Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 20-августундагы № 462 токтомуна
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 18-июлу № 358
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору
тууралуу
Саясий партиялардын иш-аракеттерин кыйла натыйжалуу жөнгө салууга жетишүү жана диний негиздеги саясий партиялардын түзүлүшүнө жана иштешине, мамлекеттин каттоосунан өтпөгөн саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын иш-аракеттерине, чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар менен саясий партияларды түзүүгө жол бербөө, ошондой эле ушул чөйрөдөгү мыйзамдардын бузулушуна жоопкерчилик маселелерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Э.Т.Мамыров ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүү жана
толуктоо киргизүү
тууралуу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 449-ст.) "Саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьяда:
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
диний негиздеги саясий партияларды түзүүгө жана аларды мамлекеттик башкаруу органдарыида мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө (эсепке алууга);
мамлекеттик башкаруу органдарында белгиленген тартипте катталбаган саясий партиялардын иштешине;
чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын саясий партияларды түзүүлөрүнө;
чет өлкөлөрдө түзүлгөн саясий партиялардын, ошондой эле алардын структуралык бөлүмдөрүнүн иш-аракетине;
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк саясий партиялардын жана алардын структуралык бөлүмдөрүнүн өз алдынча же башка юридикалык жактар же жеке адамдар менен бирдикте юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) уюштурууга. Чет өлкөлүк саясий партиялар жана алардын структуралык бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын катышуучусу да боло албайт;
Кыргыз Республикасында түзүлгөн саясий партияларда чет өлкөлүк граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын мүчөлүгүнө;
мамлекеттик каттоочу органга беш күндүк мөөнөттө маалымдабастан саясий партиянын жетекчи органынын жайгашкан жерин өзгөртүүгө.";
- статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-жетинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Белгиленген тартипте катталбаган саясий партияларды түзүүгө жана анын иш-аракетине катышкандыгы үчүн бул партиялардын жетекчи органдарына кирген адамдар, ошондой эле алардын мүчөлөрү жана катышуучулары тийиштүүлүгүнө жараша кылмыштуу шериктештиктердин жетекчиси жана катышуучусу катары жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын аймагында уюшулган жана катталган юридикалык жактар же жеке жактар менен бирдикте юридикалык жактардын чет өлкөлүк саясий партиялары жана алардын структуралык өз алдынча бөлүмдөрү, филиалдары (өкүлчүлүктөрү) мындай фактыны аныктаган мамлекеттик органдын сунушу менен сот тартибинде жоюлууга тийиш.
Бул Мыйзамдын ушул статьясында жана башка жоболорунда белгиленген талаптарды бузууга күнөөлүүлөр бул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.".
2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Саясий партиялардын иштери ачык-айкын, ал эми аларды уюштуруу жана программалык документтери жөнүндө мааалыматтар жалпыга жеткиликтүү болушу керек".
3. 6-статьяда "жана/же белгиленбеген" деген сөздөр алып салынсын.
3. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5-статья. Саясий партияны жана анын региондук өкүлчүлүктөрүн
түзүүнүн шарттары
1. Саясий партия Кыргыз Республикасынын кеминде 500 гражданы менен түзүлөт. Алар Кыргыз Республикасынын тургундары болуп, республиканын региондорунун көпчүлүк жарымынын кызыкчылыгын көздешү керек. Түэүлүүчү саясий партиянын бир региондон чыгуучу граждаңдар-мүчөлөр партиянын жалпы санынын 5%нен кем болушу мүмкүн эмес.
Саясий партияны түзүү жөнүндө чечим уюштуруу сьездинде (конференцияда) же Кыргыз Республикасынын 10 гражданынан кем болбогон топтун (демилгечил топ) демилгеси менен чакырылуучу жалпы жыйында кабыл алынат. Уюштуруу съездинде (конференцияда) же жалпы жыйында устав бекитилип, жетекчилик органдары түзүлөт.
Саясий партияны түзүү жана анын уюштуруу съездин (конференциясын) же граждандардын жалпы жыйынын чакыруу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алган демилгечил топ юстиция органына партиянын жетекчилик органынын болжолдуу жайгашуу жерин кабарлайт да, андан кийин граждандарды партияга киргизүүгө үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу.
Кабарлоодо демилгечил топтун ар биринин фамилиясы, аты-жөнү, тууулган жылы жана жери, турган жана иштеген жери, үй жана жумуш телефону, Саясий партия түзүү жана анын уюштуруу сьездин (конференциясын) же граждандардын жалпы жыйынын чакыруу зарылдыгы тууралу чечимди кабыл алган күнү көрсөтүлөт.
2. Саясий партиянын Кыргыз Республикасынын көпчүлүк региондорунда жетекчипик органынын чечими боюнча уюштуруучу региондук өз өкүлчүлүктөрү болушу керек. Саясий партиянын региондук өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрүнүн саны партиянын жалпы санынын 5%нен кем болбошу керек.
Саясий партиянын региондук өкүлчүлүгүнүн укук жөндөмү юстиция органдарында эсептик каттоодон өткөндөн тартып башталат. Региондук өкүлчүлүк өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кабыл алынуучу саясий партиянын уставынын жана анын чечимдеринин негизинде жүзөгө ашырат.
