Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 29-августу № 498
"Кыргыз Республикасынын 2002-жылга республикалык
бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 9-октябрындагы № 617 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын 2002-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Т.А.Акматалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары бул мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республркасынын Премьер-министри менен кеңешкенден кийин түзөтүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-октябрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья
Кыргыз Республикасынын 2002-жылга республикалык бюджети кирешелери боюнча 11 680 475,9 миң сом суммасында жака чыгашалары боюнча 11 004 749,2 миң сом суммасында бекитилсин.
Тышкы карыздын негизги суммасын төлөө жеңилдиктүү жаңы карыздарды алуудан 616 625 миң сомго жана каржылоонун ички булактарынын терс сальдосунан 59 101,7 миң сомго ашканын жабуу максатында Кыргыз Республикасынын 2002-жылга республикаиык бюджетинин кирешелердин чыгашалардан ашуусу 675 726,7 миң сом суммасында белгиленсин.
2-статья
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү бюджети республикадагы капиталдык салымдарды каржылоо үчүн каражаттардын төмөнкүдөй булактардан каржыланчу өлчөмдөрүн белгилөө менен бекитилсин, алар:
- ички булактардан - 656 380,0 миң сом;
- тышкы булактардан - 4 595 550,5 миң сом.
3-статья
Кыргыз Республикасынын 2002-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүп № 1, № 1-1-тиркемелерге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлөөрү белгиленсин.
4-статья
Бюджеттик уюмдар жана мекемелер үчүн учурдагы чыгымдоолорду Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоого каражаттар № 2-тиркемеге ылайык белгиленген өлчөмдөрдө бекитилсин.
Өнүктүрүү бюджетинен иш-чараларга жана программаларга жумшалчу каражаттардын өлчөмдөрү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин жана уюмдарынын чыгымдоолорун каржылоо боюнча каражаттардын өлчөмдөрү катуу сакталууга жана иш-чаралар менен програмаларга чыгымдоо ордерлеринин системасы менен бекитилген чектерде жумшалууга тийиштиги белгиленсин.
5-статья
Кыргыз Республикасынын 2002-жылга республикалык бюджетинин чыгымдарын каржылоо бюджетти тышкы жана ички каржылоонун чектеринде, иш жүзүндө алынган кирешелердин, өзгөчө кырдаалдарлардын алдын алууга жана аларды жоюуга каралган каражаттарды каржылоодон тышкары, мында биринчи кезектеги тартипте корголгон статьялар боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которуулар, дары-дармектер, тамактануу, буюмдук мүлк, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна субвенциялар, аз камсыз граждандарга, майып балдарга пособиелер, пенсиялар, акчалай маяна жана стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыздык милдеттенмелер боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.
6-статья
2002-финансылык жылы атайын каражаттардын сметаларында бекитилген суммалардан ашык түшкөн кирешелер республикалык бюджетке милдеттүү которулчу бөлүгүнөн башкасы толугу менен бюджеттик мекемелердин карамагында калаары белгиленсин.
Бюджеттик мекемелерге жана уюмдарга атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүп пайдаланууга тыюу салынсын. Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын бүткүл суммасы республикалык бюджеттин кирешесине алып коюлат.
7-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2002-жылы төмөнкүдөй укук берилсин:
а) атайын каражаттар боюнча киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда ушул Мыйзамдын № 1-1; № 2 тиркемелерине (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары бөлүгүнө) тактоолорду киргизүүгө;
б) төмөнкүлөргө оңдоо киргизүүгө:
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы бекитилген суммасынын чектеринде салыктардын ар кандай түрлөрү менен башка төлөөлөрдүн ортосунда;
- республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жалпы бекитилген суммасынын чектеринде чыгымдардын бөлүмдөрүнүн, топторунун жана топчолорунун, ошондой эле утурумдук чыгымдар менен өнүктүрүү бюджетинин чыгымдарынын ортосунда.
8-статья
Бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештер 2002-бюджеттик жылга алардын бюджеттеринде каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде жергиликтүү бюджеттердин 2001-жылы жетишсиз каржыланган айрым топтору боюнча чыгымдарды компенсациялашсын. Мында эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө кетчү чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
9-статья
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчасы 2002-жылдын 1-январына карата 50 000 миң сом суммасында бекитилсин.
10-статья
2002-жылга областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттери үчүн менчиктин бардык түрлөрүндөгү ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын пайдасынан алынчу жеке киреше салыгынын, пайдага салыктын, милдеттүү патенттөөдөн алынчу кирешелерлин, акциздик салыктын (ички продукцияга) пландуу түшүүсүнөн чегерүүлөрдүн нормативдери 35 процент өлчөмүндө бекитилсин.
Жергиликтүү бюджеттерде үлгүлүк долбоорлорду жүргүзүү максатында (ар бир региондон 2 ден айыл өкмөтү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үлгүлүк айыл өкмөттөрүндө жалпы мамлекеттик салыктардан жана кошумча нарк салыгынан которуулардын нормативдерин кайра кароого укук берилсин.
11-статья
2002-жылдын биринчи жана экинчи жарымына пландаштырылып, ушул Мыйзамдын 10-статьясында көрсөтүлгөн, областтар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча жалпы мамлекеттик салыктардын бардык түрлөрүнүн (өткөн жылдардын ичинде түзүлгөн өндүрүлбөгөн салык калдыктарды эске алганда) жана ички продукцияга кошумча нарк салыгынын пландуу көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда бул ашыра аткаруунун суммасы планды ашыра атааруунун 50 процент нормативи боюнча областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттерине чегериле тургандыгы белгиленсин.
12-статья
Төмөндө турган аймактык деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Мыйзамдын 11-статьясына ылайык пландык көрсөткүчтөрүн ашыра аткарган учурда жогоруда турган аймактык деңгээлдеги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга ашыра аткаргандыктын суммасын пландарын ашыра аткарган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыгына жумшоо сунушталсын.
Биринчи жарым жылдыкта пландык көрсөткүчтөр ашыра аткарылса, ал эми жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылбаса, биринчи жарым жылдыкта чегерилген каражаттар кийинки жылы республикалык бюджетке алынат.
Салыктар боюнча ашык төлөөлөр болгон, ошондой эле мурдагы жылдардагы түшүүлөрдүн эсебинен пландык көрсөткүчтөр ашык аткарыжан учурларда (өндүрүлбөгөндөр калдыктарды жоюудан түшкөн кирешелерди кошпогондо) ал суммалар пландан ашык түшүүлөрдөн чыгарып салынаары белгиленсин.
13-статья
Кыргыз Республикасынын 2002-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү кеңештерге саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндө берилчү категориялык гранттардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
-----------------------------------------------------------------------
|Ош областы |425 992,7 миң сом |
|------------------------------------|--------------------------------|
|Баткен областы |152 285,6 миң сом |
|------------------------------------|--------------------------------|
|Жалал-Абад областы |325 668,1 миң сом |
|------------------------------------|--------------------------------|
|Ысык-Көл областы |120 063,3 миң сом |
|------------------------------------|--------------------------------|
|Нарын областы |144 671,5 миң сом |
|------------------------------------|--------------------------------|
|Талас областы | 84 431,9 миң сом |
|------------------------------------|--------------------------------|
|Чүй областы |183 675,4 миң сом |
|------------------------------------|--------------------------------|
|Бишкек шаары | |
|------------------------------------|--------------------------------|
|Бардыгы |1 436 788,5 миң сом |
-----------------------------------------------------------------------
Категориялык гранттар биринчи кезекте саламаттык сактоо тармагындагы жана орто жана башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү чыгымдардын артыкчылыктуу багыттарын каржылоого жумшалаары жана ошону менен бул секторлор боюнча чыгымдардын минимум деңгээлдин жабаары белгиленсин.
14-статья
2002-жылы жергиликтүү кеңештерге кирешелерди теңештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюжетинен гранттардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленсин:
-----------------------------------------------------------------------
|Ош областы |110 949,5 миң сом |
|------------------------------------------------|--------------------|
|Баткен областы | 44 300,2 миң сом |
|------------------------------------------------|--------------------|
|Жалал-Абад областы | 40 202,4 миң сом |
|------------------------------------------------|--------------------|
|Нарын областы | 67 911,9 миң сом |
|------------------------------------------------|--------------------|
|Талас областы | 24 444,0 миң сом |
|------------------------------------------------|--------------------|
|Бардыгы: |287 808 миң сом |
-----------------------------------------------------------------------
Республикалык бюджеттен ушул Мыйзамдын бул статьясы менен белгиленген өлчөмдөрдө берилчү теңлөөчү гранттардын суммалары биринчи иретте социалдык чөйрөнүн эмгек акыга жана Социалдык фондго чегерүүлөргө статьялары боюнча чыгымдарын жабууга жумшалууга тийиштиги белгиленсин.
15-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө айрым жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу республикалык бюджетке салыктарды жана башка кирешелерди которуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартибин бузган учурда Кыргыз Республикасынын алардын ведомствосуна таандык аймактарында ишке ашырылып жаткан жалпы мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды республикалык бюджеттен каржылоону, өз ара эсептешүүлөр, бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча каражаттарды өткөрүп берүүнү токтотууга, ошондой эле белгиленген нормативдик актыларга ылайык республикалык бюджетке которулбаган каражаттарды алып коюуга уруксат берилсин.
16-статья
2002-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна республикалык бюджеттен пенсияларды, кошумча акыларды жана компенсацияларды төлөөнүн өлчөмү 434,9 млн сом суммасында белгиленсин.
17-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин областтардын, Бишкек жана Ош шаарынын бюджеттери менен өз ара эсептешүүлөрүнө тийиштүү органдар кабыл алган нормативдик актылардан, ошондой эле өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин, инфляциянын темптеринин өзгөрүүсүнөн жана республикада жүрүп жаткан башка процесстерден келип чыгуучу тактоолорду киргизүү укугу берилсин.
Республикалык бюджет боюнча өз ара чегерүүлөрдү жүргүзүү токтотулсун.
Областтык мамлекеттик администрацияларга жана Бишкек, Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларына жергиликтүү бюджет боюнча өз ара чегерүүлөрдү жүргүзүүнү токтотуу сунушталсын.
18-статья
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошумча мамлекеттик чыгымдоолорду пайда кылуучу жана Кыргыз Республикасынан республикалык бюджетинин киреше базасын азайтуучу чечимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жактырылгандан кийин гана күчүнө кирери белгиленсин.
19-статья
Бардык деңгээлдеги мамлекеттик администрациялар жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу айыл өкмөттөрүнүн финансылык-экономикалык негизин чыңдоого багытталган иш-чараларды жүргүзүшөөрү белгиленсин.
Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысынан түшкөн каражаттар айыл өкмөттөрүнүн атайын каражаттары катары эсептелсин жана толугу менен алардын карамактарында калтырылсын.
20-статья
2002-жылы бюджеттик мекемелерге жана уюмдарга ссудалар жана кредиттер алар мурда алган кредиттерин жоюу боюнча проценттик төлөмдөрдү жана суммаларды төлөө жөнүндө милдеттенмелерин аткарышкан шартта берилери белгиленсин.
21-статья
Кайра төлөөсүз жана кайра төлөө негизи менен берилген республикалык бюджеттин каражаттарын бюджеттик мекемелердин жана чарбалык субьекттердин башка максатка пайдаланышы, кайра төлөө негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдалангандык үчүн проценттерди төлөөнүн мөөнөтүн кечиктиргендик төмөнкүлөр үчүн себеп болоору белгиленсин, алар:
- бардык формадагы мамлекеттик комдоо көрсөтүүнү, анын ичинде салыкты төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну азайтууга же токтотууга;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдонуудагы учеттук ставкасынын эки эсе өлчөмүндө айып өндүрүп алууга.
2002-жылы ишканаларга жана уюмдарта берилген бюджеттик каражаттарды кайра кайтаруу, ошондой эле ал каражаттарды пайдалангандык үчүн акыны төлөө бюджеттик төлөмдөргө теңештирилери жана биринчи кезекте жүргүзүлөөрү белгиленсин.
22-статья
Чарбакер субьекттердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы менен берилген кредиттер боюнча милдеттенмелердн өз убагында аткаруу боюнча жоопкерчиликтери аныкталсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чарбакер субьекттердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы менен берилген кредиттерди төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарышпагандыктан республикалык бюджет тарткан зыяндын ордун толтурууну камсыздасын.
23-статья
"Кыргыз Республикасынын 2002-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2002-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|