Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 6-августу № 412
Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 10 жылдыгына
жана элдик баатыр Курманбектин 500 жылдыгына
карата Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик
оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын
II Спартакиадасын өткөрүү
жөнүндө
Спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарды андак ары өнүктүрүү жана калк арасына жайылтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 10 жылдыгына жана элдик баатыр Курманбектин 500 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 10 жылдыгына жана элдик баатыр Курманбектин 500 жылдыгына карата Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын II Спартакиадасын өткөрүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. Финалдык мелдештер 2001-жылы 15-октябрдан 20-октябрга чейин Жалал-Абад шаарында өткөрүлсүн.
2. Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын II Спартакиадасын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Областтык, шаардык, райондук мамлекеттик администрацияларга, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна областтарда, райондордо, шаарларда бул Спартакиаданы даярдоо жана баштапкы этаптарын өткөрүү, областтардын жана Бишкек шаарынын курама командалары спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын II Спартакиадасына катышуусу боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети жана Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясы финалдык мелдештерди өткөрүү үчүн спорттук базаларды даярдоо, тамактанууну, жайгаштырууну, транспортту камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн, Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын II Спартакиадасына катышуучулардын маданий эс алуу программасын түзүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 10 жылдыгана жана элдик баатыр Курманбектин 500 жылдыгына карата Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын II Спартакиадасын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетин бюджеттик ассигнациялоонун чектеринде финансылык каражаттардын өз убагында бөлүнүшүн камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетине Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын II Спартакиадасын өткөрүүдө жардам көрсөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук телерадио берүү корпорациясы, газеталардын редакциялары Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча Кыргыз Республикасынын II Спартакиадасына даярдануунун жана өткөрүүнүн жүрүшүн такай чагылдырууну камсыздашсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетине тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-августундагы № 412 токтому менен бекитилген |
Танаев Николай Тимофеевич | - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Алмакүчүков Өкмөтбек Мукашевич | - Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Урманаев Султан Исакунович | - Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрация башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Шерниязов Болотбек Эсентаевич | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын жаштар, спорт, туризм иштери, коомдук бирикмелер жана ММК менен байланыш боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Керимкулов Айдарбек Темирбекович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын спорт жана туризм боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев Темирбек Асанбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри; |
Костюк Александр Васильевич | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри; |
Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Касиев Накен Касиевич | - Ош областтык мамлекеттик администрция башчысы; |
Айбалаев Мамат Марипович | - Баткен областтык мамлекеттик администарция башчысы; |
Касымов Тойчубек Касымович | - Чүй областтык мамлекеттик администрация башчысы; |
Карачалов Кеңеш Касымович | - Талас областтык мамлекеттик администарция башчысы; |
Шарипов Жусупбек Шарипович | - Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрация башчысы; |
Салымбеков Аскар Мааткабылович | - Нарын областтык мамлекеттик администрация башчысы; |
Керимкулов Медетбек Темирбекович | - Жергиликтүү өз алдынча башкармалыктын башчысы - Бишкек шаарынын мэри; |
Сарыбаев Асанбек Мукашевич | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Кулмурзаев Тургунбек Насипович | - "Кыргызгаз" АКнын башкы директору, "Тайтору" федерациясынын вице-президенти; |
Жумабеков Болот Жекшенович | - Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрация башчысы; |
Жанузаков Канат Чыныбаевич | - Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары. |