Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 18-июлу № 360
Кыргыз Республикасынын "Социалдык туризм жөнүндө"
Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Социалдык туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркемеге ылайык макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Туризм жана спорт боюнча комитетинин төрагасы А.Т.Керимкулов корутунду берүүгө сунуштаган Кыргыз Республикасынын "Социалдык туризм жөнүндө" Мыйзамынын долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна таянып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны кабыл алууга төмөнкүдөй себептер боюнча макулдук бербейт.
1. Кыргыз Республикасынын аймаганда 1999-жылдан бери Кыргыз Республикасынын "Туризм жөнүндө" Мыйзамы колдонулуп жатат, анда туристтик чөйрөнүн укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруу механизмдери жана иши аныкталган. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын граждандарынын эс алууга, бош убактысын өткөрүүгө, ишкердигин өнүктүрүүгө болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууга арналган жана ошондуктан мурда эле жөнгө салынган нормаларды кайра кайталачу альтернативдүү мыйзам кабыл алыштын зарылдыгы жок. Эгер зарыл болуп калса "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизсе болот деп эсептейбиз.
2. Мыйзам долбоорунун социалдык жактан маанисин жана анын аз камсыздалган граждандарга берүүчү жеңилдиктерин эске алганда мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу мамлекеттин кошумча финансылык чыгымдарын жана республикалык бюджёттин чыгымдоо бөлүгүн көбөйтүүнү талап кылат. Андан тышкары, социалдык туризм мамлекет социалдык керектөөлөргө бөлүүчү каражаттардан каржыланчу саякатты же жол жүрүүнү көздөйт. Республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн татаал шартында жана тышкы карыздар боюнча орчундуу береселер болуп турганда социалдык туризмди өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүгө мүмкүн эмес.
3. Мыйзам долбоорунда Социалдык фондго түшкөн каражаттардан бөлүү сунушталып жаткан каражаттар төмөнкүдөй себептер боюнча каржылоо булагы боло албайт.
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча 2001-жылга карата камсыздандыруу взносторунун тарифтери жөнүндө" Мыйзамына ылайык Социалдык фондго камсыздандыруу взносторун которуунун проценттик катыштарынын эң жогорку чектери белгиленген, алар өз арналышы боюнча, б.а. Пенсиялык фондго, Социалдык камсыздандыруу фондуна, Ишке орношууга көмөктөшүү фондуна жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна тыкыр бөлүштүрүлөт.
Жогорудагы аталган фонддордон социалдык туризмге каражат которуу Социалдык фондго которуулардын проценттик ставкаларын жогорулатууга алып келет, ал болсо иштеген калкка, ишканалар менен мекемелерге оор жүк болот да, жалпы эле ишкердиктин азайышына алып келет. Мында, азыр ишканалар менен мекемелерде Социалдык фондго өткөн жылдар үчүн карыздары бар экенин белгилеп коюу керек.
Бул айтылгандан тышкары, мыйзам долбоорунун тексти боюнча төмөнкүдөй пикирлер жана сунуштар бар:
- 2-статьянын экинчи абзацы боюнча мамлекет социалдык керектөөлөргө бөлүүчү каражаттардын булагынан субсидиялоо маселесин олуттуу изилдөө талап кылынат;
- сунушталган мыйзам долбоорунда терминдердин тактыгына өзгөчө көңүл буруу керек. Долбоордо терминдерди бир мааниде колдонуу зарыл. Атап айтканда, долбоордун 2-статьясынын төртүнчү жана бешинчи абзацтары туристтик кшмат көрсөтүүлөрдүн минимум тобун ар түрдүү терминдер менен аныктайт ("социалдык тур" жана "социалдык турдун базалык стандарты").
- 2-статьянын төртүнчү абзацында "социалдык турдун базалык стандарты" деген түшүнүктү "социалдык турдун жеткиликтүүлүгүнүн базалык регламенти" деген түшүнүккө алмаштыруу керек жана аны Кыргыз Республикасынын "Стандартташтыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык бекитчү органды көрсөтүү зарыл.
- 2-статьянын алтынчы абзацында "социалдык туризмди уюштуруу" деген аныктаманы өзүнчө абзацка бөлүү керек;
- 2-статьянын 7-абзацы боюнча, "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 18-январындагы Мыйзамына ылайык ишкердиктин бул түрү лицензияланбастыгын белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамынын 3-статьясына ылайык, ишкердиктин түрлөрү боюнча лицензиялоо тартибин киргизүү же аны жокко чыгаруу ушул Мыйзам менен белгиленет жана мамлекеттик коопсуздукка, мамлекеттик монополияны ишке ашырууга, укуктук тартипти камсыздоого, айлана-чөйрөнү, менчикти, граждандардын өмүрүн жана саламаттагын коргоо максаттарында кабыл алынат.
Социалдык туризм чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү боюнча ишкердик жүргүзүүнүн мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан лицензиялык тартиби лицензиялоонун жогоруда айтылган критерийлерине туура келбейт деп эсептейбиз;
- долбоордун 2-статьясынын сегизинчи абзацында "Социалдык туризм бирикмесинин ыктыярдуу мүчөсү" деген термин колдонулат, бирок андан ары ал термин учурабайт, ошого байланыштуу бул терминди тактоону сунуш кылабыз;
- 9 жана 10-статьялардын 2-пункттарын алып салууну сунуштайбыз, анткени азыр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жеңилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын бирдиктүү Мыйзамын даярдап жатат, ал Мыйзамда тийиштүү өзгөртүүлөр менен толуктоолор каралмакчы;
11-статьяны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-статьясынын экинчи бөлүгүнө каршы келгендиктен алып салуу керек. Ал нормага ылайык Кыргыз Республикасынын гражданы болгон адамдар башка мамлекеттердин граждандыгана таандык деп эсептелбейт. Ошентип, Кыргызстанда "чет өлкөлүк мекендештер" болушу мүмкүн эмес.
- 12-статьяны "Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 18-январындагы Мыйзамына каршы келгендиктен алып салуу керек;
- 13-статья "өндүрүлөт" деген сөздөн мурда "аккредитацияланган органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча кетсин;
- Мыйзам долбоорунун 14-статьясына ылайык Социалдык туризм боюнча комиссия түзүү белгиленет.
Мыйзам долбооруна Комиссия түзүү жөнүндө маселелерди киргизүү туура эмес деп эсептейбиз, анткени туруктуу иштечү органдарды түзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет жана тийиштүү нормативдик укуктук актылар менен таризделет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына ылайык аткаруу бийлигинин органдарынын системасынын структурасында Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети иштеп жатат.
Ошентип, 14-статьянын жетинчи абзацын алып салып, Комиссия үчүн белгиленген функцияларды азыр иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетине тапшыруу керек;
- 15-статьянын экинчи бөлүгү алып салынсын, анткени Кыргызстандын аймактарында орчундуу деле улуттук өзгөчөлүктөр жок;
- Мыйзам долбоорун баяндоодо нормативдик көрсөтмөлөр колдонулчу мекемелер менен адамдардын чөйрөсүн так аныктоо зарыл. 16-статьяда "социалдык туризмди өнүктүрүү фонду" деген түшүнүк айтылган, бирок ал кандай орган экени жана кимге караштуу иштээри жөнүндө так аныктама берилген эмес.
Социалдык туризмди өнүктүрүү фондун кайсы орган тескээрин көрсөтүү керек.
- 16-статьянын 16-пунктунда "мамлекет социалдык туризмди колдоо жана өнүктүрүү үчүн бөлүнүүчү" деген сөздөр "бюджеттен тышкаркы булактардан түшкөн каражаттар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бул Мыйзам долбоорунда белгиленген максаттар менен милдеттерди ишке ашыруу үчүн 16-статьянын алтынчы абзацында "90" деген цифраны "100" цифрасына алмаштыруу керек.
- мыйзам долбоорунун 17-статьясынын экинчи абзацында "чакан ишканалар" деген сөздөрдү "юридикалык жактар" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде юридикалык жактын жогоруда көрсөтүлгөн уюштуруу-укуктук формасы каралган эмес.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда социалдык туризм ишкердигинин субъекттерин так аныктоо керек деп эсептейбиз.
Премьер-министр | К.Бакиев |