Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилген |
Ушул Тартип, кирешелер жана/же түшкөн акча жөнүндө, ошондой эле ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын мүлк объектилери тууралуу маалыматтарды камтыган Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI -102) (мындан ары – Декларация) толтуруу эрежелерин аныктайт, анын ичинде төмөнкүлөр жөнүндө:
салык салуунун жалпы режиминин негизинде салык төлөө;
атайын салыктык режимдин негизинде салык төлөө;
жеке адам тарабынан ишкердик ишинде пайдаланыла турган мүлк объектилери;
мүлк объектилерине/жер участокторуна ээ болууну жана/же пайдаланууну кошкондо, ишкердик болуп саналбаган экономикалык ишти ишке ашыруу;
кирешелер булактары.
2. Жеке ишкер болуп катталган же катталууга милдеттүү болгон, ошондой эле патент алган же алууга милдеттүү болгон жеке адам Декларация (FORM STI -102) түзүүгө жана берүүгө милдеттүү (мындан ары – Декларация тапшыруучу).
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары – Салык кодекси) 92-беренесинин ченемдерине ылайык экономикалык иш жүргүзгөн жеке адамдардын төмөнкү категориялары Декларация берүүгө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары иш жүзүндө жашаган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке адам;
2) жеке адам – Кыргыз Республикасынын резиденти;
3) туруктуу мекемени түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн резидент эмес – жеке адам.
Ишкердик иш жана башка иштер экономикалык иш деп саналат.
Мыйзамда белгиленген тартипте ишкер катары катталган адамдар тарабынан пайда алууга багытталган, тобокелдикке салып өз алдынча ишке ашырылган иш ишкердик иш деп саналат.
Башка экономикалык иштер деп төмөнкүлөр саналат:
а) ишти Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу;
б) банктарга акча каражаттарын салуу;
в) жеке же юридикалык жактын уставдык капиталындагы, баалуу кагаздарын үлүштөрүн сатып алуу, берүү же сатуу;
г) жеке же юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшүнө жараша кандай болбосун төлөмдөрдү алуу;
д) үстөк айыпты, жазапулдарды, моралдык зыяндын акысын алуу;
е) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасын (ордун толтурууну) алуу;
ж) ишкердик иш болуп саналбаган башка иш.
Башка экономикалык ишке, мисалы, пенсия, стипендия, жөлөкпул, алимент, мурас, насыялар жана зайымдар түрүндөгү кирешелерди алуу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн, анын ичинде жер тилкелеринин салык салынуучу жана/же салык салынбаган объектилерине ээ болуу кирет.
Кыргыз Республикасында ишкердик иш жүргүзгөн жеке адам жарандыгына карабастан Декларация тапшыруучу болуп саналат жана Декларация (FORM STI – 102) түзүүгө жана берүүгө милдеттүү.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик ишин жүргүзбөгөн, отчеттук жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгондугуна же болбогондугуна карабастан Кыргыз Республикасынын жараны, Кыргыз Республикасынын резиденти, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында башка экономикалык иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын резиденти эмес адам Декларация тапшыруучу болуп саналат жана Декларация (FORM STI – 102) түзүүгө жана берүүгө милдеттүү.
Салык кодексинин 24-беренесине ылайык жеке ишкер деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:
1) патенттин негизиндеги ишти кошо алганда, уюм түзбөстөн ишкердик иш жүргүзгөн жана Салык кодексинде белгиленген милдеттерди аткаруу жүктөлгөн резидент - жеке адам;
2) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу өз ишин жүргүзгөн резидент эмес - жеке адам.
3. Декларация Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынан (FORM STI – 102) жана ага тиркелген төмөнкү тиркемелерден турат:
1) 1- тиркеме “Жылдык жыйынды киреше” (FORM STI – 102-001);
2) 2-тиркеме “Эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар, салык жеңилдиктери жана ишкердик иш боюнча салык салынбай турган кирешелер” (FORM STI–102-002);
3) 3-тиркеме “Жеке адамдын салык салынбай турган кирешелери жана төлөмдүн булагында салык салынган кирешелер” (FORM STI–102-003);
4) 4-тиркеме “Мүлк салыгы” (FORM STI – 102 - 004) жана анын (FORM STI – 102 – 004-01), (FORM STI – 102 – 004-02) тиркемелерин чечмелөө;
Эскертүү:
а) 1, 2 жана 3-топтордун мүлк объектилери боюнча чечмелөөдө ар бир объект боюнча төмөнкүлөр өз-өзүнчө көрсөтүлөт:
- мүлк объектисинин топторунун коду;
- мүлктүн түрүнүн коду;
- мүлктү пайдалануучунун коду;
- мүлктүн жайгашкан районунун коду;
- мүлктүн идентификациялык коду;
- мүлк объектисинин коду;
- жалпы аянты (ч.м.);
- салыктын суммасы;
б) 4-топтун объекттери боюнча чечмелөөдө ар бир объект боюнча төмөнкүлөр өз-өзүнчө көрсөтүлөт:
- унаа каражатынын кыймылдаткычынын түрү;
- унаа каражатынын түрүнүн коду;
- унаа каражатын пайдалануучунун коду
- объекттин коду;
- унаа каражатынын маркасы;
- салыктын суммасы.
5) 5-тиркеме “Жер салыгы” (FORM STI – 102 - 005) жана анын (FORM STI – 102 – 005-01) тиркемелерин чечмелөө;
Эскертүү: жер участогу боюнча чечмелөөдө ар бир участок өз-өзүнчө көрсөтүлөт:
жер участогун пайдалануунун коду;
жер участогунун түрүнүн коду;
жер участогун пайдалануучунун коду;
жер участогу жайгашкан райондун коду;
- жер участогунун идентификациялык коду;
- объекттин коду;
- салыктын суммасы;
6) 6-тиркеме “Атайын салык режимдери” (FORM STI – 102 - 006);
7) 7-тиркеме «Активдердин кыймылы» (FORM STI – 102 - 007). Бул тиркеме бардык Декларация тапшыруучулар тарабынан толтурулушу керек;
8) 8-тиркеме “Экономикалык иш менен байланышкан чыгымдарды которууну чечмелөө жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган кирешелер”.
Мисалы: Декларация тапшыруучу Абдылдаев отчеттук салык мезгилинде компанияда кароолчу болуп эмгектенген жана ошону менен бирге эле базарда чарба буюмдарын сатуу боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзгөн. Абдылдаевдин Бишкек шаарындагы менчик үйү, ага катарлаш жер участогу жана автоунаасы бар. Мындан тышкары, анын жеке ээлигинде Бишкек шаарынын базарларынын биринде товар сатылуучу контейнери бар. Автоунаа боюнча 1-майга чейин Абдылдаев мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин көрсөтүү менен салык органына 4-топтун объектилери боюнча мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсебин (FORM STI-090) тапшырган. Соода кылуучу контейнер жөнүндө салык органына 1-мартка чейин 3-топтун объектилери боюнча мүлк салыгынын маалыматтык эсебин (FORM STI -088) берген. Мындан тышкары Декларация тапшыруучунун “Кыргызстан” АКБда депозити бар, ал боюнча квартал сайын пайыздардын суммасын алат.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Абдылдаев Декларация толтурат жана ишкердик ишин жүргүзгөн жери боюнча салык органына төмөндөгү формаларды тапшырат:
Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI -102);
1-тиркеме “Жылдык жыйынды киреше” (FORM STI -102-001), анда “Жеке адамдын жылдык жыйынды кирешеси” II бөлүмүн толтурат;
4-тиркеме “Мүлк салыгы” (FORM STI -102-004), ошондой эле 1, 2 жана 3-топтордун объектилери боюнча 4-тиркеменин чечмелөөсүн (FORM STI -102-004-01) жана 4-топтун объектилери боюнча 4-тиркеменин чечмелөөсүн (FORM STI -102-004-02);
5-тиркеме “Жер салыгы” (FORM STI -102-005) жер участоктору боюнча 5-тиркемени чечмелөө менен (FORM STI -102-005-01);
6-тиркеме “Атайын салык режимдери” (FORM STI -102-006), андагы “Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык” III бөлүмүн толтурат.
Эскертүү: Декларацияны толтуруу ага тиркелген тиркемелерди толтуруудан башталат.
Эгерде, Декларация тапшыруучуда тиркемелердин ичинен кайсыл бирин толтуруу үчүн көрсөткүчтөрү болбосо, мындай тиркеме толтурулбайт жана салык органына берилбейт. Декларацияга көрсөткүчтөрү бар гана тиркемелер тиркелет.
4. Толтурулган тиркемелерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр Декларациянын тийиштүү уячаларына көчүрүлөт.
5. Декларациянын 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында чагылдырылган көрсөткүчтөр, тиркемелердин бул уячаларында чагылдырылган маалыматтар менен бирдей болууга тийиш.
6. 1-бөлүмдүн төмөнкү бөлүгүндө Декларация тапшыруучу, ал тарабынан отчеттук мезгил ичинде колдонулган пайда салыгынын салык базасын эсептөө жана эсептеп чыгуу ыкмасына туура келген уячаны “Х” белгиси менен белгилейт.
7. 4 жана 5-тиркемелерден башка тийиштүү уячаларда көрсөткүчтөр жок болсо, «0» цифрасы көрсөтүлөт. 4 жана 5-тиркемелерде бардык саптар үчүн көрсөткүчтөр жок болсо же саптар толтурулбай калса, алар бардык узун-туурасы боюнча “Z” белгиси менен чийилет.
8. Декларация тапшыруучунун салык милдеттенмелерин эсептеп чыгуу менен байланышкан документтер төмөнкү тартипте берилет:
1) социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууларга болгон укугун ырастаган документтерди, чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасынын эсебин жана ошондой эле ыктыярдуу патенттин көчүрмөлөрүн кошпогондо, Декларация тапшыруучу тарабынан салыктын төлөнүүсүн, киреше алуусун, төлөм булагынан салыкты кармоону, ошондой эле, Декларация тапшыруучунун эсептен чыгарууга, салыкты төлөөдөн бошотууга жана/же жеңилдиктерге болгон укугун ырастаган документтер Декларация тапшыруучунун сактоосунда болот жана Декларацияга тиркелбейт.
Социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды, ошондой эле, чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасынын эсебин алууну каалаган Декларация тапшыруучу, Декларацияга анын эсептен чыгарууга/чегерүүгө болгон укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү менен эсептен чыгарууларды алууга арызын тиркейт.
Эскертүү: ырастоочу документтердин түп нускалары Декларацияны кабыл алган салык кызматынын кызмат адамына карап чыгуу үчүн берилет жана Декларация тапшыруучунун сактоосунда калат.
9. Акча каражаттарын кошпогондо, активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде колдонуудагы базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
10. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү, (аты, фамилиясы, атасынын аты) ээлеген кызматы көрсөтүлөт.
Декларацияга жана анын тиркемелерине кол коюлат:
1) Декларация тапшыруучу тарабынан, эгерде ал өз алдынча түзүлсө жана Декларация тапшыруучунун мөөрү болсо аны менен күбөлөндүрүлөт;
2) Декларация тапшыруучу тарабынан, эгерде эмгектик жана жарандык-укуктук келишимдин негизинде Декларация тапшыруучунун кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлсө жана берилсе;
3) Декларация тапшыруучу тарабынан, же ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык, ишеним каттын негизинде Декларация тапшыруучунун кызыкчылыгын коргогон ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлгөн жана берилген учурларда, ишенимдүү адам/субъект-өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан. Коюлган кол Декларацияга кол койгон адамдын/ уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Эскертүү: Декларацияга, ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык, ишенимдүү адам/ өкүл-уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлган учурда, Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө уюм-өкүлчүлүгүнүн аталышы, Декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү, (аты, фамилиясы, атасынын аты) ээлеген кызматы, салык өкүлчүлүгү ишке ашырган ишеним каттын негизиндеги маалымдареги көрсөтүлөт.
11. Декларация салык органына, кеңсенин жайгашкан жери боюнча же экономикалык иш жүргүзгөн орду боюнча, башкача айтканда жеке ишкердин эсептик катталуусу боюнча колмо-кол кагазга жазылган түрүндө берилиши, тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу бар тапшырык каты менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук формада тапшырылышы мүмкүн:
1) Декларация, колмо-кол кагазга жазылган түрүндө берилген учурда эки нускада толтурулат. Салык органынын кызмат адамы уячаларга Декларацияны алган датасын, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин толтурат, салык органынын штампын коёт. Декларациянын экинчи нускасы салык органынын белгиси менен Декларация тапшыруучуга кайтарылат жана анын сактоосунда калат.
2) Декларация тапшырык кат түрүндө почта аркылуу кабарлоо менен берилген учурда, салык органына эки нускада жиберилет. Декларация тапшыруучу анын берилгендигин ырастаган тапшырык каттын жеткирилгендиги жөнүндө почта байланышынын кабарлоосун алат, бул Декларациянын берилгендигин ырастоосу болуп саналат.
Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн тапшырык катын алгандан кийин уячаларга Декларацияны алган күнүн, Декларацияны кабыл алган кызмат адамынын ИСНин толтурат, салык органынын штампын коёт. Декларациянын бир нускасы салык органынын белгиси менен Декларация тапшыруучуга кабарлоосу бар тапшырык кат аркылуу жиберилет.
3) Декларацияны электрондук формада берген учурда, Декларация тапшыруучу анын салык органы тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө электрондук почта аркылуу кабарлоо алат.
Эскертүү:
салык органына электрондук формада келип түшкөн Декларация юридикалык күчкө ээ, ал эми документтерди электрондук түрдө берген салык төлөөчү отчетторун берген болуп саналат жана аны кагазга кайталап жазуудан бошотулат.
Эгерде, Декларация тапшыруучуда төмөнкү электрондук билдирүүлөр болсо, отчет берилгендигинин фактысы болуп таанылат:
- сервистин адистештирилген операторунун ырастоосу (Декларация тапшыруучу тарабынан салык отчетторунун жиберилген убактысын жана датасын көрсөткөн электрондук документ);
- отчетторду алгандыгы жөнүндө салык органынын ырастоосу (кириш контролунун протоколу).
Декларацияны электрондук формада берүү тартибине тийиштүү толук маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтына жайгаштырылат.
12. 001-уячасында:
1) эгерде, Декларация календардык жылда биринчи жолу тапшырылып жатса, «Х» түрүндөгү белги «Алгачкы» уячасына коюлат;
2) эгерде, Декларация мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылса, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилүүчү Декларацияда оңдолсо, «Х» түрүндөгү белги «Такталган» уячасына коюлат;
3. эгерде, Декларация жеке ишкердин (мындан ары – ЖИ) ишинин жоюлушуна байланыштуу тапшырылып жаткан болсо, “Х” түрүндөгү белги “Жоюлуучу” уячасына коюлат.
13. Бул бөлүмдүн уячаларын толтуруу ЖИ тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) 102-уячада ЖИнин ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада ЖИнин толук аты-жөнү көрсөтүлөт;
3) 104-уячада ЖИнин салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада статистика органы тарабынан ЖИнин каттоо учурунда ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 108-уячада ЖИнин катталган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
6) 110-уячада ЖИнин каттоодо турган калктуу конуштун аталышы (облусу, шаары, району, айылы) көрсөтүлөт;
7) 111-уячада ЖИнин катталган жери боюнча дареги (кичи району/ көчөсү, үйүнүн,кеңсесинин, батиринин номуру) көрсөтүлөт;
8) 112-уячада ЖИнин кеңсесинин жайгашкан жери же иш жүргүзгөн жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
9) 113-уячада ЖИнин кеңсеси жайгашкан же иш жүргүзгөн аймактагы калктуу конуштун аталышы (облусу, шаары, району, айылы) көрсөтүлөт;
10) 114-уячада ЖИнин катталган жери боюнча дареги (кичи району/ көчөсү, үйүнүн, кеңсесинин, батиринин номуру) көрсөтүлөт;
11) 115-уячада ЖИнин байланыш телефонунун номуру көрсөтүлөт;
12) 116-уячада ЖИнин электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт, эгерде бар болсо;
13) 201-уячада ЖИ үчүн отчеттук салык мезгилинин башталган датасы көрсөтүлөт:
а) эгерде, ЖИ мурдагы жылдары иш жүргүзгөн болсо, отчеттук жылдын башталган датасы көрсөтүлөт: 01.01.20___-ж.;
б) эгерде, ЖИ катары жылдын башында катталбаса, ЖИнин салык кызмат органында катталган датасы көрсөтүлөт.
14) 202-уячада отчеттук салык мезгилинин аяктаган датасы көрсөтүлөт:
а) эгерде, ЖИ отчеттук календардык жылдын ичинде иш жүргүзгөнү, жүргүзбөгөндүгүнө карабастан каттоодо турган болсо, отчеттук жылдын аяктаган күнү көрсөтүлөт: 31.12.20___-ж.
б) эгерде, ЖИ календардык жылдын аягына чейин жоюлган же кайрадан түзүлгөн болсо, ал үчүн жылдын башталышынан тартып жоюлганга же кайра уюшулганга чейинки мезгил акыркы салык мезгили болуп эсептелинет. Акыркы салык мезгили үчүн декларация, жоюлуунун же кайра уюштуруунун аяктаган айынан кийинки айдын аягына чейин берилет.
Эскертүү: 108, 110, 111, 112, 113, 114, 115, 116-уячалардын көрсөткүчтөрү Декларация берилген датага карата толтурулат.
14. 1-бөлүмдүн аягында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) бухгалтердик эсепти жүргүзүү ыкмасы;
2) пайда салыгынын салык базасын эсептеп чыгуунун тартиби.
3) ЖИде бекитилген эсептик саясаттын болушу жана/же болбошу.
Эскертүү: ЖИ отчеттук мезгилде, ал тарабынан колдонулган эсепти алып баруунун жана пайда салыгынын салыктык базасын эсептеп чыгуунун ыкмасын, ошондой эле белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген эсептик саясаттын болушун ырастаган тиешелүү уячасын “Х” белгиси менен белгилейт.
15. Эгерде, Декларация тапшыруучу салык салуунун жалпы режиминин негизинде эсептөөнү жана салыкты төлөөнү жүргүзсө бул бөлүм толтурулат.
16. Бул бөлүмдү толтуруу, ЖИнин көрсөткүчтөрү бар тиркемелеринин бөлүмдөрүн толтуруудан жана тиркемелердин толтурулган тийиштүү бөлүктөрүнөн маалыматтарды Декларацияга көчүрүүдөн башталат.
17. 050-уячага 1-тиркеменин 171-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин суммасы көчүрүлөт
18. 051-уячага 2-тиркеменин 261-уячасында көрсөтүлгөн эсептен чыгарууга жаткан чыгашалардын жалпы суммасы көчүрүлөт.
19. 052-уячада пайда же чыгым көрсөтүлөт. Уячанын мааниси 052 = 050 - 051-уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы катары аныкталат:
Эскертүү: арифметикалык айырма ЖИнин пайда тапкандыгына же чыгым таркандыгына жараша оң же терс болушу же нөлгө барабар болушу мүмкүн.
Эгерде, чыгым тартылса, анда 052-уячанын алдыңкы сол жагында жайгашкан атайын уячада «-» кемитүү белгиси коюлат.
Эгерде, пайда алынган болсо, анда 052-уячанын алдыңкы сол жагында жайгашкан атайын уячада «-» кемитүү белгиси коюлбайт.
20. 053-уячада 2-тиркеменин 264-уячасынан көчүрүлгөн, салык салуудан бошотулган ЖИнин пайдасынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. Жеңилдик алууга укугу жок ЖИ бул уячада “0” цифрасын көрсөтөт.
21. 054-уячада отчеттук салык мезгилине мурдагы салык мезгилдеринен которууга жаткан чыгымдын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада чыгымдарды кийинки жылдарга, бирок чыгым пайда болгон учурдан тартып 5 жылдан ашпаган мөөнөткө чейин көчүрүүнү караган Салык кодексинин 206 же 223-8-беренелерине ылайык, ЖИ тарабынан мурдагы жылдардын пайдасы менен жабылбаган чыгымдар чагылдырылат. Бул уяча 052-053-уячалардын айырмасына барабар болгон салык салынуучу пайда болгондо жана пайданын ушул суммасынын чегинде гана толтурулушу мүмкүн.
Мисал: Өткөн жылдын чыгымы 30 000 сомду түзгөн, ал эми 052-уячада көрсөтүлгөн пайда 35 000 сомго барабар, анын ичинен 053-уячада көрсөтүлгөн салык салуудан бошотулган пайда 15 000 сомду түзөт. 052-053-уячалардын айырмасына барабар болгон салык салынган пайда 20 000 сомду түздү. Декларацияга 20 000 сомду киргизсек болот, чыгымдын калган 10 000 сомун чыгым пайда болгон күндөн тартып 5 жылдан ашпаган кийинки жылдардын Декларациясына кошууга болот. Мисалы, чыгымдар 2013-жылдын ишинин жыйынтыгы боюнча пайда болсо, салык төлөөчү аны 2014, 2015, 2016, 2017 жана 2018-жылдардын салык салынган пайдаларын эсептөө учурунда эсептен чыгарууга кошууга укуктуу. Салык төлөөчүнүн бул чыгымды 2019-жылдын жана андан кийинки жылдардын салык салынган пайдаларын эсептөө учурунда бул чыгымды эсептен чыгарууга кошууга укуксуз болот.
Эгерде, өткөн жылдары чыгым чыкпаса же 052-уячада чыгым чагылдырылса, анда 054-уячада “0” цифрасы көрсөтүлөт.
22. 055-уячада салык салынуучу пайда же чыгым көрсөтүлөт. 055-уячанын мааниси 055=052-053-054-уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы катары аныкталат.
Эскертүү: эгерде айырма оң болуп калса, башкача айтканда ЖИ пайда тапкан болсо же айырма нөлгө барабар болсо 055-уячанын алдындагы сол жагында жайгашкан атайын уячага “-” кемитүү белгиси коюлбайт.
Эгерде, айырмасы терс болуп калса, башкача айтканда ЖИ чыгым тартса, 055-уячанын алдындагы сол жагында жайгашкан атайын уячага “-” кемитүү белгиси коюлат.
23. Эгерде, 055-уячанын мааниси терс болсо, ал 056-уячага көчүрүлөт.
24. 057-уячада Салык кодексинин 213-беренесине ылайык пайда салыгынын коюму көрсөтүлөт.
25. 058-уячада (055-уячанын мааниси х 057-уячанын мааниси)/100 пайыз формуласы боюнча эсептелүүчү пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
26. 059-уячада пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча эсептөөлөргө ылайык, отчеттук жылдын ичинде кошуп эсептелинген суммалардын жыйынтыгы көрсөтүлөт.
27. 060-уячада ЖИ тарабынан чет өлкөдө төлөнгөн жана чегерүүгө жаткан пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде, мындай кирешенин суммасына макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынса, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн Кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу болгон учурда, ЖИ тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салык суммасы салык милдеттенмесин эсептөөдө чегерилет.
Чегерилген сумманын өлчөмү, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган коюмдар боюнча Кыргыз Республикасында төлөнө турган салык суммасынан ашпоого тийиш.
Мисал: ЖИ Кыргыз Республикасы Кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашууда кол койгон чет мамлекеттен 500 миң сом суммасына барабар болгон киреше алды. Кирешени төлөп берүүдө ЖИдин алган кирешесинен 80 000 сомго барабар өлчөмдө салык кармап калышты. ЖИ Декларация толтурууда чет мамлекетте төлөнгөн салык катары 50х10% =50 формуласы боюнча эсептелинген 50 000 сомго барабар сумманы гана көрсөтө алат, анткени Кыргыз Республикасында пайда салыгынын коюму 10%ды түзөт.
28. Чегерүү алуу үчүн ЖИ бекитилген жол-жоболорго ылайык, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен салык органына арыз берет:
чет өлкөдөгү булактардан алынган кирешелердин суммалары жана чет өлкөнүн салык органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн төлөнгөн салыктар тууралуу;
салыкты төлөө тууралуу.
29. 061-уячада 061=058-059-060 уячалардын маанилеринин оң, нөл жана терс арифметикалык айырмасы түрүндөгү пайда салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. Эгерде, мааниси терс болсо, анда 061- уячанын алдында сол жагында жайгашкан атайын уячада “-” кемитүү белгиси коюлат.
30. Эгерде, Декларациянын 061-уячасынын мааниси терс болсо, анда ал “Кайтарылуучу салык” 062-уячасына көчүрүлөт. Мындай учурда Декларация тапшыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) пайда салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасын үстүдөгү мезгил үчүн анын башка салыктарын төлөөнүн эсебине жана/ же келечектеги салыктардын, мисалы, жер салыгынын же мүлк салыгынын эсебине чегерүүгө;
2) пайда салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасын анын салык карызынын төлөм эсебине, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салык санкциясынын төлөмүн чегерүүгө;
3) бул сумманы бюджеттен алууга, ал үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына салык төлөмүн ырастаган документтердин тиркемеси менен салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып алуу тууралуу арыз менен кайрылуу керек. Арыз салык органы тарабынан каралат жана кайтарып алуу тууралуу арыз түшкөн күндөн кийинки 40 календардык күндүн ичинде кайтаруу ишке ашырылат. Ашыкча төлөнгөн салыктын кайтарылган суммасы акчалай берилбейт, Декларация тапшыруучунун эсеп-чотуна акча каражатын накталай эмес которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Эскертүү: салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын кайтаруу же чегерүү тууралуу арыз, Декларация тапшыруучу тарабынан ашыкча төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийин алты жылдан кечикпей берилиши керек.
31. Эгерде, Декларациянын 061-уячасынын мааниси оң болсо “төлөнүүчү салык” 063-уячасына көчүрүлөт. Бул сумманы Декларация берилген күнгө чейин төлөө зарыл.
32. 064-уячада ЖИнин 064=055-058-уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасына барабар болгон пайда салыгын төлөгөндөн кийин анын колунда калган кирешенин суммасы чагылдырылат. 064-уячанын мааниси 7-тиркеменин 750-уячасына көчүрүлөт.
33. Декларациянын бул бөлүмү ишкердикке кирбеген, Декларация тапшыруучу тарабынан ишкердик ишинин алкагынан сырткары жеке адам катары жүргүзгөн башка экономикалык ишине карата толтурулат.
Эскертүү: Декларациянын бул бөлүмүн толтуруу үчүн алгач Декларация тапшыруучунун көрсөткүчтөрү бар тиркемелеринин бөлүмдөрүн толтуруу зарыл.
Декларациянын бул бөлүмүн толтуруу тиркеменин толтурулган тийиштүү бөлүмдөрүнөн маалыматтарды көчүрүүдөн башталат жана Декларациянын бул бөлүмүнүн көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
34. 065-уячага 1-тиркеменин 188-уячасында көрсөтүлгөн жылдык жыйынды кирешенин суммасы көчүрүлөт.
35. 066-уячада отчеттук жылдын ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтүн 6,5 өлчөмүндөгү жеке эсептен чыгаруулардын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: киреше салыгы салынган киреше алган Декларация тапшыруучу жыл ичинде иштеген же иштебегенине же жыл ичинде бардык айларда толук иштебегенине карабастан отчеттук жылдын ар бир айы үчүн 6,5 эсептик көрсөткүчкө (6,5 х 100 сом = 650 сом) барабар жеке эсептен чыгарууларды алууга акылуу. Мындай эсептен чыгаруулар 2013-жыл үчүн 7 800 сомго (650 сом х 12 ай) барабар.
36. 067-уячада отчеттук жылдын ар бир айы үчүн Декларация тапшыруучунун багуусундагы ар бир адамга бир эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
1) эгерде, Декларация тапшыруучунун багуусундагы адамдары болсо, ал бул уячага алардын ар бирине отчеттук жылдын ар бир айы үчүн 100 сом өлчөмүндөгү (жылына бирөөнүн эң чоң өлчөмү 1200 сом) эсептен чыгаруулардын суммасын киргизүүгө акылуу болот, бул үчүн ырастоочу документтердин болушу зарыл.
2) Декларация тапшыруучу эсептен чыгарууну алган багуусундагы адам Декларация тапшыруучунун асыранды баласы болсо, ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
а) туулгандыгы тууралуу күбөлүк/баланы жашы жеткенге чейин асырап алуу тууралуу документ. 18 жаштан кийин багып алуу документтүү түрдө ырасталышы керек;
б) эгерде, асыранды бала окуу жайында окуса жана анын жаш курагы 24 жаштан ашпаса, анын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдан маалымкат;
в) Декларация тапшыруучунун каражатынын эсебинен жашашкан жана эч кандай киреше албаган башка адамдарга карата маалымкат.
Мисалы, мындай адамдар болуп пенсия албаган ата-энелери, жубайы-үй кожейкеси, камкордугунда болгон адамдар саналышы мүмкүн. Багуудагы адам тууралуу маалымкат төмөнкү органдардын бири тарабынан берилиши мүмкүн: айыл өкмөтүнөн, үй башкармалыгынан, турак жай ээлеринин шериктештигинен, кварталдык комитеттен, турак жай кооперативинен, башка турак жай - коммуналдык уюмдарынан.
3) эгерде багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда багуудагы адамга карата эсептен чыгарууларды жеке адамдардын бирине гана алууга уруксат берилет.
Эскертүү: салык салуу максатында багуудагы адам катары өзүнүн кирешеси жок, салык төлөөчүнүн кирешесинин эсебинен жашаган жакын тууганы таанылат.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө жөнүндө мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алуучулар жана асырандылар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдар, толук бир тууган жана толук эмес бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар, чоң аталар, чоң энелер, неберелер жакын туугандары деп таанылат.
37. 068-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн эсептен чыгарууларынын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага жумуш берүүчү жумушчунун эмгек акысынан кармап калган суммалар киргизилет. Бул сумманы төлөө Декларация тапшыруучу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн башка субъектинин жумуш берүүчүдөн алган маалымкаты менен ырасталат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн адамдар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу квитанцияларды сактоолору зарыл.
38. 069-уячада мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгарууларды берүү үчүн: 069 = 065-066-067-068 эсептик жолу менен салык базасы аныкталат.
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга келишим түзгөн жана Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төгүмдөрдү төлөгөн Декларация тапшыруучу бул чегерүүлөрдү эсептен чыгарууга укуктуу. Уруксат берилген эсептен чыгаруулардын суммасы Декларация тапшыруучунун салык салынган кирешесинин 8 пайызы менен чектелет.
Мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууну алууну каалаган Декларация тапшыруучу, ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн документтердин кёчщрмёлёрщн Декларацияга тиркейт.
Мисал: Декларация тапшыруучу Искаков мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен келишим түзгөн. Отчеттук жыл ичинде бул фондго төлөнгөн чегерүүлөрдүн суммасы 22 000 сомду түздү. Бир жыл үчүн ага 300 000 сом суммасында эмгек акы эсептелген. Декларация тапшыруучу иштеген салык агенти-жумуш берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн, уруксат берилген эсептен чыгаруулар 37 800 сомду түздү, анын ичинде:
7 800 сому - бир жыл үчүн жеке эсептен чыгаруулар;
2) 30 000 сому - эсептелген эмгек акынын 10 пайыз өлчөмүндө жумуш берүүчү тарабынан кармалган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр.
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылууга эсептен чыгарууларды жана кийинки эсептен чыгарууларды эсепке албагандагы киреше салыгынын суммасын эсептөө үчүн салык базасы 262 200 сомду (300 000 - 37 800) түзөт.
262 200 сом суммасынын 8 пайызын эсептөө зарыл, ал 20 976 сом болот. Бул сумма Декларация тапшыруучу тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн, уруксат берилген эсептен чыгаруулардын суммасын чектөө катары кызмат кылат. Бул төлөнгөн 22 000 сомдун ичинен 20 976 сому гана эсептен чыгарылат дегенди түшүндүрөт.
39. Эгерде Декларация тапшыруучу мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөмдөрдү төлөсө жана бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларды алгысы келсе, анда:
1) 070-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн сумма боюнча эсептен чыгарууларды чектөөнүн суммасы: 070 = 069 х 8/100 эсептик жолу менен аныкталат.
2) 071-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго иш жүзүндө төлөнгөн сумма көрсөтүлөт.
3) 072-уячада 072=070-071 уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы эсептелип чыгат.
4) Эгерде, 072-уячасынын мааниси терс болсо, 072-уячасынын алдындагы атайын уячада “-” кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 070-уячанын мааниси 073-уячага көчүрүлөт.
5) Эгерде, 072-уячасынын мааниси оң болсо, 072-уячанын алдындагы атайын уячада “-” кемитүү белгиси көрсөтүлбөйт жана 071-уячанын мааниси 074-уячага көчүрүлөт.
6) 075-уячада социалдык эсептен чыгаруу үчүн салык базасынын өлчөмү төмөнкүдөй эсептөө жолу менен аныкталат:
эгерде, 070-уяча толтурулган болсо, 075 = 069-070;
эгерде,071-уяча толтурулган болсо, 075=069-071.
40. Эгерде, Декларация тапшыруучу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларды алгысы келбесе же мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөмдөрдү жүргүзбөсө, анда 070, 071, 072, 073, 074-уячаларында “0” цифрасы көрсөтүлөт жана 069-уячанын мааниси 075-уячага көчүрүлөт.
41. Ушул Тартиптин 38 жана 39-пункттарына ылайык алынган 075-уячанын мааниси социалдык эсептен чыгаруулардын суммасын аныктоо үчүн салык базасы катары кызмат кылат.
Эскертүү: Декларация тапшыруучу өзүнүн жеке окуусуна жана/же жаш курактары 24 жаштан ашпаган өзүнүн багуусундагы адамдардын окууларына жумшаган сумма социалдык эсептен чыгаруулар болуп саналат. Бул эгерде, балдар бакчалары, мектептер, жогорку окуу жайлары Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясына ээ болушса, алар үчүн төлөнгөн төлөмдөр болушу мүмкүн.
Демек, эгерде Декларация тапшыруучуну жана/же анын багуусундагы адамды окутуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ата мекендик уюмда жүргүзүлсө, анда мындай окуу жана тарбиялоо мекемелерине төлөнгөн суммалар эсептен чыгарууга жатпайт.
Ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык, билим берүү үчүн эсептен чыгарууга болгон укук Декларация тапшыруучунун кат жүзүндөгү арызынын негизинде Декларацияга тиркелген, кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн берген учурда берилет.
Ошону менен бирге, эгерде окуп жаткан багуудагы адам бир нече жеке адамдардын багуусунда болсо, анда анын окуусуна кеткен чыгашаларды эсептен чыгарууну жеке адамдардын биринин гана алуусуна уруксат берилет.
Эсептен чыгаруулардын суммасы билим алууга эсептен чыгарууну жана мүлктүк эсептен чыгарууларды кошпогон салык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызы менен чектелет.
Эгерде окууга эсептен чыгарууларынын суммасы чектөө суммасынан ашып кетсе, анда кийинки жылдарга Декларацияларды берүү учурунда бул ашып түшүү эсептен чыгарууга жатпайт
Мисал: ушул Тартиптин 38-пунктунда мисал келтирилген Декларация тапшыруучу Искаков өзүнүн билим деңгээлин жогорулатуу чечимин кабыл алган жана Салык консультанттарынын палатасына үч айлык курска барган. Искаков өз каражатынан окууга 15 000 сом төлөгөн. Салык консультанттарынын палатасынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген тартипте берилген окутууга лицензиясы бар. Ушул Тартиптин 38-пунктундагы мисалга ылайык Искаковдун киреше салыгы боюнча салык базасы стандарттуу эсептен чыгарууларын эске алуу менен 241 224 сомду (262 200 – 20 976) түзгөн, андан билим алууга эсептен чыгаруунун суммасын чектөө өлчөмүн эсептеп чыгуу зарыл. Социалдык эсептен чыгаруу боюнча чектөөнүн суммасы 24 122 сомду (241 224х10%) түзөт. Анткени, Искаков окуу үчүн төлөгөн 15 000 сом эсептеп чыгарылган чектөөдөн (24 122 сом) аз, анда билим алуу үчүн төлөнгөн баардык сумма эсептен чыгарылат.
42. Эгерде, Декларация тапшыруучу билим алуу үчүн төлөмдөрдү жүргүзсө жана бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларын алууну кааласа, анда:
1) 076-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан мамлекеттик эмес пенсиялык фондго төлөнгөн сумма боюнча эсептен чыгарууларды чектөөнүн суммасы: 076 = 075х10/100 эсептик жолу менен аныкталат.
2) 077-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ата мекендик билим берүү мекемесине иш жүзүндө төлөнгөн сумма көрсөтүлөт.
3) 078-уячада 078=076-077 уячаларынын маанилеринин арифметикалык айырмасы эсептелип чыгат.
4) Эгерде, 078-уячанын мааниси терс болсо, 078-уячасынын алдындагы атайын уячада “-” кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 076-уячасынын мааниси 079-уячага көчүрүлөт.
5) Эгерде, 078-уячанын мааниси оң болсо, 078-уячасынын алдындагы атайын уячада “-“ кемитүү белгиси көрсөтүлбөйт жана 077-уячасынын мааниси 080-уячага көчүрүлөт.
43. Эгерде, Декларация тапшыруучу билим алуу үчүн төлөмдөрдү жүргүзбөсө, бул төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларын алууга укугу жок болсо же алууну каалабаса, анда 076, 077, 078, 079, 080-уячаларда “0” цифрасы көрсөтүлөт.
44. 081-уячада Салык кодекси тарабынан белгиленген мүлктүк эсептен чыгаруулары үчүн чектөө көрсөтүлөт.
Ипотекалык насыя алып, Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз турак жай мүлкүн сатып алган жана/же турак жай кыймылсыз объектисинин курулушун жүргүзгөн Декларация тапшыруучу бул эсептен чыгарууну ала алат. Ипотекалык насыя сатып алынып же курулуп жаткан мүлктөр күрөөгө коюлган учурда берилет. Уруксат берилген мүлктүк эсептен чыгаруулардын өлчөмү жылына 230 000 сом сумма менен чектелет.
Мүлктүк эсептен чыгаруулар, эгерде сатып алынган үйлөр, батирлер, бөлмөлөр же алардагы үлүштөр жакын туугандар, жумуш берүүчү сыяктуу өз ара көз каранды адамдардын ортолорундагы бүтүмгө келүүгө байланышпаган учурларда берилет.
Билим алууга эсептен чыгаруулар сыяктуу эле, мүлктүк эсептен чыгарууларга укук Декларация тапшыруучунун кат жүзүндөгү арызынын негизинде жана ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык Декларацияга тиркелген, кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрү берилген учурда берилет.
Мисал: ушул Тартиптин 38 жана 41-пункттарында мисал келтирилген Искаков 2012-жылдын январында турак үйдүн курулушуна банктан 1 000 000 сом өлчөмүндө 5 айлык мөөнөткө ипотекалык насыя алган. Ипотекалык насыялоого келишимдин шарты боюнча алгачкы эки жыл жеңилдетилген жылдар болуп насыянын негизги суммасы төлөнгөн эмес. Мына ошондуктан Искаков 2012 жана 2013-жылдарда насыя боюнча жыл сайын 150 000 сом өлчөмүндө пайыздарды гана төлөп турган.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация берген учурда Декларация тапшыруучу 2013-жылда төлөнгөн пайыздардын толук суммасын эсептен чыгарууга укуктуу, анткени ал ипотекалык насыя боюнча эсептен чыгаруулардын белгиленген максималдуу чегинен аз.
Ушул Тартиптин 38 жана 41-пункттарында келтирилген мисалдардагы маалыматтарга ылайык, Искаковдун киреше салыгынын салык базасы билим алууга эсептен чыгарууларды эске алуу менен 241 224 - 15 000 = 226 224 сомду түзгөн.
2013-отчеттук жыл үчүн Декларацияларды толтуруунун жыйынтыгы боюнча Искаковдун төлөмгө карата киреше салыгын эсептеп чыгуу үчүн салык базасы 226 224 – 150 000 = 76 224 сомду түзөт. Кошуп эсептелген киреше салыгынын суммасы 76 224*10%/100% = 7 622 сомго барабар болгон.
Декларация тапшыруучу отчеттук жылдын ичинде жумуш берүүчүнүн бухгалтериясына мамлекеттик эмес пенсиялык фондуна өзүнүн чегерүүлөрү боюнча документтерди бербегенин эске алып, жумуш берүүчү салык агенти катары отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу үчүн 262 200 х 10% / 100% = 26 220 сом өлчөмүндө жеке эсептен чыгарууларды жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча эсептен чыгарууларды эске алуу менен гана эсептелип чыккан салык базасынан киреше салыгынын суммасын төлөгөн.
Декларация берүүнүн натыйжасы боюнча Искаков мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандырууга, өзүнүн квалификациясын жогорулатууга кеткен чыгашалар боюнча, ошондой эле ипотекалык насыя боюнча пайыздарды төлөөгө кеткен эсептен чыгарууларды алып, 2013-жыл үчүн төлөй турган киреше салыгынын кошуп эсептелген суммасын 26 220 - 7 622 = 18 598 сомго азайткан.
Декларация берүүнүн жыйынтыгы боюнча 18 598 сом өлчөмүндөгү сумма Искаковдун киреше салыгы боюнча ашык төлөгөн суммасы болуп саналат жана:
1) Декларация тапшыруучу тарабынан жер салыгын, кыймылсыз мүлк салыгын, унаа каражаттарынын салыгын төлөө үчүн пайдаланылышы;
2) Декларация тапшыруучунун салыктык катталган жери, башкача айтканда катталуусу боюнча салык органына берген арызынын негизинде ага кайтарылып берилиши мүмкүн.
Кайтарып алуу үчүн Декларация тапшыруучу кеткен чыгашаларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн арызына тиркейт.
45. Декларация тапшыруучунун мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга укугу болсо жана алууну кааласа, анда:
1) 082-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан ипотекалык насыя боюнча отчеттук жылдын аралыгында төлөнгөн пайыздардын иш жүзүндөгү суммасы көрсөтүлөт.
2) 083-уячада 083=081-082 уячалардын маанилеринин арифметикалык айырмасы эсептелип чыгат.
3) Эгерде, 083-уячанын мааниси терс болсо, 083-уячанын алдындагы атайын уячада “-” кемитүү белгиси көрсөтүлөт жана 081-уячанын мааниси 084-уячага көчүрүлөт.
4) Эгерде, 083уячанын мааниси оң болсо, 083-уячанын алдындагы атайын уячада “-” кемитүү белгиси көрсөтүлбөйт жана 082-уячанын мааниси 085-уячага көчүрүлөт.
46. Эгерде, Декларация тапшыруучу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча эсептен чыгарууларын алууну каалабаса, же ипотекалык насыя боюнча төлөмдөрдү ишке ашырбаса, анда 082, 083, 084 жана 085-уячаларда “0” цифрасы көрсөтүлөт.
47. 086-уячада Декларация тапшыруучунун киреше салыгынын салык базасынан уруксат берилген эсептен чыгаруулардын толук суммасы көрсөтүлөт:
086=066+067+068+(073 же 074)+(079 же 080)+(084 же 085).
48. 087-уячада 087=065-086 ишкердик чегинен сырткары Декларация тапшыруучунун экономикалык иши боюнча Декларация толтуруунун натыйжасындагы анын салык салынган кирешеси көрсөтүлөт. 087-уячанын мааниси оң же терс, ошондой эле нөлгө барабар болушу мүмкүн.
Эгерде, мааниси терс болсо, 087-уячасынын алдында сол тарабында жайгашкан атайын уячада “-” кемитүү белгиси көрсөтүлөт.
Эгерде, мааниси терс болсо же “0”гө барабар болсо анда 088-096-уячаларда “0” цифрасы көрсөтүлөт.
Эгерде, мааниси оң болсо, анда атайын уячада белги коюлбайт жана 088-096-уячалар толтурулат.
49. 088-уячада Салык кодексинин 173-беренесине ылайык киреше салыгынын коюму көрсөтүлөт.
50. 089-уячада (087-уячанын мааниси х 088-уячанын мааниси)/100 пайыз формуласы боюнча эсептелип чыккан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
51. 090-уячада отчеттук жыл үчүн салык агенттери тарабынан (сыйакы, пайыздык жана башка кирешелерди төлөшкөн жумуш берүүчүлөр, субъекттер) кармалган киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Бул сумманын ырастоосу болуп, кирешени төлөп жаткан жумуш берүүчүнүн/субъекттин төлөнгөн суммасы жана кармалган киреше салыгынын суммасы жөнүндөгү маалымкаты саналат.
Маалымкатта көрсөтүлгөн киреше салыгынын суммасы ушул уячада чагылдырылат жана төлөөгө карата салыктын суммасын азайтат.
52. 091-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жыл ичинде өз алдынча төлөнгөн киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумманы төлөө төлөмдү кабыл алгандыгы жөнүндөгү белгиси бар квитанция/ төлөм тапшырыгы менен ырасталат. Бул төлөм документтери Декларация тапшырууда сакталат.
53. 092-уячада чет мамлекетте төлөнгөн жана эсепке алууга жаткан киреше салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Декларация тапшыруучу тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, эгерде мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет өлкөлүк мамлекетте салык салынууга жатса, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортолорунда түзүлгөн Кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу болгон учурда киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесин эсептөө учурунда эсепке алынат.
Эсепке алынган сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган коюмдар боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоосу керек.
Эсепке алуунун суммасын ырастоо болуп:
1) чет мамлекеттин булактарынан алынган кирешелердин жана чет мамлекеттин салык органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөнгөн киреше салыгынын суммалары жөнүндө маалымкат;
салыкты төлөөнү ырастаган төлөм документтери саналат.
Эскертүү: башка өлкөлөр менен макулдашуунун бар экендиги тууралуу маалыматты Декларация тапшыруучу Декларациясын тапшырган салык органынан, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.qov.kq) расмий сайтынан алса болот.
Мисал: Декларация тапшыруучу Россия Федерациясында 100 000 сом суммасында киреше алган, андан 13% киреше салыгынын коюму боюнча 13 000 сомго барабар өлчөмдөгү киреше салыгы кармалган. Кыргыз Республикасында төлөнгөн киреше салыгынын эсебине Россия Федерациясында төлөнгөн киреше салыгынын бардык суммасы эмес, Кыргыз Республикасында иштеп жаткан коюм боюнча төлөнө турган бөлүгү 10%, б.а. 10 000 сом гана эсепке алынат. 10 000 сом өлчөмүндөгү сумма Кыргыз Республикасында төлөөгө жаткан киреше салыгын азайтат.
54. 093-уячада 093=089-090-091-092-уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын ортолорундагы оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырма түрүндөгү киреше салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт.
093-уячанын терс мааниси мурда кармалган же төлөнгөн киреше салыгынын бөлүгүн кайтарып алууга Декларация тапшыруучунун укугу бар экенин көрсөтөт. 093-уячанын алдындагы атайын уячада “-“ белгиси көрсөтүлөт.
“0” гө барабар болгон 093-уячанын мааниси Декларацияны толтуруунун жыйынтыгы боюнча Декларация тапшыруучунун бюджет алдындагы милдеттенмелери так аткарылганын көрсөтөт.
093-уячанын оң мааниси Декларация тапшыруучу отчеттук жыл үчүн киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесине кошуп төлөөнү ишке ашырууга милдеттүү экенин көрсөтөт.
55. Декларациянын 094-уячасына “Кайтаруу салыгы” 093-уячанын терс мааниси көчүрүлөт.
Декларация тапшыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) учурдагы мезгил үчүн анын башка салыктарын төлөөнүн эсебинен жана/же келечектеги мезгилдердеги салыктардын, мисалы, жер салыгынын же мүлк салыгынын эсебинен киреше салыгынын ашык төлөнгөн суммасын эсепке кошууга;
2) анын салык карыздарын төлөөнүн, ошондой эле пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөнүн эсебинен киреше салыгынын ашык төлөнгөн суммасын эсепке кошууга;
3) бул сумманы бюджеттен алууга, бул үчүн ашык төлөнгөн сумманы кайтаруу жөнүндө салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган документтерди тиркөө менен, салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз берүү зарыл. Арыз салык органы тарабынан кайтаруу тууралуу арыз түшкөн күндөн кийинки 40 календардык күндүн ичинде каралат жана кайтарылат. Ашык төлөнгөн салыктын суммасы накталай акча менен кайтарылбастан, Декларация тапшыруучунун эсеп-чотуна акча каражаттарын накталай эмес которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Эскертүү: салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, ошондой эле пайыздардын туумдарын жана салык санкцияларын эсепке алуу же кайтаруу жөнүндөгү арыз Декларация тапшыруучу тарабынан ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки алты жылдан кечиктирилбей берилиши мүмкүн.
56. “Төлөнүүчү салык” 095-уячасына Декларация берилген күнгө чейин төлөө зарыл болгон 093-уячанын оң мааниси көчүрүлөт.
57. 096-уячада киреше салыгын төлөгөндөн кийин Декларация тапшыруучунун колунда калган, ишкердик алкагынан сырткаркы анын экономикалык ишинен алынган кирешесинин суммасы 096=065-089 эсептөө жолу менен аныкталат. 096-уячасынын мааниси 7-тиркеменин 756-уячасына көчүрүлөт.
58. Салык төлөөчү тарабынан толтурулган Декларациянын формасынын ылдыйкы бөлүгүндө тиркемелер “Х” белгиси менен белгиленет, бул тигил же бул тиркеменин берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
59. 1-тиркеменин ушул бөлүмү салык салуунун жалпы режиминин негизинде салыктарды төлөөнү жана эсептөөнү ишке ашырган ЖИ тарабынан толтурулат.
60. Декларацияны толтурууда ЖИ салыктык эсептөөнүн эрежелерин жетекчиликке алышы керек.
Салык эсеби - бул бухгалтердик эсептөө тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Салык кодексине ылайык каралган тартипке жараша топтолгон баштапкы документтердин маалыматтарынын негизинде салык боюнча салык базасын аныктоо үчүн маалыматты жалпылоонун кабыл алынган тутуму.
Салык кодексинин 154-беренесинде каралгандай, салыктык эсептөөнү жүргүзүү тартиби жетекчинин тийиштүү буйругу (буйрутма) менен бекитилүүчү салык салуунун максаттары үчүн эсептик саясатта салык төлөөчү тарабынан белгиленет. Мындан улам, баардык салык төлөөчүлөр эсептөө саясатын бухгалтердик эсептөө максатында эле эмес, салык салуу максатында да иштеп чыгуусу керек.
Салык кодексинин 155-беренеси салык кодексинде башка талаптар белгиленбесе, ЖИ активдердин наркын, милдеттердин көлөмүн, бухгалтердик эсептөөдө колдонулуучу методдор жана эрежелер боюнча салык салуу максаттарында кирешелерди жана чыгашаларды аныктайт.
61. Салыктык эсептөөлөр үчүн маалыматтар булагы болуп төмөндөгүлөр саналат:
баштапкы эсепке алуу документтери (анын ичинде бухгалтердик маалымкат);
бухгалтердик жана салыктык эсепке алуунун талдоо регистри;
салык базасынын эсеби.
Эскертүү: салыктык эсепке алууну талдоо регистри эсепке алууга кабыл алынган баштапкы документтерде, салык базасынын эсебинде чагылдыруу үчүн салыктык эсепке алуунун талдоо маалыматтарында камтылган кабарларды системалаштыруу жана чогултуу үчүн багытталган.
Салыктык эсепке алуунун регистри кагаз, электрондук алып жүрүүчүлөрдө электрондук түрдө жана/же башка бардык булактарда атайын форма түрүндө жүргүзүлөт жана салык төлөөчүнүн өзүнүн салыктык эсептик саясатында белгиленет.
62. 150-170-уячаларда бухгалтердик эсептөөнүн эрежелерине ылайык аныкталуучу ЖИнин ишинен алынган кирешенин бардык түрлөрү көрсөтүлөт.
Эскертүү: киреше деп активдердин кошулушу, өсүшү (акча каражаттары, башка мүлктөр) же катышуучулардын салымдарын эсепке албаганда, салык төлөөчүлөрдүн өз капиталынын көбөйүүсүнө алып келүүчү милдеттемелердин төмөндөшү таанылат.
63. 150-уячада салыктык амортизация максатында салыктык топко кошулган негизги каражаттарды сатуудан алынган пайдадан тышкары товарларды, иштерди жана тейлөөлөрдү сатуудан табылган пайданын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: белгиленген стандарттарга жана бухгалтердик эсептин тандалып алынган методуна жараша товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан салык төлөөчү алган же алууга тийиш болгон акча каражаттары түшкөн акча деп таанылат.
64. Товарларды, иштерди жана тейлөөлөрдү сатуудан түшкөн акча төмөнкү учурларда оңдолуп-түзөтүлөт:
товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;
бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөндө;
бүтүмдүн шарттарынын толук же жарым жартылай аткарылбагандыгында.
Кирешени мындай оңдоп-түзөтүү отчеттук салык мезгилинде пайда болгон операциялар боюнча жүргүзүлөт жана жылдык жыйынды кирешенин өлчөмүн кайтаруу суммасына же бүтүмдүн шарттарын өзгөртүүнүн суммасына өзгөртөт.
65. 151-уячада амортизацияланбаган активдерди сатуудан түшкөн кирешелер, ошондой эле алынган материалдардын наркы түрүндөгү же пайдалануудан чыгарылган негизги каражаттарды демонтаждоо же жоюу учурунда алынган материалдардын жана башка мүлктөрдүн наркы түрүндөгү кирешелер көрсөтүлөт.
Эскертүү: жер жана суу, жер казынасы жана башка жаратылыш ресурстары сыяктуу жаратылышты пайдалануу объектилери, ошондой эле товардык-материалдык запастар, бүтпөгөн капиталдык курулуш объектилери, баалуу кагаздар, финансы инструменттери, орнотулбаган жабдуулар, негизги каражаттар жана салык төлөөчү тарабынан өндүрүштө жана/же товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана тейлөөлөрдү көрсөтүүдө колдонулбаган материалдык эмес активдер жана баасы ушул салык мезгилинде толугу менен даяр продукциянын, аткарылган жумуштун жана көрсөтүлгөн тейлөөнүн баасына көчүрүлгөн мүлктөр амортизациялоого жатпайт.
Активдерди сатып алуунун жана пайдалануудан чыгарылган негизги каражаттарды демонтаждоо же жоюу учурунда келтирилген чыгымдардын наркы 2-тиркеменин 250-уячасында киреше алууга багытталган чыгашалар катары көрсөтүлөт.
66. 152-уячада экономикалык ишти чектөө же токтотуу макулдугу үчүн алынган киреше көрсөтүлөт.
67. 153-уячада өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн баа боюнча же эсепке алуу саясатында иргелип алынган тандап алуу ыкмасына жараша базар баасы боюнча кимден алынгандыгына карабастан, кайтарымсыз алынган активдердин наркы (акча каражаттары, компьютерлер, эмеректер, имарат, автоунаа, баалуу кагаздар, товарлар, дебитордук карыздар ж.б.) көрсөтүлөт.
Эскертүү: төмөндө саналган активдер боюнча көрсөткүчтөр киргизилбейт:
пайлык салым жана/же уставдык капиталга салым катары алынган мүлктүн наркы, ошондой эле уюмда катышуунун үлүшүн сатуудан алынган киреше;
ата мекендик уюмдарга катышуудан ЖИнин алган дивиденддери;
шериктердин салымы катары жөнөкөй шериктештик тарабынан алынган мүлктүн баасы;
ишеним башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкарууга кабыл алынган мүлктүн баасы;
пайыздык киреше жана сатуу күнүндө фонддук биржалардын листингинде листингдин эң жогору жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча баалуу кагаздардын наркынын өсүүсүнөн алынган киреше;
финансылык ижара келишими (лизинг) боюнча негизги каражаттарды сатуудан алынган киреше.
Жогоруда көрсөтүлгөн кирешелер 2-тиркемеде салык салынбаган киреше катары көрсөтүлүшү керек.
68. 154-уячада отчеттук жыл үчүн жыйындынын оң курстук айырманын суммасынын курстук терс айырманын суммасынан ашып түшүшү көрсөтүлөт.
Эскертүү: курстук айырма - бул валюталык мүлктүн сомдук баалоосу менен же эсептешүү күнүнө карата сомго карата колдонулуп жаткан чет өлкөлүк валюта үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча милдеттенменин же отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик отчеттуулукту түзүүнүн күнүнө жана алардын отчеттук мезгил ичинде бухгалтердик эсепке кабыл алуунун күнүнө карата сомдук баалоосунун же мурдагы отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик отчеттуулукту түзүү күнүнүн ортолорундагы айырмачылык.
Кайра эсептөөгө төмөнкүлөр туш болот: кассадагы чет өлкөлүк валютанын калдыктары, банктардын жана башка насыялык мекемелердин эсебиндеги чет өлкөлүк валюта, акча жана төлөм документтери (чет өлкөлүк валютадагы төлөөгө эсептер жана алууга эсептер), чет өлкөлүк валютадагы финансылык салымдар, эсептөөлөрдөгү каражаттар (чет өлкөлүк валютадагы карыз милдеттенмелери).
Бул уяча, эгерде оң курстук айырманын суммасы сол курстук айырманын суммасынан ашып түшкөн учурда гана толтурулат.
69. 155-уячада ишкердик иштен түшкөн пайыздык киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: карыздык талаптардын кайсы гана түрүнөн болбосун алынган киреше, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу тартуу жана каржылоо операцияларынан алынган, ошондой эле финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган кирешелерди кошкондо, облигация, вексель жана өздөштүрүүнүн башка түрлөрү боюнча кирешелер пайыздык киреше болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу, насыялоонун исламдык принциптери боюнча ишке ашырылган операциялар тартуу жана финансылоо операциялары деп түшүнүлөт.
Бул уячаны толтурууда пайыздык кирешеден төлөө булагында пайыз салыгы алынган-алынбагандыгына көңүл буруу зарыл.
Салык кодексинин 221-беренесинин 3-бөлүгүнүн шарттары боюнча пайыздардын салык салынуучу суммасына киреше булагынан мурда салык алынган пайыздар кошулбайт.
Эгерде, пайыздык кирешеге салык киреше булагынан кармалбаса, ал 155-уячага толугу менен киргизилет.
Эгерде салык, салык агенти - ата мекендик уюм же ЖИ тарабынан кармалган болсо, кармалган салыкты чегерүүдөн алынган кирешенин пайыздык суммасы 3-тиркеменин 369-уячасында булакта салык салынган киреше катары көрсөтүлөт.
Киреше булагынан кармалган салыктын суммасы тиешелүү документтер менен ырасталышы керек.
Эгерде пайыз салыгы салык агенти – чет өлкөлүк уюм тарабынан кармалса, анда эл аралык макулдашууга кайрылуу зарыл. Салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортолорундагы кош салыкты жоюу тууралуу макулдашуу бар учурда, эгерде мындай кирешенин суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык, чет мамлекетте салык салынууга жатса, салык милдеттенмелерин эсептөө учурунда эсепке алынат.
Кошуп эсептелген пайыз салыгынын суммасы (кармалган салыкты кошуп) 155-уячага киргизилет.
Макулдашууга ылайык, эсепке алынууга жаткан салык Декларациянын 060-уячасына киргизилет.
Бул тиркемеге пайыздардан алынган киреше жана сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингинде жаткан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган киреше киргизилбейт. Бул киреше салык салынбай турган болуп саналат жана 3-тиркемеге киргизилет.
70. 156-уячада роялтинин алынган суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: роялтиге сыйакы катары алынган төлөмдөрдүн кайсы гана түрү болбосун кирет:
1) адабияттын, искусствонун же илимдин, компьютердик программаларды, кино, теле, видеофильмдерди же радио жана теле көрсөтүү үчүн жазып алууларды кошо, чыгармалардын баардык түрлөрүнө карата автордук укуктарды пайдалангандыгы же пайдаланууга болгон укуктарды бергендиги үчүн;
2) өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү болгон өнөр жай менчигинин объектисине, соода маркасына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске, же маалыматка (ноу-хау) укуктарды ырастаган патенттин баардык түрү үчүн.
71. 157-уячада кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелер: ижара үчүн, ижарачыларды электр кубаты, суу, кайтаруу жана башка коммуналдык кызматтар менен камсыз кылуу үчүн төлөмдөр, ошондой эле ижарага байланыштуу башка кирешелер көрсөтүлөт.
72. 158-уячада алынган субсидиялар көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин салык төлөөчүнүн экономикалык иши менен байланышкан белгилүү шарттарды буга чейинки же келечекте аткаруусунун ордуна активдерди салык төлөөчүгө өткөрүп берүү түрүндөгү жардамдары салык максаттарында субсидия катары таанылат.
Субсидиялардан түшкөн киреше, субсидияларды пайдаланууга байланыштуу кетирилген чыгашалардын ченеминде таанылат.
Субсидиянын пайдаланылбай калган бөлүгү кийинки мезгилдерге калтырылган киреше катары эсепте чагылдырылат.
73. 159-уячада салык мезгилинин аягына карата амортизацияланган активдердин топтору боюнча салык эсеп-кысабындагы терс сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү: амортизациялоого жаткан негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн кирешеге киргизилбейт, ал салык кодексинин 200-беренесинин жоболоруна ылайык, топтун салыктык наркын аныктоо учурунда эске алынат.
Эгерде, амортизацияланган активдердин топторунун салыктык наркы нөлдөн аз болсо, салык төлөөчү өзүнүн кирешесине көрсөтүлгөн терс калдыкты кошот.
74. 160-уячада инвентаризациялоонун натыйжасында аныкталган арткан активдердин наркы көрсөтүлөт.
Эскертүү: инвентаризациялоонун негизги максаты болуп активдердин эсебин тактоо саналат. Артып калган активдер табылган учурларда алардын эсептик наркын ушул уячаны толтуруу үчүн киреше катары таануу зарыл.
75. 161-уячада 162, 163-уячаларда чагылдырылган ЖИнин милдеттенмесинин токтотулушунан алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
76. 162-уячада насыя берүүчү тарабынан эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде насыялык карыз боюнча милдеттенме карызды кечүү сыяктуу себептер боюнча жокко чыгарылса, жабылбаган суммалар ЖИнин кирешеси катары таанылышы жана декларацияга киргизилиши керек.
77. 163-уячада ЖИнин милдеттенмелеринин, анын ичинде үчүнчү тараптын салык милдеттенмелеринин аткарылышы көрсөтүлөт.
Эскертүү: кайсы гана милдеттенмелер болбосун үчүнчү тарап ишке ашырышы мүмкүн, бирок жыйынтыгында ЖИде бул карызды жабуу милдети келип чыкпаса, анда үчүнчү тарап төлөгөн сумма анын кирешеси катары таанылышы керек.
78. 164-уячада карызды талап кылуу укугунан баш тартуудан алынган кирешелер көрсөтүлөт.
Эгерде, которуунун натыйжасында ЖИ киреше ала турган болсо (карызды алууга карата белгиленген сумманын жана берилген карыздын сумманын ортолорундагы оң айырма), анда көрсөтүлгөн айырма киреше катары таанылат жана ушул уячага киргизилет.
79. 165-уячада камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммаларынын ордун толтуруудан тышкары, камсыздандыруу келишимдери боюнча орду толтурулган камсыздоо суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: салык амортизациясынын тобуна киргизилбеген, камсыздандырылган негизги каражаттардын камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылган ордун толтуруунун алынган суммасы киреше катары таанылат жана ушул уячага киргизилет.
Салыктык амортизациянын тобуна киргизилген камсыздандырылган негизги каражаттарды камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү, бул уячага киргизилбейт, ал Салык кодексинин 201-беренесине ылайык негизги каражаттардын тобунун салыктык наркын аныктоо учурунда эске алынат.
80. 166-уячада 167 жана 168-уячаларда чагылдырылган шектүү милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенменин токтотулушунан, банкрот болуудан, насыялоочунун жоюулушунан же өлүмүнөн же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамы менен каралган доонун эскиришинин мөөнөтүнүн бүтүшүнөн улам төлөнбөй калган, салык төлөөчү тарабынан төлөөгө жаткан сумма шектүү милдеттенмелер болуп саналат.
81. 167-уячада жарандык мыйзам менен белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: жарандык мыйзам менен доонун эскиришинин мөөнөтү үч жыл деп аныкталат. Доонун эскиришинин мөөнөтү насыя берүүчүдө милдеттенмени аткаруу тууралуу талапты коюу укугу пайда болгон учурдан башталат. Бул, эгерде карызкорго милдеттенмени аткаруу боюнча жеңилдетилген мезгил берилсе, доонун эскиришин эсептөө көрсөтүлгөн мезгил аяктагандан кийинки күндөн башталат.
82. 168-уячада соттун чечими боюнча эсептен чыгарылган милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт.
83. 169-уячада мурда эсептен чыгарылган катары таанылган чыгашалар боюнча компенсациялар көрсөтүлөт.
Эскертүү: отчеттук жылда алынган чыгымдардын ордун толтуруунун суммасы же мурунку мезгилдердин Декларациясына эсептен чыгаруулар түрүндө киргизилген кайтарылгыс карыздарды кайтаруудан алынган сумма киреше катары таанылат жана ушул уячага киргизилет.
Мисал: ЖИ-подрядчы турак үйүнүн курулушуна түзүлгөн келишим боюнча ал келишимге карата сметада каралбаган кошумча чыгашаларга туш болду, алар өткөн жылдагы чыгашалардын курамында чагылдырылган. Отчеттук жылда бул чыгашалардын ордун толтуруу тууралуу тапшырыкчы менен келишим түзүлгөн. Алынган ордун толтурууну ЖИ-подрядчы отчеттук жылдын кирешеси катары таанууга милдеттүү.
84. 170-уячада отчеттук жыл ичинде алынган, салык салынбаган кирешелерге кирбеген башка кирешелер көрсөтүлөт. Мындай кирешелер төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) жөнөкөй шериктештик келишими боюнча алынган, келишимге ылайык катышуучулардын ортолорунда бөлүштүрүлгөн жана ар бир шериктештикте өз-өзүнчө эске алынган пайда;
2) мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган мөөнөттө ишеним башкаруучу ала турган сыйакы;
3) ишкердик ишинин алкагындагы туумдан, жазапулдардан жана санкциялардан алынган сумма.
Мисалы, эгерде мурда резервди түзүү үчүн багытталган суммалар эсептен чыгарууга кошулуп, андан кийин резерв кыскартылса, анда мындай кыскартуу Декларацияны толтуруу максатында киреше катары таанылат жана ушул уячада көрсөтүлөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамына ылайык, резервдин көрсөтүлгөн кыскаруусу кирешени көбөйтүүсү же чыгашаны азайтуусу мүмкүн экендигине карабастан, жогоруда аталган эреженин белгилениши 2-тиркеменин формасынын түзүмүнүн өзгөчөлүгү менен шартталган.
85. 171-уячада ЖИ тарабынан отчеттук жыл ичинде ишкердик ишинен алынган жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 150-170- уячалардын маанилеринин жалпы суммасы киргизилет.
86. 1-тиркеменин 171-уячасынын алынган мааниси Декларациянын 050-уячасына көчүрүлөт.
87. 1-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан, ишкердикке тиешеси болбогон, анын башка экономикалык ишине карата толтурулат.
88. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарынан башка активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болсо, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде декларация мезгилинин аягында колдонулган базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Эскертүү: чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
Акча каражаттарынын саны номиналдык нарк боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларация мезгилинин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт
89. 172-уячада Декларация тапшыруучунун иш берүүчү менен болгон эмгек мамилелеринен алынган кирешелери көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамында каралган эмгек акы, анын ичинде сыйлыктар, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;
2) эмгектик компенсация катарында жумушчуга көрсөтүлгөн кызмат, жумушчу үчүн аткарылган иш, жумушчу тарабынан алынган товарлардын наркы;
3) жумушчу тарабынан үчүнчү жактан алынган товарлардын, жумуштардын, кызматтардын наркынын жумуш берүүчү тарабынан төлөнүшү;
4) киреше салыгы салынбай турган жана 3-тиркеменин 367-уячасына киргизилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдердин чегинде суткалык жана дайындалган жерге чейин барып, кайра келүү, турак жай жалдоо боюнча милдеттерин аткарууда уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү тарткан чыгымдардын компенсациясын кошпогондо, башкаруу уюмуна катышкандыгы үчүн алынган сыйлык жана компенсация түрүндөгү кирешелер;
5) 3-тиркеменин 364-уячасына киргизилген жана киреше салыгы салынбай турган, милдеттүү камсыздандыруу келишими жагында төлөнүүчү сыйакыдан башка, өзүнүн жумушчуларына камсыздандыруу келишими боюнча иш берүүчү төлөөчү камсыздандыруучу сыйакылардын суммасы.
90. 173-уячада материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер көрсөтүлөт:
1) жумуш берүүчү жумушчуга берген товарлардын арзандатылган суммасы;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюмунан төмөн пайыз же пайызсыз зайымдардан жана насыялардан алынган кирешелер.
Мисал: ЖИ жеке адам катары отчеттук жылдын 1-мартында 6 айга 50 000 сом суммада пайызсыз зайым алган. Зайым алган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюму 8% болгон. Зайым отчеттук жылдын 31-августунда толук өлчөмдө кайтарылган.
Жеке адам тарабынан алынган пайданын суммасын эсептейбиз:
50 000 сомду × 8% / 100% / 365 күн×184 зайымды колдонгон күн = 2016 сом.
Ошентип, жеке адам 2016 сом суммасында зайымды пайдалангандыгы үчүн төлөнбөгөн материалдык пайда алган. Бул сумма 1-тиркеменин 173-уячасына киргизилиши керек жана салык төлөөчүнүн кирешесин көбөйтөт. Эгерде, материалдык пайда жумуш берүүчү тарабынан алынса, анда салыкты жумуш берүүчү кармайт. Кармалган жана төлөнгөн салыктын суммасы жумушчуга Декларацияны толтуруу үчүн берилген жумуш берүүчүнүн маалымкатында көрсөтүлөт. Эгерде материалдык пайда жумуш берүүчүдөн алынбаса, анда материалдык пайданын суммасындагы киреше Декларацияга өз алдынча киргизилиши керек.
91. 174-уячада кайтарымсыз алынган активдердин наркы көрсөтүлөт. Бул жерде жакын туугандарынан алынбаган (мисалы, кесиптештеринен же уюмдан алынган) товар түрүндөгү жана башка активдер чагылдырылышы керек.
Жакын туугандарынан алынган мурастын же белектердин наркы салык салынбай турган киреше катары 3-тиркеменин 359-уячасында көрсөтүлөт.
92. 175-уячада Салык салынбаган кирешелерден жана Кыргыз Республикасында төлөмдүн булагында мурда салык салынгандан башка, пайыздык, анын ичинде камсыздандыруу келишимдери боюнча киреше көрсөтүлөт. Бул уячаны толтурууда ата мекендик банктан жана чет өлкөлүк банктан алынган, анын ичинде киреше булактарынан мурда салык салынган жана салык салынбаган пайыздык кирешелерди өз-өзүнчө кароо зарыл.
Эскертүү: ата мекендик банктарга салынган салымдардан алынган пайыздык киреше салык салынбаган болуп саналат, ошондуктан бул уячада чагылдырылбай, 3-тиркеменин 366-уячасында көрсөтүлөт.
Эгерде, мындай пайыздык кирешени алуучу алуучулардын жеңилдетилген категориясына кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынган болсо, анда киреше салыгынын алынган суммасы 3-тиркеменин 369-уячасында төлөм булактарынын салык салынган кирешелери катары чагылдырылат.
Эгерде, мындай пайыздык кирешени алуучу алуучулардын жеңилдетилген категориясына кирбесе жана алынган пайыздык кирешеге пайыздын суммасын төлөгөн банк тарабынан киреше салыгы салынса, анда киреше салыгынын алынган суммасы ушул уячада Декларация тапшыруучунун жылдык жыйынды кирешесинин бөлүгү катары чагылдырылат.
Эгерде, пайыздык киреше Кыргыз Республикасынын башка булактарынан алынса жана киреше салыгы төлөм булактарынан кармалса, жана бул жөнүндө ырастоочу документтер бар болсо, Декларация тапшыруучу тарабынан алынган кармалган салыкты чыгарып салгандан кийинки пайыздык кирешенин суммасы 3-тиркеменин 369-уячасында төлөм булактарынан салык салынган киреше катары көрсөтүлөт. Эгерде мындай киреше боюнча төлөм булактарынан пайыздык салык кармалбаса, анда алынган пайыздык сумма ушул уячага киргизилет.
Эгерде пайыздык киреше чет өлкөлүк уюмдардан (анын ичинде банктардан) алынган болсо, ал салык салынуучу болуп саналат. Мындай учурда бул уячага пайыздык кирешенин кошуп эсептелинген толук суммасы киргизилет.
Эгерде, чет өлкөлүк уюмдан алынган пайыздык кирешеге киреше булактарында салык салынса же салык төлөөчү салыкты өз алдынча чет өлкөдө төлөсө, киреше булактарынан кармалган салык же өз алдынча төлөнгөн салык ушул Тартиптин 53-пунктунда көрсөтүлгөн салыкты төлөө же кармоо тууралуу документтер тарабынан ырасталышы керек.
Салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашуу болгон учурда, эгерде мындай макулдашуунун суммасы макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болсо, салык милдеттенмесин эсептөө учурунда эсепке алынат.
Кошуп эсептелинген пайыздык кирешенин суммасы, анын ичинде кармалган салык ушул уячада чагылдырылат. Макулдашууга ылайык чегерүүгө тийиштүү салык Декларациянын 092-уячасына киргизилет, бирок Кыргыз Республикасында бекитилген киреше салыгынын коюмунан ашпаган коюм боюнча. Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөө эсебине чегерилүүгө тийиштүү жана чет мамлекетте төлөнгөн/ кармалган салыктын суммасынын эсебинин мисалы ушул Тартиптин 53-пунктунда келтирилген.
Декларациянын 092-уячасында көрсөтүлгөн салык суммасы төлөөгө тийиштүү киреше салыгынын суммасын төмөндөтөт.
Бул тиркемеге пайыздан түшкөн киреше жана сатуу күнүндө листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фондулук биржанын листингинде жаткан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн киреше киргизилбейт. Бул киреше салык салынбай турган болуп саналат жана 3-тиркеменин 365-уячасына киргизилет.
93. 176-уячада дивиденд түрүндө алынган кирешелер көрсөтүлөт.
Бул уячада ата мекендик уюмдан алынган дивиденддер, Салык кодексине ылайык салык салынбагандыктан чагылдырылбайт. Ата мекендик уюмдан алынган дивиденддер 3-тиркеменин 356-уячасында салык салынбаган кирешелер катары чагылдырылат.
Бул уячада чет өлкөлүк уюмдардан алынган дивиденддердин толук суммасы, бул суммадан салык кармалганына/төлөнгөнүнө карабай чагылдырылат.
Эгерде чет өлкөдө алынган дивиденддердин суммасынан салык кармалган/төлөнгөн болсо, анда салыктын бул суммасы Декларацияга Декларация тапшыруучу дивиденд алган мамлекет менен Кыргыз Республикасынын кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу бар шартта, чет мамлекетте төлөнгөн салык катарында киргизилиши мүмкүн. Башка мамлекетте кармалган/ төлөнгөн салыктын суммасы Кыргыз Республикасында бекитилген коюм боюнча гана эсептелиниши мүмкүн.
Салык суммасын кармоону же аны төлөөнү ырастоочу катары ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн, салыкты төлөө же кармоо тууралуу документ кызмат кылат.
Кыргыз Республикасынын киреше салыгын төлөө эсебинде чегерүүгө тийиштүү жана чет мамлекетте кармалган/ төлөнгөн салыктын суммасы Декларациянын 092-уячасында көрсөтүлөт жана төлөнүүчү киреше салыгынын суммасын төмөндөтөт.
Эскертүү: Кыргыз Республикасында киреше салыгын төлөө эсебине чегерилүүгө тийиштүү жана чет мамлекетте кармалган/ төлөнгөн салыктын суммасынын эсебинин мисалы ушул Тартиптин 53-пунктунда келтирилет.
94. 177-уячада роялтинин алынган суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: роялти – бул сыйакы катары алынган төлөмдүн бардык түрү:
а) адабияттын, искусствонун же илимдин, компьютердик программаларды, кино, теле, видеофильмдерди же радио жана теле көрсөтүү үчүн жазып алууларды кошо, чыгармалардын бардык түрлөрүнө карата автордук укуктарды пайдалангандыгы же укуктарды пайдаланууга бергендиги үчүн;
б) өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү болгон өнөр жай менчигинин объектисине, соода маркасына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске, же маалыматка (ноу-хау) укуктарды ырастаган патенттин бардык түрү үчүн.
Роялтиге финансылык ижара (лизингдин) келишими боюнча алынган сыйакылары киргизилбейт.
95. 178-уячада кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган кирешенин өсүшүнүн суммасы көрсөтүлөт. Бул жерде сатуунун наркы менен сатып алуунун наркынын ортосундагы арифметикалык айырма түрүндө алынган киреше чагылдырылат:
1) жеке пайдалануу үчүн эмес жана мурда сатуучу тарабынан ишкердикте колдонулбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан;
2) автоунааларды сатуудан, эгерде ал менчигинде бир жылдан аз болсо;
3) турак жай фондуна таандык (батирлер, үйлөр, дачалар) деп эсептелген кыймылсыз объектилерди сатуудан, эгерде ал менчигинде эки жылдан аз болсо.
Бул мүлктү сатып алуу наркына барабар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн сумма, салык салынбоочу болуп саналат жана 3- тиркеменин 362-уячасында чагылдырылат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлктү менчиктөө укугуна ээ болуунун негизи болуп сатуу-сатып алуу келишими, алмашуу, белекке берүү жана башка бул мүлктөн ажыратуу тууралуу бүтүмдөр саналат.
Мисал: 2012-жылы Декларация тапшыруучу ата-энесинен бир бөлмөлүү батирди белекке алган. Көрсөтүлгөн батирди ата-энеси 2008-жылы сатуу-сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн 1000 000 сом өлчөмүндөгү суммага сатып алган. Эгерде Декларация тапшыруучу 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Декларация толтурса, ал салык салынбаган кирешеге тиешелүү жакын туугандарынын белеги болгондуктан, 3-тиркемеде 1000 000 сом өлчөмүндөгү салык салынбаган киреше деп көрсөтмөк.
Декларация тапшыруучунун менчик үйү болгондуктан, отчеттук 2013-жылы ал белекке алган, сатуу убагында баасы 1700 000 сомду түзгөн батирин сатууну чечти. Батирди белекке алган (ээ болгон) убактан бери эки жылдан аз убакыт өткөндүгүн эске алып, батирдин наркынын өсүшү Декларация тапшыруучунун салык салынуучу кирешеси болуп саналат.
1 700 000 сом өлчөмүндөгү батирди сатуудан түшкөн сумманы Декларация тапшыруучу төмөндөгүдөй үлгүдө Декларацияга чагылдырат:
1) Декларация тапшыруучу 178-уячада батирди сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы арифметикалык айырмага барабар 700 000 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт.
2) батирди сатып алуу наркына барабар, документтик түрдө ырасталган 1 000 000 сом өлчөмүндөгү сумманы Декларация тапшыруучу салык салынбаган киреше катары 3-тиркеменин 362-уячасында көрсөтөт.
Белекке берүүчүнүн (Декларация тапшыруучунун ата-энесинин) чыгымын, белектин наркын ырастаган документи жок болсо, анда батирди сатып алуу нөлгө барабар болот. Ошондуктан, эки жылдан аз мөөнөттө батирди сатууда Декларация тапшыруучу 178-уячада 1700 000 сом өлчөмүндөгү батирди сатуудан алынган бардык сумманы көрсөтүүгө жана анын киреше салыгын төлөөгө тийиш.
Эгерде, Декларация тапшыруучунун менчигинде бир жана эки жылдан көп турган турак жай фондуна таандык кыймылсыз мүлктү же автоунааны сатуудан алынган киреше болсо, анда бул киреше салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 362-уячасына киргизилет.
96. 179-уячада субсидия түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: субсидия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан салык төлөөчүгө, анын экономикалык ишине байланыштуу, өткөн же келечекте белгилүү шарттарды аткаруунун ордуна активдерди берүү түрүндө көргөзүлгөн жардам.
97. 180-уячада сатып алынган наркын кемитүү менен баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт.
Эскертүү: листингдин жогорку жана жогоркудан кийинки категориясы боюнча фондулук биржанын листингинде сатуу күнүндө турган баалуу кагаздарды сатуудан алынган киреше алып салууну түзөт. Бул киреше салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 365-уячасында көрсөтүлөт.
Үлүштүк баалуу кагаздардан жана/ же катышуучунун киргизилген үлүшүнүн жана/ же пайынын өлчөмүндөгү баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн сумма, башкача айтканда аларды сатып алуу наркы салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 363-уячасына киргизилет.
98. 181-уячада моралдык зыянды компенсациялоо түрүндөгү алынган сумма көрсөтүлөт. Бул суммалар соттун чечими боюнча же тараптардын өз ара келишими боюнча төлөнүшү мүмкүн.
Мисал: Көп кабаттуу турак үйдүн 4-кабатында жайгашкан батирдин ээси Асанов ылдыйкы кабатта жайгашкан Сыдыковго таандык батирге суу каптатып алат. Өз ара келишим боюнча Асанов Сыдыковдун батирине оңдоо иштерин жүргүзөт жана оңдоо иштеринин наркынын үстүнө кошумча Сыдыковго келтирилген 10 000 сом өлчөмүндө моралдык зыянды компенсациялайт. Мындагы Асанов оңдоо иштерине төлөгөн сумма материалдык зыяндын ордун толтуруу болуп саналат жана Сыдыковдун кирешесинен чыгарылбайт, ал эми 10 000 сом өлчөмүндөгү компенсациянын суммасы Сыдыковдун кирешеси болуп саналат жана киреше салыгы салынууга жатат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талабына ылайык жумуш берүүчү тарабынан төлөнгөн моралдык зыяндын суммасы салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 355-уячасына киргизилет.
99. 182-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндөрдү, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган кош салык салууну жоюу тууралуу макулдашууга ылайык, төлөнгөн өлкөдө гана салык салынуучу чет мамлекетте алынган пенсияларды кошпогондо, алынган пенсиялардын, стипендиялардын, жөлөкпулдардын суммасы көрсөтүлөт.
Мисал: Россия Федерациясынын жараны Иванов Кыргызстанда туруктуу жашайт жана Россиянын мыйзамдарына ылайык пенсия алып, ал анын банктык эсебине түшөт. Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы Кош салык салууну четтетүү тууралуу макулдашуунун шарты боюнча Россия Федерациясынын мыйзамына ылайык төлөнгөн пенсияга бир гана Россия Федерациясында салык салынгандыктан, бул пенсия анын салык салынуучу кирешеси болуп саналбайт жана бул уячага киргизилбейт.
Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган, өлкөдө салык салынбай турган пенсия 3-тиркеменин 367-уячасына киргизилет.
Ошол эле убакта, Кыргыз Республикасы менен Кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуусу жок чет мамлекеттин жараны, мисалы, Америка Кошмо штаттары, Кыргызстанда туруктуу жашоочу жана АКШ мыйзамдарына ылайык пенсия алуучу бир жылда алынган бардык сумманы бул уячага киргизиши жана андан киреше салыгын төлөшү керек.
100. 183-уячада утуш түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада лотереяга, конкурска, мелдешке жана башка утуш түрүндө алынган иш-чараларга катышуудан алынган бардык кирешелер чагылдырылат. Эгерде утуштун суммасы 10 эсептик көрсөткүчтөн, башкача айтканда 1 000 сомдон төмөн болсо, ал салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 361-уячасына киргизилет. Эгерде утуштун наркы же суммасы 1 000 сомдон көп болсо, анда утуштун наркы бул уячага киргизилет жана киреше салыгы салынууга жатат.
101. 184-уячада төмөнкү учурларда пайда болгон, Декларация тапшыруучунун милдеттерин токтотуудан түшкөн кирешенин суммасы көрсөтүлөт:
1) насыя берүүчү тарабынан карызды кечүү;
2) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси тарабынан бекитилген доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгаруу;
3) жеке адамдын милдеттенмелерин, анын ичинде үчүнчү жактан салык милдеттенмелерин аткаруу.
Эскертүү: эгерде жарандык мыйзамдарда белгиленген, доонун эскирүү мөөнөтү - үч жылдан өткөндүктөн төлөө милдеттенмелери токтотулган же кечирилген болсо, же үчүнчү жак утурлама талапты көрсөтпөстөн, Декларация тапшыруучу үчүн ал төлөй турган сумманы төлөсө, анда кайтарылбаган же үчүнчү жакка төлөнбөгөн карыздын суммасы Декларация тапшыруучунун кирешеси болуп саналат. Көрсөтүлгөн кирешенин суммасы ушул уячада көрсөтүлүүгө тийиш.
Мисал: ижара келишиминин шарты боюнча ижарачы өз каражатынан ижара берүүчү - жеке адам үчүн киреше салыгын, төлөнгөн ижара суммасынан Социалдык фондго чегерүүсүн, жер салыгын, мүлк салыгын төлөйт. Бул учурда бардык бул төлөмдөрдүн суммасы ижара берүүчү-жеке адамдын салык салынуучу кирешеси деп эсептелинет жана толугу менен 184-уячага киргизилет.
102. 185-уячада отчеттук жылда камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү түрүндө алынган кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Жумуш берүүчү тарабынан жумушчунун пайдасына түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жумушчу тарабынан алынган камсыздандыруучу төлөмдөн башка, камсыздандыруу келишими колдонулган кезде камсыздандырылган адам тарабынан чыгарылган камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдүн суммасынын жана ордун толтурууну камсыздандыруудан алынган сумманын ортосундагы айырма катары эсептелинген кирешенин суммасы.
Мисал: Декларация тапшыруучу Айдаров 2010-жылдын 1-январынан тартып 5 жылга турак жайды (батирди) ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзгөн. Камсыздандыруу келишими боюнча Айдаров ай сайын 200 сом төлөп келген. 2013-жылдын ноябрь айында турак жайдын жылуулук тармагынын кыйроого учурашынан Айдаровдун батирин суу каптап кеткен. Камсыздандыруучу компания түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык ордун толтурууну камсыздандыруунун суммасын белгилеген жана Айдаровго 25 000 сом төлөп берген. 2010-жылдын январынан тартып, 2013-жылдын ноябрына чейинки 47 айда Айдаров камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу компаниянын камсыздандыруу төгүмүн төлөө эсебине 47 х 200=9 400 сом өлчөмүндөгү сумманы берген. Айдаров тарабынан алынган салык салынуучу киреше камсыздандыруу төлөмүнөн алынган сумманын жана камсыздандыруу төгүмүнөн берилген сумманын ортосундагы арифметикалык айырма катары эсептелинет: 25 000 – 9 400 = 15 600 сом. Ошентип, Айдаров 185-уячада 15 600 сом өлчөмүндөгү сумманы көрсөтөт.
Эскертүү: милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү салык салынбаган киреше болуп саналат жана 3- тиркеменин 364-уячасына киргизилет.
103. 186-уячада уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн сыйакылардын жана компенсациялардын алынган суммаларынын өлчөмүндөгү киреше көрсөтүлөт. Мындай кирешелер болуп мисалы, директорлор кеңешинин, башкармалыктын, байкоочу кеңештин башкача айтканда, башка уюмдун аткаруучулук эмес, башкаруучулук иштерине катышкандыгы үчүн алынган сыйакылар жана компенсациялар саналат.
104. 187-уячада 172-186-уячаларда көрсөтүлбөгөн башка салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт.
105. 188-уячада Отчеттук жылда Декларация тапшыруучу тарабынан башка экономикалык ишинен алынган жылдык жыйынды кирешенин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячага 172 - 187-уячалардын бардык жалпы суммасы киргизилет. 188-уячанын мааниси Декларациянын 065-уячасына көчүрүлөт.
106. 2-тиркеменин бул бөлүмү салык салуунун жалпы режиминин негизинде салыктарды эсептөөнү жана төлөөнү ишке ашырган ЖИ тарабынан толтурулат.
107. Эгерде, ЖИнин чыгашалары отчеттук жыл ичинде ишкердик ишинен алынган кирешелер менен байланышкан болсо, бул чыгашалар ушул бөлүмгө киргизилет.
Эскертүү: ушул тиркеменин II, III бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн салык салынбаган кирешелер менен байланышкан чыгашалар бул бөлүмгө киргизилбейт.
108. 250-уячада киреше алууга багытталган чыгашалар көрсөтүлөт. Салык төлөөчү, киреше алуу менен байланышкан кайсы гана болбосун документтүү ырасталган чыгашаларды, ошондой эле курстук айырманын терс суммасынын курстук айырманын оң суммасынан ашып түшүшүн эсептен чыгарууга укугу бар. Салык кодексинин 209-беренесинде көрсөтүлгөн эсептен чыгарууга жатпаган чыгашалар буга кирбейт.
Эскертүү: документ түрүндө ырасталган чыгашалар катары, документтер менен ырасталган чыгашалар таанылат, алардын тизмеги, формасы жана маалым даректери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет жана келишүүнүн өлчөмүн, келишүүнүн мүнөзүн аныктоого жана анын катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берет. Бул уячага төмөнкүлөр киргизилбейт:
1) негизги каражаттарды өндүрүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан жана башка капиталдык чыгашалар, анткени алар салык амортизациясы аркылуу эсептен чыгарылат;
2) бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине төлөнүп жаткан, салык салуудан кийинки ЖИнин пайдасынын булагы болуп саналган салык санкциялары, туумдар жана пайыздар;
3) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнүүгө жаткан төмөнкү салыктар:
а) пайда салыгы;
б) Салык кодексине ылайык чегерүүгө жатпаган КНСтен башка КНС, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
в) товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу учурунда жеткирүүчүлөргө төлөнө турган сатуудан алынган салыктан башка, сатуудан алынган салык, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
г) Салык кодексине ылайык эсептен чыгарууга жатпаган акциздик салыктан сырткаркы акциз салыгы, анткени ал сатып алынган материалдык ресурстардын эсептик наркын көбөйтөт;
4) резервдерге чегерүү түрүндөгү чыгашалар;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган тизмек боюнча социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу учурунда келтирилген чыгашалардын бул объекттерди пайдалануу учурунда алынган кирешелерден ашып түшүшү;
6) башка адам үчүн тартылган ар кандай чыгашалар, бул чыгашалар көрсөтүлгөн кызматтарды төлөө максатында жана өндүрүштүк зарылчылыктан улам жүргүзүлгөн фактысы ырасталган учурлардан башка да;
7) менчиктин кандай гана түрүн болбосун сатып алууга, башкарууга же кармоого кеткен чыгашалар, алардан алынган кирешеге Салык кодексине ылайык салык салынбайт;
8) өз ара көз каранды субъект менен ЖИнин менчигин сатуу же алмаштыруу менен түз же кыйыр байланышкан ар кандай чыгымдар;
9) бул ЖИнин ишкердик иши менен байланышы жок үчүнчү жактарга карата ЖИнин чыгашасы;
10) салык агенти тарабынан киреше салыгы салынгандан бөлөк, товарларды, жумуштарды, кызматтарды жеңилдетилген баа же тариф боюнча же базардын баасынан төмөнкү баа менен сатуу учурунда баанын айырмасын төлөөгө кеткен чыгашалар;
Эгерде ЖИ товарларды, жумуштарды, кызматтарды жеңилдетилген баа же тариф боюнча же базардын баасынан төмөнкү баа менен сатуу учурунда баанын айырмасына киреше салыгын кошуп эсептесе, анда ал көрсөтүлгөн чыгымдарды эсептен чыгарууга укуктуу;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ченемдик укуктук актылар менен белгиленген ченемдерден ашык табигый жоготуулардын жана чыгымдардын суммасы;
12) Салык кодекси менен белгиленген учурлардан башка да, мүнөзүн жана өлчөмүн ырастоочу документтер менен аныктоого мүмкүн болбогон чыгашалар;
13) киреше алуу менен байланышпаган чыгашалардын суммасы;
14) пайда салыгы салынбаган кирешелерди алууга байланышпаган чыгашалар;
15) киреше салыгы салынган ашып түшүүнүн суммасынан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектен ашып түшкөн өлчөмдө ЖИнин кызматкерлери кызматтык иш сапарында болгон мезгил үчүн төлөнүүчү күнүмдүк акча;
Эгерде ЖИ өздөрүнүн кызматкерлерине белгиленген чектен ашык төлөгөн күнүмдүк акчага киреше салыгын кошуп эсептесе, уюм көрсөтүлгөн чыгашаларды эсептен чыгарууга укуктуу, ал 250-уячада чагылдырылат;
16) банкеттерге, көңүл ачууларга же эс алууларга кеткен чыгашалар;
109. 251-уячада кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого эсептен чыгарылган чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт. Кадрларды даярдоого, кесипкөйлүгун жогорулатууга жана кайра даярдоого багытталган чыгашалар төмөнкү шарттар сакталган учурда, ЖИнин киреше алууга байланышкан эсептен чыгаруулар катары таанылат:
1) эгерде даярдоонун жана/же кайра даярдоонун программасы кесипкөйлүктү жогорулатууга же ЖИнин ишинин алкагында окутулуп жаткан адисти көбүрөөк натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшсө: кесипкөйлүгүнүн деңгээлине карата талаптардын жогорулашына байланыштуу адистердин теоретикалык жана практикалык билимдеринин жаңыланышына, кесиптик ишти аткаруу үчүн зарыл болгон милдеттерди, кошумча билимди, ыктарды жана көнүгүүлөрдү чечүүнүн азыркы ыкмаларын өздөштүрүүнүн зарылчылыгы;
2) эгерде даярдоодон жана/же кайра даярдоодон ЖИнин штатында турушкан, толук жумуш күнүн иштешкен, жаш курактары 23 жана андан жогорулар өтүп жатышкан болсо;
3) эгерде билим берүү боюнча кызматтар ата мекендик уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жатса.
110. 252-уячада насыялар жана зайымдар боюнча пайыздарды төлөө боюнча чыгашалардын эсептен чыгаруулары көрсөтүлөт. ЖИнин карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды төлөөнүн чыгашалары, эгерде алынган сумма ишкердик ишин ишке ашыруу үчүн пайдаланылса, кошуп эсептелген же төлөнгөн пайыздардын өлчөмүндө эсептен чыгарууга жатат.
Эскертүү: амортизацияланган негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө же аларды пайдаланууга киргизүүгө чейин алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир берген чыгашаларга байланыштуу төлөнгөн пайыздардын суммасы, жылдык жыйынды кирешеден эсептен чыгарууга жатпайт, тескерисинче, салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун стандарттуу тартибин колдонгон учурда алардын наркын жогорулатат. Салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин колдонгон учурда, амортизацияланган негизги каражаттарды сатып алууга же түзүүгө байланышкан же алардын наркынын өзгөрүшүнө таасир берген чыгымдар менен байланышкан пайыздык чыгашалар, ушул каражаттардын наркына киргизилбейт жана жылдык жыйынды кирешеден эсептен чыгарууга тийиш.
111. 253-уячада илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана долбоордук-иликтөө иштерине кеткен чыгашалар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт, бирок бул учурда ал негизги каражаттарды өндүрүүгө же сатып алууга багытталбайт. Негизги каражаттарды сатып алуу жана/же өндүрүү менен байланышкан чыгашалар негизги каражаттардын тийиштүү топторунун наркына кошулат жана амортизацияланат.
112. 254-уячада Салык кодексинин 200-беренесине ылайык эсептелген амортизациялык кошуп эсептөөлөрдүн суммасы көрсөтүлөт:
1) киреше алууга катышкан негизги каражаттарды өндүрүү, сатып алуу жана орнотуу менен байланышкан чыгашалар жана башка капиталдык чыгашалар эсептен чыгаруулар катары таанылбайт.
2) уюмдун менчигинде болгон, пайдаланууга киргизилген жана киреше алуу үчүн колдонулган, наркы 100 эседен ашык эсептик көрсөткүчтү түзгөн негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер амортизацияланууга жатат.
3) ошондой эле, лизинг келишимдери боюнча ЖИ алган жана киреше алуу үчүн пайдаланылган негизги каражаттар амортизацияланууга жатат.
4) суу, жер асты жана башка жаратылыш ресурстары сыяктуу жерлер жана жаратылышты пайдалануунун башка объекттери, ошондой эле товардык-материалдык кор, капиталдык курулуштун бүтө элек объекттери, баалуу кагаздар, финансылык инструменттер, орнотула элек жабдуулар, негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер, салык төлөөчү тарабынан өндүрүүдө жана/же сатып алууда пайдаланылбаган товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр амортизациялоого жатпайт. Мындан башка, отчеттук жыл ичинде наркы толук бойдон даяр продукциянын, аткарылгын жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына өткөн мүлктөр амортизациялоого жатпайт.
5) ушул уячаны толтуруу үчүн амортизациялана турган мүлктүн курамынан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылат:
а) келишимдер боюнча кайтарымсыз колдонууга берилгендер;
б) консервацияга которулгандар;
в) 12 айдан ашык убакка реконструкциялоодо жана модернизациялоодо тургандар.
Эскертүү: салык амортизациясынын эсеби үчүн негизги каражаттардын наркына төмөнкүлөр киргизилбейт:
1) негизги каражаттарды түзүүгө катышкан жумушчулардын эмгекке төлөө фондуна кошуп эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;
2) жаңы негизги каражаттарды түзүүгө катышкан негизги каражаттардын амортизациясы жана оңдоого кеткен чыгашалар.
Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлгөн негизги каражаттарды кайра баалоо, топтун салыктык наркын көбөйтпөйт жана азайтпайт.
ЖИнин кирешесинен төмөнкүлөр эсептен чыгарылууга тийиш:
1) Салык кодексинин жоболоруна ылайык эсептелинген, амортизациялана турган негизги каражаттарга амортизациялык кошуп эсептөөлөр;
2) отчеттук жылдын аягына карата топтун салыктык наркынын суммасы, эгерде ал 100 эсептик көрсөткүчтөн азды түзсө;
3) топтун калдык салыктык наркы, эгерде топтогу баардык негизги каражаттар сатылса, башка адамга берилсе же жоюлса.
113. 255-уячада салык төлөөчү тарабынан пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун стандарттуу тартиби колдонулган учурда төмөнкү негизги каражаттарга карата оңдоого кеткен чыгашалардын эсептен чыгаруулары көрсөтүлөт:
1) ЖИнин менчик укугунда болгондор, ошондой эле финансылык ижаранын (лизингдин) предмети болуп саналгандар. Эсептен чыгарууга жаткан оңдоого кеткен чыгашалардын суммасы, мурдагы жылдын аягына карата топтун салыктык наркы катары аныктала турган, негизги каражаттардын ар бир тобуна карата мурунку жылы эсептелип чыккан амортизациялык кошуп эсептөөлөрдүн суммасына азайтылган, жылдын башына карата топтун салыктык наркынын 15 пайызы менен чектелет.
15 пайыздык чектөөдөн ашып түшкөн сумма топтун наркына кошулган негизги каражаттардын наркы катары каралат жана отчеттук жылдын аягына карата топтун салыктык наркын жогорулатат.
2) ижарага алынган негизги каражаттар. Ижарага алынган негизги каражаттарды оңдоону ишке ашыруу учурунда, ижарачы ар бир ижарага алынган негизги каражаттар боюнча оңдоого кеткен чыгашалардын негизинде топ түзүүгө жана амортизациялык чегерүүлөр түрүндө оңдоого кеткен чыгымдарды кармап калууга милдеттүү. Ар бир топ боюнча амортизациянын ченеми, уюм тарабынан ижара келишиминин иштөө мөөнөтүнө жараша белгиленет. Ижара келишиминин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин ижарачы топтун калдык салык наркын эсептен чыгарууга жана аны бул уячага киргизүүгө акылуу.
Салык кодексине ылайык, амортизацияны эсептөө үчүн топко 100 эседен кем эмес эсептик көрсөткүчтөр наркындагы негизги каражаттар киргизилет, ал эми оңдоого кеткен чыгашалар 100 эседен кем эсептик көрсөткүчтөрдү түзгөндө, анда топ түзүлбөйт жана сумма толук өлчөмдө эсептен чыгарылат.
Салык төлөөчү пайда салыгы боюнча салык базасын эсептеп чыгуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин колдонгон учурда, негизги каражаттарды оңдоого кеткен чыгымдар чектелбеген эсептен чыгарууларга тийиштүү болот.
114. 256-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруу көрсөтүлөт. Эсептен чыгарууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы кирет. ЖИ бул уячага, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө, жумуш берүүчүнүн каражаттарынан жумушчуларга төлөмдөрдүн баардык түрлөрүнөн эсептеп чыгарылган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын киргизүүгө укуктуу.
115. 257-уячада баалуу кагаздарды сатуу учурунда келип чыккан чыгымдар көрсөтүлөт:
1) карыздык баалуу кагаздардан сырткары, баалуу кагаздар боюнча сатуунун наркы менен сатып алуунун наркынын ортосундагы терс айырма;
2) дисконттун амортизациясын жана/же бересе баалуу кагаздарды сатуу күнүнө карата сыйакыны эсепке алып сатуу наркы менен сатып алуунун наркынын ортолорундагы терс айырма.
Анткени, Салык кодексинин 205-беренесине ылайык, баалуу кагаздарды сатуудан алынган чыгым, башка баалуу кагаздарды сатуу учурунда алынган кирешелердин эсебинен компенсацияланат, мында бул уячада көрсөтүлгөн чыгымдын суммасы “0”гө барабар болушу мүмкүн же баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин суммасынан ашык болбошу керек. Баалуу кагаздарды сатуудан алынган чыгымдар баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелерди азайтат.
Эгерде чыгымдар, алар пайда болгон жылы компенсацияланбай турган болсо, анда алар 5 жылдык мөөнөткө узартылышы жана ушул 5 жылдын аралыгында баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин эсебинен орду толтурулушу керек.
116. 258-уячада ЖИнин кайрымдуулугуна кеткен чыгашалары боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт, алар өзүнө акча каражаттарын жана мүлктү кошкондо (эсептик наркы боюнча) төмөнкү дарекке кайтарымсыз берилген активдерди камтыйт:
1) кайрымдуулук уюмдарына.
Эскертүү: кайрымдуулук уюму – коммерциялык эмес уюм:
а) Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук ишин ишке ашырган;
б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу ишин жана букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун ишин жүргүзбөгөн;
в) саясий партияларды же шайлоо өнөктүктөрүн колдоого катышпаган.
2) жеке менчик формасына карабастан маданият жана спорт уюмдары.
Эскертүү: маданият жана спорт уюмдары катары, иштин негизги түрү болуп маданий баалуулуктарды сактоо, өнүктүрүү, жайылтуу жана өздөштүрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү, маданий убайды, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматтарды сунуштоо болуп саналган, менчик формасына карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар таанылат.
Отчеттук мезгил аралыгындагы эсептен чыгаруунун суммасы, ал активдер аларды берген салык төлөөчүнүн пайдасы үчүн колдонулбаган шартта, Декларациянын 055-уячасында көрсөтүлгөн салык салынган пайданын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
117. 259-уячада отчеттук жыл ичинде төлөнгөн жана эсептен чыгарууга тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт:
а) жер салыгынын;
б) мүлк салыгынын;
в) чегеримге жатпаган КНСтин;
г) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктардын.
118. 260-уячада Салык кодексинин 209-беренесинде саналып өткөндөрдү жана ушул тиркеменин 250-259-уячаларында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, башка эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
Мындай эсептен чыгаруулар болуп маселен, жамааттык келишимге ылайык жумушчуларга социалдык жеңилдиктердин чыгашалары (материалдык жардам, ысык тамак, жолдомолор ж.б.), башкаруу органынын мүчөлөрүнө төлөнө турган компенсациялар саналышы мүмкүн.
119. 261-уячада 250-260-уячалардын маанилеринин жыйынтык суммасы көрсөтүлөт. Бул уячадагы маалыматтар Декларациянын 051-уячасына көчүрүлөт.
120. 2-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан анын ишкердик ишине карата толтурулат.
121. 262-уячада ЖИ-айыл чарба өндүрүүчүсүнүн пайдасынын суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: салык максаттарында айыл чарба өндүрүүчүсү катары, айыл чарба продукцияларын өндүрүшкөн ЖИ же жеке адам, ошондой эле акцизделүүчү товарлардан сырткары, календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатуунун жалпы көлөмүнөн бул продукцияларды сатуудан түшкөн акча 75 пайыздан кем эмесин түзгөн шартта өз өндүрүшүнүн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү продуктулары таанылат.
122. 263-уячада салык мыйзамдары, ошондой эле эл аралык келишимдер менен каралган пайда салыгы боюнча башка жеңилдиктер таралган ЖИнин пайдасынын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде, ЖИ мыйзамга ылайык алынган пайдага же анын бөлүгүнө салык төлөөгө милдеттүү болбосо, бул уячага бошотулууга жаткан пайданын суммасы киргизилет. Мисалы, бул уячада негизги өндүрүштүк каражаттарды сатып алууга, реконструкциялоого, модернизациялоого багытталган бөлүгүндө, кайра иштетилүүсү салык төлөөчүнүн менчигинде болгон өндүрүштүк кубаттуулугунда ишке ашырылган, салык төлөөчүнүн өз сырьесунан жер-жемиштерди жана жашылчаларды өнөр жайлык кайра иштетүүнүн товарларын сатуудан алынган пайда көрсөтүлүшү мүмкүн.
123. 264-уячада 262 жана 263-уячаларынын суммасы көрсөтүлөт. Бул уячанын мааниси Декларациянын 053-уячасына, ошондой эле, 7-тиркеменин 751-уячасына көчүрүлөт.
Бул суммадан пайда салыгы пайда болбойт, анткени салык салынган пайданын өлчөмүн аныктоо учурунда 053-уячада көрсөтүлгөн сумма пайданын жалпы суммасынан эсептен чыгарылууга жатат.
124. 2-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан анын ишкердик ишинен алынган салык салынбай турган кирешеге карата толтурулат.
125. 265-уячада эгерде ЖИге шериктештери тарабынан жөнөкөй шериктештиктин эсебин жүргүзүүгө ыйгарым укугу берилсе, шериктердин салымы катары жөнөкөй шериктештик тарабынан алынган мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
Жөнөкөй шериктештиктен кайтарылган салымдар шериктердин кирешеси болуп саналбайт.
126. 266-уячада ишеним башкаруучу ишеним башкарууга кабыл алган мүлктүн наркы көрсөтүлөт. Ишеним башкармасынын келишимине ылайык, башкаруучу каражаттардын (негизги каражаттар, мүлк комплекстери жана башкалар) менчик ээсинен ушул уячага чагылдырыла турган наркын башкарууга алат.
Ишеним башкаруучусунан мүлктөрдүн менчик ээсине кайтарылышы менчик ээсинин кирешеси болуп саналбайт.
127. 267-уячада бул тиркеменин 265, 266-уячаларында көрсөтүлбөгөн башка салык салынбаган кирешелер көрсөтүлөт. Мындай кирешелер болуп, ЖИ тарабынан ата мекендик уюмдарга катышуудан алынган дивиденддер, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары же Кыргыз Республикасынын катышуучусу менен мыйзам чегинде күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген салык салынбаган кирешелер деп таанылгандар болушу мүмкүн.
Ошондой эле, легалдаштыруу жана мүлктөр боюнча 2013-жылы жүргүзүлгөн өнөктүктүн алкагындагы кирешелер жана мүлктөрдүн жалпы суммасы чагылдырылат.
128. 268-уячада 265-267-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон бардык салык салынбаган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт. 268-уячанын мааниси 7-тиркеменин 751-уячасына көчүрүлөт.
129. Салык салынбаган кирешелердин суммасы Декларация тапшыруучунун ишкердигине байланышпаган, башка экономикалык иши боюнча анын киреше булактарын ырастоо максатында Декларацияда көрсөтүлөт.
130. Бул тиркемени толтурууда акча каражаттарынан башка активдердин наркы Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болсо, декларация толтуруу мезгилинин аягында колдонуудагы базар баасы боюнча, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде көрсөтүлөт.
Чет элдик валютадагы мүлктүн наркы декларация толтуруу мезгилинин аягында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
Акча каражаттарынын саны номиналдын нарк боюнча көрсөтүлөт. Чет элдик валютадагы акча каражаттары декларация толтуруу мезгилинин аягында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
131. 350-уячада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Президентинин резервдик фонддорунан төлөмдөр түрүндө Декларация тапшыруучу тарабынан алынган киреше көрсөтүлөт.
132. 351-уячада мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Декларация тапшыруучу тарабынан алынган жөлөкпулдар жана компенсациялар көрсөтүлөт. Мындай жөлөкпулдар убактылуу эмгекке жараксыз жана кош бойлуулугу боюнча жөлөкпулдар, сөөк коюу жөлөкпулдары болушу мүмкүн.
Ошондой эле, 351-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган жана Декларация тапшыруучу тарабынан алынган пенсиялар, стипендиялар, жөлөкпулдар көрсөтүлөт.
133. 352-уячада ал жеткис күчтөрдүн шарттарына байланыштуу келтирилген материалдык чыгымдын же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында Декларация тапшыруучу кайтарымсыз алган сумма көрсөтүлөт.
Эскертүү: жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу кырсыктардын же алдын ала билүүгө четтетүүгө мүмкүн болбогон, же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок жоюуга болбой турган бөлөк кырдаалдардын натыйжасында чукул жана четтетилбөөчү жагдайлардын келип чыгышы ал жеткис күч деп саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж болбогон башка ыкмалардын негизинде аныкталат.
134. 353-уячада Декларация тапшыруучу - аскер кызматындагылар, улуттук коопсуздук органынын, укук коргоо органынын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда, денесинен алган жаракатына байланыштуу, мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары көрсөтүлөт.
Андан сырткары, аскер кызматындагылардын, улуттук коопсуздук органынын, укук коргоо органынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматкерлердин жакын тууганы - Декларация тапшыруучу жогоруда аталгандардын курман болгондугуна байланыштуу, мамлекеттик бюджеттин каражатынан алынган компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммасын өзүнүн Декларациясынын бул уячасында чагылдырат.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамына ылайык нике мамилелеринде турган адамдар, бала асырап алгандар жана асыранды балдар, камкорчулар жана (же) көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелери, балдары, бир тууган жана аталаш (энелеш) ага-инилери, эже-сиңдилери, чоң аталары, чоң энелери, неберелери жакын туугандары болуп саналат.
135. 354-уячада жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу, жумуш берүүчүдөн Декларация тапшыруучу тарабынан алынган кайтарымсыз жардамдын суммасы көрсөтүлөт.
Ошондой эле, каза болгон жумушчунун жумуш берүүчүсүнөн кайтарымсыз жардам алган, каза болгон жумушчунун жакын тууганы – Декларация тапшыруучулар бул уячага алынган жардамдын суммасын көрсөтүшөт.
136. 355-уячада ден соолукка келтирилген зыяндын ордун жабуу эсебинде, ошондой эле, эмгектик милдеттерин аткаруу учурунда майып болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жалданган жумушчу - Декларация тапшыруучу тарабынан алынган сумма көрсөтүлөт.
Андан сырткары, көрсөтүлгөн жалданган жумушчунун жакын тууганы – Декларация тапшыруучу өзүнүн Декларациясынын бул уячасында зыяндын ордун толтуруунун суммасы, анын ичинде моралдык зыяндын компенсациясы, жалданган жумушчунун эмгек милдетин аткаруу учурунда курман болгондугуна байланыштуу Декларация тапшыруучу тарабынан алынган сумма чагылдырылат.
137. 356-уячада ата мекендик уюмга катышуудан алынган дивиденддер көрсөтүлөт.
Алынган дивиденддердин суммасы жөнүндө төлөм булактарынан алган маалымкат бул сумманы ырастоочу болуп эсептелет.
138. 357-уячада Декларация тапшыруучунун үчүнчү тараптан алган кирешеси көрсөтүлөт:
1) майып тарабынан майыптар үчүн техникалык каражаттарга төлөмдөр түрүндө;
2) майып тарабынан майыптыкты профилактикалоо жана аны реабилитациялоо, майыптар үчүн жол көрсөтүүчү-иттерди багуу үчүн суммалардын өлчөмүндө;
3) майыптар, пенсионерлер тарабынан, 16 жашка чейинки жетимдер үчүн-жөлөкпул түрүндө.
Ошондой эле, бул уячага жашы жете элек балдарынын саны 4 же андан көп баланы түзгөн, көп балалуу үй–бүлөгө дайындалган жөлөкпулду алуучу – Декларация тапшыруучу алган жөлөкпулунун суммасы көрсөтүлөт.
4) социалдык жактан корголбогон адамдарга – бекер түшкү тамак түрүндө.
Декларация тапшыруучулардын саналып чыккан категориялары үчүн көрсөтүлгөн кирешелер, ким тарабынан төлөнбөсүн салык салынбаган кирешеге кирет.
139. 358-уячада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларация тапшыруучу тарабынан алынган алименттер көрсөтүлөт. Алименттер жашы жете элек балдарды багууга, ошондой эле, карып калган ата-энесин багуу үчүн алынышы мүмкүн.
Эгерде, алынган алименттин суммасы, мыйзам тарабынан же соттун чечими менен белгиленген өлчөмдөн ашып кетсе, алынган алименттин бардык суммасы бул уячада чагылдырылат жана жакын туугандарынан алынган белектер да салык салынбаган кирешеге киргендигине байланыштуу, салык салынбай турган болуп саналат.
Ошондой эле, 358-уячада жубайлардын же мурдагы жубайлардын ажырашууларына байланыштуу мүлктү бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган киреше көрсөтүлөт.
140. 359-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан гуманитардык жардам катарында алынган мүлктүн наркы, ошондой эле, ишкердик ишин жүргүзүү учурунда алынган жумуштардан, кызматтардан, мүлктөн тышкары, жакын туугандарынан мурастоо же белекке алуу тартибинде алынган жумуштардын, кызматтын, мүлктүн наркы көрсөтүлөт.
Эгерде, жакын туугандары белек берсе, анда анын наркы салык салынбаган киреше болуп саналат. Бирок, эгерде жакын деп саналбаган туугандарынан, мисалы, тай акеден, тай эжеден, жээнден, ошондой эле, тууган эместен белек алынса, анын наркы салык максатында салык салынуучу киреше деп эсептелинет жана 1-тиркеменин 174-уячасына киргизилет.
Эгерде, жакын тууганы ишкердик иш жүргүзсө, анда мындай тууган тарабынан берилген кайтарымсыз активдердин наркынан активдерди алган, анын ишине катышуучу адам тарабынан киреше салыгы же пайда салыгы төлөнүшү керек.
Мисал: зергер буюмдарын сатып иш жүргүзгөн жеке ишкер, толугу менен кирешелеген товарлардын тобун алды жана зергер буюмдарынын тобун сатып алууга кеткен чыгашасын эсептен чыгаруу катары эсептеген.
Ишкер алынган товарлардын тобунун жарымын аялына белек кылды.
Эгерде аялы жеке ишкер болуп саналбаса, ал өзүнүн Декларациясына кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган каражатты киреше деп эсептеп, анын наркын ишкердик ишин жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 1-тиркемесинин 152-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болуп саналса, ал өзүнүн Декларациясында кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан түшкөн кирешени таанууга жана алардын наркын Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 1-тиркемесинин 152-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болсо жана жалпы салык салуу режиминин негизинде салык төлөсө, ал өзүнүн Декларациясында кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 1-тиркемесинин 153-уячасына киргизиши керек.
Эгерде, аялы жеке ишкер болсо жана атайын салык салуу режиминин негизинде салык төлөсө ал өзүнүн Декларациясына кайтарымсыз алынган зергер буюмдарынын тобунан алынган кирешени таанууга жана анын наркын Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын 6-тиркемесинин тийиштүү бөлүмүндөгү кирешелердин уячасына киргизиши керек.
Ошону менен бирге, Декларация тапшыруучу - күйөөсү - жеке ишкер үчүн товарлардын тобун өткөрүп берүү бардык салыктары төлөнгөн товарларды сатуу катары таанылат.
141. 360-уячада жеке ишкердик ишти жүргүзүүнүн чегинде алынган кирешелерди кошпогондо, айыл-чарба продукциясын сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт.
Мисалы, эгерде Декларация тапшыруучунун менчиктеги же колдонуудагы, анын ичинде ижаранын негизиндеги айыл-чарба багытындагы бөлүнгөн жери/ үлүшү бар болсо, мындагы жер участогунда өстүрүлгөн айыл-чарба продукциясы, Декларация тапшыруучунун ишкердик ишинин натыйжасы болот. Ошондуктан, Декларация тапшыруучу фермердик-дыйкан чарбасынын мүчөсү болуп саналат же жеке ишкер катары катталышы керек, демек, ишкердик иш жүргүзгөн Жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын түзүүгө жана тапшырууга милдеттүү. Өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудан алган киреше, анын ишкердик ишинен алынган кирешеси болот.
Эгерде Декларация тапшыруучу өзүнүн короо-жайынын жер участогунда өстүрүлгөн продукцияны сатса, мындай киреше ишкердик ишинен алынбаган катары эсептелип, Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесине кирет жана бул уячада чагылдырылат.
142. 361-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан наркы 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган, утуш түрүндө алынган кирешенин бардык түрлөрү көрсөтүлөт.
Бул уячада лотереяларга, сынактарга, мелдештерге жана башка иш-чараларга катышуудан утуш катары алынган, 1000 сомдон ашпаган бардык кирешелер чагылдырылат. 1000 сомдон ашкан утуштун суммасы салык салынуучу кирешеге кирет жана 1-тиркеменин 183-уячасында чагылдырылат.
143. 362-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан жеке максаты үчүн колдонулган жана ишкердик иш жүргүзүү максатында эмес, сатып алынган кыймылдуу жана/ же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше көрсөтүлөт.
Төмөндөгү учурлар эске алынбайт:
1) сатып алган күндөн тартып менчик укугунда бир жылдан аз болгон автомотоунаа каражаттарды сатуудан алынган киреше;
2) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасы органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген жана ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып удаалаш келген эки жылга жетпеген мезгилде жеке менчик укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган киреше.
Көрсөтүлгөн учурларда Декларация тапшыруучу 1-тиркеменин 178-уячасына киргизилген мүлктү сатуунун наркынын сатып алуу наркынан ашып кетиши түрүндөгү салык салынган кирешени таанууга милдеттүү. Сатып алуу наркынын өлчөмүндө мүлктү сатуудан алынган сумма салык салынбоочу болуп саналат жана 3-тиркеменин 362-уячасында чагылдырылат.
144. 363-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан алынган, үлүштүк баалуу кагаздардан же катышуучунун мурда киргизилген үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндөгү наркын кайтаруу же сатылган суммасы көрсөтүлөт.
Демек, эгерде Декларация тапшыруучу акционердик коомдун акциясын, пайын же үлүшүн мурда сатып алса, анда аларды сатып алууга жумшаган сумманын өлчөмүндө бул акцияларды, пайды же үлүштү отчеттук жылда сатуудан түшкөн каражаттардан алынган сумма салык салынбаган кирешеге кирет жана бул уячада чагылдырылат.
Эгерде катышуучунун пайы же үлүшү же акциясы отчеттук жылда Декларация тапшыруучу тарабынан, сатып алууга кеткен чыгымдан ашкан нарк боюнча сатылса, анда мындай нарктын өсүшү (алгачкы жумшалган акча каражатынын суммасы менен сатылган баанын ортосундагы айырма) 1- тиркеменин 180-уячасына киргизилет.
145. 364-уячада Декларация тапшыруучуга кайтарылуучу камсыздандыруу сыйакылары жана сатып алынуучу суммалар, башкача айтканда, камсыздандыруу келишими күчүндөгү кезде камсыздандыруучу компанияга камсыздандыруу келишими боюнча төлөнгөн сумма көрсөтүлөт.
Ошондой эле, бул уячада ушул камсыздандыруу келишими ишкердик максатында түзүлбөгөн шартта, Декларация тапшыруучу тарабынан алынган камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгендеги кайтарым акылар жана камсыздандыруучу суммалар көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу суммалардын, сыйакылардын жана кайтарым акылардын төлөмүнөн башка, камсыздандыруу келишими боюнча төлөмдөрдү башка адам же субъект жүргүзсө, кайтарылган каражаттар салык салынуучу киреше деп эсептелинет жана 1-тиркеменин 174-уячасына киргизилиши керек. Ошондой эле, эгерде Декларация тапшыруучу камсыздандыруунун топтолуучу түрүнөн пайыздык киреше алса, мындай киреше салык салынуучу болуп саналат жана анын суммасы 1- тиркеменин 175-уячасына киргизилет.
Жумуш берүүчү менен түзүлгөн, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча Декларация тапшыруучу тарабынан алынган камсыздандыруучу сыйакылардын суммасы, ошондой эле, мындай келишим боюнча төлөнгөн төлөмдөр салык салынбаган кирешеге кирет жана 3-тиркеменин 364-уячасында чагылдырылат.
146. 365-уячада сатуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча фондулук биржасынын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн алынган пайыздар жана кирешелер көрсөтүлөт.
Листинг - бул фондулук биржадагы расмий соодалоого баалуу кагаздарды киргизүүнүн жол-жобосу. Компаниянын баалуу кагаздары эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориядагы фондулук биржанын листингинде болуусу, фондулук биржанын жана мыйзамдын талабына ылайык бул компания өзүнүн иши жөнүндө маалыматты ачып бергендигин билдирет, башкача айтканда, аталган баалуу кагаздардын биржалык баасы ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ.
Эгерде, киреше жана пайыздар баалуу кагаздардын ушул категорияларынын наркынын өсүшүнөн алынса, алар салык салынбоочу болуп саналат жана бул уячага киргизилет.
Эскертүү: эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориядагы фондулук биржанын листингинде болбогон баалуу кагаздарды сатуудан алынган сумма, сатып алуунун наркынын өлчөмүндө гана салык салынбаган болуп саналат. Сатып алуунун наркы кыймылдуу мүлк катары ушул тиркеменин 363-уячасында чагылдырылат. Сатып алуунун наркын кемиткендеги баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча салык салынган болуп саналат жана 1-тиркеменин 180-уячасында чагылдырылат.
147. 366-уячада Декларация тапшыруучу Кыргыз Республикасынын банктарына салымдар боюнча алынган пайыздардын суммасын көрсөтөт.
Чет өлкөлүк банктардан пайыздык киреше алынганда, кирешени 1- тиркеменин 175-уячасына киргизүү керек.
148. 367-уячада Декларация тапшыруучу 350 - 366-уячаларда көрсөтүлбөгөн, киреше салыгы салынбаган башка кирешелерди көрсөтөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн кирешелерден башка, салык салынбаган кирешелер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыскы чөлкөмдөрдөгү жана бийик тоолуу шарттардагы жумуш үчүн белгиленген кошумчалар жана райондук коэффициенттер;
2) атайын кийимдердин, атайын бут кийимдердин, жеке коргонуу каражаттарынын, самын, жугушсуздандыруучу каражаттардын наркы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча жана тизмедеги мындай жумуштарга ылайык, иштеги зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттары менен алектенген жумушчулардын сүт жана дарылык-профилактикалык азыктануусунун наркы;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жумушчуларды милдеттүү түрдө медициналык жактан текшерүүнүн жана дарылык – профилактикалык жактан тейлөөнүн наркы;
4) Декларация тапшыруучунун – кызматкердин иш сапарынын чыгымдарын компенсациялоо суммасы, ошондой эле, уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрүнүн өз милдетин аткаруу учурунда келтирилген чыгымдары:
а) берилген документтерге ылайык – белгиленген жерге чейин барып, келүү жол киреси боюнча;
б) берилген документтерге ылайык – турак жайды жалдоо боюнча;
в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде – күндөлүк акчалар.
5) кан тапшыргандыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донорлуктун башка түрлөрү үчүн донор алган сумма.
6) Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Баңгизатты көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, жазык – аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин, өрткө каршы кызматынын, Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоо аскеринин кызматкерлери тарабынан алынган азык – түлүк паегунун наркынын компенсациясы жана акчалай акы төлөө суммасы;
7) Олимпиада оюндарынын чемпиону, байге ээси, Кыргыз Республикасынын спорттук түрлөрү боюнча курама командасынын мүчөсү, Олимпиада оюндарынын, дүйнөнүн, Азиянын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери курама команданын мүчөсү катары бюджеттик каражаттын эсебинен алган стипендиялар, бир жолку сыйлыктар.
8) төмөнкү жашоо деңгээлиндеги кирешеси бар, социалдык реабилитациялоого же адаптацияга, медициналык жардамга муктаж болгон адам тарабынан коммерциялык эмес уюмдардан, мамлекеттен кайтарымсыз алынган активдер:
а) качкындарга
б) оорусу катууларга
9) кирешелер жана мүлк жөнүндө көрсөтүлгөн Декларацияга ылайык, 2013-жылы жүргүзүлгөн, кирешелерди жана мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча өнөктүктүн алкагындагы кирешелердин жана мүлктөрдүн жалпы суммасы.
149. 368-уячада отчеттук жылдагы Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесинин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Бул уячада 350 - 367- уячалардын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 368-уячанын мааниси 7- тиркеменин 757-уячасына көчүрүлөт.
150. 3-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан ишкердикке тиешеси жок, анын башка экономикалык ишине карата толтурулат.
151. 369-уячада төлөм булактарында мурда салык салынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. Пайыздык кирешени жана аны колдонуу өзгөчөлүктөрүн аныктоо ушул Тартиптин 92-пунктунда баяндалган.
152. 370-уячада бул тиркеменин 369-уячасында көрсөтүлбөгөн төлөм булактарында салык салынган башка кирешелер көрсөтүлөт.
153. 371-уячада 369 жана 370-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болгон төлөм булактарында салык салынган кирешелердин жыйынтыгы көрсөтүлөт. 371-уячанын мааниси 7-тиркеменин 758-уячасына көчүрүлөт.
154. 4-тиркемеде Декларация тапшыруучу менчик укугунда ага таандык болгон, анын ичинде салык салууга жатпаган/бошотулган, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга тийиштүү мүлктүн бардык объектилери жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.
155. Мүлк салыгын төлөөчү болуп, менчигинде Кыргыз Республикасынын аймагында катталган салык салынуучу мүлкү, анын ичинде финансылык ижара же ипотекалык насыя алуу келишими бар субъект саналат.
Эгерде, мүлктүн менчик ээсинин жайгашкан жерин аныктоого мүмкүн болбосо, мүлк салыгына салык төлөөчү болуп ушул мүлктү колдонуучу субъект саналат.
4- тиркеме 1-топтогу объект (FORM STI – 086), 2-топтогу объект (FORM STI – 087), 3-топтогу объект (FORM STI – 088) жана 4-топтогу объект (FORM STI – 089) боюнча мүлк салыгын маалыматтык эсептөөлөрүндө берилген маалыматтардын, ошондой эле, бошотулган/ салык салынууга жатпаган жана жеңилдетилген, салык салынууга тийиштүү мүлк объектилери боюнча укуктук далилдөөчү жана/ же укук күбөлөндүрүүчү документтердеги маалыматтардын негизинде түзүлөт.
156. Бул тиркеменин I бөлүмүн толтуруу үчүн алгач төмөнкүлөр боюнча 4-тиркемени чечмелөө толтурулат:
1) 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объектилери боюнча;
2) 4-топтогу мүлк объектилери боюнча (унаа каражаттары)
1,2,3-топтордогу объектилер боюнча (FORM STI – 102 – 004-01)
4-тиркемени чечмелөөнү толтуруу
157. 1-графанын уячаларында төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектилеринин тобунун коду көрсөтүлөт:
коду | Мүлк объектилеринин топтору |
01 | 1-топ |
02 | 2-топ |
03 | 3-топ |
04 | 4 топ |
Эскертүү: 1-топтогу мүлк объектилерине: турак үйлөр, анын ичинде туруктуу же убактылуу жашоого арналган, ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулбаган жатаканалар, батирлер, дачалык үйлөр кирет.
2-топтогу мүлк объектилерине: турак үйлөр, анын ичинде жатаканалар, батирлер, дачалык үйлөр, пансионаттар, эс алуучу үйлөр, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, административдик, өнөр-жайлык, ошондой эле, ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулуучу жана/же арналган башка капиталдык түзүлүштөр кирет.
3-топтогу мүлк объектилерине: ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулуучу жана/ же арналган контейнер, күркө сыяктуу металл жана башка конструкциялардагы убактылуу имараттар кирет.
158. 1-графанын уячаларын толтуруу төмөнкү ырааттуулукта жүргүзүлөт:
ишкердик иш үчүн колдонулбаган бардык мүлк объектилери 01 коду менен көрсөтүлөт;
ишкердик иште колдонуу үчүн арналган же колдонулган бардык мүлк объектилери 02 коду менен көрсөтүлөт;
ишкердик иште колдонуу үчүн арналган же колдонуудагы бардык мүлк объектилери 03 коду менен көрсөтүлөт.
159. 2-графанын уячаларында тийиштүү мүлк түрүнүн коду көрсөтүлөт. Бул уячаларды толтуруу үчүн төмөнкү таблицадан колдонуудагы мүлктүн кодун тандоо керек:
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак үй |
002 | Батир |
003 | Дача |
004 | Пансионаттар |
005 | Эс алуу үйү |
006 | Санаторийлер |
007 | Курорттор |
008 | Өндүрүштүк |
009 | Административдик |
010 | Өнөр жайлык |
011 | Башка капиталдык курулуштар |
012 | Күркөлөр |
013 | Контейнерлер |
014 | Башка убактылуу имараттар |
160. 3-графанын уячаларында мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
Коду | Мүлктү пайдалануучу |
МЭ | Менчик ээси |
ҮЭ | Үлүш ээси |
МЭЭ | Менчик ээси эмес |
Эгерде мүлк салыгын төлөөчү болуп мүлктүн менчик ээси саналса, анда бул уячаларда “МЭ” коду көрсөтүлөт.
Эгерде мүлк бир нече адамдардын менчигинде болсо, “Ү/МЭ” коду көрсөтүлөт.
Эгерде салыкты төлөөчү болуп мүлктүн ээси эмес, а колдонуучу саналса, “М/ЭЭ” коду көрсөтүлөт.
161. 4-графанын уячаларында мүлктүн жайгашкан районунун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү: райондун кодун ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтынан табууга болот.
162. 5-графанын уячаларында кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Бул код кыймылсыз мүлктүн бирдигинин техникалык паспортунун титулдук барагынын өйдөкү уячасында көрсөтүлгөн.
163. 6-графанын уячаларында төмөнкү таблицадан тандалып алынган мүлк объектисинин категориясынын коду көрсөтүлөт:
Код | Мүлктүн объектисинин категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
эгерде мүлктүн объекти жалпы негиздерде салык салынууга жатса, “С/С” коду ыйгарылат
эгерде мүлктүн объекти Салык кодексинин 324-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык салуунун объектиси болуп саналбаса, ага “С/СТ” коду ыйгарылат.
3) эгерде Декларация тапшыруучуга же мүлктүн объектине Салык кодексинин 330-беренесине ылайык салык төлөөгө жеңилдик/бошотуу белгиленсе, анда мындай объектиге “Ж/Б” коду ыйгарылат.
164. 7-графанын уячаларында мүлк объектисинин жалпы аянты чарчы метрде көрсөтүлөт.
165. 8-графанын уячаларында мүлктүн ар бир объектиси боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт. Мүлктүн салык салынган объектиси боюнча, Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бёлщгщнё ылайык Декларация тапшыруучу салык органына берген мүлк салыгы боюнча мурда эсептелген жана маалыматтык эсептөөсүндө чагылдырылган салыктын суммасы көрсөтүлөт.
эгерде маалыматтык эсептөө берилген мүлктүн объектиси отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучунун менчигинде болсо, эсептелип чыккан салыктын суммасы мүлктүн ар бир объектиси боюнча маалыматтык эсептөөдөн бул тиркемеге көчүрүлөт.
эгерде мүлк объектиси маалыматтык эсептөө берилгенден кийин, отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучунун менчигинен чыгып калса же түшсө, анда алар кайсы бир объекттерди сатып алуунун же аларды чыгарып салуунун фактысы боюнча берилген кошумча маалыматтык эсептөөдө чагылдырылышы керек.
эгерде мүлктүн объектиси салык салынбаганга, салык салынууга тийиштүү болбосо, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 8-графанын тиешелүү уячасында “0” цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
166. Эгерде чечмелөөдө Декларация тапшыруучунун менчигинде болгон 1, 2, 3-топтордун мүлк объектилери боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар бардык узун-туурасы боюнча “Z” белгиси менен чийилет. Андан кийин “Баардыгы” уячасында чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларынын маанилеринин суммасына барабар болгон 1, 2, 3-топтордун мүлк объектилери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
167. Менчигинде унаа каражаттары бар Декларация тапшыруучу бул чечмелөөнү төмөнкү таблицага ылайык толтурат:
Кыймылдаткычтын түрү | Унаанын түрү | Унаанын аталышы |
А (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер) | 001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасында иштеген фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, кичи автобустар | |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол курулуш машиналары | |
004 | Айыл чарба өндүрүшүндө колдонулган өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер (тракторлор жана комбайндар) | |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кораблдер, теплоходдор | |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери | |
Б (башкалар) | 007 | Сатып алган наркы боюнча – 001ден 006га чейинки коддору бар унаа каражаттарынан башка унаа каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер |
Эскертүү: унаа каражаты иштеген кыймылдаткыч ичинен күйүүчү кыймылдаткыч болуп саналабы же жокпу, ушуга байланыштуу унаа каражатына тамгалуу коду, ошондой эле таблицадан тандалып алына турган унаа каражатынын түрүнүн коду ыйгарылат.
168. 1-графанын уячаларында унаа каражатынын кыймылдаткычынын түрүнүн коду көрсөтүлөт.
1) эгерде унаа каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен иштесе, “А” коду көрсөтүлөт. Бул топко 001ден 006га чейинки коддор менен белгиленген унаа каражаттары киргизилет.
2) эгерде унаа каражаты ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен иштебесе “Б” коду көрсөтүлөт. Бул код 007 коду менен белгиленген унаа каражаттары үчүн көрсөтүлөт.
169. 2-графанын уячаларында 001ден 007ге чейинки унаа каражатынын түрүнүн коду көрсөтүлөт.
170. 3-графанын уячаларында мүлктү колдонуучунун коду көрсөтүлөт. Ушул Тартиптин 164-пунктунда мүлктү колдонуучунун коддорунун таблицасы берилген.
171. 4-графанын уячаларында ушул Тартиптин 163-пунктуна ылайык участканын мүлкүнүн объекттеринин категорияларынын коду көрсөтүлөт.
172. 5-графанын уячаларында унаа каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ылайык унаа каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
173. 6-графанын уячаларында ар бир унаа каражаты боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт. Салык салынган унаа каражаты боюнча, Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Декларация тапшыруучу салык органына берген мүлк салыгы боюнча мурда эсептелген жана маалыматтык эсептөөсүндө чагылдырылган салыктын суммасы көрсөтүлөт:
1) эгерде маалыматтык эсептөө берилген унаа каражаты отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучунун менчигинде болсо, эсептелип чыккан салыктын суммасы ар бир унаа каражаты боюнча маалыматтык эсептөөдөн ушул Тиркемеге көчүрүлөт.
2) эгерде унаа каражаты маалыматтык эсептөө берилгенден кийин, отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучунун менчигинен чыгып калса же сатып алынса, анда алар кайсы бир объекттерди сатып алуунун же аларды чыгарып салуунун фактысы боюнча берилген кошумча маалыматтык эсептөөдө чагылдырылышы керек.
3) эгерде унаа каражаты салык салынбаганга, салык салынууга тийиштүү болбосо, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 6-графанын тиешелүү уячасында “0” цифрасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөөгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
174. Эгерде чечмелөөдө Декларация тапшыруучунун менчигинде унаа каражаттары боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар баардык узун-туурасы боюнча “Z” белгиси менен чийилет.
175. Чечмелөөнүн “Баардыгы” уячасында 6-графанын уячаларынын маанилеринин суммасына барабар болгон 4-топтун мүлк объектилери боюнча мүлк салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
176. 1, 2, 3-топтордогу мүлк объекттери боюнча чечмелөөнүн жана 4-топтун мүлк объектилери боюнча чечмелөөнүн көрсөткүчтөрү 4-тиркеменин 1-бөлүмүнө көчүрүлөт.
177. 5-тиркеменин II бөлүмүндө чечмелөөнүн аталыштарынын оң жагында жайгашкан уячаларда ”Х” белгиси көрсөтүлөт, бул белгиленген чечмелөөнү берүүнү түшүндүрөт, ошондой эле ар бир чечмелөөнүн барактарынын саны көрсөтүлөт.
178. 5-тиркемеде Декларация тапшыруучу, мөөнөттүү (убактылуу колдонуудагы) ага таандык болгон, ошондой эле салык салуудан бошотулган/салык салынууга тийиштүү болбогон, түздөн-түз башкаруу укугунда колдонууда болгон, ошондой эле жеңилдетилген салык салынуучу баардык жер участоктору тууралуу маалымат берет.
Эскертүү: эгерде жер участогу иш жүзүндө пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан, анын жер участогуна менчик же пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндөгү күбөлүгү менен, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актысы аркылуу күбөлөндүрүлсө, жер салыгын төлөөчү болуп жердин ээси же жерди пайдалануучу таанылат.
Жер салыгын эсептеп чыгуу үчүн салык базасы болуп, укукту күбөлөндүрүүчү документтерде белгиленген жер участогунун аянты саналат.
Жалпы менчикте же бир нече адамдын пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча жер салыгына салык төлөөчү болуп, укукту күбөлөндүрүүчү документтеринде белгиленген же тараптардын келишими менен аныкталган үлүштөрүндө ошол адамдардын ар бири саналат.
Жалпы менчикте же бир нече адамдын пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча ар бир төлөөчү үчүн салык базасы болуп, укукту күбөлөндүрүүчү документтерде белгиленген же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) келишими менен аныкталган жер участогунун үлүшү саналат.
179. Жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер жок болгон учурда, жер пайдалануучуну жер салыгынын салык төлөөчүсү катары таануу үчүн негиз болуп, ушундай участокко иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же аны пайдалануу саналат.
180. Жер участогунун пайдаланылышына карата ага төмөнкү таблицага ылайык жер участогун багытынын коду ыйгарылат:
Код | Жер участогунун багыты |
А/ЧБ | Айыл чарба багытындагы |
А/ЧБЭ | Айыл чарба багытындагы эмес, калктуу конуштардагы жерлерди кошкондо |
ҮК/Б | Үй алдындагы, короо жай, бак-чарбак |
181. Жер участогунун багытына жана орун алган жерине жараша ага төмөнкү таблицага ылайык жер участогунун түрүнүн атайын коду ыйгарылат:
Коду | Участоктун аталышы |
01 | Сугат айдоо жери |
02 | Кайрак айдоо жери |
03 | Көп жылдык отургузуулар |
04 | Чөп чабындылар |
05 | Жайыттар |
11 | Шаарлар: Бишкек, Чүй-Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата |
12 | Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя |
13 | Башка шаарлар жана поселкалар |
14 | Айыл калктуу конуштары |
182. Салык салынган жер участоктору боюнча ушул тиркеме отчеттук жыл ичинде жер салыгы боюнча берилген маалыматтык эсептөөлөрдүн (FORM STI-076, FORM STI-077) маалыматтарынын негизинде толтурулат. Салык салуудан бошотулган, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга туура келген жер участогу боюнча ушул тиркеме, бул участокко укукту күбөлөндүрүүчү жана/же укукту белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде толтурулат.
189. Жер участогу салык салынууга тийиштүүбү же жокпу, ушуга жараша жер участогунун категориясынын коду киргизилген:
Коду | Жер участогунун категориясы |
С/С | Салык салынуучу |
С/СТ | Салык салынбай турган |
Ж/Б | Жеңилдетилген же бошотулган |
Эскертүү: эгерде жер участогуна жалпы түрдө салык салынса, ага С/С коду ыйгарылат.
Эгерде жер участогу Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салуудан бошотулса, ага “С/СТ” коду ыйгарылат.
Эгерде Декларация тапшыруучуга жер участогуна Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө жана/же 344-беренесине ылайык жеңилдик берилсе, анда мындай жер участогуна “Ж/Б” коду ыйгарылат.
184. Тиркеменин 1-бөлүгүн толтуруу үчүн алгач төмөнкүдөй ирээтте жер участогу боюнча 5-тиркеменин (FORM STI-102 – 005-01) чечмелөөсү толтурулат:
айыл чарба багытындагы;
2) айыл чарба багытындагы эмес, калктуу конуштардагы жерлерди кошкондо;
3) үй алдындагы, короо жай жана бак-чарба жер участоктору.
185. Чечмелөөнүн 1-графасынын уячаларында ушул Тартиптин 180-пунктуна ылайык жер участогунун багытынын коду көрсөтүлөт:
186. Чечмелөөнүн 2-графасынын уячаларында жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт. Ушул Тартиптин 181-пунктундагы таблицадан жер участогунун түрүнүн тиешелүү коду тандалып алынат:
1) айыл чарба багытындагы жерлер үчүн 01ден 05ке чейинки коддор тандалышы мүмкүн.
2) айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн (калктуу конуштардагы жерлерди кошкондо) 11ден 14кө чейинки коддор тандалышы мүмкүн.
3) үй алдындагы, короо жай жана бак-чарба жер участоктору үчүн ошол эле 11ден 14кө чейинки коддор тандалат.
187. Чечмелөөнүн 3-графасынын уячаларында жер участогун пайдалануучунун коду көрсөтүлөт:
1) менчик ээси – МЭ;
2) үлүштүк менчи ээси – ҮМЭ;
3) менчик ээси эмес – МЭЭ.
Чечмелөөнүн 4-графасынын уячаларында жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошол райондун салык органынын да коду болуп саналат.
Эскертүү: райондун коду ыйгарым укуктуу салык органынын (www.sti.gov.kg) расмий сайтында жайгаштырылган.
188. Чечмелөөнүн 5-графасынын уячаларында Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысында же “Жер участогунун планы” же “Айыл чарба багытындагы жерлерди экспликациялоо” кошумча барактарындагы убактылуу пайдалануунун Күбөлүгүндө көрсөтүлгөн жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт.
189. Чечмелөөнүн 6-графасынын уячаларында ушул Тартиптин 183-пунктуна ылайык жер участогунун категориясынын коду көрсөтүлөт:
1) салык салынуучу – С/С;
2) салык салынбай турган – С/СТ;
3) жеңилдетилген же бошотулган – Ж/Б.
190. Чечмелөөнүн 7-графасынын уячаларында жер участогунун жалпы аянты көрсөтүлөт:
1) айыл чарба багытындагы жер участоктору үчүн – гектар менен;
2) айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору жана калктуу конуштардагы жерлерди кошкондо, үй алдындагы, короо жай жана бак-чарба участоктору үчүн – чарчы метрде.
191. Чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларында жер участоктору боюнча салыктын суммасы чагылдырылат. Салык салынган жер участоктору боюнча төмөндө көрсөтүлгөн сумма чагылдырылат:
1) айыл чарба багытындагы жер участоктору үчүн – Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөдө (FORM STI-076);
2) айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору үчүн, калктуу конуштардагы жерлерди кошкондо – Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөдө (FORM STI-076);
3) үй алдындагы, короо жай жана бак-чарба участоктору үчүн – Жер салыгынын кошуп эсептелген суммасы жөнүндөгү кабарлоодо. Кабарлоо салык органы тарабынан салыкты төлөө мөөнөтүнөн кеч эмес, башкача айтканда үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин жиберилет.
Эскертүү: кабарлоону албай калуу салык төлөөчүнү салыкты төлөө милдетинен бошотпойт. Салыкты туура эсептеп чыгууга жана өз учурунда төлөөгө жоопкерчилик дагы эле салык төлөөчүгө жүктөлөт. Эгерде кабарлоону албаса салык төлөөчү жер салыгын өз алдынча эсептеп чыгууга жана Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
Маалыматтык эсептөө Салык кодексинин 342-беренесинде белгиленген мөөнөттө салык органына берилет, жыл аралыгында кайсы бир өзгөрүүлөр болгон учурда маалыматтык эсептөө өзгөрүүлөрдү эске алуу менен берилет.
Салык салуудан бошотулган же жеңилдетилген салык салууга жаткан жер участогу боюнча 8-графанын уячаларында “0” цифрасы же салыктын суммасы же берилген жеңилдикти эске алуу менен төлөнгөн салыктын тиешелүү суммасы көрсөтүлөт.
192. Эгерде чечмелөөдө Декларация тапшыруучунун менчигинде болгон жер участогу боюнча көрсөткүчтөрдү көрсөткөндөн кийин толтурулбаган саптар калса, анда алар баардык узун-туурасы боюнча “Z” белгиси менен чийилет.
193. “Баардыгы” уячасында чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларындагы маанилердин суммасына барабар болгон Декларация тапшыруучунун жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Эскертүү: эгерде жер участогу Декларация тапшыруучуга менчик же отчеттук жыл ичинде пайдалануу укугунда болсо, анда Декларация тапшыруучу тиешелүү уячалардагы жер салыгынын баардык эсептик суммасын көрсөтөт. Эгерде жер участогу маалыматтык эсептөөнү бергенден кийин бир жылдын аралыгында сатылып алынса же сатып жиберилсе, сатуучулар жана сатып алуучулар төлөөгө тийиш болгон жана алар тарабынан ушул форманын тийиштүү уячаларында көрсөтүлгөн жер салыгынын суммасы, Салык кодекси тарабынан белгиленген тартипке ылайык аныкталат.
Бул укуктарды берип жаткан тараптын жер участогуна ээлик кылуунун жана/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөнүүчү салыктын суммасы, укукту мамлекеттик каттоого чейин же ошол күнгө карата бюджетке киргизилиши керек. Бул учурда жер салыгынын баштапкы төлөөчүсү үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап, ал жер участогун өткөрүп берген айдын башталышына чейин эсептелген салыктын суммасын төлөйт.
Жер салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү, анын жер участогуна укугу пайда болгон айдын башталышынан берки мезгилде эсептелип чыккан жер салыгынын суммасын төлөйт.
Жер участогуна болгон укуктарды мамлекеттик каттоого алуу учурунда салыктын жылдык суммасы макулдашуу боюнча тараптардын биринин бюджетине киргизилиши мүмкүн. Андан ары, жер участогуна укуктарды мамлекеттик каттоого алуу учурунда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.
Салык кодексинин талаптарына ылайык, жер участогуна менчик же аны пайдалануу укугун мамлекеттик каттоого алууга чейин же анын учурунда жер салыгы төлөнбөгөн учурларда, укуктарды өткөрүп берүү ишке ашырылган толук салык мезгили үчүн жер салыгын төлөө боюнча милдеттенме жер участогун сатып алуучуга жүктөлөт.
194. Декларация тапшыруучуга таандык болгон же пайдалануусунда болгон жер участоктору боюнча чечмелөөнүн көрсөткүчтөрү 5-тиркеменин I бөлүмүнө көчүрүлөт.
195. 5-тиркеменин II бөлүмүндө чечмелөөнүн аталышынын оң жагында жайгашкан уячаларда “Х” белгиси көрсөтүлөт, бул белги чечмелөөнү түшүндүрөт, ошондой эле ар бир чечмелөөнүн барактарынын саны көрсөтүлөт.
196. 6-тиркемени бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөгөн ЖИ толтурат.
1) эгерде ЖИ, бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөсө, анда ал Салык кодексинин талаптарына ылайык, ар бир режим боюнча өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.
2) эгерде ЖИ жалпы салыктык режим боюнча, ошондой эле бир же бир нече атайын салыктык режимдер боюнча салык төлөсө, анда ар бир салыктык режимдер боюнча анын ишинин натыйжасы тиешелүү тиркемелерде чагылдырылат.
197. 650-уячада ЖИ тарабынан отчеттук жылдын аралыгында ар квартал сайын тапшырылып келген чакан ишкердиктин субъекттеринин бирдиктүү салык боюнча отчетунун (FORM STI-091) маалыматтарына ылайык, КНСти эсепке албагандагы түшкөн акча көрсөтүлөт.
198. 651-уячада жөнөкөйтүлгөн салык режими боюнча жүргүзүлгөн иш боюнча өз-өзүнчө бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык ЖИ келтирилген чыгашалары көрсөтүлөт.
199. 652-уячада уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт: 652=650 – 651
200. 653-уячада мурда ар бир кварталдагы отчеттордо белгиленген бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
201. 654-уячага ЖИ тарабынан салык төлөнгөндөн кийинки өзүнүн карамагында калган кирешеси көрсөтүлөт: 654=652-653.
202. 655-уячада милдеттүү патенттин негизиндеги иш күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
203. 656-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча отчеттук жыл ичинде милдеттүү патенттин негизинде ишкердик иш жүргүзүүдөн алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн кирешенин суммасынын чагылтылышы кошумча салык салууга алып келбейт.
204. 657-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча отчеттук жыл ичинде милдеттүү патенттин негизинде ЖИ иши боюнча жумшалган чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт.
205. 658-уячада уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт: 658=659 – 657
206. 659-уячада отчеттук жыл ичинде төлөнгөн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
207. 660-уячага ЖИнин салык төлөнгөндөн кийинки өзүнүн карамагында калган кирешеси көрсөтүлөт: 660=658-659.
Эскертүү: салык кызматынын органдары тарабынан салык төлөөчүгө иштин белгилүү бир түрүн ишке ашыруу укугун жана иштин бул түрү боюнча салыктардын төлөнүшүн күбөлөндүргөн, ошондой эле патент иштеген мезгилдин аралыгында кирешелердин алынышын күбөлөндүргөн документ патент болуп саналат. Патенттин бланктары так отчеттуулуктун документтери болуп саналат жана доонун эскирүү мөөнөтүнүн аралыгында, башкача айтканда, 6 жыл сакталууга тийиш.
Патент берилген аймагында (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу. Патентти же анын көчүрмөсүн ишкердик ишин жүргүзүү максатында башка жеке адамга берүүгө тыюу салынат.
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык Салык кодексинин 348-беренесинде белгиленген иштин түрлөрүнө карата милдеттүү негизде төлөнөт.
Милдеттүү патенттин наркы төмөнкү салыктардын түрлөрүнүн суммасын камтыйт:
1) пайда салыгынын;
2) салык салынган жеткирүүлөргө КНС;
3) сатуу салыгынын.
Эгерде салык төлөөчүнүн жер салыгы, мүлк салыгы боюнча салык салынуучу объекттери болсо, же ал бир нече салык режимдери боюнча иштесе, ал тийиштүү салыктарды эсептеп чыгууга жана көрсөткүчтөрү бар болгон Декларациянын тиркемелерин толтурууга милдеттүү.
208. ЖИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге кирген иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укуктуу.
209. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн салыктын суммасы, төмөнкү салыктарды төлөөнү алмаштырат:
1) пайда салыгын;
2) сатуу салыгын.
Эскертүү: эгерде ЖИнин жер салыгы, мүлк салыгы боюнча салык салынуучу объекттери бар болсо, же ал бир канча салык режимдери боюнча иштесе, анда ал тиешелүү салыктарды эсептеп чыгууга жана төлөөгө жана көрсөткүчтөрү бар болгон Декларациянын тиркемелерин толтурууга милдеттүү.
210. 661-уячада ЖИдин ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзгөн күндөрүнүн саны көрсөтүлөт.
211. 662-уячада отчеттук жыл ичинде ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзүүдөн алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги ЖИнин иши боюнча алынган кирешелердин суммасы бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча көрсөтүлөт.
Көрсөтүлгөн кирешенин суммасынын чагылтылышы кошумча салык салууга алып келбейт.
212. 663-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча отчеттук жыл ичинде ыктыярдуу патенттин негизинде ЖИ ишине байланыштуу кеткен чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт.
213. 664-уячада уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт: 664=662 – 663
214. 665-уячада отчеттук жылдын ичинде ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
215. 666-уячага ЖИ тарабынан салык төлөнгөндөн кийинки өзүнүн карамагында калган киреше көрсөтүлөт: 666=664-665.
216. 667-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык, отчеттук жыл ичинде салыктык контракттын негизинде жүргүзүлгөн иш боюнча алынган кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
217. 668-уячада бухгалтердик эсептин маалыматтарына ылайык, отчеттук жыл ичинде салыктык контракттын негизинде жүргүзүлгөн иш боюнча алынган чыгашалардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
218. 669-уячада уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт: 669=667-668
219. 670, 671, 672-уячаларда отчеттук жыл ичинде белгиленген төлөм акы түрүндөгү (FORM STI-057) салыктарды төлөө тууралуу контрактта белгиленген пайда салыгынын, КНСтин жана сатуу салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
220. 673-уячага ЖИ тарабынан салык төлөнгөндөн кийинки өзүнүн карамагында калган киреше көрсөтүлөт: 673=669-670.
Эскертүү: Салык контракты, ЖИ менен салык кызматынын ортолорундагы төмөнкү салыктардын фиксацияланган суммасынын өлчөмүндө макулдашылган салыктык милдеттенмени аныктайт.
1) пайда салыгын;
2) салык салынган жеткирүүлөрдүн КНС;
3) сатуу салыгын.
Салыктык контракттын негизинде салыктарды төлөгөн ЖИ, Салык кодексинин талаптарына ылайык калган салыктарды: жер салыгын, мүлк салыгын жана башкаларды төлөөгө жана Декларациянын тийиштүү тиркемелерин толтурууга милдеттүү.
Контракттын шарттарына жараша ар бир салык боюнча, бул бөлүмдө көрсөтүлгөн белгиленген сумма аныкталат.
221. 674-уячада ЖИ “Жогорку технологиялардын паркы” атайын режими боюнча иш жүзүндө алынган кирешелери көрсөтүлөт.
222. 675-уячага ЖИ тарабынан атайын салык режимдери боюнча салык төлөнгөндөн кийинки өзүнүн карамагында калган киреше көрсөтүлөт: 675=654+660+666+673+674.
223. Бул тиркеме Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жыл ичинде ишке ашырылган анын активдеринин жана чыгашаларынын кыймылы жөнүндө маалыматты берүүнүн негизиндеги анын кирешелеринин булактарын ырастоо максатында толтурулат.
Эскертүү: активдер – бул курамына негизги каражаттар, башка узак мөөнөттүү салымдар (материалдык эмес активдерди кошо), жүгүртмө каражаттары, финансылык активдер жана дебитордук карыздар кирген мүлк.
Мүлк кыймылсыз жана кыймылдуу болуп бөлүнөт.
Кыймылсыз мүлккө жер менен бекем байланышкан үй, батир, жер участогу жана башка мүлктөр кирет.
Кыймылдуу мүлккө кыймылсыз болуп саналбаган акча, унаа каражаттары, эмерек, тиричилик техникасы, баалуу металлдардан жана таштардан жасалган буюмдар, баалуу кагаздар, үй жаныбарлары жана башка мүлктөр кирет.
Активдердин көбөйүшү, акчалай наркка ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда алуу, ошондой эле Декларация тапшыруучунун милдеттенмелеринин азайышы киреше катары таанылат.
224. Ушул тиркемени толтуруу учурунда акча каражаттарынан башка активдердин наркы, Декларация тапшыруучу тарабынан ырастоочу документтердин негизинде, ал эми алар жок болгон учурда, Декларация тапшыруучунун өз алдынча баалоосунун негизинде декларациялоочу мезгилдин башталышына жана аягына карата колдонулган базар баасы боюнча көрсөтүлөт.
Чет өлкөлүк валютадагы активдердин наркы декларациялоочу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
Акча каражаттарынын саны номиналдык наркы боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларациялоочу мезгилдин аягына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
225. 7-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан анын ишкердик ишине карата толтурулат.
226. 750-уячада ЖИнин салык салуудан кийинки таза пайдасы көрсөтүлөт. Бул уячанын мааниси Декларациянын 064-уячасынан көчүрүлөт.
227. 751-уячада жеке ишкердин салык салынбаган кирешелери көрсөтүлөт, анын суммасы 2-тиркеменин 264 жана 268-уячаларынан көчүрүлөт.
228. 752-уячада Декларанттын атайын салык режимдерине тиешелүү ишинен алынган, салык салуудан кийинки анын бөлүштүрүүсүндө калган кирешеси көрсөтүлөт. 752-уячага 6-тиркеменин 675-уячасынын мааниси көчүрүлөт.
229. 753-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучуга ишкердик ишинен келип түшкөн активдердин наркы көрсөтүлөт.
230. 754-уячада 750-753-уячаларда көрсөтүлбөгөн Декларация тапшыруучунун ишкердик ишинен алынган башка таза кирешелери көрсөтүлөт.
231. 755-уячада 750-754-уячалардын маанилеринин арифметикалык суммасына барабар болгон Декларация тапшыруучунун таза кирешелеринин жана активдеринин өсүшү чагылдырылат.
232. 7-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан ишкердикке тиешеси жок башка экономикалык ишине карата толтурулат.
233. 756-уячада Декларация тапшыруучунун салык салуудан кийинки таза кирешеси чагылдырылат. Бул уячага Декларациянын 096-уячасынын мааниси көчүрүлөт.
234. 757-уячада 3-тиркеменин 368-уячасынан көчүрүлгөн, Декларация тапшыруучунун салык салынбаган кирешесинин толук суммасы чагылдырылат.
235. 758-уячада 3-тиркеменин 371-уячасынан көчүрүлгөн, мурда төлөмдүн булагына салык салынган Декларация тапшыруучунун кирешесинин толук суммасы чагылдырылат.
236. 759-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан иш жүзүндө алынган насыялардын, зайымдардын жана ссудалардын толук суммасы көргөзүлөт.
237. 760-уячада отчеттук жылдын ичинде Декларация тапшыруучуга иш жүзүндө кайтарылган насыялардын, зайымдардын жана ссудалардын негизги суммасы көрсөтүлөт. Декларация тапшыруучу тарабынан берилген насыялар жана зайымдар боюнча кайтарылган пайыздардын суммасы ал тарабынан башка кирешелер катары 1-тиркеменин 170-уячасында көрсөтүлөт.
238. 761-уячада 756-760-уячаларда көрсөтүлгөн суммадан сырткары, отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан иш жүзүндө алынган башка кирешелердин жана активдердин толук суммасы көрсөтүлөт.
239. 762-уячада Декларация тапшыруучу тарабынан отчеттук жыл ичинде алынган, 756-761-уячалардын арифметикалык суммасына барабар болгон кирешелердин жана активдердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.
240. 7-тиркеменин бул бөлүмү Декларация тапшыруучу тарабынан ишкердикке тиешеси жок башка экономикалык ишке карата толтурулат.
241. 763-уячада бул бөлүмдүн 764-770-уячаларынын маанисинин арифметикалык суммасы көрсөтүлөт.
242. 764-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үйдүн (үйлөрдүн) наркы көрсөтүлөт.
243. 765-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган батирдин (батирлердин) наркы көрсөтүлөт.
244. 766-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган жер участогунун (жер участокторунун) наркы көрсөтүлөт.
245. 767-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган унаа каражатынын (унаа каражаттарынын) наркы көрсөтүлөт.
246. 768-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган баалуу кагаздардын наркы көрсөтүлөт.
247. 769-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган үй жаныбарларынын наркы көрсөтүлөт.
248. 770-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан сатып алынган жана 764-769-уячаларда көрсөтүлбөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн башка түрлөрүнүн наркы көрсөтүлөт.
249. 771-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан насыя берүүчүлөргө иш жүзүндө кайтарылган пайыздарын кошкондогу насыялардын жана зайымдардын, ошондой эле ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
250. 772-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан башка субъекттерге берилген насыялардын, зайымдардын жана ссудалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
251. 773-уячада 764-772-уячаларда көрсөтүлбөгөн, отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан кетирилген башка чыгашалардын толук суммасы көрсөтүлөт.
252. 774-уячада отчеттук жыл ичинде Декларация тапшыруучу тарабынан жумшалган, 763, 771, 772 жана 773-уячалардын маанилеринин арифметикалык суммасына барабар болгон чыгашалардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
253. Бул тиркеме акыркы беш жылдын аралыгында зыян тарткан, салык салуунун жалпы режими боюнча салык милдеттенмелерин эсепке алган жана эептеп чыккан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кирешелерди алышкан жеке ишкерлер тарабынан толтурулат.
254. 850-уячада 851-855-уячалардын маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.
255. 851, 852, 853, 854, 855- уячаларда мурунку отчеттук беш жылдык мезгилдин ар бир жылынын башталышында которулбаган зыяндардын калдыктары көрсөтүлөт.
256. 856-уячада отчеттук жылда которуулуучу, Декларациянын 054-уячасынан көчүрүлгөн зыяндын суммасы көрсөтүлөт.
257. 857-уячада 857=850-856-уячалардын маанилеринин айырмачылыгына барабар болгон, отчеттук жылдын аягына которулбаган зыяндын калдыгы эсептелинет.
§ 10.2. II бөлүмдү толтуруу. “Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган кирешелерди чечмелөө.
258. 858-уячада Декларация тапшыруучунун Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алган, 859-865-уячалардын суммасына барабар болгон кирешелеринин суммасы көрсөтүлөт.
259. 859-865-уячаларында Декларация тапшыруучу киреше алган өлкөлөр жана тиешелүү түрдө алар жактан алынган кирешелердин суммасы көрсөтүлөт.
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартибине (FORM STI-102) карата 1-тиркеме |
1) Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
2) Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд менен пенсиялык келишимдин көчүрмөсү.
3) Мамлекеттик эмес фондго салынган төлөмдүн суммасы жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөсү.
4) Мамлекеттик эмес фондго салынган төлөмдүн суммасы жөнүндө мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун маалымкаты.
5) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүү боюнча салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган чегерүүлөр жөнүндө салык төлөөчүнүн иштеген жеринен (негизги жана негизги эмес) алынган маалымкаттын түп нускасы.
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартибине (FORM STI-102) карата 2-тиркеме |
1) Салык төлөөчү менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнү ишке ашырган, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берген билим берүү мекемесинин ортолорунда түзүлгөн, акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө карата контракттын көчүрмөсү.
2) Кириштөө кассалык ордерине жана/же билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүсүнө төлөнгөн акы үчүн төлөм тапшырмасынын квитанциясынын көчүрмөсү.
3) Багуудагы адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
4) Багуудагы адамдын паспортунун (бар болсо) көчүрмөсү.
5) Салык төлөөчүнүн паспортунун көчүрмөсү.
6) Салык төлөөчүнүн күйөөсүнүн (аялынын) паспортунун көчүрмөсү.
7) Нике жөнүндө же ажырашуу жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөсү.
8) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө салык төлөөчүнүн иштеген жеринен (негизги жана негизги эмес) алынган маалымкат.
9) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана билим алууга социалдык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө салык төлөөчүнүн аялынын (күйөөсүнүн) иштеген жеринен (негизги жана негизги эмес) алынган маалымкат.
10) Үй башкармалыгынан же кварталдык комитеттен алынган үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат.
| Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартибине (FORM STI-102) карата 3-тиркеме |
1) Декларация тапшыруучунун паспортунун көчүрмөсү.
2) Декларация тапшыруучунун күйөөсүнүн (аялынын) паспортунун көчүрмөсү,
3) Нике жөнүндө же ажырашуу жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөсү.
4) Ипотекалык насыяны алууга банктык жана/же финансы-насыялык мекеме менен түзүлгөн ипотеканын келишиминин көчүрмөсү.
5) Күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү.
6) Ипотекалык насыяны төлөө тууралуу төлөм документтеринин көчүрмөсү.
7) Алынган, кайтарылган насыялардын жана алар боюнча ипотекалык насыянын төлөнгөн пайыздарынын суммалары жөнүндө банк мекемесинин маалымкаты;
8) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мүлктүк салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө салык төлөөчүнүн иштеген жеринен (негизги жана негизги эмес) алынган маалымкат;
9) Эсептелген эмгек акысы, киреше салыгынын кармалган суммалары жана мүлктүк салыктык эсептен чыгарууларды берген мезгилге туура келген календардык жыл үчүн эмгек акысынан кармалган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр жөнүндө салык төлөөчүнүн аялынын (күйөөсүнүн) иштеген жеринен (негизги жана негизги эмес) алынган маалымкат.