ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-сентябрындагы № 571 «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында санитардык коргоо тармагында кызматташтык жөнүндө Макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому

Редакция19.09.2001 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 19-сентябры № 571

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу

мамлекеттердин аймактарында санитардык коргоо

тармагында кызматташтык жөнүндө

Макулдашууну бекитүү

тууралуу

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында санитардык коргоо тармагында кызматташтык жөнүндө 2001-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Макулдашуунун 10-статьясына ылайык мамлекеттик ички процедураларды аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында санитардык коргоо тармагында кызматташтык жөнүндө тиркелген Макулдашуу бекитилсин.

2. Бул Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясына жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин;

- бул токтомдун аткарылышын контролдукка алсын.

4. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министр

К.Бакиев