн).
Бөлүштүрүүчү компанияларда берилген электр энергиясы үчүн жыйналган акча каражаты 7,85 млрд сомду түздү, же товардык продукциянын 99,5 %ын түзөт, бирок бул көрсөткүч 2012-жылдагы жыйноо деңгээлинен 343 млн сомго көп (7,5 млрд сом).
2014-жылдын 1-январына карата керектөөчүлөрдүн бөлүштүрүүчү компаниялардын алдындагы дебитордук карызы – 1,275 млрд сомду түзөт жана 2013-жылдын башынан бери 10 млн сомго же 0,8 %га көбөйгөн.
Ошол эле учурда бөлүштүрүүчү компаниялар бюджеттик мекемелерге өз учурунда акча каражаты которулбагандыктан финансылык каатчылыкты баштарынан өткөрүп келишет, жыл башынан бери ал сумма 40,2 млн сомго азайып, 2014-жылдын 1-январына карата 326,9 млн сомду түзгөн, анын ичинде:
- республикалык бюджет боюнча 106,8 млн сом;
- жергиликтүү бюджет боюнча 93,7 млн сом;
- “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасы боюнча 126,4 млн сом.
Бийик тоолуу оор шартта жашаган жеңилдиктерге ээ абонент-керектөөчүлөргө компенсациялык каражаттар боюнча республикалык бюджеттин 2013-жылга карата 120 млн сомдук карызы бар.
2013-жылы Бишкек жана Ош шаарларында 6-10 кВ 83 км кабелдик линиялары жаңыртылды, план боюнча 2013/2014-жылдардын күз-кыш мезгили башталганга чейин 79,6 км каралган, анын ичинде:
Бишкек шаары боюнча 6-10 кВ 70,9 км (кабелдик чыгарууларды эске алуу менен) кабелдик линиялары жаңыртылды, план боюнча 69,6 км каралган;
Бишкек шаарында 0,4 кВ аба линиясынын зымдары 55 км СИПке алмаштырылды, план боюнча 50 км каралган;
Ош шаарында 6-10-0,4 кВ 12,1 км кабелдик линиялары жаңыртылды, план боюнча 10 км каралган.
Оңдоо иштери аткарылып жана жаңы курулуштар ишке ашырылгандыгына карабастан, авариялык өчүрүүлөр дагы эле болууда, бирок алардын азайышы байкалууда. Электр бөлүштүрүүчү компаниялардын маалыматы боюнча 2013-жылы 6/10 кВ тармактарында авариялык өчүрүүлөрдүн саны 9868 учурду түзгөн, бул 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3146 учурга же 24,2 %га кыскарган.
2013-жылы Кыргыз Республикасына 277,6 млн м3 жаратылыш газы келип түшкөн жана бул 2012-жылга салыштырмалуу (355,5 млн м3) 77,9 млн. м3 газга же 21,9 %га аздык кылган. Газды негизги берүүчүлөр болуп «КазТрансГаз» АК - 215,5 млн м3 жана «Узтрансгаз» АК - 59,3 млн м3 жана «Кыргызнефтегаз» ААК - 2,8 млн м3 саналышат. 2012-жылга салыштырмалуу газдын нормадан сырткары сарпталышы 2,1 млн. м3 га азайып, 7,9 млн. м3 ду түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин алдын ала берген маалыматы боюнча, 2013-жылы электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүгө жана бөлүштүрүүгө 16,2 млн АКШ долларынын өлчөмүндөгү түз чет элдик инвестициялар тартылган.
Өлкөнүн энергетикалык кооопсуздугун жана энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында жана энергетикалык тармакта ачык-айкындуулукту жогорулатып, реформаларды жүргүзүү максатында республиканын энергетикалык тармагынын узак жана кыска мөөнөттүү комплекстүү планы жүзөгө ашырылууда.
Электр энергиясындагы коммерциялык жоготууларды, дебитордук карыздарды азайтуу жана коё берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарынын жыйналуусун жакшыртуу максатында АСКУЭ жаңы технологияларын пайдалануу жана алдын ала төлөм жүргүзүү картасы бар электр эсептегичтерди акырындык менен киргизүү ыкмасы колго алынды. Ошондой эле бөлүштүрүүчү электр компаниялары тарабынан коммерциялык жана техникалык жоготууларды азайтуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыгып, алардын аткарылышы Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин контролунда турат.
Коё берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын 100 %га жыйноону камсыздоо, жалпы жоготууларды белгиленген деңгээлге чейин азайтуу, ошондой эле 2014-жылдын башталышына чогулуп калган дебитордук карыздарды кыскартуу каралган.
Негизги иш-чаралар болуп иштеп чыгуучу кубаттуулуктардын жаңыларын ишке киргизип, иштеп жаткандарын жакшыртуу, жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларын жана 110-500 кВ көмөкчү чордондорду куруу, бөлүштүрүүчү тармактарды өнүктүрүү, электр энергиясынын автоматташкан эсеп тутумун киргизүү жана башкалар саналат:
- Бишкек жана Ош шаарларынын электр тармактарын жаңылоо боюнча үч жылдык программасы аяктады, бул авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартты жана керектөөчүлөрдүн социалдык оорчулугун азайтты;
- Кыргызстандын түштүгүнүн көз каранды эместигин камсыз кылуу жана Төмөнкү-Нарын ГЭС каскадынын генерациясын толук берүү үчүн 500 кВ “Датка” көмөк чордонунун жана 220 кВ электр берүү линиясынын 248,6 км курулуштары аяктады;
- республиканын толук көз каранды эместигин камсыздоо үчүн 500 кВ “Датка-Кемин” электр берүү линиясын, 500 кВ «Датка» көмөк чордонун жана 220 кВ электр берүү линиясын куруу башталды;
- Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушу башталды (жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт), суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында Камбарата ГЭС-1 долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемелерди аяктоо үчүн иштер жүргүзүлүп жатат, бул энергетикалык кооопсуздукту камсыздоо боюнча биринчи кадам болуп калды;
- электр энергиясынын көп функциялуу эсептегичтерин орнотуу керектөөчүлөргө энергия компаниялары дыкаттык менен эсептөө жүргүзө тургандыгын көрсөттү, ал эми айрым жерлерде электр энергиясын жашыруун түрдө нормадан ашык пайдаланган учурлардын бар экендигин ачыкка чыгарды жана жалпы жыйынтыгында электр энергиясынын коммерциялык жоготууларын кыскартты;
- Россиялык “Газпром” компаниясы менен макулдашуу, нефтини иштеп чыгаруу заводдорун, газ өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу энергетика ресурстарынын дүйнөлүк интеграция түзүмүнө кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берет (5 жылдын ичинде 20 млрд рубль көлөмүндөгү инвестициялар);
- Кыргыз Республикасынын энергетикасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруунун деталдашкан планына ылайык энергетика секторундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана алардын алдын алуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат;
- экспорттук коридорлорду диверсификациялоо үчүн “CASA-1000” долбоорунун алкагында “Датка-Ходжент” (Тажикстан) 500 кВ ЭБЛ боюнча иштер жүрүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, анын ичинен Кыргыз Республикасына туура келген үлүш 200 млн АКШ долларын түзөт. Долбоорду ишке ашыруу мезгили 4,8 жылды түзөрү болжолдонууда.
Долбоор боюнча 500 кВ линиянын жалпы узундугу 1 342 км, “Датка” көмөк чордонунан “Датка-Ходжент” көмөк чордонуна чейинки аралык 477 км, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу - 457 км түзөт.
Кичи гидроэнергетика тармагында 4 кичи ГЭС курулушунун ТЭНи иштелип чыкты жана курулуш үчүн подрядчикти тандоо боюнча даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Энергетикалык компаниялардын чыгымдарын жабууну камсыздоочу 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына балансталган орто мөөнөттүү тарифтик саясат иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июлундагы №229-б буйругу менен 2013-2014-жылдарга энергетикалык секторду реформалоо боюнча иш-аракеттердин планы бекитилген жана анын негизги максаты болуп энергетиканы өнүктүрүү жана жөнгө салуу, энергия компанияларындагы башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, толук ачык-айкындуулукка жетишүү, финансылык абалды жакшыртуу, инвестициялар үчүн энергетикалык сектордун насыя жөндөмдүүлүгүн жана жагымдуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү саналат.
2013-жылы насыялык каражаттар менен бирге эле энергия компанияларынын өздүк каражаттарынын эсебинен берүүчү жана бөлүштүрүүчү тармактардын гидроэлектрстанцияларын реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча бир катар долбоорлор жүзөгө ашырылууда:
1. “Энергетика секторун өнүктүрүү” долбоору;
2. “Электр бөлүштүрүүчү тармактардын натыйжалуулугун жогорулатуу” жана “Бишкек шаарынын локалдык тармактарын жакшыртуу” долбоору;
3. “Энергетика секторун реабилитациялоо”долбоору;
4. “Бишкек жана Ош шаарларынын электр менен камсыздалышын жакшыртуу” долбоору;
5. “Бишкек шаарынын ЖЭБин жаңылоо”долбоору;
6. “Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо”долбоору;
7. “Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушундагы 110кВ эки чынжырлуу ЖЛ жана 110/10 кВ КЧны куруу” долбоору;
8. “Кыргыз Республикасынын кичи гидроэнергетикасын өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо” долбоору;
9. “Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын пайдаланууга берүү” долбоору;
10. “Электр менен камсыздоо тутумунун отчеттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу” долбоору;
11. “Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулушу” долбоору;
12. “Баткен облусунун Арка массивинин электр энергиясы менен камсыздалышын жакшыртуу” долбоору.
Ош шаарындагы 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордогу трансформатордук кубаттуулуктарды көбөйтүү жана күз-кыш мезгилиндеги чыңалунун эң жогорку сааттарында Т-1, Т-2 байланыш трансформаторлорундагы ашыкча чыңалууларды чектөө үчүн Ош шаарынын ЖЭБиндеги 31,5 МВА кубаттуулуктагы Т-2 трансформатору «Электр станциялары» ААКнын өздүк каражаттарына сатылып алынган 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторго алмаштырылган.
Дүйнөлүк банктын “Шашылыш жардам көрсөтүү” долбоору боюнча Бишкек шаарындагы 35 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордогу трансформатордук кубаттуулуктарды жогорулатуу иш-чараларынын планы боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги 110 кВ 6Т ОРУ трансформаторунун ячейкасына 125 МВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулган. Жаңы трансформаторду ишке киргизүүдө Бишкек шаарынын ЖЭБинин АТ-7 жана АТ-8 автотрансформаторундагы ашыкча жүктөөлөр кыскарган (2013-жылдын 23-октябрында ишке берилген).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-июнундагы № 316 токтомуна, белгиленген иш графигине ылайык күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.
Тоо кендерин казып алуу өнөр жайы (өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндө салыштырма салмагы 3,3 %), 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча продукция өндүрүүнүн көлөмү 5,5 млрд сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу металл кендерин казып алууну 32,6 %га (курамында алтын бар кендер жана концентранттар), эстеликтер жана курулуш үчүн гранитти, кум ташты жана ташты 4 эсеге жана базальтты өндүрүүнү 3,4 эсеге кыскаруудан улам физикалык көлөмдүн индекси 95,4 %ды түздү.
Муну менен бирге көмүр, лигнит жана торфту казып алуу көлөмү 20,2 %га, жаратылыш газын 14,0 %га, эстеликтер жана курулуш үчүн акиташтык мрамор жана таш 2,0 эсеге, акиташ жана гипсти 1,9 эсеге, өнөр жайда пайдалануу үчүн кальцийленбеген доломит 24,3 %га, сланцты 25,9 %га, жаратылыш кумун 19,7 %га, гранулдар, таш күкүмү жана таш күлмайдасы; шагыл, майда таш, шебень же талкаланган ташты казып алуу көлөмү 2 эсеге көбөйдү.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча көмүр казуу тармагында өнөр жай продукциясынын көлөмү 1740,1 млн сомду түздү, муну менен бирге 1424,6 миң тонна көмүр казылып алынды же 20,2 %га реалдуу өстү.
Продукцияларды (көмүрдү) өндүрүү көлөмүнүн өсүүсү төмөнкү чараларды ишке ашыруунунэсебинен ишке ашты:
- Бишкек шаардык ЖЭБге көмүр ташуу көлөмүн көбөйтүүнүн негизинде “Кара-Кече” жана “Миң-Куш” күрөң көмүр кенин иштеп чыгуучу ишканалардын кубаттуулугун өнүктүрүү;
- кыргыз көмүрүн экспорттоо боюнча коңшу мамлекеттер (Өзбекстан, Тажикстан) менен байланыштарды калыбына келтирүү;
- технологиялык максатта пайдалануу үчүн түштүк регионундагы цемент чыгаруучу ишканаларга көмүр ташуунун көлөмүн сактоо жана көбөйтүү.
2013-жылы нефть жана газ өндүрүү тармагында 1940,1 млн сом суммасында продукция өндүрүлдү, реалдуу өсүш 101,4 %ды түздү, анын ичинде “Кыргызнефтегаз” ААК 1813,5 млн сомго продукция өндүрдү.
Мында, тармак боюнча жалпысынан 83,7 миң тонна чийки нефть (өсүү темпи 100,1 %) жана 32,5 млн м3 жаратылыш газы (өсүү темпи 114,0 %) алынды.
Кен казуу өнөр жайындагы негизги көйгөйлүү маселелер болуп төмөнкүлөр саналат: аны өнүктүрүүгө олуттуу капиталдык салымдардын жоктугу; минералдык чийки затты казып алууда жана кайра иштетүүдө колдонулуучу технологиянын начардыгы; тоо-кен өндүрүшүндө, байытуу жана кайра иштетүүдө негизги, ошондой эле көмөкчү жабдуулардын эскириши; кесиптик жактан даярдалган инженердик-техникалык жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги; өздүк чийки заттын жоктугу, запастардын түгөнүшү; жергиликтүү калктын иштелип жана изилденип жаткан кендердеги, иш аянттарындагы каршылыктары.
Негизги чаралар республиканын дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттерине кошумча чийки зат берүүчүсүнө айлануу коркунучун алып салуу үчүн экспортко арналган жана импортту алмаштыруучу даяр продукцияны алууга акырындык менен экономиканы багыттоо; минералдык-чийки зат ресурстарын комплекстүү пайдалануу, ички жана тышкы рыноктордун суроо-талабын эске алуу эң жакшы товардык буюмдарга чыгууну камсыз кылуучу, аларды кайра иштетүүнүн акыркы продуктуларын түзүү; изилдөө иштерине бара-бара бюджеттик каржылоону көбөйтүү менен жаңы пайдалуу казындылардын кендери чыгуучу жерлерди издөөгө мамлекеттик тапшырыкты түзүү; мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдары жана компаниялар тарабынан калкка иш объектилери, жүргүзүлүп жаткан иштердин максаты, жергиликтүү коомчулук үчүн пайдасы жөнүндө дайыма маалымат берилүүсүнө, ошондой эле тоо кен-геологиялык иштерди жүргүзүп жаткан компаниялардын өздөрү тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жергиликтүү калкты ишке орноштуруу планында ийкемдүү саясаттын жүргүзүлүшүнө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүлүшү болот.
2013-жылы лицензияларды узартуу боюнча каралбаган арыздардын саны минималдаштырылды, «Кендер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузган кен пайдалануучуларга карата контроль күчөтүлдү жана лицензияларын кайра сурап алууга чейинки чаралар колдонулду.
2013-жылы кендерди пайдаланууга укук берүү боюнча биринчи аукцион ийгиликтүү өткөрүлдү. Аукциондон түшкөн жалпы пайда 618 миң АКШ долларын же 30,2 млн. сомду түздү, анын ичинен бонусту төлөгөндөн жана бөлүүдөн кийин республикалык бюджетке калган сумманын 85,0 %ы (25,7 млн. сом) жергиликтүү бюджеттин кирешесине 7,0 %ы (2,1 млн сом) которулган.
Улутстаткомдун алдын ала маалыматы боюнча кен казуу өнөр жайына 2013-жылы 26,75 млн. АКШ долл. суммасында чет өлкөлүк түз инвестициялар тартылган.
Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көбөйгөндүгү белгиленди. 2013-жылы негизги капиталга инвестициянын көлөмү бардык каржылоо булактарынын эсебинен 78,2 млрд. сомду түздү жана 2,3 %га өстү. Негизги капиталга инвестициянын өсүшү 2012-жылга салыштырмалуу кен казуу өнөр жай объекттерин куруунун көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен – 22,2 %га, иштетүүчү өнөр жай объекттерин куруунун көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен – 10,9 %га, соода, автоунааларды, турмуш-тиричилик буюмдарын жана жеке колдонулуучу предметтерди оңдоо объекттерин куруу – 5,8 %га, мейманканалар жана ресторандарды куруу – 1,4 эсе, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүү, ижара жана керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө – 22,8 %га, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө – 2 эсе, турак жай курулушу чөйрөсүндө – 3,6 %га көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды.
2013-жылы айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасы тармагында - 13,1 %га, электр энергиясын, газ менен сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү тармагында – 37,1 %га, транспорт жана байланыш тармагында – 6,9 %га, финансы иши чөйрөсүндө – 88,5 %га, коммуналдык, социалдык жана жеке кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө – 18,0 %га объекттердин курулушуна инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшү байкалды.
Маалымат үчүн: айрым өлкөлөрдө негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи: Казакстанда – 6,5 %га, Кытайда -19,6%га, Белоруссияда – 7,5 %га, ал эми Россияда 0,3 %га төмөндөгөн.
2013-жылы негизги фонддор 31767,6 млн. сом суммасында ишке киргизилген, мында өздөштүрүлгөн инвестициялардын бир сомуна 2012-жылдагы 0,78дин ордуна негизги фонддордун 0,41 сому туура келген.
Өздөштүрүлгөн инвестициялардын негизги үлүшү кен казуу өнөр жайынын обьекттерин курууга (инвестициялардын жалпы көлөмүнөн 33,1 %, инвестициялардын өсүшүн түзүүгө салым оң болду жана 6,14 пайыздык пунктту түздү), иштетүүчү өнөр жай объекттерин курууга - 11,1 % (салым - 1,12 пайыздык пункт) багытталган. Мында транспорт жана байланыш объекттерин курууга, электр энергиясын, газ менен сууну өндүрүү жана бөлүштүрүү боюнча, алардын үлүшү жыйынтыгында тиешелүү түрдө 13,8 % жана 9,1 %, түзөт, алардын инвестициялардын өсүшүн түзүүгө салымдары терс болуп, тиешелүү түрдө (-)1,05 жана (-) 5,45 пайыздык пункттарды түздү.
2013-жылдын ичинде Ош-Исфана, Бишкек-Нарын-Торугарт, “Түштүк транспорт коридору” автомобиль жолдорун реконструкциялоо жүргүзүлдү.
Ички инвестициянын эсебинен жалпы узундугу 377,3 км жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоо ишке ашырылды, 6 жаңы көпүрө курулду, чек ара жанындагы аймактардан көз карандысыз өтүүнү камсыз кылуу максатында айланма жолдорду куруу боюнча иштер улантылды. Жарандык авиация паркы жаңыланды.
Түрк насыясынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун долбоорунун эсебинен 150 жаңы жол-куруу техникасы алынды.
2013-жылы инвестициялардын жалпы көлөмүндө ички инвестициялардын негизги капиталга үлүшү 64,1 %ды (капиталдык салымдардын өсүшүнө салым терс болуп жана (-)1,27 пайыздык пунктту түздү) жана тышкы инвестициялардын негизги капиталга үлүшү – 35,9 %ды түздү (салым оң – 3,54 пайыздык пункт). 2012-жылга салыштырмалуу негизги капиталга ички инвестициялардын көлөмү 1,9 %га азайды, ошол эле учурда тышкы инвестициялардын көлөмү тескерисинче 10,7 %га көбөйдү.
Инвестициялардын түзүмүндө каржылоо булактары боюнча негизги капиталга эң жогорку үлүштөр ишканалардын жана уюмдардын каражаттарына – 38,2 %, чет өлкөлүк насыялар – 24,0 %, калктын каражатына жана Кыргыз Республикасынын резиденттеринин кайрымдуулук жардамына – 21,5 % туура келет.
Турак жай курулушуна 16265,8 млн сом инвестиция жумшалды, бул 2012-жылга караганда 35 %га көп, өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүндө турак жай курулушуна өздөштүрүлгөн каражаттардын үлүшү 2012-жылдагы 20,6 %дын ордуна 20,8 %ды түзүп жогорулады. 2013-жылы жалпы аянты 906,7 миң кв. метр болгон 8706 батир (үй) пайдалууга берилди, бул 2012-жылга караганда 6,6 %га көп.
10-таблица
Көрсөткүчтөр | 2012-ж. иш жүзүндө | 2013-ж. алдын ала иш жүзүндө | 2012-ж. иш жүзүнөн четтөө (+,-) | 2013-ж. күтүлгөн | 2013-ж. иш жүзүндө күтүлгөндөн четтөө (+,-) |
Курулуштун дүң продукциясы, млн.сом | 60316,4 | 70728,4 | 10412,0 | 65939,2 | 4789,2 |
Өсүш темпи, % | 129,7 | 112,4 | -17,3 | 112,5 | -0,1 |
Негизги капиталга инвестициялар, млн.сом | 73222,1 | 78202,6 | 4980,5 | 73256,7 | 4945,9 |
Өсүш темпи, % | 142,1 | 102,3 | -39,8 | 112,8 | -10,5 |
Ички инвестициялар, млн.сом | 49023,5 | 50153,1 | 1129,6 | 51385,5 | -1232,4 |
Тышкы инвестициялар, млн.сом | 24198,6 | 28049,5 | 3850,9 | 21871,2 | 6178,3 |
Маалымат үчүн: айрым өлкөлөрдө курулуш секторундагы өндүрүштүн өсүү темпи: Казакстанда – 3,0 %га, Кытайда -9,5 %га, Белоруссияда – 6,1 %га, ал эми Россияда 1,5 %га төмөндөгөн.
2013-жылы курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү70,7 млрд. сомду түздү жана 12,4 %га көбөйгөн, бул ушул мезгилге болжолдонгон деңгээлге (-)0,1 пайыздык пунктка четтөө менен иш жүзүндө шайкеш келет.
Экономикалык өсүү темпине курулуш секторунун таасири оң болду жана ИДПны түзүүгө салымы 0,8 пайыздык пунктту, ИДПнын өндүрүш түзүмүндө салыштырма салмагы 2012-жылга салыштырмалуу 0,3 пайыздык пунктка көбөйүү менен – 6,8 %ды түздү.
2013-жылы шаар куруу жана архитектура боюнча бардык аймактык органдарда “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштер кайра башталды, анын эсебинен төмөнкүлөр жетишилди:
- уруксат берүү жол-жоболорунан өтүү мөөнөтүн кыскартуу;
- долбоордук-сметалык документтерди макулдашуунун жана уруксат документтерин берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин киргизүү;
- техникалык шарттарды ж.б. берүүнүн бирдей тартибин киргизүү.
2013-жылы жалпысынан республика боюнча 4277 архитектуралык-пландоо шарттары иштелип чыкты (АПШ), бул 2012-жылга караганда 1317 АПШга же 44,5 %га көп; 2192 инженердик-техникалык шарт берилген (ИТШ), бул 479 ИТШга же 28 %га көп, 3231 долбоор иштелип чыккан, бул 2012-жылга караганда 1082 долбоорго же 50,4 %га көп.
2013-жылы 151 ченемдик-техникалык документ иштелип чыккан (Курулушта стандартташтыруу жана техникалык ченемге салуу боюнча мамлекеттер аралык илимий-техникалык комиссиянын (МАИТК) линиясы боюнча 140, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары – Курулуш агенттиги) линиясы боюнча - 11 документ иштелип чыккан). 140 ченемдик документтердин ичинен (ЧД) МАИТК линиясы боюнча иштелип чыккан 57 ЧД колдонууга киргизилген, калган 83 ЧД толуктап иштеп чыгууда.
“Курулушсертификаттоо” республикалык борбору 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитация борборунда өзүнүн аккредитациялык статусунун эл аралык стандарттардын жана шайкештикти баалоо боюнча органдарга карата улуттук аккредитациялоо тутумунун талаптарына шайкеш келүүсүн ырастады, сертификация боюнча орган катары 2013-жылдын 3-октябрындагы №КG 417/КЦА.ОСП жаңы аккредитация аттестатын 3 жылдык мөөнөткө алды. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын сыноо жүргүзүүчү лабораториялары өздөрүнүн аккредитациялык статустарын ырасташты.
Республикада ташылып келүүчү жана чыгарылуучу курулуш продукцияларынын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу, иштин көлөмүнүн натыйжасы катары 2012-жылга салыштырмалуу курулуш материалдарынын шайкештигин баалоо боюнча иш 11,7 %га, жана сыноо боюнча иш45 %га өстү.
Бюджетке салыктарды жана жыйымдарды чегерүү көбөйдү жана 8,9 млн сомду түздү, бул 2012-жылга салыштырмалуу 1,2 млн сомго же 15 %га көп.
2013-жылы экспертизага 1641 долбоордук-сметалык документ түшкөн, 1408 долбоордук-сметалык документке долбоордук-техникалык экспертиза жүргүзүлгөн;
Рыноктук чарбалык шарттарда бааларды түзүүнүн рыноктук ыкмасын камтыган жаңы жыйнактарды иштеп чыгуу өтө зарыл. 2010-жылы Курулуш агенттиги баа түзүүнүн колдонуудагы тутумун реформалап баштаган, Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш ИИИ тарабынан иштер жүргүзүлүүдө. 2010-2013-жылдардагы өздөштүрүлгөн каражаттын жалпы суммасы 6 млн сомду түздү. БТКМ (бирдиктүү тарифтик-квалификациялык маалымдама) иштелип чыкты.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү жана суу агындылоо департаменти тарабынан 2013-жылы төмөнкү иштер жүргүзүлдү:
- 2014-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыкты;
- калктын жана башка керектөөчүлөрдүн ичүүчү сууга төлөө тарифтерин аныктоо боюнча методикалык сунуштама иштелип чыкты;
- облустарда калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча бир катар семинарлар өткөрүлдү.
Турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты алдыга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын жаңы Турак жай кодексине шайкеш келтирүү үчүн турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлдү.
2013-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгарылышы 297,3 млрд сом көлөмүндө болуп, реалдуу өсүш темпи 105,4 %ды түздү. Соодадагы 6,9 %га өсүш (салымы 2,3 пайыздык пункт), транспорт жана байланыш тейлөө чөйрөсүндөгү 5,8 %га жана 19,5 %га өсүштөр (салымдар тиешелүүлүгүнө жараша 0,6 жана 1,8 пайыздык пункт) менен кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылды.
ИДПнын түзүлүшүндөгү тейлөө чөйрөсүнүн оң салым кошуусу 2,46 пайыздык пункт деңгээлинде бааланат, анын салыштырма салмагы ИДПнын өндүрүштүк түзүмүндө 47,6 %ды түзөт.
11-таблица
Көрсөткүчтөр | 2012-ж. | 2013-ж. | 2013-ж. | 2013-ж. четтөө (+,-) | |
иш жүзүндө | алдын ала иш жүзүндө | күтүлүүчү | 2012-жылдан | 2013-ж. күтүлүүдөн | |
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң өндүрүшү, млн сом | 266226,7 | 297307,5 | 299892,9 | 31080,8 | -2585,4 |
Өсүш темпи, % | 106,6 | 105,4 | 105,7 | -1,2 | -0,3 |
Баалар индекси, % | 107,5 | 106,0 | 109,8 | -1,5 | -3,8 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
Соода, автомобилдери, тиричилик буюмдарын оңдоо, млн сом | 85985,2 | 97870,2 | 96944,6 | 11885,0 | 925,6 |
Өсүш темпи, % | 110,2 | 106,9 | 107,5 | -3,3 | -0,6 |
Мейманканалар жана ресторандар, млн сом | 12277,6 | 14555,6 | 14424,3 | 2278,0 | 131,3 |
Өсүш темпи, % | 111,9 | 111,1 | 108,1 | -0,8 | 3,0 |
Транспорт, млн сом | 32775,5 | 37329,8 | 41134,3 | 4554,3 | -3804,5 |
Өсүш темпи, % | 109,3 | 105,8 | 107,8 | -3,5 | -2,0 |
Байланыш, млн сом | 21568,6 | 25800,3 | 24262,7 | 4231,7 | 1537,6 |
Өсүш темпи, % | 109,7 | 119,5 | 112,5 | 9,8 | 7,0 |
Маалымат үчүн: айрым өлкөлөрдөгү кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүш темптери: Россияда – 2,1 %, Казакстанда – 7,4 %, Кытайда – 8,3 %, Беларуссияда – 3,2 %.
Транспорт кызматынын дүң чыгарылышы 37,3 млрд сом көлөмүндө болуп, реалдуу өсүштүн темпи 105,8 %ды түздү, ошону менен бирге транспорттун бардык түрлөрүнүн жүк ташуусу 3,0 %га жогорулады.
2013-жылда автомобиль транспортунда жүк ташуунун көлөмүнүн өсүшү жеке ишкерлер аткарган ташуулардын көбөйүшү менен шартталган. Транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөрдү ташуу 7,8 %га өстү.
2013-жылдагы жүргүнчү жана жүк ташуулардын чөйрөсүн жөнгө салуу максатында автотранспорт ишинин бардык түрү боюнча баш аягы 7 млн сомго 23471 лицензия берилген, анын ичинен:
жүргүнчүлөрдү ташууга -13698;
жүк ташууга - 9375;
автовокзалдардын жана автостанциялардын иштерине - 12;
ЖЧКнын ишине - 386.
38 өлкөнүн аймагы боюнча жүрүүгө 85,5 млн сом суммасында 43074 уруксат берилген. Ата мекендик авто ташуучулар аркылуу 67876 барып-келүү аткарылган, мунун эсебинен 988356 тонна жүк ташылган. Салыштыруу үчүн, 2012-жылы 62113 барып-келүү аткарылып, 884074 тонна жүк ташылган.
Эл аралык автотранспорт рыногунда ыңгайлуу шарт түзүү, ата мекендик автожүкташуучуларды эл аралык транспорттук тутумун интеграциялоо жана алардын кызыкчылыгын эл аралык автомобиль катнашында коргоо максатында эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө өкмөттөр аралык 19 жана ведомстволор аралык 2 келишим түзүлгөн. 17 мамлекет менен эки жааттуу ташуулар ишке ашырылып жатат, алар менен уруксат бланкаларын алмашуу жөнүндө маселе чечилген. Бардыгы болуп, 2013-жылы эл аралык автомобиль ташууларына алмашуу тартибинде 50 800 уруксат бланкы алынды.
Темир жол транспорту аркылуу ташуулардын көлөмү 1,4 млрд сом деңгээлинде түзүлдү жана реалдуу түрдө 21,6 %га өстү. Кыргыз темир жолу аркылуу 2013-жылы 7390 миң т көлөмдө жүк ташылды, же 2012-жылга карата 106,9 %га өстү. Ушуну менен бирге жүк ташуу 2013-жылы 1 001,7 млн т км түздү, же 2012-жылга карата 108,6 %га өстү. Жүк ташууну жүгүртүүнүн өсүшү Кыргыз темир жолунун жүктөрдү түшүрүү жана жүктөөнүн эсебинен жетишилди. Ошентип, 2012-жылга карата жүктөрдү жөнөтүү 121,6 %дын деңгээлинде түзүлдү: көмүрдү чыгаруу – 122 %, кара металлды – 150 %, металл таштандысы – 70 %, транспорт каражаты – 48 %, курулуш жүктөрү – 167 %, цемент – 137 %, кант – 756 %, тамак-аш тобунун азыктары – 122 %.
2013-жылы ташып келүү 105,5 %ды түзгөнүн белгилеп кетүү керек, анын ичинен: нефтепродуктулар – 100 %, көмүр – 88 %, курулуш жүктөрү – 111 %, цемент – 72 %, майдаланган шлактар – 134 %, дан, ун – 87 %.
Кыргыз темир жолунун жумушунун маанилүү багыттарынын бири калктын жүргүнчүлөрдү ташуу талаптарын камсыздоо болуп эсептелет.
2013-жылы Кыргыз темир жолу аркылуу 406998 жүргүнчү ташылган, анын ичинде мамлекет аралык катнашта 104281 адам ташылган, бул 2012-жылга караганда 142239 жүргүнчүгө аз.
Республикада калкты ташуунун сапатын жана деңгээлин жогорулатуу үчүн шарт түзүү максатында төмөнкү каттамдар иштейт: Бишкек–Москва, Бишкек– (Свердловск) Екатеринбург, Бишкек–Новокузнецк–Новосибирск.
Жүргүнчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, таза конкуренциянын шартында жана өткөрүлүп жаткан мамлекеттик саясатка жараша эл аралык жана ички аба линиялары боюнча авиабилеттерге тарифтер төмөндөтүлдү. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча регулярдуу эл аралык жана ички аба линияларында авиарейстердин саны көбөйтүлдү, анын ичинде, Россия Федерациясынын аймагында авиакомпаниялар түздөн-түз учууну аткара ала турган шаарлардын саны 10дон 25 пунктка чейин көбөйдү, мунун натыйжасында аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу 2,4 млн адамды түздү, бул 2012-жылдын көрсөткүчүнөн 27,9 %га көп.
Ошондой эле төмөнкү иштер жүргүзүлдү:
учуучу-конуучу тилке, учак жүрүүчү жол жана эл аралык “Ош” аэропортунун аэровокзалдык комплекси реконструкцияланды;
Баткен, Исфана, Жалал-Абад аэропортунун техникалык абалын ылайык келтирүү боюнча аэропорттордун жасалма төшөлмөсүн реконструкциялоо багытындагы долбоордук жумуштарды өткөрүүгө жалданма мекемени аныктоо үчүн тендер өткөрүлдү. Аэропортторду реконструкциялоо боюнча жумуштардын наркы: “Баткен” аэропорту – 531 млн сомду, “Исфана” аэропорту – 202 млн сомду, “Жалал-Абад” аэропорту – 239 млн сомду түзөт;
аэропорттордо аэронавигациялык жабдууларды модернизациялоо ишке ашырылды жана АКШ Өкмөтү бөлүп берген гранттын чегинде “Манас” эл аралык аэропортунда Мунара курулду жана Кыргызстандын аймагында 26 мультилатерациялык станция орнотулду, бул Кыргызстандын аба мейкиндигин толук кучагына алат.
2013-жылы байланыш кызматы 19,5 %га жогорулады жана дүң чыгарылышы 25,8 млрд сомду түздү, анын ичинде 2013-жылы почта жана электр байланыш кызматынын көлөмү 25,1 млрд сомду, 2012-жылга салыштырганда 119,5 %ды түздү.
Уюлдук байланыштын абоненттеринин саны 6 737 487 жетти, бул Кыргызстандын калкынын жалпы санына карата 118,6 %ды камтыйт. Мобилдик абоненттердин жыйынтыкталган саны, туруктуу байланыш тармактардын абоненттик (461 277 абонент) базасынан 14,6 эсеге ашык. Туруктуу байланыш тармактардын абоненттик базасынын азайышын, мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрлөрүнүн көбөйүшү жана ошондой эле WiMax, 3G, LTE сыяктуу жаңы өткөргүчтөрсүз технологиялардын колдонулуп жатышы менен түшүндүрүүгө болот. Интернет кызматын колдонуучулардын саны 4,1 млн жетти.
Санариптик берүүгө өткөрүү долбоорун ишке ашыруу алкагында, чыгуучу кубаттуулугу 250 Ватт болгон 7 даана санариптик телекөрсөтүү өткөргүчтөрү жана чыгуучу кубаттуулугу 30 Ватт болгон 25 даана санариптик телекөрсөтүү өткөргүчтөрү орнотулган.
Мейманкана менен ресторандардын дүң кызмат көрсөтүүлөрү 14,5 млрд сом көлөмүндө болуп, реалдуу өсүш темпи 111,1 %ды түздү, муну менен бирге мейманканалар 115,1 %га, ресторандар 110,4 %га жогорулады. Мейманкана жана ресторандардын кызматынын өсүшүнө туристтик жагымдуулукту жогорулатуучу чаралар: туристтик жарманке жана фестивалдардын өткөрүлүшү, ата мекендик жана чет өлкөлүк ММК мамлекеттин туристтик потенциалы тууралуу маалыматтык роликтердин көрсөтүлүшү көмөк көрсөттү.
2013-жылы туристтик иш чөйрөсүндөгү дүң жыйым 36,4 млрд сомду түздү, туристтик иш чөйрөсү ИДПнын 4,5 % үлүшүн түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 0,1 %га азайган.
Акыркы алты жыл ичинде Кыргыз Республикасына чет өлкөдөн келген жарандардын саны өсүп, 3,1 млн адамга жеткен. 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө ылайык келүүчүлөрдүн саны жогорку чекти түзгөн. Аны 44 мамлекет үчүн визасы жок кирүү режимин киргизүү менен түшүндүрүүгө болот.
2013-жылы эс алуучулардын саны 1,1 млн түзүп, 2012-жылга караганда 11,5 %га кыскарган. Уюштурулган сектордо эс алуучулардын саны 601,2 миң адамды түзсө, уюштурулбаган сектордо 460,5 миң адамды түзгөн.
Республикага келген туристтердин негизги бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келет. 2013-жылы туристтердин саны 2012-жылга караганда кыскарган. Жагдайга Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы саясий абал жана бубон чумасы сыяктуу окуялар таасир тийгизген. Туристтерди тартуу боюнча Казакстан Республикасы негизги рыноктордун бири болгондуктан, туристтердин санынын азаюсунун негизги фактору “Алматы–Тамчы” рейсинин токтотулушу, ошондой эле Казакстан тараптын 2013-жылдын 1-июнунан тартып балдарга карата кошумча талаптарды киргизиши менен түшүндүрүлөт.
2013-жылы туристтик кызматты экспорттоодон түшкөн каражаттардын суммасы 560,5 млн АКШ долл. түздү, бул 2012-жылга салыштырмалуу 149,7 млн АКШ долл. өскөн.
УСКнын маалыматы боюнча 2013-жылы туризм чөйрөсүнөн түшкөн инвестиция 7,5 млрд түзүп, 2012-жылга салыштырмалуу 503 миң сомго азыраак болгон.
Кыргызстанга келген туристтердин санын көбөйтүү максатында, төмөнкү жарнама-маркетинг иш-аракеттери өткөрүлгөн:
- “Интурмаркет-2013”, “Жай-2013”, “Тур/SITT-2013”, KITF 2013, эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катышуу аркылуу туризм чөйрөсүндө бизнес келишимдери түзүлгөн;
- Биринчи эл аралык IBMF 2013 сулуулук жана модель фестивалы Бишкек шаарында өткөрүлгөн, ага 20дан ашуун мамлекеттен келген 40 өкүл катышкан;
- Урүмчү (СУАР, КЭР) шаарында эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда Кыргызстан менен КЭР ортосундагы туризмди өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
- Нарын шаарында инвестициялык бизнес-форум жана Салкын-Төрдө “Кыргыз шырдагы” фестивалы өткөрүлгөн.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 231,7 млн сомду түзүп, 2012-жылга караганда 1,2 млн сомго азайган (2012-жылы – 232,9 млн сом), бул жарандык абалдын актыларын каттоодо мамлекеттик алымдын айрым түрлөрүн жокко чыгаруу, ошондой эле КР жаранынын паспортун биринчи жолу алып жаткан 16 жаштагыларга паспортторду бекер берүү боюнча пилоттук долбоорго байланыштуу.
12-таблица
№ | Аталышы | 2012-ж. миң сом | 2013-ж. миң сом | Четтөө (+,-) | Өсүү темпи, % |
1.
| Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоодон | 71724,2 | 77976,1 | 6251,9 | 109 |
2. | Калкты каттоодон | 126423,7 | 121504,6 | -4919,1 | 96 |
3. | Жарандык абалдын актыларын каттоодон | 15409,7 | 14571,4 | -838,3 | 94 |
4. | Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодон | 1029,6 | 4082,2 | 3052,6 | в 4 раза |
5. | Түшүүнүн башка түрлөрү | 18264,6 | 13554,0 | -4710,6 | 74,2 |
| Бардыгы | 232851,8 | 231688,3 | - 1163,5 | 99,5 |
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жайыт жер участокторун кайтарымсыз негизде тутумдук каттоо боюнча иштер аяктады. 386 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу тууралуу мамлекеттик актыларды толтуруу менен жерге жайгаштыруу документтери түзүлгөн.
Көрүлгөн чаралар соода-сатык, тартуулоо, алмашуу, кийин сатып алуу менен ижарага алуу боюнча бүтүмдөрдү бекитүү процессин жакшыртты. Жетишкен ийгиликтер Кыргызстан боюнча “Бизнес жүргүзүү – 2013” (Doing Business) Дүйнөлүк Банктын отчетунда белгиленген, анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын каттоо тутуму 183 өлкөнүн ичинен 9-орунду ээледи.
Quantum GIS 1.8. ачык коду менен программалык камсыздоо платформасында иштелип чыккан Автоматташтырылган кадастр тутумунун (АКС) жаңы жоромолун иштеп чыгуу аяктады.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо. 2013-жылы айдоочу кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзгөн 229 окуу уюму катталган. Жогоруда аталган окуу уюмдарына (автомектептерге) 247 комплекстик жана 1138 контролдук текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада аныкталган мыйзам бузуулар үчүн 51 автомектептин иши токтотулган жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу тууралуу 351 эскертүү берилген.
Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп Кыргыз Республикасынын жарандарына 786 647 паспорт берилген, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID) – 541 995 даана, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (IР) – 244 652 даана, кызматтык паспорт – 233 даана жана дипломатиялык паспорт – 326 даана.
Техникалык долбоорлорду ишке ашыруу жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу. Ишке ашырылган коргоо механизми менен “Gosnomer.kg” сайты иштелип чыккан, анда автомобилдердин сатылган жана бош номердик белгилери “on-line” режиминде чагылдырылат.
Архивдик иш. 2013-жылы мамлекеттик архивдер тарабынан мамлекеттик сактоого кабыл алынган документтерди сактоо максатында иштердин адаттагы түрлөрү аткарылды. Кагаз түрүндөгү документтердин 99251 барагы кайра оңдолгон, 14448 сактоо бирдиги мукабаланган жана тигилген, 3693 барак өчүп калган тексттер кайра калыбына келтирилген, кинодокументтердин 4786 сактоо бирдигине, фотодокументтердин 1641 сактоо бирдигине жана 247163 кадр кагаз түрүндөгү документтердин камсыздандыруу фондуна консервациялык-профилактикалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөн.
Отчеттук мезгилде республиканын архивдик мекемелери документтердин илимий-маалымдоо аппаратын түзүү жана жакшыртуу боюнча иштерди улантышты. Документтердин тизмелеринин абалын текшерүү, аларды жакшыртуу жана кайра иштеп чыгуу, тизмелердин нускамаларын кайра калыбына келтирүү, тарыхый маалымкаттарды жана титулдук барактарды түзүү жүргүзүлдү.
Иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууда жана жаңы нускаманы практикалык колдонууда комплектөө мекемелерине-булактарына методикалык жардам көрсөтүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517-токтомун ишке ашыруу бардык мамлекеттик архивдердин комплектөө булактары-мекемелери менен иштөөсүнүн артыкчылыктуу багыты болуп калды. Бардыгы болуп 26 семинар өткөрүлүп, 619 угуучу чакырылган.
2013-жылы 37 көргөзмө, 25 телеберүү жана 27 радио уктуруу, 106 макала жана документтер тандамалары даярдалды. Алардын тематикасы мааракелерге жана унутулгус күндөргө: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери А. Масалиевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына, генерал И.В. Панфиловдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери Н. Исановдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына жана жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган.
2013-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү финансылык эмес активдерди сатууну эсепке алуу менен 101922,7 млн сомду, же 2012-жылга карата 117,1 %ды түздү. Операциялык иштен алынган мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көлөмү 101786,4 млн сомду, же белгиленген пландык тапшырманын 98,9 %ын түздү. Финансылык эмес активдерди сатууну эсепке алуу менен бюджеттин кирешелери 101922,7 млн сомду түздү. Бюджетке 1145,8 млн сом аз түштү. 2012-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу, бюджеттин жалпы кирешелери 17,3 %га, же 15014,3 млн сомго өстү. Бул өсүш салыктык кирешелер, салыктык эмес кирешелер жана эл аралык донорлордон алынган программалык гранттар сыяктуу кирешелердин бардык булактарынын өсүшүнө байланыштуу болду.
МИПтин гранттарын жана атайын каражаттарды эсепке албаганда, жалпы кирешелердин планы 100,6 %га аткарылып, ашыкча аткаруу суммасы 512,4 млн сомду түздү. 2012-жылдын деңгээлине салыштырмалуу МИП гранттарын жана атайын каражаттарды эсепке албаганда жалпы кирешелердин көлөмү 14 595,2 млн сомго, же 19,2 %га көбөйдү.
Салыктык кирешелердин көлөмү отчеттук жылда 72 842,4 млн сомду, же пландан 1 273,1 млн сомго кем жыйноо менен 98,3 %ды түздү, бул салык кызматы тарабынан планды 1 411,5 млн сомго аткарбагандыгы менен шартталды. Мында, салыктык кирешелердин жалпы көлөмү 2012-жылга салыштырганда 14,0 %га, же 8931 млн сомго өсүшү белгиленди.
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча салыктар жана төлөмдөр 36 958,4 млн сом өлчөмүндө, же план 100,4 %га камсыздалган. Импорттук продукцияларга акциз салыгынан түшүүлөрү 369,3 млн сомго жана бирдиктүү чендеги бажылык алымдар, салыктар боюнча бажы төлөмдөрүнүн 866,8 млн сомго көбөйүүсүнүн эсебинен ашыкча аткаруу суммасы 138,4 млн сомду түздү.
Мында, импорттук продукцияга КНС боюнча белгиленген пландар дээрлик 530 млн сомго, импорттук бажылык алымдар 532,6 млн сомго жана бажылык жазып-каттоо боюнча жыйым 92,6 млн сомго аткарылган жок. Көрсөтүлгөн төлөмдөр боюнча планды кем жыйноонун негизги себеби товарлардын импортунун көлөмүнүн болжолдонгон өсүшүнө жетпей калуусу болуп саналат. УСКнын маалыматы боюнча 2013-жылы импорттун көлөмүнүн өсүшү доллар боюнча туюнтууда 8,8 %ды түздү, ал эми 2013-жылдын бюджети импорттун көлөмүнүн доллар боюнча туюнтуусунда 15,4 %га өсөөрү болжолу менен түзүлгөн болчу. Ошентип, 2013-жылы импорттун көлөмү иш жүзүндө 6 069,7 млн АКШ долл. түздү. 2013-жылдын бюджети импорттун көлөмүнүн 6 200 млн АКШ долл. болжолунун негизинде түзүлгөн.
Салыктык жана бажылык төлөмдөр боюнча планды аткаруу төмөндөгүдөй болду:
- импортко КНС 22578,8 млн сом планында 22048,9 млн сом жыйналган;
- акциз салыгы 2654,0 млн сом планында 3023,3 млн сом суммасында жыйналган;
- бажылык төлөмдөр 11587,2 млн сом планында 11886,2 млн сом суммасында жыйналган.
Бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү өткөн жылга карата 23 %га, же 6 879,2 млн сомго өскөн, бул:
- импорттун көлөмүнүн 8,8 %га өсүшүнө;
- акциз салыгынын чени аракка 26 сомдон 40 сомго чейин жана тамеки заттарына көбөйүшүнө;
- бензиндин чени 1 тоннасы үчүн 1100 дөн 2200 сомго чейин көбөйүүсүнө байланыштуу болду.
Бардык салыктар жана төлөмдөр боюнча түшүүлөрдүн өсүшү байкалууда:
- импортко КНС боюнча 3 413,1 млн сомго, же 18,3 %га;
- импортко акциз салыгы боюнча 1 009,4 млн сомго, же 50,1 %га;
- бажылык төлөмдөр боюнча 2 456,7 млн сомго, же 26,1 %га.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары – МСК) тарабынан отчеттук жылда салык жана салыктык эмес кирешелер 35 884,0 млн сом суммасында, же планга карата 1 411,5 млн сомго кем жыйноо менен 96,2 %ды түздү. Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, МСКнын кирешелеринин планы 96,6 %га аткарылган, бул тактап айтканда дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын арзандашына, КНС төлөө боюнча айрым жеңилдиктерди берүүгө, арак өндүрүүнүн көлөмүнүн аткарылбай калышынын жана “Реемстма Кыргызстан” ААКсынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн азайышына байланыштуу болду.
2012-жылдын деңгээлине салыштырганда МСКнын кирешелери 6,1 %га, же 2 051,8 млн сомго өстү. Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, МСКнын кирешелери 10,3 %га, же 3 027,7 млн сомго өстү.
Бул өсүш төмөнкүлөргө шартталды:
-экономиканын өсүшү менен (ИДПнын номиналдык өсүшү 12,7 %, Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын номиналдык өсүшү 10,3 %);
-жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана кармап турууга чегерүүлөрдү киргизүү менен;
-жер казынасын пайдалануучуларга лицензия берүү жана жаңы кен казуу жерлеринен бонустарды алуу менен;
-уюлдук компаниялар үчүн сатуудан салыктын, аракка жана тамекиге акциз салыгынын чендерин көбөйтүү;
-Жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча резервдерди табуу боюнча иш-чаралар планын бекитүүдөн (Өкмөттүн 2013-жылдын 17-майындагы №184-б буйругу) болду.
13-таблица
Көрсөткүчтөр | 2012-ж. иш жүзүндө | 2013-ж. алдын ала иш жүзүндө | өсүш темпи (%) | 2013-ж. план | аткаруусу (%) |
Салыктык түшүүлөр | 63 911,4 | 72842,4 | 114,0 | 74 115,5 | 98,3 |
анын ичинде: | |||||
КРӨгө караштуу МСК | 33 832,2 | 35884,0 | 106,1 | 37295,5 | 96,2 |
КРӨгө караштуу МБК | 30079,2 | 36 958,4 | 122,9 | 36820,0 | 100,4 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 17 252,4 | 19754,8 | 114,5 | 18733,9 | 105,4 |
Алынган расмий трансферттер | 5 608,2 | 9 189,2 | 163,9 | 10082,8 | 91,1 |
Бардыгы | 86 772,0 | 101 786,4 | 117,3 | 102932,2 | 98,9 |
Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздардан 233 млн сом, дивиденддерден 153,1 млн сом, мамлекеттик ишканалардын пайдасынан 239,1 млн сом, ижара акысынан 257,5 млн сом, мамлекеттин пайдасына жүгүртүлгөн кирешелерден 244,1 млн сом жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана кармап турууга чегерүүлөрдөн 20,7 млн сом өлчөмүндө түшүүлөрдүн эсебинен планды 5,4 %га, же 1 020,9 млн сомго ашыкча аткаруу менен 19 754,8 млн сомду түздү. 2012-жылга салыштырмалуу жыйымдар 14,5 %га, же 2 502,4 млн сомго өстү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан республиканын бюджетине мамлекеттик мүлктү башкаруудан кирешелердин түшүүсү 3 202,9 млн сом суммасында камсыздалган, пландык көрсөткүч 114,6 %га аткарылган. Дивиденддерден түшүүлөрдүн эсебинен 153,1 млн сомго, мамлекеттин менчигинде тургандардын ижара акысынан 16,4 млн сомго жана МИ пайдасынан план 239,1 млн сомго ашыкча аткарылган.
МИ пайдасынан жыйымдардын көбөйүшү “Манас” отун-май куюучу комплекси” МИден түшүүлөрдүн 432 млн сомго өсүшүнө байланыштуу болду. Мында, “Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62-токтомуна толуктоолорду киргизүүгө ылайык “Кыргызтемиржол” Улуттук компаниясын 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча бошотулган каражаттарды тепловоздорду сатып алууга багыттоо үчүн 2013-жылы бюджетке пайдадан алынуучу салык төлөөдөн бошотуу Мамлекеттик ишкананын пайдасынан түшүүлөрдүн жалпы көлөмүнө терс таасирин тийгизди. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддерден планды ашыкча аткарууга карабастан түшүүлөрдүн деңгээли 2012-жылдын фактысына карата 11,6 %га, же 211,3 млн сомго төмөндөгөнү белгиленген, бул энергия компанияларынан, “Кыргызгаз” ААКдан, “Манас Эл аралык аэропортунан” түшүүлөрдүн азайышынын эсебинен болду. Ошондой эле, дивиденддерден түшүүлөрдүн деңгээлинин төмөндөшү 2012-жылы “Центерра Голд Инк”, “Чакан ГЭС” ААКдан төлөмдөрдүн 150 млн сомдон ашык түшүүсүнө байланыштуу болду.
2013-жылы расмий гранттардан түшүүлөр планды 893,6 млн сомго кем аткаруу менен 9 189,2 млн сомду түздү, бул негизинен МИП гранттарынын 1 004,9 млн сомго түшпөй калуусуна байланыштуу болду. 2012-жылдын деңгээлине карата гранттардын түшүүлөрү Россия грантынын 75 млн АКШ долл., АӨБ гранты 20 млн АКШ долл. жана ДБ грантынын 11,3 млн АКШ долл. өлчөмүндө түшүүлөрүнүн эсебинен 3 581 млн сомго көбөйдү.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү 104268,8 млн сом суммасында, же 109525,8 млн сом суммасындагы пландан 95,1 %га аткарылган. Операциялык иштердин мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 86 600,7 млн сомду түздү.
ИДПнын көлөмүнө карата мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгашалары өткөн жылга карата 4,7 пайыздык пунктка азаюу менен 29,8 %ды түздү.
Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын калдыгы, 2014-жылдын 1-январына карата абал боюнча 3886,4 млн сомду (жыл башына бюджеттик каражаттардын 941,7 млн сом суммасындагы калдыгын эсепке алуу менен) түздү.
2013-жылы мамлекеттик бюджеттен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 55142,9 млн сом каржыланган.
2013-жылы мамлекеттик бюджеттен чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча 10431,5 млн сом каржыланган.
2013-жылы социалдык чөйрөгө мамлекеттик бюджеттен чыгашалардын салыштырма салмагы 57,3 %ды (59717,9 млн сом) түзүп, өткөн жылга караганда 5 043,9 млн сом көп каралган.
14-таблица
Көрсөткүчтөр | 2012-ж. | 2013-ж. | Сал.салм., % | 2012-жылдан четтөө (+,-) |
Бардыгы | 54674,0 | 59717,9 | 57,3 | 5043,9 |
Социалдык коргоо | 17 498,5 | 20433,3 | 19,6 | 2934,8 |
Билим берүү | 22925,9 | 24045,2 | 23,1 | 1119,3 |
Саламаттык сактоо | 11 645,2 | 12319,1 | 11,8 | 673,9 |
Эс алуу, маданият жана дин | 2 604,4 | 2920,3 | 2,8 | 315,9 |
Мамлекеттик бюджеттин финансылык терс балансы 2013-жылы отчеттук маалыматтар боюнча 2346,1 млн сомду түздү.
Капиталдык салымдар. “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2 380,0 млн сом көлөмүндөгү каражат бекитилген. Мамлекеттик курулуштар жана объекттердин бекитилген тизмесине ылайык бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууну эсепке алуу жана мамлекеттик “капиталдык салымдар” беренесинин алкагындагы объекттер боюнча каражаттарды өздөштүрүүнү эсепке алуу менен заказчылардын сунуштарына ылайык 2013-жылы республикалык бюджеттен “капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2 200,9 млн сом суммасында каржылоо ачылган.
Бул каражаттар категориялар боюнча бөлүштүрүлгөн, анын ичинде: билим берүү объекттерине 824 553,5 миң сом көлөмүндө, же пайыздык катышта 37,5 %; саламаттык сактоого 197 044,4 миң сом, же 9,0 %; маданият жана спортко 22 500,0 миң сом, же 1 %; турак жай-коммуналдык чарбага 254439,6 миң сом, же 11,6 %; автожолдорго жана көпүрөлөргө 417 954,4 миң сом, же 19,0 %; ирригация объекттерине 179 500,0 миң сом, же 8,2 % жана коргоого жана укук тартибине 305 000,0 миң сом, же 13,7 %.
2013-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын (тышкы жана ички) өлчөмү 3,4 млрд АКШ долл. түздү, анын ичинен:
- 93 % мамлекеттик тышкы карызды түзөт: 3,1 млрд АКШ долл.;
- 7 % мамлекеттик ички карызды түзөт: 241,1 млн АКШ долл.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы жана ички) карызын тейлөөгө иш жүзүндө 13 939,585 млн сом суммасындагы каражат багытталган, анын ичинен:
- мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 3 773,203 млн сом;
- мамлекеттик ички карыз боюнча – 10 166,382 млн сом.
Өкмөт өлкөнүн мамлекеттик карызын төлөмдөр боюнча мөөнөтүн өткөрүүгө жол бербестен өз учурунда жана толук көлөмдө төлөмдөрдү ишке ашырат.
2013-жылы мамлекеттик баалуу кагаздарды (Мамлекеттик казыналык векселдер (мындан ары - МКВ) жана мамлекеттик казыналык облигацияларды (мындан ары - МКО) чыгаруудан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине иш жүзүндө 7602,404 млн сом суммасындагы каражат түштү, алардын ичинен:
- МКВны жайгаштыруунун эсебинен – 5 342,759 млн сом, анын ичинен:
- 3 айлык МКВ - 205,937 млн сом;
- 6 айлык МКВ – 1 516,953 млн сом;
- 12 айлык МКВ – 3 619,869 млн сом;
- МКОну жайгаштыруунун эсебинен – 2 259,645 млн сом.
Өкмөттүн ишинин бирден бир багыты тышкы экономикалык саясатты өнүктүрүү жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өлкөнүн экономикалык коопсуздук режимин түзүү, эл аралык эмгекти бөлүштүрүүдө жана кооперациялоодо өлкөнүн катышуусун оптималдаштыруу, көп тараптуу экономикалык кызматташтык уюмдарында өлкөнүн катышуусунун майнаптуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын экономикасына түз инвестицияларды тартуу маселелери болуп саналат.
2013-жылы тышкы экономикалык иш эл аралык позицияларды андан ары бекемдөөгө, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чыңдоо үчүн кыйла жагымдуу тышкы шарттарды түзүүгө багытталган.
Өлкөнүн тышкы саясатынын эки жана көп тараптуу күн тартибинде энергетикалык коопсуздукка жетүүгө багытталган күч аракеттер жумшалууда. Гидроэнергетика, электр түйүндөрүн өнүктүрүү, көмүртек менен суутектин кошундусунан турган жаңы жана кошумча ресурстардын булагын табуу жаатындагы долбоорлорду алга жылдыруу иштин эң маанилүү багыттары болуп саналат.
Региондук суу-энергетикалык өз ара аракеттенүү маселелери Кыргызстандын тышкы саясатынын бардык багыттары боюнча ар бир сүйлөшүү аянтчаларында талкууланды.
БУУнун экинчи комитетинде жана БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешинин ишинде Кыргыз Республикасынын тышкы карыздар жана өнүгүү, салык маселелери боюнча эл аралык кызматташтык, байланыштуулук маселелери, туруктуу өнүгүүнү каржылоо контекстинин алгылыктуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын иштеп чыгууга көңүл бурулган.
Региондук деңгээлде негизги өз ара аракеттенүү Европа Экономикалык Комиссия (ЕЭК) жана БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (АТОЭСК) менен жүргүзүлүүдө.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн программаларда мамлекеттик-менчик өнөктөштүк, чектеш соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана башка маселелер боюнча өз ара аракеттин негизги багыттары аныкталган.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тышкы саясий маанилүү маселеле катары Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда (БДСУ) соода саясатын кароону жактады жана Кыргыз Республикасын эл аралык милдеттерди аткаруучу мамлекет катары ырастады.
БУУнун соода жана өнүгүү конференциясынын жетекчилиги менен жетишилген макулдашуу Алма-Ата аракеттер программасынын алкагында соода кызматташтыгын өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясатын жана Бажы уюмуна кирүү натыйжаларын кароого мүмкүндүк берет.
Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Төмөнкү өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындары ийгиликтүү өткөрүлдү:
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 22-апрелинде жана Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) 2013-жылдын 17-декабрында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиянын 15 жана 16-жыйындары өттү. Аталган Комиссиянын жыйындарынын жүрүшүндө өкмөттөр аралык Экономикалык кызматташуунун жаңы программасына кол коюуну даярдоо чечилди, 2012-жылдын 20-сентябрындагы өкмөттөр аралык келишимдин алкагындагы Камбарата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана пайдалануу тууралуу маселелерди ишке ашыруу талкууланды. Биргелешкен өндүрүштү түзүү жана коргоо-өнөр-жай комплексиндеги ишканалардын продукцияларын өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Айыл чарба продукциясын бир-бирине өткөрүү, ошондой эле мал чарба, канаттуу жана балык өндүрүү тармагына тең салмактанган тоютту өндүрүү боюнча жаңы ишканаларды узак мөөнөттүү лизинг шартында куруу маселелери каралды. Эки мамлекеттин региондорунун арасында авиа ташууларды өнүктүрүү, “Ош” жана “Манас” эл аралык аэропортторун эл аралык аренага жылдыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасында Россия үчүн эмгек кадрларын даярдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, миграцияга чейинки даярдоону жана орус тилин билүү тесттерин өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Дүйшөнбү шаарында (Тажикстан) 2013-жылдын 16-17-майында өкмөттөр аралык кыргыз-тажик эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча комиссиянын 12-жыйыны өттү, анын жүрүшүндө эки мамлекеттин чек ара аймагында жайгашкан калктуу конуштарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, бири-бирине электр энергиясын өткөрүү жана транзит боюнча макулдашууга жетишилди. Суу ресурстарын сарамжал колдонуу боюнча кызматташтык жана Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы объектилеринин статусун аныктоо боюнча маселелер талкууланды. Тараптар эл аралык автотранспорт ташууда жана транзитте тоскоолдуктарды жоюу боюнча керектүү чараларды алдын алуу боюнча макулдашты. Чек араны коргоо, кыргыз-тажик чек арасынан жарандарды, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү боюнча жумуштарды аткаруу улантылат.
Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 19-июнунда өкмөттөр аралык Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын 5-жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө энергетика жана инженердик камсыз кылууда, геологиялык чалгындоо жумуштары жана минералдык ресурстарды чыгарууда, өнөр жайында, айыл чарба продукцияларын жеткирип берүүдө, унаада, жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоодо, эмгек жана жумуштуулукта, миграцияда, жаштар саясатында, социалдык өнүгүүдө, саламаттыкты сактоодо жана башка багыттардагы өз ара кызматташтыкты алып баруу талкууланды.
Киев шаарында (Украина) 2013-жылдын 4-5-июлунда өкмөттөр аралык кыргыз-украиналык биргелешкен комиссиясынын 3-жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-украиналык комиссиясынын 2007-жылдын 15-майындагы 2-жыйынынын протоколун аткаруу маселелери жана ошондой эле соода-экономикалык, айыл чарба, авиация, маданият, туризм, спорт, билим берүү, ишкердик жана эки мамлекеттин региондорунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 18-19-июлунда Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясынын 6-жыйыны өткөрүлдү. Комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү багыттарда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды, бул: соода, инвестициялар, айыл чарба, өнөр жай, энергетика, тоо кен өндүрүү, темир жол, курулуш жана инфратүзүм, саламаттык сактоо, информациялык технологиялар, маданият, туризм, спорт, билим берүү, стандарттар жана метрология ж.б.
Анкара шаарында (Түркия) 2013-жылдын 13-15-августунда Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 7-жыйыны өткөрүлдү. Комиссиянын жүрүшүндө тараптар соода, техникалык тейлөө, тоо кен өндүрүү, айыл чарба, азык-түлүк, мал чарба, транспорт, финансы рыногу, банк иштери, саламаттыкты сактоо, эмгек, миграциясы, социалдык коргоо, имараттардын энергетикалык эффективдүүлүгү, интеллектуалдык менчик, муниципалдык кызматташтык, бажы иштери, токой жана суу чарба тармактарындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө маселелер макулдашылды. Алсак, жыйындын алкагында “Кыргызалтын” ААКсы менен Istanbul Altin Refinarisi (IAR) компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Вена шаарында (Австрия) 2013-жылдын 25-сентябрында Эки тараптуу байланыштар боюнча өкмөттөр аралык аралаш кыргыз-австриялык комиссиясынын 5-жыйыны өткөрүлдү. Комиссиянын жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты төмөнкү тармактарда өнүктүрүү маселелерин карашты: инвестиция, транспорт тармактарынын инфратүзүмү, энергетика жана айлана чөйрө технологиялары, айыл чарба, туризм, тоо-кен өнөр жайы, геология жана минералдык ресурстар, медициналык техника жана саламаттыкты сактоо инфратүзүмү, стандартташтыруу, метрология, каттоо иштери, социалдык чөйрө, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, интеллектуалдык менчик ж.б. маселелери.
Варшава шаарында (Польша) 2013-жылдын 22-23-октябрында Экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясынын 3-жыйыны өткөрүлдү. Комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү багыттарда кыргыз-поляк кызматташуусун өнүктүрүү маселелери каралды, бул: финансы, техникалык жардам жана окутуу, каржы маселелери, транспорт, ишкердик, айыл чарба, туризм, техникалык жөнгө салуу жана метрологиялык көзөмөлдөө, айлана-чөйрөнү коргоо, калкты социалдык камсыздандыруу, саламаттык сактоо ж.б.
Бишкек шаарында 2013-жылдын 1-ноябрында өкмөттөр аралык кыргыз-казак кеңешинин 4-жыйыны өткөрүлдү. Казакстан менен өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода зонасы жөнүндө келишим күчүнө киргенден кийин Казакстандан Кыргыз Республикасына нефть жана нефть продуктуларын алымсыз берүү мүмкүндүгү талкууланды. Тараптар Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Кыргыз-Казак инвестициялык фондду ишке киргизүүнү активдештирүүнү макулдашышты. Тараптар энергетика тармагында Кыргызстандан Казакстанга электр энергиясын берүүнү, кыргыз электр энергиясынын Кыргызстан–Казакстан–Кыргызстан маршруту боюнча транзити жөнүндө, ошондой эле 2015-жылдын аягына чейин “Жамбыл-Фрунзенская” 500 кВ ЖЧЛ баланстык ээлигин чектөө боюнча жумушту аягына чыгаруу жөнүндө макулдашышты. Тараптар ошондой эле туристтик топтордун мамлекеттик чек араны чек аралык маршруттар аркылуу кесип өтүү тартибин тартипке салууну макулдашышты. Өнөр-жай тармагында Кыргызстанда темир эритүүчү заводун куруу, жаратылыш уранынын химиялык концентратын Кыргызстанга берүү боюнча келишимге келди. Айыл чарба продукцияларын жөнөтүү, сүт жана даяр эт азыктарын Кыргыз Республикасынан Казакстанга киргизүүгө чектөөнү алуу боюнча жумушту улантууну макулдашууга жетишишти.
КМШ, ЕврАзЭК, ШКУ жана ТМКК алкагындагы кызматташтык:
2013-жылдын 14-15-мартында Москва шаарында (Россия Федерациясы) КМШ Экономикалык кеңешинин жана ЕврАзЭК Интеграциялык комитетинин кезектеги жыйындары жана ошондой эле “Заманбап чакырыктары жана Шериктештик мейкиндигинде интеграцияны өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу КМШнын Мамлекеттер аралык экономикалык форуму өткөрүлдү. КМШ Экономикалык Кеңешинин 57-жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү суроолор каралды: 2020-жылга чейинки Мамлекеттер аралык инновациялык кызматташуу программасынын аткарылышы, аталган программага Мамлекеттер аралык инновациялык долбоорлордун 2020-жылга чейинки пилоттук Тизмесинин долбоору, 2012-жылдын 21-июнундагы КМШ мамлекеттер аралык техникалык регламенттери тууралуу макулдашуунун долбоору жөнүндөгү КМШ Экономикалык кеңешинин чечиминин ишке ашуусу ж.б.
ЕврАзЭК Интеграциялык комитетинин 60-жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү суроолор каралды: экспорттук көзөмөлдөөгө тийиштүү болгон товарлардын жана технологиялардын тизмесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, “Евразиялык интеграция: экономика, укук, саясат” аттуу эл аралык илимий-аналитикалык журналын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан басып чыгарылышы ж.б.
2013-жылдын 31-майында Минск шаарында (Белоруссия) кезектеги КМШ өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Шериктештиктин иш аракетиндеги экономикалык, гуманитардык чөйрөдө, коопсуздукту камсыз кылуу жана башка приоритеттүү багыттардагы 30дан ашык чечим каралып жана кабыл алынды.
2013-жылдын 28-июнунда Стамбул шаарында (Түркия) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчө-өлкөлөрүнүн экономика министрлеринин кеңешмеси өткөрүлдү. 2013-жылдын 27-июнунда экономика боюнча жумушчу топтордун 4-жыйыны өткөрүлүп, алардын алкагында инвестициялар, ишкердик, кош салык салуудан качуу чөйрөлөрүндөгү келишимдик-укуктук базасын өнүктүрүү маселелери каралды. Экономика министрлеринин кеңешмеси 2013-жылдын август айында мүчө мамлекеттердин Президенттеринин катышуусу менен Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин саммитинин алдында өттү.
2013-жылдын 18-июнунда Москва шаарында КМШ Экономикалык Кеңешинин 58-жыйыны өткөрүлдү. Анын күн тартиби боюнча Шериктештиктин ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү экономикалык өз ара аракеттешүүсүн камтыган 19 маселе каралды. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкүлөр талкууланды: 2020-жылга чейинки КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясынын экинчи этабын (2012-2015-жылдар) ишке ашыруу боюнча иш-аракетинин планын аткаруусу, 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган Эркин соода зонасы жөнүндө келишимди аткаруунун биринчи жыйынтыктары, 2020-жылга чейинки Мамлекеттер аралык инновациялык кызматташуу программасын аткаруу боюнча 2012-2014-жылдардагы иш-чара комплексин өткөрүүнүн, ошондой эле Мамлекеттер аралык радионавигациялык программаны аткаруунун жүрүшү.
2013-жылдын 20-сентрябрында Москва шаарында КМШ Экономикалык кеңешинин 59-жыйыны өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө төмөнкү документтердин долбоорлору жактырылды: Маалымат коопсуздукту камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча макулдашуу, КМШ мамлекеттеринин тышкы соодалык бажы статистикасынын бирдиктүү методологиясы боюнча Макулдашуунун жаңы редакциясы, КМШнын Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколу; Көргөзмө жана Жармаңке жана конгресс иш-аракеттерин өнүктүрүү жөнүндөгү Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ж.б.
2013-жылдын 20-21-ноябрында Стамбул шаарында (Түркия) Ислам кызматташуу уюмунун Соода-экономикалык кызматташтык боюнча туруктуу комитетинин 29-сессиясы өткөрүлдү. Күн тартиби боюнча сессиянын жүрүшүндө уюмдун мүчө-мамлекеттеринин арасындагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары бекемдөөгө багытталган маанилүү маселелер жана долбоорлор каралды. Алсак, сессиянын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан кезектеги чаралар каралып, инвестиция, айыл чарба, туризм, транспорт, соода, каржы, жакырдыкка каршы күрөшүү жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча багыттарды талкуулашты.
20-ноябрда Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Өкмөт башчылар КМШнын алкагында мамлекеттер аралык кызматташуунун ар түрдүү аспектилерин камтыган 27 маселени карап чыгып, 31 документти кабыл алышты. Кабыл алынган документтер соода-экономикалык байланыштарды, гуманитардык өз ара иш-аракеттерди жана кызматташуунун башка приоритеттүү багыттарын мындан ары өнүктүрүү үчүн платформаны маанилүү түрдө кеңейтип, тереңдетишти.
2013-жылдын 13-декабрында Москва шаарында КМШ Экономикалык кеңешинин 60-жыйыны өткөрүлдү. КМШ өлкөлөрүнүн экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыктын көп маселелери талкууланып, документтердин бир нече долбоорлору жактырылды. Булар: Саясий-техникалык маалыматтарды мамлекеттер аралык алмашуу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуу, 2020-жылга чейинки шарпты профилактикалоо жана ага каршы күрөшүү боюнча КМШ мүчө-мамлекеттеринин биргелешкен чараларынын комплекси, КМШ мүчө-мамлекеттеринин гидрометеорологиялык иш-аракетин өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, 2016-жылга чейин КМШ мүчө-мамлекеттеринин мамлекеттер аралык радионавигациялык программасы. 2014-2015-жылдарга чек ара кызматташуу тармагындагы КМШ мамлекеттеринин иш-чаралардын планы кабыл алынып, Шериктеш мамлекеттердин Эң маанилүү болгон азык-түлүктөрдүн түрлөрүнүн баланстарын түзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди.
Кыргыз Республикасы үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы эл аралык өз ара аракеттенүү багытындагы иши актуалдуу багыт болуп калууда.
ШКУда төрага-мамлекет катары Кыргызстан отчеттук мезгилде саясат, коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну актуалдуу демилгелерин алдыга жылдырды.
2012-жылдын декабрынан 2013-жылга чейин Бишкек шаарында Кыргызстан ШКУнун эң маанилүү эки органынын – Өкмөт башчылардын кеңешинин (2012-жылдын декабрь айында) жана Мамлекет башчылардын кеңешинин (2013-жылдын сентябрь айында) жыйындарын, ошондой эле башка уставдык органдардын иш-чараларын өткөрдү. Уюштурулган иш-чаралар региондук маселелердин бүткүл комплексин талкулоо үчүн аянтча катары колдонулуп, алардын жыйынтыгында 16 документке жана чечимдерге кол коюлду.
2013-жылдын 21-23-октябрында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун Улук кызмат адамдарынын комиссиясынын жана Тышкы экономикалык жана тышкы соода иши үчүн жооптуу министрлеринин кеңешмесинин жыйындары өткөрүлдү. Кеңешменин жүрүшүндө ШКУнун аймагында региондук экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү маселелери каралды.
2013-жылдын 29-ноябрында Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) кеңешинин 12-жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жыйынтыгында өкмөт башчылары бир нече документтерге кол коюшту. Алардын ичинде ШКУ ӨБК жыйынынын жыйынтыктары боюнча биргелешкен коммюнике, ШКУ Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун (атайын эсеп) түзүү боюнча мындан аркы иш жөнүндөгү чечим. Мындан тышкары ШКУга катышкан мамлекеттердин аймагында жугуштуу оорулардан улам пайда болгон эпидемиологиялык жагдай тууралуу маалымдоо Программасы жана ШКУнун туруктуу органдарынын ишин жөнгө салуучу каржы блогунун документтери бекитилди.
2013-жылы тышкы мамлекеттердин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташуусун кеңейтүү боюнча маселелер төмөнкү бир катар мамлекеттердин өкүлдөрү менен талкууланды: Кытай, Афганстан, Германия, Бразилия, Иран, Россия Федерациясынын Челябинск жана Алтай облустары, Түркия, Польша, Швейцария, Филиппиндер.
2013-жылы тышкы соода жүгүртүү 8089,3 млн АКШ долларын түзүп, ал 2012-жылдын деңгээлинен 7,8 %га жогору болду, анын ичинде экспорт – 2019 млн АКШ долл. (өсүүсү 4,8 %), импорт – 6069,7 млн АКШ долл. (өсүүсү 8,8 %).
Жалпы товар жүгүртүүнүн көлөмүндө импорттун үлүшү 75,0 %ды, экспорттун үлүшү 25,0%ды түздү.
Соода балансынын сальдосу терс түзүлдү жана ал 4050,1 млн АКШ долл. түзүп, 2012-жылга салыштырганда 11,0 %га жогору болду. Акыркы жылдары соода балансынын тескери сальдосу өсүүдө жана ал өлкөнүн тышкы соода иш-аракеттеринде эң негизги көйгөйү болуп саналат. Бул импорттун түзүмүнүн 42 %дан ашуунун инвестициялык жана өндүрүштүк максаттар үчүн зарыл болгон ортоаралык товарлар (машиналар, жабдыктар, чийки заттар, материалдар жана комплекс буюмдары) ээлегендиги менен түшүндүрүлөт.
15-таблица
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | бирдиги | 2012-ж. | 2013 ж. | 2012-жылдан четтөө (+/-) | 2013-ж. | 2013-жылдын күтүлүүсүнөн четтөө (+/-) |
иш жүзүндө | алдын ала иш жүзүндө | күтүлүүчү | ||||
Тышкы соода жүгүртүү | млн АКШ долл. | 7503,9 | 8089,3 | 585,4 | 8300 | -210,7 |
өсүш темпи | % | 115,4 | 107,8 | -7,6 | 114,2 | -6,4 |
Товарлардын экпорту | млн АКШ долл. | 1927,6 | 2019,6 | 92,0 | 2100 | -80,4 |
өсүш темпи | % | 86,0 | 104,8 | 18,8 | 110,9 | -6,1 |
Товарлардын импорту | млн АКШ долл. | 5576,3 | 6069,7 | 493,4 | 6200 | -130,3 |
өсүш темпи | % | 130,9 | 108,8 | -22,1 | 115,4 | -6,6 |
Товарлардын экспорттук-импорттук сальдосу | млн АКШ долл. | -3648,7 | -4050,1 | -401,4 | -4100 | 49,9 |
өсүш темпи | % | 180,7 | 111,0 | -69,7 | 117,8 | -6,8 |
2013-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соода коомчулугунун 143 мамлекеттери менен соода-экономикалык байланыштарды жүргүздү.
2013-жылы КМШ мамлекеттери менен соода жүгүртүү 0,4 %га өстү жана ал 4031,9 млн АКШ долл. түздү, анын ичинде экспорт 1026,0 млн АКШ долл. (8,9 %га азайды), импорт 3005,9 млн АКШ долл. (4,0 %га өстү) түздү.
Алыскы чет мамлекеттер менен болгон тышкы соода 4057,4 млн АКШ долл. түзүп (өсүү 16,3 %), анын ичинде экспорт 993,6 млн АКШ долл. (өсүү 24,0 %), импорт 3063,8 млн АКШ долл. (өсүү 14,0%) түздү.
Экспорт. 2012-жылга салыштырганда 2013-жылы экспорттук жөнөтүүлөр 4,8 %га көбөйүп, ал 2019,6 млн АКШ долл. түздү. Металлургиялык өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу алтынды экспорттоо 1,3 эсеге көбөйгөндөн улам өскөн. Алтынды эсепке албаганда, экспорттун көлөмү 2013-жылда 6,0 %га азайып, ал 1282,8 млн АКШ долл. түзгөн, анын себеби текстиль, тигүү өндүрүштөрүнүн көлөмүнүн азайышынын кесепетинен, кийим-кечек жана кийимге керектүү буюм-тайымдардын экспортунун 30,6 %га азайышына алып келди.
Экспорттун товардык түзүмүнүн жалпы экспорттун көлөмүндө монетардык эмес алтын 36,0 %, кийим-кечек жана кийимге керектүү буюм-тайымдар 5,4 %, жашылча-жемиштер 8,2 %, химиялык өндүрүштүн продукциялары 2,4 % түзөт.
Экспорт боюнча Кыргыз Республикасынын эң чоң соода өнөктөштөрү болуп Швейцария (жалпы экспорттун көлөмүнүн 25,4 %), Казакстан (19,6 %), Бириккен Араб Эмираты (11,0 %), Өзбекстан (8,1 %) жана Россия (7,6 %) болуп саналышат.
Импорт. 2013-жылы республикага импорттук түшүүлөр 8,8 %га көбөйүп, ал 6069,7 млн АКШ долл. жетти.
Импорттун негизги өзөгүн: машина куруу продукциялары (машиналар, жабдыктар жана механизмдер, электротехникалык жабдуулар, алардын бөлүктөрү) – 11,7%, күйүүчү май – 19,8%, химиялык жана ага байланыштуу өндүрүштүн тармактары – 8,6%, жер, аба жана суу транспорт каражаттары, алардын бөлүктөрү – 12,9%, жеңил өнөр жай продукциялары (кийим, бут кийим, текстилден тигилген буюмдар) – 7,4% түзөт.
Импорттук түшүүлөрдүн көбөйүшү, негизинен минералдык продукциялардын (141,4 млн АКШ долл.), баалуу эмес металлдардын жана андан жасалган буюмдардын (132,0 млн АКШ долл.), жер, аба жана суу транспорт каражаттарынын жана алардын бөлүктөрүнүн (73,0 млн АКШ долл.), ошондой эле машиналардын, жабдыктардын жана механизмдердин (70,2 млн АКШ долл.) өсүшүнөн болду.
2013-жылы түшүүлөрдүн көлөмү КМШ өлкөлөрүнө тиешелүү 3005,9 млн АКШ долл. же 49,5 %ын түздү.
Импорт боюнча негизги өнөктөш-өлкөлөр болуп Россия (импорттун жалпы көлөмүнүн 33,6 %), Кытай (23,9 %), Казакстан (9,4 %), Япония (4,0 %), Германия (3,8 %), АКШ (3,7 %), Турция (3,5 %), Украина (2,6 %), жана Өзбекстан (1,6 %) саналат.
2011-жылдын 11-апрелинде Өкмөттүн жыйынында Бажы союзуна (мындан ары – БС) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (мындан ары – БЭМ) кошулуу боюнча сүйлөшүү процессине республиканын кирүүгө ниеттенгендиги жөнүндө Бажы союзу жогорку органына Өкмөттүн атынан кайрылууну жактыруу тууралуу чечими кабыл алынган жана чечим ушул органга жөнөтүлгөн, Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.
2011-жылдын 19-октябрында Санк-Петербург шаарында ЕврАзЭКтин Мамлекеттер аралык жыйынында ЕвАзЭК өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Кыргызстандын БСга кошулуу маселеси боюнча берилген кайрылуусу тууралуу Кыргыз Республикасы менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн ыйгарымдуу Жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынган. Ошентип, Кыргызстан БСга кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө БСнын жогорку органынан жол-жоболук жактыруусуна ээ болгон.
2013-жылы БСга Кыргыз Республикасынын кирүүсү боюнча сүйлөшүү процесси боюнча активдүү иштер жүргүзүлгөн.
2013-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында БСга Кыргыз Республикасынын кирүү маселеси боюнча БЭК Жумушчу тобунун бешинчи кеңешмеси өткөн, анда биргелешкен иштин жыйынтыгы талкууланган. Жыйындын жана эксперттик консультациялардын натыйжалары боюнча жана Ведомстволор аралык комиссиясында каралган “Жол картасынын” долбоору боюнча сунуштар түзүлгөн.
2013-жылдын 29-майындагы Астана шаарында БС жана БЭМ өлкөлөрүнүн президенттеринин деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими менен жактырылган, Кыргыз Республикасы менен Евразиялык экономикалык комиссиянын ортосунда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү тууралуу меморандумга 2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган. Бул Меморандумга ылайык кыргыз тарабы БС жана БЭМ органдарынын жетекчилеринин, Кыргызстандын мамлекет башчылары, өкмөт башчылары жана вице-премьер-министрлери жана башка иш-чараларына катышат.
2013-жылдын 6-июнунда Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Жумушчу тобунун 6-кеңешмеси өткөн, күн тартибинде БСга Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча “Жол картасынын” долбоорунун үстүндөгү ишинин жүрүшү билдирилген.
“Жол картасы” долбоору төмөнкүлөр сыяктуу ар кандай тармактык багыттардагы иш-чаралар комплексин камтыйт: бажы мыйзамдары; бажы инфратүзүмү, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралардын чөйрөсү; техникалык жөнгө салуу; бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу; соода саясаты; финансылык саясат; атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу; статистика, транспорт жана коммуникациялар. Иш-чаралар мыйзамдарды БС макулдашууларына шайкеш келтирүү сыяктуу эле инфратүзүмдүк кайра түзүүлөрдү, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды модернизациялоону, жабдууну ошондой эле, кыргыз тарабы үчүн керектүү «жеңилдиктерди» иштеп чыгууну камтыйт.
2013-жылдын 15-августундагы Москва шаарында БЭК Жумушчу тобунун 7-кеңешмеси болуп өткөн, күн тартибинин бирден бир маселеси Жол картасынын долбооруна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын кошумча сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, БСга Кыргыз Республикасынын кошулуу боюнча “Жол картасынын” долбоорун кароо саналган. Жүргүзүлгөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Тараптарга ЕЭК тарабынан даярдалган “Жол картасынын” долбоорун кароо жана документ боюнча сын-пикирлерди берүү тапшырылган.
Азыркы учурда БЭК БС тараптары жана кыргыз тарабы менен биргеликте “Жол картасынын” долбоорунун кээ бир бөлүмдөрүн кайра иштеп чыгууда, атап айтканда фискалдык саясат боюнча бөлүмдү Кыргыз Республикасынын фискалдык органдары менен бирдикте кайрадан кароо жүрүүдө.
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан аларга карата Бажы союзунун Бирдиктүү бажы тарифин белгилеген ставкалардан айырмаланган өткөөл мезгил ичинде Кыргыз Республикасы тарабынан ташып келүүнүн бажы алымдарынын ставкаларын колдонуу болжолдонуп жаткан Товарлардын жана ставкалардын тизмеси даярдалды. Ага негизинен учурда Кыргыз Республикасындагы «алымсыз» ставка колдонулган товарлар кирди, же алар бажы тариздөөсүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби боюнча алынып келүүдө. Ушул долбоор БЭКке БЭКтин Жумушчу тобунун 7-кеңешмесине алдын ала даярдалган катары берилген.
Бул тизме негизинен социалдык чөйрөгө, курулуш жана өндүрүшкө багытталган товарлардан турат. Бул тизме 66 товардык топтон (2 белги деңгээлиндеги ТЭИ ТНдин 97 товардык тобунан) жана 2631 товардык субпозицияларды (ТЭИ ТН 10 белгилүү деңгээлинде) камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча “Жол картасынын” долбооруна киргизүү үчүн БСга кошулган учурдагы тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча сунуштар даярдалган. Атап айтканда, төмөнкүдөй маселелер: өнүгүүдө артта калган өлкөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча механизмди түзүү, анын ичинде БСга мүчө-начар өнүккөн өлкөлөрдү колдоо боюнча программаларды ишке ашырууга каражаттарды бөлүү фондун түзүү; Кыргыз Республикасынын аймагында эмгекти көп талап кылуучу өндүрүштөрдү түзүү; Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик субъекттери үчүн эркин экономикалык зоналарды жана эркин бажы зонасынын бажылык жол-жоболорун (“Дордой”, “Кара-Суу”, “Мадина” рыноктору үчүн) түзүү. Ошондой эле эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелери боюнча макулдашууларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сунушу берилген.
ЕЭК жумушчу тобу өзүнүн иш аракет мандатына мындай маселелер кирбегендигине негиздеп, жогорудагы сунуштарды киргизген эмес, аларды эки тараптуу деңгээлде чечүүнү сунуштаган.
2013-жылдын 19-ноябрында Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын онунчу кеңешмесинде БСга Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча “Жол картасынын” долбоору жактырылган. “Жол картасынын” долбоору боюнча кыргыз тарап өздөрүнүн принципиалдуу сунуштары кирбей калгандыгы тууралуу өзгөчө пикирин билдирген, буга байланыштуу кыргыз тарап бул долбоорду акырына чейин макулдашылган деп эсептебейт.
2013-жылдын 24-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарында Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Жогорку Евразиялык экономикалык кенешинин кезектеги кеңешмеси болуп өтүп, Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев, Армения Республикасынын мамлекет башчысы жана Украина Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы катышкан.
Кеңешменин жүрүшүндө Бажы Союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуу “Жол картасынын” долбоору боюнча суроолору талкууланып, Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев белгиленген улуттук кызыкчылыктары эске алынганда гана интеграциялык биригүүгө өлкө кошулаарын билдирген. Ошондуктан “Жол картасынын” долбоору толуктап иштөөнү талап кылат.
Мамлекет башчыларынын ушул суроолору боюнча талкуунун жыйынтыгы боюнча кыргыз тараптын позициясын эске алып “Жол картасынын” долбооруна кайрадан иш жүргүзүүнү улантууга чечим кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти В. Путин менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бажы Союзуна кирүү алдында Кыргыз Республикасынын экономикасына көмөк көрсөтүү боюнча жакынкы убакта биринчи вице-премьер-министрлердин жетекчилиги менен жумушчу тобу түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Бажы Союзуна кошулуу алдында колдоо көрсөтүү боюнча бирдиктүү программа иштеп чыгуу боюнча тапшырма берүүнү Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери макулдашышты.
Бажы Союзуна кошулуу боюнча Кыргыз Республикасы көтөрүп жаткан бардык маселелер сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө ушул программанын алкагында чечилет.
Инвестициялык саясаттын негизги максаты Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатынын жагымдуулугун арттыруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.
Инвестициялык саясат лицензиялардын, текшерүүчү органдардын, мамлекет тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кыскартуу менен бизнестин ишине мамлекеттин кийлигишүүсүн минималдаштыруу аркылуу өлкөнүн экономикасынын приоритеттик тармактарына инвестицияларды тартууга багытталат.
Кыргыз Республикасында чет элдик жана ата мекендик компаниялар бүгүнкү күндө экономиканын бардык тармактарына кирүүгө тең укуктуу. Улуттук жана чет элдик валютада бардык операцияларды жүргүзүүгө эч кандай чектөө коюлган эмес. Чет элдик инвесторлор жер тилкелерин убактылуу колдонуу укугунда ээлей алышат жана капиталды, дивиденддерди жана тапкан пайдаларын ээн эркин которо алышат. Азыркы Салык кодекси салык жүгүн жеңилдетүүгө жана салыкты башкаруунун сапатын бир кыйла жакшыртууга багытталган.
Бизнес ачууда жол-жоболорду жеңилдетүүдө, эл аралык сооданы жүргүзүүдө, банкроттук тармагындагы мыйзам ченемдерин либералдаштырууда реформаларды жүргүзүүнүн натыйжасында Бүткүл дүйнөлүк банктын бизнести жүргүзүүнүн жеңил индекси боюнча өлкөнүн рейтинги эки позицияга жакшырылтылып, 70-орундан 68-орунга көтөрүлдү. Изилдөөлөр аныктагандай, юридикалык тараптарды “бир терезе” принциптери аркылуу каттоодо автоматташтырылган тутумду киргизүү долбоорун ишке ашыруу менен юридикалык тараптарды каттоодо мындан ары дагы жол-жоболор кыскарып, ишкерлердин көп убаракерчиликтери жана убакыттары да үнөмдөлгөндүгүнөн Кыргыз Республикасы бизнести ачуунун жеңилдиктери боюнча дүйнөдө 12-орунду ээлейт.
Кыргыз Республикасы глобалдык атаандаштык жөндөмдүүлүк индекси боюнча 127ден 121ге чейин 6 деңгээлге көтөрүлдү. Өлкөнүн бул рейтингдеги көрсөткүчтөрүнүн жогорулашы макроэкономикалык чөйрөнү турукташтыруу боюнча ишке ашырылып жаткан реформалардын, мамлекеттик органдарды оптималдаштыруунун жана автожолдорун реабиталитациялоо жаңы курулуштарды куруу менен инфратүзүмдөрдүн сапатын жакшыртуунун эсебинен жетишилген.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) механизимдери акырындап иштелип чыгууда жана мамлекеттин экономикасынын инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылып жатат. Буга байланыштуу 2013-жылдын 15-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анын алкагында 11 ченемдик укуктук актыларга ылайыктуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө” № 39-токтомуна ылайык мыйзам алдындагы 2 акт кабыл алынган, анда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышуунун формаларын колдонуу боюнча нускамалар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоонун тартиби, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке өнөктөрдү тандоочу тендердик комиссия жөнүндө жобо сыяктуу жол-жоболор жөнгө салынган.
Уставдык фонду 101,0 млн АКШ доллары болгон тике инвестициялар инвестициялык фондун (ТИИФ) түзүү маселеси активдүү иштелип чыгууда, ал аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында приоритеттүү долбоорлорду каржылоо болжолдонууда. Фондду түзүү өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын агымын көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ошонун өзү менен социалдык-экономикалык өнүгүүнү жакшыртууга таасир этүүгө мүмкүндүк берет. “Кыргыз-Казакстан инвестициялык фонду” акционердик коомдун (мындан ары – АК) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү 2012-жылдын 7-майында катталган. Фонд толук кандуу иштей элек, ага “Кыргыз-Казакстан инвестициялык фонду” АКсы азыркы учурда казак тарабынан “Кыргыз-Казакстан түз инвестициялык фонду” деп кайра өзгөртүлүп, каттоосу жүрүп жаткандыгы себеп болду. Кайра каттоо бүткөндөн кийин, кыргыз тараптан тиешелүү акциялары сатып алынат. Сатып алууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 289-б буйругуна ылайык кыргыз тараптын ыйгарымдуу өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду аныкталган.
Чет өлкөлүк жарандардын батирлерди сатып алуу тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө” № 49-токтомуна өзгөртүү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу тууралуу” № 643-токтому кабыл алынган.
Азиялык Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы (ИКЖП) ийгиликтүү турмушка ашырылып жатат, ал жөнгө салуучу органдардын талаптарын сактоонун жогорку чыгымдары, финансыга чектелүү жеткиликтүүлүк, кадрларды начар даярдоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк сыяктуу жактарда мыйзам базасынын кемчиликтери сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Жөнгө салуучу органдардын талаптарын сактоонун чыгымдарын кыскартуу үчүн ишканаларды каттоо процессин жөнөкөйлөтүү боюнча иш жүргүзүлдү, ал үчүн жаңы мыйзамдарды кабыл алуу менен уюштуруучулардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн колтамгаларынын зарылчылыгы, каттоо төлөмдөрүнөн кийин айырмаланган финансылык эмес компаниялар үчүн минималдуу уставдык капитал сыяктуу талаптарды жана ишкананы каттаганга чейинки банктык эсепти ачуу талабын жокко чыгарды.
Азыркы учурда бул программанын алкагында төмөнкүдөй жактарда реформалар башталды: (1) бизнеске жана ишканаларга талаптарды сактоого чыгымдарды азайтуу; (2) финансыга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу; (3) жумушчу күчүн даярдоонун сапатын жакшыртуу жана (4) мамлекеттик-жеке өнөктүктү өнүктүрүү.
Коңшу өлкөлөр менен бизнес уюмдарынын арасындагы мамилелерди жана ишенимди чыңдоо жана кызматташтыктын жаңы формаларын аныктоо максатында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү:
- 2013-жылдын 14-мартында Австрия Республикасынын Федералдык Президенти Хайнц Фишердин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын учурунда австрия бизнесмендери үчүн Кыргызстандын мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек стол өткөрүлгөн, ошондой эле кыргыз-австриялык бизнес-форумун уюштуруп, анын алкагында “Кыргызаэронавигация” Республикалык Мамлекеттик ишкана жана Freguenis AG; А.Исманкуловдун көз микрохирургиясынын госпиталы жана Askin&CoGmbH; М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университети жана Кремс прикладдык илимдер университетинин ортолорундагы кызматташуу боюнча 3 меморандумга кол коюлду;
- 2013-жылдын 9-апрелинде Түркия Республикасынын Премьер-министри Р.Эрдогандын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын учурунда кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлдү, анда түркия бизнесмендерине Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды;
- 2013-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Бельгияга болгон расмий сапарынын учурунда Кыргыз Республикасы жана Европа Инвестициялык Банкынын ортосундагы кызматташтыктын базалык жана укуктук негиздерин аныктоо максатында “Европа Инвестициялык Банкынын Кыргыз Республикасындагы ишкердүүлүгү жөнүндө” келишимге кол коюлду.
Инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча активдүү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында инвестициялардын түшүшүнө оң таасирин берип жатат. Жыл сайын өлкөгө тике инвестициялардын келиши өсүүдө.
Кыргыз Республикасынын УСКнын алдын ала маалыматтары боюнча, 2013-жылы чет өлкөлүк тике инвестициялардын (мындан ары ЧТИ) келип түшүшү 993,2 млн АКШ долларын түздү жана 2012-жылга салыштырганда 1,7 эсеге өстү, анын сальдосу 757,6 млн АКШ долларын түздү.
16-таблица
Көрсөткүчтөр | 2012-ж. | 2013-ж. |
иш жүзүндө | алдын ала иш жүзүндө | |
Түшүшү, млн АКШ долл. | 590,7 | 993,2 |
өсүү темпи, % | 69,6 | 168,1 |
Тышка чыгышы, млн АКШ долл. | 298,1 | 235,6 |
өсүү темпи, % | 191,5 | 79,0 |
Сальдосу, млн АКШ долл. | 292,7 | 757,6 |
ЧТИлардын түзүмүндө 2012-жылга салыштырмалуу соода кредиттеринин көлөмүнүн 2,1 %га кыскаргандан башка бардык түзүмдөрдүн көбөйүшү белгиленген.
2013-жылы инвесторлор үчүн алда канча кызыктырган тармактар кыймылсыз мүлк жагындагы операциялар, ижара жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөрү болду, ЧТИнин жалпы көлөмүндө анын салыштырма салмагы 40,9 %ды, кайра иштетүүчү өнөр жайы 35,2 %ды, финансылык иш 9,5 %ды түздү.
2012-жылга салыштырмалуу кыймылсыз мүлк менен байланышкан операцияларга, ижарага жана керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү тармагына чет өлкөлүк тике инвестициялардын түшүшү 1,9 эсеге, финансылык тармакка 2,2 эсеге жана кайра иштетүү өнөр жайына 37,1 %га көбөйгөн.
Атасак, Жогорку–Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышы менен электр энергиясын, газ жана суу өндүрүшүндө жана бөлүштүрүүдө чет өлкөлүк тике инвестициялардын келип түшүшү бир кыйла көбөйгөн (1072,9 эсеге).
2013-жылы КМШтен тышкаркы өлкөлөрдөн чет өлкөлүк тике инвестициялардын агымы 2012-жылга салыштырганда 1,6 эсеге көбөйдү (келип түшкөн ЧТИнин жалпы көлөмүнүн 87,3 %ы), негизги инвестор-өлкөлөр Кытай – ЧТИнин жалпы көлөмүнүн 45,8 %ы (454,5 млн АКШ доллары, өсүүнүн темпи 3,2 эсеге), Канада – ЧТИнин жалпы көлөмүнүн 15,4 % (152,5 млн АКШ доллары, темптин өсүшү 114,7 %), Улуу Британия – 8,2 % (81,7 млн АКШ доллары, темптин өсүшү 115,6 %) болду.
Кытайдын инвестициялары негизинен геологиялык чалгындоого жана иштетүүчү өнөр жайына, Канададан - иштетүүчү ишканаларга, Улуу Британиядан - геологиялык чалгындоого багытталган.
КМШ өлкөлөрүнөн ЧТИнин келип түшүүлөрүнүн көлөмү 2012-жылга салыштырганда 2,1 эсеге өсүп, жалпы инвестициялардын көлөмүнүн 12,7 %ын түздү. Россиядан инвестициялардын көлөмүнүн салымы 2,8 эсеге өстү (жалпы түшкөн чет өлкөлүк тике инвестициялардын көлөмүнүн 7,1 %ы, же 70,1 млн АКШ долларын түздү), Казакстандан 1,6 эсеге (жалпы түшкөн инвестициялардын көлөмүнүн 5,5 %, же 55,1млн АКШ долларын түзөт).
2013-жылы чет өлкөлүк тике инвестициялардын тышка чыгышынын көлөмү 235,6 млн АКШ долларды түзөт, бул ЧТИнин көлөмүнүн 23,7 %ын түзөт. ЧТИнин тышка чыгышы карыздардын төлөмдөрүнүн кайтарымы менен түшүндүрүлөт (жалпы чыгыштын 82,4 %ын түзөт). Инвестициялардын чет өлкөгө чыгуусу экономиканын бардык тармактарында жүрүп жатат, абдан көп чыгыш кайра иштетүү өндүрүшүнөн - 41,8 %, соода тармагында 21,9 %ды түзөт. Өздөрүнүн капиталдарын алып чыгып кеткен негизги мамлекеттер Кытай (жалпы чыгыштын 39,8 %ы) менен Казакстан (20,4 %) болуп саналат.
2013-жылда инвестициялык долбоорлорго багытталган чыгымдардын көлөмү 18244,3 млн сомду түздү. 17440,5 млн сом суммадагы инвестициялык долбоорлорду тышкы каржылоонун салыштырма салмагы инвестициялык чыгымдардын жалпы көлөмүндө 95,6 %ды түзөт жана 804,4 млн сом (чыгымдардын жалпы суммасынын 5,1 %ын) инвестициялык долбоорлорду каржылоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Гранттарды эске алуу менен тышкы каржылоо боюнча өнүктүрүү бюджетин аткаруу 93,1 %ды, ички каржылоону аткаруу 92,9 %ды түздү.
Фискалдык саясаттын негизги максаты салык салууну жөнөкөйлөтүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттер ортосунда салыктык жүктү адилеттүү бөлүштүрүү жагында бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу аркылуу экономиканын өсүшүн стимулдоо болуп саналат.
2013-жылы Өкмөт тарабынан төмөндөгүдөй мыйзам долбоорлору демилгеленген жана кабыл алынган:
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, ошондой эле жалпы мамлекеттик айрым салыктарды тескөө (эсебин жүргүзүү, жыйноо, өндүрүп алуу жана контролдоо) функцияларын өткөрүп берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 20-февралындагы № 25 Мыйзамы;
бирдиктүү салык декларациясы боюнча “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-мартындагы № 42 Мыйзамы;
айрым салык төлөөчүлөрдүн пайда салыгы боюнча экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 217-беренесинин жаңы редакциясын колдонууга киргизүү максатында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-майындагы № 69 Мыйзамы кабыл алынган. Отчеттук мезгилде пайда салыгынын болжолдуу суммасы бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдадан 10 пайыз өлчөмүндө аныкталат. Мурда пайдадан алынуучу салыктын суммасы түшкөн акчанын суммасынын 1 пайыз өлчөмүндө эсептелчү, бул салык төлөөчүлөр тарабынан негизделген каршы пикирлерди жараткан болчу
жарандарга (мамлекеттик кызматкерлерди кошкондо) мамлекеттин бир жолку акциясынын алкагында 2012-жылдын 31-декабры боюнча бардык өткөн мезгилдер үчүн өздөрүнүн кирешелерин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берүү максатында “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-майындагы № 80 Мыйзамы;
бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана кирешелерди легалдаштыруу максатында, чач тарач жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрүн, жеке стоматология кызматтарын жана жарнамалык такталарды ижарага берүү кызматтарын милдеттүү патентке өткөрүү максатында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 4-июлундагы № 114 Мыйзамы;
“Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыгын салуудан качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-июнундагы № 92 Мыйзамы;
2014-2016-жылдарда тамекиге акциз салыгынын ставкасын белгилөөнү караган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 165 Мыйзамы. Мында, 2016-жылдын 1-январынан баштап акциз салыгын алуунун айкалыш тутумунан акциз алуу тутумун башкаруу үчүн кыйла жөнөкөй түрүнө өтүү каралат;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу процессинде жеке өнөктөштөр жана (же) долбоордук компаниялар тарабынан ишке ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызматтарды жеткирип берүүнү КНС төлөөдөн бошотуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамы;
Өкмөттүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 “Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
- акциздик салыктын ставкасын: арак продукциясына 26 сомдон 40 сомго чейин, коньякка 27 сомдон 42 сомго чейин, алкоголу аз ичимдиктерге 15 сомдон 30 сомго чейин, пивого 8 сомдон 12 сомго чейин, шарап материалдарына 2 сомдон 3 сомго чейин көбөйтүүнү караштырган, Өкмөттүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 139 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому,
салыктарды төлөө мөөнөтүн иретке келтирүү жана салыктык тескөөнү өркүндөтүү максатында Өкмөттүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 155 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
КММга акциз салыгынын ставкасын 1100 сомдон 2200 сомго чейин көбөйтүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Өкмөттүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 221 токтому;
Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 “6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу” токтому;
Өкмөттүн 2013-жылдын 17-майындагы № 184-б “Салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшүүсүн башкаруу тартибин өркүндөтүү жана өнбөгөн калдыкты кыскартуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” буйругу, ал кирешелерди жыйноо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишин уюштуруу жана салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бюджетке түшүүлөрүн көбөйтүү боюнча тутумдуу иш-чараларды кабыл алууга жана ишке ашырууга багытталган
салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү жөнүндө Өкмөттүн 2013-жылдын 17-майындагы № 185-б буйругу. Буйрукка ылайык эксперттик жумушчу топ түзүлүп, КНСти андан ары реформалоо жана сатуу салыгын этап менен жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда;
Өкмөттүн 2013-жылдын 2-августундагы № 318-буйругу, ал “Электр станциясы” ААК филиалдарынын жайгашкан жери боюнча, иштелип чыгарылган электр энергиянын жалпы көлөмүндөгү алардын үлүшүнө жараша, тиешелүү аймактарга берилген электр энергиясын сатуудан алынуучу салыктардын суммасын салык кызматынын аймактык органдарына төлөөнү карайт.
Ошондой эле, 2013-жылы салыктык преференцияларды берүүчү төмөндөгү ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган:
- Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу куралдарды, аскердик техникаларды, аскердик мүлктү, атайын техникаларды, атайын каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 10-январындагы № 1 Мыйзамы;
- курулуш жана конверттерди (темир эритүүчү мештерди) кайра конструкциялоо үчүн адистештирилген товарларды импорттоону КНС төлөөдөн бошотуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-мартындагы № 41 Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерин акчалай маянадан киреше салыгын төлөөдөн бошотуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 164 Мыйзамы;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу процессинде жеке өнөктөштөр жана (же) долбоордук компаниялар тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жабдып-жеткирүү КНС төлөөдөн бошотуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамы;
- теплицаларды импорттоо КНС төлөөдөн бошотуу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 31-декабрындагы № 230 Мыйзамы.
Монополияга каршы жөнгө салуу субьект-монополисттердин бааларды жана тарифтерди негизсиз жогорулатуусун тизгиндөөгө, социалдык маанилүү азык-түлүктүн бааларын мониторингине, алардын негизсиз өсүш учурунда тез сунуш киргизүүгө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган.
Азык-түлүк товарларынын белгилүү түрлөрүнүн баасынын өсүүсүн токтотуу, калктын социалдык аялуу катмары үчүн азык-түлүк товарларынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу, чарба субъекттеринин атаандаштыгын чектеген, ага каршы макулдашууларын табуу, токтотуу (макулдашылган аракеттер), ошондой эле экономикалык концентрация процессинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын сактоо максатында бир катар ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган.
Атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө максатында “Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, ага ылайык, ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоо нормасы киргизилген.
Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр кабыл алынды:
-Өкмөттүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 “Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
-Өкмөттүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 “Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому.
Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу жана энергетика тармагында, цементтин, КММ рынокторунда туруктуу баа абалын сактоо максатында 2013-жылы төмөндөгү иш-чаралар жүргүзүлдү:
-бардык энергокомпаниялар боюнча негизсиз кошулган электр энергиясынын өздүк наркынын долбоорлорунан 2,45 млрд сомду түзгөн чыгымдардын суммасы алынып салынды;
-жылуулук энергиясынын долбоордук тарифтери отундун түрүнө карай төмөндөтүлдү же 2011-жылдын деңгээлинде калтырылды.
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаш чөйрөнүн абалын баалоо максатында 2013-жылы 46 товардык рынокко талдоо жүргүзүлгөн. Монополиялык ишке жол бербөө боюнча талдоолордун жыйынтыгы менен аныкталып, табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектилеринин мамлекеттик республикалык жана аймактык реестрине 7 чарбакер субъект киргизилди (“Скай-Мобайл” ЖЧКсы, “Альфа-Телеком” ЖАКы, “Белоруссия кант компаниясы” ЖЧКсы, “Аю” ЖЧКсы ж.б.).
Азык-түлүк коопсуздугунун коркунучун минималдаштыруу жана бааларды турукташтыруу максатында Өкмөттүн чечимдеринин негизинде, мамлекеттик резервдеги кумшекердин жана ундун сатык баалары ички рыноктогу түзүлгөн базар бааларынан төмөн деңгээлде аныкталган. 2013-жылы жазгы-талаа жумуштарын өз убагында өткөрүүнү уюштуруу максатында, Өкмөттүн чечими боюнча Япония Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 10 жылдын ичинде карызды төлөө мөөнөтү менен берилген гранттарынан сырткары үрөн чарбаларынын жана башка чарбалардын мамлекеттик зайымдык каражаттары боюнча карызды төлөөнүн эсебине чогултулган жаздык буудайдын, жаздык арпанын, кара беденин жана эспарцеттин сертификатталган үрөнүнүн сатык баасы белгиленди.
Өстүрүлгөн түшүмдү өз убагында жана уюшкандыкта жыйноону өткөрүү боюнча чараларды кабыл алуу максатында республиканын ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду (ММРФ) сатып алган азык-түлүк буудай данынын 2013-жылдагы түшүмүнүн сатык баасы белгиленди.
Өкмөттүн 2014-жылдын түшүмүнө дан өсүмдүктөрүн себүүнү уюшкандыкта жүргүзүү чечимин орундоо максатында Монополияга каршы мамагенттик тарабынан күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөнүнүн сатык баасы белгиленди. 2013-жыл ичинде Өкмөткө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик (МКМА) тарабынан 206 чарба субъектине-монополистке мамлекеттик жөнгө салуу жүргүзүлдү, алардын ичинен: 113ү - табигый жана 93ү - уруксат берилген чарбалар. Отчеттук мезгил ичинде 118 эсептик материал каралды жана табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъектилеринин товарларына жана кызматтарына 358 баа жана тариф макулдашылды. “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык товарларды (кызматтарды) жеткирүүнүн (алуунун) жана кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелеринин 23 келишим формасы макулдашылды.
“Кант цемент заводу” ААКсы үчүн цементтин бардык маркаларынын дүң-сатык баасы төмөндөтүлдү. Мурда колдонулуп келген бааларга салыштырмалуу маркалар боюнча цементтин 1 тоннасына баалардын төмөндөшү 461 сомдон 946 сомго чейинди түздү. “Кыргыз темир жолу” УК МИсинин натыйжалуу иштөөсүнүн зарылдыгын эске алып, республика ичиндеги каттамда жүктөрдү ташуу үчүн колдонулган коэффициент алынып салынып, көмүр, цемент, кант кызылчасы, буудай жана нефтини ташуу тарифи белгиленди. Ошондой эле республика ичиндеги жүктөрдүн калган түрлөрүнө тарифтер бекитилди.
Өкмөттүн 2013-жылдын 10-июлундагы № 406 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 684 “Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому менен “Инфоком” МИсине Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун 2006-жылдагы үлгүсүн (мындан ары – ЖЖП) персонификациялоо укугу берилген. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун акы төлөөнүн негизинде шашылыш тартипте жасоонун наркы белгиленген.
Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополияларынын субъектилеринин мамлекеттик регионалдык реестрине жыл сайын дүң-сатык баасы белгиленген, баасы жөнгө салынуучу 12 көмүр казуучу ишкана киргизилди.
2013-жылдын ичинде аткаруу бийлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга (жумуштарга) 8764 баа макулдашылды.
Билим берүү кызматтарынын бааларынын негизсиз жогорулоосуна жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 “Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык отчеттук мезгилде билим берүү кызматтарынын 9224 баасы макулдашылды.
2013-жылы монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айып жана экономикалык санкцияларды 143,3 млн сом өлчөмүндө, анын ичинде “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги баа түзүүнүн тартибин бузуу жаатында – 143,2 млн.сом өлчөмүндө санкция салуу чечими кабыл алынган.
Ак ниет эмес атаандаштыкты жоюу максатында МКМА тарабынан 13 мыйзам бузуу табылган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2013-жылы Кыргыз Республикасында 12 503 чакан жана орто ишкана иштеген (2012-жылга салыштырмалуу 571 бирдикке өскөн). Жеке ишкердикти 329,7 миң адам ишке ашырган (өсүш 31,8 миң адамды түздү). Ошентип, отчеттук мезгилде ишкердик жаатында иштегендердин жалпы саны (дыйкан жана фермердик чарбаларды эсепке албаганда) 417,3 миң адамды түздү (өсүш 31,9 миң адамды түздү).
Чакан жана орто бизнестин салыштырмалуу салмагы ИДПнын жалпы көлөмүндө 38,8 %ды, же 135 615,0 млн. сомду түздү (2012-жылы– 39,9 %, же 124 072,1 млн. сом).
17-таблица
Көрсөткүчтөр | Өлчөм бирдиги | 2012-ж. иш жүзүндө | 2013-ж. баштапкы иш жүзүндө | Четтөө (+/-) |
Чакан жана орто ишкердиктин саны | миң адам | 11 932 | 12 503 | +571 |
Чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндө иштегендер | миң адам | 385,4 | 417,3 | +31,9 |
анын ичинде жеке ишкерлер | миң адам | 297,9 | 329,7 | +31,8 |
ИДПнын түзүмүндө чакан жана орто ишкердиктин салыштырма салмагы | % | 39,9 | 38,8 | -1,1 |
2013-жылдын октябрь айында лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмесин камтыган “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Учурда өлкөбүздө уруксат берүү документтеринин 101 түрү каралган, ал эми 2008-жылы алардын саны 518 болчу.
Мыйзамда өз алдынча жөнгө салынуучу уюмдарга иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо укугун өткөзүп берүү боюнча болочок демилгелер үчүн атайын база каралган. Ошону менен, тиешелүү ченемдик укуктук базасы иштелип жана иштетиле баштаганда, мамлекеттик кийлигишүү каражаты ишкерлер тарабынан лицензиялык укук мамилелерин жөнгө салуу механизмине алмашылат. Бул кадам менен ишкердиктин айрым чөйрөлөрүнө мамлекеттин кийлигишүүсүнөн баш тартылат.
“Унчукпаганы - макул болгону” принциби киргизилген. Лицензиялоочу орган белгиленген мөөнөттө (башкача айтканда отуз календардык күндө) арыз берүүчүгө лицензияны берүүгө милдеттүү, же жазуу жүзүндө лицензияны берүүдөн баш тартуунун себеби тууралуу кабарлашы керек. Эгерде лицензиар белгиленген мөөнөттө арыз берүүчүгө лицензия бербесе, же баш тартылганы тууралуу жазуу жүзүндө кабарлабаса, лицензия берилген болуп саналат. Лицензиар лицензия берүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир күндөн кеч эмес мөөнөттө арыз берүүчүгө суралып жаткан лицензияны берүүгө милдеттүү.
Аталган мыйзамды ишке ашыруу максатында үстүбүздөгү жылда мыйзамдан келип чыгуучу 4 акты иштелип чыгат. Бул актылар лицензиялоонун жол-жоболорун тартипке салууга мүмкүндүк берет жана лицензияны карап чыгуу жана берүү процесстерин түшүнүктүүрөөк кылат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин өркүндөтүү, контролдоочу органдардын ишкердик субъекттеринин иштерине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу максатында, тобокелдиктин даражасынын негизинде Ишкердик субъекттерин текшерүүнүн бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтар базасы түзүлгөн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 195 токтому). Аталган система электрондук Өкмөткө өтүүдөгү маанилүү этаптардын бирине кирет.
Бул автоматташтырылган маалыматтар базасы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин расмий www.proverka.kg интернет-порталына жайгаштырылган. Анда бизнес үчүн текшерүүлөр тууралуу кеңири маалыматтар берилген: мыйзамдык база; болуучу текшерүүлөрдүн пландары; тобокелдиктин критерийлери жана текшерүү баракчалары; инспекторлордун аты-жөнү ж.б. Маалыматтык база ачык жана Интернети бар адамдардын бардыгына жеткиликтүү.
Мындай маалымат базасы тобокелдиктин критерийлерин эске алуу менен текшерүүлөрдү жүргүзүүнү жеңилдетет жана текшерүүнү жүргүзүүдөгү коррупциялык схемалардын пайда болуу мүмкүндүгүн азайтат. Ошондой эле, текшерүүнү жүргүзүү планын макулдашуу этабында, аталган программа кайра кайталануучу текшерүүлөрдү текшерип, пландан алып салууга, ошондой эле ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү on-line режиминде макулдашууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жеке ишкерлерге жана контролдоочу органдарга маалымат катары, текшерүүлөрдү жүргүзүүдө алардын укуктары жана милдеттери, мыйзамдуулугу, эрежелери жана жеке ишкерлерди текшерүүдөгү жол-жоболор, текшерүү тармагындагы тобокелдиктин даражасынын критерийлеринин негизинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жаңы ыкмалары жөнүндө, текшерүүлөр тууралуу видео тасма даярдалып, бул видео тасма өлкөнүн телеканалдарында көрсөтүлгөн жана интернетте, социалдык тармактарда жайгаштырылган. Мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү укуктары жана милдеттери тууралуу маалыматты камтыган брошюралар даярдалган.
Мыйзамсыз текшерүүлөрдү болтурбоо үчүн Экономика министрлигинин алдында “тез байланыш” линиясы ачылган, ал боюнча жеке ишкерлер үчүн текшерүү жүргүзүүнүн тууралыгы жөнүндө маселе боюнча консультациялар берилет.
Жакырчылыкты кыскартуу боюнча Япониялык фонддун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоору боюнча Макулдашуу-катты жактыруу жөнүндө Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-майындагы №190-б буйругуна кол коюлган.
Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү боюнча долбоордун алкагында Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фонду (IDF Grant №TF013657) тарабынан 320 миң АКШ долларынан ашпаган өлчөмдөгү грант берүү тууралуу Дүйнөлүк банк менен Макулдашуу катка кол коюлду. Долбоордун максаты мамлекеттик мекемелердин, жеке сектордун жана донорлордун ортосундагы координацияны жана байланышты бекемдөөгө, жеке секторду өнүктүрүү стратегиясын жана иш-чаралардын пландарын иштеп чыгууга, ошондой эле саясатты ишке ашырууну көзөмөлдөөнүн потенциалын күчөтүүгө багытталган.
Адамдардын, жаныбарлардын ден соолугунун жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана продукциянын, өндүрүш, куруу, монтаждоо, сатуу жана эксплуатациялоо процесстеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча ченемдик укуктук базаны түзүү максатында 15 техникалык регламент кабыл алынды (4өө - мыйзамдар жана 11и - Өкмөттүн токтомдору менен бекитилди).
КМШнын мамлекеттер аралык стандарттар, метрология жана сертификация кеңешинде кооптуу продукция жөнүндө маалыматтарды алмашуу боюнча “Кооптуу продукция” деп аталган автоматташтырылган телекоммуникация системасына кирүү укугу алынды.
Маалыматтык база серверинде техникалык регламенттерди жаңылоо, алмашуу жана сактоо боюнча тутумдук камсыз кылуу үчүн иштер жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик ишканасынын “Тулпар” системасы менен синхрондоштуруу үчүн керектүү саптар аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусу боюнча жол картасын иштеп чыгуу иштеринин алкагында:
- Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык жөнгө салуу департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү;
- Бажы уюмунун Продукцияларынын бирдиктүү тизмегине Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу объекттеринин салыштырмалуу талдоосу жүргүзүлдү.
2013-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти жүргүзүү укугуна 104 лицензиясы бар 73 юридикалык жак иштеп жатат.
Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздар менен 2013-жылы жасалган 9178 бүтүмдүн жалпы көлөмү 2 268 млн сомду түздү. Жасалган бүтүмдөрдүн жалпы көлөмүнүн түзүмүндөгү 769,2 млн сом биржадан тышкаркы рынокто болгонун белгилей кетүү керек.
Баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн тооруктардын көлөмү 2013-жылы 1 648,1 млн сомду түздү, бул 2012-жылга караганда 25 %га көп. Түзүлгөн бүтүмдөрдүн саны 2013-жылы 3522ни түздү, бул 2012-жылдагы бүтүмдөрдүн санына караганда 161 %га арбын.
2013-жылы жасалган талдоо биринчи жана экинчи рыноктогу соода-сатыктардын көлөмүнүн түзүмүндө экинчи рынокто жасалган бүтүмдөрдүн көлөмү көбүрөөк экендигин көрсөтүп турат. Менчик ээлеринин түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү көрсөткөн баалуу кагаздардын экинчи рыноктогу бүтүмдөрдүн көлөмү 871 млн. сомду, же болбосо биржадагы соода-сатыктардын жалпы көлөмүнүн 52,8 %ын түздү.
Финансылык ресурстар тартылуучу же инвестициялык капиталдар кайра бөлүштүрүлүүчү баалуу кагаздардын биринчи рыногунун көлөмү 777,1 млн. сомду, же биржадагы соода-сатыктардын жалпы көлөмүнүн 47,2 %ын түздү.
2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын 2729 чыгарылышы катталган. Эмиссиянын жалпы көлөмү 66 958,75 млн. сомду түздү, анын ичинде 65 831,1 млн. сомдук акциялар, 954,05 млн. сомдук облигациялар, 101 млн. сомдук инвестициялык пайлар жана 72,6 млн сомдук турак-жай сертификаттары бар.
2013-жылы Эл аралык валюта фондусу жана Дүйнөлүк банк “Финансылык секторду баалоо программасынын” (FSAPтын) демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын финансылык системасына комплекстүү баа берүүлөрдү жүргүзүштү.
Банктардын жаңы продуктуларына калктын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана банктык кызматтардын пайыздык чендери менен тарифтерин төмөндөтүү максатында 2013-жылы Кыргыз Республикасынын банктык секторун өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата негизги багыттары иштелип чыкты жана бекитилди.
Камсыздандыруу базары. 2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 17 камсыздандыруу жана анын ичинде эки кайра камсыздандыруу уюмдары иштеп жатышат.
Камсыздандыруу уюмдарынын активдеринин жыйындысы 2014-жылдын 1-январына карата 1 651,5 млн. сомду түздү жана 20,0 %га өстү.
Камсыздандыруу уюмдарынын өздүк капиталдарынын жыйындысы 2014-жылдын 1-январына карата 1391,7 млн. сомду түздү, бул көрсөткүч 2012-жылдагыга караганда 25,3 %га өстү.
2013-жылы камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү 967,8 млн. сомду түздү жана 2012-жылдагыга караганда 15,2 %га өстү. 2013-жылы жалпы республика боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 92,5 млн. сомду түздү жана 2012-жылдагыга караганда 80,6 %га өстү.
2014-жылдын 1-январына карата 2270 кишинин катышуусу менен “Кыргызстан” мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун пенсиялык активдери 26 539,1 миң сомду түздү.
Топтомо пенсиялык тутумду андан ары өнүктүрүү жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу системасына мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун катышуусу үчүн 2013-жылдын 11-декабрында “Кыргыз Республикасындагы топтомо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.
Аудит. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аудитордук уюмдарынын, жеке аудиторлорунун жана аудиторлордун мамлекеттик реестринде 83 аудитордук уюм, 25 жеке аудитор, 303 аудитор катталган.
Отчеттук мезгилде Өкмөттүн мамлекеттик менчикти башкаруу боюнча ишинде төмөнкү маселелерге басым жасалган:
- мамлекеттик мүлктүн структурасын оптималдаштыруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруунун ачыктыгын жогорулатуу;
- мамлекеттин катышуусу бар чарбакер субъекттерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Мамлекеттик акциялардын пакетин, чарбалык коомдордун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүштөрдү башкаруу Өкмөттүн ишинде өтө маанилүү багыттардын бири. Бүгүнкү күндө мамлекет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд аркылуу (мындан ары - Фонд):
- 58 акционердик коомго катышат, анын ичинен 22си – стратегиялык АК;
- 192 мамлекеттик ишкана менен иш жүргүзөт.
2013-жылы контролдук акциялардын пакетине ээ болгон акционердик коомдордо башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөр аркылуу корпоративдик башкарууну, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну жана анын тунуктугун күчөтүү иштери улантылган.
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы №513 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, акционердик коомдордун директорлор кеңешинин жана ревизиялык комиссияларынын курамындагы мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн өкүлдөр менен келишимдер даярдалып жана түзүлдү. Ал келишимдерде директорлор кеңешинде жана ревизиялык комиссияларда мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн иштерди аткаруусу, же аткарбаганы үчүн мамлекеттин өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги аныкталган. Коомдордун башкаруу органдарынын кадрлар резервине өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук байкоо кеңешинин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен кандидаттарды конкурстук түрдө тандоо боюнча иш улантылууда.
Мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштыруу. Азыркы учурда реалдуу түрдө иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын санын аныктоо жана Тизмесин түзүү максатында 2013-жылы Фонд тарабынан белгиленген тартипте катталган мамлекеттик менчиктин формасындагы ишканалардын тизмесин инвентаризациялоо демилгеси сунушталган.
Кыргыз Республикасынын акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканаларынын жана акционердик коомдорунун ишин оптималдаштыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, анын курамына республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү жана ошондой эле Фонддун Коомдук байкоо кеңешинин, коммерциялык эмес уюмдардын, бизнес-жамааттын өкүлдөрү жана көз каранды эмес эксперттер кирген.
2013-жылы Фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы №804 “Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында 192 мамлекеттик ишкананын иши боюнча маалымат чогулткан, бул маалыматтар Ведомстволор аралык комиссиянын жана ведомстволор аралык жумушчу топтун 23 отурумунда кароого негиз болгон.
Улутташтырылган объектилер. 2013-жылы Фонд тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы №941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны ишке ашыруу боюнча жумуштар улантылды.
Мамлекеттик менчиктин 1 объекти - ЯК-40 учагы менчиктештирилди (борт номери EX-00007, 1975-жылы чыгарылган).
Азыркы учурда төмөнкү 9 объект боюнча менчиктештирүү процедурасы жүргүзүлүп жатат:
- мансардасы бар 3-кабаттуу курулушу бүтпөгөн мейманкана үй;
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер участогундагы курулуштары;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында жайгашкан аянты 10 га жер участогу;
- Кыймылсыз мүлктүн 5 бирдиги бар, аянты 11,029 га жер участогу (Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылындагы “Солнышко” пансионаты);
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 9,32 га жер участогу жана “Витязь” пансионатындагы кыймылсыз мүлктүн 91 бирдиги;
- “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын перрону менен кичи терминалы жана 12,49 га аянттагы жер участогу;
- “Дастан” Трансулуттук корпорациясы” ААКнын акцияларынын 44,08877 %ы;
- “Дастан” Трансулуттук корпорациясы” ААКнын акцияларынын 6,36817 %ы;
- “Альфа телеком” ЖАКнын акцияларынын 49 %ы.
Мамлекеттик мүлктү пайдалануу боюнча укуктарды ишке ашыруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №263 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды (жайларды) пайдалануу, ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” жобого ылайык, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимдерин каттоо жана макулдашуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды контролдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
2013-жылы Фонд тарабынан мамлекеттик мүлктү (жайларды) ижарага берүү боюнча келишимдерди каттоо тууралуу 2017 буйрук кабыл алынды.
Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо. Отчеттук жылда Фонд тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн Бирдиктүү реестрин түзүү максатында мамлекеттик менчикти инвентаризациялоо боюнча төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлдү:
- негизги каражаттардын 10 түрү боюнча объекттерди эсепке алуунун бирдей 19 формасын өркүндөтүү: кыймылсыз мүлк – администрациялык, турак жай жана турак жай эмес имараттар, курулмалар, курулуп бүтпөгөн объекттер, жер участоктор; кыймылдуу мүлк – унаа, жабдуулар, материалдык эмес активдер, баалуу кагаздар;
- 77 мамлекеттик органга, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө, мамлекеттик ишканаларга жана мекемелерге объекттерди эсепке алуу жана классификациялоо формаларын толтуруу маселелерин түшүндүрүү;
- мамлекеттик мекемелердин алдындагы мүлктөр тууралуу маалымат чогултуу;
- жалпылоо жана маалымат базасын түзүү үчүн келип түшкөн маалыматты иштеп чыгуу.
Биринчи кезекте төмөнкү тизмелер түзүлдү:
- Администрациялык имараттардын тизмеси (1239 бирдик);
- Унаа каражаттарынын тизмеси (7410 бирдик);
- Курулуп бүтпөгөн объекттердин тизмеси (270 бирдик).
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү. Менчикке болгон мамилени кайта өзгөртүүнүн натыйжасында республикада менчиктештирүү процесси башталгандан тартып 2014-жылдын 1-январына карата Фонд тарабынан менчиктештирилген ишканалардын жалпы деңгээли 73,59 %ды түздү.
Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу. 2013-жылда аткарган иштердин жыйынтыгында Фонд мамлекеттик мүлктү башкаруудан жана менчиктештирүүдөн республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 3 217,6 млн сом суммадагы каражат түшүүсүн камсыз кылды.
18-таблица
Аталышы | 2012-ж. иш жүзүндө | 2013-ж. иш жүзүндө | Өсүш темпи, % | 2013-ж. план | Аткаруу, % |
Дивиденддер | 1825,6 | 1615,9 | 88,5 | 1462,5 | 110,5 |
Менчиктештирүү | 166,8 | 11,3 | 6,8 | - | - |
Ижара | 23,1 | 37,5 | 162,5 | 21,0 | 178,7 |
МИден пайда | 758,9 | 1549,6 | в 2 р. | 1310,7 | 118,2 |
Башкалар | 7,8 | 3,3 | - | - | - |
Бардыгы | 2782,2 | 3217,6 | 115,6 | 2794,2 | 115,2 |
Отчеттук мезгилде калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жарандардын социалдык корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталган максаттуу иштер жүргүзүлдү. 2013-жыл ошондой эле 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Калкын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын алкагында масштабдуу иштерди аткаруу менен өзгөчөлөндү.
Мамлекеттик жөлөкпулдар. Мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын саны 2014-жылдын 1-январындагы абал боюнча 411,0 миң адамды түзгөн, бул 2012-жылга (414,8 миң адам) салыштырганда 1 %га аз, алардан: балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул (АҮСЖ) алгандар 336,2 миң адам, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,1 %га аз; ай сайын социалдык жөлөкпул алуучулардын саны (мындан ары- АСЖ) 74,8 миң адам, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,9%га көп.
Жалпысынан республика боюнча 2014-жылдын 1-январындагы абал боюнча АҮСЖнын орточо өлчөмү 5,1 %га көбөйгөн жана 487,4 сомду түзгөн. 2013-жылдын 1-ноябрынан тартып кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 580 сомдон 640 сомго чейин (10,3 %) жогорулаган. АСЖнын орточо өлчөмү 0,1 %га көбөйгөн жана 2405,7 сомду түзгөн.
Социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү. Компенсациялар ай сайын жарандардын 25 категориясына төлөнөт. 2014-жылдын 1-январына карата ай сайын акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 54,3 миң адамды түзгөн (2012-жылдын ушул мезгилинде 56,2 миң адам болгон, бул 3,4 %га аз). Республиканын калкына акчалай компенсацияларды алуучулардын санынын катышы 0,96 %ды түзөт.
Акчалай компенсациялардын өлчөмү жашаган аймагына карабастан 1000 ден 7000 сомго чейин белгиленген, бул мыйзамда белгиленген жеңилдик берилген кызматтардын наркына ылайык келет.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин өмүр бою ай сайын берилүүчү 3000 сом өлчөмдөгү стипендиясы төлөнүп келүүдө. 1,6 миң адамга жалпы суммасы 62,7 млн. сом стипендия берилген.
Иштегендерди социалдык камсыздоо. 2014-жылдын 1-январына карата кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 32,3 миң адамды түзгөн, бул 2012-жылга караганда (28,3 миң адам) 14,1 %га көп. Жөлөкпулдун орточо өлчөмү 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 7198 сомдон 7642,1 сомго же 6, 1%га көбөйгөн.
Сөөк коюуга жөлөкпул алуучулардын саны 3,6 миң адамды түзгөн, бул 2012-жылга караганда 33,3 %га көп. Сөөк коюуга жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3073,1 сомдон 3569,9 сомго, же 16,1 %га көбөйгөн.
2010-жылдагы кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгон жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга компенсацияларды жана жөлөкпулду төлөөгө республикалык бюджеттен 2013-жылы 1,9 млн. сом суммадагы акча каражат каржыланган.
Социалдык тейлөө. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин тутумунда 15 интернат үй иштейт, алардын 14ү республикалык бюджеттен каржыланат, Бишкектеги карылар үчүн интернат үй жергиликтүү бюджеттин каражатынан каржыланат. Азыркы учурда интернат үйлөрдө 2325 камкордукка алынгандар багылат, андан карылар жана ДМЧАлар- 769, психоневрологиялык диагнозу менен - 1168 чоң киши жана 388 балдар.
19-таблица
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Өлчөө бирдиги | 2012-ж. | 2013-ж. | Четтөө (+/-) |
1. | Номиналдык айлык акынын бир айлык орточо өлчөмү | сом | 10891 | 11426 | 104,9 |
2. | Жашоо минимуму | сом/ай | 4341,15 | 4599,21 | 105,9 |
3. | Ишке жарамдуу калктын жашоо минимуму | сом/ай | 4850,32 | 5139,72 | 106,0 |
4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны | |||||
| АҮСЖ | миң адам | 343,5 | 336,2 | -2,1 |
| АСЖ | миң адам | 71,3 | 74,8 | 4,9 |
5. Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмү | |||||
| АҮСЖ | сом | 463,5 | 487,4 | 5,1 |
| АСЖ | сом | 2403,7 | 2405,7 | 0,1 |
6. Мамлекеттик жөлөкпулдардын орточо өлчөмүнүн катышы | |||||
| Баланын эң төмөнкү жашоо каражатына АҮСЖ | % | 12,5 | 12,5 | 99,4 |
| Эң төмөнкү жашоо каражатына АСЖ | % | 55,37 | 52,31 | 94,5 |
7. Социалдык төлөмдөрдү каржылоо | |||||
| Мамлекеттик жөлөкпулдар (АҮСЖ, АСЖ, КАСЖ) | млн сом | 3294,5 | 4240,5 | 28,7 |
| Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар | млн сом | 1619,2 | 1530,1 | -5,5 |
Отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин каражатынан мамлекеттик жөлөкпулдарды (АҮСЖ+АСЖ), жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жана сөөк коюуга жөлөкпулду төлөөгө 6030,2 млн сом суммадагы акча каражат каржыланган.
Орточо айлык номиналдуу эмгек акы бир кызматкерге 2013-жылда 11426 сомду түзүп, 2012-жылга салыштырганда 4,9 %га өстү, ал эми керектөө бааларынын индексин эсепке алганда, анын анык өлчөмү 1,6 %га төмөндөдү. КРУБ аныктаган валюталардын расмий курсуна жараша, 2013-жылы бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 235,9 АКШ долларын түздү.
2013-жылы республика боюнча бюджеттик чөйрөдө эмгек акынын өсүүсү белгиленди. Экономикалык иштин көпчүлүк түрлөрүндө эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жайлашы байкалды, буга суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу, курулуш, кыймылсыз мүлк операциялары, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ишканалар менен уюмдар кирбейт.
2013-жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 2014-жылдын 1-январына карата бүткүл республика боюнча эмгек акы төлөөдөгү жалпы карыздын суммасы 11 %га өстү жана 320,5 млн сомду түздү.
Эмгек акыны төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын жалпы суммасынын ичинен басымдуу бөлүгүн Чүй (23,5 %), Жалал-Абад (20,9 %), Ысык-Көл (14,6 %) облустарындагы жана Бишкек ш. (13,4 %) ишканалар менен уюмдардын кызматкерлерине болгон карыздар түздү.
Жашоо минимумунун жылдык орточо көрсөткүчү 2013-жылы 4599,21 сомду түздү жана өткөн жыл менен салыштырганда 5,9 %га өстү. Жашоо минимумунун түзүмүндө азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 %ды, азык-түлүк эместердики - 16 %ды, кызмат көрсөтүүлөрдүкү - 17 %ды жана салыктардын үлүшү 2%ды түздү. Азык-түлүк себетинин энергетикалык баалуулугу 2101 ккал деңгээлинде аныкталды, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.
Пенсиялык камсыздоо. Баштапкы маалыматтар боюнча 2013-жылы 20453,9 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды, бул 2012-жылга салыштырмалуу 1660,6 млн сомго көп, камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун өсүшү 108,8 %ды түздү. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна (МПТФ) 1021,2 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү топтолду.
2013-жылы пенсия жана башка социалдык төлөмдөргө керектүү сумманын бардыгы 29425,8 млн сом өлчөмүндө толук каржыланды. 2014-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2014-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 581306 адамды түзөт, алардын ичинен пенсияны “Кыргызпочтасы” МИ филиалдары аркылуу 403281 адам, же жалпы санынын 69,4 %, банк аркылуу 178025 адам, же 30,6 % алышат.
20-таблица
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Чен. бирд. | 2012-ж. | 2013-ж. | Өсүү темпи, % |
1 | Бардык киреше | млн. сом | 29 701,9 | 33 686,3 | 113,4 |
| анын ичинде: | ||||
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | млн. сом | 18 793,3 | 20 453,9 | 108,8 | |
| Республикалык бюджеттен түшкөнү | млн. сом | 10 652,3 | 13 049,3 | 122,5 |
| Башка кирешелер (акциялар боюнча дивиденддер ж.б.) | млн. сом | 256,3 | 183,1 | 71,4 |
2 | Бардык чыгымдоо: | млн. сом | 29 628,8 | 33 043,5 | 111,5 |
| Анын ичинде: | ||||
пенсиялык фонддун каражаттары боюнча | млн. сом | 28 266,8 | 31 479,1 | 111,4 | |
| Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары боюнча | млн. сом | 1 210,0 | 1 390,0 | 114,9 |
| Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна | млн. сом | 152,0 | 174,4 | 114,7 |
3 | Пенсионерлердин жалпы саны | адам | 565467 | 581306 | 102,8 |
4 | Пенсия жана башка социалдык төлөмдөр каржыланды жана төлөндү | млн сом | 26 781,5 | 29 425,8 | 109,9 |
5 | Пенсиянын орточо өлчөмү | сом | 4274,1 | 45262 | 105,9 |
6 | Пенсионердин жашоо минимуму | айына сом менен | 3858,28 | 4096,99 | 106,2 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 482 “2013-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу жөнүндө” токтому менен 2013-жылдын 1-октябрынан тартып “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүн 400 сомго көбөйтүү каралган (СП1+СП2) жана пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн (СП1) эсептөө үчүн эмгек акынын чектик деңгээли 5000 сомдон 8000 сомго чейин жогорулатылды.
Пенсияны жогорулатуунун натыйжасында 2014-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо өлчөмү 4526 сомду түздү жана 2009-жылга салыштырганда 2,1 эсеге көбөйдү. Пенсиянын орточо өлчөмүнүн пенсионердин жашоо минимумуна (ПЖМ) болгон катышы 72,1 %дан 110,5 %га өстү. Мында пенсионердин жашоо минимумунан аз пенсия алуучулардын санын азайтуу тенденциясы улантылды. Эгерде 2009-жылы пенсионердин жашоо минимумуна жетпеген пенсия алуучулардын саны 452,9 миң адамды түзсө (пенсионерлердин жалпы санынын 86,6 %ы), 2013-жылдын аягында алардын саны 306,3 миң адамды түздү (пенсионерлердин жалпы санынын 52,7 %ы).
Эмгек мигранттарынын социалдык камсыздоого жана пенсиялык камсыздоого укуктарын камсыз кылуу механизмин ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле убактылуу жумушка орношкон эмгек мигранттарынын маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы №550 токтому менен “Бирдиктүү терезе” тутумундагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги №222 токтому менен Россия Федерациясынын аймагында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын-эмгек мигранттарын социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу программасы, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги №143-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Пенсия менен камсыз кылуу жаатында жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги №193 токтому менен Камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби жөнүндө жобо бекитилген.
Калктын иш менен камсыздалышы. Акыркы он жылда калктын иш менен камсыз болуу деңгээли дээрлик жогору бойдон калууда (58ден 60 %га чейин), бирок бул тышкы эмгек базарында иштеген эмгекке жарамдуу калктын (эмгек миграциясы) санынын көптүгү менен түшүндүрүлөт. Шаарларда иш менен камсыз болуу деңгээлинин айылдарга караганда бир канча төмөндүгү, айыл калкынын иш менен камсыз болуу өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Айылда ишкана үй-бүлөлүк мүнөзгө ээ болуп, бардык эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү ишке тартылат. Эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээли орточо алганда аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлине караганда 24,4 %га жогору.
Иш менен камсыздалган калктын жалпы санында ишканалар менен мекемелердин кызматкерлеринин үлүшү 31,8 %ды гана түзөт, калгандары жеке эмгек ишмердиги менен алектенишет, эмгек миграциясында жүрүшөт жана жеке жарандарда жалданып иштешет.
Ишке орноштуруучу мамлекеттик кызматтарда каттоодо турган жумушсуз калктын саны 2014-жылдын 1-январына карата 94,2 миң адамды түздү жана 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырганда өткөн жылдын деңгээлинде калды, катталган жумушсуздардын саны 58,4 миң адамды түздү жана 3,3 %га ылдыйлады.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 51,6 %ын аялдар түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калкка карата 2,3 %ды түздү.
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 2012-жылы 8,4 %дын деңгээлинде түзүлдү. Жумушсуздардын жалпы саны 210,4 миң адамды түздү. Жумушсуздардын саны шаарларда 81,2 миң адамды, айыл жеринде 129,2 миң адамды, же 61 %ды түзөт. Шаар жергесиндеги жумушсуздуктун деңгээли 9,5 %га жетет, ал эми айыл жергесинде 7,9 %ды түзөт. Аялдардын жумушсуздугунун деңгээли (9,5 %), эркектердикине караганда жогору (7,7 %).
2013-жылы иш менен камсыз кылуу кызматтарына 160,2 миң адам кайрылып, 2012-жылга караганда 17,4 миң адамга, же 12 %га көп. Кайрылгандардын 68,7 миң адамы иш издегендер катары катталып, бул 2012- жылга караганда 4 %га аз.
Өкмөт жумушсуз жарандарды мамлекеттин ичинде жана чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча бир катар иш-чараларды өткөргөн. 2013-жылы 44,2 миң адам ишке орноштурулган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 %га көп (2012-жылы 43,0 миң адам).
Жалпысынан республика боюнча 39,7 миң адам ишке орноштурулган, бул 2012-жылдын деңгээлинде. Ошондой болсо да, 1 жумуш орунга талапкерлердин саны 14 адам болуп, кыйла көп бойдон калууда. Мисалы, Баткен облусунда 1 иш орунга 245 адам, Нарын областында 577 адам, Жалал-Абад облусунда 393 адам талапкер. Талапкерлердин эң аз саны Бишкекте – 3 адам.
Жумушсуз жарандарды ишке орноштуруу чаралары. Калкты иш менен камсыз кылууну мамлекеттик колдоого алуу эмгек базарында активдүү иштерди жүргүзүүдөн турат, аларга окутуу, кайра окутуу, убактылуу ишке орноштуруу (акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын долбоору), жумушсуз жарандарды жеңилдетилген чакан насыя менен камсыз кылуу кирет. Мисалы, 2013-жылы окутууга, кайра окутууга, квалификацияны жогорулатууга 7,3 миң адам жиберилген, бул 2012-жылга караганда 13 %га көп. Кесиптик окутуудан кийин 5,1 миң адам, башкача айтканда, жиберилгендердин 77 %ы ишке орноштурулган.
Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 21,1 миң адам жиберилген, бул 2012-жылга караганда 6 %га көп. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте региондордун инфратүзүмдөрүн жакшыртууга, билим берүү (мектептер, бала бакчалар), саламаттык сактоо (фельдшердик-акушердик пункттар, ооруканалар), маданият (клуб, музей) объекттерин оңдоо жана көрктөндүрүү боюнча, алыскы калктуу конуштарды тейлөө (агенттер), майыптарды багуу, мал санак ж.б.у.с. багытталган иштер жасалды:
Жеңилдетилген чакан насыяларды 2,0 миң адам алды, бул 2012-жылга караганда 55 %га аз. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы №100 “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна ылайык “Ала-Тоо Финанс” МКАнын жоюлушунун натыйжасында болду.
Миграция. Табигый жана миграциялык процесстердин натыйжасында республиканын туруктуу калкынын саны 2013-жылы 113,5 миң адамга, же 2,0 %га көбөйдү жана 20143-жылы 5 777 миң адамды түздү.
Калктын санынын өсүшүнүн негизги фактору табигый өсүш болуп саналат, ал 120,6 миң адамды, же калктын 1000ине 21,1 түздү (2012-жылы- 21,1).
2013-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 4,3 миң адам келсе, кеткендердин саны 11,5 миң болгон, калктын миграциялык кетиши (–)7,2 миң адам түздү (2012-жылы - 7,5 миң). 2012-жылга салыштырмалуу келгендердин жана кеткендердин, ошондой эле калктын миграциялык агымынын саны төмөндөгөнү байкалды. Ошону менен бирге, калктын ички республикалык миграциясынын азайганы белгиленди (10 %га). 2013-жылы тышкы миграция боюнча орточо кетүү ургаалы 10 миң тургунга 20 адамды түздү (2012-жылы 10 миң тургунга 23 адам). Эгер Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан кетүү ургаалдуулугу (тиешесине жараша 10 миң тургунга 46 жана 33 адам) орточо өлкө көрсөткүчүнөн бир топ өссө, ал эми тышкы миграция боюнча кетүүнүн эң төмөнкү ургаалдуулугу мурдагыдай эле Нарын облустунда белгиленди (10 миң тургунга 3 адам).
Кыргыз Республикасы постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн арасында жумушчу күчтүн омоктуу экспортчуларын бири. Убактылуу иштеп жүргөн Кыргызстандыктардын саны жылдын ар кайсы мезгилинде республиканын экономикалык жактан активдүү калкынын 5 %дан 10 %на чейин вариацияланып турат. Кыргызстандык эмгекчи-мигранттардын көпчүлүгү:
- Россия Федерациясында, Россиянын ФМКнин автоматташтырылган аналитикалык отчёт тутумунун (АОАС) маалыматы боюнча 2013-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын 657,8 миң жараны кирип, 568,8 миң адам кайра чыккан. Учурда Россияда 350 миңден 570 миңге чейин адам бар;
- Казакстан Республикасында 70 миңден ашуун адам.
Алыскы чет өлкөлөрдө 30 миңдей Кыргызстандыктар бар (ар кандай маалыматтар боюнча).
Калктын миграциясынын оң жактары улуттук эмгек базарындагы чыңалууну төмөндөтөт (эмгек миграциясы өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин дээрлик 2 эсеге азайтууга шарт түзөт), эмгекчи-мигранттардын акча которууларынан бир топ финансы түшөт (2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу которууларынын таза көлөмү 1908,2 млн. АКШ долларын түздү).
Терс жактары демографиялык көрсөткүчтөрдүн начарлашы, адистерди жана квалификациялуу жумушчу кадрларды жоготуу факторлору, үй-бүлө институтундагы көйгөйлөрдүн курчушу ж.б.у.с. болуп саналат.
Россиядагы эмгек мигранттарынын негизги көйгөйлөрү:
- иш берүүчүнүн эмгек акыны төлөбөй коюусу;
- миграциялык каттоого туруу менен байланышкан көйгөйлөр;
- иштегенге уруксаттын жоктугу;
- жасалма миграциялык карталарды, каттоолорду алуу, мамлекеттик чек арадан өтүү жөнүндө жасалма дата жана штамп, иштегенге жасалма уруксат жана патенттер.
Казакстан Республикасында Кыргызстандын жарандары жашап туруу уруксатын алмайын ишкердик жүргүзүүгө укугу жок.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-декабрындагы №704 токтому менен 2014-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота аныкталган.
2013-жылы демографиялык кырдаал төрөт көрсөткүчүнүн азайышы менен мүнөздөлдү, ал 1000 адамга 27,2 болду (2012-жылы - 27,6). Натыйжада, калктын табигый көбөйүү көрсөткүчү 120,6 миң адамды түздү, же 1000 адамга 21,1 (2012-жылы – 21,1).
Элде өлүмгө учуроонун жалпы көрсөткүчү төмөндөө багытында, 2013-жылы 1000 адамга 6,1 түздү (2012-жылы – 6,5). Кыргыз Республикасында эл арасында өлүмдүн негизги себептери мурдагы жылдардай эле: кан айлануу тутумунун оорулары – 51 % , шишиктер – 10 %, өлүмдүн тышкы себептери – 9 %, тамак сиңирүү органдардын оорулары – 7, дем алуу органдарынын оорулары – 6 %.
Кыргызстан оорулардын саны көп 75 өлкөнүн ичинен (2015-жылга карата Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына (МӨМ) жетишүү жолунда тургандар) 15 өлкөнүн катарына кирет. 2007-жылдан бери ымыркайлар жана балдар өлүмүнүн көрсөткүчүндө төмөндөө тенденциясы туруктуу экени байкалат. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча ымыркайлар өлүмүнүн көрсөткүчү республика боюнча 1000 тирүү төрөлгөндөргө 19,9ду түздү (2012-жылы - 20,0).
Ымыркайлар өлүмүнүн негизги себептери болуп перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар эсептелет, алардан 2013-жылы 1973 ымыркай чарчап калган, же 1 жашка чейинки курактагы балдар арасында чарчап калгандардын 65 %ы. Өсүшүндөгү тубаса кемтиктерден 465 ымыркай (15 %), дем алуу органдарынын ооруларынан 398 (13 %) чарчап калды.
Энелер өлүмүнүн деңгээли, 2012-жылга салыштырмалуу төмөндөп, 100000 тирүү төрөлгөндөргө карата 39,0 түздү (2012-жылы – 50,3).
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча энелер өлүмү азайганына карабастан, 2015-жылы МӨМ-5 жетишпей калуу мүмкүндүгү бар, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана ПРООН МӨМ-5ке жетишүүнү тездетүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуучу жумушчу топту түзгөн.
21-таблица
Көрсөткүчтүн аталышы | Өлчөм бирдиги | 2012-ж. | 2013-ж. | Четтеп кетүү (+,-) |
Төрөлүүлөр | 1 миң адамга | 27,6 | 27,2 | -0,4 |
Табигый өсүш | 1 миң адамга | 21,1 | 21,1 | 0 |
Өлүмдөр | 1 миң адамга | 6,5 | 6,1 | -0,4 |
Ымыркайлардын өлүмү | 1000 тирүү төрөлгөндөргө | 20,0 | 19,4 | -3,0 |
Энелердин өлүмү | 100000 тирүү төрөлгөндөргө | 50,3 | 39,0 | -22,1 |
Ооруларга чалдыгуулар. 2013-жылы инфекциялык жана мите оорулардын, анын ичинде катуу кармаган респиратордук-вирустук инфекциялардын 238,2 миң учуру катталды. Катуу кармаган респиратордук-вирустук инфекцияларга чалдыгуу учурларынын саны азайганына карабай, инфекциялык жана мите оорулардын түзүмүндө алардын үлүшү мурдагыдай эле жогорку бойдон калууда (57 %дан ашуун). Жалпы инфекциялык ооруларга чалдыгуулардын ичинен ичеги-карын инфекцияларынын үлүшү 11,3 %, вирустук гепатит - 8,6 %, кургак учук - 1,9 %, жыныс жолу аркылуу жуккан инфекциялар - 0,7 % жана бруцеллез - 0,6 % болду.
2013-жылы 2012-жылга салыштырмалуу гриппке чалдыгуунун 4,3 эсеге азайганы байкалды (100 миң адамга эсептегенде), педикулез 1,8 эсеге, бруцеллез 1,7 эсеге, ВИЧ-инфекция 1,5 эсеге, катуу кармаган респиратордук-вирустук инфекциялар 1,4 эсеге, сальмонеллез инфекциялары 20,4 %га, котур 16,9 %га, вирустук гепатит 9,6 %га, катуу кармаган ичеги-карын инфекциялары 15,0 %га, гонорея 7,5 %га жана кургак учук 5,1 %га азайган. Ошол эле мезгилде, эпидемиялык кырдаал: кызамык (2 эсеге), эпидемиялык паротит (1,8 эсеге), бактериялык менингит жана сифилис (1,6 эсеге) жана көк жөтөл (1,5 эсеге) орчундуу көбөйгөнү менен мүнөздөлдү.
2013-жылы инфекциялык жана мите оорулардын айрым түрлөрүнө чалдыгууларды талдоонун жыйынтыгы 2012-жылга салыштырмалуу кээ бир аймактык айырмачылыктарды көрсөтүүдө. Мисалы, ВИЧ инфекцияга чалдыгуу жалпысынан (1,5 эсеге) азайганы менен, башка региондорго караганда Чүй облусунда (157 учур) жана Бишкек ш. (90 учур) ооруга чалдыгуулар жогору болгону белгиленүүдө.
2014-жылдын 1-январына карата ВИЧ-инфекцияга чалдыккан 504 адам аныкталган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары 480 адам (2012-жылы 724 адам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары 704 адам болгон), анын ичинде 14 жашка чейинки балдар 24 (2012-жылы 157), азаюу 7,5 эсе, баңги зат керектөөчүлөр 178 адам (2012-жылы 244 адам), азаюу 1,3 эсе, бул зыянды азайтуу программасын ишке ашырууга байланыштуу болду. 2012-жылы балдар арасында ооруга чалдыгуунун жогорку көрсөткүчү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында жалпы скрининг жүргүзүүгө байланыштуу болду.
ВИЧ учурларына электрондук байкоо жүргүзүү боюнча программалык камсыздоо орнотулду, ВИЧ учурлары боюнча маалыматтарды ретроспективдик киргизүү жүргүзүлгөн. 2013-жылы 5027 пациенттин маалыматтарын киргизүү башталды. ВИЧ инфекциянын Электрондук байкоо жүргүзүү системасын ишке киргизүү мониторинги “Содействие”/ICAP долбоорунун колдоосу менен республикалык “СПИД” борборунун адистери тарабынан туруктуу негизде жүргүзүлүп жатат.
Инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын “Инфекциялык оорулардын иммунопрофилактикасы жөнүндө” Мыйзамынын, 2013-2017-жылдарга «Иммунопрофилактика» программасынын жана башка документтердин алкагында иш жүргүзүлүп жатат.
Балдарга жана чоңдорго алдын алуучу эмдөөлөр алдын алуучу эмдөөлөр календарынын алкагында акысыз жүргүзүлөт.
Кургак учукка чалдыгуу көрсөткүчтөрү жогорку деңгээлде калууда, 5710 учур катталган, анын ичинде 571 учур 14 жашка чейинки балдар арасында, бул 10 %ды түзөт.
2013-жылдын 1-декабрына карата маалымат боюнча медициналык практикада колдонууга 6866 фармацевттик продукциянын аталышы катталды жана уруксат берилди: алардын ичинде дары каражаттар (ДК) 4811, медициналык арналыштагы буюмдар (МАБ) – 2055.
2013-жылдын 1-декабрына карата маалымат боюнча медициналык практикада колдонууга 6866 фармацевттик продукциянын аталышы катталды жана уруксат берилди: алардын ичинде дары каражаттар (ДК) 4811, медициналык багыттагы буюмдар (МББ)– 2055.
2013-жылдын 27-декабрына карата маалыматтар боюнча республикада 3201 фармацевттик уюм иштейт: 976 дарыкана, 1409 дарыканалык пункт, 65 дарылоо-профилактикалык уюмдардын дарыканалары (дары жасоо укугу менен – 57; дары жасоо укугу жок – 8), 261 дарыкана киосктору, 42 оптика дүкөндөрү, 24 медициналык арналыштагы буюмдардын дүкөндөрү, 253 дары каражаттардын дүң кампалары жана 128 медициналык арналыштагы кампалар, 43 фармацевттик өндүрүш уюмдары.
Бардыгы болуп мамлекеттик бюджеттен “Саламаттык сактоо” сектору боюнча сарптоолор 2013-жылы 12319,1 млн сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 5,8 %га көбөйдү (2012-жылы – 11645,2 млн. сом).
2013-жылы Өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММК) иши Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоого, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга, камсыздандырылган жарандардын дары-дармек менен камсыздалышын жакшыртууга, медициналык кызмат алууда жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, калктын саламаттыкты сактоо жаатындагы укуктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталды.
ММК фонду тарабынан 2013-жылы Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын (МКП) жүзөгө ашыруу үчүн 248 мамлекеттик жана эки жеке менчик саламаттык сактоо уюму менен келишим түзүлгөн.
Мындан тышкары камсыздандырылган жарандарды дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу боюнча ММКнын Кошумча программасын (ММК КП) жүзөгө ашыруу үчүн 65 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 юридикалык жактан өз алдынча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 27 жалпы дарыгерлик практика борбору, ошондой эле 206 фармацевттик жабдуучу менен келишим түзүлдү.
2014-жылдын 1-январына карата республика боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна катталган калктын саны 5401,6 миң адамды түздү, анын ичинен камсыздандырылгандар 4 042,5 миң жаран, мунун өзү катталган калктын жалпы санынын 74,8 %ын түздү (2013-жылдын 1-январына карата катталган калк 5 396,0 миң адам, анын ичинен камсыздандырылгандар – 4137,9 миң адам (76,7 %).
Бирдиктүү төлөөчү тутумунун топтоштурулган бюджетинин такталган планы 2013-жылга 10740,0 млн сомду түзгөн, иш жүзүндө каржылоо 10430,8 млн сомду, же такталган пландан 97,1 %ды түздү. Мында отчеттук мезгилде республикалык бюджеттин каражаттарынан 7125,9 млн сом, ММК каражаттарынан 1548,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 290,7 млн сом, калктын кошумча төлөм каражаттарынан 369,7 млн сом суммасында каржыланды.
Стационарларда бейтапты түздөн-түз каржылоого кеткен чыгымдар 2013-жылы бир оорулууга бир күнгө Бирдиктүү төлөөчүнүн топтоштурулган бюджетинен дары-дармектерге 122,9 сомду (2012-жылы 120,23 сом), тамак-ашка 68,74 сомду (2012-жылы 53,63 сом) түздү.
Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын кызматкерлеринин эмгек акысы 2013-жылга карата орточо төмөнкүдөй: дарыгерлердики - 10731,0 сом, орто медициналык персоналдыкы - 9300,0 сом, кенже медициналык персоналдыкы - 5237,0 сом; стационардагы дарыгерлердики - 11479,0 сом, орто медициналык персоналдыкы - 9524,0 сом, кенже медициналык персоналдыкы - 6159,0 сом.
2013-жылы ММК фонду тарабынан камсыздандырылбаган жарандарга жалпы суммасы 5531,8 миң сомду түзгөн 16436 ММК полиси сатылган.
2013-жылы ММК фонду тарабынан биринчи жолу милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 84,0 млн сомду түзгөн Чүй облусунун Панфилов жана Кемин райондорунун жалпы дарыгерлер борборлору үчүн 2 флюорографиялык аппарат, 87 медициналык тез жардам автомашинасы жана аларды жабдуу үчүн 85 медициналык жабдыктардын топтому, Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн жалпы суммасы 18,8 млн сомго дары каражаттары, плазмалык канды уютуучу фактору 9,98 млн сомго жана рекомбинанттык канды уютуучу фактору 2,42 млн сомго сатып алынган.
Каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу максатында ММК фонду тарабынан Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатына 91,8 миң экспертиза жүргүзүлдү, мында бейтаптарды изилдөөдө жана дарылоодо 13489 кемчиликтер аныкталды.
2013-жылы камсыздандырылган бейтаптарга ММКнын кошумча программасы боюнча 1115,9 миң рецепт жазылып берилген, мында ММКнын кошумча программасы боюнча каражаттарды өздөштүрүү пландаштырылган каражаттардын жалпы көлөмүнүн (183,4 млн сом) 101,3 %ды, же 185,8 млн сомду түздү.
Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздандыруунун каражаттарын өздөштүрүү 121,2 %ды түздү, 20,0 млн сом суммасында пландаштырылган көлөмдөгү калкка сатылган дары каражаттары үчүн 24,2 млн сомдун орду толтурулду.
2013-жылы ММК фондунун топтоштурулган бюджетинин финансылык каражаттарын сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу максатында 75 саламаттык сактоо уюмунда аудит жүргүзүлдү, бул Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жалпы санынын 30 %ын түзөт. Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча 2013-жылы мыйзам бузуулардын суммасы 60 936,3 миң сом болду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун ишинин натыйжалуулугуна карата калктын ишеними өстү, бул калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин деңгээлинин жогорулашын билдирет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2013-2014-окуу жылынын башталышына карата республикада 2207 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеди, бул 2012-2013-окуу жылына караганда 6 уюмга көп. Мындай уюмдарда окуган окуучулардын саны мурунку жылга салыштырганда 1,5 %га өсүп, 1027 миң адамды түздү. Республикадагы жалпы билим берүүчү уюмдардын катарында 107 миңден ашуун окуучу окуган 122 гимназия жана 33 миң окуучу окуган 68 лицей иштейт. 2013-2014-окуу жылынын башына карата жалпы билим берүүчү уюмдарда 74 миңден ашуун педагог жумуш менен камсыз болду, алардын ичинен 85 %ы жогорку билимдүү.
55 жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарда 223 миңге жакын студент билим алууда, студенттердин саны мурунку жылга салыштырганда 3,6 %га төмөндөдү. Студенттердин жалпы санынын ичинен контракттык негизде билим алганы 85 %ды түздү. Жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын тутумунда 14 миңден ашуун окутуучу иштейт, алардын ичинен илимдин доктору даражасына 851 адам, илимдин кандидаттары 3575 адам, профессор наамына 654 жана доцент наамына 2301 адам ээ.
2013-жылы билим берүү тутумунун комплекстүү өнүгүү процессинде айрым жетишкендиктер болду.
Билим берүү секторун каржылоонун жана донорлордун (SWAр) каражаттары менен бюджетти колдоону камсыздоонун жаңы агымдарын түзүүгө багытталган маанилүү тутумдук өзгөрүүлөр ишке ашырылды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-февралындагы № 45-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана 2012-2014-жылдарга SWAр алкагында билим берүү секторун өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн Биргелешкен билдирүүсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Евросоюз комиссиясынын ортосундагы “Сектордук саясатты колдоо программасы: Кыргыз Республикасынын билим берүү секторундагы реформага көмөк көрсөтүү” (2013-жылдын 30-майындагы № 220-б буйругу менен) финансылык макулдашуунун долбоору жактырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтому менен айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүнүштөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүлгөн, сектордун бюджеттик каражаттарынын 70 %дан көбүнүн башкаруусун контролдоо камсыздалат.
Ошондой эле 2013-жылы мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү негизги жетишкендиктер төмөнкүлөр болду:
- мектепке чейинки даярдоо программасы менен тиешелүү жаштагы балдарды камтууну 100 %га камсыздоо. Айтсак, беш жарым жаштан жети жарым жашка чейинки 102 миң бала мектепке даярдалды. Алардын ичинен 71,5 миң бала мектепке чейинки даярдоонун 240 сааттык программасы менен мектептин өзүндө, ал эми 22 миң бала мектепке чейинки билим берүү уюмдарында билим алышкан;
- 2013-жылы өнүктүрүү боюнча донордук агенттиктердин колдоосу менен 15 кыска мөөнөттүү коомдук балдар бакчасы ачылды (Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарында). Жалпысынан, мектепке чейинки билим берүүнүн вариативдик түрлөрүнө 13 480 бала камтылган. 2013-жылы 20 вариативдик балдар бакчасы республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоого этап менен өткөрүлдү.
Мектепте билим берүү жаатында эң маанилүү иш-чаралар төмөнкүлөр болду:
- компетенттик негизде жаңы стандарттарга ылайык билим берүүнүн жаңыча мазмунун киргизүүнү улантуу. Жаңы муундун стандарттарында (куррикулумдарында) окуучулар окуй турган теманын тизмеси жана көлөмү (бул программанын – милдети) эмес, программалык материалдарды окуунун натыйжасында баланын калыптанууга тийиш болгон билими, жөндөмү, баалуулуктары жана турмушка болгон мамилеси биринчи жолу жазылды;
- 2013-жылы кесипти жогорулатуу курсунан 7176 мугалим өттү, салтка айланган август методикалык окуусуна 24 миңден ашуун мугалим жана билим берүү кызматкерлери катышты. Кыргызстандын өсүп келе жаткан жаш муундарын тарбиялоо концепциясы иштелип чыкты жана кабыл алынды;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1 июлундагы №155 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин жана тил саясатын өнүктүрүү жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этникалык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажистандын адистери үчүн көп тилдүү жана толук маданияттуу билим берүү маселелери боюнча региондук мектеп уюштурулган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 150 “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө” токтому кабыл алынган;
- министрликтер, ведомстволор, донордук агенттиктер жана эл аралык уюмдар менен биргеликте туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү багытында иштелип чыккан ар кандай долборлор ишке ашырылууда, алар: Европа Союзунун колдоосу менен “Кыргыз Республикасында региондук жана улуттук деңгээлде маселелерди чечүүдө балдардын катышуусун жакшыртуу үчүн мектеп парламентин чыңдоо” долбоору, “Кыргызстандагы Сорос” фонду тарабынан колдоого алынган “Мектеп – коомду бириктирүүнүн борбору” долбоору, Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты куруу фондусу тарабынан колдоого алынган “Көп түрдүүлүктөгү биримдик” долбоору, “Зордук-зомбулуксуз мектеп” программасы, эл аралык “ШПИРЕ” долбоорлору;
- “Зордук-зомбулуксуз мектеп” долбоорунун алкагында Мектеп командасы (укуктук комиссия, методикалык бирикмелердин комиссиясы) тарабынан окуучулар менен педагогдордун арасындагы, мектептеги терс көрүнүштөрдү каттоого алуу жүргүзүлөт;
- 2013-жылы мектептерди китеп менен камсыздоо максатында республикалык бюджеттин эсебинен жана ошондой эле, чет мамлекеттердин, донорлордун колдоосу менен 2, 3, 10, 11-класстардын ар кандай аталыштагы 25 окуу китеби 1132700 нускада жарык көргөн;
- окуу жылы башталганга чейин мектептердин бардыгында оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлдү, ага республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөн. 2011-жылы жер титирөөдөн жабыр тарткан 14 мектептин оңдоо-түзөө иштерин аягына чыгаруу зарыл эле, анын ичинен 2013-жылдын жыйынтыгы менен Мамкурулуш тарабынан 8 мектептин курулушу бүткөрүлгөн;
- азыркы учурда Кыргызстандын мектептеринде 22085 компьютер бар, анын ичинен 16567 компьютер ишке жарактуу. Орточо ар бир мектепке 8-10 компьютерден туура келет. Мониторинг көрсөткөндөй, интернет тармагын окутуу процессинде колдонгон мектептердин саны 20,4 %ды түзгөн же 2011-жылга караганда 10 эсеге өскөн.
Орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө жумуш берүүчүлөрдүн катышуусу менен 80 %дан ашык жаңы муундун стандарттары даярдалды (2013-жылдын планынан 30 %га ашык). Орто кесиптик билим берүү окуу жайына кабыл алуунун планында 2013-2014-окуу жылында тиешелүү тармактардын эмгек рыногуна болгон керектөөсү жана жумуш берүүчүлөрдүн суроо-талаптары эске алынды. Орто кесиптик билим берүүчү уюмдардын 21 %ы жумуш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарына жараша коомго пайдалуу адистерди даярдоо үчүн өз иштерин пландаштырды.
Жогорку кесиптик билим берүүдө 2013-жылы бакалаврларды даярдоо багыттары боюнча 150 стандарт, магистрлерди даярдоо багыты боюнча 118 стандарт иштелип чыкты.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында жогорку жана кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына бардык адистиктер менен багыттар үчүн милдеттүү болгон мамлекеттик компоненттин алкагында кыргыз тилин окутууга бөлүнүүчү сааттардын көлөмүн көбөйтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.
Жогорку окуу жайларда окутуунун сырттан окуу формасынан дистанттык билим берүү технологияларын пайдаланууга өтүп жаткандыгын эске алуу менен дистанттык билим берүү технологиялары деген түшүнүктү тактоо боюнча “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленди (2013-жылдын 5-ноябры №199).
2013-жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө 52,7 миңден ашуун абитуриент катышты. 2013-жылдан баштап биринчи жолу абитуриенттерди гранттык (бюджеттик) орундарга кабыл алуу толугу менен жумуш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарына ылайык жана адистерди максаттуу даярдоо боюнча түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлдү.
Каражаттардын чыгымдалышынын ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында бардык мамлекеттик жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануу боюнча коомдук угуулар белгиленген тартипте өткөрүлдү. Камкордук кеңештердин саны көбөйдү: алар 22 мамлекеттик жогорку жана 11 орто кесиптик окуу жайларында иштеп жатат. Мониторинг көрсөткөндөй, жогорку окуу жайлары факультеттерди жаңы жабдуулар менен жигердүү жабдышууда.
Магистрдик программаларды ишке ашыруунун лицензиялык талаптарына жождордун шайкеш келүүсүнө текшерүү жүргүзүлдү. 33 даярдоо багыты боюнча 13 жождун лицензиясы кайра кайрылып алынды. 2013-жылы республиканын 6 жожунда биринчи жолу илимий даражаны ыйгаруунун жана диссертацияны коргоонун мурунку форматын калтыруу менен философия докторлорун (Ph.D) даярдоо программаларын сынамык ишке ашыруу башталды.
Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бөлүштүрүү процессин камсыздоо боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлдү. 2013-жылы 3859 адам (бюджет жана келишим) педагогикалык адистиктерге ээ болушту. Алардын ичинен бюджеттик негизде бүткөн 1902 бүтүрүүчү жумушка жеке жолдомо (бөлүштүрүү) алышты.
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу жождордун жетекчилерин шайлоонун жыйынтыгы менен дайындоо жол-жобосун киргизүүгө тиешелүү мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоонун тартиби жөнүндө жобо иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 209 токтому менен бекитилген.
“Билим берүү” сектору боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 2013-жылы 24 045,2 млн сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 4,8 %га көбөйдү (2012-жылы 22 925,9 млн сом).
Илим жаатында: 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу жалпы суммасы 148,7 млн сомду түзгөн 48 тармактык илимий изилдөө университеттеринде жана илимий бөлүнүштөрдө 135 илимий долбоорду каржылоо ишке ашырылган.
Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын приоритеттерин эске алуу менен бир катар эмгектер тандалып алынган жана ишке ашырылган. Энергетика, айыл чарба жана медицина чөйрөсүндөгү долбоорлор өзгөчө мааниге ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-сентябрындагы №343-б буйругу менен ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу жактырылган.
Илимди башкаруудагы жаңы мамилелер 2013-жылы иштелип баштаган Илимди өнүктүрүү концепциясынын долбоорунда орун алат.
Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновациялык ишти өнүктүрүү 2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик программанын негизги максаты интеллектуалдык менчик жана инновациялык иш тутумун жакшыртуу аркылуу экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Милдеттер жана негизги артыкчылыктар өлкөнүн илимий-изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн туруктуу экономикалык өсүштүн негизги ресурстарынын бирине трансформациялоо, ошондой эле экономиканы технологиялык жаңыландыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Отчеттук мезгилдин ичинде Кыргызпатент тарабынан 2013-жылга мамлекеттик программанын милдеттерин ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралардын планына киргизилген төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлдү:
- интеллектуалдык чыгармачылыкты өбөлгөлөө, колдоо жана активдештирүү;
- инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны жакшыртуу;
- укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлерин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу;
- укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу;
- интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси жөнүндө коомдун маалыматтуулугун жогорулатуу.
Мамлекеттик программанын алкагында 5 долбоор боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
“Кыргызстандын ойлоп табуучуларынын жана новаторлорунун жаңы мууну” долбоорунун алкагында интеллектуалдык чыгармачылыкты өбөлгөлөө, колдоо жана активдештирүү жана илимий-техникалык чыгармачылык чөйрөсүнө жаштарды активдүү тартуу боюнча иштер аткарылууда.
“Чакан жана орто ишканалардын инновациялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө маалыматтык көмөк көрсөтүү” долбоору боюнча ишкерлерге маалыматты жана дараметтүү бизнес өнөктөрдү издөөнү ишке ашырууга жардам берүү, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн инновацияларды пайдалануудан экономикалык пайда алуунун ыкмаларына окутуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
“Контрафактылык продукция – калктын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучтуу” долбоору боюнча өлкөнүн аймагында, өзгөчө калктын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирүүчү контрафактылык фармацевтикалык жана азык-түлүк продукцияларынын “каракчылык” деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чаралар уюштурулду.
“Интеллектуалдык менчик маселелери боюнча укуктук мектеп” долбоору боюнча укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу, интеллектуалдык менчик жаатында укук бузууларды болтурбоо жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ортосунда натыйжалуу өз-ара аракеттешүүнү камсыздоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.
“Салттуу билимдер коомду туруктуу өнүктүрүү үчүн” долбоору Кыргызстанда салттуу билимдерди жана генетикалык ресурстарды кайра жандандырууга, сактоого жана жайылтууга багытталган.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 640 токтому менен бекитилген 2015-жылга чейинки жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик жаштар саясаты жаш жарандардын өзүн-өзү калыптандыруу, өз билимин ишке ашыруу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн социалдык-экономикалык, укуктук жана башка шарттарды түзүү аркылуу ишке ашырылат.
2013-жылы руханий-адеп-ахлактык жана патриоттук тарбиялоого (20), саламаттык сактоого, жаштар арасында сергек жашоону пропагандалоого (27), кылмыштуулуктун, рэкеттин алдын алууга жана болтурбоого (18), улуттар ортосундагы ынтымакты чыңдоо (5), ар кандай актуалдуу темалар боюнча “тегерек столдор” (35), кайрымдуулук акциялары (7), жаш үй-бүлөлөр институтун чыңдоо (5), жаш ишкерлерди, фермерлерди колдоо (4) багытындагы жана башка бир катар иш-чаралар (121) өткөрүлгөн.
2013-жылдын башына жаштардын саны (14-28 жаш курагындагы топ) 1679 миң адамды же республиканын жалпы калкынан 30 %ын же экономикалык активдүү калктын 68 %ын түзгөн. Бүгүнкү күндө жаштар дуушар болуп жаткан негизги көйгөйлөрдүн бири – бул жумушсуздук көйгөйү. Жаштар жумуштуулугу да олуттуу мааниге ээ, себеби жаштар эмгек рыногунун түзүмүндө абдан ири сегментке ээ жана азыркы учурда жумушчу күчтүн сунушунун өсүү тенденциясын пайда кылууда. Расмий маалыматтар боюнча жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли 14,5 %га жетет. Расмий катталган жумушсуз жаштардын 47,5 %ына жакыны көп убакыттан бери ишсиз жүргөндөр жана алардын арасында жождун бүтүрүүчүлөрү да аз эмес (14 %).
Жаштарды ишке орноштуруу боюнча Жаштардын эмгек биржасы (ЖЭБ) иштейт. Жаштардын эмгек биржасына жана аймактардагы Жаштардын эмгек биржасына 2013-жылы ар кандай суроолор боюнча бардыгы болуп 8982 адам кайрылган, анын ичинде 3825 аялдар. Кайрылгандардын бардыгына кесиптик багыт берүү жана психологиялык кеңеш берүү өткөрүлгөн. Кайрылгандардын жалпы санынан 4141 адам ишке орноштурулган, анын ичинде 2055и аялдар. Региондордо ай сайын “Бош орундардын жарманкеси” өткөрүлөт.
Айыл жаштарына колдоо көрсөтүү, өзүн өстүрүү үчүн шарттарды түзүү жана эл аралык донорлордун жардамы менен жаштарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында республиканын аймактарында 40тан ашык жаштар борборлору ачылган жана иштейт.
Россия, Германия, КЭР, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Сауд Аравиясы, Түштүк Корея жана КМШ өлкөлөрү уюштурган ар кандай иш-чараларга жаштар жана жаштар уюмдары жигердүү тартылууда.
2013-жылы 50 жуп жаш жубайлардын катышуусу менен үйлөнүү үлпөтү уюштурулган. Мурдагы үйлөнүү үлпөттөрүндөй эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу катышуунун шарттары алдын ала айтылган. Сунушталган критерийлер боюнча 110 өтүнмөдөн үйлөнүү үлпөтүнө катышууга мүмкүнчүлүгү бар 50 жуп тандалып алынган.
Гендердик саясат. Отчеттук мезгилде аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу тууралуу БУУнун Конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Төртүнчү мезгилдүү баяндама даярдалган жана БУУнун комитетине жиберилген.
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруу боюнча биринчи жолу мониторинг өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2 жыйыны өткөрүлгөн.
Ошондой эле Баткен шаарында Элеттик аялдардын күнүнө арналган “Элеттик аялдардын ийгилиги-коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү” аттуу биринчи республикалык конференция өткөрүлгөн. “Кыргыз Республикасында элеттик аялдар күнүн” аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу демилгеси менен резолюция кабыл алынган.
Республиканын региондорунда аялдардын ишкердигин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы менен бирге айылдык райондордо жана чакан шаарларда аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган “Аялдар ишкердигин өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу башталган. Долбоор айыл жергесиндеги жана чакан шаарлардагы чакан ишкер аялдарга расмий жана туруктуу бизнес деңгээлине өтүүгө жардам берет.
Маданият жана маалымат жаатында сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши төмөнкүлөргө багытталган:
- тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү;
- кесиптик искусствону өнүктүрүү;
- маалыматтык чагылдыруу.
Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү максатында республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерге техникалык текшерүү жүргүзүү менен тарыхый-маданий мурастардын объектилерине этап менен инвентаризациялоо жана эсепке алуу документтерин тариздөө иштери жүргүзүлдү.
Учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кирген республикалык маанидеги 583 кыймылсыз эстеликтер, ошондой эле жергиликтүү маанидеги эстеликтер бар.
2013-жылы Бишкек шаарындагы, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарындагы республикалык жана жергиликтүү маанидеги 173 тарыхый жана маданий эстеликке изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Чүй облусундагы Красная речка (Навекат) жана Ак-Бешим (Суяб) шаар урандыларында, Дароот-Коргон чебинде, Ош облусундагы “Асаф-ибн-Бурхия” мавзолейинде реставрациялык жана консервациялык иштер жүргүзүлдү.
Дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурастарынын тизмесине номинацияланып жаткан Чүй өрөөнүнүн жогору жагында орун алган тарыхый-маданий мурастарды: Красная речка (Навекат), Ак-Бешим (Суяб) жана Бурана (Баласагын) эстеликтеринин абалына ИКОМОС экспертизасы жүргүзүлдү, тизмеге каттатуу боюнча алардын менеджмент-планын ишке ашыруу маселелери тийиштүү катышуучулар менен иштелип чыкты.
Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоонун, ошондой эле кыргыз элинин тарыхын чагылдырган жаңы экспозиция түзүүнүн долбоору иштелип чыкты.
Азыркы ааламдашуу доорунда материалдык эмес мурастарды эсепке алуу иштерин жүргүзүү, анын Кыргызстанга тиешелүүлүгүн бекемдөө актуалдуу маселелерден болуп эсептелет. Материалдык эмес мурастарды эсепке алуу иши “Материалдык эмес мурастар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте 200 дөн ашуун элементти камтыган Материалдык эмес мурастардын улуттук тизмеси иштелип чыкты.
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун трилогиясынын катталышы 2013-жылдын маанилүү окуясы болду.
2014-жылдын 14-мартында Кыргызстан да ичине кирген 10 мамлекеттин демилгеси менен “Ноорузду майрамдоо” көп улуттуу номинациясы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине киргизилди.
Жыл сайын өткөрүлүүчү “Оймо” эл аралык VIII фестивалы Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө ЮНЕСКО конвенциясынын 10 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Салттуу музыка күнүн белгилөө тууралуу” токтомунун негизинде 2013-жылдын 25-апрелинде “Манасчылык, акындык, дастанчылык өнөрдүн адамзаттын маданий мурасынын шедеври катары” ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилгендигинин 10 жылдыгына карата республикалык фестиваль өткөрүлдү.
Кыймылдуу тарыхый-маданий мурастардын объектилерин эсепке алуу иши мамлекеттик музейлер тарабынан жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө, республиканын жалпы мамлекеттик музей фонду 305,0 миң бирдикти түзөт, 2008-жылга салыштырмалуу дээрлик 49,0 миң бирдикке көп.
Бардыгы болуп 1056 китепкананын фондусунда 19 125,82 миң нуска китеп бар, айылдык китепканаларда – 7 765,4 миң нуска. Сейрек кездешүүчү жана баалуу китептерди сактап калуу максатында аталган нускаларды санариптик түргө өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. 2013-жылы республикалык маанидеги китепканалардын өздүк каражатынын эсебинен санариптик түргө 300 китеп өткөрүлдү. Сактоочу жайлардын абалынын начардыгынын, китепкана аянттарынын жана жабдуулардын жетишпегендигинин кесепетинен жыл өткөн сайын эскирген жана айрылган китептердин, документтердин саны өсүүдө.
Китепканалардын жана музейлердин ишинде элчиликтер, коомдук жана эл аралык уюмдар менен болгон жигердүү кызмтатташтыкты белгилей кетүү керек, алардын колдоосу менен китепканалардын жана музейлердин материалдык-техникалык базасы жакшырды.
Акыркы жылдарда Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейи тарабынан төмөнкүдөй долбоорлор ишке ашырылды: Нидерландия гуманитардык институтунун жардамы менен “Борбордук Азиянын петроглифтери”, “Чолпон-Ата петроглифтери – байыркынын сактоочулары”.
Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи “Музей демилгелеринин борбору” өкмөттүк эмес уюму менен бирдикте “Музей жана Кыргыз Республикасындагы биомаданий ар түрдүүлүк” долбоорун турмушка ашырууда. Бул долбоордун алкагында азыркы музейлердин ишине зарыл болгон биринчи терминологиялык сөздүк басылып чыккан.
“Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый музей комплексинде ЮНЕСКОнун колдоосу менен электрондук каталог түзүү иштери башталды.
Азыркы учурда республика боюнча бардык тутумдардын жана ведомстволордун карамагында жалпы 704 клубдук мекемелер (2011-жылы – 695), айыл жеринде 659 (92,2 %) клуб иштейт. Министрликтин клубдук тармагы 57 райондук, шаардык маданият үйлөрүнөн турат. Республикада жергиликтүү бийлик органдарынын, ар түрдүү долбоорлордун жана гранттардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен 2012-2013-жылдары жалпы суммасы 12 млн сомго маданияттын клубдук мекемелеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү жана жаңылары курулду.
Кесиптик искусствону өнүктүрүүнүн алкагында төмөнкүдөй иш- чаралар өткөрүлдү:
- театр кызматкерлеринин чыгармачылык дараметин өбөлгөлөөгө жана Кыргызстанды дүйнөлүк театралдык коомдоштукка интеграциялоого түрткү болгон Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган “АРТ-ОРДО” IV Эл аралык театралдык фестивалы;
- Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Т. Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган V республикалык театрдык фестиваль. Фестивалдын милдети - драма жанрындагы артисттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана таланттуу артисттерди чыгаруу;
- жаш таланттуу аткаруучуларды алып чыгуу жана колдоо, Кыргызстанды туруктуу, демократиялык мамлекет катары жайылтуу, ошондой эле маданият жана туризм жаатында эл аралык байланыштарды кеңейтүү максатында белгилүү обондорду аткаруучулардын биринчи Эл аралык “Мейкин Азия” фестивалы;
- кол өнөрчүлөрдүн биргелешкен, жемиштүү иши үчүн алардын күч-аракеттерин бириктирүү жана өлкөбүздө бул тармакты өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын кол өнөрчүлөрүнүн форуму болуп өттү, иш-чарага республиканын бардык аймактарынан 30 кол өнөрчү катышты;
- искусство ишмерлерин колдоо максатында Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында Театр күнү өткөрүлдү;
- А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын балетинин жаш артисттеринин катышуусунда хореография жаатында аткаруучулук чеберчиликти колдоо максатында “Жанып турган жылдыз” сынамык долбоору өткөрүлдү. Мындан тышкары, кыргыз балетинин өкүлдөрү жана ишмерлери Санкт-Петербургдагы (Россия Федерациясы) Ваганова атындагы орус балет академиясынын 275 жылдыгына катышып келишти.
Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт музейинин базасында 34 эл аралык, республикалык жана автордук көргөзмөлөр уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 122-б буйругу менен бекитилген 2013-жылга карата Мааракелик иш-чаралардын тизмесине ылайык бир катар мааракелик иш-чаралар өткөрүлгөн.
Маданият чөйрөсүндөгү Эл аралык кызматташтык жаатындагы маанилүү окуялардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрү эсептелет. Бул иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жана Казакстандын эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган эки өлкөнүн чыгармачыл ишмерлеринин “Аалам уулу – Айтматов” аттуу жолугушуулары жана “Айтматовдун ааламы” аттуу Кыргызстандын азыркы сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу максатында Казакстанда Кыргыз киносунун күндөрү өтүп, “Ак кеме”, “Кызыл алма”, “Саманчынын жолу”, “Кылым карытар бир күн” адабий чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар коюлду.
“Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу” Эл аралык форуму болуп, ага 18 өлкөнүн өкүлү катышты. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Ч. Айтматовдун эстелигинин ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин катышуусу менен өттү.
Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын саммитинин алкагында Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин базасында «Тынчтык үчүн саякаттар» Эл аралык көргөзмөсү уюштурулуп, 14 өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн эмгеги коюлду.
Түркия Республикасынын Анкара шаарында Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун Туруктуу кеңешинин 31-отурумунда 2014-жылды кыргыз акыны Токтогул Сатылгановдун жылы деп белгилөө маселеси каралган.
Индонезиянын Бали аралында Маданият боюнча дүйнөлүк форум болуп өттү. Форумдун ишине дүйнөнүн 65 мамлекетинен, анын ичинде Кыргызстандан да делегат катышты. Алардын арасында маданият министрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, маданият чөйрөсүндө кадырлуу сыйлыктын лауреаттары (ээлери), саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар. Дүйнөлүк маданият форумунун негизги жана стратегиялык платформасы туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын жана 2015-жылдан кийин маданиятты алга жылдырууну талкуулоо болуп калды.
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда 9-Эл аралык туристтик көргөзмө өттү. Көргөзмөнүн ачылыш салтанатында Кыргызстандын туризм боюнча мүмкүнчүлүктөрү презентацияланды. Көргөзмөнүн жыйынтыгында Кытай Эл Республикасынын 5 алдыңкы туристтик компаниялары менен макулдашуулар түзүлдү. Тараптар Кыргызстандын аймагы боюнча Кытай Эл Республикасынан туроператорлорунун өкүлчүлүктүү делегациясы (30дан ашуун адам) үчүн турду жана Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн масштабдуу медиа-турду уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишишти.
Ушул жылы төмөнкүлөрдүн ортосундагы дипломатиялык байланыштардын 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү:
Кыргызстан жана Индонезиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер. Бул иш-чара эки өлкөнүн ортосунда мындан ары да маданият жана туризм тармагында кызматташууга, эки элдин достугун бекемдөө боюнча күч-аракеттерди андан ары координациялоо ишиндеги маанилүү окуя;
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгы, эки өлкөнүн искусство чеберлеринин катышуусунда;
Сауд Аравиясынын Королдугунун маданият күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлдү.
Кинематография тармагында. Толук метраждуу “Кумар”, “Садок” көркөм тасмалары, Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына арналган “Таазим” документалдык тасмасы, Ж.Садыков тууралуу “Чек ара”, “Ш.Усубалиев”, “Убада”, “Залкар”, Кыргызстандын эл артисттери Далбаевдердин көп жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгү жөнүндө “Далбаевдер” көркөм тасмалары тартылды. Толук метраждуу көркөм тасмалардын премьерасы болуп өттү, алар: “Мурас сыры” режиссеру А.Акматов, “Жамал” режиссеру Т.Ибрагимов, “Ак бас” режиссеру Б.Мукул, “Өгүз аял” режиссеру Н.Карамолдоева, “Такси жана телефон” режиссеру Э.Абдыжапаров.
Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата калкты кино искусствосуна аралаштыруу максатында “Улуу мурас” кино кербени уюштурулду, программада кыргыз кинематографисттеринин документалдык тасмалары көрсөтүлдү.
Республиканын бардык аймактарында Карылар күнүнө карата акысыз тематикалык кинокөрсөтүүлөр уюштурулду.
Калктын маданияттын жетишкендиктерине карата мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук кинодирекциясына видеопроекциялык аппаратура, Ак-Суу, Кемин, Чоң-Алай, Токтогул жана Ат-Башы райондук кинодирекцияларына 5 комплект видеопроекциялык жана аудиоаппаратура бөлүнгөн.
“Кыргызфильмофонд” мамлекеттик фильм фондунда 28 тасма санариптик алып жүрүүчүлөргө көчүрүлүп, аймактарга прокатка жөнөтүлдү, алардын ичинде 3 социалдык ролик, 10 документалдуу тасма, 1 кыска метраждуу тасма, 14 оюн-зоок толук метраждуу тасма, анын ичинде Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган 8 тасма бар.
Кыргыз кинематографиясынын өкүлдөрү Эл аралык кинофестивалдарга активдүү катышышты.
Маалымат саясатын ишке ашыруунун алкагында 2013-жылы негизги аракеттер республиканын массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган, биринчи кезекте төмөнкү эки маанилүү маселени чечүүгө:
- мамлекеттик региондук (облустук, райондук) ММК жардам берүү;
- өлкөнүн телерадиокомпанияларын санариптик көрсөтүү форматына өткөрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
Кыргыз Республикасында 6 мамлекеттик облустук телерадиокомпания өздөрүнүн өткөргүчтөрү менен эфирге чыгышат, алар орто эсеп менен күнүнө үч-беш саат эфирге чыгышат.
Кыргызстан тарабынан кол коюлган эл аралык келишимге ылайык, Кыргызстандын телеберүүлөрү аналогдук көрсөтүүдөн санариптик көрсөтүү форматына өтүү процесси 2015-жылдын орто ченинде аяктайт. Бул маселени илгерилетүү үчүн ченемдик базаны кайра карап чыгуу, каналдардын техникалык жабдууларын жаңыртуу, улуттук контентти түзүү процессин активдештирүү сыяктуу комплекстүү иш-чаралар талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан жердеги санариптик берүүлөрдү жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризациялоо жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасына санариптик телерадиоберүүлөрдү жайылтуу тууралуу бөлүгүндө “Айрым мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасына санариптик телерадиоберүүлөрдү жайылтуу боюнча кадамдык аракеттердин планына ылайык Жер бетиндеги санариптик эфирдик берүү программасынын социалдык пакетин түзүү жөнүндө жобо иштелип чыкты, ал программанын социалдык пакетин түзүү тартиптерин жана шарттарын, мамлекет аралык жана өкмөт аралык келишимдердин алкагында иштеген жеке телекөрсөтүү жана радиоберүү уюмдарын, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген чет элдик телекөрсөтүү жана радиоберүү уюмдарын социалдык пакетке кошуу үчүн шарттарды аныктайт. Мамлекеттик, коомдук, облустук телерадиокомпаниялардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана жаңылоо боюнча техникалык иш-чаралар планы түзүлдү. Техникалык эксперттик кеңеш телерадиокомпаниялардан түшкөн бардык тапшырыктарды карап чыгып, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу телерадиокомпанияларды санариптик берүүгө өткөрүү үчүн биринчи кезекте талап кылынуучу жабдыктардын тизмесин түздү.
Кыргыз Республикасына санариптик телеберүүнү жайылтуу процесси жөнүндө калкты кабардандыруу максатында 2013-2014-жылдарга медиа-план иштелип чыкты. Кыргызстандын телеканалдарында Кыргыз Республикасынын санариптик телеберүүгө өтүшүнүн башталышы тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
Акыркы жылдары дене тарбия жана спорт жигердүүлүк менен өнүгүп жатат, муну жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тарткан дүйнөлүк спорттук аренада Кыргызстандын спортчуларынын ийгиликтери көрсөтүп турат.
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү;
- жогорку жетишкендиктеги спортту өнүктүрүү.
2013-жылы 192 спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлүп, спортчулар спорттун түрлөрү боюнча 81 эл аралык мелдештерге жиберилген. Отчеттук мезгилдин ичинде Кыргызстандын спортчулары бардыгы болуп 474 медалга ээ болгон, анын ичинде 123 алтын, 125 күмүш жана 226 коло медаль жеңип алышты. 2013-жыл кыргыз спортчулары үчүн медалдарга бай жыл болду деп айтууга болот.
Бишкек шаарында өспүрүмдөр жана чеберлер арасында оор атлетика боюнча Азия Чемпионаты жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Мелдештерге 14 өлкөдөн: Кытай, Ирак, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Япония, Сирия, Монголия, Кувейт, Таиланд, Тайвань, Индия, Түштүк Корея жана Кыргызстандан спортчулар катышты. Катышуучулардын жалпы саны 181 адамды түздү. Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы жалпы командалык биринчи орунду ээледи.
“Дени сак улут–гүлдөп-өнүккөн өлкө” деген ураандын астында айылдык жаштар арасында ар жылдык республикалык мелдештер, “Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын региону” урааны астында XIII Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары өткөрүлгөн.
Спорттун улуттук түрлөрүн кеңири таанытуу, тарыхый-маданий мурастарды сактоо максатында спорттун улуттук түрлөрү боюнча “Манас оюндары” спорттук оюндары жана элдик оюндар өткөрүлдү. Мелдештерге Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан курама командалар катышты. Байге фонду төмөнкүдөй болду: көк бөрү – 1,0 млн сом; аламан байге – “Тойота авенсис” автомашинасы жана 150,0 миң сом; жорго салыш – “Хонда” автомашинасы жана 75,0 миң сом; кунан чабыш – “Нива” автомашинасы жана 75,0 миң сом; кыз куумай – 40,0 миң сом; эр эңиш – 40,0 миң сом; тыйын эңмей – 30,0 миң сом; ордо – 100,0 миң сом; күрөш – 170,0 миң сом; тогуз коргоол – 100,0 миң сом.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиадасы өткөрүлдү, ага 1689 адам катышты. Мелдеш 2 топто – күч жана укук коргоо органдарынын арасында жана жарандык түзүмдөрдүн арасында өткөрүлдү, мелдештерге министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлеринин жогорку деңгээлде даярданышкандыгы белгиленди. Мелдештердин жыйынтыгы боюнча күч түзүмдөрүнүн арасында 1-орунду Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, 2-орунду Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, 3-орунду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын командалары ээледи. Жарандык мамлекеттик органдардын арасында 1-орунду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, 2-орунду Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, 3-орунду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын командалары ээледи.
Инчон (Түштүк Корея) шаарында жабык жайлардагы Азия оюндарында республиканын спортчулары 2 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медаль, Нанжинг (КЭР) шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы II Азия оюндарында 1 коло медаль утуп алышты.
Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында III Евразия оюндарында Кыргыз Республикасынын курама командасы 72 медаль, анын ичинде 3 алтын, 15 күмүш жана 54 коло медалга ээ болушту.
Отчеттук мезгилдин ичинде спорттук-массалык иш-чараларга чыгымдар 228,9 млн. сомду түзгөн, анын ичинен дене тарбия жана спорттун аймактык бөлүмдөрүн каржылоого 18,5 млн. сом бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн концепциясынын, “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн” максаттуу программасынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоору иштелип чыккан.
Бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Спорт түрлөрүнүн жана спорттук сабактардын улуттук реестри иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 701 токтому менен кабыл алынган.
Спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында төмөнкүдөй иштер аткарылган:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин протоколдук тапшырмасынын негизинде Каба у. Кожомкул атындагы Спорт сарайынын бассейнин, Д.Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренаны жана бокс залын оңдоого 13 млн сом, Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайын оңдоого 15 млн сом, ошондой эле окуу китептерин сатып алууга 466,0 миң сом бөлүнгөн;
- Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашуунун алкагында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгуу үчүн спорттук шаймандарды жакшыртуу” долбоору боюнча Мамагенттикке татамилер бөлүнгөн. Гранттын жалпы суммасы 69,2 млн япон йенин түздү, алар гранттык арызга ылайык 5 спорттук уюмга бөлүштүрүлгөн.
Эл аралык аренада ата мекендик спортчулардын жетишкендиктери жөнүндө, республикада өткөрүлүп жаткан спорттук-массалык иш-чаралар жөнүндө калкты тез арада кабардар кылуу максатында Мамагенттиктин имаратында заманбап талаптарга жооп берген пресс-борбор түзүлгөн: пресс-конференцияларды өткөрүү үчүн зал, видео жана фотомонтаж бөлмөсү жабдылган, республиканын бардык каналдарына сапаттуу видеоматериалдарды камсыздай турган заманбап, кесипкөй телеаппаратура, фото жана аудиоаппаратура, оргтехника сатып алынган, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы (Wi-Fi) камсыздалган.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттери региондорду колдоо жана өнүктүрүү алкагында, негизинен кабыл алынган регионалдык стратегияларды ишке ашыруу жана айрым инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү менен ар бир региондун тең салмактуу жана сапаттуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган.
Учурда негизги өндүрүштүк кубаттуулуктардын бирдей эмес жайгашуусунан регионалдык өнүгүүнүн диспропорциясы күчөйт: 2013-жылы ИДПнын негизги үлүшү Бишкек шаарында (41,2 %), Чүй (12,5 %), Ысык-Көл (12,3 %), Жалал-Абад (10,8 %) облустарынын экономикасынын өнүгүүсүнүн эсебинен, жалпы салыштырма салмагы 76,8 %ды түзүп, республиканын ИДПсынын өсүүсүнө жалпы салымы 9,0 пайыздык пунктту камсыздады.
Калган бөлүгү башка облустардын ортосунда эң аз салымы менен 1,5 % пункттун деңгээлинде - Ош, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын жана Ош шаарынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.
22-таблица
№ | Региондор | Өнөр жай, % | Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасы, %
| Соода жүгүртүү,% | Аймак боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүнүн, % | Мамлекеттик иш менен камсыздоо органдарында катталган жумушсуздар-дын саны, миң адам | Орточо эмгек акы, сом |
1 | Баткен облусу | 113,1 | 101,7 | 122,8 | 119,4 | 5354,0 | 8802,0 |
2 | Жалал-Абад облусу | 98,2 | 101,3 | 118,8 | 118,1 | 12334,0 | 10264,0 |
3 | Ысык-Көл облусу | в 1,8 р. | 104,7 | 105,8 | 104,5 | 4152,0 | 8274,0 |
4 | Нарын облусу | 99,0 | 101,2 | 104,0 | 103,6 | 6362,0 | 10563,0 |
5 | Ош облусу | 111,0 | 100,0 | 99,0 | 99,4 | 11362,0 | 7796,0 |
6 | Талас облусу | 102,0 | 101,6 | 104,1 | 104,0 | 2143,0 | 8665,0 |
7 | Чүй облусу | 134,2 | 106,7 | 106,7 | 107,2 | 5779,0 | 9880,0 |
8 | Бишкек ш. | 95,5 | 102,3 | 104,5 | 105,9 | 8533,0 | 15294,0 |
9 | Ош ш. | 108,4 | 98,5 | 113,0 | 111,2 | 2378,0 | 10188,0 |
| Кыргыз Республикасы | 134,3 | 102,9 | 107,0 | 107,2 | 58397,0 | 11426,0 |
2013-жылы жалпысынан региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн оң динамикасы белгиленүүдө.
Чүй облусу
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 66 383,6 млн сом суммасында продукция өндүрүлдү, физикалык көлөмдүн индекси 134,2 %ды түздү (башка металл эмес буюмдарды өндүрүүнүн (38,3 %га) жана металлургия өндүрүшүнүн (1,9 эсеге) кыйла көбөйүшүнүн эсебинен). Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 40,3 %ын түздү. Өнөр жайдын 16 тармагынын 8 тармагында физикалык көлөмдүн индекси камсыздалган эмес. Облус боюнча 21 өнөр жай ишканасы иштеген жок.
2013-жылы айыл чарба продукцияларын дүң өндүрүүнүн көлөмү 41728,8 млн сомду түздү, 2012-жылга салыштырганда реалдуу өсүшү 6,7 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы жалпы республиканын айыл чарбасынын көлөмүнүн 24,3 %ын түзөт.
2013-жылдын ичинде облуска 333,1 млн АКШ доллары суммасында чет өлкөлүк түз инвестициялар тартылды, же 2012-жылга салыштырганда 3,3 эсеге көп.
Капиталдык салымдар 15085,6 млн сомго өздөштүрүлдү же 2012-жылга салыштырганда 20,0 %га көп. Облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө 19,3 %ды түздү.
Рыноктук кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 50233,0 млн сомду түзүп, өсүү темпи 107,2 % болду, анын ичинен соода жүгүртүү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо 42059,9 млн сомду түзүп, өсүү темпи 106,7 %га жетти.
Инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси облус боюнча 105,8 %ды түздү (2013-жылдын декабры 2012-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 106,8 %ды түздү (2013-жылдын январь-декабры 2012-жылдын январь-декабрына карата).
Бир кызматкерге номиналдык орточо айлык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 9880,0 сомду түздү жана 2012-жылга салыштырганда 8,8 %га көбөйдү, ал эми керектөө баасынын индексин эсептөө менен анын реалдуу өлчөмү 101,9 %ды түздү.
2013-жылы жашоо минимумунун көлөмү 4401,88 сомду түздү же 2012-жылга салыштырганда 4,5 %га өстү.
Отчеттук мезгилде 1280 үй-бүлө жалпы суммасы 368,8 млн сомдук айына бир жолку жөлөкпул алды.
2014-жылдын 1-январына карата расмий катталган жумушсуздардын саны облус боюнча 5779 адамды түздү же 2012-жылга карата 97,9 %га барабар. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,5 %ды түздү.
2013-жылы жалпысынан 29 179 жумуш оруну түзүлгөн. Иштеп жаткан ишканаларда 1500 жумуш оруну түзүлгөн, алардын ичинен чакан ишканаларда 234 жумуш оруну түзүлүп, 505 жаңы ишкана катталды. Формалдуу эмес сектордо 27 659 жумуш оруну түзүлгөн. Райондук бөлүмдөрдүн каражаттарынын эсебинен 3015 жумуш оруну түзүлгөн, анын ичинен акы төлөнүүчү коомдук иштер багыты боюнча убактылуу жумуш орун - 2 694 жана микронасыя берүү жолу менен ачылган туруктуу жумуш оруну - 321.
Жыл ичинде 7113 адам ишке орноштурулду, былтыркы жылдын деңгээлине салыштырганда 92 %ды түзөт (7632 адам).
Чүй облусу боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 102,6 %га аткарылды, пландагы 3680,7 млн сомдун ордуна иш жүзүндө келип түшүү 3777,8 млн сом же пландан ашыкча 97,1 млн сомго көп жыйналды. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 99,2 %га, жергиликтүү бюджет 108,6 %га аткарылды.
Чүй облусун өнүктүрүүгө төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлдү:
- жаңы ишканалар ишке киргизилген жана өнөр жай багытындагы 231 чарбакер субъекттер өз ишин жандандырган, алардын ичинде 29 өнөр жай ишканасында жана 24 цехте 2420 жумушчу оруну түзүлгөн;
- 2302 айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө жылдык 10 % үстөк менен жалпы суммасы 551,1 млн сом өлчөмүндө насыялар берилген.
- айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү үчүн Өкмөт тарабынан Чүй облусуна 87 айыл чарба техникасы бөлүп берилген, анын ичинен 72 трактор, 8 культиватор, 6 комбайн жана 1 фронталдык жүктөөчү;
- жарандарды жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо максатында Токмок шаарында турмуштук оор абалдагы адамдар үчүн Убактылуу болуу борбору ачылган, анын ачылышына жергиликтүү бюджеттен 750 миң сом сарпталган.
Талас облусу
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 813,3 млн сом суммасында продукция өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси 102,0 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 0,5 %ын түздү. 8 өнөр жай тармагынын ичинен 2 тармакта физикалык көлөмдүн индекси камсыз кылынган жок. Облус боюнча 14 өнөр жай ишканасы бар, алардын ичинен 14 ишкана - туруктуу түрдө иштейт.
Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү 18378,3 млн сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 1,6 %га реалдуу өстү. Облустун салыштырма салмагы республиканын айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 10,7 %ын түзөт.
Облуска чет өлкөлүк түз инвестициялар 5,3 млн АКШ долл. суммасында же 2012-жылга караганда 85,5 %га аз тартылган.
Капиталдык салымдар 915,6 млн сомго же 2012-жылга салыштырмалуу 11,4 %га көп өздөштүрүлгөн. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн салыштырма салмагы1,2 %ды түздү.
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 104,0 %га өсүү темпи менен 10050,7 млн сомду түздү, алардын ичинен сооданын жүгүртүүсү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо- 104,1 %га өсүү темпи менен 8618,2 млн сомду түздү.
Облустагы инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 104,4 %ды түздү (2013-жылдын декабры 2012-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 104,6 %ды түздү (2013-жылдын январы-декабры 2012-жылдын январы-декабрына карата).
Бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 8665,0 сомду түздү, 2012-жылга салыштырганда 2,1%га көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 2,4%га төмөндөдү.
Жашоо минимумунун көлөмү 4207,27 сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 5,2%га өстү.
2014-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 2143 адамды же 2012-жылга карата 99,6%ды түздү.
Облус боюнча башка булактардын эсебинен бардыгы4678 жумуш оруну түзүлгөн жана калыбына келтирилген, алардын ичинен мекемелердин өз каражаттарынын эсебинен – 101, ишкерлердин эсебинен – 410, республикалык бюджеттин эсебинен – 225, КОШны өнүктүрүүнүн эсебинен – 1365.
Жыл ичинде 10194 адам, алардын ичинен жумуш менен камсыз кылуу кызматтары аркылуу 5516 адам ишке орноштурулган.
2013-жылдын январь-ноябрында облустун жергиликтүү бюджетинин кирешелери 736,5 млн сом өлчөмүндө аныкталды, бул 2012-жылга караганда 21,2%га аз. Салыктык түшүүлөр 198,6 млн сомду түздү. Салыктык эмес түшүүлөр60,6 млн сомду түздү. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 718,1 млн сом көлөмүндө аткарылды.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында 1395 айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жалпы 251,9 млн сом суммасында насыя берилди.
Нарын облусу
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 1213,8 млн сом суммасында продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 99,0 %ды түздү (төмөндөө электр энергиясын өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн 2,4 %га жана кийим тигүү, терилерди жасалгалоо жана боёонун 58,2 %га кыскарышына байланыштуу). Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 0,7 %ын түздү.10 өнөр жай тармагынын ичинен 5 тармакта физикалык көлөмдүн индекси камсыз кылынган жок. Облус боюнча 4 өнөр жай ишканасы иштеген жок.
Айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмү 12477,0 млн сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу,2 %га реалдуу өстү. Облустун салыштырма салмагы айыл чарбасынын жалпы көлөмүнүн 7,3 %ын түзөт.
Облуска чет өлкөлүк түз инвестициялар 16,4 млн АКШ долл. суммасында же 2012-жылга караганда 116,4 эсеге көп тартылды,.
Капиталдык салымдар 2988,7 млн сомго же 2012-жылга караганда 5,4%га көп өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 3,8%ды түздү.
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү103,6%га өсүү темпи менен 6760,2 млн сомду түздү, алардын ичинен сооданын жүгүртүүсү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо -104,0%га өсүү темпи менен 5297,4 млн сомду түздү.
Облустагы инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 101,9%ды түздү (2013-жылдын декабры 2012-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 106,9%ды түздү (2013-жылдын январы-декабры 2012-жылдын январы-декабрына карата).
Бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10563,0 сомду түздү, 2012-жылга салыштырмалуу 1,9%га көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 4,7%га төмөндөдү.
Жашоо минимумунун көлөмү 4421,65 сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 7,1%га өстү.
2014-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны6362 адамды же 2012-жылга карата 96,7%түздү.
Облус боюнча иштеп жаткан ишканаларда бардыгы414 жумуш оруну түзүлгөн. Жыл ичинде 86327 адам ишке орноштурулду.
Нарын облусу боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 103,8%га аткарылды, планда 427,0 млн сом болсо, иш жүзүндө түшүү 443,1 млн сомду түздү же бюджетке пландан ашыкча 16,1 млн сом жыйналды.
Жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 322,0 млн сом берилди.
Ысык-Көл облусу
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 41998,4 млн сом суммасында продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 184,7 %ды (металлургиялык продукцияларды өндүрүүнүн олуттуу көбөйүшүнүн эсебинен (1,9 эсеге) түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 25,5 %ын түздү. 14 өнөр жай тармагынын ичинен 5 тармакта физикалык көлөмдүн индекси камсыз кылынган жок. Облус боюнча 13 өнөр жай ишканасы иштеген жок.
Айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмү 20001,7 млн сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 4,7 %га реалдуу өстү. Облустун салыштырма салмагы айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 11,6 %ын түзөт.
Облуска чет өлкөлүк түз инвестициялар 152,9 млн АКШ долл. суммасында же 2012-жылга караганда 22,7 %га көп тартылды.
Капиталдык салымдар 21201,2 млн сомго же 2012-жылга караганда 0,3 %га аз өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 27,1 %ды түздү.
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү104,5 %га өсүү темпи менен 19394,0 млн сомду түздү, алардын ичинен сооданын жүгүртүүсү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо- 105,8 %га өсүү темпи менен12884,8 млн сомду түздү.
Облустагы инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси а 102,5 %ды түздү (2013-жылдын декабры 2012-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 107,0 %ды түздү.
Бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 8274,0 сомду түздү, 2012-жылга салыштырмалуу 4,0 %га көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 2,8 %га төмөндөдү.
Жашоо минимумунун көлөмү 4156,28 сомду түздү же 2012-жылга салыштырмалуу 2,6 %га өстү.
2014-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 4152 адамды же 2012-жылга карата 105,4 %ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,1 %ды түздү.
Облус боюнча бардыгы 2126 адам жумушка кабыл алынды. Активдүү иштерге 2012 адам кабыл алынды, алардын ичинен акы төлөнүүчү коомдук иштерге -1474 адам, адистик боюнча окутууга – 470 адам.
Бажы төлөмдөрүн жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын эсепке албаганда, облус боюнча салыктардын түшүүсү 1277,1 млн сомду түздү же пландалган 1275,4 млн сомдон 0,1 %га ашыкча аткарылган. Республикалык бюджет боюнча салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр планда 652,2 млн сом болсо, 578,6 млн сомду түздү же пландык көрсөткүч 88,7 %га аткарылды. Облустун жергиликтүү бюджетинин кирешелери бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын эсепке албаганда 112,1 %га аткарылды, же планда 623,2 млн сом болсо, иш жүзүндө 698,5 млн сом түштү.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн жалпы 348,7 млн сом суммасында 1692 насыя берилген, алардын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө - 15,8 млн сом, мал чарбачылыгына – 327,4 млн сом, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүгө – 5,5 млн сом.
Жалал-Абад облусу
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 12938,1 млн сом суммасында продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 98,2 %ды түздү (төмөндөө отун-энергетикалыктан тышкары, пайдалуу казындыларды казуунун - 31,3 %га, электр энергиясын өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн - 4,3 %га кыскарышынын эсебинен). Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 7,8 %ын түздү.13 өнөр жай тармагынын ичинен 5 тармакта физикалык көлөмдүн индекси камсыз кылынган жок. Облус боюнча 12 өнөр жай ишканасы иштеген жок.
Айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмү 31770,2 млн сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 1,3 % реалдуу өстү. Облустун салыштырма салмагы айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18,5 %ын түздү.
Облуска чет өлкөлүк түз инвестициялар 142,4 млн АКШ долл. суммасында же 2012-жылга караганда 43,4 %га көп тартылды.
Капиталдык салымдар 8977,6 млн сомго же 2012-жылга салыштырмалуу 15,4 %га аз өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 11,4 %ды түздү.
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү118,1 %га өсүү темпи менен 40584,1 млн сомду түздү, алардын ичинен сооданын жүгүртүүсү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо - 118,8 %га өсүү темпи менен35171,9 млн сомду түздү.
Облустагы инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 104,5 %ды түздү (2013-жылдын декабры 2012-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 108,6 %ды түздү (2013-жылдын январы-декабры 2012-жылдын январы-декабрына карата).
Бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10264,0 сомду түздү, 2012-жылга салыштырмалуу 2,1 %га жогорулады, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 6,0 %га төмөндөдү.
Жашоо минимумунун көлөмү 4505,54 сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 1,6 %га өстү.
2014-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 12334 адамды же 2012-жылга карата 100,2%ды түздү. Жалпы катталган жумушсуздуктун деңгээли 10,2%ды, жалпы жумушсуздуктун деңгээли 2,6%ды түздү.
2013-жылдын ичинде: облус боюнча бардыгы 4368 жумушсуз жаран ишке орноштурулду (2012-жылга карата 104,2%), кесиптик окутууга - 1247 адам, коомдук иштерге - 1840 адам жиберилген (2012 жылга карата 88,5 %).
Баткен облусу
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 5897,5 млн сом суммасында продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 113,1 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 3,6 %ын түздү. 14 өнөр жай тармагынын ичинен 4 тармакта физикалык көлөмдүн индекси камсыз кылынган жок. Облус боюнча 3 өнөр жай ишканасы иштеген жок.
Айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмү 14275,8 млн сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 1,7 %га реалдуу өстү. Облустун салыштырма салмагы айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 8,3 %ын түзөт.
Облуска чет өлкөлүк түз инвестициялар 6,7 млн АКШ долл. суммасына же 2012-жылга караганда 42,4 %га аз тартылды.
Капиталдык салымдар 3297,5 млн сомго же 2012-жылга салыштырмалуу 11,6 %га көп өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 4,2 %ды түздү.
Рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү119,4 %га өсүү темпи менен 12348,1 млн сомду түздү, алардын ичинен сооданын жүгүртүүсү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо -122,8 %га өсүү темпи менен 10349,7 млн сомду түздү.
Облустагы инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 102,8 %ды түздү (2013-жылдын декабры 2012-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 104,6 %ды түздү (2013-жылдын январь-декабры 2012-жылдын январь-декабрына карата).
Бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 8802,0 сомду түздү, 2012-жылга салыштырмалуу 2,9 %га жогорулады, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 1,6 %га төмөндөдү.
Жашоо минимумунун көлөмү 4380,72 сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 4,0 %га өстү.
43437 адамга 457,5 млн сом суммасында бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпул төлөндү.
2014-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 5354 адамды же 2012-жылга карата 96,2 %ды түздү. Жалпы катталган жумушсуздуктун деңгээли 10,2 %ды түздү, катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,2 %ды түздү.
2013-жылдын ичинде: облус боюнча бардыгы 3505 жумушсуз жаран ишке орноштурулду (2012-жылга карата 101,2 %), кесиптик окутууга - 525 адам, коомдук иштерге - 2643 адам жиберилген (2012- жылга карата103,2 %).
Баткен облусу боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 104,1 %га аткарылды, планда 1,19 млн сом болсо, иш жүзүндө 1,24 млн сом түштү же бюджетке пландан ашыкча 48,7 млн сом жыйналды. Республикалык бюджет 102,0 %га, жергиликтүү бюджет 106,9 %га аткарылды.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн жылдык 10 % менен насыялар, анын ичинен 1126 айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жалпы 239,7 млн сом суммасында насыя берилген.
Баткен облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн Өкмөт тарабынан 47 айыл чарба техникасы бөлүп берилген. Анын ичинде: 41 - трактор, 1 - культиватор, 1 - комбайн, 1 - петкус, 1 - диско борона, 1 -механикалык үрөн сепкич, 1 - минералдык үрөн чачкыч.
Ош облусу
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 3343,0 млн сом суммасында продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 111,0 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайы өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 2,0 %ын түздү. 10 өнөр жай тармагынын ичинен 4 тармакта физикалык көлөмдүн индекси камсыз кылынган жок. Облустун аймагында 3 өнөр жай ишканасы иштеген жок.
2013-жылы айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмү 32380,0 млн сомду түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын айыл чарбасынын жалпы көлөмүнүн 18,8 %ын түзөт.
2013-жылы облуска чет өлкөлүк түз инвестициялар 19,8 млн АКШ долл. суммасында же 2012-жылга караганда1,7 эсеге көп тартылды.
2013-жылы капиталдык салымдар 4453,5 млн сомго же 2012-жылга караганда 30,5 %га аз өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 5,7 %ды түздү.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 28132,3 млн сомду түзүп, физикалык көлөмүнүн индекси 99,4 %ды түздү, алардын ичинен сооданын жүгүртүүсү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо - 24943,5 млн сом.
2013-жылы облустагы инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 105,8 %ды түздү (2013-жылдын декабры 2012-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 108,5 %ды түздү (2013-жылдын январь-декабры 2012-жылдын январь-декабрына карата).
2013-жылы бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 7796,0 сомду түздү, 2012-жылга салыштырмалуу 1,2 %га көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 6,7 %га төмөндөдү.
2013-жылы жашоо минимумунун көлөмү 4632,69 сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 9,6 %га өстү.
2014-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 11362 адамды же 2012-жылга карата 93,4 %ды түздү.
Киреше бөлүгүнө салыктардын жана жыйымдардын иш жүзүндө түшүүсү 1305,9 млн сомду түздү, болжолдо 1251,9 млн сом болсо, план 104,3 %га аткарылды. Жергиликтүү бюджетке болжолдо 733,3 млн сом болсо, иш жүзүндө 801,4 млн сом түштү, болжол 109,3 %га аткарылды.
Бишкек шаары
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 29768,8 млн сом суммасында продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 95,5 %ды түздү (төмөндөө текстиль жана тигүү буюмдарын чыгаруунун - 16,7 %га, электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүүнүн 4,7 %га кыскарышына байланыштуу). Шаардын салыштырма салмагы республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18,1 %ын түзөт. 16 өнөр жай тармагынын ичинен 8 тармакта физикалык көлөмдүн индекси камсыз кылынган жок. Шаарда 12 өнөр жай ишканасы иштеген жок.
2013-жылы айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмү 340,6 млн сомду түздү жана 2012- жылга салыштырмалуу 2,3 %га реалдуу өстү. Шаардын айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруусунун салыштырма салмагы республикадагы айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн0,21 %ын түзөт.
2013-жылы шаарга чет өлкөлүк түз инвестициялар 316,6 млн АКШ долл. суммасында же 2012-жылга караганда 1,5 эсеге көп тартылды,.
2013-жылы капиталдык салымдар 19647,4 млн сомго же 2012-жылга караганда 22,2 %га көп өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө шаар боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 25,1 %ды түздү.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү105,9 %га өсүү темпи менен 240801,8 млн сомду түздү, алардын ичинен сооданын жүгүртүүсү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо - 104,5 %га өсүү темпи менен 158043,6 млн сомду түздү.
2013-жылы шаарда инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 103,5 %ды түздү (2013-жылдын декабры 2012-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 106,1 %ды түздү (2013-жылдын январь-декабры 2012-жылдын январь-декабрына карата).
2013-жылы бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 15294,0 сомду түздү, 2012-жылга салыштырганда 6,2 %га көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 100,1 %ды түздү.
2013-жылы жашоо минимумунун көлөмү 4690,94 сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 6,5%га өстү.
2014-жылдын 1-январына карата шаар боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 8533 адамды же 2012-жылга карата 91,6%ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,0%ды түздү.
2013-жылдын ичинде: шаарда бардыгы 17395 жаңы жумуш орундары түзүлгөн (2012-жылга карата 81,9 %), анын ичинде иштеп жаткан ишканаларда - 1560 (алардын ичинен кичи ишканаларда - 947), жеке ишкерлер тарабынан 15835 жумуш орундары түзүлдү.
Жылдын ичинде7978 жумушсуз жаран ишке орноштурулду, кесиптик окутууга - 2012 адам (2012-жылга карата132,9%) жана коомдук иштерге - 2537 адам жиберилген (2012- жылга карата116,1%).
2013-жылы киреше бөлүгүнө иш жүзүндө (атайын каражаттарды эске алуу менен) түшүүлөр болжолдо- 6831,7 млн сом болсо, 6242,8 млн сомду түздү, болжол 91,4%га аткарылды, 588,9 млн сомго аткарылган жок.
Ош шаары
2013-жылы өнөр жай ишканалары тарабынан 2487,0 млн сом суммасында продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 108,4 %ды түздү. Шаардын өнөр жайынын салыштырма салмагы республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 1,5 %ын түзөт. 13 өнөр жай тармагынын ичинен 5 тармакта физикалык көлөмдүн индекси камсыз кылынган жок. Шаарда 1 өнөр жай ишканасы иштеген жок.
2013-жылы айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмү 676,6 млн сомду түздү жана 2012-жылга салыштырмалуу 1,5 %га төмөндөдү (өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн - 5,2 %га төмөндөшүнүн эсебинен: жүгөрүлөрдүн – 1,4 %га, май чыгарылуучу өсүмдүктөрдүн – 22,5 %га, жашылчалардын – 8,5 %га). Шаардын айыл чарба продукцияларын чыгаруусунун салыштырма салмагы республиканын айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 0,39%ын түзөт.
2013-жылы шаарга чет өлкөлүк түз инвестициялар 0,025 млн АКШ долл. суммасында же 2012-жылга караганда 62,5 %га аз тартылды.
2013-жылы капиталдык салымдар 1635,4 млн сомго же 2012-жылга караганда 44,3 %га аз өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө шаар боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 2,1%ды түздү.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 111,2 %га өсүү темпи менен 34286,3 млн сомду түздү, алардын ичинен сооданын жүгүртүүсү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу предметтерин оңдоо - 113,0 %га өсүү темпи менен 28430,2 млн сомду түздү.
2013-жылы бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 10188,0 сомду түздү, 2012-жылга салыштырмалуу 4,2 %га көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелинген реалдуу өлчөмү 4,0 %га төмөндөдү.
2014-жылдын 1-январына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 2378 адамды же 2012-жылга карата 97,2 %ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,8 %ды түздү.
2013-жылдын ичинде шаарда бардыгы 920 жаңы жумуш орундары түзүлгөн, анын ичинен чакан жана орто ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен - 225 жумуш оруну; республикалык бюджеттин эсебинен - 27 жумуш оруну (чакан насыя берүү линиясы боюнча); экономиканын формалдуу эмес секторунда - 668 жумуш оруну түзүлгөн.
Жылдын ичинде 1205 жумушсуз жаран ишке орноштурулган, алардын ичинен жумушсуз деп таанылганга чейин - 598 адам, кесиптик окутуудан кийин - 117 адам ишке орноштурулган, жумушсуздардын ичинен (жумушсуздук боюнча жана коомдук акы төлөнүүчү иштер боюнча жөлөкпул алгандар) - 403 адам, чакан насыя берүү линиясы боюнча - 27 адам иш менен камсыз кылынган.
2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин көлөмү 1282,9 млн сомду түзгөн. Жергиликтүү бюджеттин иш жүзүндө аткарылышы, түшкөн расмий трансферттерди, жылдын башына калган каражаттардын калдыктарын жана бюджеттик ссудаларды кайтарууну эсепке алганда 1218,8 млн сомду түздү.
Ош шаарын өнүктүрүү үчүн төмөнкү иштер жүргүзүлдү:
жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар түрдүү долбоорлорду кошо каржылоого каражаттар каралган. Бул каражаттар билим берүү мекемелеринин көмөкчү жана кошумча объекттерин ж.б. оңдоону, реконструкциялоону жана абаттоону, курууну каржылоого жумшалган;
жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү үчүн 1,3 млн сом бөлүнгөн, андан тышкары шаар мэриясынын резервдик фондусунун каражаттарынан 1,4 млн сом бөлүнгөн;
социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан 557 жаранга 3,9 млн сом суммасында материалдык жардам көрсөтүлгөн;
шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардык бюджетте коммуналдык чарбага бюджеттин жалпы көлөмүнөн 26,7 % көлөмүндө чыгымдар каралган;
жергиликтүү бюджеттин каражатынан 20 таштанды салуучу контейнерлерди даярдоо үчүн - 464,0 миң сом; катуу-тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча атайын техниканы сатып алууга - 2,6 млн сом; “Ошсууканал” муниципалдык ишканасына хлоратордук жабдууларды сатып алууга - 2,0 млн сом бөлүнгөн.
2013-жылы республиканын аймагында катталган кылмыштардын саны 27217 түздү, бул 2012-жылга караганда 1630 кылмышка же 5,4 %га аз. Катталган кылмыштардын санынын өсүшү Ош облусунда - 8,5 %га (2136дан 2318ге чейин) жана Баткен облусунда - 9,6 %га (729дан 799га чейин) белгиленген.
Оор жана өтө оор кылмыштардын санынын Нарын облусунда - 4,2 %га (95тен 99га чейин), Жалал-Абад облусунда - 6,6 %га (555тен 595ке чейин) жана Баткен облусунда - 2,4 %га (163төн 167ге чейин) өскөнүнө карабастан, республика боюнча жалпысынан бул көрсөткүчтөрдүн -8,5 %га (4099дан 3748ге чейин) төмөндөшү белгиленүүдө. Кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндө оор жана өтө оор кылмыштардын салыштырма салмагы 13,8 %ды түзөт. Анын ичинен өтө оор кылмыштардын саны 13,6 %га (1366дан 1179га чейин) төмөндөгөн, бул 42,1 %га (19дан 27ге чейин) өсүү белгиленген Талас облусунан тышкары. Кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндө өтө оор кылмыштардын салыштырма салмагы 4,3 %ды түздү.
Коомдук жайларда катталган кылмыштардын саны 3323ү түздү, бул 2012-жылга караганда 90 кылмышка, же 2,6 %га аз. Кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндө алардын салыштырма салмагы 14,5 %ды түздү.
Көчө кылмыштарынын саны 1638ден 1456 чейин азайган, бул 2012-жылга караганда 11,1 %га аз. Кылмыштуулуктун жалпы түзүмүндө алардын салыштырма салмагы 6,4 %ды түздү. Көчөдө жасалган кылмыштардын санынын азайышы республиканын бардык аймактарында белгиленүүдө.
Жалпысынан кылмыш жасаган 16875 адам аныкталган, бул 2012-жылга караганда 1184 адамга, же 7,5 %га көп. Алардын ичинен 14567 адам жазык жоопкерчилигине тартылды, же 2012-жылга караганда 207 адамга көп, бул жалпы аныкталган адамдардын жалпы санынын 86,3 %ын түзөт (2012-жылы – 94,1 %), анын ичинен 2148 аял, бул 2012-жылга караганда 105 адамга көп.
Өндүрүшү аяктаган кылмыш иштеринин саны, ошондой эле жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны 939дан 810 чейин, же 13,7 %га азайган. Алардын өсүшү Ош облусунда 10,2 %га (49дан 54кө чейин), Талас облусунда 14,2 %га (28ден 32ге чейин) жана Баткен облусунда 36,3 %га (11ден 15ке чейин) белгиленген.
Тобу менен кылмыштарды жасашкан адамдардын саны 2471ден 2395ке чейин азайган, бул тобу менен кылмыштарды жасашкан адамдардын саны 15,9 %га (484төн 561ге чейин) көбөйгөн Бишкек шаарынан тышкары.
Уюшкан кылмыштуу топтордун курамында кылмыш жасаганы үчүн кармалган адамдардын саны 36дан 11ге чейин азайды. Алардын өсүүсү Ысык-Көл жана Ош облустарында 0дон 2ге чейин белгиленген.
Республика боюнча жалпысынан мурда соттолгон адамдар тарабынан жасалган кылмыштар 409дан 280ге азайган, бул өсүү 5тен 22ке белгиленген Талас облусунан тышкары.
Алкоголь ичимдигине мас абалда кылмыштарды жасашкан адамдардын саны 500дөн 437ге азайган. Баңгизаттарына дүүлүгүү абалында кылмыштарды жасашкан адамдардын саны 14төн 13кө чейин азайган. Алардын өсүшү Бишкек шаарында 0дон 6га чейин, Баткен облусунда - 1ден 2ге чейин белгиленген.
Чет өлкөлүктөргө карата 120 кылмыш жасалган, бул 2012-жылга караганда 33 кылмышка же 37,9 %га көп. Алардын өсүшүнө Бишкек шаарында 55тен 93кө, Ысык-Көл облусунда 2ден 4кө жана Ош облусунда 1ден 5 чейин жол берилген.
2013-жылы 872 кылмышка бөгөт коюлган (2012-жылы – 495 кылмышка). Диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча 16 ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Баңги заттарын мыйзамсыз жайылтуу жаатында кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжасында бардыгы 182 кг. 227 гр. 648 мг(2012-жылы – 116 кг.678 гр. 232 мг.) ар түрдүү баңги заттары алынган. Ошондой эле отчеттук мезгилде 465 кылмыш иши козголгон (2012-ж. - 511), муну менен бирге кылмыштардын бетин ачуу пайыздык катнашта 2012-жылга (2012-ж. – 58,8 %) салыштырмалуу 74,2 %ды түздү.
Жүргүзүлгөн талдоо пенитенциардык мекемелерде атайын техникалык каражаттардын жетишсиздигин көрсөттү.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жана Каракол шаарындагы окуялар (8 кылмыш иши – массалык баш аламандык, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүн барымтага алуу, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн канадалык компаниянын өкүлүнөн 3 млн. АКШ долларын опузалап талап кылуу фактылары), Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы окуялар (3 кылмыш иши – массалык баш аламандык Ош-Бишкек автожолун тозуу жана Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратын басып алуу фактылары) боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында жигердүү иштер жүргүзүлдү. Сот органдары тарабынан 4 кылмыш иши каралган, алардын жыйынтыктары боюнча окуяларды уюштуруучулардын жана активдүү катышуучуларынын ичинен 14 жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылган, алардын ичинен Ысык-Көл облусунда- 10 адам, Жалал-Абад облусунда - 4 адам.
2013-жылы эл аралык террористтик уюмдарга (ЭТУ) тиешеси бар 97 адамдын жана диний-экстремисттик уюмдарга (ДЭУ) тиешеси бар - 182 адамдын иши аныкталган, анын ичинен ЭТУга тиешелүү 38 адамдын жана ДЭУга тиешелүү 62 адамдын ишине бөгөт коюлган. Издөөдө жүргөн 19 адам аныкталган, ЭТУнун 25 мүчөсү кармалган жана өнөктөштөргө өткөрүлүп берилген. 14 дүрмөттүү курал, 119 жарылуучу заттар жана алардын компоненттери, 1700диний-экстремисттик мүнөздөгү тыюу салынган баракчалар, 550 нуска экстремисттик адабияттар жана 438 электрондук алып жүрүүчүлөрү табылган жана алынган. 70 кылмыш иши козголгон, алардын ичинен 47си ишке ашырылган, 38 киши соттолгон. 528 алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. 40 расмий эскертүү жарыяланган. Республиканын стратегиялык жана маанилүү объекттеринде “Окуу тартибин бузуучу” 8 атайын операция жүргүзүлдү.
Бул линия боюнча иштин жыйынтыгында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү жана документтерди жасоого байланышкан кылмыштар үчүн 17 кылмыш иши козголгон. Мыйзамсыз миграциянын 14 каналы табылган жана бөгөт коюлган, 301 чет өлкөлүк жаранга республикага кирүүгө тыюу салынган.
Республикада болгон терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүү жаатындагы укуктук чаралардын иш жүзүнө ашырылышына талдоо жүргүзүүнүн негизинде, ошондой эле анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан (эсептик көрсөткүчтөр боюнча айыптарды жокко чыгарууну сунуштоо жана жаза мөөнөттөрүн узартуу түрүндө катуулатуу менен 226, 227, 228, 229, 295, 296, 299, 350-беренелердин санкциялоочу бөлүктөрүн күчөтүү боюнча), ал 2013-жылдын 3-августунда №180 менен кабыл алынган.
2013-жылы кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары ФЧМК) тарабынан:
1) маалымат берүүчү адамдардан келип түшкөн 717 миң билдирүү иштелип чыкты;
2) 45 финансылык иликтөө жүргүзүлдү, банктык каражаттарды пайдалануу менен акча каражаттарын мыйзамсыз көмүскө жүгүртүү (мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү, салык төлөөдөн качуу) боюнча жалпы 770 млн сом жана 275 млн АКШ доллары (“Мегаком” соода маркасы боюнча), ошондой эле “Кыргыз Республикасынан накталай акчаны чабармандар аркылуу мыйзамсыз чыгарып кетүү” үчүн - 1382 млн АКШ доллары суммасына 20 жалпыланган материал даярдалып жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жиберилген.
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө, ошондой эле активдерди тоңдуруу жана кайтаруу чөйрөсүндө биргелешкен окутуу иш-чараларын жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү максатында Активдерди кайтаруу боюнча эл аралык борбор (ICAR) менен макулдашуу даярдалган. Макулдашуу макулдашуу жол-жобосунан өтүп, дипломатиялык каналдар аркылуу Швейцариянын Базел шаарына кол коюуга жөнөтүлгөн.
ФАТФтын (Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүгө карата финансылык чараларды иштеп чыгуу боюнча топ) алкагында иш жүргүзүлдү. 2007-жылы Евразиялык топ (ЕАТ) тарабынан өз ара баалоо жүргүзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын улуттук тутумунда ФАТФтын сунуштамаларына шайкеш келбөөчүлүк аныкталган. Буга байланыштуу 2011-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасы ФАТФтын “кыңыр тизме” деп аталган эл аралык кызматташтыкка сереп салуу боюнча жумушчу тобунун кароосунда турган өлкөлөрдүн тизмегине (РГОМС/ICRG) киргизилген жана ушуга байланыштуу аталган кемчиликтерди четтетүү боюнча Иш-аракеттер планы иштелип чыккан.
Террористтик жана экстремисттик ишке, же массалык түрдө жок кылуучу куралды жайылтууга тиешеси бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмеги түзүлдү. Бул Тизмек дайыма жаңыланып турат.
2013-жылы КРУБнын жана башка булактардан келип түшкөн маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 505-17-беренесине ылайык ТК/ККАК жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбагандыгы үчүн административдик мыйзам бузуулар тууралуу 31 иш козголгон. Алардын ичинен:
- коммерциялык банктарга карата – 12;
- микронасыялык компанияларга карата – 7;
- акча алмаштыруу бюролорго карата – 6;
- микронасыялык агенттиктерге карата – 2;
- насыялык союздарга карата – 3;
- камсыздандыруу компанияларына карата – 1.
75 миң сом суммасында айып санкциялары салынды; 66 миң сом -суммасына айып санкциялары өндүрүлдү; 1иш - өндүрүштө;2 - иш токтотулду.
2013-жылы баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө 2012-жылга салыштырмалуу баңги кылмыштарын аныктоодо да, мыйзамсыз жүгүртүүдөн Афганстанда жасалган баңги заттарын алууда да оң натыйжалар жетишилди.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты (мындан ары – БКМК) кошкондо, Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоочу органдары тарабынан 1913 баңги кылмышы аныкталды, бул 2012-жылга (1933) салыштырмалуу 20 фактыга же 1,0 %га аз.
Кыргыз Республиканын укук коргоо органдары тарабынан 2013-жылы аныкталган жана катталган баңги кылмыштары 2012-жылга салыштырмалуу төмөнкүдөй:
23-таблица
Мамлекеттик органдар | Бардыгы аныкталды | көбөйдү + азайды - | ||
2012-ж. | 2013-ж. | саны | % | |
БКМК | 213 | 281 | +68 | +31,9 |
Ички иштер органдары | 1673 | 1584 | -89 | -5,3 |
Улуттук коопсуздук органдары | 2 | 13 | +11 | +550 |
Бажы органдары | 4 | 1 | -3 | -75 |
Прокуратура органдары | 3 | 12 | +9 | +300 |
ЖАМК | 38 | 22 | -16 | -42,1 |
Бардыгы: | 1933 | 1913 | -20 | -1 |
2013-жылы аныкталган баңги кылмыштарынын түзүмү 2012-жылга салыштырмалуу төмөнкүдөй:
Баңги заттардын контрабандасы – 48/36 (-25%);
Сатуу максатын көздөбөстөн баңги заттарын сактоо – 1225/1260 (+2.8%);
баңги заттарын сатуу – 544/504 (-7.3%);
баңги заттарын колдонууга тартуу – 19/7 (-63.1%);
көмүскө жайларды күтүү – 42/32 (-23.8%);
баңги өсүмдүктөрүн айдоо – 52/63 (+21.1%);
жашы жете электерди баңги заттарын колдонууга тартуу – 1/0 (-100%).
2013-жылы республиканын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан аныкталган баңги кылмыштар боюнча 1959 кылмыш иши тергелди, бул 2012-жылга (1919) салыштырмалуу 40 кылмыш ишине же 2 %га көп. Мында отчеттук мезгилде сотко 1658 кылмыш иши жөнөтүлдү, бул 2012-жылга (1660) салыштырмалуу 2 кылмыш ишине же 0,1 %га аз.
Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 22 тонна баңги каражаттары, психотроптуу заттар жана прекурсорлор алынды, бул 2012-жылга (23,83т) салыштырмалуу 1,83 тоннага, же 8 %га аз.
Отчеттук мезгилде БКМКнын тергөө бөлүмдөрү тарабынан аныкталган баңги кылмыштары боюнча 276 кылмыш иши козголгон, жазык жоопкерчилигине 223 адам тартылды, сотко 190 кылмыш иши жөнөтүлдү, тергөө жолу менен 43 кылмыш аныкталды, 29 эл аралык тапшырма аткарылды, тергөө учурунда жол берилген кемчиликтерди жоюу үчүн 7 кылмыш иши кабыл алынды, 3 кылмыш иши токтотулду, 21 баңги топтордун кылмыш ишине бөгөт коюлду.
Мында БКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардык түрдөгү 5,2 тонна баңги заттары алынды, бул 2012-жылга (2 тонна) салыштырмалуу 3,14 тоннага көп.
Башка мамлекеттердин компетенттүү органдары менен активдүү кызматташтыкта баңги заттарга каршы күрөшүүнүн эң кооптуу жери – эл аралык баңги кылмыштуулукка каршылык көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Афганистандан келип чыккан баңги каражаттарынын ири өлчөмдөгү партияларынын контрабандасынын каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга, Афганистандан келип чыккан баңги каражаттарынын өзгөчө ири өлчөмдөгү партияларын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алууга өзгөчө көңүл бурулду.
2013-жылы Россиянын Баңги заттардын жүгүртүүсүн контролдоо боюнча федералдык кызматы, Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги бизнеске каршы күрөшүү комитети, Тажикстан Республикасынын Президентинин алдындагы Баңги заттарды контролдоо боюнча агенттиги жана БКМКнын бөлүмдөрү жүргүзгөн «тышкы контролдонуучу жөнөтүүнүн» 3 ыкмасы боюнча оперативдүү-издөө иш-чараларынын жана 6 биргелешкен ыкчам иштеп чыгуунун натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 133,13 кг баңги каражаттары, анын ичинде 59,1 кг героин жана 74,1 кг гашиш алынды.
Баңгидиллерлер менен укук коргоочу органдардын, күч ведомстволордун жана мамлекеттик түзүмдөрдүн коррупцияга аралашкан кызматкерлеринин ортосундагы кылмыш байланыштарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер активдүү өткөрүлүүдө.
Ошентип, 2013-жылда БКМК тарабынан баңгикоррупциясына байланыштуу 10 кылмыш аныкталды, натыйжада Кыргыз Республикасынын укук коргоочу органдары менен күч түзүмдөрүнүн (11 адам) жана Тажик Республикасынын (1 адам) баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү 12 кызматкери кармалган.
Жогоруда аталган укук коргоочу жана күч органдарынын кызматкерлеринен алынган ар кандай түрдөгү баңги каражаттардын жалпы салмагы 121,9 кг түздү.
Мындан тышкары, 2013-жылда Кыргыз Республикасынын аймагында БКМКнын координациялоочу ролу менен ИИМдин, МУККнын, МБКнын жана ЖАМКнын күчтөрү менен каражаттарынын катышуусунда “Мак-2013” баңги заттарга каршы алдын алуу операциясы жүргүзүлдү. “Мак-2013” операциясынын ведомстволор аралык планынын алкагында жашыруун аталыштагы “Допинг”, “Переброс”, “Кара-Куурай”, “Транзит” жана “Притон” унификацияланган ыкчам алдын алуу иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө 332 баңги кылмышы аныкталды, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11,17 тонна баңги каражаттарынын бардык түрү алынды.
БКМКнын координациялоочу ролу менен ИИМдин, МУККнын, МБКнын, МЧКнын жана ФЧМКнын күчтөрү менен каражаттарынын катышуусунда баңгиликке каршы «Канал-Кавказ» локалдуу операциясы уюштурулуп өткөрүлдү, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында 78 баңги кылмышы аныкталды, 381 жалпы кылмыштын бети ачылды. Республиканын аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн өлкөнүн бардык укук коргоочу органдары тарабынан 413,3 кг баңги каражаттарынын бардык түрү алынды.
Отчеттук мезгилде мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндө:
- Бириккен улуттар уюмунун баңги заттарын контролдоо боюнча Эл аралык комитетине (БУУнун БКЭК) Кыргыз Республикасынын отчетун даярдоо иштери жүргүзүлдү;
- Баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүүсүнүн субъекттерин Мамлекеттик реестрине кошуу жана андан чыгаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдонуучу заттарды киргизүүгө жана чыгарууга уруксат алуу маселелери боюнча консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүлдү.
Баңги заттарга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү жана аларды Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык конвенциялардын талаптарына ылайык келтирүү максатында бир катар мыйзамдардын долбоорлору демилгеленип кабыл алынды.
Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) Кыргыз Республикасынын төрагалыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруу, 2013-жылда Бишкек шаарында ШКУнун кезектеги он үчүнчү Саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, БКМК тарабынан төмөнкү иш-чаралар уюштурулуп аткарылды:
ШКУнун баңги заттарга каршы күрөшүү боюнча компетенттүү органдардын жетекчилеринин Кеңешмесинин келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча Эксперттердин жумушчу тобунун жыйыны;
- баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын улук кызмат адамдарынын жыйыны;
- баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу ШКУнун мүчө-мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси.
ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин 2012-жылдын декабрындагы жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын жана ЖККУнун Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2013-жылдын 12-мартында бекитилген Кыргыз Республикасынын Уюмда төрагалык кылуу мезгилинде сунушталган артыкчылыктарды аткаруу максатында БКМК Россиянын Баңги заттардын жүгүртүүсүн контролдоо боюнча федералдык кызматы жана ЖККУнун Секретариаты менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында «Гром-2013» шарттуу аталыштагы ЖККУнун баңги заттарга каршы ведомстволорунун жана кызматтарынын бөлүктөрүнүн, ички аскерлердин, ички иштер органдарынын (полициянын) эл аралык ыкчам-тактикалык машыгууну даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын комплекси жүзөгө ашырылды.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн өздүк курамы керектүү куралдар жана аскер техникасы менен Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында өткөрүлгөн ар кандай окууларга катышты, атап айтканда:
2013-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын коргоо ведомстволору биргеликте «Кант» россиялык авиациялык базасынын авиациялык компоненттерин жана Коргоо министрлигинин, ИИМдин жана ӨКМнын ички аскер бөлүкчөлөрүн тартуу менен «Достук -2013» батальондук-тактикалык окуусу өткөрүлдү;
2013-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүн тартуу менен күжүрмөн ок атуу менен роталык тактикалык биргеликте окуу өткөрүлдү;
25-сентябрдан 3-октябрга чейинки мезгил аралыгында Тажикстан Республикасынын Согду облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын коргоо ведомстволорунун бөлүкчөлөрү менен биргеликте окуу өткөрүлдү;
ЕККУ кызматташтыгынын алкагында коопсуздукту жана терроризмге каршы аракеттерди камсыздоо жаатында Чоң-Алай районунун Сары-Таш калктуу конушунда биргелешкен тактикалык-атайын окуу өткөрүлдү;
терроризмге жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташтык программасына ылайык МУКК тарабынан “Ала-Тоо-Антитеррор-2013” бирдиктүү антитеррордук окуу Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Украинанын коопсуздук органдарынын катышуусу менен өткөрүлдү;
табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгынын алкагында Ысык-Көл облусунун Тамчы айылынын аймагында “Стихия-2013” эл аралык окуусу өткөрүлдү;
ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин 2012-жылдын декабрындагы жыйынында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында БКМК Россиянын Баңги заттардын жүгүртүүсүн контролдоо боюнча федералдык кызматы жана ЖККУнун Секретариаты менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында «Гром-2013» шарттуу аталыштагы ыкчам-тактикалык окуу өткөрүлдү;
Казакстан Республикасынын “Сары-Шаган” полигонунда «Күжүрмөн кызматташуу-2013» бирдиктүү окууга күжүрмөн ок атуусу менен КР Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн башкаруу органдары катышты.
Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин артиллериялык эсептери ӨКМ бөлүкчөлөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын автожолдорунун көчкү жүрүү коркунучу бар участокторун атуу боюнча тапшырмаларды аткарышат. 2013-жылы кардын күч менен түшүрүлгөн массасы 368 миң куб метрди түздү.
Эл аралык аскердик кызматташтык планына ылайык ЖККУ жана ШКУда Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан эң маанилүү эки иш-чара өткөрүлдү:
2013-жылдын 27-майында ЖККУ коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны;
2013-жылдын 26-июнунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси.
Аталган иш-чаралардын жыйынтыгы болуп ЖККУ аскердик түзүлүшүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюу, ошондой эле ШКУ мейкиндигинде жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатында практикалык кадам таштоо боюнча ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлеринин сүйлөшүүлөрү болду.
2004-жылдан берки мезгил аралыгында биринчи жолу Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын жогорку аскердик жетекчилигинин КЭР Коргоо министри – Мамкеңештин мүчөсү генерал-полковник Чан Ваньцюань башчылыгында расмий визит болду. Аталган визит акыркы жылдары кыргыз-кытай аскер кызматташтыгынын активдешүүсүнүн далили болуп эсептелет жана биздин өз ара мамилебиздин мындан да жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, кыргыз тарабынын төрагалыгы менен ЖККУнун Аскер комитетинин үч жыйыны өттү, аларда Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрү башкармалыгы боюнча жана ЖККУнун бириккен штабынын түзүлүштөрүн ылайыкташтыруу, кризистик кырдаалдар учурунда алардын жооп кайтаруу ыкчамдыгын жогорулатуу боюнча документтер каралды.
Тынчтык сактоо иштери. “Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу иштерин өткөрүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тынчтык сактоо жана биринчи кезекте, тынчтык жана коопсуздукту сактоо боюнча БУУ миссиясына бөлүкчөлөрдү багыттоо иштери активдешкен.
БУУнун тынчтык сактоо операцияларына Коргоо министрлигинин катышуусуна күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо максатында америкалык инструкторлор тарабынан англис тилин үйрөтүү боюнча курстар өткөрүлүп жатат:
2013-жылдын январынан тарта – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер-медициналык адистери менен;
2013-жылдын сентябрынан тарта – КК АКК учуучу жана учуу-техникалык курамы менен.
Кыргыз тараптын чакыруусу боюнча 2013-жылдын май айында БУУ тынчтыкты колдоо боюнча департаменттин, Тынчтык күчтөрүнүн операцияларынын глобалдык демилгелеринин, АКШ АРЦЕНТинин өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ иштеди, анда БУУнун тынчтык сактоо операцияларында Коргоо министрлигинин аскердик контингентинин катышууга даярдыгы жогору бааланды.
Мындан тышкары, Коргоо министрлигинин аскердик-талаа госпиталы КР ӨКМ жана Монтана штатынын (АКШ) Улуттук Гвардиясы тарабынан Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында 2013-жылдын 20-майынан 22-май аралыгында өткөрүлгөн “Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу” темасындагы бирдиктүү окуусуна катышты.
Аскердик-техникалык кызматташтык. Кайтарымсыз аскердик жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын коргоо ведомстволорунун ортосундагы макулдашууга кол коюлду.
2013-жылдын апрелинде 52 бирдик санында автомобилдик техника жана музыкалык аспап түрүндө аскердик-техникалык жардамдын биринчи кабыл алуусу болду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы гранттык макулдашууну ишке ашыруу максатында 2013-жылдын январь айында жалпы суммасы 633,6 АКШ долларын түзгөн аскердик-техникалык мүлк (байланыш каражаттары, инженердик мүлк жана автомобилдик техника) келип түштү. Мындан тышкары, жалпы суммасы 170,3 АКШ долларын түзгөн аскер кийимин тигүү үчүн кездеме алып келинди.
АКШ Өкмөтүнүн “Чет өлкөлөрдө аскердик долбоорлорду каржылоо” программасынын алкагында америкалык тараптан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жалпы суммасы 1,5 млн АКШ долларын түзгөн грант бөлүнгөн.
2013-жылдын 2-августунан тарта ЕККУ тарабынан кол коюлган жеңил ок атуучу куралдар жана жөнөкөй ок-дарылардын запастары (ЖОЗ) боюнча Программага тийиштүү өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу башталган. Негизинен, ракеталык-артиллериялык куралдануу (РАК) кампаларын капиталдык куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. ЕККУ программасын ишке ашырууга мамлекет-донорлор тарабынан бардыгы болуп 2 млн евродон ашык бөлүп берүү жөнүндө маселе иштелип чыккан.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги жана Россия Федерациясынын коргоо-өндүрүштүк мекемелеринин өкүлдөрү менен өткөрүлгөн ар кандай деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик багыттагы продукцияларды кайтарымсыз жардам берүү боюнча жалпы суммасы 74 млн АКШ долларын түзгөн 14 контракттык документтерге кол коюлду, алардын ичинен маанилүүсү болуп сооттанкалык жана автомобилдик техникалардын оңдоо иштерин ишке ашыруу боюнча материалдык-техникалык базаны түзүү эсептелет.
Кыргыз Республикасынын аскердик реформасын өткөрүү үчүн ченемдик укуктук жана материалдык-техникалык базаны түзүү алкагында Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иштер өткөрүлдү (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 165 Жарлыгы менен бекитилген).
Өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Бирдиктүү башкаруу борборун түзүү алкагында «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүп жаткан Куралдуу Күчтөрдүн ыкчам жетекчилиги - Генералдык штабдын жана Коргоо министрлигинин функцияларын ажыратуу боюнча тиешелүү өзгөртүүлөр демилгеленген.
Негизги көйгөйлүү маселе болуп – Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыгын жетиштүү эмес каржылоо, атап айтканда:
а) аймактык коргоо күчтөрүн бекемдөө.
Аталган көйгөйдүн себеби болуп, негизинен Кыргыз Республикасынын аймагынын резервдик түзүлүштөрү жана ыкчам жабдуу үчүн материалдык-техникалык каражаттардын запастарын түзүүгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик администрацияларына бюджеттик каражаттардын жетишпестиги эсептелет;
б) Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүн куралдар жана аскер техника менен кайра жабдуу РФ Коргоо министрлигинин куралдарды жана аскер техникасын берүү планынан көз каранды;
в) армиянын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.
Көрсөтүлгөн тапшырманы чечүү үчүн аталган көйгөйдүн себеби болуп, негизинен бюджеттик каражаттардын жетишпестиги эсептелет (контракттык аскердик кызматтын аскер кызматчыларын акчалай күтүү деңгээлин жогорулатуу).
Ар дайым өзгөрүп жаткан кырдаалда, чек аныктоо жана чек бекитүү иштери соңуна чыга электе, чек аранын айрым участокторундагы оор абалга (Чарбак калктуу конушу, Ворух жана Сох анклавдары ж.б.) карабастан мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо милдеттерин аркалаган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (мындан ары – МЧК) тарабынан 2013-2017-жылдардын мезгилине туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, 2022-жылга чейин мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруунун улуттук стратегиясы менен Улуттук коопсуздук жана чек арадагы жагдайды турукташтыруунун улуттук концепциясын ишке ашыруу боюнча тармактык программаны ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик чек арада коопсуздукту камсыздоого багытталган иш-чаралар комплекси жүргүзүлгөн, натыйжада 2013-жылы төмөнкү жетишкендиктер камсыздалды: 222 мамлекеттик чек ара бузуучу кармалды, 108 кг баңги зат алынды, жалпы баасы 20 млн сомдон ашык 58 контрабанда аракетине бөгөт коюлду; чек ара аркылуу 14 млн ашык жаран таризделип өткөрүлдү.
Мамлекеттик чек аранын инфраструктурасын өркүндөтүү максатында 2013-жылы аны инженердик жабдуу иштери жигердүү жүргүзүлдү. Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара участокторунда 19 152 метр узундуктагы чектөөчү тосмо орнотулган жана 20 миң метр аң казылды.
Андан тышкары 36 темир чек ара мунаралары (Баткен облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 17, Чүй облусунда – 6) пайдаланууга киргизилген.
Чек араны аралыктан коргоо каражаттарын пайдаланууга киргизүү тартибинде “Рассказ” эки стационардык техникалык байкоо жүргүзүү посту колдонууга киргизилди.
МЧКнын көп тараптуу жана эки тараптуу контролдоо-өткөрүү пункттары 2012-2013-жылдары кароонун, паспорттук контролдоонун жана компьютердик техниканын зарыл болгон жаңы каражаттары менен жабдылган.
Мамлекеттик чек ара жана ага чектеш аймактарда катаал кырдаалдардын алдын алуу же кесепеттерин азайтуу максатында МЧКнын демилгеси жана түздөн-түз катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндө министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө нускама иштелип чыкты (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 601 токтому менен бекитилген).
2013-жылы чек ара ведомствосун башкарууну өркүндөтүү максатында чек ара коопсуздугунун учурдагы кырдаалына, коркунучтарына жана чакырыктарына шайкеш болгон кайра түзүмдөштүрүү иштери жүргүзүлгөн. МЧКда башкаруунун төрт деңгээлдүү тутуму түзүлгөн (Борбордук аппарат –аймактык башкаруу – чек ара отряды – чек ара заставасы/чек аралык кызмат бөлүмү/өткөрүү пункту).
Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын жыйынтыгында (мындан ары - АКЖИ):
- 283 объектиде жумуш бүткөрүлүп, жалпы узундугу 280,8 км болгон сел өткөрүүчү каналдардын жана дарыя нуктары тазаланып, калыбына келтирилип, кеңейтилди;
- 13492 турак үй, 5273,7 га айыл чарба жерлери, 95,509 км ички чарбалык жолдор, 11 көпүрө, 17 орто мектеп, 4 бейтапкана, 5 көрүстөн, 8 административдик имарат сакталды;
- адамдардын турмуш-тиричилигинин коопсуздугу камсыз кылынды (корголгон адамдардын саны) – 67460 адам (2012-ж.- 65645 адам).
Коргоочу курулмаларды куруу, суу жээктерин бекемдөө жана башка иш-чараларды жүргүзүүдөн сырткары республиканын аймагында калдык жана кен калдыктарын сактоочу жайларда 9,8 млн сом көлөмүндөгү кырсыктан-калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
2013-жылы 372,9 млн сомду түзгөн 105 объектиде алдын алуучу жана коргоочу жумуштар жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин натыйжасында 32 853 турак үй, 9055 га айыл чарба аянты, 8 социалдык объектилер корголду. 164265 адамдын турмуш-тиричилигинин коопсуздугу камсыз кылынды.
2013-жылы аткарылган иш-чаралардын негизинде төмөнкүлөр пайдаланууга берилди: 31680 метр дамба, 3653 метр суу-чарбалык каналдар, 25 суу-чарбалык көпүрөлөр, 2796 метр коллектордук-дренаждык тарамдары пайдаланууга берилген, 2050 метр дарыянын нугун тазалоо иштери жүргүзүлдү.
КТР жана “ЭлТР” телеканалдары аркылуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча калктын калың катмарынын маалымдуулугун жогорулатуу максатында видеосюжеттердин жана видеороликтердин туруктуу берүүлөрү уюштурулган. Бардыгы болуп табигый кырсыктын тобокелдиктери жөнүндө 9 социалдык ролик жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө 184 маалыматтык сюжет чыгарылды.
Табигый кырсыктын тобокелдиктерин баалоодо, мониторинг жүргүзүүдө мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүүнүн жана эрте кабарландырууну жакшыртуунун алкагында ӨКМ Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча Улуттук Платформанын Катчылыгы, Дүйнөлүк Банк менен бирдикте 2013-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын жыйынында жактырылган Кыргыз Республикасынын зыянын, чыгымын жана муктаждыгын баалоо боюнча методикалык колдонмо иштеп чыккан.
Жерди изилдөөнүн Борбордук-Азиялык институту (ЖИБАИ) менен түзүлгөн келишимдин негизинде Ош облусунун Өзгөн жана Алай райондорунун аймагындагы жер көчкүлөр тууралуу Бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү үчүн баштапкы маалыматтарды калыптандыруу боюнча жумуштар аткарылды.
Өкмөт тарабынан экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана курчап турган чөйрөнү коргоо максатында жаратылышты коргоо жагында саясат жана стратегияны иштеп чыгуу, жаратылышты коргоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү, айлана-чөйрөнүн абалына мамлекеттик экологиялык контролдоо жана мониторингдөө жүзөгө ашырылган, мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлгөн.
2013-жылы реформаларды жүргүзүүнүн алкагында Токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар департаменти жана Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти түзүлдү, ошондой эле ресурстарды тегиз бөлүштүрүү максатында толук кандуу тармактык саясатты жүргүзүү үчүн республиканын ар бир облусунда аймактык башкармалыктар түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин демилгеси менен 2013-жылдын 22-23-октябрында Бишкек шаарында илбирсти коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форуму ѳткѳрүлдү. Форумдун жыйынтыктары менен илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынды, Илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программа жактырылды, ал илбирс жашаган ареалдагы 12 өлкөнүн улуттук артыкчылыктуу аракеттерин колдоого, алардын илбирс жашаган бардык аймактардагы жалпы маселелери боюнча транс чек аралык кызматташууну жылдырууга, ошондой эле иштин жүрүшүн координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу тутумун түзүүгө багытталган. Илбирс жашаган ареалдагы өлкөлөр тарабынан Глобалдык Программаны ишке ашыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн жумушчу секретариатты Бишкек шаарында жайгаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сунушу колдоого алынган.
Мындан тышкары, илбирсти сактоо жана анын санын калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 320-б буйругу менен Кыргыз Республикасында илбирсти сактоонун 2013-2017-жылдарга карата улуттук стратегиясын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 732 токтому) ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы иштелип чыккан жана бекитилген.
Германиянын Айлана-чөйрө, жаратылышты коргоо жана ядердик коопсуздук федералдык министрлигинин колдоосу астында Климатты сактоо боюнча эл аралык демилгенин алкагында “Кыргыз Республикасынын чакан от казандарын модернизациялоо программасы” NAMA долбоору иштелип чыккан, анын максаты - чакан көмүр от казандарынын энергиялык натыйжалуулугун аларды модернизациялоо, ошондой эле парник газдарынын таштандыларын кыскартуу аркылуу 2020-жылга чейин 34 %га жогорулатуу болуп эсептелет, анын натыйжасында экономикалык өнүктүрүүнүн төмөн көмүр тек моделине акырындап өтүүгө өбөлгө түзүлөт. Бул Программа Климаттын өзгөрүү көйгөйлөрү боюнча Координациялык комиссиясынын 2013-жылдын 28-декабрындагы чечими менен жактырылды. Мындан ары Программа БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Алкактык конвенциянын секретариатынын Парник газдарынын таштандыларын кыскартуу боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн улуттук артыкчылыктуу аракеттеринин реестрине катталат.
Айлана-чөйрөнүн сапатын жөнгө салуу жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу максатында бардыгы 3697 уруксат берилген, анын ичинде атмосфералык абага таштандылардын чыгарылышына, айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды таштоого, калдыкты жайгаштырууга, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин колдонууга ж.б.
Токой агенттиги тарабынан айлана-чөйрөнүн абалына экологиялык мониторинг жүргүзүлүп турат. Жыл сайын жылына эки жолу Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин алдындагы чек аралык кызматташуу боюнча макулдашууга ылайык Кыргызгидромет жана Казакгидромет менен бирдикте транс чек аралык Чу суусуна жана анын негизги куймаларына мониторинг жүргүзүлүп турат. 2013-жылдын июнь жана октябрь айларында транс чек аралык Чу жана Кара-Балта сууларына - 8 тандап алынган жеринде мониторинг жүргүзүлдү.
2013-жылы жалпысынан 1155 жолу сынам алынып, жер кыртышына, сууга, атмосфералык абага жана өндүрүштүк таштандыларга 6787 изилдөө жүргүзүлгөн. 2012-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп сынам алынган, 4,8 эсеге көп изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын токой чарбалары тарабынан 1128 га аянтка көчөт отургузулган.
«Ысык-Көл» биосфералык аймактын функциялык чөлкөмдөрүнүн жана Сурма-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагынын чектерин белгилөө боюнча Сары-Чат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагын чөлкөмдөштүрүү жумуштары жүргүзүлдү.
Аңчылыкты көзөмөл жана аңчылык ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу жаатында жаныбарларды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн, анын ичинде аңчылык жерлерин туруктуу коргоо, аңчылык эрежелерин бузууга жана браконьерлерге каршы күрөшүүнү уюштуруу боюнча тутумдук иштер аткарылып турду.
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин талаптагыдай коргоо жана аларды мыйзамсыз колдонуунун жоопкерчилигин күчөтүү максатында “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды (2013-жылдын 3-майындагы № 224). Алсак, тoo эчкисине 55 миң сом көлөмүндө такса белгиленген (мурда - 7,064 миң сом), кулжа (аркар) – 400 миң сом (мурда - 140 миң сом), илбирске – 500 миң сом (мурда - 199 миң сом), маралга – 400 миң сом (мурда – 4 миң сом), күрөң аюуга – 400 миң сом (мурда – 12 миң сом).
Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча департаментинин өкүлчүлүктөрү тарабынан 2013-жылы аңчылык эрежелердин бузулушунда, браконьерлер менен күрөшүү иштеринин, айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын бузууда бардыгы болуп 710 фактылары ачылып, жалпысынан 296,2 миң сомго айып доо коюлган. Ачылган фактылардан 637 иш боюнча 180,9 миң сом өндүрүлгөн, ошондой эле эреже бузуучулардан 48 даана ок атуучу мергенчилик курал алынган.
Глобалдык экологиялык фонд жана Аткаруучу агенттиктер менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында (5-фаза) ГЭФ кеңеши тарабынан 7 млн АКШ долл. ашык суммасындагы 4 долбоор жактырылды.
“1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды (2013-жылдын 22-ноябры, 205).
2013-жылы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын органдары тарабынан жалпы суммасы 1165,7 млн сом түзгөн 1093 укук бузуу фактысы катталган. Аныкталган укук бузуу фактылары боюнча 700 кылмыш иши козголгон (анын ичинде прокуратура тарабынан – 181). Сотторго 291 кылмыш иши жөнөтүлгөн. 620,4 млн сом кайтарылып берилген.
Экономика чөйрөсүндө негизги укук бузуулар төмөнкү тармактар боюнча аныкталган:
салык кызматынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаган, салык төлөөдөн баш тарткан 266 факт боюнча кошумча эсептелген сумма (финансы жана айып санкцияларын эсептебегенде) 436,2 млн сомду түзгөн. 482 млн сом кайтарылды. Салык кылмыштары боюнча 73 кылмыш иши козголгон;
жалган ишкердик менен мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү боюнча жалпы суммасы 122,6 млн сомду түзгөн 141 факт аныкталган. 49,9 млн сом кайтарылган. 49 кылмыш иши козголгон (КР Кылмыш-жаза кодексинин 180, 182-беренелери боюнча);
алдамчылык боюнча жалпы суммасы 83,4 млн сомду түзгөн 65 факт аныкталып, 65 кылмыш иши козголгон;
мамлекеттик сатып алуу жана тендер өткөрүү менен байланышкан жалпы суммасы 43,8 млн сом түзгөн мыйзам бузуунун 12 фактысы аныкталып, 12 кылмыш иши козголгон.
2013-жылдын ичинде 269 млн сомго зыян келтирген 295 коррупциялык факт аныкталган. Аталган иштер боюнча өндүрүш жүргүзүлүп, сотторго 106 кылмыш иши жөнөтүлгөн. Кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын 6,8 млн сому кайтарылган. Төмөнкү кылмыш иштери козголгон:
кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 171 кылмыш иши (КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-316-беренелери), анын ичинде паракордук фактылары боюнча 19 кылмыш иши (КР Кылмыш-жаза кодексинин 310-314-беренелери). Келтирилген зыяндын суммасы 186 млн сомду түзгөн; сот органдарына 33 кылмыш иши жөнөтүлгөн. 606 миң сом кайтарылган;
берилген мүлктү ээлеп алуу же ысыраптоо фактылары боюнча 69 кылмыш иши (КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси), келтирилген зыяндын суммасы 63,8 млн сомду түзгөн. Сот органдарына 50 кылмыш иши жөнөтүлгөн. Кылмыш иштери боюнча 5,9 млн сом кайтарылган;
кызматкерлерди мыйзамсыз сыйлоо фактылары боюнча 19 кылмыш иши (КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси). Сот органдарына 13 кылмыш иши жөнөтүлгөн;
алдамчылык фактылары боюнча 8 кылмыш иши (КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси,4-б., 3-п.);
кылмыш жолу менен табылган акчалай каражаттардын изин жашыруу боюнча 1 кылмыш иши (КР Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси). Келтирилген зыяндын суммасы 12,7 млн сомду түзгөн;
коммерциялык түзүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан кызматын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 19 кылмыш иши (КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси), келтирилген зыяндын суммасы 5,3 млн сомду түзгөн. Бюджетке 260 миң сом кайтарылган, сот органдарына 6 кылмыш иши жөнөтүлгөн;
тендерди жана мамлекеттик сатып алууну мыйзамсыз өткөрүү боюнча 5 кылмыш иши козголгон (КР Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренеси). 1,054 млн сомго зыян келтирилген, сотко 2 кылмыш иши жөнөтүлгөн;
финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү же алуу фактысы боюнча 1 кылмыш иши козголгон (КР Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси), 174,1 миң сомго зыян келтирилген;
сот акыйкаттыгын ишке ашырууга тоскоолдук кылуу фактысы боюнча 2 кылмыш иши (КР Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси).
Аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, коррупцияга каршы саясатты өркүндөтүү жана коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын аракеттерин бириктирүү максатында 2013-жылдын 4-ноябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти “Бийлик органдарындагы саясий жана системдүү коррупциянын себептерин жоюу чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол койгон (2013-жылдын 12-ноябры, № 215).
Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган Жарлыгын аткаруу максатында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ыкчам кызматкерлери 2013-жылдын 4-ноябрынан тартып 31-декабрына чейин 75,3 млн сомдук зыян келтирген 63 коррупциялык кылмышты ачыкка чыгарган.
Экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун айрым тармактарында түзүлгөн коррупциялык (мыйзамсыз) схемалар аныкталган.
Алсак, 5 айымдан түзүлгөн топ мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүнү көздөбөстөн республиканын ар кайсы аймактарында 40 жалган фирма ачкан. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирилген.
Айдоочулардан мыйзамсыз жыйымдарды чогултуу фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу максатында 2013-жылдын февраль айында ыкчам издөө иш-чаралар комплекси жүргүзүлгөн, натыйжада, ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында опуза талап менен кыянаттык кылуу жана пара алуу фактылары видеотасмага тартылган. Ушундай эле мыйзамсыз аракеттерди ИИМдин кайгуул кызматынын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмактык контролдоо пунктунун кызматчылары да жасаганы аныкталган.
Кен тармагындагы укук бузуулардын негизинде мыйзамсыз уруксаттама берүү, ошондой эле баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүү жана мыйзамсыз ишкердик фактылары боюнча 8 кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдарына карата козголгон. Кылмыш иштерин иликтөө учурунда мамлекеттин бюджетине 71,9 млн сом кайтарылган.
Отчеттук мезгилде МУККнын Коррупцияга каршы кызматынын (мындан ары – МУКК ККК) материалдары боюнча 261 кылмыш иши козголгон (2012-жылы - 298) жана 138 (96) сотко өткөрүлүп берилген. Коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча 124 (212) кызматтык жана жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылган,55 (67) адам камакка алынган жана 71 (28) адам соттолгон.
МУКК КККнын оперативдүү материалдарын ишке ашыруунун жүрүшүндө 261 кылмыш иши козголгон. Аныкталган зыян 1 305,7 млн сомду түзгөн, көрүлгөн чаралардын натыйжасында 777,65 млн сом кайтарылган. Жарандардын 860 арызы жана кайрылуулары каралган, алардын жыйынтыктары боюнча 62 кылмыш иши козголгон.
2013-жылы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, өзүнүн милдеттери жана максаттары боюнча коррупцияга каршы укуктук мейкиндикти олуттуу чыңдоого чакырган бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыккан жана бекитилген. Эл аралык укуктук коррупцияга каршы стандарттар ишке активдүү киргизилүүдө.
Отчеттук мезгилде, эл аралык ченемдерди улуттук мыйзамга андан ары пайдаланууга киргизүү алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Прокуратура жөнүндө”, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө”, “Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башкаларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча МУКК ККК тарабынан кызмат адамдарынын коррупциялык аракеттерин натыйжалуу аныктоо жана аларга бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 603 “Вена шаарында 2010-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Эл аралык коррупцияга каршы академияны эл аралык уюм катары түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” токтому кабыл алынган.
Мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүнүн деңгээлин кыскартуунун бирден бир жолу катары лицензиялоо тутумун жөнөкөйлөтүү болуп саналат, бул багытта “Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, ал лицензиялар менен уруксаттын толук тизмесин, лицензиялоонун конкреттүү принциптерин камтыйт (2013-жылдын 19-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган). Бул Мыйзамдын кабыл алынышы менен лицензия жана уруксат алуунун саны 236дан 101 чейин кыскарды.
Болуп жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган, жакшылап ойлонулган күч-аракеттер, мамлекеттик кызматкер үчүн таза жана жакшы акы төлөнгөн иш үчүн шарттарды түзүү менен бир эле мезгилде коррупционерлерди катуу жазалоонун чараларын киргизүү дагы да болсо жетишсиз экендигин белгилеп кетүү зарыл. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө” токтому кабыл алынды, аны аткаруу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын этабы менен жогорулатуу процесси киргизилген.
Өкмөттүн ишиндеги чоң багыт Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан ишке ашырылуучу Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкын (мындан ары - УМББ) иштетүү, жеке жана юридикалык кызыкдар жактарга маалымат берүү болуп эсептелет.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри жүргүзүлөт (ченемдик укуктук актыларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу). Ушуга байланыштуу келип түшкөн документтерди министрлик электрондук түргө өткөрүп, Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына киргизет.
Европа Союзунун жана БУУӨПнын Кыргыз Республикасында укуктук реформаны колдоо боюнча министрликтин расмий сайтын жана УМББнын программалык камсыздоосун модернизациялоо, ошондой эле сервердик компьютердик жабдууларды сатып алууга колдоо көрсөтүү жөнүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында 2013-жылдын октябрында Укуктук маалыматтардын модернизацияланган борбордоштурулган банкы ишке киргизилген, ал өзүнө 50000 ашуун документтерди камтыйт. УМББнын маалыматын пайдалануу Юстиция министрлигинин расмий сайты www.minjust.gov.kg аркылуу (ЧУА маалыматтар база бөлүгүнөн) акысыз жүргүзүлөт.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине 4164 ченемдик укуктук акт киргизилген.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандарга жана мамлекеттик органдарына ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрүн жана алар жөнүндө маалыматтарды таратуу иш-чаралары аткарылган.
Юстиция министрлигинин алдында Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия ишин алып барат, анын негизги милдети мыйзамдарда болгон карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жоюу болуп саналат. Аталган комиссиянын мүчөлөрү болуп аткаруу бийлигинин бардык мамлекеттик органдары, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар мүчөлөрү саналышат. 2013-жылы аталган комиссиянын 3 отуруму өткөрүлгөн (2013-жылдын 29-марты, 2013-жылдын 28-июну, 2013-жылдын 24-декабры).
Аталган комиссиянын ишине колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин 2010-жылдын 27-июнундагы референдум менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү боюнча чаралар кирет. Отчеттук мезгилде Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында 700дөн ашык ченемдик укуктук актылар инвентаризацияланган, натыйжада 32 ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 токтомуна ылайык Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык мамлекеттик органдарга 50 мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жүктөлгөн.
Ошону менен бирге, Пландын пункттары толук аткарылбай калган, ар түрдүү себептердин ичинен алар мыйзам долбоорлоо иштерин пландаштыруусуна талаптагыдай эмес мамиле кылуу менен шартталган. Аткаруу бийлигинин тутумунда иштеген мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ишине талдоо жүргүзүү мамлекеттик органдар тарабынан демилге көтөрүлүп жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапатына жетишсиз даражадагы көңүл бурарын көрсөткөн.
Жогоруда аталган маселелерди чечүү үчүн Юстиция министрлигине жүктөлгөн координациялоо функцияларынын алкагында 2013-жылдын ичинде Планды аткарууга тартылган мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын өкүлдөрү менен квартал сайын жолугуулар өткөрүлүп турган, аларда мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук пландарын аткаруу боюнча маалыматтар угулган, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу боюнча ишти пландаштыруудагы мамилелерди кайра кароо, долбоорлорду макулдашууга берилген мөөнөттөрдү сактоо максатында мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилени жакшыртуу тууралуу белгиленген.
Мындан сырткары, мамлекеттик органдардын юридикалык кызматынын кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу иш-чараларынын алкагында эл аралык эксперттердин катышуусу менен мыйзам чыгаруу боюнча семинарлар өткөрүлгөн.
Соттук-эксперттик иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү Өкмөттүн ишинин дагы бир багыты. 2013-жылы “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, аны менен соттук экспертиза өткөрүүнүн алтернативдик жолу бекитилген, башкача айтканда, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын катарында, тиешелүү билими жана көндүмү бар (аккредитация өтүүнүн жыйынтыктары боюнча) адамдар соттук-эксперттик ишти алып барууга укуктуу. Мындай жаңылык соттук териштирүүлөрдү тездетүүгө түрткү берет.
Иштин башка багыты болуп мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жана Өкмөттүн кароосуна киргизүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, коррупцияга каршы жана гендердик экспертиза жүргүзүү саналат.
Ошентип, отчеттук мезгилде төмөнкү адистештирилген экспертизалардын түрлөрү өткөрүлгөн:
мыйзам долбоорлору – 582;
мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору – 1401;
актылардын долбоорлору – 513.
Азыркы учурда мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу ишин өркүндөтүү жолу менен кабыл алынып жаткан ченемдик укуктук актылардын сапатын жогорулатуу маселеси турат. Юстиция министрлиги мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу максатында дайыма иштер аткарылып турат, атап айтканда семинарлар, “тегерек столдор”, такшалмалар жана башка иш-чаралар уюштурулган.
Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу, сот тутумун өркүндөтүү, мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, өкмөттүк эмес жана медиа-уюмдардын ишин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Финансылык макулдашуу ишке ашырылат. Аталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга Европа Союзу тарабынан 13 млн АКШ долл. бөлүп берүүсү каралууда. Юстиция министрлигинин астында 2017-жылга чейинки Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн программасын ишке ашырууда мыйзам долбоорлоо маселелери боюнча аналитикалык борбор түрүндө Эксперттик-консультативдик кеңеш түзүлөт жана ал мамлекеттик органдардын ортосунда сүйлөшүү аянтчасына айланат.
Укуктук мамлекет түзүү укуктук тарбиялоо, анын ичинде негизинен укуктук пропаганда маселелерин өркүндөтүүнү талап кылат. Айрым ченемдерге түшүндүрмө берип убара болбостон, алардын мазмунун жөнөкөй тил менен айтуу, ар бир эрежеге токтолуп түшүндүрмө берүү менен калктын укуктук билимин жогорулатууга болбойт.
Ушуга байланыштуу укуктук пропаганданын негизги милдеттеринин бири жарандарга укук маселелери тууралуу жана кабыл алынган жаңы мыйзамдар жөнүндө маалыматты сапаттуу берүү болуп саналат. Мамлекеттик жана расмий тилдерде берилүүчү “Мыйзам жана коом” теле долбоору боюнча 2013-жылы “Кыз уурдоо”, “Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу”, “Эмгек миграциясы”, “Билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу”, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары” сыяктуу темаларга теле берүүлөр уюштурулган.
“КТРК” телеканалындагы “Ой-ордо” долбоорунун алкагында “Милиция кызматкерлери кармаган учурда жарандын иш-аракети” темасына теле берүү көрсөтүлгөн.
НБТ теле көрсөтүүсүнүн каналы боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу жөнүндө түшүндүрмө берилген.
ошондой эле мезгилдүү басылмаларда, радиодо жана телеканалдарда укуктук рубрикаларды уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, мында эксперттер, юристтер мамлекеттин укуктук саясатынын ар түрдүү аспектери боюнча түшүндүрмөлөр жана жарандарды кызыктырган маселелерге жооптор берилет.
“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы ар бир жаранга анын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттары жок болгон учурда мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен квалификациялуу юридикалык жардамды кепилдейт.
24-таблица
Региондор | Акысыз юридикалык жардам алган адамдардын саны | Тергөө учурунда | Кармоо учурунда | Сот процессинин жүрүшүндө |
Бишкек шаары жана Чүй облусу | 1752 | 658 | 239 | 855 |
Ысык-Көл облусу | 208 | 32 | 107 | 69 |
Нарын облусу | 147 | 15 | 113 | 19 |
Талас облусу | 178 | 165 | 22 | 13 |
Ош шаары жана Ош облусу | 571 | 275 | 205 | 91 |
Баткен облусу | 31 | 9 | 7 | 16 |
Жалал-Абад облусу | 132 | 11 | 95 | 26 |
Бардыгы: | 3019 | 1165 | 765 | 1089 |
Акысыз юридикалык жардам берген адвокаттарга республикалык бюджеттен 4,7 млн сом төлөп берилген.
Региондордун юстиция башкармалыктарынын алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлор тарабынан 2013-жылы 8342 жаранга юридикалык жардам берилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 226-V токтому менен бекитилген Өкмөттүн Иш программасында Өкмөттүн иштеп жаткан түзүмүнө функционалдык талдоо жүргүзүү жана аны өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүү каралган.
Ушуга байланыштуу Өкмөт тарабынан көз карандысыз эксперттик коомчулуктардын, илимий чөйрөнүн жана бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен аткаруу бийлигинин максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын дыкат талдоо жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоону ишке ашырууда пайда болгон конкреттүү проблемаларды аныктоо боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.
Бул иштердин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилди, аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши колдоду жана 2013-жылдын 21-февралындагы № 2798-V токтому менен бекитти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган токтомундагы ченемдер, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун иштерине функционалдык талдоонун жыйынтыгы боюнча сунуштамалардын пакети Өкмөттүн 2013-жылдын 5-мартындагы №109 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө” токтомунун негизин түздү.
Аткаруу бийлиги органдарынын тутумунда функционалдык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр төмөнкү ыкмаларды эске алуу менен иштелип чыкты:
бир мамлекеттик органда чектеш функцияларды топтоо;
функционалдык жана түзүмдүк өзгөртүүлөргө байланыштуу бюджеттик сарптоолорду минималдаштыруу;
мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоонун эл аралык тажрыйбасын эске алуу менен функционалдык өзгөртүүлөрдү ырааттуулукта жүргүзүү.
Өкмөттүн ушул чечимине ылайык:
25 мамлекеттик органдын ортосундагы функциялар кайтадан бөлүштүрүлдү жана чектелди;
эки министрлик жана бир Өкмөткө караштуу ведомство кайра уюштурулду;
Өкмөткө караштуу үч ведомство түзүлдү.
Функционалдык талдоо горизонталдуу деңгээлинде гана жүргүзүлдү, башкача айтканда аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү борбордук деңгээлде ишке ашырылды, бул мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүүнүн биринчи этабынын милдеттери болуп калды.
Экинчи этапта вертикаль боюнча, башкача айтканда министрликтердин жана ведомстволордун борбордук деңгээлинин – министрликтердин жана ведомстволордун аймактык органдарынын – аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча) ортосунда функцияларды, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү менен байланышкан талдоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
Өткөн жылдардагы министрликтердин жана ведомстволордун иштерине функционалдык талдоонун негизги жыйынтыгынын бири болуп мамлекеттик органдардын чектеш фукнцияларды аткарууда алардын күч аракеттеринин байланыштарынын жоктугу өнөкөткө айлангандыгы; ведомстволор аралык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жана кызматтык маалыматтарды алмашуунун сапатына жана өз убагында болушуна мамлекеттик органдардын жоопкерчиликтеринин төмөнкү деңгээли эсептелет.
Аталган проблемаларды чечүү үчүн Өкмөттүн 2013-жылдын 9-июлундагы № 404 токтому менен Аткаруу бийлиги органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүн типтүү регламенти бекитилген. Министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда ведомстволор аралык регламенттерди түзүү жолу менен ушул өз ара аракеттенүү механизмин колдонуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн төмөнкүлөр аркылуу андан ары жакшыртууга мүмкүндүк берет:
чектеш функцияларын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү эрежелерин ченемдүү түрдө бекемдөө;
ведомстволор аралык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жана кызматтык маалыматтарды алмашууда мамлекеттик органдардын иш- аракеттеринин толук алгоритмин орнотуу;
чектеш функцияларды ишке ашырууда өз ара милдеттенмелерин өз убагында аткаруулары боюнча мамлекеттик органдардын тилектеш жоопкерчиликтерин аныктоо.
Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү иштерди өркүндөтүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, бюджеттик мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри Өкмөттүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген.
Жогоруда аталган токтомду практикада ишке ашыруу 2012-жылдын экинчи жарым жылдыгынан тартып башталган, Реестр 2012-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген, ал азыркы учурда 398 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт.
Жалпысынан, оптималдаштыруу процесси башталганга чейин “мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн” саны 21 миңге жакын болгон. Бул цифра өзүнө кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин гана эмес, жөнгө салуу, контролдоо функцияларын ишке ашырууну, анын ичинде түрдүү уруксат берүүчү документтерди берүүнү жана мамлекеттик органдардын ишинин башка багыттарын да камтыган.
Бир кызматты көрсөтүү көп учурда өзүнчө кызмат көрсөтүү катары таризделген көптөгөн майда иш-аракеттерге бөлүнгөн (тигил же бул жол-жобонун ар бир этабы өзүнчө акы төлөөгө өзүнчө кызмат көрсөтүү болгон).
Көп учурда тигил же бул кызмат көрсөтүүлөр конкреттүү керектөөчүнүн суроо-талабынын жоктугуна карабастан коомго таңууланган. Мында көбүнчө тигил же бул мамлекеттик органдын негизги максаты көбүнчө керектөөчүлөрдүн талаптарын сапаттуу аткаруу эмес, атайын эсептерди толтуруу болгон.
2013-жылы “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган жана биринчи окууда жактырылган, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн негизги принциптери белгиленет, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды аткаруучулардын жана керектөөчүлөрдүн ортосунда ушул чөйрөдөгү укук мамилелери жөнгө салынат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин, аларды көрсөтүү стандарттарын түзүү тартиби аныкталат.
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Өкмөттүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомуна ылайык 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик органдары тарабынан (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык) ведомстволук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлору иштелип чыкты.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын 19 долбоору каралды жана Өкмөттүн токтому менен бекитүү үчүн сунушталды.
2013-жылы муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иштер башталды. Атап айтканда Өкмөттүн төмөнкү токтом долбоорлору иштелип чыкты:
“Муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу жөнүндө”, аны менен Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин түзүү жөнүндө жобо бекитилет;
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”, анда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр маселелери менен толуктоо бөлүгүндө Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө” жобонун ушул ыйгарым укуктуу органды Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн базалык реестрин жүргүзүүгө, жана аларды стандартташтырууга жооптуу кылып аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Мамлекеттик кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү үчүн 2013-жылга мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу планы жана Мамлекеттик тапшырык бекитилген. 2013-жылы бардыгы болуп Бишкек шаарында 30, региондордо 41 окутуу курстары өткөрүлүп, аларга бардыгы 1027 угуучу камтылган.
Мамлекеттик кызматчыларды окутуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы алмашуу каттарына кол коюлган. Кытай тарап жогоруда аталган иш-чараларга төмөнкү 5 программа боюнча 125 адамды окутуу үчүн 5 млн юань бөлүнгөн: энергетиканы башкаруу, инвестицияларды тартуу, айыл чарбасы, мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик башкаруу. “Энергетиканы башкаруу” программасы боюнча 25 адамдан турган биринчи топ 2013-жылдын декабрында 21 күн мөөнөткө КЭРге жиберилди.
Кадрларды даярдоо боюнча Япондук гранттык жардам (JDS) долбоорунун алкагында иштер улантылууда. Бүгүнкү күнгө карата JDSтин 85 стипендиаты диссертация жактап, магистрлик даража алышты жана Кыргызстанга кайтып келишти, 30 стипендиат Японияда окуп жатышат, 5 стипендиат сабактан жетишпегендигине байланыштуу окуусун бүтүрө алган жок.
Классификациясын өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын жаңы тутумуна өтүү боюнча масштабдуу иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы №145 “Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин жана Муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө”, ошондой эле 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомдорунда жүзөгө ашырылды.
Бул актылар менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө кызмат орундарын классификациялоо кайра каралды жана оптималдаштырылды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө тутуму биринчи жолу киргизилди, ал натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө ылайык түздөн-түз алардын ишин баалоого жараша болот. 2013-жылдын 1-августунан тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, ал эми 2013-жылдын 1-октябырынан тартып эмгек акысынын деңгээли төмөн болгон мамлекеттик кызматчылардын эмгек акыларынын өлчөмү көбөйтүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн минималдуу базалык ставка 5000 сом өлчөмүндө белгиленди.
Кызмат өтөөнү уюштурууга комплекстүү ыкманы камсыз кылуу максатында аталган токтомдор менен төмөнкүлөр да бекитилди:
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар;
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын кызматтык типтүү нускамасы.
Башкаруу органдарына кадрларды тандоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө 4450 мамлекеттик кызмат орундарына тестирлөө жүргүзүлдү (конкурс өткөрүүдө – 2872; аттестацияда – 1415; квалификациялык экзамен тапшырууда – 163), аларга 8852 адам катышты, 50% тесттик билимдердин босогосунан 4639 адам өттү.
Коррупцияга каршы механизмдерди киргизүүнүн алкагында тестирлөө жол-жоболорун реалдуу убакыт режиминде жазуу жана көрсөтүү үчүн Борбордук аппаратынын тестирлөө кабинеттери, ошондой эле Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы филиалдары видеокамералар менен жабдылган. 2013-жылдын ноябрь айында Тестирлөө борборунун Кара-Көл шаарындагы жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылындагы филиалдар ачылды, аларда да видеобайкоо тутумун орнотуу пландаштырылып жатат. Жарандардын кызматка жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн республиканын бардык райондорунда тестирлөө борборлорун түзүү жөнүндө маселе коюлууда. Отчеттук мезгилде полиграфтан 424 адам тестирлөөдөн өттү.
Кадрдык саясатты камсыз кылууга карата мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын иштерин активдештирүү боюнча иштер улантылды. Мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча алардын иштерине баалоо биринчи жолу жүргүзүлдү. Алынган маалыматтардын негизинде Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын рейтингинин жыйынтыгын чыгарды.
Талдануучу мезгилде статс-катчыларды окутууга, анын ичинде мамлекеттик башкаруу маселелерине, жаңы Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин киргизүү, эмгек акы төлөө жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу ж.б. маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн жаңы кабыл алынган актыларын ишке ашыруу маселелерине көбүрөөк көңүл бурулду.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук негиздерин ченемдик өркүндөтүү жана мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын ассоциациялары менен макулдашуунун иштиктүү механизмин иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Республиканын региондорунун потенциалдарын күчөтүү жана мамлекеттик, муниципалдык башкаруу түзүмүндө кайталоолорду четтетүү үчүн Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформа концепциясы ишке ашырылууда (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №198 токтому).
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну туруктуу жана натыйжалуу өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо, ошондой эле жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана жарандардын алдында көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатын жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы иштелип чыкты жана кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 токтому). Бул Программаны ишке ашыруунун негизги жыйынтыгы жергиликтүү бийликке ишенимди жана сый-урматты жаратуучу, жарандарга жеткиликтүү жана сапаттуу муниципалдык кызматтарды камсыз кылуучу натыйжалуу муниципалдык башкаруу болот.
2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу бюджеттик процессти камсыз кылуу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын жоопкерчиликтерин жогорулатууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Бюджеттин берилген долбоорлорунун сапаты, болжолдордун жана эсептөөлөрдүн негиздүүлүгү үчүн жергиликтүү коомчулуктардын жана жергиликтүү кеңештердин алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчиликтерин күчөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бюджеттердин долбоорун даярдоо боюнча практикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Өнүктүрүү саясаты институту менен биргеликте айылдык кеңештердин, жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйындарынын Типтүү регламенттери иштелип чыгып жана бекитилип, райондорго, айыл өкмөттөрүнө жеткирилди. Жергиликтүү коомчулуктардын Типтүү уставы иштелип чыкты жана бекитилди, региондордо талкуулоо жүргүзүлдү.
“Эң мыкты айыл өкмөтү” деген жалпы республикалык конкурс боюнча иштер жүргүзүлдү. Региондордон түшкөн материалдар жалпы республикалык конкурстук комиссия тарабынан 3 этап менен каралды. Конкурстун катышуучулары менен таанышуу үчүн региондорго комиссия мүчөлөрүнүн баруулары уюштурулду. Жыйынтыгында 3 жеңүүчү аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Өзгөчө макамы бар айрым чек ара аймактарын 2013-2016-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында ушул Мамлекеттик программанын 1-этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тизмеги даярдалды (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 516 токтому).
Сапаттуу Стратегиялык өнүктүрүү Программаларын иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүү максатында, ЮНИСЕФ эл аралык уюму менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлдү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пилоттук органы катарында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 55 айыл өкмөтү тандалып алынды.
Жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатуу максатында төмөнкү ченемдик укук актылар кабыл алынды:
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 20-февралындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамы, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктардын айрым түрлөрүн башкарууга укук берди, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында салыктарды жыйноо гана эмес, салык мыйзамдарын аткарууну контролдоо жана талап кылуу мүмкүндүгү дагы пайда болду;
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы №149 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы, ага ылайык жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөр пайдалуу кендер жайгашкан жерлер боюнча облустарды, райондорду өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге пайдалуу кендерди сатуудан алынган кыйыр салыктарды эске албаганда, түшкөн пайдадан 2 пайыз өлчөмүндө которулат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомуна ылайык 2013-жылдын 1-августунан баштап Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарын кошпогондо, айылдык аймактардын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия берүү процесстерин камсыз кылууга чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борборлоштурулган бухгалтериялары аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которулду.
Рационалдуу уюштурулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, экологиялык кырдаалды жакшыртууга, аймактарда жашаган элдердин улуттук жана маданий каада-салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Иштеп жаткан айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын деңгээлдери төмөн экени байкалууда. Көпчүлүгүнүн жетекчилик кызматтарда иш стаждары жок, анын натыйжасында айыл өкмөтүнүн аппаратын жөнөкөй эле жетектей алышпайт. Айыл өкмөтүнүн башчыларын тандоодо талапкерлердин билим деңгээлдери, иш стаждары, уюштуруучулук жөндөмдүүлүктөрү эске алынбайт. Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо талапкерлерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдары менен милдеттүү түрдө макулдашууну киргизүү максатка ылайык келет.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандоо критерийлери жок, көп учурда жергиликтүү кеңештин депутатынын макамына шайкеш келбеген адамдар шайланат, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына калктын ишеними азаюуда. Тандоо критерийлерин жана депутаттарды чакырып алуу механизмдерин иштеп чыгуу керек.
ЖӨБ органдары азырынча бири-бири менен өз ара жакшы байланышта болбой, өз ресурстарын бириктирүү, тажрыйба жана эң жакшы практикаларын алмашуу менен жалпы проблемаларды чече албай келишет. Калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзүү практикасы толук таралган эмес. Ошондой эле ЖӨБ союзунун ролун жана маанисин жогорулатуу, ЖӨБдөрдүн региондук ассоциацияларын түзүүнү колдоо зарыл.
2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (мындан ары – ТӨУС), 2013-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, анда социалдык-экономикалык чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуучу мамлекеттик бийликтин жогорку аткаруучу органы катары Өкмөткө ТӨУСтүн жоболорун ишке ашырууну жүргүзүү тапшырылган.
ТӨУСта туруктуу өнүктүрүүнүн жаңы моделинин стратегиялык багыттары, негизги артыкчылыктар жана ушул мезгилге 77 ири инвестициялык долбоорду ишке киргизүү белгиленген.
ТӨУСтү ишке ашыруу үчүн жакынкы беш жылга реалдуу башкаруу каражаты керек экендигин эске алуу менен Өкмөт тарабынан 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программа жана План иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген.
Ушул мезгилге пландалган милдеттерди чечүүнү Өкмөттүн ар жылдык пландары аркылуу ишке ашыруу белгиленген, бул ТӨУСта белгиленген максаттуу багыттарга жетүү жана артыкчылыктарды алга жылдыруу үчүн узак мөөнөттүү уланмалуулукту сактоого мүмкүндүк берет.
Туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын ишке ашырууну комплекстүү жана балансталган мамлекеттик башкаруу жана камсыз кылуу максатында Өкмөт тарабынан иш-чаралардын планында конкреттүү топтомун аныктоочу 2013-жылга иш-чаралардын дыкат планы бекитилген (Өкмөттүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111токтому). План социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн туруктуу платформаны түзүүгө багытталган 203 иш-чараны камтыйт.
2013-жылга Пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүү 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан 160 иш-чаранын (78,3 %) аткарылышы камсыз кылынганын, 11 иш-чара (5,4 %) аткарылбай калгандыгын көрсөттү. 20 иш-чараны аткаруу мөөнөтү узартылган, ушул иш-чараларды жүзөгө ашыруу улантылууда.
ТӨУСта 77 улуттук инвестициялык долбоордун тизмеги бекитилди. Агроөнөр жай комплексиндеги инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында 14 үрөн чарбасын түзүү боюнча иш-чараларды аткаруу аяктады, бодо малды жасалма уруктандыруунун пункттары үчүн жабдууларды сатып алуу аяктады (300 комплект). Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Насыялык макулдашуу боюнча 225 трактор сатып алынып, фермерлерге лизингге берилди. 2013-жылга инвестициялык долбоорлорду 31,1 млн АКШ долл. суммасына каржылоо пландалып, иш жүзүндө 23,5 млн АКШ доллары өздөштүрүлгөн. Финансылык каражаттарды өздөштүрүү 76,6 %ды түздү.
Азыркы мезгилге чейин 5 долбоор боюнча каржылоо булагы аныктала элек, ошого байланыштуу иштер башталган жок.
Энергетика чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча белгилүү иштер жасалды. 2013-жылы Кыргызстандын түштүгүндө электр берүү линияларын модернизациялоо аяктады. Долбоордун алкагында 500/220/35 кВ «Датка» жаңы көмөкчордонунун курулушу, жалпы узундугу 247 км электр берүү линиясы жана иштеп жаткан көмөкчордондорду реконструкциялоо ишке ашырылды.
2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашуулар ратификацияланды.
Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык 2013-жылы парламент менен натыйжалуу өз ара аракетти жогорулатуу, Өкмөттүн мыйзам жаратуу демилгелерин илгерилетүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Өкүлчүлүк мыйзам долбоорлорунун өтүшү, фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын токтомдорун, суроо-талаптарын аткаруу маселелери боюнча аткаруу бийлиги органдарынын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерин координациялады.
Мыйзам чыгаруу демилгеси иретинде Өкмөт тарабынан киргизилүүчү мыйзам долбоорлорун кароонун жана кабыл алуунун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана жол-жоболорун сактоону контролдоо максатында жыл бою Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери парламенттин 75 пленардык жыйындарынын ишине, комитеттердин 457 жыйынына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын, убактылуу комиссияларынын жана координациялык кеңешмелеринин 153 жыйынына активдүү катышты.
2013-жылы Өкмөт тарабынан 118 мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилди. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 58 мыйзам кабыл алынды, Кыргыз Республикасынын Президенти 47 мыйзамга кол койду.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Өкмөт тарабынан демилге кылынган 93 мыйзам долбоору турат, анын ичинен 17 мыйзам долбоору кечиктирилгис мүнөздө.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөт тарабынан иштелип чыккан турмуштук өтө маанилүү бир катар мыйзамдарды кабыл алды.
Алардын ичинде “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет боюнча комитети менен биргеликте 2013-жылдын 13-декабрында эксперттерди жана коомчулуктун өкүлдөрүн кеңири тартуу менен парламенттик угуулар өткөрүлдү. 2013-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алды.
2013-жылдын 18-декабрында депутаттар тарабынан Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүгө өтүшү боюнча программа каралды жана бекитилди.
Өкмөттүн демилгелерин жылдыруу боюнча маселелерде өзгөчө орунду Кумтөр боюнча жаңы Макулдашуу жөнүндө маселе ээлейт, аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо 4 айга чукул убакытты алды. Бул маселени парламенттин 4 комитети жана 4 фракциясы талкуулады.
Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин бир багыты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттары тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү болду. 2013-жылы Өкмөттүн Аппаратында кароого 51 мыйзам долбоору түштү, аларга корутунду берилди.
2013-жылы Өкмөттүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 2590 документ келип түштү жана контролго алынды, анын ичинен:
- 38 токтом (анын 21и контролдон чыгарылды);
- фракциялардын 277 суроо-талабы (анын 245и аткарылды);
- комитеттердин 1060 суроо-талабы (анын 865и боюнча ЖКга маалымат жиберилди);
- депутаттардын 1215 суроо-талабы (анын 1120сы контролдон чыгарылды).
Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кыйла маанилүү социалдык-экономикалык мааниге ээ болгон токтомдоруна өзгөчө маани берет. Алсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 19-январындагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жумушчу тобунун Баткен облусунун Чарбак калктуу конушунун жанындагы мамлекеттик чек арада түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча маалыматы жөнүндө” токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 19-б буйругун кабыл алуу менен ишке ашырылды, анда 371 млн сом өлчөмүндө финансылык каражат салуу менен Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарынын социалдык-экономикалык инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.
Ошондой эле, Өкмөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынан 53 суроо-талап келип түшүп, анын 50сү аткарылды, Төраганын орун басарларынын 158 суроо-талаптарынын ичинен 137си аткарылды.
Депутаттык кайрылуулардын көпчүлүгү боюнча конкреттүү иштер жүргүзүлдү жана натыйжалар алынды. Алсак, депутаттардын суроо-талаптары боюнча:
М.И.Бакировдун - Афганстандын аймагында жашаган жана Кыргызстан тараптан жардамга муктаж болгон этностук кыргыздардын проблемалары боюнча. Өкмөт тарабынан гуманитардык жүк жеткирилди жана жергиликтүү калкка медициналык жардам берүү уюштурулду, балдарды окутууга көмөк көрсөтүү маселелери иштелип чыгууда;
Д.А. Жумабековдун, С.К.Нышановдун - Талас облусундагы «Маймак» темир жол станциясын жабуу, буурчак жана башка продукциялары менен вагондордун туруп калышынан дыйкандардын чыгашага учуроосу жөнүндө. Өкүлчүлүк тарабынан Премьер-министрге жана Мамлекеттик бажы кызматына ыкчам маалымат жеткирилген. Премьер-министрдин өзү тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү жана жумуш сапарында станцияга барды. Натыйжада үч күндүн ичинде станциядан жалпы салмагы болжол менен 10 миң тонна болгон кант кызылчасы жүктөлгөн 158 вагон чыгарылды;
– Ж. Исаев – ал Баткен облусунун шайлоочуларынын атынан тез арада Бишкек-Баткен жана Бишкек-Исфана маршруттары боюнча авиакаттамдарды кайра баштоо маселесин чечүү жөнүндөгү талабын билдирген. 2013-жылдын май айынын ортосунан баштап жогоруда айтылган маршрут боюнча туруктуу учуулар башталды;
–К. Осмоналиевдин., Т.У. Шайназаровдун, У.Т. Кочкоровдун –Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилеринин иштериндеги кемчиликтер жөнүндө. Премьер-министрдин буйругу менен билим берүү министринин орун басары З. Каденова жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Б. Элебесов ээлеген кызматтарынан бошотулду, Билим берүү министрлигинин статс-катчысы К. Шадыхановго жана билим берүү министринин орун басары Д. Кендирбаевага тартиптик жаза чарасы жарыяланды, Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы П. Сүйүмбаевага эскертүү жарыяланды;
–Д.А. Ниязалиеванын – Ново-Павловка орто мектебин оңдоону аяктоо үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө. Финансы министрлиги кошумча 370,0 миң сом бөлүп берди;
–Н.В. Никитенконун, К.О. Осмоналиевдин, Н.А. Нарматованын жана башкалардын – мектепке чейинки балдар мекемелерин мыйзамсыз менчиктештирүү маселелери боюнча. Өкмөттүн сунушу боюнча прокуратура органдары тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары боюнча 50 кылмыш иши козголду, прокурордук чара көрүүнүн 80 актысы киргизилди, сотко 120 доо арыз берилди. Жыйынтыгында бүгүнкү күнгө мамлекетке 32 бала бакча кайтарылып берилди;
Ж.А. Жолдошеванын – Кара-Суу районундагы Мады округунун Кыргыз-Чек айылындагы № 87 мектептин курулушу жөнүндө. Түркия Республикасынын гранты боюнча мектептин курулушуна 31,7 млн. сом бөлүнгөн жана 2013-жылдын ноябрында мектеп пайдаланууга берилди;
–Э.Ж. Алымбековдун – адамзаттык кадыр-баркты кемсинтүү жана кыйноо фактыларына каршы күрөшүү боюнча Улуттук борборго транспорттук каражат бөлүп берүү жөнүндө. Президенттин жана Өкмөттүн Иш башкармасынан 2013-жылдын 28-ноябрында аталган борбордун балансына 2007-жылы чыгарылган “Ровер” маркасындагы автомашина берилген;
–К.С. Дыйканбаеванын – Бишкек-Ош автожолуна белги салуу зарылдыгы жөнүндө. Транспорт министрлиги тарабынан ушул жолдун участкасына жалпы суммасы 5,5 млн. сомго белги салуу иштери жүргүзүлдү.
–Турсунбай Бакир уулунун – мектептерге диний тарбия берүү сабагын киргизүү жөнүндө. Билим берүү министрлиги тарабынан тиешелүү билим берүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү жана 10 пилоттук мектепте сынактан өткөрүү боюнча план түзүлдү;
–А.К. Кочкорбаевдин, Э.Б. Исаковдун жана Т.М. Узакбаевдин –фермерлерден буудайдын түшүмүн сатып алуу жөнүндө. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду фермерлерден ушул жылдагы эгиндин түшүмүн килограммын 13 сомдон 199,5 млн. сом суммасына сатып алды;
–Г.С. Садырбаеванын, И.Ю. Карамушкинанын, С.К. Нышановдун – жол-транспорт кырсыктарына кабылгандардын проблемасы жана адамдардын, өзгөчө балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна тийгизген оор кесепеттери жөнүндө. Депутаттардын суроо-талаптары Премьер-министрге жеткирилди, анын тапшырмасы боюнча вице-премьер-министр Т.Б. Мамытов тарабынан укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен эки жолу кеңешме өткөрдү, ИИМ тарабынан жолдордо коопсуздукту сактоо боюнча кошумча чаралар иштелип чыкты, Мамкаттоо жана Билим берүү министрлиги тарабынан автомектептерде жана айдоочунун күбөлүгүн берүү тартиби боюнча текшерүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө;
–Ы.К. Кадыралиеванын – “Ак-Жар” жаңы конушунун жашоочуларын паспорттоштурууга жардам көрсөтүү жөнүндө. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ушул жаңы конуштун жашоочуларына паспортторду тариздөө тартибин түшүндүрүү жана документтерди тариздөөгө практикалык жардам көрсөтүү боюнча көчмө консультациялык пункт уюштурулду.
Депутаттардын көпчүлүк кайрылуулары мамлекеттин жана коомдун жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүн камтыйт, аларда өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн, жарандардын жана мамлекеттин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү маселелерин көтөрүлөт, аткаруу бийлиги органдарынын болгон резервдерине жана иштеги кемчиликтерине көңүл бурушат.
Коомдун, айрым региондордун жана калктуу конуштардын жашоо-турмушунун депутаттар тарабынан көтөрүлгөн айрым маселелери дайыма эле максатына жетпегендигин жана көтөрүлгөн проблеманын такталбаган дарекке жиберүүнүн себебинен ишке ашпаган учурлардын бар экендигин белгилөө керек. Депутаттык суроо-талаптардын көпчүлүк бөлүгү жаңы курулушка же бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мөөнөтү эчак эле өтүп кеткен же ресурстар жок болгон учурда иш-чараларды каржылоого кошумча бюджеттик каражаттарды бөлүү менен коштолгон.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 15-августундагы № 395 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-майындагы №3101-V “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу” токтомун аткаруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында 96 иш-чараны аткаруу каралган. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан 51 иш-чараны аткаруу камсыздалган, 45 иш-чара боюнча иштер улантылууда.
2014-жылы Өкмөт өзүнүн күч аракетин Өкмөттүн парламент менен натыйжалуу жана ыкчам өз ара аракетин камсыз кылууну өркүндөтүүгө, мыйзам чыгаруу демилгесинин конституциялык укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга, Жогорку Кеңештин токтомдорун жана протоколдук тапшырмаларын аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка ведомстволор менен уюмдардын аткарышын координациялоого жумшайт.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын иштерин баалоону жүргүзүү боюнча ченемдик укуктук колдоо биринчи жолу 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-майындагы № 312 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын иштеринин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү жөнүндө” токтомунун кабыл алынышы менен пайда болгон. Бул токтом менен мамлекеттик органдардын иштеринин натыйжалуулугун аныктоо үчүн төмөнкүдөй үч параметр белгиленген:
- өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарынын сапаты: мамлекеттик саясаттын приоритеттерине Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүү стратегиясынын шайкеш келүүсү;
- отчеттук жыл үчүн өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарынын, Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын, Өкмөттүн иш-чаралар планынын индикаторлорун жана иш-чараларын аткаруу боюнча иштеринин натыйжалары;
- аткаруу бийлиги органын башкаруу тутумунун сапаты.
Иш жүзүндө мамлекеттик органдардын ишин баалоо жүргүзүлгөн эмес жана мамлекеттик органдардын персоналдары окутулган эмес. Алынган тажрыйбаны эске алуу менен Кыргызстанда жаңы методика кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө” токтому менен бекитилген.
Биринчи реалдуу кадамдар 2012-жылы жүргүзүлгөн. Алсак, окутуучу семинарлар уюштурулган жана 2 жылдын ичинде жогоруда аталган токтомго 5 жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
Аткаруу бийлиги органдарын баалоонун жаңы Методикасы Кыргыз Республикасынын башкаруунун парламенттик формасына өтүшүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен Программа боюнча иштеген коалициялык Өкмөт түзүүнү чагылдырат.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин баалоо методикасына ылайык төмөнкү көрсөткүчтөрдүн сандык маанилеринин базасында эсептелүүчү баалоонун интегралдык көрсөткүчүнүн маанисин аныктоонун негизинде жүргүзүлөт:
1) базалык көрсөткүчтөрдү баалоо;
2) вариативдик көрсөткүчтөрдү баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдерин баалоо;
4) калктын ишеним индекси.
Бул Методика төмөнкүлөргө багытталган башкаруучулук каражат катары баалоо тутумун түзүүнү карайт:
- бааларды салыштыруу үчүн шарттарды түзүүгө;
- процессти эмес, натыйжаны баалоого;
- аткаруу бийлиги органдарынын аракеттерине оңдоо киргизүү үчүн негиз катары баалоо натыйжаларын пайдаланууга;
- жарандык коомду баалоого тартууга;
- көз карандысыз эл аралык рейтингдик изилдөөлөрдү пайдаланууга.
2012-жыл үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоо жана Интегралдык көрсөткүч (ИК) түзүлүүчү көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүү ведомстволордун жеткиликтүү түрдө натыйжалуу иштебей жаткандыктарын аныктады, тиешелүү түрдө 2013-жылы мамлекеттик органдарга базалык жана/же вариативдик көрсөткүчтөргө өзгөртүү (оңдоолорду) киргизүү сунушталган.
2013-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча ИКнын эң чоң маанисине 0,56 интегралдык көрсөткүч мааниси менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жетишкен.
2013-жылы ИКнын кыйла төмөнкү көрсөткүчтөрүнө Кыргыз Республикасынын төмөнкү министрликтери ээ болушкан:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги – 0,4.
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – 0,39.
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги – 0,26.
Бул министрликтер тиешелүү түрдө министрликтердин арасындагы рейтингде 12, 13 жана 14-орундарды ээлешет.
Ведомстволор арасында ИКнын эң чоң маанисине 0,44 интегралдык көрсөткүч мааниси менен Өкмөткө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жетишкен.
2013-жылы жалпыланган ИКнын кыйла төмөнкү көрсөткүчтөрүнө Кыргыз Республикасынын төмөнкү ведомстволору ээ болушкан:
- Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги – 0,37.
- Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы – 0,36.
- Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик – 0,28.
Бул ведомстволор тиешелүү түрдө ведомстволордун арасындагы рейтингде 21, 22 жана 23-орундарды ээлешет.
Сунуштар:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эксперттерин жетекчилердин докладдарын даярдоо боюнча кошумча окутуу зарыл;
- “калктын ишеним” индекси жана эл аралык рейтингдер боюнча жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл;
- кызмат көрсөтүүлөрдү, лицензиялык жана контролдук функцияларды кошкондо жеке адамдар жана юридикалык жактар өз ара аракеттенүүнү болжолдогон министрликтердин жана ведомстволордун аракеттерине бизнес-процесстерди оптималдаштыруу боюнча иштерди активдештирүү. Бул мамлекеттик органга ишенимди жогорулатууга жана коррупциялык коркунучтарды азайтууга мүмкүндүк берет;
- мамлекеттик органдардагы коммуникативдик аянтчаларды ишке киргизүү зарыл, аларда өлкөнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланышы, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдын күч-аракеттери жөнүндө маалыматтар жайылтылышы, сунуштар иштелип чыгышы ж.б. мүмкүн;
- министрликтер жакшы ойлонулган жана натыйжалуу PR-стратегияга муктаж, аларды ишке ашыруу менен бардык деңгээлдердеги тигил же бул даражадагы кызматкерлер иштешет. Бул үчүн иштеп чыгуучулар тобун түзүү керек, ал сырттан чакырылган, коммуникациялар боюнча адистерге таянышат.
Мамлекеттик органдардын рейтинги 2012-жылга салыштырганда 2013-жылы өнүгүүнүн оң тенденциясын көрсөткөндүгүн белгилөө керек.
Өнүгүү темптерин сактоо үчүн бардык ведомстволор мөөнөттөргө жана индикаторлорго бөлүү менен интегралдык көрсөткүчтү (ИК) көбөйтүү боюнча (1ге чейин) иш чараларды иштеп чыгуулары зарыл. Бул иш-чаралар жетекчилердин отчетунун “кийинки мезгилдерге иш-чаралар” бөлүмүндө чагылдырылууга тийиш.
Базалык жана вариативдик көрсөткүчтөрдүн эң жогорку маанилеринин катыштары вариативдик көрсөткүчтөрдү аткаруу базалык көрсөткүчтөрдү аткарууга канчалык таасир берээрин көрсөтмөлүү түрдө айгинеледи. Эгерде базалык жана вариативдик көрсөткүчтөр өз ара байланышпаса, анда мамлекеттик орган жалпысынан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга начар катышат, же болбосо милдеттер өтө эле жогору коюлган (декларативдүү), же болбосо орган базалык жана вариативдик көрсөткүчтөрдү аткарууга таасир этпеген башка иштер менен алек. Эгерде өз ара байланыш (корреляция) бар болуп, бирок ажырым чоң болсо, анда демек процесске өзгөчө көңүл буруу керек, антпесе начар жөнгө салынган процесстер төмөнкү аткаруучулук тартип менен айкалышып, ушундай ажырымга алып келиши мүмкүн. Вариативдик көрсөткүчтөрдүн “калктын ишеним индекси” менен болгон катышы канчалык даражада мамлекеттик орган эмне жасап жатканын, калктын талаптарына жооп бергенин көрсөтөт (жөнгө салынуучу коом).
Эң жогорку аномалияларга дыкат талдоо жүргүзүү маанилүү болуп эсептелген проблемаларды жана таасир тийгизүү чөйрөлөрүн аныктоого, ошондой эле баалоо үчүн маалымат булактарын белгилөөгө мүмкүндүк берет. Бул стадияда мамлекеттик органдардын докладдарынын, кошумча материалдардын конкреттүү мазмунун жана Өкмөттүн программаларын ишке ашырууга мамлекеттик органдын таасирин изилдөө көлөмүн иликтөөдөгү жана жөнгө салынуучу коомдун керектөөлөрү аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши 2014-жылы 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программада аныкталган туруктуу өнүктүрүү артыкчылыктарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталат (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген). Бул үчүн ТӨУСда коюлган ар бир милдетти чечүү үчүн конкреттүү чаралар, аракеттер, долбоорлор менен 2014-жылга Өкмөттүн Планы иштелип чыккан жана кабыл алынган (Өкмөттүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 110 токтому).
Айрым алганда негизги багыттар төмөнкүлөр болот:
- бизнес-чөйрөнү жакшыртуу үчүн кардиналдуу реформаларды жүргүзүү аркылуу улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
- жаңы бюджеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу;
- коррупциянын таасиринен эркин болгон аткаруу бийлигинин ачык-айкын жана натыйжалуу тутумун куруу.
Максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн мамлекеттик активдерин натыйжалуу башкаруу, экономиканын бардык тармактарына түрткү берүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу тутумун реформалоо аркылуу жетишилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан зарыл болгондо дүйнөлүк коньюнктуранын начарлашына байланышкан терс процесстердин экономикага мүмкүн болгон өтө жаман таасирин жеңилдетүүгө багытталган чаралардын системасы иштелип чыгарылат.
Негизги иш-аракеттер төмөнкүлөр болот:
Экономиканы экономикалык өсүштүн болжолдонуучу деңгээлине чыгаруу үчүн коркунучтарды өз учурунда аныктоо жана тобокелдиктердин алдын алуу максатында макроэкономикалык көрсөткүчтөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү;
жазгы-күзгү талаа жумуштарын даярдоо, өткөрүү боюнча толук чараларды көрүү, ошондой эле мал чарбачылыгынын эпизоотиялык сактыгын камсыз кылуу;
бюджеттик туруктуулукту, бюджеттик тутумдун ачык-айкындыгын жогорулатууну жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
мамлекеттик бюджетке салык жана бажы төлөмдөрү боюнча жыйымдардын толуктугун камсыз кылуу;
2014-жылга белгиленген параметрлерге ылайык Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрүн камсыз кылуу;
социалдык милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;
мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
пландалган ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну активдүү жылдыруу;
пайдалуу казылмалардын жаңы ири жана орто кендерин пайдаланууга киргизүү үчүн шарттарды түзүү;
токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү, республиканын иштеп жаткан ишканаларынын кубаттуулуктарын арттыруу, өнөр-жай өндүрүшүнүн жаңы объекттерин түзүү боюнча иштерди күчөтүү;
Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө инвестицияларды камсыз кылуу үчүн улуттук фондулук рыноктун натыйжалуулугун жогорулатуу;
иштеп жаткан автожолдорду реабилитациялоо жана жаңыларын куруу;
энергия үнөмдөө саясатын жүргүзүү жана энергонатыйжалуу имараттарды жана курулмаларды курууга жетишүү үчүн институттук негиздерди түзүү;
Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн жагымдуу тышкы саясий шарттарды түзүүгө багытталган активдүү жана натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүү;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен тышкы экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүү жана кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын экспортун жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу;
коррупциялык ченемдерди жана ар түрдүү деңгээлдеги ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу;
күч түзүмдөрүнүн жана башкаруу тутумдарынын түзүмүн өркүндөтүү;
чек аралык коопсуздук камсыз кылуу чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана заманбап чек ара инфратүзүмүн түзүү.
Белгиленген иш-чараларды ишке ашыруунун маанилүү шарты болуп саясий туруктуулукту сактоо, экономиканын секторлоруна инвестициянын болжолдонгон көлөмдөрүнүн түшүүсү, ошондой эле экономикага таасир этүүчү сырткы жана ички шоктордун жоктугу эсептелет.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетуна тиркеме |
Базалык жана вариативдик көрсөткүчтөргө жетүү деңгээлинин такталган эсептөөлөрүн эске алуу менен 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иштеринин көрсөткүчтөрүнө жетүү жөнүндө топтомо маалымат
№ | Мамлекеттик органдын аталышы
| Интегралдык көрсөткүч (4-7-графалар боюнча жалпыланган топтом) (көрсөткүчтүн идеалдуу мааниси 1ге барабар) | Жалпылан-ган базалык көрсөткүч
| Жалпыланган вариативдик көрсөткүч
| Калктын ишеним деңгээли
| Эл аралык рейтинг
| Эскертүү |
2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 0,56 | 1 | 1 | 0,61 | 0,38 |
|
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 0,56 | 1 | 0,94 | 0,57 | 0,49 |
|
| Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги | 0,53 | 0,98 | 1 | 0,54 | 0,39 |
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги | 0,52 | 0,94 | 0,99 | 0,48 | 0,48 |
|
| Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | 0,50 | 0,97 | 0,85 | 0,55 | 0,47 |
|
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 0,49 | 1 | 1 | 0,56 | 0,26 |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 0,48 | 1 | 1 | 0,51 | 0,26 |
|
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 0,48 | 1 | 0,95 | 0,55 | 0,26 |
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги | 0,47 | 1 | 1 | 0,49 | 0,25 |
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 0,44 | 0,8 | 0,87 | 0,51 | 0,47 |
|
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 0,40 | 0,92 | 0,81 | 0,51 | 0,26 |
|
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 0,39 | 0,92 | 0,82 | 0,57 | 0,22 |
|
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | 0,39 | 0,87 | 0,85 | 0,53 | 0,26 |
|
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | 0,26 | 0,55 | 0,76 | 0,26 | 0,56 |
|
№ | Мамлекеттик органдын аталышы
| Интегралдык көрсөткүч (4-7-графалар боюнча жалпыланган топтом) (көрсөткүчтүн идеалдуу мааниси 1ге барабар) | Жалпылан-ган базалык көрсөткүч
| Жалпыланган вариативдик көрсөткүч
| Калктын ишеним деңгээли
| Эл аралык рейтинг
| Эскертүү |
1. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги | 0,60 | 1 | 1 | 0,55 | 0,54 |
|
2. | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | 0,50 | 1 | 0,99 | 0,58 | 0,26 |
|
3. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 0,49 | 0,99 | 1 | 0,57 | 0,26 |
|
4. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы | 0,47 | 0,36 | 0,96 | 0,53 | 0,95 |
|
5. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги | 0,47 | 1 | 1 | 0,48 | 0,26 |
|
6. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | 0,47 | 1 | 0,92 | 0,59 | 0,25 |
|
7. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | 0,47 | 1 | 1 | 0,49 | 0,26 |
|
8. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы | 0,47 | 0,75 | 0,93 | 0,51 | 0,56 |
|
9. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы | 0,47 | 1 | 1 | 0,51 | 0,26 |
|
10. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы | 0,46 | 1 | 1 | 0,44 | 0,25 |
|
11. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду | 0,46 | 0,99 | 1 | 0,49 | 0,25 |
|
12. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд | 0,45 | 1 | 1 | 0,47
| 0,25 |
|
13. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | 0,45 | 0,81 | 0,80 | 0,49 | 0,26 |
|
14. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | 0,45 | 1 | 0,90 | 0,50 | 0,26 |
|
15. | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы | 0,44 | 1 | 0,95 | 0,48 | 0,25 |
|
16. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы | 0,43 | 0,99 | 0,99 | 0,40 | 0,25 |
|
17. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат | 0,44 | 1 | 1 | 0,40 | 0,26 |
|
18. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат | 0,43 | 0,94 | 0,99 | 0,44 | 0,27 |
|
19. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | 0,42 | 0,89 | 0,98 | 0,46 | 0,26 |
|
20. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | 0,40 | 0,65 | 0,95 | 0,48 | 0,45 |
|
21. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги | 0,37 | 0,93 | 0,79 | 0,26 | 0,44 |
|
22. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы | 0,36 | 0,83 | 0,80 | 0,45 | 0,26 |
|
23. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик | 0,28 | 0,82 | 0,6 | 0,47 | 0,25 |
|
24. | Бишкек шаарынын мэриясы | 0,50 | 1 | 0,97 | 0,6 | 0,26 |
|
25. | Ош шаарынын мэриясы |
|
|
|
|
| Отчет берилген жок |