Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 4-февралындагы N 47 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 22-августундагы № 511
1.1. Бул Тартип граждандар жана юридикалык жактар акысыз берилүүчү, белгиленген ченемден ашык жер участокторун мамлекеттен сатып алууда, жеке менчикке жер участокторун сатууда, банктык кредиттерди толтурууда ипотекалык келишимин түзүүдө, жер участокторун менчик ээлерине сатууда жана соодада сатууда мамлекеттик пошлинаны алууда, жерлерди мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюуда келтирилген коромжулуктар менен зыяндардын ордун толтурууда, жер салыгынын жана айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн, арендалык төлөмдөрдүн ставкаларын бекитүүдө айыл чарбага жарактуу жер участокторунун нарктык баасын (ченемдик баасын) (мындан ары - ченемдик баа ) аныктоого багытталган.
1.2. Жердин ченемдик баасын эсептөөдө жер менен бекем байланышкан кыймылсыз объектилердин (имараттар, курулуштар, мелиоративдик объектилер ж.б.) наркы киргизилбейт.
1.3. Жердин ченемдик баасын аныктоонун объекти болуп айыл чарбасына жарактуу жерлер саналат.
1.4. Жердин ченемдик баасын аныктоодо эсептерге алгачкы материалдар болуп жер кадастр документтери колдонулат. Айыл чарбасына жарактуу 1 га жерден алынган таза киреше жана жердин сапаты, жердин ченемдик наркын баалоонун критериялары болуп саналат.
1.5. Жердин ченемдик баасы, аны аныктоо учурундагы буудайдын сатып алынуучу жана базардагы баасы колдонуу менен аныкталат.
1.6. Жер участогунун ченемдик баасын аныктоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосу, ал эми жер-жерлерде анын аймактык органдары жүргүзөт.
1.7. Белгиленген жер участоктун ченемдик баасы жер участогунун сапаттык абалына, суу менен камсыздуулугуна, тейлөө борбордон алыстыгына жана жердин жантыктыгына жараша төмөндөтүүчү же көтөрүүчү түзөтүү коэффициенттерин колдонуу менен аныкталат.
2.1. Сугат жерлердин ченемдик баасын аныктоонун негизи болуп жерлерди салыштырмалуу сапаттык баалоо (бонитеттөө), алардын потенциалдуу асылдуулугу, 1 гектардан ченемдик дүң продукту жана 1 гектардан алынуучу ченемдик таза киреше колдонулган.
2.2. Ченемдик дүң түшүмүн аныктоо үчүн топурактын бонитет баллы (республикалык 100-баллдык баалоо шкаласы менен) жана айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмү (себилген аянттардын структурасы боюнча) жана бонитет баллдарынын ортосундагы байланыш боюнча эсептөө жолу менен табылган бир бонитет баллынын баасы пайдаланылат.
Ченемдик дүң түшүмү төмөнкү формула менен эсептелинет:
Впн = Б х Цб
Впн - 1 гектардан ченемдик дүң түшүмү, центнер менен;
Б - топурактын бонитет баллы;
Цб - эгиндин (буудайдын) центнери менен көрсөтүлгөн бонитет баллдын биринин баасы;
1 гектардагы ченемдик дүң продуктусун аныктоо эсебинин мисалы (Впн):
Чүй областынын түндүктөгү ачык боз топурактары сапаты боюнча бонитет баллы - 71, топурактын бонитетинин бир баллы эсеп боюнча эгин бирдигинин 0,49 центнер (же 49 кг) түшүмүн калыптай алат, бул баллдын биринин баасы катары алынган.
Впн= 71 х 0,49 = 34,8 ц/га,
Ошентип, түндүктөгү ачык боз топурактын өзүнүн сапаты боюнча сугарууда эгин бирдигинин 34,8 ц/га түшүмдүүлүгүн калыптаган потенциалы бар.
2.3.1. гектардан алынган ченемдик таза киреше 1 гектардан алынган дүң продуктунун жана пайыз менен саналган эсептик кирешенин негизинде аныкталат. Эсептик кирешенин ченеми өндүрүшкө кетирилген чыгымдар менен продукциядан түшкөн жалпы кирешенин ортосундагы 1-таблицада келтирилген байланыштары боюнча эсептелет.
| 1-таблица
|
┌──────────────────┬───────────────────┬──────────────────┬───────────┐
│Сапаттын класстары│кирешенин ченеми, %│сапаттын класстары│ кирешенин │
│боюнча бонитет │ │боюнча бонитет │ ченеми, % │
│баллдары │ │баллдары │ │
├──────────────────┼───────────────────┼──────────────────┼───────────┤
│ 20 │ 3 │ 61-70 │ 23 │
│ 21-30 │ 7 │ 71-80 │ 27 │
│ 31-40 │ 11 │ 81-90 │ 31 │
│ 41-50 │ 15 │ │ │
│ 51-60 │ 19 │ 91-100 │ 35 │
└──────────────────┴───────────────────┴──────────────────┴───────────┘
Ченемдик таза киреше төмөнкү формула менен эсептелинет:
Чдн = (Впн х Пн х С) х 100
Чдн - 1 гектардан ченемдик таза киреше, сом;
Впн - 1 гектардан алынган ченемдик дүң түшүм, центнер;
Пн - эсептик кирешенин ченеми, пайыз;
С - буудайдын баасы, сом.
1 гектардан ченемдик таза кирешесииин (Чдн) эсептөөнүн мисалы:
Чүй областынын түштүк тарабындагы ачык боз топурагында 34,8 ц/га эгин бирдиги ченемдик дүң түшүмү алынган, 1999-жылы 1 центнер эгиндин баасы орточо 400 сомду түзгөн, жердин сапаты 71 баллга бааланат, бул эсептик кирешенин 27%-не барабар.
Ошентип: Чдн = (34,8 х 27 х 400) : 100 = 3758 сом
Бул эсеп боюнча түндүк тарабындагы ачык боз топурактын 1 гектарынан алынган ченемдик таза кирешеси 3758 сомду түзөт.
2.4.1. гектар жердин ченемдик баасы каржылаган банктын банктык кредиттик орточо кайра каржылоо өлчөмүнүн, региондор боюнча айыл чарба өндүрүшүнүн чарбачылыгынын жана интенсивдүүлүгүнүн деңгээлинин коэффициентинин негизинде аныкталат.
Сугат жерлердин ченемдик баасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Цн = (Чдн х К х 100) : Пкс,
Цн - 1 гектар жердин ченемдик баасы, сом;
Чдн - 1 гектар жердин ченемдик таза кирешеси, сом;
К - региондор боюнча өндүрүштүн чарбачылылыгынын жана интенсив-
дүүлүгүнүн деңгээлинин коэффициенти;
Пкс - кредиттик өлчөм, пайыз.
1 гектар жердин ченемдик баасын (Цн) эсептөөсүнүн мисалы:
1 гектар түштүк ачык боз топурактарында айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө ченемдик таза кирешеси 3758 сом түзөт, оңдоо коэффициенти (К) саны 1,1, банктагы кредиттик өлчөм - 5 пайызды түзөт.
Цн = (3758 х 1,1 х 100) : 5 = 82676 сом
Ошентип, Чүй областынын түндүк тарабындагы ачык боз топурактуу 1 гектар сугат айдоо жердин ченемдик баасы 82676 сомду түзөт.
2.5. Айыл чарба өндүрүштүн чарбачылык жана интенсивдүүлүгүнүн деңгээлине карата областтар боюнча төмөнкү коэффициенттер кабыл алынган: Ош областы - 1,2; Жалал-Абад - 1,2; Баткен - 0,9; Чүй - 1,1; Ысык-Көл 1,0; Нарын - 0,8; республика боюнча орточо - 1,0.
2.6. Ош жана Жалал-Абад областтарынын бийик тоолуу райондорунда 0,8 коэффициенти колдонулат.
3. Кайрак жерлердин ченемдик баасын аныктоо
3.1. Кайрак жерлердин топурактарынын өндүрүү жөндөмдүүлүгү жаан-чачындын көлөмүнө байланыштуу. Республикадагы кайрак айдоо жайгашкан зонасында жердин абсолюттук бийиктик деңгээлине жараша жаан-чачындын көлөмү жылына 200 дөн - 1000 мм чейин барат.
3.2. Кайрак жерлердеги дыйканчылыктын спецификасын эске алып, ным менен камсыз болушуна жараша оңдоолор киргизилген: орточо камсыздалган кайрак жерге - 0,87, камсыз болбогон жерге - 0,65.
Чүй областтынын орточо камсыздалган 1 гектар кайракы жердин ченемдик баасын эсептөөнүн мисалы:
1. Орточо камсыздалган кайракы жердин 1 гектардан ченемдик дүң продуктусун аныктоо төмөнкү формула менен жүргүзүлөт:
Впн = Б х Цб
Впн - ченемдик дүң продуктусу;
Б - республикалык 100 баллдуу шкала боюнча жердин бонитет баллы;
Цб - 1 баллдын баасы (республика боюнча 1 баллдын баасы 0,23
центнер эгин бирдигинде бааланат).
Республикалык 100 баллдуу шкала боюнча кайракы түндүктөгү кадимки боз топурактын баасы 54 балл.
Впн = 54 х 0,23 = 12,4 ц/га.
2. 1 гектардан алынган ченемдик таза кирешени аныктоо төмөнкү формула менен жүргүзүлөт.
Чдн = (ВT х Пн х С) : 100;
Чдн - 1 гектар жерден алынган ченемдик таза киреше;
Впн - ченемдик дүң продуктусу;
Пн - эсептөө кирешенин ченеми, пайыз менен;
С - 1 ц буудайдын эгининин баасы, сом менен.
Чдн = ( 12,4 х 19 х 400) : 100 = 942 сом 1 гектардан.
3. 1 гектар орточо камсыздалган кайракы жердин ченемдик баасын аныктоо төмөнкү формула менен жүргүзүлөт:
Цн = ( Чдн х К, х К2 х 100) : Пкс, мында:
Цн - 1 гектар жердин ченемдик баасы, сом;
Чдн - 1 гектардан алынган ченемдик таза киреше, сом;
К1 - айыл чарбанын өндүрүштүк чарбачылык жана интенсивдүүлүгүнүн
деңгээлинин коэффициенти (Чүй областы боюнча - 1,1);
К2 - орточо камсыздалган кайракы жердин ным менен камсыздуулугунун
коэффициенти (0,87);
Пкс - кредиттик өлчөм пайыз менен (5 %).
Пкс = (942 х 1,1 х 0,87 х 100) : 5 = 18030 сом.
Чүй областынын түндүк боз топурактуу орточо камсыздалган кайракы жердин 1 гектарынын ченемдик баасы 1803 сомду түзөт.
4.1. Жайыт жана чабынды жерлердин ченемдик баасын аныктоо принциптеринин негизине жердин касиетине байланышкан жаратылыш-климаттык шарттарынын факторлору келтирилген.
Мында, негизги аймагын тоолор ээлеген жайыттарды пайдаланууда аныктоочу фактору болуп, тоо кырларынын жантаймасы саналат. Ошондой эле жайыттардын калктуу пунктардан алыстуулугу, алардын суу менен камсыздуулугу жана башка факторлор эсепке алынышы керек.
4.2. Жаратылыштын шарттарынын көп түрдүүлүгүн, чарбачылык пайдалануу деңгээлин жана жайгашкандыгына жараша айылга жакын, дайыма пайдалануучу жана алыскы жайыттарга бөлүнөт.
4.3. Жайыт угодьялардын жана чабындылардын топурактары, топурактын пайда болуучу процесстеринин окшоштугу, өсүмдүктөр катмарынын түзүлүшү, чарбачылык пайдалануу, жердин абсолюттук бийиктигине жана алардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу орточо бонитет баллдары менен өзүнчө топторго бириктирилген жана алар боюнча ченемдик баалар аныкталган.
