Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 9-августу № 421
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундуга ылайык макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы А.Э.Эркебаевге |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын тобу сунуш кылган "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласында бекемделген негиз болуучу конституциялык принциптерге дал келет жана өнүктүрөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына сунуш кылынган өзгөртүү "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу мыйзам ченемдүүлүктөн келип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү орус тилин расмий деңгээлде колдонууга конституциялык мүмкүнчүлук берүү региондун бардык улуттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара достук мамилелерди андан ары чындоого көмөктөшүп, Кыргызстан элдеринин адам укуктары менен эркиндиктерине берилгенднганин иш жүзүндөгү күбөсү катары кызмат кылып, дүйнөлүк коомчулуктун XXI кылымга татыктуу киришине кеңири мейкиндиктерди ачат.
Ошону менен катар эле бул Мыйзам долбоору негизги стратегиялык өнөктөшүбүз Россия менен Кыргызстандын салттык, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий байланыштарын чыңдайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун корутундусуна макулдугун жана бул мыйзам долбоорунун кабыл алышына каршы эместигин билдирет.
Премьер-министр | К.Бакиев |