Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-апрели № 232
“Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ы.К. Кадыралиева демилге кылган “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 232 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ы.К. Кадыралиева демилге кылган, мамлекеттик үй-бүлө саясатын андан ары ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алимент алууга укугу бар балалуу үй-бүлөлөрдүн жашоо-турмушун жакшыртуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 161-беренесине ылайык келбейт, анткени жашы жете элек балдарга алименттерди өндүрүүдө эмгек акыдан кармоонун өлчөмү 70 пайыздан ашпоого тийиш. Бул жүйөнү негиздөөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесин жетекчиликке алуу керек. Мындан минималдуу эмгек акынын өлчөмү азырынча бир нече жашоо минимумуна барабар болбой турганы, бул ченемдер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 161-беренесине каршы келери жөнүндө тыянак жасоого болот.
Ошондой эле алимент төлөөчүлөр көп балалуу болгон учурда, бул алимент төлөөчүлөрдүн абалдарын начарлатууга алып келүүчү жагдайлардын укук колдонуу практикасында келип чыгуу мүмкүндүгүн белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгү “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине каршы келет, анткени аткаруу бийлигинин борбордук органдарында бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө тыюу салынат.
Мындан тышкары “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 25-беренелеринин талаптарына ылайык коомдук талкуулоо өткөрүлгөн эмес жана анын жыйынтыгы негиздеме маалымкатта чагылдырылбаган.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоо булагын аныктоо зарылдыгы жок жана аны кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.