Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 17-июнундагы № 240 токтомуна
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 11-июлу № 337
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Трофимович Полуэктов (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья
"Кыргызстан Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 22, 692-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-статьянын экинчи бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы "УКМ" деген сөз "улуттук коопсуздук" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
2-статья
"Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезитиннн тиркемеси, 1992-ж., август, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук боюнча Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик комитетинде" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
3-статья
"Кыргызстан Республикасынын калкын санитардык-эпидемиологиялык жактан саламаттыгы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезитинин тиркемеси, 1992-ж., август, № 3) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 28-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Кыргызстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматтары" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
4-статья
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдеттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-жыл, № 3, 86-статья) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- бардык текст боюнча " Кыргызстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-статья
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбулада "Улуттук коопсуздук министрлигинин" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук органдарынын" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги менен" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук органдары" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын;
- 50-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсия чектөө жөнүндө арыздар Социалдык фонддун аймактык түзүлүштөрүнө же Социалдык фонддун башка тиешелүү аймактык түзүлүштөрүнө (мындан ары - Социалдык фонддун аймактык түзүлүштөрү деп аталат) өздөрүнүн жашаган жери боюнча, мөөнөттөн тышкары кызмат өтөгөн офицер курамынын адамдарына, прапорщиктерге, мичмандарга жана аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, салык полициясынын жетекчи жана катардаш курамынын адамдарына, жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин пенсиялык органдарына, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын пенсиялык подразделениелерине берилет.";
- 51-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "Пенсиялар мөөнөттөгү кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө Социалдык фонддун аймактык түзүлүштөрү, мөөнөттөн тышкары кызмат өтөгөн офицер курамынын адамдарына, прапорщиктерге, мичмандарга жана аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, салык полициясынын жетекчи жана катардагы курамынын адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин пенсиялык органдарына, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын пенсиялык подразделениелер тарабынан чектелет.";
- 54-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "мөөнөттөн тышкары кызмат өтөгөн офицер курамынын адамдарынын, прапорщиктердин, мичмандардын жана аскер кызматкерлеринин арасындагы пенсионерлерге, ички иштер органдарынын, салык полициясынын жетекчи жана катардагы курамынын адамдарына, жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсиялар Банктын мекемелери тарабынан пенсионердин даана жашаган жери боюнча катталган жерине карабастан Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин пенсиялык органдары, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын пенсиялык подразделениелери даярдаган документтердин негизинде төлөнөт";
- 60-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "Кызмат аскерлерине, ички иштер органдарынын, салык полициясынын жетекчи жана катардагы курамынын адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө чектелген пенсиялардан кармап калуулар "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам белгилеген тартипте жүргүзүлөт". Мындай учурда офицер курамынын адамдарынын прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн тышкары аскер кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, салык полициясынын жетекчи жана катардагы курамдын адамдарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн арасынан ашыкча төлөнгөн пенсиялардын суммалары алар тараптан кыянаттык кылгандын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын чки иштер министрлигинин пенсиялык органдарынын, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын пенсиялык подразделениелеринин чечимдеринин негизинде кармалат".
6-статья
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 8-статьянын 11-пункттундагы "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-статья
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 8, 9-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын
системасы
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү системасын Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун борбордук органы, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун областтык башкармалары (бөлүмдөрү) жана аларга баш ийген шаардык, райондук бөлүмдөр (бөлүмчөлөр), ошондой эле аскердик каршы чалгындын органдары түзөт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын структурасы жана ишинин уюштурулушу Кыргыз Республикасынын Президенти бекитчү Жобо менен аныкталат.
9-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун борбордук
органы
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун борбордук органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органы болот жана өз компетенциясынын чектеринде улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү жетекчиликти жүргүзөт, улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо үчүн жоопкерчиликте болот.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун борбордук органы ага баш ийген областтык, шаардык жана райондук улуттук коопсуздук органдарынын иштерин, ошондой эле аскердик каршы чалгын органдарынын иштерин багыттайт, координациялайт жана көзөмөлдөйт; улуттук коопсуздук органдарында аткаруу үчүн буйруктарды, нускамаларды чыгарат.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органы юридикалык жак болуп эсептелет, чыныгы жана шарттуу аталыштары, ошого ылайык мөөрлөрү менен штамптары, банктарда эсептери, анын ичинде валюталык эсептери, негизги фонддору, социалдык-маданий жана медициналык багыттагы объекттери болот.";
- 10-статьяда:
биринчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет" деген сөздөр "улуттук коопсуздук органдары" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын;
экинчи бөлүгүндөгү "УКМ" деген сөз "органдар" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 11-статьядагы "Министрликтин" деген сөз "борбордук органдын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12-статья. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын
ишинин уюштурулушу
Улуттук коопсуздуктун борбордук органын Кыргыз Республикасынын Президенти дайындачу жетекчи башкарат.
Улуттук коопсуздуктун борбордук органынын жетекчиси улуттук коопсуздук органдарына тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
Кыргыз Республикасынын борбордук улуттук коопсуздук органында коллегия түзүлөт.";
- 17-статьяда:
экинчи бөлүгүндөгү "Өкмөт" деген сөз "Президент" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 23-статьяда:
биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарын жана ага баш ийген мекемелер менен уюмдарды каржылоо, материалдык-техникалык жана социалдык-тиричиликтик камсыздоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";
бешинчи бөлүгүндөгү "Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү" деген сөздөр "Президентн" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 27-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана" деген сөздөр "жана анын тапшыруусу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8-статья
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашырын сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 5, 153-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 10-статьянын бешинчи бөлүгүнүн биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин органдары менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталышында жана 15-статьянын биринчи абзацында 16-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
9-статья
"Коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 6, 182-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10-статья
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомсттору, 1994-жыл, № 6, 184-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 9-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөрдү "Улуттук коопсуздук органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11-статья
"Согуштун Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 27-статьядагы "Улуттук коопсуздук министрлиги менен" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Улуттук коопсуздук органдары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12-статья
"Өрт өчүрүү коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 7, 89-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 20-статьядагы "Улуттук коопсуздук министрлигинин" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук органдарынын" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
13-статья
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешшин Ведомосттору, 1998-жыл, № 4, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 17-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук органдары" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
14-статья
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 11-статьянын жетинчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук органдары" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
15-статья
"Баңги кылуу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-статьяда, 28-статьянын биринчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин" деген сөздөрдөн кийин "министрлигинин" деген сөз алынып салынсын;
- 24-статьяда "Улуттук коопсуздук министрилинин" деген сөздөр "улуттук коопсуздук органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-статьянын биринчи бөлүгүндө "Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "улуттук коопсуздугунун жана Ички иштер министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16-статья
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 27-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук органдары" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
17-статья
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 12, 525-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук органдары" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
18-статья
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 16-статьянын биринчи бөлүгүнүн 2-пункттундагы жана экинчи бөлүгүндөгү "министрликтер" деген сөз алынып салынсын.
19-статья
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 17 жана 20-статьялардагы "улуттук коопсуздук министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20-статья
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5 жана 6-статьялардагы "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Улуттук коопсуздук органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
21-статья
"Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2000-жыл, № 2, 105-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 9-статьянын бешинчи бөлүгүнүн "УКМ" деген сөз "улуттук коопсуздук органдарындагы" деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөргө алмаштырылсын.
22-статья
Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2000-жыл, № 2, 107-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баядалсын:
Терроризмге каршы түздөн-түз күрөштү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жүргүзөт.
Терроризмге каршы күрөш тармагындагы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары менен өз-ара биргелешкен аракеттерди төмөнкүлөр жүргүзөт:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы.";
- 4-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздуктун борбордук органы жана анын аймактык түзүлүштөрү:";
7-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндөгү, 8-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "Министрлик" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү "органдар" деген сөзгө алмаштырылсын.
23-статья
"Тышкы миграция жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2000-жыл, № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-статьянын биринчи бөлүгүндөгү жана 19-статьянын тогузунчу бөлүгүндөгү "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Улуттук коопсуздук органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айдын ичинде өзүнүн нормативдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
25-статья
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|