4.4. Айылга жакын жана дайыма пайдалануучу жайыттар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 20-августунда № 553 токтому менен жайыт жерлерин ижарага алууда 2,0 оңдоо коэффициенти коюлган.
Бул коэффициент айылга жакын жайыттардын ченемдик бааларын эсептегенде колдонулган.
Жайыт угодьяларынын 1 гектар жердин ченемдик баасын эсептөөнүн мисалы:
1. 1 гектардан алынган ченемдик дүң продуктусун аныктоо төмөнкү формула менен жүргүзүлөт:
Впн = Б х Цб,
Впн - ченемдик дүң продуктусу, ц/га;
Б - бонитет баллы;
Цб - 1 баллдын баасы.
Тоо арасындагы жапыздыктардын жана сырттардын күрөң чөлдүү-талаа, көңүр жана көңүр сыяктуу топурактар сапаты боюнча орточо 35 баллды түзөт, ал эми 1 бонитет баллдын баасы 0,05 ц (5кг) эгин бирдигине барабар.
Ошентип: Впн = 35 х 0,05 = 1,75 ц/га.
2. 1 гектар жерден алынган ченемдик таза кирешесин аныктоо төмөнкү формула менен жүргүзүлөт:
Чди = (Впн х Пн х С) : 100,
Чдн - 1 гектар жерден алынган ченемднк таза киреше;
Впн - ченемдик дүң продуктусу;
Пн - эсептөө кирешенин ченеми, пайыз менен;
С - 1 ц буудайдын эгининин баасы, сом менен.
Ошентип: Чдн = ( 12,4 х 19 х 400) : 100 = 942 сом 1 гектардан.
Жогоруда айтылгандай 1 гектар жерден алынган ченемдик дүң продуктусу 1,75 центнер эгин бирдигин түзөт, 1 центнер буудайдын эгининин баасы 400 сомду түзөт, жердин салаты 35 баллга бааланат жана бул эсептик ченем кирешесинин 11 пайызына ылайык.
Чдн = ( 1,75 х 11 х 400) : 100 = 77 сом 1 гектардан.
Бул эсеп боюнча ченемдик таза киреше 1 гектар жерден 77 сомду түзөт,
3. Жайыт жерлердин ченемдик баасы төмөнкү формула менен аныкталат:
Цн = (Чдн х К х 100) : Пкс,
Цн - 1 гектар жердин чеиемдик баасы, сомдо;
Чдн - 1 гектар жердин ченемдик таза кирешеси, сомдо;
К - региондор боюнча өндүрүштүн чарбачылык жана
интенсивдүүлүгүнүн деңгээлинин коэффициенти;
Пкс - кредиттик өлчөм, пайыз менен (5%).
Цн = (77 х 0,8 х 100) : 5 = 1232 сом.
Бул эсеп боюнча 1 гектар жайыт жерлердин ченемдик баасы 1232 сомго барабар. Чабынды жерлердин ченемдик баасын аныктоо ушул эле принципте жүргүзүлөт.
5.1. Айыл чарба жерлеринин аянттарын кеңейтүү үчүн негизги резерви болуп башка жерлер, же болбосо таштак, жарылган жерлер, пайдалуу кен байлыктарды иштетүүдө бузулган жана өндүрүштүн калдыктары ээлеген аянттар эсептелинет.
5.2. Башка жерлердин ченемдик баасы кайракы жерлердин республика боюнча орточо алынган минималдык ченемдик баасына (45 пайыз көлүмүндө) таянып белгиленет, анткени бул жерлер көбүнчө кайракы жерлердин зонасында жайгашкан.
5.3. Башка жерлердин ченемдик баасын аныктоо боюнча эсептер республика боюнча орточо алынган айыл чарба өндүрүшүнүн чарбачылык жана интенсивдүүлүгүнүн деңгээлине коэффициентеринин эсепке алуу республиканын областтары боюнча жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, башка жер участоктордун чарбалык борборуна жараша жайгашкандыгына оңдоо коэффициентери колдонулат.
Айыл чарбасында пайдаланылбаган жерлердин ченемдик баасы төмөнкү формула менен аныкталат:
Нц - ченемдик баа;
Срц - 1 гектар кайракы жердин республика боюнча минималдуу орточо
баасы (20856 сом);
К1 - өндүрүштүн чарбачылык жана интенсивдүүлүгүнүн деңгээлинин
коэффициенти;
К2 - кайракы жерлердин минималдуу баасынан башка жерлердин
15-пайыз өлчөмүндөгү ставкасы.
Ош областы боюнча башка жерлердин ченемдик баасын эсентөөнүн мисалы:
Цн = 20856 х 1,2 х 0,15 = 3754 сом/га.
Жер баасын дифференциациалоо үчүн жер кыртышынын ыңгайсыз касиети-
е оңдоо коэффициенттери киргизилет:
┌────────────────────────────────────────────────┬────────────────────┐
│ Топурактардын ыңгайсыз факторлору │Оңдоо коэфициенттери│
├────────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│ 1 │ 2 │
├────────────────────────────────────────────────┼────────────────────┤
│Нормалдуу жана аз деңгээлдеги топурактын │ 1,0 │
│ыңгайсыз касиеттери бар │ │
│орточо шорлонгон, орточо солонецтүү, таштак, │ 0,8 │
│орточо - өтө эрозияланган, калыңдыгы аз │ │
│өтө шорлонгон, өтө солонецтүү, өтө таштак, жер │ 0,7 │
│алдындагы суулардын деңгээли 1 метрден жакын │ │
│Чарбалык борборунан жер участоктун жайгашкандык │ │
│аралыгы, км │ │
│5 чейин │ 1,10 │
│6-10 │ 1,00 │
│11-20 │ 0,95 │
│21-30 │ 0,90 │
│30 дан ашык │ 0,85 │
│Жерлердин жантайлыгы, градус менен: кайрак айдоо│ │
│үчүн │ │
│2-ге чейин │ 1,0 │
│2,1-5 │ 0,95 │
│5,1-7 │ 0,90 │
│7,1-10 │ 0,85 │
│10дон ашык │ 0,80 │
│жайыттар жана чабындылар үчүн │ │
│20га чейин │ 1,0 │
│21-30 │ 0,8 │
│22-40 │ 0,6 │
│40тан жогору │ 0,5 │
│Жайыт жерлердин абалы: │ │
│жакшы - жер участогун өтө чөп, бадал токой │ 1,1-1,2 │
│баскан эмес, таштак эмес, жакшы өнүккөн тоют │ │
│өсүмдүктөрү менен (кургак массасынын │ │
│түшүмдүүлүгү 5 ц/га) │ │
│Канааттандырарлык - жер участогу бадалдуу, ото │ 0,6-1,0 │
│чөп баскан, токой баскан, таштак, тебеленген │ │
│жайыттар бар, өсүмдүктөр катмарынын абалынын │ │
│бузуулары бар (түшүмдүүлүгү 2ден 5ге ц/га) │ │
│Канааттандырарлык эмес - жер участогун ото чөп │ 0,3-0,6 │
│өтө баскан, бадал, токой баскан, өтө тебеленген │ │
│жайыттары бар (түшүмдүүлүгү 2 ц/га ылдый) │ │
│Жайыттарды (жер участокторун) суу баскандыгы: │ │
│суу баскан │ 1,0-1,1 │
│суу басбаган │ 0,6-0,8 │
│Жайыттардын калктык конуштардан алыстыгы, км: │ │
│25ге чейин │ 1,2 │
│26-50 │ 1,0 │
│51-100 │ 0,8 │
│100ден алыс │ 0,6 │
│башка жерлердин калктуу конуштарга жараша │ │
│жайгашкандыгы, км: │ │
│5 ге чейин │ 1,5 │
│5-10 │ 1,2 │
└────────────────────────────────────────────────┴────────────────────