Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 17-июлундагы № 240 токтомуна
ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 3-сентябры № 511
Кыргыз Республикасынын "Автотранспорт каражаттарынын
ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Т.А.Акматалиев аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Биринчи вице-премьер-министр | Н.Танаев |
| Долбоор |
1-статья. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жөнгө салуунун предмети жана укуктук негизи
Бул Мыйзам автотранспорт каражаттарынын ээлеринин үчүнчү жактын алдындагы граждандык жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу тармагындагы укуктук мамилелерди жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибин аныктайт.
Бул Мыйзамдын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин камсыздандыруу маселелерин жөнгө салуучу башка нормативдик-укуктук актылар түзөт.
2-статья. Камсыздандыруу максаты
Автотранспорт - каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун максаты жеке адамдарды жана юридикалык жактарды камсыздандыруу жагынан коргоону камсыз кылуу, граждандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана алардын мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун өз учурунда толтуруу (эгерде келишимде башкача каралбаса) болуп саналат.
3-статья.
Камсыздандыруунун бул түрүнүн обьектиси жол-транспорт кырсыктарынын (ЖТК) натыйжасында үчүнчү жактын алдында (жүргүнчүлөрдөн башка) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилиги болуп саналат.
4-статья. Камсыздандыруучу уюмдар
Камсыздандыруучулар - атайын укуктуу мамлекеттик орган конкурстук негизде автотранспорт каражаттарынын ээлеринин граждандык жоопкерчилигин менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү камсыздандыруу укугуна лицензия берген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруучу уюмдары.
5-статья. Камсыздандыруучулар
Камсыздандыруучулар - автотранспорт каражаттарынын ээси болуп саналган жана өзүлөрүнүн граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырган жеке адамдар жана юридикалык жактар болуп саналат.
Автотранспорт каражаттарынын ээлери менчик ээси, арендатор, ишеним каты боюнча автотранспорт каражаттарына ээлик кылуучу юридикалык жактар жана жеке адамдар болушу мүмкүн.
6-статья. Автотранспорт каражаты
Автотранспорт каражаттарына жеңил, жүк ташуучу автомобилдер, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар, троллейбустар, микроавтобустар, мототранспорттор жана кыймылдаткычынын көлөмү 60 куб. см.дан ашуунду түзгөн башка транспорттун түрлөрү кирет.
7-статья. Үчүнчү жак (жабыр тарткандар)
Үчүнчү жак - милдеттүү камсыздандыруу жана ташуу, ЖТК (ДТП) натыйжасында адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө же анын мүлкүнө келтирилген зыян боюнча келишимде тарап болуп саналбаган жак.
8-статья. Автотранспорт каражатынын ээлеринин милдеттери
Автотранспорт каражатынын ээси автотранспорт каражатынын ар бир бирдиги боюнча өзүнүн граждандык жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү.
Жыл ичинде сатылып алынган автотранспорт каражаты үчүн камсыздандыруу төлөмү ушул Мыйзамдын 23-статьясында белгиленген жылдык камсыздандыруу төлөмүнөн келип чыккан пропорционалдуу калган мөөнөткө бирдей өлчөмдө төлөнөт.
Автотранспорт каражатын андан ары пайдаланууда камыздандыруу төлөмдөрү анын ээси тарабынан ошол жылдын 31-декабрынан кечиктирилбестен кийинки жылга төлөнүүгө тийиш.
9-статья. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөөнүн кесепети
Өзүнүн граждандык жоопкерчилигин камсыздандырбаган автотрансепорт каражатынын ээсине автоунааны айдоого уруксат берилбейт.
Автотранспорт каражатын камсыздандырбай туруп, аны айдоо учурунда адамды зыянга учуратса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартат жана жапа чеккен адамга келтирилген зыянды толуктоо үчүн төлөнө турган сумманы атайын гарантияланган фондго төлөйт.
10-статья. Камсыздандыруу кырсыктары
Камсыздандыруунун ушул түрү боюнча камсыздандыруу кырсыктары делинип, эгерде келишимде жол-транспорт кырсыгынан жапа чеккен автотранспорттун айдоочусу же анын ээси тарабынан үчүнчү жактын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыянды төлөө жагы башкача каралбаган болсо, зыян үчүн төлөөгө негиз болгон окуялар болуп саналат.
Ишкананын, уюмдун жана мекеменин ички аймагында турган автотранспорт каражаты дат басуудан, табигый кырсыктан, аскердик операциялардан, көнүгүүлөрдөн, уурдоодон, кыймылда болуудан, жүктөөдөн, жүк түшүрүүдөн, ошондой эле жол-транспорт кырсыгына тиешеси жок учурлардан зыян тартса, булар камсыздандыруу кырсыктарына кирбейт.
11-статья. Камсыздандыруу уюмунун милдети
Камсыздандыруу кырсыгы болгон учурда, камсыздандыруучу уюм, эгерде ушул Мыйзамдын 26-статьясына ылайык камсыздандыруу кайтарымын төлөөдөн баш тартуу жагы каралбаган болсо камсыздандыруучудан үчүнчү жакка (жапа чеккендерге) камсыздандыруу кайтарымын төлөө жөнүндө бардык зарыл документтери менен арызын карап чыгып, 10 күндүн ичинде төлөп берүүнү камсыз кылат.
Белгиленген мөөнөттү бузган камсыздандыруучу уюм жапа чеккен адамга төлөнө турган суммадан ар бир узарып кеткен күн үчүн 0,1 процент өлчөмүндө үстөк төлөйт.
12-статья. Камсыздандыруу келишими жана аны түзүүнүн тартиби
Ушул Мыйзамдын шартына ылайык эки тараптын макулдашуусу камсыздандыруу келишими болуп саналат. Камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде түзүлөт жана камсыздандыруучу уюм менен камсыздандыруучунун өз ара укугун жана милдеттерин жөнгө салат. Келишимдин түзүлгөн факты камсыздандыруу полисин жана камсыздандыруу карточкасын берүү менен ырасталат. Бул докуметтер камсыздандыруучу камсыздоо төлөмүн төлөгөндө берилет. Камсыздандыруу полисинин жана камсыздандыруу карточкаларынын бланктарынын формаларын атайын укуктук мамлекеттик орган бекитет. Камсыздандыруу карточкасы, камсыздандыруу полиси бар экендигин далилдеген документ болуп саналат жана ал автотранспорт каражатын айдаган адамдын жанында болуп, мамлекеттик автомобилдик инспекция кызматкерлери талап кылган учурда көрсөтүлөт.
13-статья. Зыяндын ордун толтуруу
Камсыздандыруучу уюмдун жапа чеккен адамдын (үчүнчү жактын) тарткан зыянын төлөшү үчүн негиз болуп, камсыздандыруучунун жапа чеккен адамдын өзүн жана мүлкүн зыянга учуратуу фактысы саналат.
Эгерде келишимде автотранспорт каражатын айдоонун натыйжасында келтирилген (чыгымды) үчүнчү жакка (жапа чеккен адамга) төлөө жагы башкача каралбаса, камсыздандыруучу уюм ушул мыйзамда белгиленген учурларда, өтө коркунуч туудуруга себепкер болгон зыян үчүн жоопкерчиликти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарында каралган өлчөмдө Атайын гарантиялык фонддон төлөп берет, бирок төмөнкүлөрдөн жогору болбоо керек:
а) эгерде келишимде башкача каралбаса, үчүнчү адамдын өлгөндүгүнө байланыштуу чыгашаны төлөө учурундагы минималдуу эмгек акынын 200 эсе өлчөмүнөн;
б) жабыр тартуучунун майыптыгы аныкталган учурда:
- 1 топтогу майыптыкка - эгерде келишимде башкача каралбаса, зыяндын ордун толтуруу учурундагы минималдуу эмгек акынын 150 эсе өлчөмүнөн;
- II топтогу майыптыкка - эгерде келишимде башкача каралбаса, зыяндын ордун толтуруу учурундагы минималдуу эмгек акынын 125 эсе өлчөмүнөн;
- III топтогу майыптыкка - эгерде келишимде башкача каралбаса, зыяндын ордун толтуруу учурундагы минималдуу эмгек акынын 100 эсе өлчөмүнөн;
в) денесинен оор жаракат алганда:
- өмүрүнө коркунуч келтирилсе - эгерде келишимде башкача каралбаса, зыяндын ордун толтуруу учурундагы минималдуу эмгек акынын 75 эсе өлчөмүндө;
- өмүрүнө коркунуч келбесе - минималдуу эмгек акынын 50 эсе өлчөмүндө;
г) эгерде келишимде башкача каралбаган болсо, денесинен анча оор эмес жаракат алса - минималдуу эмгек акынын 35 эсе өлчөмүндө;
д) денесинен жеңил жаракат алса - минималдуу эмгек акынын 10 эсе өлчөмүндө.
