Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-майы № 246
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
"2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкү мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"рулдук башкаруусу сол тарабына жайгаштырылган транспорт каражаты - айдоочунун орду жана рулдук алкагы транспорт каражатынын жүрүү багытына карата сол жагына жайгашкан транспорт каражаты;
рулдук башкаруусу оң тарабына жайгаштырылган транспорт каражаты - айдоочунун орду жана рулдук алкагы транспорт каражатынын жүрүү багытына карата оң жагына жайгашкан транспорт каражаты;".
2. 21 -берене төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоо, пайдаланууга берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн рулдук башкаруусу оң тарабына жайгаштырылган транспорт каражатын алып кирүүгө тыюу салынат, төмөнкүлөрдөн сырткары:
- кайра алып кетүү милдеттенмеси менен 6 айдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагына чет элдик жактар тарабынан алынып келинген, эл аралык кыймылга катышуучу мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгиси бар транспорт каражаттары. Мындай транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагында ээликтен ажыратылбайт жана катталбайт;
- коммуналдык чарба, айыл чарбасы жана жол куруу (тейлөө) үчүн транспорт каражаттары (автокрандар, автобургулоочулар, автобетон аралаштыргычтар, суу сээп жуугуч машиналар), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу транспорт каражаттарынын башка түрлөрү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин алынып келинген жана катталган, рулдук башкаруусу оң тарабына жайгаштырылган транспорт каражаттарына ушул Мыйзам колдонулбайт.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|