Загрузка документа…
Мөөнөтү бүттү
КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык
2022-жылдын 14-январы № 9
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 17-марты № 146
"Жумушсуздук боюнча базалык пособиелердин
2000-жылга карата өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
"Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясын аткаруу жана калктын жакшы корголбогон катмарын мындан ары социалдык жактан коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жумушсуздук боюнча базалык пособиелердин 2000-жылга карата өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри И.З.Рысалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
| А.Муралиев |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Жумушсуздук боюнча базалык пособиелердин 2000-жылга
карата өлчөмү жөнүндө
1-статья.
"Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясын аткаруу жана калктын жакшы корголбогон катмарын мындан ары социалдык жактан коргоо максатында 2000-жылга карата жумушсуздук боюнча ай-сайынкы 250 сом өлчөмүндө базалык пособие 250 сом өлчөмүндө чектелсин.
2-статья. Бул Мыйзам расмий түрдө жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
| 1-таблица |
Жумушсуздук боюнча жекече пособиелердин
Эсеби
┌───────────────────────┬─────────────────────────┬───────────────────┐
│Социалдык которуулардын│ Базалык пособиенин │ Жумушсуздук боюнча│
│стажы (жыл) │ деңгээлин жогорулатуунун│ жекече │
│ │ проценти (%) │ пособиелердин │
│ │ │ өлчөмү (сом) │
├───────────────────────┼─────────────────────────┼───────────────────┤
│ 1-3 │ 100 │ 250 │
│ 3-5 │ 150 │ 375 │
│ 5-10 │ 200 │ 500 │
│ 15 жана андан көп │ 250 │ 675 │
└───────────────────────┴─────────────────────────┴───────────────────┘
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Мыйзамдын колдонууга киргизилиши менен граждандарды жумушсуз деп табуунун принциптери катуулатылды, ошондой эле даректүүлүк бекемделди, ошого байланыштуу жумушсуздук боюнча пособиенин өлчөмүн көбөйтүү керек.
Мында Калкты ишке орноштуруу фондунун жумушсуздук боюнча пособиеге жумшалчу каражатынын суммасы иш жүзүндө бюджетте каралган деңгээлден ашпайт жана каржылоонун башка шарттарынын бардыгы сакталса бюджетти дефицитсиз аткарат.
Мындан тышкары, 2000-жылга карата белгиленип жаткан жумушсуздук боюнча базалык пособиенин өлчөмүн көбөйтүү, ишке орноштуруу кызматы көрсөтүүчү кызматтардын сапатынын жогорулашы, эмгек рыногун жөнгө салуунун артыкчылыктуу активдүү чараларын дагы өнүктүрүү (чакан кредиттерди берүү, өзүн өзү иш менен камсыздоо, кесипке окутуу жана кайра даярдоо, акы төлөнүүчү коомдук иштер) ишке орноштуруу кызматына граждандарды көбүрөөк тарта баштайт.
Ошентип, расмий катталган жумушсуздардын саны 2000-жылы республика боюнча 75 миң адам болот.