Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 19-сентябры № 571
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу
мамлекеттердин аймактарында санитардык коргоо
тармагында кызматташтык жөнүндө
Макулдашууну бекитүү
тууралуу
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында санитардык коргоо тармагында кызматташтык жөнүндө 2001-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Макулдашуунун 10-статьясына ылайык мамлекеттик ички процедураларды аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында санитардык коргоо тармагында кызматташтык жөнүндө тиркелген Макулдашуу бекитилсин.
2. Бул Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин;
- бул токтомдун аткарылышын контролдукка алсын.
4. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | К.Бакиев |