Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 27-августу № 482
"Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар
жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы
Конвенциясын ратификациялоо тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы Конвенциясынын 51-статьясында каралгандай, мамлекеттик ички процедураларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы Конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Л.А.Иманалиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья. Евразия экономикалык коомдоштугунун Артыкчылыктар жана иммунитеттер жөнүндө 2001-жылдын 31-майындагы Конвенциясы ратификациялансын.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык коомдоштугунун депозитарийи болгон Интеграциялык Комитетине ратификациялоо грамотасын депонирлесин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|