Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 249 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-августу № 458
«Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13-берене. Турак жайдын кол тийгистиги, адамдын өмүрүн, кат алышуунун, телефондо сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф жана башка кабарлашуулардын жашырындуулугун коргоо
(1) Ким болбосун турак жайына жана анын өз менчигинде же башка укукта болгон башка объекттерге кол тийгистик укугуна ээ. Ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары эч ким адам пайдаланган турак жайга жана башка объекттерге анын эркине каршылыкта кире албайт. Турак жайда жана өз менчигиндеги же башка укукта болгон башка объекттерде тинтүүгө, алып коюуга, карап чыгууга ушул Кодексте каралган тартипте сот актысынын негизинде прокурордун макулдугу менен жол берилет.
(2) Жарандардын, ар-намысын жана кадыр-баркын сактоо мыйзам алдындагы корголууда турат. Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын жашырындуулугу мыйзам тарабынан корголот. Ушул укуктун чектелишине сот актысынын негизинде прокурордун макулдугу менен жол берилет.
(3) Почта жана телеграфтык жөнөтүүлөрдү тинтүү, алып коюу, аларга камак салуу, телефон боюнча же башка жол менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү, электрондук жана башка кабарлашууларды текшерүү жана жазып алуу сот актысынын негизинде прокурордун макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.».
2. 32-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«(6) Сот ушул беренеде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан тышкары ошондой эле ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды да аткарат.».
3. 34-беренеде:
- 2-бөлүктүн 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17) камакка алуу же үйүндө камалуу көрүнүшүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө, ушул Кодексте каралган тартипте айыпталуучуну камакта кармоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө расмий өтүнүчтү сот алдында козгоого тергөөчүгө макулдук берүү.»;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(3) Прокурор ушул беренеде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан тышкары ошондой эле ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды да аткарат.».
4. 40-беренеде:
- 1-бөлүктө:
I -пункт «билүүгө» деген сөздөн мурда «, ошондой эле ал кармалган учурда камакта кармоо себебин» деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункт «биринчи сурак» деген сөздөрдөн кийин «, тергөө» деген сөз менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 11-1 - жана 11-2-пункттар менен толукталсын:
«11-1) ал кармалган болсо дарыгердин жардамына жана шектүү адам кармалган бүткүл мөөнөт ичинде анын талабы боюнча камсыз кылына турган медициналык кароодон өтүүгө;
11 -2) кармалган учурда өзүнүн кармалгандыгынын мыйзамдуулугун соттун текшерүүсүн талап кылууга;»;
- 5-бөлүктөгү «Шектүүнү убактылуу бөлөк кармоочу жайга ар бир жолку жеткирүүдө» деген сөздөр «Ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптарына карабастан шектүүнү убактылуу бөлөк кармоочу жайга ар бир жолку жеткирүүдө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 95-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(1) Кылмыш жасаган деп шек саналган адамды кармоо жөнүндө протокол иш жүзүндө кармалган учурдан тарта үч сааттан кечиктирилбестен түзүлөт. Кармоо жөнүндө протоколдо кармоонун негизи жана жүйөлөрү, кармалган жери жана убактысы (саатын жана минутасын көрсөтүү менен), жекече тинтүүнүн натыйжалары көрсөтүлөт. Протокол шектүү адамга коргоочунун катышуусунда жарыяланат, мында ушул Кодекстин 40-беренесинде каралган укуктары түшүндүрүлөт, ушул туурасында протоколдо көрсөтүлөт. Кармоо протоколуна аны түзгөн адам, кармалган адам жана анын коргоочусу кол коет. Адамдын кармалгандыгы жөнүндө тергөөчү кармоо протоколу түзүлгөндөн тарта он эки саат ичинде прокурорго кат жүзүндө билдирүүгө милдетүү.».
6. 97-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы «2-1» пункту менен толукталсын:
«2-1) эгерде адамдын кармалгандыгы мыйзамсыз экендиги жөнүндө сот чечим кабыл алса;».
7. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 97-1-берене менен толукталсын:
«97-1-берене. Кармоонун мыйзамдуулугун соттук текшерүү
(1) Ар бир кармалган адам кармалган учурдан 46 саат өткөнгө чейин өзүнүн кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн тергөөчү тарабынан сотко жеткирилүүгө тийиш, буга ушул адам тарабынан кылмыш жасалган деп шек саноо ырасталбагандыгына байланыштуу ал бошотулган учур кирбейт.
(2) Адамдын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселе кармалган адамдын, прокурордун, тергөөчүнүн, териштирүү жүргүзүлгөн жер же шектүү адам (айыпталуучу) кармалган жер боюнча коргоочунун катышуусунда ал сотко жеткирилгенден тарта эки сааттын ичинде райондук (шаардык) соттун же аскердик гарнизондун сотунун судьясынын жеке өзү тарабынан каралууга жатат. Сот отурумунда ошондой эле кармалган жашы жете элек өспүрүмдүн мыйзамдуу өкүлү катышууга укуктуу. Коргоочуну кошпогондо сот отурумунун убактысы жөнүндө өз убагында кабардар кылынган тараптардын келбей коюшу расмий өтүнүчтү кароо үчүн тоскоол боло албайт. Коргоочу келбеген учурда ал башка коргоочу менен алмаштырылат.
(3) Судьянын токтому токтоосуз аткарылууга жатат.
(4) Бир эле кылмыш иши боюнча адамдын кармалышынын мыйзамсыздыгы жөнүндө токтом судья тарабынан чыгарылгандан кийин ошол эле адам аны кармоо зарылдыгы негизделген жаңы жагдайлар пайда болгон учурда кайрадан кармалышы мүмкүн.».
8. 109-1-берененин 3-бөлүгүндөгү «Тергөөчүнүн, прокурордун» деген сөздөр алып салынсын.
9. 110-беренеде:
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(3) Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүндө камакка алуу жөнүндө расмий өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтом кармалган адамдын, прокурордун, тергөөчүнүн, териштирүү жүргүзүлгөн жер же шектүү адам (айыпталуучу) кармалган жер боюнча коргоочунун катышуусунда сотко материалдар көрсөтүлгөндөн тарта эки саат ичинде райондук (шаардык) соттун же аскердик гарнизондун сотунун судьясынын жеке өзү тарабынан каралууга жатат. Ушул Кодекстин 94- жана 95-беренелеринде каралган тартипте кармалган айыпталуучу сот отурумуна жеткирилет. Сот отурумунда ошондой эле жашы жете элек айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү катышууга укуктуу. Коргоочуну албаганда сот отурумунун убактысы жөнүндө өз убагында кабардар кылынган тараптардын келбей коюшу расмий өтүнүчтү кароо үчүн тоскоол боло албайт. Коргоочу келбеген учурда ал башка коргоочу менен алмаштырылат. Сот отурумунда коргоочу айыпталуучуну камакка алуу менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын тандап алуунунун зарылдыгы жөнүндө кат же оозеки түрүндө расмий өтүнүчүн билдирүүгө укуктуу жазуу жүзүндөгү расмий өтүнүч делого тиркелет.»;
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(5) Сот отурумунда судья төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) айыпталуучуну камакка алуу жөнүндө;
2) камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жана бөгөт коюунун башка чарасын тандап алуу жөнүндө расмий өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу;
3) камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө расмий өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу.»;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:
«(5-1) Эгерде расмий өтүнүч ушул Кодекстин 94- жана 95-беренелеринде көрсөтүлгөн тартипте кармалган айыпталуучуга карата козголгон болсо, анда сот ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимди чыгаруу менен бирге кармалган адамдын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу же мыйзамсыздыгы (негиздүүлүгү же негизсиздиги) жөнүндө чечим кабыл алат.»;
- 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(9) Эгерде камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы соттун чечими боюнча адамга карата сырттан же ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык колдонулган болсо, ушул адам иш жүзүндө тергөө органына жеткирилгенден, иш жүзүндө камалгандан тарта кырк алты саат ичинде сотко анын камакка алынгандыгынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн жеткирилүүгө тийиш.»;
- 11 -бөлүк «башка адамдар» деген сөздөрдөн кийин «(адвокатты кошпогондо)» деген сөздөр менен толукталсын.
10. 111-берененин 9-бөлүгүндөгү «ушул статьянын экинчи бөлүгүндө белгиленген чектерде жана тартипте жүзөгө ашырылат» деген сөздөр «жол берилбейт» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 132-1-беренеде:
- 1 -бөлүктөгү «түздөн-түз райондук (шаардык) сотко же гарнизондук аскер сотуна» деген сөздөр «адам камакка алынган жердеги администрация аркылуу жогору турган сотко» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(3) Прокурор жогору турган сотко бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну колдонуунун же адам камакта кармалган жердин администрациясынан ушул адамдын даттануу бергендиги жөнүндө билдирүү алынгандан тарта жыйырма төрт саат ичинде камакта кармоо мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдарды жөнөтүүгө милдеттүү.»;
- 5-бөлүктөгү «Судья» деген сөз «Сот» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүктөгү «Судья» деген сөз «Сот» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8-бөлүктөгү «судья» деген сөз «төрагалык кылуучу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-бөлүктүн биринчи абзацындагы «судья» жана «токтомдордун» деген сөздөр тиешелүү түрдө «сот» жана «аныктамалардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-бөлүктөгү «судья» жана «токтом» деген сөздөр «сот» жана «чечим» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-бөлүктөгү «Судьянын токтому» деген сөздөр «Соттун чечими» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(12) Судья камакка алуу көрүнүшүндө бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгаруу менен бирге мыйзамда каралган бөгөт коюу чараларынын каалаганын тандап алууга же бөгөт коюу чарасын колдонбоого укуктуу.»;
- 13-бөлүктөгү «Судьянын токтому» жана «судья» деген сөздөр тиешелүү түрдө «Соттун чечими» жана «сот» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14-бөлүктөгү «судья» деген сөз «сот» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 15-бөлүктөгү «судьянын токтому» деген сөздөр «соттун чечими» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 169-1-беренеде:
- 1-бөлүктөгү «Ушул Кодекстин 32-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган учурларда» деген сөздөр «Ушул Кодексте каралган тергөө аракеттерин жүргүзүүгө соттун уруксатын алуу зарылдыгы болгон учурларда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү «жыйырма төрт» деген сөздөр «үч» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү «укуктуу» деген сөз «милдеттүү» деген сөз менен алмаштырылсын.
13. 177-берененин 9-жана 10-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(9) Менчикте же башка укукта турган турак жайды жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин карап чыгуу соттун чечиминин негизинде прокурордун макулдугу менен же турак жайдын жана башка кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээсинин, мыйзамдуу пайдалануучусунун макулдугу менен жүргүзүлөт.
(10) Эгерде турак жай жана кыймылсыз мүлктүн башка объекти кырсык болуп өткөн жер болсо жана аны карап чыгуу кийинкиге калтыргыс болсо, аны карап чыгуу тергөөчүнүн токтому боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында тергөөчү карап чыгуу жүргүзүлгөндөн кийин он эки саат ичинде көрсөтүлгөн токтомду жана тергөө аракетинин протоколун расмий өтүнүч менен бирге сотко ушул аракеттердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн кароо үчүн жөнөтүүгө жана ушул туурасында прокурорду кабардар кылууга милдеттүү.
Карап чыгуунун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө расмий өтүнүч тергөө жүргүзүлгөн же тергөө аракети жасалган жер боюнча райондук соттун же гарнизондун аскердик сотунун судьясынын жеке өзү тарабынан көрсөтүлгөн расмий өтүнүч келип түшкөндөн тарта үч сааттан кечиктирилбестен каралууга жатат. Сот отурумунда прокурор жана тергөөчү катышууга милдеттүү.
Көрсөтүлгөн расмий өтүнүчтү карап чыгып, судья турак жайды карап чыгуунун мыйзамдуулугу же карап чыгуунун мыйзамсыздыгы жана негизсиздиги жөнүндө чечим чыгарат жана анда кабыл алынган чечимдин жүйөсү көрсөтүлөт. Соттун чечими токтоосуз күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Кассациялык тартипте жана соттун чечимин көзөмөлдөө тартибинде даттануу анын аткарылышын токтото албайт.».
14. 184-беренеде:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(3) Тинтүү жана алып коюу соттун чечиминин негизинде прокурордун макулдугу менен күбө-калыстардын катышуусунда жүргүзүлөт.»;
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(4) Өзчөчө учурларда изделген жана алып коюуга жаткан объект ал табылгандан кийин камырабастыктын айынан жоголушу, сынышы же кылмыштык максатта пайдаланылышы же изделген адамдын качып кетиши мүмкүн экендиги жөнүндө чыныгы кооптонуу бар болсо, анда тергөөчүнүн токтому боюнча тинтүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында тергөөчү тинтүү, алып коюу жүргүзүлгөндөн тарта он эки саат ичинде ушул токтомду жана тергөө аракетинин протоколун расмий өтүнүч менен бирге ушул аракеттердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко жөнөтүүгө жана ушул туурасында прокурорду кабардар кылууга милдеттүү.
Тинтүүнүн, алып коюунун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө расмий өтүнүч тергөө жүргүзүлгөн же тергөө аракети жасалган жер боюнча райондук соттун же гарнизондун аскердик сотунун судьясынын жеке өзү тарабынан көрсөтүлгөн расмий өтүнүч келип түшкөндөн тарта үч сааттан кечиктирилбестен каралууга жатат. Сот отурумунда прокурор жана тергөөчү катышууга милдеттүү.
Көрсөтүлгөн расмий өтүнүчтү карап чыгып, судья тинтүүнүн, алып коюунун мыйзамдуулугу же алардын мыйзамсыздыгы жана негизсиздиги жөнүндө чечим чыгарат жана кабыл алынган чечимдин жүйөсү көрсөтүлөт. Соттун чечими токтоосуз күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Кассациялык тартипте жана соттун чечимин көзөмөлдөө тартибинде даттануу анын аткарылышын токтото албайт.»;
- 10-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
15. 187-беренеде:
- 1-бөлүк «радиограммаларда» деген сөздөн кийин «(мындан ары - почта-телеграф жөнөтүүлөрү)» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүктөгү «прокурордун санкциясы менен тергөөчүнүн токтому боюнча» деген сөздөр «соттун чечиминин негизинде прокурордун макулдугу менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн биринчи абзацындагы «тергөөчүнүн токтомунда» деген сөздөр «соттун чечиминде» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү «прокурордун санкциясын» жана «токтомду» деген сөздөр тиешелүү түрдө «соттун чечими» жана «ушул чечимди» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(6) Почта-телеграф жөнөтүүлөрүнө салынган камак тергөөчүнүн расмий өтүнүчү боюнча райондук (шаардык) соттун же гарнизондун аскердик сотунун судьясы тарабынан тергөөчүнүн, териштирүү жүргүзүлгөн жер боюнча прокурордун катышуусунда ушул расмий өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтом көрсөтүлгөндөн тарта эки саат ичинде алып салынат.».
16. 188-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«188-берене. Сүйлөшүүлөрдү угуу жана кабарлашууларды контролдоо
(1) Шектүүнүн, айыпталуучунун жана башка адамдардын телефондон жана башка сүйлөшүүлөрү, электрондук жана жана башка кабарлашуулары (почта-телеграф жөнөтүүлөрүн кошпогондо) кылмыш иши үчүн мааниге ээ маалыматтарды камтыйт дешке жетишерлик негиздер бар болсо, соттун чечиминин негизинде прокурордун макулдугу менен оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштерин жүргүзүүдө аларды контролдоого жана жазып алууга жол берилет.
(2) телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү, электрондук жана жана башка кабарлашууларды контролдоону жана жазып алууну жүргүзүү жөнүндө соттун чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ушул чара колдонулушу зарыл болгон кылмыш иши;
2) ушул тергөө аракетин жүргүзүүгө болгон негиз;
3) телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү, электрондук жана башка кабарлашууларды контролдоочу жана жазып алуучу адамдын ата-жөнү;
4) контролдоо жана жазып алуу мөөнөтү;
5) контролдоону жана жазып алууну техникалык жүзөгө ашыруу тапшырылган органдын аталышы.
(3) Телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү, электрондук жана башка кабарлашууларды контролдоо жана жазып алуу жөнүндө соттун чечими аткаруу үчүн тиешелүү органга жөнөтүлөт.
(4) Телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү, электрондук жана башка кабарлашууларды контролдоону жана жазып алууну жүргүзүү мөөнөтү алты айга чейин белгилениши мүмкүн. Ал тергөөчүнүн расмий өтүнүчү боюнча райондук (шаардык) соттун же гарнизондун аскердик сотунун судьясы тарабынан тергөөчүнүн, териштирүү жүргүзүлгөн жер боюнча прокурордун катышуусунда ушул кылмыш иши боюнча териштирүү бүтө электе ушул расмий өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтом көрсөтүлгөндөн тарта эки саат ичинде токтотулат, эгерде чара көрүү зарылдыгы болбой калса, бирок ушул кылмыш иши боюнча тергөө аякталганча чейин.
(5) Тергөөчү телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү, электрондук жана башка кабарлашууларды текшерүүнү жана жазып алууну жүргүзүүнүн бүткүл мөөнөтү ичинде каалаган учурда аны жүргүзгөн органдан фонограмманы, жазып алууларды, алардын кагазга түшүрүлгөн тексттерин көрүү жана угуу үчүн талап кылууга акылуу. Алар тергөөчүгө сыртынан чапталган түрүндө берилип, кат менен коштолушу керек жана анда көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жазып алынган күнү, башталган жана аяктаган мөөнөтү жана мында колдонулган техникалык каражаттардын мүнөздөмөсү көрсөтүлүүгө тийиш.
(6) Фонограмманы, жазып алууларды, алардын кагазга түшүрүлгөн тексттерин көрүүнүн жана угуунун жыйынтыгы жөнүндө тергөөчү күбө-калыстардын жана зарыл учурда адистердин, ошондой эле телефондон жана башка сүйлөшүүлөр, электрондук жана башка кабарлашуулар жазылып алынган адамдардын катышуусунда протокол түзүп, анда фонограмманын, жазып алуулардын, алардын кагазга чыгарылган тексттеринин, тергөөчүнүн пикири боюнча, ушул кылмыш ишине тиешеси бар бөлүктөрү сөзмө-сөз баяндалышы керек. Фонограмманы, жазып алууларды, алардын кагазга түшүрүлгөн тексттерин көрүүгө жана угууга катышкан адамдар ошол эле протоколго өздөрүнүн эскертмелерин киргизүүгө же өзүнчө кагазга түшүрүүгө укуктуу.
(7) Фонограмма, жазып алуулар, алардын кагазга чыгарылган тексттери тергөөчүнүн токтомунун негизинде буюмдук далил катары толук көлөмүндө кылмыш ишинин материалдарына тиркелет жана башка адамдар тарабынан угуу жана көбөйтүү мүмкүнчүлүгү болбогон жана алар менен кайрадан, анын ичинде сот отурумунда таанышып чыгуу үчүн сакталышы жана техникалык жарактуулугу камсыз кылына турган шарттарда сакталат.».
17. 244-беренеде:
- 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«- соттолгонго бөгөт коюу чарасы жөнүндө маселени чечет, эгерде сотко камакка алынган айыпталуучуга карата кылмыш иши келип түшсө;»;
- 3-бөлүктөгү «он төрт» деген сөз «жети» деген сөз менен алмаштырылсын.
18. 325-беренедеги «ошондой эле» деген сөздөр «камакта кайтарууда болгон адам акталганда сот отурумунун залында кайтаруудан токтоосуз бошотулууга жатат» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. 384-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«384-берене. Кылмыш иши боюнча иш жүргүзүүнү жаңыртуунун негиздери
(1) Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, аныктамасы, токтому жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан каралышы мүмкүн.
(2) Кайрадан ачылган жагдайлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү аркылуу аныкталган жана мыйзамсыз же негизсиз өкүм, аныктама, токтом чыгарууга алып келген жабырлануучунун же күбөнүн көрсөмөлөрүнүн, эксперттин корутундусунун атайын жалгандыгы, ошондой эле буюмдук далилдердин, тергөөчүнүн жана соттун аракеттеришш протоколдорунун жана башка документтердин жалган толтурулушу же атайылап туура эмес которулушу;
2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү аркылуу аныкталган жана мыйзамсыз же негизсиз өкүм, аныктама, токтом чыгарууга алып келген тергөөчүнүн же прокурордун кылмыштык аракеттери;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү аркылуу аныкталган судьялардын өздөрү тарабынан каралган ишти кароодо жасаган кылмыштык аракеттери;
4) сотко ал өкүм чыгарууда белгисиз болгон жагдайлар, өз алдынча мурда аныкталган жагдайлар менен бирге соттолгондун күнөөсүз же даражасы боюнча өзүнө өкүм чыгарылган кылмыштан да оор башка-кылмышты жасагандыгы жөнүндө же өзү акталган же ага карата козголгон иш токтотулган адамдын күнөөлүү экендиги жөнүндө күбөлөгөн аныктамалар;
5) жосундун жазаланышын жойгон же жазаны жумшарткан мыйзамдын күчүнө кириши;
6) Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан сот актысы негизделген ченемдик укуктук актынын Конституцияга ылайык келбейт деп табылышы;
7) Кыргыз Республикасы юрисдикциясын тааныган адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу.
(3) Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында саналып өткөн жагдайлар өкүмдөн тышкары соттун аныктамасы, токтому, колдонуу мөөнөтүнүн эскиришинен, мунапыс же кечирим берүү актысынан улам, айыпталуучунун өлүмүнө байланыштуу же айыпталуучу катары кылмыш жоопкерчилигине тартууга жашы жете электигине байланыштуу кылмыш ишин токтотуу жөнүндө прокурордун, тергөөчүнүн токтомдору аркылуу аныкталышы мүмкүн.».
20. 385-берененин 1-бөлүгүндөгү «анын ичинде жосундун жазалануусун болтурбоочу же жазаны жеңилдетүүчу мыйзамдын күчүнө кирүү негиздери боюнча» деген сөздөр алып салынсын.
21. 386-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«(4) Кайрадан ачылган жагдайлардын күнү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жалган көрсөтмөлөрдү, жалган далилдерди берген, туура эмес которгон же тергөөнүн же ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган учурда ишти кароонун жүрүшүндө кылмыштык аракеттерди жасаган деп күнөөлөнгөн адамдарга карата өкүм, аныктама, токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күн;
2) Ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган учурларда кайрадан ачылган жагдайлар боюнча кылмыш иш жүргүзүүнү жаныртуунун зарылдыгы жөнүндө корутундуга прокурор кол койгон күн;
3) Ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында каралган учурларда кайрадан ачылган жагдайлардын пайда болгону жөнүндө расмий өтүнүчтүн сот алдында козголгон күнү.».
22. 387-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«387-берене. Кайрадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо
(1) Ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган кайрадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо укугу прокурорго таандык.
(2) Ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган кайрадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоого негиздер болуп жарандардын арыздары, уюмдардын кызмат адамдарынын билдирүүлөрү, ошондой эле башка кылмыш иштерин тергөөнүн жана кароонун жүрүшүндө алынган маалыматтар эсептелет.
(3) Эгерде келип түшкөн арызда же билдирүүдө, ошондой эле тергөөнүн жана башка кылмыш иштерин кароонун жүрүшүндө ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн актылардын бар экендигине шилтеме жасалган болсо, прокурор ушул арыздар же билдирүүлөр келип түшкөн, ошондой эле аталган маалыматтар тергөөнүн жана башка кылмыш иштерин кароонун жүрүшүндө табылган күндөн тарта үч күндүн ичинде өзүнүн токтому аркылуу кайрадан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү козгойт, он күндүн ичинде тиешелүү текшерүүнү жүргүзөт, зарыл документтерди талап кылат.
(4) Эгерде арызда же билдирүүдө ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар көрсөтүлсө, прокурор өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кайрадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоо жөнүндө токтом чыгарат, ишти ушул жагдайларды териштирүү үчүн тергөөчүгө жөнөтөт. Кайрадан ачылган жагдайларга карата иш боюнча тергөө ушул Кодекстин эрежелерин сактоо менен жүргүзүлөт.
(5) Ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында каралган кайрадан ачылган жагдайлар боюнча иштин жүргүзүлүшүн козгоо укугу тиешелүү сотко таандык.
(6) Ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында каралган кайрадан ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү козгоого негиздер болуп жеке адамдардын жана юридикалык жактардын арыздары, прокурордун көрсөтмөсү эсептелет.
(7) Ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында каралган кайрадан ачылган жагдайлар боюнча соттун өкүмү, аныктамасы же судьянын токтому тиешелүү сот тарабынан арыз же көрсөтмө келип түшкөн күндөн тарта бир айдан кечиктирилбестен кайрадан каралат.».
23. 389-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«389-берене. Соттун аныктамасы
(1) Ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган кайрадан ачылган жагдайларга карата иш боюнча иш жүргүзүлүшүн жаңыртуу жөнүндө прокурордун корутундусун карап көрүп, сот ушул Кодексте каралган тартипте тиешелүү сот инстанциясы үчүн төмөнкү аныктамалардын бирин чыгарат:
1) соттун өкүмүн, аныктамасын же судьянын токтомун жокко чыгаруу жана тергөө жүргүзүү же соттук жаңы териштирүү үчүн кылмыш ишин өткөрүп берүү жөнүндө;
2) соттун өкүмүн, аныктамасын же судьянын токтомун жокко чыгаруу жана кылмыш иши боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жаны тергөө же жаны соттук териштирүү талап кылынбаса кылмыш ишин токтотуу жөнүндө;
3) прокурордун корутундусун четке кагуу жөнүндө.
(2) Ушул Кодекс аркылуу тиешелүү сот инстанциясы үчүн каралган тартипте ушул Кодекстин 384-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында каралган кайрадан ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин карап көрүп, сот төмөнкү аныктамалардын бирин чыгарат:
1) сот актыларын жокко чыгаруу жана кылмыш ишин жаңы соттук териштирүү үчүн өткөрүп берүү жөнүндө;
2) сот актыларын жокко чыгаруу жана кылмыш ишин токтотуу жөнүндө;
3) сот актыларын өзгөртүү жөнүндө;
4) кайрадан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайрадан карап көрүү жөнүндө арызды же көрсөтмөнү канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө.».
24. 390-беренедеги «ачылган жагдайлардын болгондугунан улам» деген сөздөр «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 417-берененин 2-бөлүгүндөгү «шек саноо далилденбеген,» деген сөздөрдөн кийин «адамдын кармалышын мыйзамсыз деп табуу жөнүндө соттун актысы кабыл алынган» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|