Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 21-августу № 468
"Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы А.Э.Эркебаевге |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Б.Асанов тарабынан киргизилген "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, анын кабыл алынышына төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт.
Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда 9-статья, 13-статья, 16-статьянын экинчи бөлүгү, 24-статьянын 3, 4-бөлүгү, 26-статьянын 4, 7-абзацтары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын тил жөнүндө мыйзамдарында карама-каршы келет.
Киргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы анын калкы колдонгон орус тилинин жана башка бардык тилдердин сакталышын, тең укуктуулугун жана эркин өнүгүшүн, колдонулушун гарантиялайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясынын 3-пунктуна ылайык мамлекеттик тилди билбегендигин же сүйлөй албагандыгынын белгилери боюнча граждандардын укуктары менен эркиндиктерин кысымга алууга жол берилбейт.
Мындан тышкары Мыйзам долбоорунда терминология, ономастика боюнча мамлекеттик комиссиялардын функциялары, ролу жана ыйгарым укуктары жетиштүү түрдө аныкталган эмес.
"Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын жана 11-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана башка нормативдик-укуктук актыларынын долбоорлору эки тилде: мамлекеттик жана орус талдеринде даярдалып, нормативдик-укуктук актылар тиешелүү түрдө ушул тилдерде жарыяланат. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын жана уюмдардын расмий аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылат, ал эми мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын штамптары менен расмий мөөрлөрүнүн тексттери мамлекеттик тилде берилип, расмий тилде көчүрүлүп жазылат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин тили кыргыз тил, айрым учурларда орус тили жана макулдашуучу тараптын (тараптар) башка тилдери болуп эсептелет. Экинчи жагынын макулдашуу боюнча эл аралык келишимдин тили катары башка тил тандалып алынышы мүмкүн.
Андан сырткары Мыйзам долбоорунда терминология, ономастика боюнча мамлекеттик комиссиялардын функциялары, ролу жана ыйгарым укуктары жетиштүү эмес белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-статьясына ылайык мыйзам актыларынын так жана бирдей түрдө аткарылышына көзөмөл өзүлөрүнүн компетенцияларынын чектеринде Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлөт.
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясына ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана башка аткаруу бийликтин борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн бюджеттен тышкары фондуларын, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулуктардын жана мүчөлүк акылардын эсебинен түзүлүүчү бюджеттик фонддорду уюштурууга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан башкасына тыюу салынат.
Республикалык бюджеттин чыгымдарынан Мамлекеттик тил фондуна 1% бөлүү жылына 120 миллиондон ашуун сомду талап кылат, бул бюджеттик каражаттардын чектелген шартында мүмкүн эмес.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү көңүлгө алуу менен мыйзам долбоорунда негиздемеде келтирилген далилдер "Мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ушул редакцияда кабыл алууга негиз боло албайт деп эсептейбиз.
Премьер-министр | К.Бакиев |