Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 20-сентябры № 423
"Каракол" эркин экономикалык зонасынын субъекттеринин Балыкчы шаарындагы жана
Тамчы айылындагы участокторго өтүүсү жөнүндө маселени чечүү боюнча Өкмөттүк
комиссия түзүү тууралуу
"Каракол" эркин экономикалык зонасынын (мындан ары - ЭЭЗ) субъекттеринин Балыкчы шаарындагы жана Тамчы айылындагы участокторго өтүүсүнө байланышкан маселелерди комплекстүү чечүү максатында жана аталган өтүү аяктаганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Каракол" ЭЭЗинин субъекттеринин Балыкчы шаарындагы жана Тамчы айылындагы участокторго өтүүсүнүн маселелерин чечүү боюнча Өкмөттүк комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги аныкталсын.
3. Комиссия зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлерин ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Комиссия:
"Каракол" ЭЭЗинин субъекттеринин Каракол шаарынын администрациялык чегиндеги иштери токтотулганына байланыштуу "Каракол" ЭЭЗинин Башкы дирекциясы менен бирдикте үч апталык мөөнөттүн ичинде "Каракол" эркин экономикалык зонасынын чек араларын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык уюштуруу маселелерин чечүү жана "Каракол" ЭЭЗинин субъекттеринин Балыкчы шаарындагы жана Тамчы айылындагы участоктордо иштей баштоосун камсыздоо боюнча иш жүргүзсүн;
- "Каракол" ЭЭЗинин ишине мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана проблемалуу маселелерге талдоону эске алуу менен 2007-жылдын 15-октябрына чейин "Каракол" ЭЭЗинин Балыкчы шаарынын жана Тамчы айылынын администрациялык чектериндеги участоктордо иштөөсү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
| А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 423 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, эркин экономикалык зоналар маселеси компетенциясына кирген Комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
"Каракол" эркин экономикалык зонасынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
М. Исмаилов |