Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 214
«Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндѳ» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене. Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнүндѳ» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 102-бер.) тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1. 3-статьядагы «, башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бөлөк укуктук ченемдик актылары, Кыргыз Республикасы тааныган жана ратификациялаган эл аралык актылар жана келишимдер» деген сѳздѳр «жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимдер» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 2-бөлүгүндөгү «же түзбөстөн» деген сөздөр алып салынсын.
3. 9-статьядагы «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сѳздѳр «юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын.
4. 11-статьяда:
1) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин;
2) 4-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасы менен» деген сөздөр алып салынсын.
5. 16-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте кайра уюштурулушу жана жоюлушу мүмкүн.».
6. 29-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлѳм алып салынсын.
7. 35-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|