Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы N 224
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2004-жылдын 18-декабры № 1341-XII КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө (
КР 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82 Мыйзамынын,
2000-жылдын 13-ноябрындагы № 85 Мыйзамынын,
2007-жылдын 4-июнундагы № 77 Мыйзамынын,
2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын,
2008-жылдын 14-июлундагы № 143 Мыйзамынын
2008-жылдын 21-июлундагы № 161 Мыйзамынын,
2008-жылдын 29-декабрындагы № 272Мыйзамынын редакцияларына ылайык) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1342-XII токтому менен колдонууга киргизилген) I. Жалпы жоболор II. Прокуратура системасы жана уюштурулушу III. Прокурордук көзөмөл 1-бөлүм. Жалпы көзөмөл 2-бөлүм. Оперативдүү-иликтөө ишин, алгачкы текшерүү жана алдын-ала тергөө жүргүзүүчү органдардын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөө 3-бөлүм. Иштин сотто каралышына прокурордун катышуусу 4-бөлүм. Камак жайларында, утурумдук абак жайларында, сот тарабынан белгиленген жазанын жана башка мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын өтөлүшүндө мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө IV. Прокуратура органдарынын кадрлары V. Прокуратура органдарынын уюштурулушунун жана иштешинин башка маселелери I. Жалпы жоболор 1-статья. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - Кыргыз Республикасында мыйзам актыларынын сакталышын көзөмөлдөөчү орган Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - аткаруу бийлик системасын-дагы мамлекеттик орган, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволоржана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында түзүлүүчү башка органдар,жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, коомдук бирикмелер, кызматадамдары, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектер жанаграждандар тарабынан мыйзам актыларын так жана бирдиктүү аткарылышынакөзөмөл жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамда каралган учурлардажана тартипте кылмыш боюнча куугунтуктоо жүргүзөт жана иштерди соттотериштирүүгө катышат. 2-статья. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин укук негиздери Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ишинин уюштурулушужана тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, "КыргызРеспубликасынын аскер прокуратурасы жөнүндө" Жобо жана башка мыйзам ак-тылары менен аныкталат. 3-статья. Прокуратуранын ишинин негизги багыттары Мыйзамдын улуктугун, мыйзамдуулуктун биримдигин жана аны чыњдоонукамсыз кылуу, граждандардын укугун, эркиндигин коргоо максатында проку-ратура: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө караштуу аткаруу бийлигинин бардык органдары, юридикалыкжактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары тарабынан чыгарылган акты-лардын мыйзамга ылайыктуулугун, ошондой эле граждандар тарабынан мыйзамактыларынын сакталышын; оперативдүү-иликтөө ишин, алгачкы текшерүү жана алдын-ала тергөөжүргүзүүчү органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын; камак жайларында, утурумдук абак жайларында, сот тарабынан белги-ленген жаза жана башка мажбурлоо чаралары ишке ашырылганда мыйзамдардынсакталышын; аскердик башкаруу органдары, аскер бөлүктөрү жана мекемелери тара-бынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөйт. Прокурорлор иштин соттордо каралышына катышат. Кылмыш-процесс кодексинде каралган учурларда прокуратура кылмыштытергөөнү ишке ашырат. 4-статья. Прокуратуранын уюштурулуш жана иштөө принциптери Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары: төмөн турган прокурорлор жогорку турганына жана Кыргыз Республика-сынын Башкы прокуроруна (мындан ары Башкы прокурор) гана баш ийген бир-диктүү системаны түзөт. граждандардын укугун жана эркиндигин, ошондой эле мамлекеттик жанамыйзам тарабынан корголгон башка сырларды коргоо жөнүндөгү мыйзам та-лаптарына каршы келбегендей өлчөмдө ачык аракеттенет. Прокурор кабыл алуучу чечимге таасир кылуу же анын ишине тоскоолкылуу максатында мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын,жалпыга маалымдоо каражаттарынын, алардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле кыз-мат адамдарынын прокурорго кандай түрдө болбосун таасир көрсөтүүсү мый-зам тарабынан бегиленген жоопкерчиликке алып келет. Прокурордун мыйзамда белгиленген негиздеги жана тартиптеги талабыбардык органдар, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. Прокурордун мыйзамдуу талабынын кызмат адамда-ры жана граждандар тарабынан аткарылбашы мыйзамда белгиленген жоопкер-чиликке алып келет. 5-статья. Прокуратурада арыздын жана даттануунун каралышы жана чечилиши Прокуратура органдары өз бийлик-укуктарына ылайык мыйзамдардын бу-зулушу тууралу маалыматты камтыган арыздарды жана даттанууларды, ошон-дой эле чечилиши башка органдардын карамагына кирбеген башка арыздардыжана даттанууларды чечет. Прокуратурага келип түшкөн даттануулардын бардыгы бир айдан кечик-тирилбей каралат. Даттанууга жүйөлүү жооп берилүүгө тийиш. Эгерде дат-танууну канааттандыруудан баш тартылса, арыз ээсине кабыл алынган че-чимге даттануунун тартиби, ошондой эле мыйзамда каралган болсо, соткокайрылуу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш. Даттанууну ошол чечими же аракети боюнча даттанылып жаткан органгаже кызмат адамына жөнөтүүгө тыюу салынат. 6-статья. Эл аралык келишимдерден (макулдашуулардан) келип чыккан маселелердин чечилиши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы түзүлгөн эл аралык ке-лишимдерге (макулдашууларга) ылайык граждандык, үй-бүлөлүк жана кылмышиштери боюнча укук жардамын берүүгө байланышкан маселелерди, ошондойэле өз карамагынын чегинде келишимдерде (макулдашууларда) каралган баш-ка маселелерди чечет. II. Прокуратура системасы жана уюштурулушу 7-статья. Прокуратура органдарынын системасы Прокуратура органдар системасын: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары Башкы про-куратура); областтардын, Бишкек шаарынын прокуратурасы жана Кыргыз Республи-касынын аскердик прокуратурасы (мындан ары аскердик прокуратура); райондор аралык, шаардык, райондук жана аларга тењделген адистеш-кен прокуратуралар түзөт. Аймактык жана адистешкен прокуратураларын түзүү же жоюу маселесинБашкы прокурорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечет. 8-статья. Башкы прокуратура Башкы прокуратура прокуратура органдарынын системасындагы борбор-дук аппарат болуп саналат. Башкы прокуратура: төмөн турган прокуратуралардын ишин уюштурат, мыйзамдардын сакта-лышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын иш-аракетин координа-циялоону жана макулдашууну камсыз кылат, алардын ишин контролдойт; прокурордук көзөмөлдү өркөндөтүү боюнча сунуш иштеп чыгат; мамлекеттик аткаруу бийлигинин республикалык органдары тарабынанмыйзамдардын сакталышына түздөн-түз көзөмөл жүргүзөт, бул органдардынжана кызмат адамдарынын аракетине жана чечимдерине, ошондой эле област-тардын, Бишкек шаарынын жана аларга тењделген прокурорлордун аракетинежана чечимдерине карата даттанууларды карайт; өзгөчө маанидеги кылмыштарды тергөөнү ишке ашырат: укук тартибин жана мыйзамдуулукту чыњдоодо республикалык башкаукук коргоо органдары менен бирге аракеттенет; мыйзамдуулуктун, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан мыйзамдар-ды, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту сактоо, граждандардынукугун жана эркиндигин коргоо боюнча милдеттердин аткарылыш абалы жө-нүндө жыл сайын жүргүзүлгөн иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењешине отчет берет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө такай маа-лымдайт, укук тартибин чыњдоо жана мыйзам чыгарууну өркүндөтүү боюнчасунуштарын киргизет. Башкы прокуратураны Башкы прокурор башкарат, аны Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Пре-зиденти дайындайт жана бошотот. Башкы прокурорду сот тартибинде салы-нуучу жазык жоопкерчилигине жана администрациялык жоопкерчиликке тартууКыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу менен жүргүзүлөт.Башкы прокурордун биринчи орун басары жана орун басарлары болот, алардыбашкы прокурордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дай-ындайт жана бошотот. Орун басарлардын ортосундагы милдеттер Башкы про-курор тарабынан бөлүштүрүлөт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кызматына талапкердидайындоого макулдук берүү жөнүндөгү сунуш Кыргыз Республикасынын Прези-денти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине ал Кыргыз Рес-публикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалганкүндөн тартып 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен киргизилет. Башкы прокуратурада коллегия түзүлөт, анын курамына Башкы прокурор(төрага), анын биринчи орун басары жана орун басарлары (кызматы боюн-ча), прокуратуранын жооптуу башка кызматкерлери кирет. Коллегия курамынКыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу менен Башкы прокурор бе-китет. Башкы прокурордун ошондой эле улук жардамчылары, өзгөчө маанилүүиштер боюнча улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү болот. Башкармаларындажана бөлүмдөрүндө башчылар жана алардын орун басарлары, улук прокурор-лор жана прокурорлор болот, ошондой эле башкы адистер - кењешчилер бо-лушу мүмкүн. Башкарма, бөлүм башчылары жана алардын орун басарлары, башкы про-курордун улук жардамчылары жана жардамчылары, башкы прокуратуранын улукпрокурорлору, башкармалар менен бөлүмдөрдүн прокурорлору, өзгөчө маа-нилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү, адис-кењешчиле-ри жана башкы бухгалтери Башкы прокурор тарабынан дайындалат жана бошо-тулат. (КР 1997-жылдын
21-ноябрындагы № 82 Мыйзамынын, 2007-жылдын
4-июнундагы №77 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 9-статья. Областтардын, Бишкек шаарынын прокуратуралары жана аскер прокуратурасы Областтардын, Бишкек шаарынын прокуратураларын жана аскер прокура-турасын тийиштүү прокурорлор башкарат, алар төмөн турган прокуратура-лардын ишине жетекчилик кылат жана координациялайт, алардын ишин конт-ролдойт. Областтардын, Бишкек шаарынын прокурорлорун жана аскер прокурорунБашкы прокурордун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти дайын-дайт. Алардын өзүлөрүнүн көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Башкыпрокурору тарабынан дайындалуучу орун басарлары болот. Областтардын, Бишкек шаарынын прокуратураларында жана аскер проку-ратурасында коллегиялар түзүлөт, алардын курамына прокуратураны башка-руучу прокурор (төрага), ага анын орун басарлары (кызмат боюнча) жанапрокуратуранын башка тийиштүү жооптуу кызматкерлери кирет. Коллегиянынжекече курамы тийиштүү прокурорлордун сунушу боюнча Башкы прокурор та-рабынан бекитилет. Областтардын, Бишкек шаарынын прокуратураларында жана аскер проку-ратурасында бөлүмдөр болот, алардын башчылары Башкы прокурор тарабынандайындалат. Областтардын, Бишкек шарынын прокурорлорунда жана КыргызРеспубликасынын аскер прокурорунда ошондой эле улук жардамчылар, өзгөчөмаанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөр жана тергөөчүлөр болот.Бөлүмдөрдө улук прокурорлор жана прокурорлор болот, ошондой эле ти-йиштүү прокурорлор тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу башкы адис-кењешчилеринен болушу мүмкүн. 10-статья. Шаарлардын, райондордун прокурорлору жана аларга тењделген прокурорлор Шаарлардын, райондордун прокурорлору жана аларга тењделген проку-рорлор жогору турган прокурорлордун сунушу боюнча Башкы прокурору тара-бынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. Алардын орун басарлары, улукжардамчылары, улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү болот, аларды жогорутурган прокурорлор дайындайт жана кызматтан бошотот. 11-статья. Прокурорлордун бийлик-укугунун мөөнөтү Башкы прокурордун бийлик укугунун мөөнөтү - 7 жыл, областтардын,шаарлардын, райондордун прокурорлорунуку жана аларга тењделген проку-рорлордуку - 5 жыл. Областтардын, шаарлардын жана райондордун прокурорлору бир эле ад-министративдик - аймак районунда өз кызматында катары менен экиден ашыкмөөнөткө иштей албайт. Прокурорлор бийлик-укугунун мөөнөтү ичинде өз каалоосу менен, баш-ка ишке которулгандыгы же саламаттыгынын абалынан улам өз милдетин ат-кара албагандыгына байланыштуу, аттестациянын жыйынтыгы боюнча, жасаганкылмышы үчүн сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, ошондой эле про-куратура органдарында кызмат өтөө тартиби тууралу Жободо каралган башканегиздер боюнча кызматынан бошотулушу мүмкүн. 12-статья. Прокуратура органдарына жетекчилик кылуу боюнча Башкы прокурордун бийлик укуктары Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынынишине жетекчилик кылат жана контролдук жүргүзөт. Башкы прокурор мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу иретиндеага баш ийген кызматкерлер милдеттүү түрдө аткаруучу буйрук, көрсөтмөжана нускоо чыгарат. Башкы прокурордун буйруктары жана көрсөтмөлөрү мыйзамга ылайыккелбеген учурда Башкы прокурордун өзү же Кыргыз Республикасынын Прези-денти тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. Башкы прокурор бөлүнгөн каражаттын чегинде Башкы прокуратуранынкызмат орундарын жана структурасын, структуралык бөлүктөрдүн укугун жа-на милдетин, баш ийген прокуратуралардын кызмат орундарын жана структу-расын белгилейт. 13-статья. Өзүнө баш ийген прокуратураларга жетекчилик кылуу боюнча областтын, Бишкек шаарынын прокурорлорунун жана Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун бийлик укуктары Областтын, Бишкек шаарынын прокурору жана Кыргыз Республикасынынаскер прокурору өзүнө баш ийген прокуратура органдарына жетекчилик кы-лат жана мыйзамдар менен Башкы прокурордун нормативдик актыларын атка-руу иретинде баш ийген кызматкерлердин бардыгы милдеттүү түрдө аткаруу-чу буйруктарды, көрсөтмөлөрдү чыгарат, эмгек акынын бөлүнгөн фондусунунчегинде белгиленген кызмат орундарын сактоо менен аппараттын жана башийген прокуратуралардын кызмат орундарынын тизмесине өзгөртүү киргизеалат. 14-статья. Прокуратура органдарынын коллегиясы Коллегиялар прокуратура органдарынын ишиндеги коллегиялуу талкуунужана конструктивдүү чечимдерди иштеп чыгууну талап кылган айрыкча маа-нилүү маселелерди карайт. Коллегиялардын чечими прокуратура органдарынын бардык тийиштүүкызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. III. Прокурордук көзөмөл 1-бөлүм Жалпы көзөмөл 15-статья. Жалпы көзөмөлдүн предмети Башкы прокурор жана ага баш ийген прокурорлор ушул Мыйзамдын 3-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык органдар, уюмдар жанажактар тарабынан мыйзамдардын сакталышына: ал органдар, уюмдар жана кызмат адамдары тарабынан кабыл алынганактыларынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине; эч ким мыйзамсыз жана жүйөсүз административдик, дисциплинардык жа-на материалдык жоопкерчиликке тартылбашына; ар кандай мыйзам бузууну жана анын келип чыгышына себеп болгоншарттарды аныктоого жана өз учурунда четтетүүгө чара көрүлүшүнө, бузул-ган укуктун калыбына келтирлишине көзөмөл жүргүзөт. Прокуратура мамлекеттик, чарбалык башкаруу жана контролдоо орган-дарынын милдетин албайт, оперативдик-чарба ишине кийлигишпейт. 16-статья. Прокурордун бийлик-укуктары Текшерүү учурунда жалпы көзөмөл тартибинде жана мыйзамдарда карал-ган учурларда прокурор: менчигинин түрүнө карабастан иши текшерүүгө байланышкан ишканалар-дын, мекемелердин, уюмдардын аймагына жана жайларына кызмат күбөлүгүнкөрсөтүү менен тоскоолсуз кирүүгө, алардын документтерин жана материал-дарын алууга; жетекчилерден жана башка кызмат адамдарынан зарыл документтерди,материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды көрсөтүүнү; конт-ролдугу алдында жана карамагында турган ишканалардын, мекемелердин жанауюмдардын, аларга баш ийген кызмат адамдарынын ишин текшерүүнү жана ре-визия жүргүзүүнү; келип чыккан маселелерди чечиш үчүн адистерди бөлүпберүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарды, маалыматтарды, кай-рылууларды экспертизалоону, текшерүүнү талап кылууга жана алардын жы-йынтыгын билдирүүнү милдеттендирүүгө; кызмат адамдарын жана граждандарды чакырууга жана алардан мыйзам-дын бузулушуна байланыштуу түшүнүк берүүнү талап кылууга; мыйзамсыз, мыйзамга каршы келген актыларга протест келтирүүтө,мыйзамдын бузулушун четтетүү жөнүндө билдирме жасоого жана көрсөтмөкиргизүүгө, мыйзамдын бузулушуна жол бербөө жөнүндө эскертүү жасоого; граждандардын, коомдун жана мамлекеттин укугун жана мыйзам тарабы-нан корголгон таламдарын коргоо иретинде сотко кайрылууга; кылмыш ишинже дисциплинардык иш козгоого укуктуу. Кызмат адамдары прокурордун талабы келип түшкөн учурдан он күндөнкечиктирбей текшерүү, ревизия жана эскпертиза жүргүзүү тууралу талаптыаткарууга киришүүгө милдеттүү. 17-статья. Прокурордун протести Мыйзамга каршы келген актыга прокурор, же анын орун басары тарабы-нан ошол актыны чыгарган органга, же болбосо жогору турган органга про-тест келтирилет. Ал четке кагылган учурда прокурор сотко кайрылуугаукуктуу. Кызмат адамынын мыйзамсыз аракетине карата да ушундай эле тар-типте протест келтирилет. Протест келип түшкөн учурдан тартып он күндүк мөөнөттөн кечикти-рилбестен милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Протесттин каралышынын жы-йынтыгы жөнүндө прокурорго дароо кат жүзүндө билдирилет. Протест ошолпротест келтирилген актынын колдонулушун токтотот. Протест коллегиялык орган тарабынан каралганда жыйналыш болуучукүн прокурорго билдирилет, ал протесттин каралышына катышууга укуктуу.Прокурор сотко кайрылган учурда ал сөзсүз катышууга тийиш. Протест аны келтирген же жогору турган прокурор тарабынан ал ка-ралганга чейин алынып коюлушу мүмкүн. 18-статья. Прокурордун көрсөтмөсү Мыйзамдын бузулушун четтетүү тууралу көрсөтмө прокурор тарабынаношол бузууну четтетүүгө укуктуу мамлекеттик органга, коомдук бирикмегеже кызмат адамына киргизилген жана токтоосуз каралууга тийиш. Мыйзамдынбузулушун, анын себептерин четтетүү боюнча конкреттүү чаралар бир айданкечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алынууга жана анын жыйынтыгы тууралуупрокурорго кат жүзүндө билдирилүүгө тийиш. Көрсөтмө коллегиялык орган тарабынан каралганда, прокурорго жыйна-лыштын күнү билдирилип, ал ага катышууга укуктуу. 19-статья. Прокурордун талап кылуусу Мыйзамдын бузулушун четтетүү жөнүндө кат жүзүндөгү талап кылуупрокурор тарабынан мыйзам ачыктан-ачык бузулган жана эгерде ал дароочеттетилбесе граждандардын, мамлекеттин, ишкананын, мекеменин, уюмдунукугуна жана таламына олуттуу зыян келтирилиши мүмкүн болгон учурлардакиргизилет. Талап кылуу мыйзамдын бузулушуна жол берген органга же кызмат ада-мына же болбосо баш ийүү тартибинде мыйзамдын бузулушун четтетүүгөукуктуу жогору турган органга, же кызмат адамына багытталат. Талап кылууда бузулган мыйзам, укук бузуунун мүнөзү жана аны чет-тетүү боюнча чаралар тууралуу конкреттүү сунуштар аталат. Талап кылуу дароо аткарылууга тийиш жана анын аткарылышы жөнүндөпрокурорго билдирилет. 20-статья. Прокурордун токтому Кызмат адамы же граждан тарабынан мыйзамдын бузулуш мүнөзүнө жара-ша прокурор кылмыш ишин же дисциплинардык иш козгоо жөнүндө жүйөлүүтоктом чыгарат. Прокурордун дисциплинардык иш козгоо жөнүндөгү токтому мамлекеттикорган, коомдук бирикме же кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында белгиленген мөөнөттө каралууга тийиш. Кароонун жыйынтыгыпрокурорго кат жүзундө билдирилет. Токтомдун андан кийинки даттанылышыанын аткарылышын токтотпойт. 21-статья. Прокурордун эскертмеси Мыйзамдын бузулушуна жол берилбеши тууралуу эскертмеси укукка кар-шы келген аракеттин анык даярдалып жатышы жөнүндө жетишээрлик маалыматтоптолгон учурда, укук бузуунун алдын алуу максатында, прокурор тарабы-нан кызмат адамына же гражданга кат жүзүндө жарыяланат жана укук бузул-ган учурдагы жоопкерчилик түшүндүрүлөт. 22-статья. Сот органдарына кайрылуу Прокурор мыйзамда каралган учурларда граждандардын жана мамлекет-тин укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча сот органдарына арызменен кайрылууга укуктуу. 2-бөлүм Оперативдүү-иликтөө ишин, алгачкы текшерүү жана алдын-ала тергөө жүргүзүүчү органдардын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөө 23-статья. Көзөмөлдүн предмети Алгачкы текшерүү жана алдын-ала тергөө органдарынын мыйзамдардыаткарышын көзөмөлдөөнүн предметин жасалган кылмыш, оперативдүү-иликтөөчараларын аткаруу жана тергөө жүргүзүү жөнүндөгү арыздарды жана бил-дирүүлөрдү чечүүнүн белгиленген тартиби, ошондой эле бул органдар тара-бынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу түзөт. 24-статья. Прокурордун бийлик-укуктары Оперативдүү-иликтөө ишин, алдын ала текшерүү жана алдын-ала тергөөжүргүзүүчү органдарынын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөө боюнча проку-рордун бийлик-укуктары Кыргыз Республикасынын кылмыш-процесс мыйзамдарыжана башка мыйзам актылары аркылуу белгиленет. Башкы прокурордун тергөө жана алдын ала текшерүү маселеси боюнчамыйзамдык жөнгө салууну талап кылбаган көрсөтмөлөрү милдеттүү түрдө ат-карылат. 25-статья. Граждандардын укугун чектөөчү аракеттерге санкция берүү Прокурорлор жана алардын орун басарлары өз компетенциясынын чегин-де кылмыш-процесс мыйзамдарында каралган граждандардын мыйзамдуу укук-тарын чектөөчу аракеттерге да уруксат берет. (КР
2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 26-статья. Прокуратура органдары тарабынан кылмыштын тергелиши Прокуратура органдары кылмыш-процесс кодексинде каралган алардынкарамагына берилген кылмыштар боюнча иштерди тергөөнү жүргүзөт. Прокурор Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайыкжазык ишин тергөөнү өз өндүрүшүнө алууга, тергөөчүгө, тергөөчүлөрдүнтобуна же өзүнө баш ийген прокурорго тапшырууга укуктуу. Кылмышты териштирүү өндүрүшүндө турган прокурор же тергөөчү жазыксот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышу-учуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди "Жазык сотөндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуу-чулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык кабыл алууга укуктуу. (КР
2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын,
2008-жылдын 14-ию-лундагы № 143 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 3-бөлүм Иштин сотто каралышына прокурордун катышуусу 27-статъя. Иштин сотто каралышына прокурордун катышуусу Прокурор мыйзамда каралган учурларда иштин сотто каралышына каты-шат. Сотто кылмыш боюнча каралоо жүргүзүү менен прокурор мамлекеттикайыптоочу катары чыгат. Күнөкөрдүн айыбын сотто далилдөө милдети мамле-кеттик айыптоочуга жүктөлөт. Иштин сотто каралышына катышуучу прокурордун бийлик укуктары Кыр-гыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдары аркылуу аныкталат. 28-статья. Прокурорлордун сот актыларына сунуш келтирүүсү Прокурор же анын орун басары өз компетенциясынын чегинде жогорутурган сотко сот актыларына апелляциялык, жекече жана көзөмөл иретиндесунуш келтирүүгө укуктуу. Прокурордун жардамчысы, башкарманын прокуро-ру, бөлүмдүн прокурору кароого өзү катышкан иш боюнча гана сунуш келти-ре алат. Прокурор өз бийлик укугунун чегинде сотто каралып, чечими, өкүмү,аныктамасы же токтому мыйзамдуу күчүнө кирген ар кандай ишти же иш ка-тегориясын соттон суратып алганга укуктуу. Административдик укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча сот чечимине кара-та сунуш шаардын, райондун прокурору, жогору турган прокурор жана алар-дын орун басарлары тарабынан келтирилиши мүмкүн. (
2000-жылдын 13-ноябрындагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 29-статья. Сунуштун кайта алынышы Соттун чечимине, өкүмүнө, аныктамасына жана токтомуна карата кел-тирилген сунуш сотто каралганга чейин сунуш келтирген прокурор же жого-ру турган прокурор тарабынан кайта алынышы мүмкүн. (
2000-жылдын 13-ноябрындагы № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 30-статья. Сотторго жетекчилик түшүндүрмө берүү жөнүндө прокурордун көрсөтмөсү Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунаграждандык жана кылмыш иштерин кароодо мыйзамдардын колдонулуш маселе-лери боюнча сотторго жетекчилик түшүндүрмө берүү тууралу, администра-тивдик укук бузуулар жөнүндө көрсөтмө киргизүүгө жана анын талкууланы-шына катышууга укуктуу. 4-бөлүм Камак жайларында, утурумдук абак жайларында, сот тарабынан белгиленген жазанын жана башка мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын өтөлүшүндө мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө 31-статья. Көзөмөлдүн мазмуну жана милдети Прокурор: адамдардын камак жайларында болушунун мыйзамдуулугуна, соттун че-чими боюнча кабыл алынган чаралардан сырткары, соттолгондорго каратажазанын жана башка процесстик чаралардын аткарылышына; адамдарды аталган мекемелерде кармоодо түзөтүү-эмгек мыйзамдарындабелгиленген тартибинин жана шарттарынын, алардын укуктарынын сакталышы-на; эркинен ажыратууга байланышпаган жазанын өтөлүшүнүн мыйзамдуулугу-на көзөмөл жүргүзөт. (КР
2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 32-статья. Прокурордун бийлик укугу Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу менен прокурорушул Мыйзамдын 31-статьясында аталган жерлерге каалаган убакытта кароо-суз кирүүгө; кармалгандарды, камалгандарды, соттолгондорду жана сот тарабынанбелгиленген мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар кылынган адамдардысурап-билүүгө; ошол адамдарды кармоого, камоого, соттоого же мажбурлоомүнөзүндөгү чараларга дуушар кылууга негиз болгон документтер менен та-анышканга; ушул Мыйзамдын 31-статьясында көрсөтүлгөн мекемелердин администра-цияларынын буйруктарынын, көрсөтмөлөрүнүн жана токтомдорунун мыйзамдар-га ылайыктуулугун текшергенге жана алар Мыйзамга каршы келген учурдапротест келтиргенге, кызмат адамдарынан бул боюнча түшүнүк берүүнү та-лап кылганга укуктуу.Протест келтирилген актынын аракети ал каралгангачейин токтотулат: камакта турган, ошондой эле эркинен ажыратылып жазасын өтөп жатканадамдарга карата мыйзамды бузуу менен белгиленген дисциплинардык жаза-ларын алып салганга, аларды өзүнүн токтому менен жазалоо изоляторунан,камера түрүндөгү жайдан, карцерден, дисциплинардык изолятордон дарообошотконго укуктуу. Прокурор, сот тарабынан кабыл алынган чаралардан сырткары, мыйзамбузуу менен кармалган же мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга кириптер бол-гон ар бир адамды өзүнүн токтому менен токтоосуз бошотуп жиберүүгө мил-деттүү. (КР
2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 33-статья. Прокурордун токтомдорунун жана талаптарынын милдеттүү аткарылышы Кармалгандарды, камалгандарды, эркинен ажыратылгандарды жана башкажазалоо чаралары колдонулган, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларколдонулган адамдарды кармоонун мыйзамда белгиленген тартибинин жанашарттарынын аткарылышы боюнча прокурордун токтому жана талабы админист-рация, ошондой эле эркинен ажыратууга байланышпаган жазага тартылганадамдарга карата сот өкүмүн аткаруучу органдар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылат. IV. Прокуратура органдарынын кадрлары 34-статья. Прокурорлук жана тергөөчүлүк кызматка дайындалуучу адамдарга коюлуучу талаптар Башкы прокурордук кызматына жашы 40тан кем эмес жана 65тен ашпа-ган, юристтик адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иштеген адамдар дайын-далат. Башкы прокурордун орун басарлыгына, областтардын, Бишкек шаарынынпрокурорлугуна, ошондой эле аскер прокурорлугуна 35 жаштан кем эмес жа-на 6О жаштан ашпаган, юристтик кесиби боюнча 10 жылдан кем эмес иште-ген, ал эми шаарлардын, райондордун прокурорлугуна жана аларга тењдел-ген прокурордук кызматка - 3Одан жаш эмес, өз кесибинде 5 жылдан кемэмес иштеген адамдар дайындалат. Жогорку юридикалык билими бар, зарыл болгон кесиптик жана моралдыксапаттарга ээ, саламаттыгынын абалы боюнча прокуратура органдарында,четмамлекеттин жарандыгы жок иш-төө үчүн жарамдуу жана соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгынакарабастан мурда кылмыш кылгандыгы үчүн соттолбогон Кыргыз Республика-сынын жарандары прокурор же тергөөчү болуп дайындала алышат. Биринчижолу кызмат ордуна дайындалган адамдар ант беришет. Юридикалык окуу жайларды бүтүргөн жана адистиги боюнча практикалыкиш тажырыйбасы жок адамдар прокуратура органдарында бир жылдык стажи-ровкадан өтөт, аларга тийиштүү прокуратура кызматкеринин бардык укукта-ры жана милдеттери жайылтылат. Башкы прокурор стажировканын мөөнөтүн кыскартууга же стажировкаданбошотууга укуктуу. Прокурорлор жана тергөөчүлөр Кыргыз Республикасынын прокуратураоргандарында кызмат өтөө тартиби жөнүндөгү Жободо аныкталган тартиптеаттестацияланат. (Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 21-июлундагы № 161,
2008-жылдын 29-декабрындагы № 272Мыйзамдарынынредакцияларына ылайык) 35-статья. Прокурорлордун ишинин чектелиши Прокурорлор шайлануучу же башка мамлекеттик органдарга мүчө болоалбайт. Прокуратура органдарында саясий партияларды жана алардын уюмда-рын түзүүгө жана алардын иштешине жол берилбейт. Илимий, педагогикалык жана чыгармачылык иштен башка ээлик кылууишине, ошондой эле прокуратура органдарындагы ишти акы төлөнүүчү башкаиш менен айкалыштырууга жол берилбейт. 36-статья. Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин чин даражалары Прокуратура органдарынын кызматкерлерине алардын ээлеген кызматынажана иш стажына ылайык чин даражалары ыйгарылат. Чин даражаларын ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын прокуратураоргандарында кызмат өтөө тартиби жөнүндөгү Жобо аркылуу аныкталат. 37-статья. Прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн кол тийгистиги Прокурорго жана тергөөчүгө карата кылмыш иши, ошондой эле адми-нистративдик укук бузуу иш өндүрүшү сот тарабынан иш козголгондон башкаучурларда жогору турган прокурордун макулдугу боюнча гана козголушумүмкүн. Прокурорду жана тергөөчүнү кылмыш үстүндө кармалган учурлардантышкары кармап келүүгө, жекече карап чыгууга, ошондой эле алардын буюм-дарын жана алар пайдаланган транспортту карап чыгууга жол берилбейт. Жеке коопсуздугун камсыз кылуу максатында, кызматтагы милдетин ат-карууга байланыштуу жана кылмыш аракетин болтурбоо үчүн прокурор жанатергөөчү мыйзамда белгиленген тартипте табелдик куралга ээ болууга,алып жүрүүгө жана колдонууга укуктуу. 38-статья. Прокуратура кызматкерлерин колдоо жана алардын жоопкерчилиги Прокуратура кызматкерлерин колдоо жана дисциплинардык жоопкерчи-ликке тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарындакызмат өтөө тартиби жөнүндөгү Жобо аркылуу белгиленет. Прокуратура кызматкерлери өздөрүнүн укукка каршы келген аракеттериже бей чеки аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жо-опкерчилик тартат. 39-статья. Прокуратура кызматкерлерин материалдык жана социалдык жактан камсыздоо Прокуратура кызматхерлеринин, прокуратуранын илимий мекемелеринин,прокуратура кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү мекемелеринин кызмат-керлеринин эмгек акысы кызмат орду боюнча акыдан, чин даражасы жанакызмат өтөгөн мөөнөтү үчүн кошуп төлөөдөн турат. Чин даражасы жана кыз-мат өтөгөн мөөнөтү үчүн кошумча акыны эсептөө өлчөмү жана тартиби Кыр-гыз Республикасынын прокуратура органдарында кызмат өтөө тартибижөнүндөгү Жобо аркылуу аныкталат. Чин даражасы ыйгарылган адамдар Жободо белгиленген тартипте жананормада акысыз кызмат кийими менен камсыз кылынат. Прокуратуранын оперативдүү кызматкерлерине республиканын чектерин-де эс алуучу жерге чейин жана андан кайтып келген жолунун акысы төлөнүүменен 30 жумуш күнүнө созулган ар жылдык отпуска берилет. Кыргыз Рес-публикасынын прокуратура органдарында кызмат өтөө тартиби жөнүндөгү Жо-бого ылайык жана кызмат өтөгөн жылдарын эске алуу менен отпуск 45 сут-кага чейин узартылышы мүмкүн. Прокуратура кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсияменен камсыз кылуу тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамда-ры аркылуу белгиленет. Прокурорлор жана тергөөчүлөр кызмат күбөлүгү боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын аймагында шаардагы, шаарга канатташ жана жергиликтүү катташу-удагы коомдук тарнспорттун (таксиден башка) бардык түрлөрүн, ал эмиайыл жериндеги ошондой эле багыты бирдей транспортту акысыз пайдалануу-га укуктуу; кызмат боюнча командировкага жиберилгенде мейманканалардаорунду брондоо жана кезексиз алууга, жана транспорттун бардык түрүндөжүрүү докумекттерин кезексиз сатып алууга укуктуу. 40-статья. Прокуратура органдарынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык жактан коргоо чаралары Прокуратура органдарынын оперативдүү кызматкерлери жана алардынүй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле алардын мүлкү мамлекеттин коргоосунда ту-рат. Прокуратура кызматкерлеринин өмүрү жана саламаттыгы республикалыкбюджет каражатынан он жылдык акчалай күтүү суммасында милдеттүү түрдөмамлекеттик социалдык камсыздандырууга алышат. Кызматтагы милдетин аткарууга байланыштуу жаракат алса же майыпболсо, прокуратура кызматкерлери белгиленген пенсия менен соњку иштегенжериндеги эмгек акысынын ортосундагы айырма түрүндө ай сайын компенса-ция төлөөнү, ошондой эле эмгекке жарактуулугунун жоготулуш даражасынажараша бир жылдан беш жылга чейинки акчалай күтүү өлчөмүндөгү бир жолкупособие алышат. Прокуратура кызматкери кызматтагы милдетин аткаруу учурунда курманболсо, маркумдун үй-бүлөсүнө он жылдык акчалай күтүү өлчөмүндөгү биржолку пособие төлөнүп берилет. Маркумдун үй-бүлөсүнө кызматкер курманболгон учурда колдонулган шарттарда жана негиздерде ыњгайлуу турак жайалуу укугу сакталат. V. Прокуратура органдарынын уюштурулушунун жана иштешинин башка маселелери 41-статья. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын илимий жана башка мекемелери жана уюмдары Башкы прокуратура прокуратура кызматкерлеринин билимин өркүндөтүүбоюнча мекемелерди жана илимий мекемелерди түзө алат, атайын басылма-ларды чыгарат. Прокуратуранын алдында прокуратура органдарынын ишин уюштуруунужакшыртуу боюнча сунуштарды кароо үчүн илимий-методикалык кењеш аракет-тенет. 42-статья. Статистикалык отчет берүү Башкы прокуратура таламдаш министрликтер жана ведомстволор мененбирге дознания, тергөө жана республиканын аймагында аракеттенген мый-замдардын сакталышын прокурордук көзөмөлдөө тууралуу статистикалык от-чет берүү системасын жана методикасын иштеп чыгат, ошондой эле КыргызРеспубликасынын прокуратура органдарындагы отчет берүүнү түзүүнүн жанакөрсөтүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт. 43-статья. Прокуратура органдарынын финансыланышы жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы Прокуратура органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсе-бинен, ошондой эле финансылоонун мыйзамда каралган башка булактарынынэсебинен финансыланат жана материалдык-техникалык жактан камсыздалат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администра-циялар өз аймагында жайгашкан прокуратура органдарын тийиштүү кызматжайлары менен акысыз камсыз кылууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура ор-гандарына алар тарабынан кылмыш-процесс тартибинде алынып коюлганмүлктү жана башка байлыктарды мамлекеттин кирешесине жүгүртүүдөн түшкөнакча каражатынын, мунун ичинде валютанын 30 пайызын алуу укугу берилет. Прокуратура органдары Кыргыз Репсубликасынын Өкмөтү белгилегентартипте юридикалык жактардан жана жеке адамдардан мыйзамдуу негиздеалынып коюлган жана конфискацияланган мүлктү ишинде пайдалануу үчүн са-тып алууда артыкчылык укугуна ээ. 44-статья. Прокуратура орнадарынын мөөрү Прокуратура органдарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербитартылып, аталышы жазылган мөөрү болот. 45-статья. "Прокурор" маанисинин түшүндүрүлүшү "Прокурор" деген термин аркылуу ушул Мыйзамда төмөнкүлөртүшүнүлөт: өз укук бийлигинин чегинде аракеттенишкен Башкы прокурор,анын орун басарлары, төмөн турган бардык прокурорлор жана алардын орунбасарлары, башкарма жана бөлүм башчылары, улук жардамчылар, башкарма-лардын жана бөлүмдөрдүн улук прокурорлору жана прокурорлору. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев