ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-июлундагы № 325 «Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кара-Ой айыл кеңешин Тоголок-Молдо айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому

Редакция07.07.2001 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 7-июлу № 325

"Кыргыз Республикасынын Нарын областынын

Ак-Талаа районунун Кара-Ой айыл кеңешин

Тоголок-Молдо айыл кеңешине өзгөртүп

атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58, 64 статьяларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кара-Ой айыл кеңешин Тоголок-Молдо айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Т.Т.Токторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

К.Бакиев

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

1-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кара-Ой айыл кеңешин Тоголок-Молдо айыл кеңешине өзгөртүп атоо жөнүндө.

 

2-статья.

 

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти