Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-апрели № 203
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98,242,255,257,258,280,281,287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктта:
- он үчүнчү абзацындагы «2200» цифралары «3000» цифраларына алмаштырылсын;
- он бешинчи абзацындагы «200» цифралары «400» цифраларына алмаштырылсын;
- он алтынчы абзацындагы «200» цифралары «400» цифраларына алмаштырылсын.
2. Бул тактом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга 1-пунктунун төртүнчү абзацы кирбейт, ал 2014-жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |