Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы N 47 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 22-августу № 511
Айыл чарба багытындагы жерлерди наркын баалоону
(нормативдик баасы) аныктоонун тартибын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 111-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы жерлерди наркын баалоону (нормативдик баасы) аныктоонун тиркелген тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствого жана анын жер-жерлердеги органдарына конкреттүү жер участокторун тооруктарда сатуу, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерди алып койгон учурларда чыгымдардын ордун толтурууда алардын нормативдик наркын аныктоо жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жерди тооруктарда сатуу, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерди алып койгон учурларда чыгымдардын ордун толтурууда анын наркын (баасын) тактоо жөнүндө зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөэүнө сунуш киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствого жүктөлсүн.
Премьер-министри
| А. Муралиев |