КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 243
“Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
“Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин
Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|