Загрузка документа…
Мөөңөтү бүттү
КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык
2022-жылдын 14-январы № 9
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2000-жылдын 2-сентябры № 539
"Талас областынын Талас районундагы Кырк-Казык айыл кеңешин Акматбек Нуржанов атындагы айыл кеңешине
кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралу
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык жана айрым айылдык кеңештерди жана айылдарды кайра атоо жөнүндө Талас областынын областык, райондук жана жергиликтүү кеңештеринин сессияларынын чечимдерин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кырк-Казык айыл кеңешин Акматбек Нуржанов атындагы айыл кеңешине кайра атоо жөнүндө Талас областык, Талас райондук кеңештеринин сессияларынын чечимдерине макулдук берилсин.
2. "Талас областынын Талас районундагы Кырк-Казык айыл кеңешин Акматбек Нуржанов атындагы айыл кеңешине кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
3. Көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары караган учурда Эл өкүлдөр жыйынындагы Өкмөттүн туруктуу өкүлү Премьер-министрдин кеңешчиси У.О.Орозалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Муралиев |