Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 21-августу № 506
Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам
Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну
ратификациялоо тууралуу
2000-жылдын 15-майында Сауд Аравиянын Джидда шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюлган жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр-жай министри Т.Ш.Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
| А. Муралиев | |
| Долбоор | |
1-статья.
2000-жылдын 15-майында Сауд Аравиянын Джидда шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюлган Жеке менчик секторун өнүктүрүү боюнча Ислам Корпорациясын түзүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр-жай министрлиги бул Макулдашуу ратификацияланганы тууралуу Ислам Өнүктүрүү Банкына билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти