Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-апрели № 236
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл аймагынын карамагындагы жерди которуу (трансформациялоо) жана “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6 жана 384-беренелерине, 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облустук мамлекеттик администрациясынын 2009-жылдын 25-сентябрындагы №61 “Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2009-жылдын 7-сентябрындагы №1807 “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Оштогу филиалына 7 га сугат айдоо жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү” токтомун бекитүү жөнүндөгү” токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ош” эл аралык аэропортунун аймагын кеңейтүү, аэровокзалдык комплекс, жүк терминалын куруу, учактар токтоп туруучу орундардын санын көбөйтүү жана учуп-конуучу тилкени узартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылдык аймагынын карамагындагы 7,0 га сугат айдоо жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер “Ош” эл аралык аэропортунун аянтын кеңейтүү үчүн “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна (мындан ары – “МЭА” ААК) ижара келишиминин негизинде 49 жыл мөөнөткө, мөөнөттү андан ары узартуу укугу менен убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- “МЭА” ААК жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтү ушул токтомдун 2-пунктунда аталган жер участогуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимдерин түзүүсүн;
- “МЭА” ААКнын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөп берүүсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жана агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |