Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 16-апрели № 215

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-январындагы № 46 “Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алуусунун тартибин тактоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-январындагы № 46 “Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өзбекстан Республикасынан 100 000 (жүз миң) тонна минералдык жер семирткичти “Markazsanoateksport” мамлекеттик акционердик тышкы соода компаниясы аркылуу сатып алсын”.

2.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев