Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 12-июлу № 340
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Т.А.Акматалиев ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары карордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья.
"Кыргыз Республикасында граждандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
34-статьяда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик камсыздандыруу көзөмөлү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-статья.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статьяда "Кыргызмамкамсызкөзөмөл" деген сөз "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|