Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 7-майы № 249

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 458 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы № 458 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине езгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев