Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн жана 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун өтүнүчү боюнча
2014-жылдын 4-сентябры № 45-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев, судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Дж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин,
кайрылуучу тарап - Кыргыз Республикасынын Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун ишеним каттарынын негизинде аракеттенишкен өкүлдөрү Ш.Х.Брейди жана Х.И.Искаков,
жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекова,
башка жактар - ишеним каттардын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Э.К.Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү К.К.Маматалиев, Ж.Т.Ботоев жана А.Т.Гайббаева,
котормочулар: Ч.К.Бакирова, Г.Ж.Бекмановалардын катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн жана 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацынын конституциялуулугун аныктоо боюнча конституциялык өндүрүштөгү ишти карады.
Ишти кароого Кыргыз Республикасынын Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун кызыкчылыгында аракеттенген Ш.Х.Брейдинин жана Х.И.Искаковдун өтүнүчү себеп болду.
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнүн жана 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацынын ченемдери Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ч.О.Осмонованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 27-февралында "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү жана 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 32-беренесинин 2-бөлүгүнө, 35-беренесине ылайык эмес деп табуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун (мындан ары - Диний Борбор) кызыкчылыгында аракеттенген Ш.Х.Брейдинин жана Х.И.Искаковдун өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтү негиздөө ирээтинде төмөнкү жүйөөлөр келтирилген.
Диний Борбор 1998-жылдын 30-апрелинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда (мындан ары - ДИМК) диний уюм, ал эми 1998-жылдын 6-августунда юстиция органдарында юридикалык жак катары каттоодон өткөн. Диний Борбор Кыргыз Республикасындагы жалпы Иегова күбөлөрү үчүн өкүл катары кызмат кылат.
Айрым жергиликтүү кеңештер Иегова күбөлөрүнүн уюштуруу мүчөлөрүнүн тизмелерине макулдук бербегендиктен, ДИМК аларды эсептик каттоого алуудан баш тарткан.
ДИМК "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүн колдонгондуктан, 2013-жылдын үч айында Ош жана Жалал-Абад облустарында Иегова күбөлөрүнүн 12 диний жолугушуусу укук коргоо органдары тарабынан токтотулган, себеби ал облустарда Иегова күбөлөрү дин уюму катары каттоодон өткөн эмес.
Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, белгиленген Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн ДИМКнын каттоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине тыюу салынат деген талабы, 8-беренесинин 3-бөлүгүндөгү мүчөлөрүнүн жогорку санына байланышкан талап жана 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацы менен бекитилген, диний уюмдардын уюштуруу кеңешинин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн тизмесин жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу талабы Конституциянын 32-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 35-беренеси менен бекитилген дин тутуу, биригүү укуктарына, жана Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгү менен аныкталган, эч ким туткан дини боюнча кодулоого мүмкүн эмес деген жобого каршы келет деп эсептейт.
Кайрылуучу тарап, мурункуга салыштарганда диний уюмду түзүү үчүн уюштуруучулардын саны 20 эсеге жогорулатылганын билдирет. Анткени 1991-жылдын 16-декабрында кабыл алынган № 656-ХII "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү" күчүн жоготкон Мыйзамга ылайык диний уюмду түзүү үчүн уюштуруучулардын саны он адам болчу, колдонуудагы Мыйзамга ылайык болсо диний уюмду түзүү үчүн адамдын саны эки жүздөн кем болбош керек.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 3-апрелиндеги аныктамасы менен арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Арыз берүүчүлөр Диний Борбордун кызыкчылыгында аракеттенген Ш.Х.Брейди жана И.Х.Искаков сот жыйналышында өздөрүнүн кайрылуусун колдошуп, аны канааттандырууну өтүнүшөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекова "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү жана 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацы Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт жана кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранат.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп төмөнкү мазмундагы "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү жана 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацы каралат:
"8-берене. Диний уюмдар
2. Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын эсепке алуу каттоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине жана иштешине ушул Мыйзамга ылайык тыюу салынат.
Каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан ишти жүзөгө ашырган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Диний уюм жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын эки жүздөн кем болбогон жаранынын демилгеси боюнча түзүлөт.
10-берене. Диний уюмдарды эсептик каттоого алуу
2. Диний уюмду эсепке алуу үчүн түзүүчүлөр төмөндөгүдөй түзүү документтерин (мамлекеттик жана расмий тилде) тапшырышат:
- диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмесин.".
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык кабыл алынган, "Эркин Тоо" газетасынын 2009-жылдын 16-январындагы № 3 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Конституция, мамлекеттин укуктук жана демократиялык принциптерин ишке ашыруу менен, Кыргыз Республикасынын өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтоону жана камсыз кылууну орнотот (1-берененин 1-бөлүгү, 16-берененин 2-бөлүгү).
Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ. Ар кимдин биригүү эркиндигине укуктуулугун эске алып, динди бирге тутуу бирикме түрүндө да болушу мүмкүн (Конституциянын 32-беренесинин 2-бөлүгү, 35-беренеси).
Дин тутуу эркиндигинин маңызы болуп адамдын диний ынанымдарды тандап алуу, диний ишенимдерге ээ болуу, алмаштыруу, билдирүү жана жайылтуу, ушуларга ылайык мыйзамдарда тыюу салынбаган динге табынуу иштерине, ырым-жырымдарга, каадаларга катышуу укугу эсептелинет.
Демек, дин тутуу эркиндиги эки жактуулукту камтып, өзүнө жеке жана жалпы элге каралган башталыштарды айкаштырат да, биринчи учурда, укук ар ким менен бул же тиги динди тандоо аркылуу ишке ашырылат, экинчи учурда, жаран өз алдынча же башкалар менен бирдикте дин тута алат.
Конституция, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эместигин жана Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдейдигин орнотот (16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү).
Ушуга байланыштуу, баардык диний бирикмелер мыйзам алдында бирдей болуп, ал эми кандайдыр бир динди туткан адам же адамдар тобу болсо, башка диндин өкүлдөрү менен салыштырганда артыкчылыкка ээ болбошу керек.
3. Конституциянын 4-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3, 5-пункттарына ылайык, диний бирикмелердин иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улут аралык, этностор аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган максаттарды көздөгөн алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине, саясий максаттарды көздөшүнө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде аныкталган адамдын дин тутуу эркиндигинин укуктарын камсыз кылууга, ошондой эле диний иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча маселелерди жөнгө салууга, Кыргыз Республикасында "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган.
Ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, дин иштери боюнча мамлекеттик органдын эсепке алуу каттоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине жана иштешине ушул мыйзамга ылайык тыюу салынат да, каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан ишти жүзөгө ашырган адам болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын диний уюм жөнүндөгү эсеби уюмдун иш-аракеттери менен декларацияланган баалулуктарынын арасындагы катыштыкты көрсөтүүгө, диний жамааттын функцияларынын жана иш-аракеттеринин коомдук коопсуздугун баалоого мүмкүнчүлүк берет.
Эсептик каттоого алууда ыйгарым укуктуу органга мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган документтердин тизмеси сунушталат, ал жерде документтердин бири болуп мамлекеттик жана расмий тилде түзүлгөн диний уюмдун Уставы саналат.
Диний уюмдун Уставында динге таандуулук, максаттары жана предмети, ишинин милдеттери жана негизги формалары, ошондой эле ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймагы жана башкалар көрсөтүлүшү керек.
Ошондуктан диний уюм ыйгарым укуктуу органда эсептик каттоодон өткөн учурда, уюмдун Уставында көрсөтүлгөн аймактын чегинде диний иш аракеттерин жүргүзүүгө укуктуу.
Демек, катталган диний уюмдун жолдоочулары уюмдун өзүнүн жайгашкан жеринин чегинен тышкары диний иш-аракеттерин жүргүзүү укугуна ээ. Ал эми мыйзамдын ушул талаптарын башкача түшүнгөн учурлары, тактап айтканда диний уюм катары кайрадан эсептик каттоодон өтүү жөнүндөгү талаптары коюлган учурлар негизсиз жана Конституциянын 32-беренесинин ченемдерине ылайык келбейт.
Ошого байланыштуу, диний уюм диний каадаларын, аземдерин аткарууга ылайык, жерлерди диний уюмдун Уставында көрсөтүлгөн ишмердүүлүгүнүн аймагынын чегинде камтууга укуктуу.
4. Диний уюм жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын эки жүздөн кем болбогон жаранынын демилгеси боюнча түзүлөт деген талап "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген.
Диний уюм коммерциялык эмес уюмдун бир түрү болуп эсептелет жана коомдун социалдык түзүмүнүн бөлүмү болот. Диний уюмдар акыркы жылдарда анын активдүү элементтеринин бири болуп калгандыгына байланыштуу мыйзам чыгаруучу диний уюмдарды эсептик каттоого алуу үчүн жогорулатылган талаптарды бекиткен. Бул талаптар дин эркиндигин чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.
5. Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга диний уюмду эсептик каттоого алуу үчүн тапшырылуучу документтерге талап катары "диний уюмду түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган жарандардын тизмеси" деп белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлүнүн пикири боюнча, жергиликтүү кеңештин мындай ыйгарым укуктары, жергиликтүү кеңештер Мыйзамга ылайык жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет деп белгиленген Конституциянын 112-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунан келип чыгат.
Бирок, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамдын 16-беренесинде бекитилген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун принциптерине негизделгенде, диний уюмду түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жарандардын тизмесин макулдашуу "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык, эсептик каттоо боюнча функция (милдети) дин иштери боюнча мамлекеттик органга жүктөлүп турганда, жергиликтүү маанидеги маселелерге таандык болушу мүмкүн эмес.
Андан дагы, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү" Мыйзам, жергиликтүү кеңеш менен макулдашылууда демилгечилер тарабынан сактабаган учурда баш тартууга алып келе турган жарандардын тизмесин макулдашуунун критерийлерин аныктаган эмес. Жол-жобо, мөөнөт, макулдашуунун критерийлери маселесинде мындай укуктук так эместик жергиликтүү кеңештер тарабынан арыздануучу менен талашылып жаткан ченемди ар кандай түшүнүү жана колдонууга алып келет. Ошол эле учурда, жергиликтүү кеңештер тарабынан диний уюмду түзүүнүн демилгечилеринин тизмесин макулдашуудан баш тартууда, мыйзам менен бекитилген жол-жоболордун жоктугу кайрылуучуларды сот тартибинде өз укуктарын коргоодон ажыратат. Бул өз кезегинде Конституциянын 35-беренесинде бекитилген биригүү эркиндигине болгон укукту бузууга алып келет.
Ошону менен бирге, ишмердүүлүгү кандайдыр бир даражада жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө таасир эте ала турган диний уюмдардын социалдык активдүүлүгүн эске алуу менен, мыйзам чыгаруучу мыйзамда диний уюмдардын тиешелүү аймакта өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүү жөнүндө ниетин жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына маалымдоо милдетин караштыруусу тийиш.
Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-пунктуна, 2-беренесинин 2-пунктуна, 32-беренесинин 2-бөлүгүнө, 35-беренесине карама-каршы келбейт деп табылсын.
2. "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-абзацындагы "… жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган" деген сөздөрдөн турган ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 35-беренесине карама-каршы келет деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул чечимден келип чыккан тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө милдеттендирилсин.
4. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы |
|
|