Мында жогорудагы төлөөлөр жол-транспорт кырсыктарынан алган жаракаттын оор же жеңил келтирилген зыяндын ар бир конкреттүү учуру үчүн бир ирет белгиленген өлчөмдө жүргүзүлөт.
Эгерде келтирилген жаракаттан жапа чеккен (үчүнчү жак) адам жол-транспорт кырсыгы болгондон 3 жыл өткөнгө чейин майыптыкка же өлүмгө дуушар болсо, анда мурда төлөнгөн сумманы эсеп кылуу менен чыгымдын ордун толуктоо кайра эсептелет;
Зыянга дуушар болгон (жок кылынган) транспорт каражаты жана башка мүлк үчүн иш жүзүндө тарткан чыгымды төлөө төмөнкүдөй чекте жүргүзүлөт:
- жеңил автомобиль үчүн - минималдуу эмгек акынын 175 эсе өлчөмүндө;
- жүк ташуучу автомобиль үчүн - минималдуу эмгек акынын 200 эсе өлчөмүндө;
автобус үчүн - минималдуу эмгек акынын 250 эсе өлчөмүндө;
- мотоцикл же мотороллер үчүн - минималдуу эмгек акынын 50 эсе өлчөмүндө;
башка автотранспорт каражаттары үчүн - минималдуу эмгек акынын 200 эсе өлчөмүндө;
башка мүлк үчүн - минималдуу эмгек акынын 50 эсе өлчөмүндө.
Мында төлөө өлчөмү, чыгашаны төлөө учурундагы минималдуу эмгек акынын өлчөмүнө жараша аныкталат.
Бир канча адам өлгөн же ден соолгуна зыян келген учурда, эгерде келишимде башкача каралбаса, ушул статьяда каралган өлчөмдө жапа чеккен адамдардын ар бирине тарткан чыгымдын төлөө жүргүзүлөт, эгерде бир канча юридикалык жактар зыянга учурап, жапа чексе, дооматтар ушул Мыйзамдын 12-статьясында каралган сумманын чегинде пропорционалдуу негизде канаттандырылат.
14-статья. Автотранспорт каражат ээлеринин канчалык деңгээлде күнөөлүү экендиги
Автотранспорт каражаттары кагылышканда алардын ээлеринин канчалык деңгээлде күнөөлү экендиги, алар келтирген зыяндар тийиштүү органдар (дознания, тергөө), ал эми пикир келишпөөчүлүк келип чыкса сот аркылуу аныкталат.
15-статья. Үчүнчү жактын (жапа чегүүчү), чыгашаны төлөөнү талап кылууга укугу
Келишимде башкача каралбаса, автотранспорт каражатынан келтирилген үчүнчү жак эгер чыгашаны эки же андан көбүрөөк камсыздандыруу уюмдарынан төлөтүп алууга укугу бар болсо, анда камсыздандыруу уюмдары граждандык укуктун жалпы нормаларына ылайык жоопкерчиликти бирдей тартат.
Жапа чекеен адамга камсыздандыруу кайтарымын төлөп берген камсыздандыруучу уюм келтирилген зыянды төлөө боюнча жоопкерчилик милдетин алган башка камсыздандыруу уюмдарынан өзүнө тийиштүү өлчөмдөгү чыгашаны төлөөнү талап кылууга укугу бар. Бир пикирге келише албаган камсыздандыруу уюмдарынын талаш-тартыштары сот аркылуу чечилет.
16-статья. Жол-транспорт кырсыктарын жоюуга катышкан адамдын талап кылуу укугу
Жол-транспорт кырсыгын жоюу учурунда өзүнүн транспорт каражаты менен дарылоо мекемесине жапа чеккен адамдарды ташууда катышкан же автотранспорт каражатынан жапа чеккен адамдардын зыянга учуроосун азайтуу үчүн жардам жана башка көмөк көрсөткөн адамдар жапа чеккен адамдардай эле өзүнүн чыгымын төлөтүп алууга укугу бар. Алардын канчалык ждеңгээлде катышуусу жана тарткан чыгашасынын көлөмү жогорудагы адамдардын жана камсыздандыруу уюмдарынын макулдашуусу боюнча аныкталат, ал эми тараптардын өз ара макулдашуусу жок жерде сот аркылуу аныкталат.
17-статья. Чыгашанын ордун төлөө
Эгерде келишимде башкача каралбаса, социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу жана жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөнө турган тийиштүү суммага карабастан, жапа чеккен адамдын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген чыгашанын орду төлөнүп берилет.
18-статья. Тийиштүү өлчөмдөн (чектен) жогору төлөө
Чыгашанын ордун төлөө суммасы ушул Мыйзамдын 12-статьясында белгиленген суммадан ашып кетсе, (эгерде келишимде башкача каралбаса), үчүнчү жак зыян келтирген автотранспорт ээсине түздөн-түз кошумча чыгашаны төлөтүп алуу алуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укугу бар. Автотранспорт каражатынын ээси өзүнүн граждандык жоопкерчилигин ушул мыйзамдын 12-статьясында белгиленген камсыздандыруучу уюмдун жоопкерчилигинен жогору суммада ыктыярдуу түрдө камсыздандыра алат.
19-статья. Регресттик доолор
Үчүнчү жакка чыгашанын ордун төлөп берген камсыздандыруучу уюм же атайын гарантиялык фонд (эгерде келишимде башкача каралбаса) төмөнкү учурларда жана регресс катары камсыздандыруучуга талап коюуга укугу бар:
- атайлап зыян келтирүү;
- автотранспорт каражатын ичкилик ичип алып же наркотикалык затка мас болуп айдоо;
- автотранспорт каражатын укугу жок айдоо.
Регресс катары талаптар автотранспорт каражатын укуксуз пайдаланган адамдарга да коюлушу мүмкүн.
Регресстик талаптар төмөнкүлөргө коюлбайт:
- автотранспорт каражатынын ээсине жалданып иштеген айдоочуга;
- автотранспорт каражатынын ээсинин көзүнчө айдап жүргөн адамга.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, социалдык камсыздоо органдары, ошондой эле медициналык камсыздандыруу уюмдары автотранспорт каражат ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жүргүзгөн камсыздандыруучу уюмдарга регрессттик талаптарды коюуга укугу жок.
20-статья. Атайын гарантиялык фондду түзүү
Жапа чекеен адамдардын мүлктүк кызыкчылыгын коргоону камсыздоо максатында автотранспорт каражат ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча атайын гарантиялык фонд түзүлөт.
Атайын гарантиялык фонд автотранспорт каражат ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүгө лицензиясы бар камсыздандыруунун ушул түрү боюнча чогулган камсыздандыруу взносторунун эсебинен 10 процент өлчөмүн чегерип туруу менен түзүлөт.
Атайын гарантиялык фонддун каражаттары (эгерде келишимде башкача каралбаса) өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырбаган автотранспорт каражат ээлеринин автотранспорт келтирген зыянды үчүнчү адамга төлөө, ошондой эле камсыздандыруучу уюм банкрот болгон учурда чыгашаны толуктоо максатында пайдаланылат.
Социалдык камсыздоо органы тарабынан бекер алынган автотранспорт каражатынан, ошондой элде Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы же ага тендеш адамдарга таандык автотранспорт каражаттарынан жапа чеккен адамдарга зыяндын орду ушул Мыйзамдын 12-статьясына ылайык камсыздандыруучу уюм тарабынан төлөнүп берилет. Мында камсыздандыруучу тарабынан төлөнгөн сумманын 75 проценти ага атайын фонддун эсебинен толукталып берилет.
Автотранспорт каражат ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча атайын гарантиялык фонд жөнүндө Жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Атайын гарантиялык фондду түзүүгө жана пайдаланууга контролдукту атайын укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
21-статья. Камсыздандыруучуга жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүү мөөнөтү
Автотранспорт каражатынын ээси - жол-транспорт кырсыгы болгон учурда, камсыздандыруучу жапа чеккен адамга чыгашаны төлөп берүүгө милдеттүү болгон камсыздандыруучу уюмга, эгерде келишимде башкача каралбаса, окуя болгон учурдан беш суткадан кечиктирбестен жазуу жүзүндө (дем алыш жана майрамдарды эске албаганда) кырсык болгон жерди, ага зыян келтирген кырдаалды жана себеби тууралу, маалымат берүүгө милдеттүү.
Камсыздандыруунун (жапа чеккендерге же алардын мурасчыларына), ошондой эле алардын укугун улантуучу адамга камсыздандыруу кырсыгын билдирүүгө мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда, бул маалыматтарды камсыздандыруучу уюмга МАИ органдары билдирет.
22-статья. Укук коргоо жана башка органдар тарабынан документтерди берүүнүн тартиби
Эгерде граждандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимде башкача каралбаса, ички иштер, прокуратура, сот органдары жана медициналык мекемелер, сот медициналык эксперттер, врачтык-эмгектик эксперт комиссия жана башка компететтүү органдар камсыздандыруучу уюмдарга чыгашаны төлөөгө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн зарыл документтерди бекер берүүгө милдеттүү.
23-статья. Камсыздандыруу мөөнөтү
Камсыздандыруу келишими 1ден 2-айга чейинки жана 1 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Чет өлкөлүк автотранспорт каражатынын ээси Кыргыз Республикасынын аймагында анын автотранспорт каражаты жүргөн бүткүл мезгилге ушул мыйзамда белгиленген тартипте камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасына автотранспорт каражаттары башка мамлекеттерден келген учурда Мамлекеттик автомобилдик инспекция кызматкерлери анын айдоочусуна граждандык жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин түзүү зарылдыгы жөнүндө эскертүүгө жана камсыздандыруу уюмдарынын дареги жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Чет өлкөлүк автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан кеткен учурда анын айдоочусу Мамлекеттик автомобилдик инспекциянын кызматкерлерине камсыздандыруу полисин (камсыздандыруу карточкасын) көрсөтүүгө милдеттүү.
Камсыздандыруу келишими камсыздандыруу төлөмүн төлөгөн учурдан тартып күчүнө кирет жана түзүлгөн мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонулушу токтотулат.
24-статья. Камсыздандыруу төлөмү жана аны төлөөнүн тартиби
Автотранспорт каражат ээси тарабынан бир автотранспорт каражатынан алына турган жылдык камсыздандыруу төлөмү минималдуу эмгек акынын өлчөмүнө пропорционалдуу (төлөмдү төгүп берген күнгө) төмөнкү коэффициенттерди колдонуу менен төлөнөт:
- жеңил автомобилдер жана микроавтобустар - 3,0;
- жүк ташуучу автобустар - 4,1;
- шаар ичиндеги автобустар - 4,1;
- башка автобустар - 7,3;
- мотоциклдер, (мотороллерлер) - 1,0;
- башка автотранспорт каражаттары - 4,0.
Камсыздандыруу төлөмү улуттук жана чет өлкөлүк валюта менен накталай эмес эсептешүү же накталай төгүп берүү аркылуу бир учурда камсыздандыруучу уюмдун кассасына төлөнөт.
Камсыздандыруу төлөмү толук эмес айга да толук айдай эле төлөнөт.
Жыл сайын төлөнчү камсыздандыруу акысын төлөгөн учурда камсыздандыруучуга автотранспорт каражатын 1 (бир) жылдын ичинде кырсыкка учуратпай айдап жүргөндүтү үчүн - 10% өлчөмүндө, 2 (эки) жылдын ичинде 15%, 3 (үч) жылдын ичинде 2 20%, 5 (беш) - жылдын ичинде жана андан көп жылдын ичинде кырсыксыз айдап жүргөн болсо, - 30 % өлчөмүндө жеңилдик берилет.
Автотранспортту камсыздандыруучунун же ал ишенип айдаткан башка адамдын күнөөсүнөн бир жылдын ичинде бир жолу жол-транспорт кырсыгына учуратып, келтирилген чыгашаны төлөөгө мажбур кылса (эгерде келишимде башкача каралбаса) автотранспорт кырсыгынан кийин камсыздандыруу төлөмү келерки жылга 15%ке көбөйөт, ал эми эки же андан көп жол кырсыгына учуратса төлөм акысы 30%ке көбөйөт.
Социалдык камсыздоо органдары аркылуу автотранспорт каражатын бекер алган граждандар, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун майыптары жана ага теңдеш адамдар граждандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторун белгиленген жылдык взностун 50% өлчөмүндө төлөшөт. Мыйзамдын ушул статьясында каралган жеңилдик бул категориядагы автотранспорт каражат ээлерине колдонулбайт. Ушул Мыйзамга ылайык юридикалык жактар төлөгөн камсыздандыруу төлөмдөрү алардын өндүрүштүк чыгымдарына кирет. Камсыздандыруучу уюмдар камсыздандыруучулар үчүн кошумча жеңилдиктерди белгилөөгө укугу бар.
25-статья. Камсыздандыруу төлөмдөрүн бөлүштүрүү
Камсыздандыруучулар тарабынан төлөнө турган камсыздандыруу төлөмдөрү (ушул мыйзамдын 25-статьясына ылайык өткөрүлүп берилген кайра камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдөн башкасы) төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
- камсыздандыруу төлөмүнүн фондуна чегерүүлөр - 75%;
- гарантиялык фондго чегерүүлөр - 10%;
- жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чараларды каржылоо резервине - 5 процент;
- мунун ичинен камсыздандыруу төлөмүнүн 1 проценти Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын аймактык органдары аныктаган тизмеге ылайык, ар бир квартал сайын жогорудагы чараларды каржылоого жумшалат, ал эми калган которулчу суммалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте чыгымдалат;
- 10%ти камсыздандыруучу уюмдардын иш жүргүзүү чыгымдарына жумшалат.
26-статья. Автотранспорт каражатынын башка адамдын менчигине өтүшү
Автотранспорт каражаты башка адамдын менчигине өткөн учурда, камсыздандыруучу камсыздандыруу полисин автотранспорт каражатынын жаңы ээсине өткөрүп берүүгө же жаңы менчикке өткөн же мурдагы алмашып (пайдаланууга) алган ошондой эле категориядагы башка автотранспорт каражатына келишимди кайрадан түзүүгө укуктуу.
27-статья. Келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу кайтарымын төлөөдөн баш тартуу
Камсыздандыруу кайтарымын төлөөдөн баш тартуунун себептери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Мыйзамдын 7-статьясына ылайык камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөбөй коюусу;
- камсыздандыруучунун кылмыш иш жасоосуна байланыштуу үчүнчү жактын мүлкүнө, өмүрүнө же ден соолугуна атайын зыян келтирүүсү;
- камсыздандыруучунун камсыздандыруу келишиминин шарттарын бузуусу.
Келишимди бузуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- автотранспорт каражатын айдоого укугу жок адамга бериши;
- автотранспорт каражатын мас абалында айлоосу;
- айдоочунун жол-транспорт кырсыгы болгон жерди жашыруусу; автотранспорт каражатын максатсыз пайдалануу.
Эгерде келишимди башкача каралбаса, камсыздандыруучу уюм үчүнчү жактын мүлкүнө, ден соолугуна зыян келтирилгендигине байланыштуу чыгашаны төмөнкү учурларда төлөбөй коюуга укугу бар:
- эгерде зыян үчүнчү адамдын атайын жасаган аракеттеринен келтирилсе;
- эгерде жол транспорт кырсыгы болгон учурда үчүнчү адам алкоголдук, баңги заттарга мас абалында болсо;
- эгерде үчүнчү адам жол транспорт иштери жүрүп жатканда малдарды ташуу учурунда жол кыймылынын эрежесин бузса;
- эгерде үчүнчү адам автотранспортту айдоого укугу жок айдаган болсо.
28-статья. Камсыздандыруу аймагы
Автотранспорт каражат ээлеринин эжоопкерчилигинин милдеттүү камсыздандырылышы Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу болуп саналат.
Эгерде жол-транспорт кырсыгы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде болсо, камсыздандыруунун ушул түрү боюнча камсыздандыруу кайтарымын төлөө Кыргыз Республикасынын жана тийиштүү чет мамлекеттин камсыздандыруучу уюмдарынын ортосундагы макулдашуунун же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жөнгө салынат.
Жогорудагы келишимдерге жана макулдашууларга ылайык, чет өлкөлүк автотранспорт каражаттарынын ээлеринин полистери өз ара тартипте жарактуу болуп саналат.
29-статья. Эл аралык келишим
Эгерде эл аралык келишимде ушул Мыйзамда камтылгандан тышкары башкача шарттар каралган болсо, анда эл аралык келишимдин нормалары колдонулат.
30-статья. Талаш-тартыштарды кароо
Ушул Мыйзамды колдонууда келип чыккан камсыздандыруучулардын, камсыздандыруучу уюмдардын жана жапа чеккендердин талаш-тартыштары белгиленген тартипте сот аркылуу каралат.
31-статья. Автотранспорт каражат ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну контролдоо
Автотранспорт каражат ээлеринин граждандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун ишке ашырылышын контролдоо атайын укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясына жүктөлөт.
32-статья. Мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- мыйзам актыларына ушул Мыйзамдан келип чыккан өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|