Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-апрели № 237
«Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
“Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2-статья. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу мыйзамдар
Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү тутумун Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.”.
2. 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Соттук аткаруучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары - Сот департаменти) алдында турат.”.
3. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү “Сот департаментинин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 12-статьянын 3-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9) ушул Мыйзамда каралган соттук аткаруучунун башка укуктарына жана милдеттерине ээ.”.
5. 33-статьяда:
- 3-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Аткаруу иш-аракеттери ушул статьянын 4-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары жумуш күндөрү саат 6дан 22ге чейин жүргүзүлөт.”.
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Карызкор өндүрүп алууга тийиш болгон мүлктү чыгымдап салышы же жашырып коюшу, создуктурганда сот актыларын же башка органдардын актыларын аткаруу кыйынчылык алып келиши же аткаруу мүмкүн болбошу ыктымал деп болжолдоого негиз берген кырдаалдар болгон учурларда же карызкордун айынан ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө аларды аткаруу мүмкүн болбогон учурда, соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусунун же облустун башкы соттук аткаруучусунун уруксаты менен аткаруу иш-аракеттерин дем алыш же майрам күндөрү жана түн мезгилинде жүргүзөт.”.
6. 45-статьянын 1-бөлүгүндөгү “аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындап же адисти тарта алат,” деген сөздөр “аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен экспертизаны дайындайт же адисти тартат,” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 47-статьяда “мүмкүн кылбай турган бөлөк иш-аракеттерди жасашы” деген сөздөр “мүмкүн кылбашы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 65-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Карызкордун камак салынган мүлкү ушул статьянын экинчи абзацында каралган учурдан тышкары мүлк турган жерде сатылат.”.
9. 81-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Карызкор кийин дагы аткаруу документин аткарбаган учурда, ага карата ушул статьянын 4-пунктунда каралган чаралар кайрадан колдонулат, аткарууга ага жаңы мөөнөт дайындалат же аткаруу документин аткарбагандыгы тууралуу материалдар тиешелүү органдарга Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча чечим кабыл алуу үчүн берилет.”.
10. 91-статьянын 4-бөлүгүндөгү “эң аз айлык эмгек акынын 25 өлчөмүнөн” деген сөздөр “эмгек акынын 25 минималдуу өлчүмүнөн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 96-статьядагы “Кыргыз Республикасы ратификациялаган тиешелүү эл аралык келишимдерде” деген сөздөр “Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|