Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 7-июлу № 323
"Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл
кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын
базасында Кыргыз Республикасынын Нарын
областынын Ак-Талаа районундагы
Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору
тууралуу
Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүнүшүн оптималдаштыруу максатында жана Нарын областтык, Ак-Талаа райондук жана Баетов айылдык кеңештеринин Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө чечимдерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Терек жана Орто-Сырт айылдарын Баетов айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Т.Т.Токторбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси бул Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья.
Терек жана Орто-Сырт айылдары Баетов айыл кеңешинин курамынам чыгарылсын.
2-статья.
Нарын областынын Ак-Талаа районунда Терек жана Орто-Сырт айылдары кирген Терек айыл кеңеши түзүлсүн.
3-статья.
Терек айыл кеңешинин администрациялык борбору болуп Терек айылы белгиленсин.
4-статья.
Терек жана Орто-Сырт айылдары Баетов айыл кеңешинин эсептик маалыматтарынан чыгарылсын.
5-статья.
Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Баетов жана Терек айыл кеңештеринин чек араларынын аныктамасы бекитилсин.
6-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|