Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 7-июлу № 322
"Нарын областынын Ак-Талаа районунун курамынан
Сары-Ой айылдык кеңешин чыгаруу жана Кыргыз
Республикасынын Нарын областынын Нарын
районунун административдик-аймактык
баш ийүүсүнө берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору
тууралуу
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу максатында, Нарын областынын Ак-Талаа районунун курамынан Сары-Ой айылдык кеңешин чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Нарын районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнө берүү жөнүндө жана Нарын областык, Ак-Талаа менен Нарын райондук, Сары-Ой айыл кеңештеринин, ошондой эле Ак-Талаа районунун Жылан-Арык айылынын тургундарынын жыйынынын жалпы чогулушунун чечимдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Нарын областынын Ак-Талаа районунун курамынан Сары-Ой айыл кеңешин чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Нарын районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнө берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Т.Т.Токторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья.
Нарын областынын Ак-Талаа районунун курамынан Сары-Ой айыл кеңеши чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Нарын районунун административдик-аймактык баш ийүүсүнө берилсин.
2-статья.
Сары-Ой айыл кеңешинин административдик борбору болуп Жылан-Арык айылы калтырылсын.
3-статья.
Нарын районуна Сары-Ой айыл кеңешинин берилгендигин эске алуу менен Ак-Талаа жана Нарын райондорунун чектеринин баяндап сүрөттөлүшү бекитилсин.
4-статья.
Бул Мыйзам жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|