Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 22-августу № 509
"Товарларды мыйзамсыз алып келүүгө жана ташып чыгууга контролдукту күчөтүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-декабрындагы № 791 токтомунун айрым
бөлүгүн күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Товарларды мыйзамсыз алып келүүгө жана ташып чыгууга контролдукту күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-декабрындагы № 791 токтомунун биринчи пунктун күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргелешип белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизишсин:
- "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-статьясынын 3-пунктун "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статъясынын 2-пунктун "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясынын 2, 3-пункттарынын жоюуну караган, тергөөнүн жүрүшүндө экономикалык кылмыш жасоодон улам келтирилген зыяндын ордун толтуруудан, кылмыш-процессуалдык тартипте мамлекеттин кирешесине алып коюлган мүлктү жана башка баалуулуктарды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын проценттик үлүшүн алууну караган мыйзам долбоорлорун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштардын долбоорлорун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын коргоо жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
Премьер-министри
| А. Муралиев |