Саясий партиянын региондук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси анын жыйынында шайланат да, бул кызматка партиянын жетекчилик органы тарабынан дайындалат. Саясий партиянын региондук жетекчиси партиянын жетекчилик органы тарабынан берилүүчү ишенимдин негизинде иш алып барат.".
4. 6-статьядагы "жана/же катталбаган" сөз тизмеги алып салынсын.
5. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"10-статья. Саясий партияларды жана анын региондук өкүлчүлүктөрүн
мамлекеттик каттоо
1. Саясий партия юстиция органдарында бул Мыйзамдын талаптарына жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык эки айлык мөөнөттө жана уюштуруу документтерин көрсөтүү боюнча катталат.
Саясий партиянын региондук өкүлчүлүгү юстиция органында жайгашкан жери боюнча он күндүк мөөнөт ичинде эсептик каттоого алынат.
2. Саясий партиянын же анын региондук өкүлчүлүгүнүн уюштуруучу документтерин талапка ылайыксыз же туура эмес маалыматтарды тапшыруу аларды каттабоого негиз болуп саналат.".
6. 11-статьянын экинчи бөлүгү "жана ар жылдын 31-декабрына чейин саясий партиянын мүчөлөрүнүн саны жана жетекчилик органынын курамы тууралуу маалыматтарды каттоочу органга тапшырып турууга." деген сөз тизмеги менен толукталсын.
7. 12-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймакты башкаруу органдары төмөнкүлөргө укуктуу:
саясий партиялардын жетекчи органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, саясий партиялардын уставдары менен программаларын бузууга байланышкан маселелер боюнча түшүнүк талап кылууга;
саясий партиялардын жетекчи органдарынан алардын тескөө документтерин суроого;
саясий партиялар өткөргөн иш-чараларга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө;
Бул Мыйзамдын 13 жана 14-статьяларында каралган учурларда саясий партиялардын ишин токтотууга жана/же саясин партиялардын жетекчилерине жазуу жүзүндө зскертүү чыгарууга.".
8. 13-статьяда:
экинчи бөлүк "жана анын аймактык башкаруу органдары" деген сөз тизмеги менен толукталсын;
үчүнчү бөлүк "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөз айкашынан кийин "жана/же анын аймактык башкаруу органдары" деген сөз тизмеги менен толукталсын";
статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Саясий партиянын жетекчи органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык башкаруу органдарынын эскертүүлөрүндө белгиленген саясий партиялар тууралуу мыйзам бузууларды чететтүү үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматты белгиленген мөөнөттө бербөө саясий партиянын ишин токтотуп коюуга негиз болуп саналат.".
9. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарды бузууну көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетпөө саясий партиялардын ишин токтотууга негиз болуп саналат.".
10. 15-статьяда:
үчүнчү бөлүк "же сот менен" деген сөз тизмеги менен толукталсын.
төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Саясий партияны сот аркылуу жоюуга төмөнкүдөй учурларда Гана жол берилет:
саясий партия бул Мыйзамдын үчүнчү статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган иштерди жасаганда;
саясий партия алар тууралуу мыйзам бузууларды четтетпегенде.";
бешинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саясий партияларды сот аркылуу жоюу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги же анын аймактык башкаруу органдарынын сунушу боюнча жүргүзүлөт.".
11. 21-статьяда:
статьянын аталышындагы "таратуу" деген сөз "жоюу" деген сөз менен алмашылсын;
биринчи бапүктөгү "өзүн өзү таратуу" деген сөз айкашы "жоюу" деген сөз менен алмашылсын;
экинчи бөлүктөгү "таратылган" деген сөз "жоюлган" деген сөз менен алмаштырылып, "жана бул Мыйзамдын 14-статьясында каралган максаттарга жумшалат" деген сөз тизмеги алып салынсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 15-октябрындагы № 111 "Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 86-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын мамлекеттик каттоодон өтпөстөн иштешине жол берилбейт".
2. 90-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик (эсептик) каттоодон өтпөгөн юридикалык жактардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишине жол берилбейт."
3-статья.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2000-ж., № 2, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 6-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын.
2. 9-статья төмөнкү мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик (эсептик) каттоодон өтпөгөн коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишине жол берилбейт".
3. 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик каттоочу орган коомдук бирикмеден анын иши тураалуу маалыматты белгиленген тартипте талап кылууга, уставдык максаттарын жана милдеттерин бузуу аныкталса жетекчи органга тартип бузуулардын жол берилгистиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Коомдук бирикмелер мамлекеттик каттоочу органдын талаптарын сактоого милдеттүү."
4. 17-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17-статья. Коммерциялык эмес уюмдардын ачыктыгы
Коммерциялык эмес уюмдарга каражаттардын түшүү структурасы, уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана составы жөнүндө маалымат колдонуудагы мыйзамдарга ылайык квартал сайын салык органдарына берилет."
4-статья.
Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 106-ст.) Мыйзамынын 10-статьясынын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мыйзамда башкача мөөнөт белгиленбесе юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тийиштүү документтерин тиркөө менен арыз берилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен жүргүзүлүүгө тийиш."
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөйкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 395-1 статья менен толукталсын:
"395-1-статья. Саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарды бузуу:
1) диний негиздеги саясий партияларды түзүү жана алардын иштеши;
2) чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар тарабынан саясий партияларды түзүү жана/же иштөө;
3) чет өлкөлүк саясий партиялар же алардын структуралык өзүнө караштуу бөлүмдөрү тарабынан өз алдынча же башка жеке адамдар жана юридикалык жактар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) уюштуруу фактысын жакшыруу;
4) чет өлкөлүк граждандарды жана граждандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында түзүлгөн саясий партиялардын мүчөлүгүнө кабыл алуу;
5) мамлекеттик башкаруу органдарында мамлекеттик каттоодон саясий партиялардын четтеп кетиши;
6) саясий партиянын жетекчи органы расмий жайгашкан жерин өзгөрткөндө беш күндүк мөөнөттө мамлекеттик каттоочу органга билдирбөө - саясий партияга - 4 жана 6-пунктар боюнча беш жүзгө чейин минимум эмгек акы өлчөмүндө, ал эми граждандарга - 1,2,3 жана 5-пункттар боюнча элүүгө чейин минимум эмгек акы өлчөмүндө административдик айып тартууга алып келет.
Бул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет административдик чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайра кайталанса, -
саясий партияга - сегиз жүздөн бир миңге чейин минимум эмгек акы өлчөмүндө, граждандарга - элүүдөн жүзгө чейинки эмгек акы өлчөмүндө администартивдик айып тартууга алып келет.
2. 402-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"402-статья. Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын,
алардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тийиштүү
каттоосуз (эсеп), кайра каттоосуз иш жүргүзүшү
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, " алардын филиалынын (өкүлчүлүктөрүнүн) тийиштүү мамлекеттик каттоосуз (эсеп), кайра каттоосуз иш жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, -
кызмат адамдарына он минимум эмгек акы алчөмүндө административдик айып тартууга алып келет."
3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 402-1-статья менен толукталсын:
"402-1-статья. Тийиштүү каттоосуз же кайра каттоосуз массалык
маалымат каражаттарынын иши
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тийиштүү каттоосуз же кайра каттоосуз массалык маалымат каражаттарынын ишин жүргүзүү, -
Кызмат адамдарына жыйырма минимум эмгек акы, граждандарга - он минимум эмгек акы өлчөмүндө административдик айып тартууга алып келет."
4. 513-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"513-статья. Юстиция министрлигинин органдары
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана анын аймактык башкаруу органдары ушул Кодекстин 395-1-статьясында, 400-статьянын биринчи бөлүгүндө, 401-403-статьяларда каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Төмөнкүлөр каралган администратавдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана административдик жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамдуулук жана укуктук экспертиза боюнча башкармалыгынын начальниги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин областтык башкармаларынын начальниктери;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик каттоо башкармалыгынын начальниги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин областык башкармаларынын начальниктери.
6-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. 297-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"297-статья. Конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүүгө жалпыга
чакырык
(1) Бийликти күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүштү бөлүп-жаруу же начарлатуу максатында жүргүзүлгөн үгүт,- үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.
(2) Ошол эле аракет чет өлкөлүк уюмдардан же ошол уюмдардын кызыкчылыгына иштеген адамдардан алынган акча каражатын же башка материалдык баалуулуктарды пайдалануу менен жасалса,-
үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратылуу менен жазаланат".
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 297-1-статья менен толукталсын:
"297-1-статья. Конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүүгө
чакырыктарды камтыган материалдарды даярдоо,
таркатуу
(1) Конституциялык түзүлүштү кулатууга, күчтөп өзгөртүүгө, эгемендүүлүктү бөлүп-жарууга жана Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган мазмундагы материалдарды даярдоо жана таркатуу, согушту, зордук-зомбулукту пропагандалоо, Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүнө каршы келген жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына сыйышпаган иштерди тике (баракчаларды даярдоо, таркатуу аркылуу) же болбосо маалымат каражаттары аркылуу (басма сөз, телерадио, компьтердик тармак) жасоо,-
мүлкүн конфискациялоо менен же антпестен үч жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.
(2) Бул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган оор кесепеттерге алып келүүчү иштер үчүн, -
мүлкүн конфискациялоо менен же антпестен үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.".
7-статья.
Кыргыз Республикасында катталган жана иштеп жаткан саясий партиялар бул Мыйзам күчүнө киргенден тартып алты айлык мөөнөт ичинде өздөрүнүн уюштуруу документтерин жана партиянын мүчөлөрүнүн санын бул Мыйзамдын 1-статьясына ылайык келтирип, ошондой эле региондук өкүлчүлүктөрүн уюштуруп, белгиленген тартипте кайра каттоону жүргүзүшү керек.
Бул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык кайра каттоодон өтпөгөн саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлууга тийиш.
8-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|